Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 531 токтому менен бекитилген |
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу боюнча республикалык "Элита" асыл-тукум станциясы" мамлекеттик мекемеси (мындан ары - Мекеме) түздөн-түз башкаруу укугунда негизделген, уюштуруучулук-укуктук формада аракеттенген юридикалык жак болуп саналат.
2. Мекеме өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасы катышкан белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин (мындан ары - Министрлик) актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Мекеменин толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу боюнча республикалык "Элита" асыл-тукум станциясы" мамлекеттик мекемеси";
- расмий тилде: "Государственное учреждение "Республиканская племенная станция по искусственному осеменению сельскохозяйственных животных "Элита" Министерства сельского хозяйства и мелиорации Кыргызской Республики.
Мекеменин кыскартылган расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Элита" мекемеси;
- расмий тилде: "Учреждение "Элита".
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу боюнча республикалык асыл-тукум "Элита" ишканасынын укуктук мураскери болуп эсептелет;
5. Мекеме түздөн-түз Министрликке баш иет, негизги жана жүгүртүү каражаттарына, өз алдынча баланска, Кыргыз Республикасынын банк мекемелеринде жана Борбордук казыналыкта улуттук жана чет өлкөлүк валютадагы эсептерге ээ болот.
6. Мекеменин мамлекеттик жана расмий тилде аталышы жазылган мөөрү, штампы жана бекитилген үлгүдөгү бланктары, логотиби жана башка реквизиттери болот.
7. Мекеменин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Аламүдүн району, Байтик а/а, "Пехотка" участогу.
8. Мекеменин максаты - асыл-тукум жаныбарлардын генетикалык ресурстарын сактоо, генофонд чарбасын, уруктар банкын түзүү жана республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн жогорку өнүмдүү асыл-тукум уруктар менен камсыздоо болуп саналат.
9. Мекеменин негизги милдети - республиканын асыл тукум чарбаларын жогорку сапаттуу уруктар менен камсыздоо.
10. Мекеменин негизги функциялары төмөнкүлөр болуп саналат:
- жогорку өнүмдүү айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн тукумунун сапаты текшерилген уруктарын өндүрүү;
- жогорку өнүмдүү өндүрүүчүлөрдүн асыл-тукум материалын (уруктарын) сатуу;
- жаныбарларды жасалма уруктандыруунун, эмбриондорду жана зиготторду трансплантациялоонун жакшы методдорун жана технологияларын иштеп чыгуу жана киргизүү;
- республиканын техник-уруктандыруучуларын окутуу жана кайра даярдоо;
- конференцияларга, семинарларга, кароо-көргөзмөлөргө, конкурстарга жана өзүнүн иш-чөйрөсүндөгү башка иш-чараларга катышуу;
- жаныбарларды жасалма уруктандыруунун прогресстүү технологияларын изилдөө жана киргизүү;
- жогорку өнүмдүү жана жакшыртылган өндүрүүчүлөрдү сатып алуу;
- өндүрүүчүлөрдүн жогорку сапаттуу уруктарын экспорттоо жана импорттоо;
- асыл-тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу;
- айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу чөйрөсүндөгү маалымат базасын түзүү;
- асыл-тукум айыл чарба жаныбарларын багып-өстүрүү;
- асыл-тукум жаныбарларын багуу боюнча илимий-изилдөө иштерин аткаруу;
- кампа чарбалыгын жана тоют даярдоону уюштуруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка функцияларды ишке ашыруу.
11. Мекеме төмөнкүлөргө укуктуу:
- белгиленген тартипте менчик ээсинин макулдугу менен берилген мамлекеттик мүлккө ээ болууга жана пайдаланууга;
- чарбалык-финансылык иштен алынган кирешелерди, бул кирешелердин эсебинен сатып алынган мүлктү өз алдынча башкарууга;
- юридикалык жана жеке жактар менен белгиленген тартипте акчалай жана которуу жолу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;
- сот органдарында доочу жана жоопкер катары чыгууга;
- адистерди кызматтык иш сапарларга, анын ичинде эл аралык конференцияларга, семинарларга жана көргөзмөлөргө жөнөтүүгө;
- белгиленген тартипте республиканын региондорунда жана анын чегинен сыртта өкүлчүлүктөрүн жана филиалдарын ачууга;
- Мекеменин максаттарына жана милдеттерине ылайык юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
- асыл-тукум мал чарбачылыгы тармагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган иштерди белгиленген тартипте аткарууга.
12. Мекеме төмөнкүлөргө милдеттүү:
- кызматкерлердин коопсуз эмгек шарттарын камсыздоого жана алардын саламаттыгына, эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн жооп берүүгө;
- кызматкерлерин социалдык, медициналык жактан жана милдеттүү камсыздандыруу менен камсыздоого;
- белгиленген тартипте башка милдеттерди аткарууга.
13. Мекеменин ишин, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор башкарат.
14. Директордун компетенциясына төмөнкү маселелер кирет:
- Мекеменин ишине жалпы жетекчиликти ишке ашыруу;
- Мекеменин ишинин негизги багыттарын аныктоо;
- Мекеменин атынан ишеним катсыз аракеттенүү;
- республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында анын кызыкчылыктарын көздөө, келишимдерди түзүү, банктарда эсептешүү жана башка эсептерди ачуу;
- белгилүү бир аракеттерди жасоого Мекеменин атынан ишеним кат берүү;
- өз ыйгарым укуктарынын чегинде буйруктарды, тескемелерди чыгаруу, тапшырмаларды берүү, мекеменин бардык кызматкерлеринин аткаруусу үчүн милдеттүү болгон тапшырмаларды берүү жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштуруу;
- белгиленген тартипте өзгөчө айырмаланган кызматкерлерди мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга көрсөтүү;
- министрликтин чечимдерин даярдоону жана аткарууну уюштуруу, алардын аткарылышы тууралуу отчетторду берүү;
- Мекеменин кызматкерлерине карата дисциплинардык жаза-чараларын берүү жана сыйлоо чараларын көрүү;
- орун басарынын жана башкы бухгалтердин ыйгарым укуктарын белгилөө;
- Мекеменин милдеттерин жана функцияларын аткарууга зарыл болгон башка аракеттерди жасоо.
15. Директор Мекемеге жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн керт башы менен жооп берет.
16. Мекеменин негизги фонддору жана жүгүртүү каражаттары, ошондой эле ага түздөн-түз башкаруу укугунда бекитилип берилген башка материалдык байлыктар анын мүлкү болуп саналат.
17. Мекеменин негизги фонддорун, жүгүртүү каражаттарын жана пайдаланган мүлкүн алып коюуга менчик ээсинин чечими менен гана жол берилет.
18. Мекеменин кирешелерин түзүүчү булактар:
- юридикалык жана жеке жактар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде чарбалык иштен алынган кирешелер;
- асыл-тукум материалдарын (букалардын, кочкорлордун, айгырлардын уруктарын) сатуудан, суюк азотун таркатуудан түшкөн кирешелер;
- жогорку сапаттуу уруктарды жана өндүрүүчүлөрдү экспорттоодон жана импорттоодон түшкөн кирешелер;
- айыл чарба продукциясын өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу;
- асыл-тукум айыл чарба жаныбарларын багып-өстүрүү жана сатуу;
- банктардын насыялары;
- гранттык негизде же жеңилдетилген шарттарда инвесторлорду тартуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
19. Мекеме түздөн-түз башкаруу укугунда өзүнө таандык болгон кыймылсыз мүлктү сатууга, күрөөгө коюуга, чарбалык коомдордун жана шериктештердин уставдык капиталына салым катары берүүгө же болбосо менчик ээсинин макулдугусуз башкача ыкма менен пайдаланууга укуксуз.
20. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленбеген башка учурларда, Мекеме түздөн-түз башкаруу укугунда өзүнө таандык болгон башка мүлктү өз алдынча тейлөөгө укуктуу.
21. Мекеме Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өз ишинин натыйжаларынын тикелей чарбалык, бухгалтердик жана статистикалык эсебин алууну жүргүзөт.
22. Квартал сайын отчеттук мезгилдин кийинки айдын 25ине чейин Мекеме Министрликке бюджеттин аткарылышы жана финансы-чарбалык иштин натыйжалары жөнүндө отчет берет.
23. Мекеменин балансы жана отчету директор тарабынан бекитилип, тийиштүү мамлекеттик органдарга берилет.
24. Бухгалтердик отчеттун маалыматтарынын аныктыгы үчүн жооптуу болгон жана мамлекеттик менчикти уурдоолорду жабуу максатында отчетту бурмалоого жол берген адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылышат.
25. Мекемени өзгөртүп түзүү жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
26. Мекеменин иш процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.