Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ТОКТОМУ
2018-жылдын 11-январы
Жарандар Рита Рахмановна Карасартованын, Омуркул уулу Уландын, Бакыт Раманкулович Жалгашевдин, Улукбек Алтымышбекович Абдыкаимовдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 2-ноябрындагы № 60 аныктамасына даттануусун кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: төрагалык кылуучу - судья Э.Т. Мамыров, судьялар К. Абдиев, Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, К.М. Киргизбаев, А.О. Нарынбекова, Э.Ж. Осконбаев, Ч.О. Осмонова, Ж.И. Саалаевдин курамында, сот отурумунун катчысы К.А. Аблакимовдун катышуусунда «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 5-бөлүгүн жетекчиликке алып, Р.Р. Карасартованын, Омуркул уулу У., Б.Р. Жалгашевдин, У.А. Абдыкаимовдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 13-июлундагы № 60 аныктамасын жокко чыгаруу жѳнүндѳ даттануусун соттук отурумда карап чыкты.
Даттанууда баяндалган жүйөлөрдү жана жарандар Р.Р. Карасартованын, Омуркул уулу У., Б.Р. Жалгашевдин, У.А. Абдыкаимовдун өтүнүчү боюнча материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т А П Т Ы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2017-жылдын 28-сентябрында жарандар Р.Р. Карасартова, Омуркул уулу У., Б.Р. Жалгашев, У.А. Абдыкаимовдун экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, таратуу, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик же террорчулук уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайылап пайдалануу, анын ичинде көрсөтүү үчүн жазык жоопкерчилигин караган Кылмыш-жаза кодексинин 299-2-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацына түзөтүүлөрдү киргизген «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» 2013-жылдын 3-августундагы № 180 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 9-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына, 20-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 4, 5-пункттарына, 32-беренесинин 1-бөлүгүнө, 33-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.
Арыздануучулар өз талаптарына негиздеме катары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 32-беренеси жарандардын дин тутуу эркиндигин бекитет, ага ылайык «ар кимге абийир жана дин тутуу эркиндиги кепилденет. Ар ким өз алдынча же башкалар менен бирдикте ар кандай динди тутуу же эч бирин тутпоо укугуна ээ. Ар ким диндик жана башка ишенимдерди эркин тандоого жана тутууга укуктуу. Эч ким өзүнүн диндик жана башка ишенимдерин билдирүүгө же алардан баш тартууга мажбурланууга тийиш эмес» деп белгилешүүдө. Арыздануучулардын пикири боюнча, бул укуктар менен эркиндиктер Конституциянын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 4, 5-пункттарында камтылган тийиштүү конституциялык кепилдиктер менен бекемеделген, аларга ылайык «Конституцияда белгиленген ой-пикир эркиндиги тууралуу, диний же башка ынанымдарды эркин тандап алуу жана ээ болуу укугу эч чектелүүгө тийиш эмес».
Арыздануучулар эл аралык стандарттар да, ошондой эле, абийир эркиндигине жана өз тандоосу боюнча динге ээ болуу же кабыл алуу эркиндигине эч кандай чектөөлөргө жол бербейт деп эсептешет. Ошентип, Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык пактынын 18-беренесине карата БУУнун Адам укуктары боюнча комиссиясынын 1993-жылдагы № 22 (48) Жалпы эскертүүлөрүндө «ой, абийир жана дин эркиндигине укук - бул алыска баруучу жана кескин түрдөгү укук, ал өзүнө ар кандай себеп боюнча ой эркиндигин, жеке ынанымдар жана коомчулукка билдирип же башкалар менен бирдикте тутканына карабастан динди же ынанымдарды жактоочулукту камтыйт» деп түшүндүрүлөт. Ошондой эле, «бул эркиндиктердин пайдубал мүнөзү ушул жобонун өзгөчө кырдаалдар учурунда да жарым-жартылай жокко чыгарылышы мүмкүн эместигинде чагылдылырган» деп белгиленген.
Кайрылуунун субьектилери «Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык эгер адам тыюуга салынган материалдарды жайылтуу максатын көздөгөн болсо же жайылтып жүргөн болсо, экстремисттик материалдарды сактоо укук бузуу катары саналышы керек деп айтышууда. Жайылтуу деп экстремисттик материалдарды чөйрөсү чектелбеген адамдарга тааныштырууга багытталган, башкача айтканда жайылтуу кардарлардын чектелбеген чөйрөсүнө эсептелген ишмерликти түшүнүү керек.
Арыздануучулар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 299-2-беренесинин 1-бөлүгүнүн туюндурмасында толуктуктун жана аныктыктын болбогондугу жана аны сот менен тергөө органдары тарабынан колдонуу тажрыйбасы Конституция менен кепилденген адам укуктарын орой бузууда, укук коргоо органдарына өзүнүн маңызы жана мүнөзү боюнча кылмыштуу деп саналбаган аракеттер үчүн адамдарды жазык куугунтугуна алуу жана жазык жоопкерчилигине тартуу укугун берүү менен жарандарды диний таандыгы боюнча дискриминациялоодо.
Ошондой эле, арыздануучулардын пикири боюнча, таанышуу максатында диний адабиятты алган жана аны өзүндө сактап келген адам анын экстремисттик мүнөзү тууралуу алдын ала биле албайт. Анын аракеттери мындай материалдарды жайылтуу максаты менен жүйѳлѳнгѳн эмес. Адам экстремисттик идеялар жана көз караштар менен макул болуп, аларды туура деп тапкан учурда да, ал жазык куугунтугунун обьекти болушу мүмкүн эмес, анткени ой-жүгүртүү кыялы үчүн эмес, жасаган аракеттери үчүн жазалоо керек.
Мыйзам чыгаруучу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин талашылып жаткан ченемине өзгөртүүлөрдү киргизип жана ага ылайык экстремисттик материалдарды сатып алуу жана сактоону кылмыш деп таанып жатып, жайылтуу максаты сыяктуу аракеттердин коомдук кооптуулугунун негизги шартын көрсөткөн эмес, ошону менен өзүнүн маңызы боюнча кылмыштуу болуп саналбаган аракеттердин криминалдашуусуна жол берген.
Ошондой эле, арыздануучулар Жогорку Кеңеш 2016-жылдын 22-декабрында кабыл алган жана Кыргыз Республикасынын Президенти 2017-жылдын 3-февралында кол койгон Кыргыз Республикасынын жаңы Жазык кодексинде мыйзам чыгаруучу сот адилеттигин гуманизациялоо идеясын жетекчиликке алып, жогоруда аталган жосундун криминалдуулугун алып салган. Башкача айтканда, жайылтуу максаты көздөлбөгөн учурда экстремисттик материалдарды сатып алуу жана сактоо кылмыштуу болуп саналбайт.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, арыздануучулар талашылып жаткан ченемди Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранышкан.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясы «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 2-бөлүгүн, 3-бөлүгүнүн 1 жана 4-пункттарын, 5-бөлүгүн жетекчиликке алып, 2017-жылдын 2-ноябрындагы № 60 аныктамасы менен өтүнүчтү кийинки негиздер боюнча өндүрүшкө кабыл алуудан баш тарткан.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы келип түшкөн кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуу же андан баш тартуу жөнүндө маселени чечип жатып, биринчи кезекте кайрылууда коюлган маселелердин конституциялык сот өндүрүшүндө кароо мүмкүндүгүнѳн келип чыгат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тарабынан 2017-жылдын 11-июлунда жана 2017-жылдын 26-сентябрында эки токтом кабыл алынган, аларда талашылып жаткан ченем боюнча күмөндүүлүктүн жоктугу тууралуу көз карашы айтылган.
Ошентип, жекече, көрсөтүлгөн токтомдордо «экстремисттик материалдарды сатып алуу, жасоо, сактоо, жайылтуу, ташуу жана кайра жөнөтүү, ошондой эле кара санатайлык менен пайдалануу, анын ичинде экстремисттик же террорчул уюмдардын символикасын же атрибутикасын көрсөтүү үчүн жазык жоопкерчилигин орнотуу мыйзам чыгаруучунун «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диниий уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 8-бөлүгүнүн чечнемдик көрсөтмөлөрүн жүзөгө ашырууга багытталган ченем жаратуучу ишмерлигинин логикалык уландысы болуп саналат» деп белгиленген.
Ошентип, арыздануучулар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 299-2-беренесинин 1-бөлүгүнүн «экстремисттик материалдарды сактоо» деген сөздөрү менен баяндалган жоболорунун конституциялуулугун талашып жатып, өзүнүн көз карашын тергөө жана соттук органдар тарабынан бул ченемди колдонуу тажрыйбасына шилтеме жасап негиздѳѳдө. Ошону менен бирге, талашылып жаткан ченемдин укук колдонуучулук тажрыйбага байланыштуу маселелерин чечүү «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ыйгарым укуктарына кирбейт.
Ушуга байланыштуу судьялар коллегиясы, жогоруда аталган Мыйзамдын 22-беренесинин 8-бөлүгү менен диний экстремизмдин, сепаратизмдин жана фундаментализмдин идеяларын камтыган басылмаларды, кинофотоаудиовидео продукцияларды жана башка материалдарды алып келүү, даярдоо, сатып алуу, ташуу, кайра жөнөтүү, сактоо жана таратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет деп орнотулганын белгилеген. Анын менен бирге көрсөтүлгөн Мыйзамдын аталган беренесинин 2-бөлүгү менен конституциялык түзүлүштү, коомдун адеп-ахлактык негиздерин өзгөртүүгө, диний өгөйлөнүүгө чакырыктар камтылган диний адабияттарды, башка басма, аудиовидеоматериалдарды алып келүүгө, даярдоого, сактоого жана жайылтууга тыюу салынат.
Ошентип, мыйзам чыгаруучу талашылып жаткан ченемде «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диниий уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу үчүн санкцияларды гана орноткон.
Демек, талашылып жаткан ченем, белгиленген Мыйзамдын көрсөтүлгөн ченемдери менен өз ара байланышта болбостон каралышы мүмкүн эмес. Ушуга байланыштуу, арыздануучулардын койгон талаптарынын алкагында судьялар коллегиясы талашылып жаткан маселе боюнча укуктук күмөндүүлүктүн жоктугуна байланыштуу кайрылууну Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын өндүрүшүнө кабыл алууга негиздерди тапкан жок.
Жогоруда баяндалганды эске алуу менен, судьялар коллегиясы кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жѳнүндѳ аныктама кабыл алган. Р.Р. Карасартова, Омуркул уулу У., Б.Р. Жалгашев, У.А. Абдыкаимов 2017-жылдын 7-декабрындагы судьялар коллегиясынын аныктамасы менен макул болбостон, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына даттануу менен кайрылышкан.
Даттанууда арыздануучулар судьялар коллегиясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын А.М. Байзаковдун жана Р.Р. Карасартованын, А.У. Токталиеванын, Б.Р. Жалгашевдин, У.А. Абдыкаимовдун даттануулары боюнча кабыл алынган актыларына жасаган шилтемеси туура эмес, анткени арыздлануучулардын кайрылуу предмети башка жана жогоруда көрсөтүлгөн кайрылуулардын предметинен айырмаланып турат деп белгилешүүдө.
Мында, арыздануучулар судьялар коллегиясынын экстремисттик материалдарды сатып алуу, жасоо, сактоо, жайылтуу, ташуу жана кайра жөнөтүү, ошондой эле кара санатайлык менен пайдалануу, анын ичинде экстремисттик же террорчул уюмдардын символикасын же атрибутикасын көрсөтүү үчүн жазык жоопкерчилигин орнотуу мыйзам чыгаруучунун «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диниий уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 8-бөлүгүнүн чечнемдик көрсөтмөлөрүн жүзөгө ашырууга багытталган ченем жаратуучу ишмерлигинин логикалык уландысы болуп саналат деген тыянагы менен макулдугун билдиришти.
Ошол эле учурда, арыздануучулар талашылып жаткан ченем менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 299-2-беренесине өзгөртүүлөрдүн киргизилишинен кийин «жайылтуу максаты» сыяктуу белги анын диспозициясынан алып салынганын белгилешүүдө. Арыздануучулардын пикири боюнча, бул өзгөртүү диний адабиятты сатып алган жана сактап келген ар кимдин, ал адабият эксперттер тарабынан экстремисттик деп таанылган учурда, жазык жоопкерчилигине тартылышына алып келет.
Арыздануучулар жазык мыйзамдарында экстремисттик материалдар түшүнүгү жок экендигин белгилешүүдө. «Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 4-пунктуна ылайык экстремисттик материалдар деп экстремисттик аракеттерди жасаганга үндөгөн, мындай аракетти ишке ашыруунун зарылдыгын негиздеген улуттук жана (же) расалык артыкчылыкты негиздеген же актаган, кандайдыр бир этникалык, социалдык, расалык, улуттук (этностук) же диний топту толук же жарым-жартылай жок кылууга багытталган согуштук же дагы башка кылмыштарды жасоону актоого арналган жарыялоолор, документтер же башка сактагычтардагы маалыматтар саналат.
Көрсөтүлгөн Мыйзамдын 13-беренесине ылайык маалымат материалдарында жогоруда көрсөтүлгөн белгилер болгондо гана алар соттун чечими менен экстремисттик материалдар деп таанылат. Мыйзамдуу күчүнө кирген мындай чечимдин көчүрмөсү юстиция жаатындагы аткаруу бийлик органдарына жөнөтүлөт. Экстремисттик материалдардын тизмеси массалык маалымат каражаттарында, ошондой эле экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жагындагы юстиция органдары жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын расмий сайтында мезгилдүү басылууга тийиш.
Бирок, арыздануучулардын пикири боюнча, мындай иш тиешелүү түрдө жасалган жок, натыйжада жарандар экстремисттик материалдар тууралуу маалыматы жок, бул дин туткандардын укуктары менен кызыкчылыктарына нагыз коркунуч туудурууда, аларды мыйзамсыз куугунтуктоо жана соттоо үчүн каражат катары кызмат кылат.
Р.Р. Карасартова, Омуркул уулу У., Б.Р. Жалгашев, У.А. Абдраимов талашылып жаткан ченем жарандарды дин тутуу белгиси боюнча дискриминациялоого дуушар кылууда, бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесине карама-каршы келет деп эсептешүүдө. Арыздануучулар жаран эркин турган диний адабиятты сатып алуу жана сактоо менен өзүнүн конституциялык укуктарын, жекече абийир жана дин тутуу эркиндиги, маалыматты эркин издөө, алуу, сактоо, пайдалануу жана аны оозеки, жазуу жүзүндө же башка ыкма менен жайылтуу, ой-пикир эркиндиги, диний же башка ынанымдарды эркин тандап алуу жана ээ болуу укуктарын жүзөгө ашырууда (Конституциянын 20, 32, 33-беренелери).
Ушуга байланыштуу арыздануучулар Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 2-ноябрындагы № 60 анктамасын жокко чыгарууну жана кайрылууну конституциялык сот өндүрүшүнө кабыл алууну суранышууда.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы арыздануучулардын жүйөлөрүн жана судьялар коллегиясынын кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуунун негиздерин талкуулап, кикинкидей тыняктарга келди.
Мыйзамдын талашылып жаткан ченемдери жазык жоопкерчилигин, анын ичинде экстремисттик материалдарды сактоо үчүн жоопкерчиликти регламенттеген Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 299-2-беренесинин 1-бөлүгүн өзгөртүүгө багытталганын белгилей кетүү керек. Ошентип, арыздануучулардын даттануусунун предмети болуп, экстремисттик материалдарды сактоо үчүн жазык жоопкерчилигине байланыштуу маселелерди укуктук регламенттөө болуп саналат. Ушуга байланыштуу, судьялар коллегиясынын даттанылып жаткан аныктамасында чагылдырылган Конституциялык палатанын актыларына болгон шилтемелер туура болуп саналат.
Жалпысынан арыздануучулардын жүйөлөрү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 299-2-беренесинде «жайылтуу максаты» сыяктуу белгинин жоктугу жана жазык мыйзамдарда «экстремисттик материалдар» деген түшүнүктүн жоктугу жарандарды дин тутуу белгиси боюнча дискриминациялоого дуушар кылууда дегенге келүүдѳ.
Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана Кыргыз Республикасы ратификация кылган келишимдерде адамдын дин тутуу эркиндигине укугун камсыздоого багытталган мамилелер «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынышын белгилей кетүү керек. Андан тышкары, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин, конституциялык түзүлүштүн негиздерин коргоо, Кыргыз Республикасынын бүтүндүгүн жана коопсуздугун камсыздоо максатында «Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүүнүн укуктук жана уюштуруучулук негиздери, ошондой эле аны ишке ашыруу үчүн жоопкерчилик орнотулган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы дин тутуу эркиндигине болгон укук абсолюттук мүнөзгө ээ боло албайт, бул Конституциянын өзүнөн келип чыгат жана коомдук кызыкчылыктарды эске алуу зарылдыгын болжойт. Дал ушуга байланыштуу, мыйзам чыгаруучу ага ыйгарылган дискрециянын алкагында диний ишмерликке байланыштуу укуктук жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрүн аныктоого укуктуу.
«Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык жарандар жана диний уюмдар өздөрү тандаган тилдеги диний адабияттарды, ошого тете эле диний арналыштагы башка предметтерди жана материалдарды кудайга табынуу жайларында жана атайын дүкөндөрдө гана сатып алууга жана пайдаланууга укуктуу.
Мында, көрсөтүлгөн Мыйзамдын 22-беренесинин 8-бөлүгүндө диний экстремизмдин, сепаратизмдин жана фундаментализмдин идеяларын камтыган басылмаларды, кинофотоаудиовидео продукцияларды жана башка материалдарды алып келүү, даярдоо, сатып алуу, ташуу, кайра жөнөтүү, сактоо жана таратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет, ал эми жогоруда аталган аракеттер үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 299-2-беренесинде белгиленген, ал болсо «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» жана «Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдерди бузуу үчүн конкреттүү санкцияларды карайт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы мыйзам чыгаруучу тарабынан жогоруда аталган мыйзамдардын талаптарын бузуу үчүн санкицяларды белгилөөсү өзүнөн өзү анын конституциялуулугунда шек саноолорду туудуручу күмөндүүлүктү түзбөйт.
Ушуга байланыштуу, судьялар коллегиясынын талашылып жаткан ченемде уккутук күмөндүүлүктүн жоктугу тууралуу тыянагы негиздүү болуп саналат, анткени жогоруда аталган мыйзамдардын ченемдерин бузуу үчүн жазык жоопкерчилигин белгилөө мыйзам чыгаруучунун ченем жаратуучу ишмерлигинин логикалык уландысы болуп саналат.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы арздынауучулардын даттануусун канааттандыруу үчүн негиздерди тапкан жок.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Коснтитуциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 5-бөлүгүн, 46, 47, 48-беренелерин, 51-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Рита Рахмановна Карасартованын, Омуркул уулу Уландын, Бакыт Раманкулович Жалгашевдин, Улукбек Алтымышбекович Абдыкаимовдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын «Жарандар Рита Рахмановна Карасартованын, Омуркул уулу Уландын, Бакыт Раманкулович Жалгашевдин, Улукбек Алтымышбекович Абдыкаимовдун «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 3-августундагы № 180 Мыйзамынын 1-беренесинин 9-бөлүгүнүн жоболорунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө кайрылуусун ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуу жѳнүндѳ» 2017-жылдын 2-ноябрындагы № 60 аныктамасын жокко чыгаруу жѳнүндѳ даттануусу канааттандыруусуз калтырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ушул токтому акыркы, даттанууга жатпайт жана кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы