Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-сентябрындагы № 524 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык чөлкөмдөрүндө товарлардын бажы контролу боюнча НУСКАМА
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-августундагы № 563 , 2016-жылдын 16-августундагы № 446 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык чөлкөмдөрүндө товарлардын бажы контролу боюнча Нускама (мындан ары - Нускама) "Эркин бажы чөлкөмү" бажы тартибин колдонуу эрежесин, эркин экономикалык чөлкөмдөрдүн аймагынан товарларды алып чыгууда бажы режимдерин жана бажы контролун жүргүзүүнүн жана эркин экономикалык чөлкөмдөрүнүн аймагында товарларды пайдалануунун өзгөчөлүктөрүн аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-августундагы № 563, 2016-жылдын 16-августундагы № 446 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболорунун мазмуну
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 332 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарынын аймактарын ыңгайлаштырууга карата коюлуучу талаптар жөнүндө жобого ылайык бажы контролун камсыз кылуу максатында ыңгайлаштырылган эркин экономикалык чөлкөмдүн тосулган аймагындагы же ал аймактын бир бөлүгүндөгү (ЭЭЗ субъекти жайгашкан аймак) товарларды жайгаштырууда "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболору колдонулат.
Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык чөлкөмдөрүнүн аймактарын ыңгайлаштырууга карата коюлуучу талаптар жөнүндө жобонун ченемдери сакталбаганда ЭЭЧнын аймагында жана ЭЭЧнын субъекттери жайгашкан аймактарда "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболору колдонулбайт.
3. "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболорунда товарлар ЭЭЧнын аймагында бажы алымдарын, салыктарын төлөбөстөн, ошондой эле чет өлкөлүк товарларга карата тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын жана Евразия экономикалык бирлигинин товарларына карата тыюу салууларды жана чектөөлөрдү колдонбостон жайгаштырылат жана пайдаланылат.
Бажы алымдарын, салыктарды төлөөнүн өзгөчөлүктөрү "Эркин бажы зонасы" бажы жол-жобосун аяктоодо ушул Нускамага жана 2010-жылдын 18-июнундагы Бажы бирлигинин бажы аймагындагы эркин (атайын, өзгөчө) экономикалык чөлкөмдөр жана эркин бажы чөлкөмдөрүндөгү бажылык жол-жоболор маселелери боюнча макулдашууга (мындан ары - Макулдашуу) ылайык жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-августундагы № 563, 2016-жылдын 16-августундагы № 446 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. ЭЭЧнын аймагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын бөлүгү болуп саналат.
5. "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболорунун колдонулушу төмөндөгүлөргө таратылбайт:
1) эл аралык жүк ташууларды жүргүзүүгө байланыштуу ЭЭЧнын аймагына/аймагынан товарларды ташуучу эл аралык жүк ташуунун транспорт каражаттарына, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагы боюнча ички товарларды ташууну ишке ашыруу үчүн дайындалган транспорт каражаттарына;
2) ЭЭЧнын субъекттери болуп саналбаган жана аймактын жана инфратүзүм объектилерин колдонуунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча функцияларды ишке ашыруучу жактар тарабынан ЭЭЧнын аймагына алынып келүүчү Евразия экономикалык бирлигинин товарларына;
3) бул ЭЭЧнын иштөөсүн камсыз кылуу менен байланышкан, ЭЭЧнын башкы дирекциясы тарабынан ЭЭЧнын аймагына алынып келүүчү Евразия экономикалык бирлигинин товарлары;
4) ЭЭЧнын субъектинин дарегине келип түшкөн жана ЭЭЧнын аймагына факт жүзүндө алынып келгенге чейин ЭЭЧнын аймагынын чектеринен тышкары коюлган чет өлкөлүк товарларга;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тизмеге ылайык ЭЭЧ аймагына алып кирүүгө тыюу салынган товарларга.
6. "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболору колдонулган ЭЭЧнын аймагы бажы контролунун чөлкөмү болуп саналат.
7. "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболору колдонулган ЭЭЧнын аймагындагы бажы контролу Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан бажы иши жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
8. "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболору колдонулган ЭЭЧнын аймагы, бажы контролун жүргүзүү максатында ыңгайлаштырылышы зарыл.
9. Товарларды ЭЭЧнын аймагына/аймагынан ооштуруу, ЭЭЧнын башкы дирекциясы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын бажы органы аныктоочу контролдук-өткөрүү пункттары (мындан ары - КӨП) аркылуу ишке ашырылат. Эгерде ЭЭЧнын чек арасы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы менен дал келсе, КӨП аныктоо тууралуу макулдашуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен да, ага тиешелүү бөлүгүндө жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-августундагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
10. "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболору колдонулган ЭЭЧнын аймагында, контролдоо-өткөрүү режимин камсыз кылуу ЭЭЧнын башкы дирекциясы тарабынан ишке ашырылат.
11. "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболорунда коюлган чет элдик товарлар, чет элдик товарлар статусун сакташат, ал эми "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболоруна коюлган Евразия экономикалык бирлигинин товарлары, Евразия экономикалык бирлигинин товарлары статусун сакташат.
12. Чет өлкөлүк товарлардан жасалган, "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболоруна коюлган товарлар, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин товарларын колдонуу менен чет өлкөлүк товарлардан жасалган, "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболоруна коюлган товарлар (мындан ары - ЭЭЧ аймагында жасалган товарлар), эгерде Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жетиштүү иштеп чыгуу/кайра иштеп чыгуу критерийлерине жооп бербесе чет өлкөлүк товарлардын статусуна ээ болушат.
Эгерде мындай товарлар Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жетиштүү иштеп чыгуу/кайра иштеп чыгуу критерийлерине жооп берсе, анда алар Евразия экономикалык бирлигинин товарларынын статусуна ээ болушат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-августундагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Евразия экономикалык бирлигинин товарларын колдонуу менен жасалган, "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболоруна коюлган жана Евразия экономикалык бирлигинин товарларын колдонуу менен жасалган, "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболоруна коюлбаган товарлар, Евразия экономикалык бирлигинин товарларынын статусуна ээ болушат.
14. ЭЭЧнын аймагына коюлган товарлар "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболоруна коюлган учурдан тартып "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболору аяктаганга чейин бажы контролунда болушат.
15. "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболоруна коюлган Евразия экономикалык бирлигинин товарлары эгерде товарлар жок кылынса же болбосо авариянын же ал жеткис күчтөн улам таптакыр жоголгон учурда "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболору колдонулбайт. "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболору бул товарларга карата аларды жок кылуу бажы жол-жоболоруна коюу менен аякталат.
Жогоруда көрсөтүлгөн учурда декларация берилүүчү бажы органына ишенимдүү, саны аныкталуучу жана документ түрүндө ырасталган таптакыр жоготуу же Евразия экономикалык бирлигинин товарларын жок кылуу фактысы жөнүндө маалымат берет.
"Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболоруна коюлган Евразия экономикалык бирлигинин товарларынын саны же абалы табигый эскирүүдөн же нормалдуу сактоо жана пайдалануу (эксплуатациялоо) шарттарында азаюудан улам өзгөргөн учурда декларация берүүчү бажы органына ишенимдүү, саны аныкталуучу жана документ түрүндө ырасталуучу эскирүү же азаюу фактысы жөнүндө маалымат берет. Эскирүү же азаюу фактысы жөнүндө документ түрүндө ырасталган маалыматтар Евразия экономикалык бирлигинин товарлары "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболоруна алынбайт. "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболору бул товарларга карата аларды жок кылуу бажы жол-жоболоруна жайгаштыруу менен аяктайт.
3. Товарларды "Эркин бажы чөлкөмү" режимине коюунун шарттары
16. "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболоруна ЭЭЧнын аймагына ЭЭЧнын субъекттери тарабынан мурда башка бажы режимдеринде коюлган товарлар коюлушу мүмкүн.
17. "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболоруна коюлган товарлар Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамдары жана бажы иши жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте декларацияланууга жатат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-августундагы № 446 токтомунун редакциясына ылайык)
18. "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболоруна коюлган товарлардын декларация толтуруучусу болуп, ЭЭЧнын субъекти саналат.
ЭЭЧнын аймагынан товарларды ооштурууну ишке ашырууда, жак ЭЭЧнын субъекти статусун жоготкон учурда, товарлардын декларация толтуруучусу болуп, бул товарлардын менчик укугуна ээ болгон адам чыгат.
19. "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболору аяктаган учурда, товарларды "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жобосуна койгон ЭЭЧнын субъекти гана товарлардын декларанты болуп эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-августундагы № 446 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын колдонуу "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболорунун иштөөсү аяктагандан кийин, коюлуучу бажы жол-жоболору үчүн коюлган талаптарды эске алуу менен ЭЭЧнын аймагынан товарларды алып чыгууда жүргүзүлөт.
21. ЭЭЧнын аймагында кыймылсыз мүлк объектилерин түзүү жана аларды ишке жарамдуу абалда кармап туруу үчүн ЭЭЧнын башкы дирекциясы же ЭЭЧнын субъекттери тарабынан алып келинген Евразия экономикалык бирлигинин товарлары бажы органдарына билдирүү менен, бул товарларды "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболоруна милдеттүү түрдө койбостон, бажы органына берилүүчү отчетто мындай алып келүү фактысын милдеттүү түрдө чагылдыруу менен жүргүзүлөт.
22. Евразия экономикалык бирлигинин аймагынан ЭЭЧнын аймагына ЭЭЧнын субъекттеринин өндүрүш керектөөлөрү үчүн зарыл болуучу Евразия экономикалык бирлигинин акциздик товарларын алып келүү, аларды "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболоруна милдеттүү түрдө коюу менен жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-августундагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Товарлардын "Эркин бажы чөлкөмү" режиминде болуу мөөнөтү
23. "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболоруна коюлган товарлар төмөнкү учурлардан тышкары да, эгерде:
- "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболорунда товарларды жайгаштырган тарап ЭЭЧнын субъектиси статусун жоготсо;
- Кыргыз Республикасынын ЭЭЧнын аймактарын ыңгайлаштырууга коюлган талаптар жөнүндө жоболордун талаптарынын бузулгандыгынан улам ЭЭЧнын аймагында "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболорун колдонуу токтотулса, ЭЭЧ иштеген мөөнөттүн чегинде бул режимде болушат.
5. "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболору колдонулган ЭЭЧ аймагында бажы контролун жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү
24. "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболору колдонулган ЭЭЧнын аймагында же ЭЭЧнын субъекти жайгашкан аймакта товарларга жана транспорт каражаттарына бажы контролун жүргүзүү бажы иши жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жана бул Нускамага ылайык ишке ашырылат.
25. Товарлар жана транспорт каражаттары Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына келген учурда жана аларды "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболору колдонулган ЭЭЧнын аймагына алып келүүдө ЭЭЧнын субъекти мындай алып келүү тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы органына билдирет.
26. Бажы органдары "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболору колдонулган ЭЭЧнын аймагына алынып келинген товарларды далдаштырууну бажы иши жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен ишке ашырат.
27. Кыргыз Республикасынын бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы тарабынан аныкталуучу, ЭЭЧнын товарларын ооштуруу боюнча контролдоону өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы, ЭЭЧнын башкы дирекциясы жана ЭЭЧнын субъекттери ЭЭЧнын аймагында заманбап автоматташтырылган системаларды киргизишет.
28. ЭЭЧнын субъекти тарабынан "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболоруна коюлган товарлардын жана ЭЭЧ аймагында жасалган товарлардын эсебин жүргүзүшөт, мындай товарлар жөнүндө отчетту бажы органдарына берүү менен "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболоруна коюлган товарлардын бардык өзгөрүүлөрү эсепке алуу документтеринде чагылдырылышы зарыл.
Товарлар тууралуу отчеттор ЭЭЧнын субъекттери тарабынан бажы органдарына ар кварталдык негизде, кийинки отчеттук кварталдын 10чу күнүнөн кечиктирилбей берилет.
Эркин экономикалык чөлкөмдөрдүн аймагында "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболоруна коюлган товарларды жана товарлар менен жүргүзүлгөн операцияларды контролдоо жана эсепке алуу боюнча отчеттуулуктун формасы жана аларды толтуруунун тартиби бул Нускаманын 1-4-тиркемесинде көрсөтүлгөн.
6. "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболоруна коюлган товарлар менен жасалган операциялар
29. "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболоруна коюлган товарларга карата ЭЭЧ аймагында тыюу салынбаган, эгер мындай операцияларды жасоо ЭЭЧнын башкы дирекциясы менен түзүлгөн ЭЭЧнын аймагында ЭЭЧ субъектисинин иши жөнүндө келишимдин шарттарына ылайык келсе, ар кандай операцияларды жүргүзүүгө уруксат берилет, анын ичинде:
1) кайра иштетүүнүн жетиштүү критерийлерине ылайык, товарлар жеке мүнөздөмөсүн жоготкон кайра иштетүү (иштетүү) боюнча операциялар;
2) товарларды даярдоо боюнча операциялар, анын ичинде чогултуу, ажыратуу, монтаждоо, туура келтирүү, ошондой эле товарларды оңдоо боюнча операциялар;
3) партияларды үлүштөө, жөнөтүүлөрдү, сорттоону, таңгактоону, кайра таңгактоону жана маркировкалоону кошуу менен товарлардын сактыгын жана аларды өз жайында сактоо же товарларды сатууга жана транспорттоого даярдоо үчүн зарыл болгон операциялар;
4) ЭЭЧнын аймагында товарларды убактылуу пайдалануу, ушуну менен бирге убактылуу киргизилген товарлар өзгөрүлбөгөн бойдон калууга тийиш, табигый эскирүүнүн натыйжасында өзгөрүүсүнөн же ташуунун (транспорттоонун), сактоонун же колдонуунун (эксплуатациялоонун) нормалдуу шарттарында жок болуусунан тышкары;
5) ЭЭЧнын аймагында ЭЭЧнын бир субъектисинен товарларды ЭЭЧнын экинчи субъектисине аларга колдонуу, ээлөө же башкаруу укуктары менен алдын ала бажы органдарына билдирип, өткөрүп берүү;
6) товарларды кампада сактоо (сактоо, жыйноо), ошондой эле товарларды жүктөө (түшүрүү) боюнча операциялар жана башка сактоо менен байланыштуу болгон жүктөө операциялары;
7) товарларды керектөө.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-августундагы № 563, 2016-жылдын 16-августундагы № 446 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
30. "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболоруна коюлган товарларга жана ЭЭЧ аймагында даярдалган товарларга карата сынамдарды жана үлгүлөрдү алуу боюнча операцияларды бажы иши жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдарына ылайык жүргүзүүгө уруксат берилет.
31. "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболоруна коюлган товарларга карата "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболору колдонулуучу ЭЭЧнын бир аймагынан "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболору колдонулуучу ЭЭЧнын экинчи аймагына товар жеткирүүнүн автоматташтырылган системасын колдонуу менен товар жеткирүү бажы операциясына ылайык өтүүсүнө уруксат берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-августундагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
32. ЭЭЧнын аймагында "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболоруна коюлган товарларды, товарларды жасоого көмөктөшкөн же ал жумушту жеңилдеткен товар катары, бул товарлар товарды жасоо процессинде толук же жарым-жартылай колдонулса дагы, бажы органына берилүүчү отчетто мындай товарларды колдонуу фактысын милдеттүү түрдө көрсөтүү менен колдонууга уруксат берилет.
7. "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболорун колдонуунун аякташы
33. "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жобосуна коюлган товарларга жана ЭЭЧнын аймагында өндүрүлгөн товарларга карата "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жобосу колдонулушу төмөнкү учурларда токтотулат:
1) аларды ЭЭЧнын аймагынан ташып чыгарууда жана бул товарларды "Транзит" бажы жол-жобосунан тышкары, Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамдарына жана бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка бажы жол-жоболоруна коюуда;
2) ЭЭЧ ишин токтоткондо:
3) Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык чөлкөмдөрүнүн аймактарын жайгаштырууга коюлган талаптар жөнүндө жобонун ченемдери бузулганда.
Бул учурларда "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жобосуна коюлган товарлар жана ушул ЭЭЧлардын аймактарында өндүрүлгөн товарлар төмөндө көрсөтүлгөн бажы жол-жоболорунун бирине коюлушу керек: ички керектөө үчүн чыгаруу; бажы кампасы; реэкспорт, бажы . аймагындагы кайра иштетүү; ички керектөө үчүн кайра иштетүү; убактылуу ташып киргизүү (жол берүү); алымсыз соода; жок кылуу; мамлекеттин пайдасына баш тартуу.
ЭЭЧнын аймагында өндүрүлгөн жана Евразия экономикалык бирлигинин товары деп таанылган товарларды Евразия экономикалык бирлигинин аймагына ташып чыгаруу аларды "Реимпорт" бажы жол-жобосуна коюу аркылуу жүргүзүлөт.
ЭЭЧнын аймагында өндүрүлгөн жана Евразия экономикалык бирлигинин товары же ата мекендик өндүрүштөгү товар деп таанылган товарларды Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан сыртка ташып чыгаруу аларды "Экспорт" бажы жол-жобосуна коюу аркылуу жүргүзүлөт;
4) товарларды "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жобосуна койгон жак ЭЭЧнын субъекти статусун жоготкондо.
Бул учурларда "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жобосуна коюлган товарлар бул жактар тарабынан ЭЭЧнын башка субъектисине өткөрүп берилиши же "Транзит" бажы жол-жобосунан тышкары, Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамдарына жана бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка бажы жол-жоболоруна коюлушу мүмкүн.
Товарларды ЭЭЧнын башка субъектисине өткөрүп берүүдө, товарлар өткөрүп берилген ЭЭЧнын субъектиси тарабынан товарга жаңы декларация толтуруу менен товарлар "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жобосуна коюлууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-августундагы № 446 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Товарларды иштетүүнүн натыйжасында пайда болгон таштандылар бажы иши жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдарына ылайык бажы жол-жоболоруна коюлбайт, эгерде көрсөтүлгөн таштандылар мындан ары аларды коммерциялык колдонууга жарабай калган абалга чейин иштетилген болсо. "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболору өндүрүштүн мындай таштандыларына карата аларды башка бажы режимдерине койбостон аяктайт.
35. "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболоруна коюлган товарлардан келип чыккан жана операцияларды жүргүзүүнүн натыйжасында толук жоготууга учураган өндүрүш жоготуулары бажы иши жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдарында аныкталган башка бажы жол-жоболоруна коюуга жатпайт. Ушуну менен бирге "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболоруна коюлган товарлар өндүрүш жоготууларынын санына ылайык келүү жана технологиялык процесс менен аныкталган бөлүгүндө, бажы контролу астында деп эсептелинбейт. Мындай товарларга карата "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболору, башка бажы жол-жоболоруна койбостон аяктайт.
Бул пунктта көрсөтүлгөн өндүрүштүк жоготуулар - бул товардык продукцияны жасоодо өндүрүштүк процесстин натыйжасында пайда болгон жана/же толук жок болгон материалдар жана заттар.
36. "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболорунун колдонулушу аяктаган учурда:
1) "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболоруна коюлган жана ЭЭЧнын аймагында кыймылсыз мүлк объектилерин түзүү үчүн колдонулуучу курулуш материалдары бажы контролуна коюлбаган, бажы төлөмдөрүн, салыктарды төлөбөстөн, тыюу салууларды жана чектөөлөрдү колдонбостон жана " Ички керектөө үчүн чыгаруу" бажы жол-жоболоруна койбостон Евразия экономикалык бирлигинин товарлары болуп таанылат;
ЭЭЧ өз ишин токтоткон же Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык чөлкөмдөрүнүн аймактарын ыңгайлаштырууга коюлуучу талаптар жөнүндө жобонун ченемдери бузулган учурда курулуш материалдарына карата "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жобосунун колдонулушу бажы алымдарын жана салыктарды төлөбөстөн алынган кыймылсыз мүлк объекттерин "Реимпорт" бажы жол-жобосуна коюу аркылуу токтотулат.
2) "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболоруна коюлган, эксплуатацияга киргизилген жана ЭЭЧнын субъекти тарабынан ЭЭЧнын аймагында ЭЭЧнын субъектинин ишинин шарттары тууралуу ЭЭЧнын башкы дирекциясы менен түзүлгөн келишимге ылайык колдонулуп жаткан жабдуулар, "Бажы транзити" бажы жол-жоболорунан тышкары, бажы иши жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдарына ылайык башка бажы жол-жоболоруна коюлууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-августундагы № 563, 2016-жылдын 16-августундагы № 446 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
37. ЭЭЧнын аймагы аркылуу товарлардын транзити жалпы тартипте, Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-августундагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
8. "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболоруна коюлуучу (коюлган) товарларга карата бажы алымдарын жана салыктарды төлөө боюнча милдеттердин келип чыгышы жана токтотулушу, аларды төлөөнүн мөөнөттөрү
38. Декларанттын чет өлкөлүк товарларга карата ташып киргизүүдөгү бажы алымдарын жана салыктарды төлөө боюнча милдети ЭЭЧнын аймагына товарларды ташып киргизүүдө бажы декларациясы берилген жана "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жобосуна коюлган учурдан баштап пайда болот.
Декларанттын "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жобосуна коюлган чет өлкөлүк товарларга карата ташып киргизүүдөгү бажы алымдарын жана салыктарды төлөө боюнча милдети төмөнкү учурларда токтотулат:
1) мындай товарларга карата ЭЭЧнын аймагынан аларды ташып чыгарууда жана мындай товарларды ушул Нускаманын 33-пунктунун бешинчи - жетинчи абзацтарында көрсөтүлгөн башка бажы жол-жоболоруна коюуда "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жобосунун колдонулушу токтогондо;
2) Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 80-беренесинин 2-пунктунда белгиленгенде.
Чет өлкөлүк товарларга же ЭЭЧнын аймагында өндүрүлгөн товарларга карата, аларды Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып киргизүү учурунда, ташып киргизүүдөгү бажы алымдарын жана салыктарды төлөө мөөнөтү болуп - ЭЭЧнын аймагынан ташып чыгарылган күн саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-августундагы № 446 токтомунун редакциясына ылайык)
39. Ташылып келген бажы алымдарын жана салыктарды төлөө мөөнөтү болуп төмөнкүлөр саналат:
1) "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболоруна коюлган чет өлкөлүк товарларды же ЭЭЧнын аймагында өндүрүлгөн мындай товарларды бажы иши жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдары менен аныкталган бажы жол-жоболоруна койбостон ЭЭЧнын аймагынан алып чыгууда - ЭЭЧнын аймагынан алып чыккан күн, ал эми бул күн аныкталбаса - ЭЭЧнын аймагынан мындай алып чыгуу фактысын аныктоо күнү;
2) "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболоруна коюлган товарларды же ЭЭЧнын аймагында өндүрүлгөн товарларды ЭЭЧнын аймагында бажы органдарына билдирбестен башка жакка өткөрүп берүүдө - товарларды өткөрүп берүү күнү, ал эми бул күн аныкталбаса - мындай өткөрүп берүү фактысын аныктоо күнү;
3) "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболоруна коюлган товарлар же ЭЭЧнын аймагында өндүрүлгөн товарлар жокко учураганда, авариянын же каршы тура алгыс күчтүн таасиринин, же сактоонун нормалдуу шарттарында табигый жок болуунун же колдонуунун кесепетинен товарларды жокко учуратуудан тышкары - товарды жокко учуратуу күнү, ал эми бул күн аныкталбаса - мындай жокко учуратуу фактысын аныктоо күнү.
40. Бул Нускаманын 39-пунктунда каралган учурларда, "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболоруна коюлган чет өлкөлүк товарларга же ЭЭЧнын аймагында өндүрүлгөн товарларга карата ташылып келген бажы алымдары жана салыктар, бул товарларды "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболоруна коюуда эсептеп чыгарылган бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча жеңилдиктерди эске албастан, же товарларды алып киргизген күнү, эгерде товарларды "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболоруна коюу бажы декларациясы жок жүргүзүлсө, " Ички керектөө үчүн чыгаруу" бажы жол-жоболоруна койгон учурда төлөнө турган, ташылып келген бажы алымдарынын жана салыктардын суммасына ылайык өлчөмдө төлөнүүгө жатат.
9. "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболору аяктаганда бажы төлөмдөрүн эсептөөнүн өзгөчөлүктөрү
41. Товарларды ЭЭЧнын аймагына киргизүүдөгү жана аларды "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболорунда коюуда товарлардын бажы наркы бажы мыйзамдары тарабынан аныкталган бажы наркын аныктоо методдоруна ылайык декларант тарабынан аныкталат.
42. Бажы алымдарын төлөөгө жооптуу адам товардын декларанты болуп эсептелет. Декларация бажы өкүлдөрү тарабынан толтурулган болсо, бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн бажы өкүлдөрү жана декларант жоопкерчиликти бирдей алат.
Товарларды ЭЭЧнын аймагынан ташып чыгуудагы бажы төлөмдөрүн эсептөө, "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболору аяктаганда жана Макулдашуунун 17-беренесинде белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен товарлар коюлган бажы жол-жоболору үчүн белгиленген бажы төлөмдөрүн эсептөө эрежелерине ылайык жүргүзүлөт.
Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жобосу аяктаганда бажы алымдарынын жана салыктардын төлөөчүсү болуп декларант эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-августундагы № 563 , 2016-жылдын 16-августундагы № 446 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
43. "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболору аяктаганда, эгерде бажы алымдарын жана салыктарын төлөө боюнча жеңилдиктер жана тарифтик преференциялар белгиленбесе, "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболорунда коюлган чет өлкөлүк товарларга жана мындай товарларды "Эркин айландыруу үчүн чыгарылыш" бажы жол-жоболору алдында коюу менен аларды Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып кирүүдө төгүмдүк бажы төлөмдөрү төлөнөт.
Чет өлкөлүк товарлар боюнча тийиштүү бажы алымдарын эсептөөдө бажы алымдарынын ставкасы, товарлардын бажылык наркы, алардын сандык жана физикалык мүнөздөмөлөрү (саны, массасы, көлөмү же башка мүнөздөмөлөрү) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленүүчү валюта курсу ушул товарларды "Эркин бажы идентификацияланбаган учурда ташып киргизүүдөгү бажы алымдарын жана салыктарды эсептөө үчүн товарларды ушул Нускаманын 33-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн бажы жол-жоболоруна коюу үчүн берилген бажы декларациясы бажы органы тарабынан катталган күнгө карата ЭЭЧнын аймагында даярдалган товарларга карата аныкталган ташып киргизүүдөгү бажы алымдарынын жана салыктардын ставкалары, бажы наркы, товарлардын саны жана (же) алардын накталай түрүндөгү физикалык мүнөздөмөсү (саны, салмагы, көлөмү же башка мүнөздөмөсү) колдонулат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-августундагы № 446 токтомунун редакциясына ылайык)
44. Товарлардын кадимки шартта сакталуусунда жана колдонулуусунда табигый түрдө эскирүүсүнүн жана азаюусунун таасири алдында болгон өзгөрүүлөрдү эске албагандагы өзгөрүлбөгөн абалында Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууда "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболорунда коюлган чет өлкөлүк товарларга карата "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболору, мындай товарларды "Реэкспорт" бажы жол-жоболорунда коюу менен аяктайт.
45. ЭЭЧнын аймагында чет өлкөлүк товарлардан өндүрүлгөн, "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболорунда коюлган жана Евразия экономикалык бирлигинин товарлары катарында таанылбаган товарлар "Реэкспорт" бажы жол-жоболоруна коюлуп, Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгарылат.
46. ЭЭЧнын аймагында даярдалган товарларга жана Евразия экономикалык бирлигинин товары деп таанылган товарларга карата, аларды Евразия экономикалык бирлигинин аймагына ташып чыгарууда, ошондой эле "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жобосуна коюлган Евразия экономикалык бирлигинин товарларына карата кадимкидей шартта сактоодо же пайдаланууда табигый эскирүүнүн же табигый жоготуунун натыйжасында пайда болгон өзгөрүүлөрдү кошпогондо, өзгөртүлбөгөн абалда аларды Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып чыгарууда "Реимпорт" бажы жол-жобосу колдонулат, бажы алымдары жана КНС төлөнөт.
Мында эркин бажы чөлкөмүнүн бажы жол-жобосуна коюлган жана товарларды даярдоодо колдонулган товарларга карата ушул товарларды эркин бажы чөлкөмүнүн бажы жол-жобосуна коюлган күнгө карата аныкталган төлөм ставкасы, бажы наркы, сандык же/жана физикалык мүнөздөмөлөрү (саны, массасы, көлөмү же башка мүнөздөмөлөрү) колдонулат.
"Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 2-бөлүгүндө аныкталган ЭЭЧнын субъекттери өндүргөн товарларды Евразия экономикалык бирлигинин аймагына ташып чыгарууда жана "Реимпорт" бажы жол-жобосуна коюуда ушул пункттун биринчи абзацында аныкталган шарттарга ылайык эсептелген бажы жыйымдары гана төлөнөт.
ЭЭЧнын аймагында даярдалган жана Евразия экономикалык бирлигинин товары катары таанылбаган товарларды Евразия экономикалык бирлигинин аймагына чыгаруу аларды "Ички керектөө үчүн чыгаруу" бажы жол-жобосуна коюу менен жүргүзүлөт жана бажы жыйымдары, бажы алымдары жана КНС төлөнөт. Мында төмөнкүдөй шарттар колдонулат:
- ЭЭЧнын аймагында даярдалган товарларда "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жобосуна коюлган Чет өлкөлүк товарларды идентификациялоо шартында ташып киргизүүдөгү бажы алымдарын жана салыктарды эсептөө үчүн товарларды "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жобосуна коюу үчүн берилген бажы декларациясы бажы органы тарабынан катталган күнгө карата "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жобосуна коюлган жана товарларды даярдоодо (алууда) пайдаланылган товарларга карата аныкталган ташып киргизүүдөгү бажы алымдарынын жана салыктардын ставкалары, бажы наркы, товарлардын саны жана (же) алардын накталай түрүндөгү физикалык мүнөздөмөсү (саны, салмагы, көлөмү же башка мүнөздөмөсү) колдонулат;
- ЭЭЧнын аймагында даярдалган товарларда "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жобосуна коюлган Чет өлкөлүк товарлар көрсөтүлөт, ага ылайык өндүрүш үчүн колдонулган товарлар ТДнын алдындагы товардын номерин "/" белгиси аркылуу көрсөтүү менен "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жобосуна коюлат, андан кийин "/" белгиси аркылуу ТДнын алдындагы "Бажы наркы" деген 45-графасындагы товардын бажылык наркы, ТДнын алдындагы "Салмагы нетто (кг)" деген 38-графасындагы товардын нетто салмагы, өндүрүштө колдонулган товардын нетто салмагы, кошумча ченөө бирдигинде өндүрүштө колдонулган товардын саны, кошумча ченөө бирдигинин коду көрсөтүлөт. Эгерде өндүрүлгөн товарга карата идентификациялоо жүргүзүлбөсө жана бул товар "Ички керектөө үчүн чыгаруу" бажы жол-жобосуна коюлса, анда 40-графада ТДнын алдындагы товардын номерин "/" белгиси аркылуу көрсөтүү менен буга чейинки ТД жөнүндөгү маалыматтар гана берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-августундагы № 446 токтомунун редакциясына ылайык)
47. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-августундагы № 563 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
48. ЭЭЧнын субъектилери тарабынан кайра иштетүү (иштетүү) операцияларын аткарылуусу боюнча кызмат көрсөтүү үчүн аларды "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболоруна коюу менен ЭЭЧнын аймагына ташып киргизилген, ЭЭЧнын субъектисинин каттоо шарттарына ылайык келген Евразия экономикалык бирлигинин товарларын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына кайра ташып кирүүдө "Реимпорт" бажы жол-жобосуна киргизүү менен жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-августундагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
49. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-августундагы № 446 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
50. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-августундагы № 446 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
51. Товарлардын кадимки шартта сакталуусунда жана колдонулуусунда табигый түрдө эскирүүсүнүн жана азаюусунун таасири алдында болгон өзгөрүүлөрдү эске албагандагы өзгөрүлбөгөн абалында Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууда "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболорунда коюлган Евразия экономикалык бирлигинин товарларына карата "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболору, мындай товарларды "Экспорт" бажы жол-жоболоруна коюу менен аяктайт. Муну менен бирге ташып чыгуунун бажы алымдары жана бажылык тариздөө үчүн бажы жыйымдары төлөнөт.
52. ЭЭЧнын аймагында чет өлкөлүк жана (же) Евразия экономикалык бирлигинин товарларынан өндүрүлгөн, "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболоруна коюлган жана Евразия экономикалык бирлигинин товарлардын катарында таанылган товарлар экспорт бажы жол-жоболоруна коюлуп, Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгарылат. Мында ташып чыгуунун бажы алымдары жана бажылык тариздөө үчүн бажы жыйымдары төлөнөт.
53. Бул Нускаманын 51 жана 52-пункттарында көрсөтүлгөн ташып чыгуунун бажы алымдарын эсептөөдө бажы алымдарынын чени, товарлардын наркы жана алардын натуралдык жактан алып карагандагы жеке мүнөздөмөсү (саны, массасы, көлөмү же башка мүнөздөмөсү), ошондой эле товарлардын саны жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген валюталардын курсу бажы органы тарабынан товарларды "Экспорт" бажы жол-жоболоруна коюу үчүн берилген бажы декларацияларын кабыл алуу күнүнө карата аныкталат.
10. Товарларды ЭЭЧнын аймагына (аймагынан) ташууда жүктүн бажы декларациясын толтуруунун өзгөчөлүктөрү
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-августундагы № 563 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
11. Товарларды ЭЭЧнын аймагына ташып киргизүүдө/ташып чыгарууда товарларга декларация толтуруунун өзгөчөлүктөрү
(Глава КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-августундагы № 446 токтомунун редакциясына ылайык)
54. Товарларды ЭЭЧнын аймагына ташып киргизүү жана товарларды ЭЭЧнын аймагынан ташып чыгаруу товарларга декларация (мындан ары - ТД) тариздөө аркылуу жүргүзүлөт. ТД толтуруу ушул главада каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 20-майындагы № 257 чечими менен бекитилген Товарларга декларация толтуруу тартиби жөнүндө нускамага, ошондой эле Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 20-сентябрындагы № 378 чечими менен бекитилген классификаторлорго ылайык жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-августундагы № 446 токтомунун редакциясына ылайык)
55. Товарларды ЭЭЧнын аймагына ташып киргизүүдө Бажы жол-жоболорунун классификаторуна ылайык ТДнын "Декларация" деген 1-графасынын биринчи бөлүмчөсүндө "ИМ" (импорт) коду коюлат, экинчи бөлүмчөсүндө, "Эркин бажы чөлкөмү" - "78" бажы жол-жобосунун коду коюлат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-августундагы № 446 токтомунун редакциясына ылайык)
56. Товарларды ЭЭЧнын аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына же Евразия экономикалык бирлигинин башка мүчө мамлекетине ташып чыгарууда Бажы жол-жоболорунун классификаторуна ылайык ТДнын "Декларация" деген 1-графасынын биринчи бөлүмчөсүндө "ИМ" коду коюлат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-августундагы № 446 токтомунун редакциясына ылайык)
57. Чет өлкөлүк товарларын же ЭЭЧда өндүрүлгөн, бирок Евразия экономикалык бирлигинин товары деп таанылбаган товарларды ЭЭЧнын аймагынан Кыргыз Республикасынын же Евразия экономикалык бирлигинин башка мүчө мамлекетинин аймагына ташып чыгарууда Бажы жол-жоболорунун классификаторуна ылайык ТДнын "Декларация" деген 1-графасынын экинчи бөлүмчөсүндө тандалган бажы жол-жобосунун коду коюлат. Мында төмөнкүдөй өзгөчөлүктөрдү көрсөтүү зарыл:
1) чет өлкөлүк товарларды колдонуу менен ЭЭЧда өндүрүлгөн, бажы органдары тарабынан чет өлкөлүк товарларды идентификациялоо жүргүзүлгөн, бирок Евразия экономикалык бирлигинин товары деп таанылбаган товарларды ташып чыгарууда Товарларды өткөрүү өзгөчөлүгүнүн классификаторуна ылайык ТДнын "Жол-жобо" деген 37-графасынын экинчи бөлүмчөсүндө товарларды өткөрүү өзгөчөлүгүнүн "115" деген коду коюлат;
2) чет өлкөлүк товарларды колдонуу менен ЭЭЧда өндүрүлгөн, бажы органдары тарабынан чет өлкөлүк товарлар идентификацияланбаган, бирок Евразия экономикалык бирлигинин товары деп таанылбаган товарларды ташып чыгарууда Товарларды өткөрүү өзгөчөлүгүнүн классификаторуна ылайык ТДнын "Жол-жобо" деген 37-графасынын экинчи бөлүмчөсүндө товарларды өткөрүү өзгөчөлүгүнүн "116" деген коду коюлат.
ЭЭЧнын аймагында өндүрүштүк максаттар үчүн ЭЭЧнын субъекти колдонуучу жабдуу болуп эсептелген чет өлкөлүк товарды "Ички керектөө үчүн чыгаруу" бажы жол-жобосуна коюуда Товарларды өткөрүү өзгөчөлүгүнүн классификаторуна ылайык ТДнын "Жол-жобо" деген 37-графасынын экинчи бөлүмчөсүндө товарларды өткөрүү өзгөчөлүгүнүн "118" деген коду коюлат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-августундагы № 446 токтомунун редакциясына ылайык)
58. Евразия экономикалык бирлигинин товарын же ЭЭЧда өндүрүлгөн жана Евразия экономикалык бирлигинин товары деп таанылган ЭЭЧнын аймагынан Кыргыз Республикасынын же Евразия экономикалык бирлигинин башка мүчө мамлекетинин аймагына товарларды ташып чыгарууда Бажы жол-жоболорунун классификаторуна ылайык ТДнын "Декларация" деген 1-графасынын экинчи бөлүмчөсүндө "Реимпорт" бажы жол-жобосунун "60" деген коду коюлат. Мында төмөнкүдөй өзгөчөлүктөрдү көрсөтүү зарыл:
1) ЭЭЧнын аймагында жалаң гана чет өлкөлүк товардан өндүрүлгөн жана Евразия экономикалык бирлигинин товары деп таанылган товарларды ташып чыгарууда Товарларды өткөрүү өзгөчөлүгүнүн классификаторуна ылайык ТДнын "Жол-жобо" деген 37-графасынын экинчи бөлүмчөсүндө товарларды өткөрүү өзгөчөлүгүнүн "110" деген коду коюлат;
2) ЭЭЧда Евразия экономикалык бирлигинин, ошондой эле чет өлкөлүк товардан өндүрүлгөн жана Евразия экономикалык бирлигинин товары деп таанылган товарларды ташып чыгарууда Товарларды өткөрүү өзгөчөлүгүнүн классификаторуна ылайык ТДнын "Жол-жобо" деген 37-графасынын экинчи бөлүмчөсүндө товарларды өткөрүү өзгөчөлүгүнүн "111" деген коду коюлат;
3) ЭЭЧда Евразия экономикалык бирлигинин гана товарларынан өндүрүлгөн жана Евразия экономикалык бирлигинин товары деп таанылган товарларды ташып чыгарууда Товарларды өткөрүү өзгөчөлүгүнүн классификаторуна ылайык ТДнын "Жол-жобо" деген 37-графасынын экинчи бөлүмчөсүндө товарларды өткөрүү өзгөчөлүгүнүн "112" деген коду коюлат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-августундагы № 446 токтомунун редакциясына ылайык)
59. Евразия экономикалык бирлигинин товарларын, анын ичинде ЭЭЧда өндүрүлгөн жана Евразия экономикалык бирлигинин товары деп таанылган товарларды ЭЭЧнын аймагынан Евразия экономикалык бирлигинин аймагынан тышкары ташып чыгарууда Бажы жол-жоболорунун классификаторуна ылайык ТДнын "Декларация" деген 1-графасынын биринчи бөлүмчөсүндө "ЭК" (экспорт), экинчи бөлүмчөсүндө "Экспорт" бажы жол-жобосунун "10" деген коду коюлат. Мында төмөнкүдөй өзгөчөлүктөрдү көрсөтүү зарыл:
1) ЭЭЧда жалаң гана Евразия экономикалык бирлигинин товарларынан өндүрүлгөн жана Евразия экономикалык бирлигинин товары деп таанылган товарларды ташып чыгарууда Товарларды өткөрүү өзгөчөлүгүнүн классификаторуна ылайык ТДнын "Жол-жобо" деген 37-графасынын экинчи бөлүмчөсүндө товарларды өткөрүү өзгөчөлүгүнүн "113" деген коду коюлат;
2) ЭЭЧда чет өлкөлүк товарларды пайдалануу менен өндүрүлгөн жана Евразия экономикалык бирлигинин товары деп таанылган товарларды ташып чыгарууда Товарларды өткөрүү өзгөчөлүгүнүн классификаторуна ылайык ТДнын "Жол-жобо" деген 37-графасынын экинчи бөлүмчөсүндө товарларды өткөрүү өзгөчөлүгүнүн "114" деген коду коюлат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-августундагы № 446 токтомунун редакциясына ылайык)
60. Чет өлкөлүк товарларды, анын ичинде ЭЭЧда өндүрүлгөн, бирок Евразия экономикалык бирлигинин товары деп таанылбаган товарларды ЭЭЧнын аймагынан Евразия экономикалык бирлигинин аймагынан тышкары ташып чыгарууда Бажы жол-жоболорунун классификаторуна ылайык ТДнын "Декларация" деген 1-графасынын биринчи бөлүмчөсүндө "ЭК", экинчи бөлүмчөсүндө "Реэкспорт" бажы жол-жобосунун "31" деген коду коюлат. Мында Товарларды өткөрүү өзгөчөлүгүнүн классификаторуна ылайык ТДнын "Жол-жобо" деген 37-графасынын экинчи бөлүмчөсүндө товарларды өткөрүү өзгөчөлүгүнүн "117" деген коду коюлат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-августундагы № 446 токтомунун редакциясына ылайык)
61. ЭЭЧнын аймагынан Кыргыз Республикасынын же Евразия экономикалык бирлигинин башка мүчө мамлекетинин аймагына товарларды ташып чыгарууда:
1) ТДнын "Жөнөтүүчү/Экспортчу" деген 2-графасы толтурулбайт;
2) ТДнын "Алуучу" деген 8-графасында товарды алуучу жөнүндө маалымат көрсөтүлөт. Мында товардын алуучусу Кыргыз Республикасынын субъекти болуп эсептелсе, оң жагындагы үстүңкү бурчунда № деген белгиден кийин юридикалык жак жана жеке ишкерлер үчүн ОКПО коду коюлат, графанын астыңкы жагында юридикалык жак жана жеке ишкерлер үчүн ИНН коюлат, жеке жак үчүн - ПИН коюлат;
3) ТДнын "Финансылык жөнгө салуу үчүн жооптуу жак" деген 9-графасында ЭЭЧнын субъектиси жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт;
4) ТДнын "Жүк орундары жана товарлардын баяндалышы" деген 31-графадагы 11 деген номердин астына ташып чыгарылуучу товарларды өндүрүүдө колдонулган товарлар жөнүндө маалыматтар жана бажы төлөмдөрүн эсептөө үчүн зарылдыгына жараша товарлардын аталышы, мүнөздөмөлөрү жана параметри (саны жана ченөө бирдиги) көрсөтүлөт;
5) ТДнын "Жалпы декларация/буга чейинки документ" 40-графасында ЭЭЧда өндүрүлгөн товарлар үчүн ТДнын алдындагы номер чөлкөмү" бажы жол-жобосуна коюуда бажы декларациясы кабыл алынган күнгө карата аныкталат.";
6) ТДнын "Кошумча маалымат/Берилген документтер" деген 44-графада "08999" номеринин астында бажы органы идентификациялоо жүргүзгөн учурда товардын идентификациялоосун тастыктоочу документ жөнүндө маалымат көрсөтүлөт;
7) ТДнын "Төлөмдөрдү эсептөө" деген 47-графасында ушул Нускаманын 46-пунктунда аныкталган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен эсептелген бажы төлөмдөрү жөнүндө маалымат көрсөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-августундагы № 446 токтомунун редакциясына ылайык)
62. ЭЭЧнын аймагынан Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары товарларды ташып чыгарууда:
1) ТДнын "Жөнөтүүчү/Экспортчу" деген 2-графасында товардын жөнөтүүчүсү болуп эсептелген ЭЭЧнын субъектиси жөнүндө маалыматтар, графанын үстүңкү жагында ОКПО коду, ал эми астыңкы жагында ИННдин коду көрсөтүлөт;
2) ТДнын "Алуучу" деген 8-графасында товардын алуучусу жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт;
3) ТДнын "Финансылык жөнгө салууга жооптуу жак" деген 9-графасында ТДнын "Жөнөтүүчү/Экспортчу" деген 2-графасындагы ЭЭЧнын субъектиси жөнүндө маалымат көрсөтүлөт;
4) ТДнын "Жалпы декларация/буга чейинки документ" деген 40-графасында буга чейинки ТДнын маалыматтары, ТДнын алдындагы товардын номери "/" белгиси аркылуу көрсөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-августундагы № 446 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык чөлкөмдөрүндө товарлардын бажы контролу боюнча нускамага 1-тиркеме |
"Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболорунда коюлган чет өлкөлүк товарлар жөнүндө отчеттун ФОРМАСЫ
____-жылдын ______________ кварталы үчүн
Эркин экономикалык чөлкөмдүн (мындан ары - ЭЭЧ) субъектиси тууралуу маалымат
ЭЭЧнын субъектисинин аталышы (1) | СДН жана ОКПО (1а) |
ЭЭЧнын субъектисинин каттоо күбөлүгүнүн № (2) | Дареги (юридикалык жана иш жүзүндөгү), телефон номери (2а) |
№ | Чет өлкөлүк товардын ЭЭЧнын аймагына ташылып киргизилишин тактаган документ | ЭЭЧнын аймагына ташып киргизилгендеги чет өлкөлүк товардын аталышы | Товардын ТЭИнин ТНи боюнча коду | Саны (өлчөө бирдиги) | Салмагы (өлчөө бирдиги) | Наркы (өлчөө бирдиги) | Товар өндүрүлгөн өлкө | Товардын ЭЭЧнын аймагына жөнөтүлгөн датасы | Шарттуу түрдө кошуп эсептелген бажы төлөмдөрү (өлчөө бирдиги) |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
Коммерциялык уюмдун (ишкананын) жетекчиси |
| Башкы бухгалтер (бухгалтер) | |||
________________ | __________ |
| ________________ | _________ | "__" ______-ж. |
(аты-жөнү) | (колу) |
| (аты-жөнү) | (колу) | (датасы) |
М.О. |
|
| |||
"Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболорунда коюлган чет өлкөлүк товарлар жөнүндө отчеттун формасын толтуруу ЭРЕЖЕСИ
Эркин экономикалык чөлкөмдүн (мындан ары - ЭЭЧ) катышуучусу (субъект) отчетто ал тарабынан отчеттук квартал ичинде "эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболорунда коюлган чет өлкөлүк товарларды ЭЭЧнын аймагына киргизүү боюнча операциялары жөнүндө, ошондой эле көрсөтүлгөн товарлардын бажы органдары тарабынан бажылык таризделишиндеги шарттуу түрдө кошуп эсептелген бажы төлөмдөрүнүн суммасы жөнүндө маалыматты чагылдырат. Отчет ЭЭЧнын катышуучусу жүргүзгөн алгачкы бухгалтердик эсептөө документтеринин маалыматтарынын негизинде түзүлөт.
Отчеттун саптарында жана графаларында төмөндөгү маалыматтар көрсөтүлөт:
1-сапта - уюштуруу документтерине ылайык коммерциялык уюмдун - ЭЭЧнын катышуучусунун толук же кыскартылган аталышы;
1а-сапта - салык төлөөчүнүн далдаштыруу номери (СДН) жана ЭЭЧнын субъектисинин ОКПО боюнча коммерциялык уюмунун коду;
2-сапта - ЭЭЧнын субъектисинин каттоо күбөлүгүнүн номери;
2а-сапта - уюштуруу документтерине ылайык ЭЭЧнын субъектисинин юридикалык дареги жана анын иш жүзүндөгү жайгашкан жери (дирекциянын же башка жогорку башкаруу органынын жайгашкан жери). Даректер дал келип калса, бир гана дарек көрсөтүлөт. Ошондой эле юридикалык даректин телефон номери жана иш жүзүндөгү жайгашкан жеринин телефон номери көрсөтүлөт. Номерлер дал келип калса, бир гана номер көрсөтүлөт;
1-графада - товарды "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболорунда коюлган датасы менен аныктаган отчеттогу чет өлкөлүк товар жөнүндөгү жазуунун катар номери;
2-графада - ЭЭЧнын аймагына чет өлкөлүк товарларды ташып кирүү боюнча операциялар ЭЭЧнын катышуучусу тарабынан жүзөгө ашырылгандыгы жөнүндө коштоп жүрүүчү документтердин (номери жана түзүлгөн датасы) аталышы жана милдеттүү түрдөгү реквизиттери, буларга ылайык товарлардын бажылык тариздөөсү жүргүзүлгөн: товарларга декларациясы жана башка коштоп жүрүүчү документ (эсеп-фактуралар, коштомо кагаздар ж.б.);
3-графада - товардын аталышы;
4-графада - анын ТЭИнын ТНи боюнча коду;
5, 6 жана 7-графаларда - товардын тийиштүү көрсөткүчү (саны, салмагы, наркы) жана бул товар боюнча кабыл алынган өлчөө бирдиги.
5-графада - "товардын саны" товардын санынын өлчөө бирдиги (даана, кап, комплектиси ж.б.у.с.);
6-графада - "товардын таза салмагы" товардын салмагынын өлчөө бирдиги (килограмм);
7-графада - бажы наркы - товарды ЭЭЧнын аймагына ташып кирүүчү жак, Кыргыз Республикасынын бажы органы тарабынан коюлуучу товардын баасы жана бажы төлөмдөрүнүн көлөмүн аныктоо үчүн алгачкы эсептөө базасы катарында колдонулат, товардын наркынын өлчөө бирдиги (валюта);
8-графада - чет өлкөлүк товар өндүрүлгөн өлкөнүн аталышы;
9-графада - "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболорунда коюлган чет элдик товардын ЭЭЧнын аймагына чыгарылган датасы;
10-графада - эгерде товар ээси товарды эркин айлануусу үчүн чыгаруу бажы жол-жоболорунда койгон учурда анын ээси төлөй турган бажы төлөмдөрүнүн эквиваленттик суммасы жана товар боюнча бажы төлөмдөрүнүн шарттуу түрдө кошуп эсептелүүчү суммасы товардын наркынын өлчөө бирдиги (сом).
|
| Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык чөлкөмдөрүндө товарлардын бажы контролу боюнча нускамага 2-тиркеме |
"Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболорунда коюлган чет өлкөлүк товарлардын эркин экономикалык чөлкөмдүн аймагындагы кыймылы боюнча отчеттун ФОРМАСЫ
_______-жылдын ____________ кварталы үчүн
Эркин экономикалык чөлкөмдүн (мындан ары - ЭЭЧ) субъектиси тууралуу маалымат
ЭЭЧнын субъектисинин аталышы (1) | СДН жана ОКПО (1а) |
ЭЭЧнын субъектисинин каттоо күбөлүгүнүн № (2) | Дареги (юридикалык жана иш жүзүндөгү), телефон номери (2а) |
№ | ЭЭЧнын аймагына ташып киргизилген же ЭЭЧнын аймагында сатылып алынган чет элдик товардын аталышы | Товардын ТН ВЭД боюнча | Отчеттук кварталдын башындагы товардын калдыгы | Товардын келип түшүшү | Товардын ЭЭЧнын аймагына ташылып киргизилгенин тактаган документ (товарларга декларациянын № жана эсеп-фактуралар) | Товарды кайра иштетүү же даярдоо | Товарды өзүнүн муктаждыгына колдонуу | Товарды ЭЭЧнын аймагында ишке ашыруу | Товарды ЭЭЧнын чегинен тышкары Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын калган бөлүгүнө ташып чыгуу | Товардын чыгарылганын | Товарды ЭЭЧнын аймагынан Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышка чыгаруу | Товардын чыгарылганын | Отчеттук кварталдын аягындагы товардын калдыгы | ||||||||||||||||
Саны (өлчөө бирдиги) | Салмак (кг) | Наркы (өлчөө бирдиги) | Саны (өлчөө бирдиги) | Салмак (кг) | Наркы (өлчөө бирдиги) | Саны (өлчөө бирдиги) | Салмак (кг) | Наркы (өлчөө бирдиги) | Саны (өлчөө бирдиги) | Салмак (кг) | Наркы (өлчөө бирдиги) | Саны (өлчөө бирдиги) | Салмак (кг) | Наркы (өлчөө бирдиги) | Саны (өлчөө бирдиги) | Салмак (кг) | Наркы (өлчөө бирдиги) | Саны (өлчөө бирдиги) | Салмак (кг) | Наркы (өлчөө бирдиги) | Саны (өлчөө бирдиги) | Салмак (кг) | Наркы (өлчөө бирдиги) | ||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 | 22 | 23 | 24 | 25 | 26 | 27 | 28 | 29 | 30 |
Коммерциялык уюмдун (ишкананын) жетекчиси |
| Башкы бухгалтер (бухгалтер) | |||
_________________ | __________ |
| ________________ | _________ | "__" ________-ж. |
(аты-жөнү) | (колу) |
| (аты-жөнү) | (колу) | (датасы) |
М.О. |
|
| |||
"Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболорунда коюлган Евразия экономикалык бирлигинин товарларынын эркин экономикалык чөлкөмдүн аймагындагы кыймылы боюнча отчеттун ФОРМАСЫ
_____-жылдын ________ кварталы үчүн
Эркин экономикалык чөлкөмдүн (мындан ары - ЭЭЧ) катышуучусу (субъектиси) тууралуу маалымат
ЭЭЧнын субъектисинин аталышы (1) | СДН жана ОКПО (1а) |
ЭЭЧнын субъектисинин каттоо күбөлүгүнүн № (2) | Дареги (юридикалык жана иш жүзүндөгү), телефон номери (2а) |
№ | ЭЭЧнын аймагына ташып киргизилген же ЭЭЧнын аймагында сатылып алынган ата мекендик товардын аталышы | Товардын ТН ВЭД боюнча | Отчеттук кварталдын башындагы товардын калдыгы | Товардын келип түшүшү | Товардын ЭЭЧнын аймагына ташылып киргизилгенин тактаган документ (товарларга декларациянын № жана эсеп-фактуралар) | Товарды кайра иштетүү же даярдоо | Товарды өзүнүн муктаждыгына колдонуу | Товарды ЭЭЧнын аймагында ишке ашыруу | Товарды ЭЭЧнын чегинен тышкары Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын калган бөлүгүнө ташып чыгуу | Товар чыгарылганын тастыктаган | Товарды ЭЭЧнын аймагынан Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышка чыгаруу | Товар чыгарылганын тастыктаган | Отчеттук кварталдын аягындагы товардын калдыгы | ||||||||||||||||
Саны (өлчөө бирдиги) | Салмак (кг) | Наркы (өлчөө бирдиги) | Саны (өлчөө бирдиги) | Салмак (кг) | Наркы (өлчөө бирдиги) | Саны (өлчөө бирдиги) | Салмак (кг) | Наркы (өлчөө бирдиги) | Саны (өлчөө бирдиги) | Салмак (кг) | Наркы (өлчөө бирдиги) | Саны (өлчөө бирдиги ) | Салмак (кг) | Наркы (өлчөө бирдиги) | Саны (өлчөө бирдиги) | Салмак (кг) | Наркы (өлчөө бирдиги) | Саны (өлчөө бирдиги) | Саны (өлчөө бирдиги) | Саны (өлчөө бирдиги) | Саны (өлчөө бирдиги) | Салмак (кг) | Наркы (өлчөө бирдиги) | ||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 | 22 | 23 | 24 | 25 | 26 | 27 | 28 | 29 | 30 |
Коммерциялык уюмдун (ишкананын) жетекчиси |
| Башкы бухгалтер (бухгалтер) | |||
_________________ | __________ |
| ________________ | _________ | "__" ________-ж. |
(аты-жөнү) | (колу) |
| (аты-жөнү) | (колу) | (датасы) |
М.О. |
|
| |||
"Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболоруна коюлган, ата мекендик жана чет өлкөлүк товарлардын эркин экономикалык чөлкөмдүн аймагындагы кыймылы боюнча отчеттун формасын ТОЛТУРУУ ЭРЕЖЕСИ
Отчетто эркин экономикалык чөлкөмдүн (мындан ары - ЭЭЧ) катышуучусунда (субъектинде) отчеттук кварталдын башталышында жана аякташында ЭЭЧнын аймагына мурда же отчеттук квартал ичинде алар тарабынан киргизилген жана "эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболоруна киргизилген ата мекендик жана чет өлкөлүк товарлардын бар экендиги тууралуу маалымат, аларды ЭЭЧнын катышуучулары финансылык-чарбалык иштин ар кандай операцияларында, алардын ичинде экспорт (реэкспорт) бажы жол-жоболорунан ташып чыгууну кошуу менен иштетүү, өз муктаждыгы үчүн пайдалануу, ЭЭЧнын аймагында сатуу, чөлкөмдөн тышкары ташып чыгуу боюнча операцияларда пайдалануу чагылдырылат. Отчет ЭЭЧнын катышуучусу жүргүзгөн алгачкы бухгалтердик эсеп документтеринин негизинде түзүлөт.
Отчеттун саптарында жана графаларында төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
1-сапта - уюштуруу документтерине ылайык коммерциялык уюмдун толук же кыскартылган аталышы - ЭЭЧнын катышуучусу (субъекти);
1а-сапта - салык төлөөчүнүн далдаштыруу номери (СДН) жана ЭЭЧнын субъектисинин ОКПО боюнча коммерциялык уюмдун коду;
2-сапта - ЭЭЧнын субъектисинин күбөлүгүнүн каттоо номери;
2а-сапта - ЭЭЧнын субъектисинин юридикалык дареги уюштуруу документтерине ылайык жана анын учурдагы жайгашкан жери (дирекциянын жайгашкан жери же ушул сыяктуу жогорку башкаруучу орган). Даректери дал келген учурда бир гана дарек көрсөтүлөт. Ошондой эле юридикалык дареги боюнча телефон номери же учурдагы жайгашкан дареги боюнча телефон номери көрсөтүлөт. Телефон номерлери дал келген учурда бир гана телефон номери көрсөтүлөт;
1-графада отчет боюнча ата мекендик же чет өлкөлүк товар тууралуу катар номери жазылат, ал номер "эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболоруна киргизилген товардын датасы менен аныкталат;
2-графада товардын аталышы, ал эми 3-графада анын ЕАЭС ТОИ ТН боюнча коду;
10-графада - ЭЭЧнын аймагына товарды ташып келүүнү тактаган документ (товарларга декларация коштомо кагаз ж.б.);
4, 7, 11, 14, 17, 20, 24, 27-графаларга - товардын саны жана бул товар үчүн кабыл алынган өлчөө бирдиги (даана, кап, комплект ж.б.);
5, 8, 12, 15, 18, 21, 25, 29-графаларга - товардын таза салмагы, товардын салмагын өлчөө бирдиги (килограмм);
6, 9, 13, 16, 19, 22, 26 жана 30-графаларга - товардын бажы наркы, бул боюнча товарды бухгалтердик баланска эсепке алуу, товардын наркын өлчөө бирдиги (валюта);
23-графада - "эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболоруна коюлган товарларды ЭЭЧнын аймагынан Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып чыгуу операциясы боюнча ЭЭЧнын катышуучулары тарабынан жүзөгө ашырылгандыгы тууралуу товарларга декларациясы (түзгөн датасы жана номери) жана башка коштоп жүрүүчү документ (эсеп фактура, коштомо кагаз ж.б.);
27-графада - "эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболоруна коюлган товарларды ЭЭЧнын аймагынан Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышка ташып чыгуу операциясы боюнча ЭЭЧнын катышуучулары тарабынан жүзөгө ашырылгандыгы тууралуу товарларга декларациясы (түзгөн датасы жана номери) жана башка коштоп жүрүүчү документ (эсеп фактура, коштомо кагаз ж.б.) буга ылайык аларга бажы тариздөө жүргүзүлгөн;
28, 29, 30-графанын көрсөткүчтөрү төмөнкү графалардын көрсөткүчтөрү менен иштерди аткаргандан кийинки алынган жыйынтыгы менен дал келиши керек:
28-графа = 4-графа + 7-графа - 11-графа - 14-графа - 17-графа - 20-графа - 24-графа
29-графа = 5-графа + 8-графа - 12-графа - 15-графа - 18-графа - 21-графа - 25-графа
30-графа = 6-графа + 9-графа - 13-графа - 16-графа - 19-графа - 22-графа - 26-графа.
|
| Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык чөлкөмдөрүндө товарлардын бажы контролу боюнча нускамага 3-тиркеме |
__________ 20__-ж. _________ кварталында эркин экономикалык чөлкөмдүн аймагында товарларды кайра иштетүү (өндүрүү) боюнча отчеттун ФОРМАСЫ
Эркин экономикалык чөлкөмдүн (мындан ары - ЭЭЧ) катышуучусу (субъект) тууралуу маалымат
ЭЭЧнын катышуучусунун аталышы (1) | СДН жана ОКПО (1а) |
ЭЭЧнын катышуучусунун күбөлүгүнүн каттоо № (2) | Дареги (юридикалык жана учурдагы), телефон номери (2а) |
№ | КРнын ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген товардын чыгарылышы жөнүндө тастыктама (№ жана датасы) | ЭЭЧнын аймагына товарды ташып келүүнү же аны ЭЭЧнын аймагында же башка ЭЭЧда сатып алууну ырастаган документ (товарларга декларациянын жана эсеп-фактуранын №) | Кайра иштетүүгө чейинки товардын аталышы | Товарды кайра иштетүүгө чейинки ЕАЭС ТОИ ТН боюнча товардын коду | Товар кайра иштетүүгө чейин | Товарды кайра иштетүү боюнча операциянын бүткөн датасы | Товардын кайра иштетүүдөн кийинки аталышы | Кайра иштетүүдөн кийинки ЕАЭС ТОИ ТН боюнча товардын коду | Товар кайра иштетүүдөн кийин | ||||
Саны, өлчөө бирдиги | Таза салмагы, өлчөө бирдиги | Наркы, өлчөө бирдиги | Саны, өлчөө бирдиги | Салмагы, өлчөө бирдиги | Наркы, өлчөө бирдиги | ||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 |
Коммерциялык уюмдун (ишкананын) жетекчиси |
| Башкы бухгалтер (бухгалтер) | |||
_________________ | __________ |
| ________________ | _________ | "__" ________-ж. |
(аты-жөнү) | (колу) |
| (аты-жөнү) | (колу) | (датасы) |
М.О. |
|
| |||
Эркин экономикалык чөлкөмдүн аймагында товарды кайра иштетүү (өндүрүү) боюнча отчет формасын ТОЛТУРУУ ТАРТИБИ
Отчетто Эркин экономикалык чөлкөмдүн (мындан ары - ЭЭЧ) катышуучусу (субъекти) тарабынан отчеттук квартал ичинде же мурда ЭЭЧнын аймагындагы "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболоруна киргизилген, ошондой эле алар тарабынан отчеттук мезгилде же андан мурда ЭЭЧнын аймагында ЭЭЧнын башка катышуучуларынан сатып алынган чет өлкөлүк товарларды кайра иштетүү боюнча жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматтар чагылдырылган. Отчет ЭЭЧнын катышуучусу (субъектиси) жүргүзгөн алгачкы бухгалтердик эсепке алуу документтеринин маалыматтарынын негизинде түзүлөт.
Отчеттун саптарында жана графаларында төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт:
1-сапта - уюштуруу документтерине ылайык коммерциялык уюмдун - ЭЭЧнын катышуучуларынын толук же кыскартылган аталышы;
1а-сапта - салык төлөөчүнүн далдаштыруу номери (СДН) жана ЭЭЧнын субъектисинин ОКПО боюнча коммерциялык уюмунун коду;
2-сапта - ЭЭЧнын субъектисинин күбөлүгүнүн каттоо номери;
2а-сапта - уюштуруу документтерине ылайык ЭЭЧнын субъектисинин юридикалык дареги жана анын иш жүзүндө жайгашкан жери (дирекциянын жайгашкан жери же башка жогорку башкаруучу орган). Даректери дал келген учурда бир гана дарек көрсөтүлөт. Ошондой эле юридикалык дареги боюнча телефон номери же иш жүзүндөгү жайгашкан дареги боюнча телефон номери көрсөтүлөт. Телефон номерлери дал келген учурда бир гана телефон номери көрсөтүлөт;
1-графада - отчет боюнча товар тууралуу жазуунун катар номери, ал "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболоруна товардын киргизилген датасы менен аныкталат;
2-графада - ЭЭЧнын аймагында ЭЭЧнын катышуучусу тарабынан кайра иштетилген (өндүрүлгөн) товарга Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы товардын чыгарылышы жөнүндө шайкештик тастыктамасын берген күнү жана номери;
3-графада - ЭЭЧнын катышуучулары кайра иштетүү үчүн ЭЭЧнын аймагында башка ЭЭЧнын катышуучусунан ата мекендик жана чет өлкөлүк товарларды сатып алгандыгы жөнүндө документ же кайра иштетүү үчүн ЭЭЧнын аймагына алар ата мекендик жана чет өлкөлүк товарларды ташып келүү боюнча операцияларды жүзөгө ашыруусу тууралуу милдеттүү реквизиттер жана аталыштар коштоочу документтер (түзгөн күнү жана номери): товарларга декларациясы же ушул сыяктуу коштоп жүрүүчү документ (эсеп-фактурасы, коштомо кагаз ж.б.);
4-графада - кайра иштетүүгө чейинки товардын аталышы, ал эми 5-графада - анын ЕАЭС ТОИ ТН боюнча коду;
6, 7, 8 жана 12, 13, 14-графаларда - бул товар боюнча тийиштүү көрсөткүч (саны, салмагы, наркы) жана кабыл алынган өлчөө бирдиги;
6 жана 12-графаларда - "товардын саны" товардын санын өлчөө бирдиги (даана, кап, комплекти ж.б.);
7 жана 13-графаларда - "товардын таза салмагы" товардын салмагын өлчөө бирдиги (килограммдар);
8 жана 14-графаларда - товардын баланстык (эсептик) наркы - бул боюнча товар бухгалтердик баланста эске алынат, товардын наркын өлчөө бирдиги (валюта);
9-графада - товарды кайра иштетүү боюнча операциянын бүткөн датасы;
10-графада - товардын кайра иштетүүдөн кийинки аталышы; 11-графада - анын ЕАЭС ТОИ ТН боюнча коду.
|
| Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык чөлкөмдөрүндө товарлардын бажы контролу боюнча нускамага 4-тиркеме |
______-жылдын __________ кварталында эркин экономикалык чөлкөмдүн аймагында кайра иштетилген (өндүрүлгөн) товарлардын кыймылы боюнча отчеттун ФОРМАСЫ
Эркин экономикалык чөлкөмдүн (мындан ары - ЭЭЧ) катышуучусу (субъекти) тууралуу маалымат
ЭЭЧнын катышуучусунун аталышы (1) | СДН жана ОКПО (1а) |
ЭЭЧнын катышуучусунун күбөлүгүнүн каттоо № (2) | Дареги (юридикалык жана иш жүзүндөгү), телефон номери (2а) |
№ | КРнын ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген товардын чыгарылышы жөнүндө тастыктама (№ жана датасы) | Кайра иштетилген (өндүрүлгөн) товардын аталышы | Кайра иштетилген (өндүрүлгөн) товардын ЕАЭС ТОИ ТН боюнча коду | Отчеттук кварталдын башына кайра иштетилген (өндүрүлгөн) товардын калдыгы | Отчеттук кварталдын ичинде кайра иштетилген (өндүрүлгөн) товарлардын түшүүсү | Отчеттук кварталдын ичинде ЭЭЧнын аймагынан кайра иштетилген (өндүрүлгөн) товарды көчүрүү, ташып кетүү. | Кайра иштетилген (өндүрүлгөн) товарды көчүрүүнү, ташып кетүүнү тастыктаган документ. (товарларга декларация №, эсеп фактурасы) | Отчеттук кварталдын аягьгна карата кайра иштетилген (өндүрүлгөн) товардын калдыгы | ||||||||
Саны, өлчөө бирдиги | Таза салмагы, өлчөө бирдиги | Наркы, өлчөө бирдиги | Саны, өлчөө бирдиги | Таза салмагы, өлчөө бирдиги | Наркы, өлчөө бирдиги | Саны, өлчөө бирдиги | Таза салмагы, өлчөө бирдиги | Наркы, өлчөө бирдиги | Саны, өлчөө бирдиги | Таза салмагы, өлчөө бирдиги | Наркы, өлчөө бирдиги | |||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 |
Коммерциялык уюмдун (ишкананын) жетекчиси |
| Башкы бухгалтер (бухгалтер) | |||
_________________ | __________ |
| ________________ | _________ | "__" ________-ж. |
(аты-жөнү) | (колу) |
| (аты-жөнү) | (колу) | (датасы) |
М.О. |
|
| |||
Эркин экономикалык чөлкөмдүн аймагында кайра иштетилген (өндүрүлгөн) товарлардын кыймылы боюнча отчеттун формасын ТОЛТУРУУНУН ТАРТИБИ
Отчетто ЭЭЧнын катышуучусу иштеп чыккан (өндүргөн) товарларды эркин экономикалык чөлкөмдүн (мындан ары - ЭЭЧ) аймагына/аймагынан ташылган товарлар жөнүндө маалыматтар чагылдырылат. Отчет ЭЭЧнын катышуучусу жүргүзгөн алгачкы бухгалтердик эсепке алуу документтеринин маалыматтарынын негизинде түзүлөт.
Отчеттун саптарында жана графаларында төмөндөгү маалыматтар көрсөтүлөт:
1-сапта - уюштуруу документтерине ылайык коммерциялык уюмдун - ЭЭЧнын катышуучусунун толук же кыскартылган аталышы;
1а-сапта - салык төлөөчүнүн далдаштыруу номери (СДН) жана ЭЭЧнын субъектисинин ОКПО боюнча коммерциялык уюмунун коду;
2-сапта - ЭЭЧнын субъектисинин каттоо күбөлүгүнүн номери;
2а-сапта - уюштуруу документтерине ылайык ЭЭЧнын субъектисинин юридикалык дареги жана иш жүзүндө жайгашкан жеринин дареги (дирекциянын же башка жогорку башкаруу органынын жайгашкан жери). Даректер окшош болсо бир эле дарек көрсөтүлөт. Ошондой эле юридикалык дарек боюнча телефон номери жана иш жүзүндө жайгашкан жери боюнча телефон номери көрсөтүлөт. Номерлер окшош болсо бир эле номер көрсөтүлөт;
1-графада - кайра иштетилген (өндүрүлгөн) товар жөнүндө жазманын катар номери;
2-графада - ЭЭЧнын аймагында ЭЭЧнын катышуучусу тарабынан кайра иштетилген (өндүрүлгөн) товарларга Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген товардын чыгарылышы жөнүндө тастыктаманын номери жана берилген датасы;
3-графада - кайра иштетилген (өндүрүлгөн) товардын аталышы;
4-графада - кайра иштетилген товардын ТЭИнин ТН боюнча коду;
5, 6 жана 7-графаларда - товардын тийиштүү көрсөткүчү (саны, салмагы, наркы) жана бул товар боюнча отчеттук кварталдын башына кабыл алынган кайра иштетилген (өндүрүлгөн) товардын калдыгын өлчөө бирдиги;
8, 9 жана 10-графаларда - товардын тийиштүү көрсөткүчү (саны, салмагы, наркы) жана бул товар боюнча отчеттук кварталдын ичинде кабыл алынган кайра иштетилген (өндүрүлгөн) товардын келип түшүүсүн өлчөө бирдиги;
11, 12 жана 13-графаларда - отчеттук кварталдын ичинде ЭЭЧнын аймагына/аймагынан ташылган кайра иштетилген (өндүрүлгөн) товардын тийиштүү көрсөткүчү (саны, салмагы, наркы);
14-графада - "Бишкек" ЭЭЧнын аймагына/аймагынан кайра иштетилген (өндүрүлгөн) товардын ташылгандыгын, чыгарылгандыгын ырастаган документ (товарларга декларациянын же эсеп-фактуранын №);
15, 16 жана 17-графаларда - товардын тийиштүү көрсөткүчү (саны, салмагы, наркы) жана бул товар боюнча отчеттук кварталдын аягына карата кабыл алынган кайра иштетилген (өндүрүлгөн) товардын калдыгын өлчөө бирдиги.
5, 8, 11 жана 15-графаларда - "товардын саны" товардын санын өлчөө бирдиги (даана, кап, комплект ж.б.у.с.);
6, 9, 12 жана 16-графаларда - "товардын таза салмагы" товардын салмагын өлчөө бирдиги (килограмм);
7, 10, 13 жана 17-графаларда - товардын наркы, ал боюнча товар бухгалтердик баланста эске алынат, товардын наркын өлчөө бирдиги (валюта).