Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 19-сентябры № 539
"Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана трлуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| Дж.К. Оторбаев |
Долбоор
1-берене.
"Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Жарчысы, 2004-ж., №11 (1153), 514-бер.) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Саясий, атайын мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, сарптоолору, милдеттенмелери жана мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралуу".
2.1-статьяда:
1-пунктунда:
-он алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;".
-төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи, он сегизинчи жана он тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
-"жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилери жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери;
-республикалык маанидеги шаардын кенешинин төрагасы, облустук маанидеги шаардын кеңешинин төрагасы;
-облустук маанидеги шаардын мэри, райондук маанидеги шаардын мэри";
-2-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
-"Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарынын реестрлеринде көрсөтүлгөн саясий жана атайын мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызматтарды ээлеп турган башка адамдарга да коддонулат.".
3. 2-статьяда:
-1-пунктундагы "өздөрү менен жакын туугандарынын мүлкү жана кирешелери жөнүндө декларация» деген сөздөр ", аларга жана алардын жакын туугандарына тиешелүү кирешелер, сарптоолор, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалыматтарды камтыган декларация (мындан ары - декларация)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
-2-пункттагы "Мүлкү жана кирешелери жөнүндө" деген сөздөр алып салынсын.
4. 4-статьяда:
-4-статьянын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:
-"4-статья. Кирешелер жана сарптоолор, аларды алган булактары жана сарптоолору".
-1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"1. Декларацияда ушул Мыйзамдын 3-статьясында айтылган маалыматтардан тышкары декларант жана анын жакын туугандары тарабынан отчеттук мезгилде алынган бардык кирешелер жана чыгымдар жөнүндө маалыматтар, ошондой эле алардын булактары көрсөтүлүүгө тийиш. Декларация тапшырган адамдын кирешелери деп улуттук жана чет өлкөлүк валютада төмөнкүдөй алынган мүлк жана суммалар эсептелет, алар:";
-төмөнкү мазмундагы 1 '-пункт менен толукталсын:
-"11 Декларанттардын жана алардын жакын туугандарынын сарптоолору болуп, эгерде алардын наркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүнөн 3000 эседен ашык болсо алардын ушул Мыйзамдын 3-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлккө менчик укугун же башка укукту алуу боюнча бүтүмдөрү, ошондой эле, ошол бүтүмдү жасоого жумшалган каражаттын булактары саналат.".
5. 5-статьянын 2-пунктундагы "кийинки эки жылдын ичинде" деген сөздөр "кийинки бир жылдын ичинде" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 6-статьянын 1-пунктунда:
"б) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
"б) декларациянын бланкын, кирешелердин, сарптоолордун, мүлктүн жана милдеттенмелердин классификаторун, ошондой эле декларацияны толтуруу жана тапшыруу боюнча нускаманы Интернетте Ведомстволук сайттын порталына жайгаштырат;";
-"г" пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
"г) декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтарды иликтейт; декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгын жана толуктугун талдоо үчүн маалыматты сактоочу боюнча ыйгарым укуктуу органдарга мамлекеттик кызматчынын, ошондой эле анын жакын туугандарынын кирешелери, сарптоолору, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө суроо жиберет; мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз аддынча башкаруу органдарынан, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардан жана жарандардан келип түшкөн, ушул Мыйзамдын колдонулушуна туура келген адамдардын кирешелерине, сарптоолоруна, мүлкүнө жана милдеттенмелерине тиешелүү маалыматтарды иликтейт, зарыл болгон учурда отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-майына чейин декларанттар менен биргелешип декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтарды тактайт;";
-"е" пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
-"е) иши улуттук коопсуздукту камсыздоого байланыштуу болгон мамлекеттик администрациялык кызматтарды ээлеп турган адамдардан белек саясий, атайын жана администрациялык мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, сарптоолору жана мүлкү жөнүндө жыйынтыктоочу маалыматтарды жарыялайт;";
-"ж" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
7. 7-статьяда:
-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
-"1. Мамлекеттик кызмат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Мыйзамдын 1-статьясында каралган адамдардын кирешелери, сарптоолору жана мүлкү жөнүндө жыйынтыктоочу маалыматтарды расмий бюллетенде жарыялайт, бул маалыматтарды Интернетте Ведомстволук сайттын порталына жайгаштырат.".
3-пункттагы "пунктунда" деген сөз "бөлүгүндө" деген сөзгө алмаштырылсын.
2-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти