Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ТОКТОМУ
2017-жылдын 16 - марты
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын «Жаран Жамалдин Оморовдун кайрылуусун өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө» 2017-жылдын 10-январындагы №01 аныктамасын жокко чыгаруу жѳнүндѳ Жамалдин Оморовдун даттануусун кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төмөнкү курамы: төрагалык кылуучу - судья Э.Т. Мамыров, судьялар К. Абдиев, Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, М.Ш. Касымалиев, К.М. Киргизбаев, Э.Ж. Осконбаев, Ч.О. Осмонова, Ж.И. Саалаевдин, соттук отурумдун катчысы М.Э. Төлөбалдиевдин катышуусунда «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 28-беренесинин 5-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын «Жаран Жамалдин Оморовдун кайрылуусун өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө» 2017-жылдын 10-январындагы № 01 аныктамасын жокко чыгаруу жөнүндө Жамалдин Оморовдун даттануусун соттук отурумда карап чыкты.
Жаран Жамалдин Оморовдун даттануусун жана ага тиркелген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т А П Т Ы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2016-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 378-беренесинин 2-бѳлүгүнүн «Тараптардын келбей калышы ишти карап чыгууга тоскоолдук кылбайт» деген ченемдик жобосу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 1-бөлүгүнө, 99-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө, 101-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп табуу жөнүндө Ж. Оморовдун өтүнүчү келип түшкөн.
Кайрылуучу өтүнүчүндө 2012-жылдын 11-апрелиндеги Ош областтык Кара-Кулжа райондук сотунун токтомуна жана 2012-жылдын 20-сентябрындагы Ош областтык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын өкүмүнө нааразычылыгын билдирип, көзөмөл иретинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна кайрылганын көрсөтөт.
Келтирилген көзөмөл арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы, коллегиянын соттук жыйналышын 2012-жылдын 20-декабрына дайындоо тууралуу 2012-жылдын 16-ноябрында токтом кабыл алгандыгын, аталган токтомдун 2-пунктуна ылайык, сот жыйналышы боло тургандыгы жөнүндө айыптоочу жана жактоочу тараптарга кабар берилсин деп көрсөтүлгөндүгүн, бирок арыздануучуга жана анын жактоочусуна эч кандай кабар келбегендигин, анын натыйжасында арыздануучу жана анын жактоочусу сот отурумуна катышпай калышканын билдирет. Ошондон улам, жогоруда аталган Ош областтык сотунун өкүмү жокко чыгарылып, Кара-Кулжа райондук сотунун токтому күчүндө калтырылганын, ал эми арыздануучунун көзөмөл арызы канааттандыруусуз калтырылганын белгилейт.
Мындан сырткары, арыздануучу, райондук жана областтык сотторунун актылары менен укугу бузулган жарандар, мыйзам чегинде өз укуктарын коргоо максатында көзөмөл иретинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна кайрылууга мажбур болушат деп көрсөтөт. Бирок көзөмөл арыздары боюнча сот отуруму кайсыл күнү боло тургандыгы тууралуу маалыматты алышпай, сот отурумуна катышпай калышып, ошонун кесепетинен Жогорку соттун судьялары Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 378-беренесинин 2-бѳлүгүн жетекчиликке алып, ишти бир тараптуу карап, мыйзамсыз актыларды кабыл алып жаткандыгын билдирет.
Ошондой эле кайрылуучу, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 125, 126 - беренелерин мисал катары белгилеп, анда чакыруу катты жана кабарды тараптарга жеткирүү тартиби так жана мазмуну түшүнүктүү көрсөтүлгөнүн, ал эми Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин конституциялуулугун талашып жаткан ченемдин жобосунда көзөмөл инстанциясындагы сотто ишти карай турган күн жана убактысы жөнүндө тараптарга маалыматты жеткирүү жана ошол маалыматты албагандыгы жөнүндө так жана мазмундуу тартиби көрсөтүлбөгөнүн белгилейт.
Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 378-беренесинин 2-бѳлүгүндѳгү «Тараптардын келбей калышы ишти карап чыгууга тоскоолдук кылбайт» деген ченемдик жобону Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 1-бөлүгүнө, 99-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө, 101-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таап берүүнү өтүнгѳн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясы «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» конституциялык Мыйзамдын 24-беренесин, 25-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 8, 9-пункттарын, 28-беренесинин 2-бѳлүгүн, 3-бѳлүгүнүн 1-пунктун жана 5-бѳлүгүн жетекчиликке алып, 2017-жылдын 10-январындагы № 01 аныктамасы менен тѳмѳнкүдѳй негиздер боюнча өтүнүчтү өндүрүшкө кабыл алуудан баш тарткан.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясы, кайрылууну ѳндүрүшкѳ кабыл алуу маселесин чечүүдѳ, кайрылуунун мазмуну жана таризи «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» конституциялык мыйзамдын талаптарына ылайык келүүсүн аныктайт. Аталган конституциялык мыйзамдын 25-беренеси кайрылууга коюлуучу жалпы талаптарды бекитет жана бул берененин 8, 9-пункттарына ылайык кайрылууда конкреттүү, конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн кайрылууну кароо негиздери, кайрылуучунун коюлган маселе боюнча кѳз карашы жана аны Конституциянын ченемдерине шилтеме менен укуктук негиздемеси кѳрсѳтүлүүгѳ тийиш. Мындай талаптар ѳз учурунда, конституциялуулугу талашылып жаткан ченемдин жобосу тууралуу кайрылуучунун шектери объективдүү негиздемелер менен чыңдалышы жана так айкындалышы керек экендигин билдирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 25-сентябрындагы токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясында камтылган абстракттуу конституциялык кѳзѳмѳл конкреттүү окуядан тышкары ченемдик укуктук актынын же анын ченеминин конституциялуулугун текшерүү, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын экинчи бѳлүмүндѳ кѳрсѳтүлгѳн адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин талаш туудурган ченем козгогон учурда гана мүмкүн экендигин белгилейт.
Ал эми жаран Ж.Оморов конституциялуулугу талашылып жаткан Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 378-беренесинин 2-бѳлүгүнүн жобосу Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен белгиленген адамдын жана жарандын кайсыл укуктарын жана эркиндиктерин кантип бузуп жаткандыгын конкреттүү түрдѳ кѳрсѳткѳн эмес.
Мындан тышкары, судьялар коллегиясы кайрылууда кѳрсѳтүлгѳн жүйѳѳлѳрдү изилдеп чыгып, талашып жаткан ченемдин Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн жок экендигин белгилейт. Ал эми, жогоруда аталган конституциялык Мыйзамдын 24-беренесине ылайык, күмөндүүлүктүн пайда болуусу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында каралуучу иштин негизи болуп саналат.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде судьялар коллегиясы кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктаманы кабыл алган.
Ж.Оморов Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 10-январындагы №01 аныктамасы менен макул болбостон Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2017-жылдын 14-февралында даттануу менен кайрылган.
Даттанууда арыздануучу Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 378-беренесинин 2-бѳлүгүнүн «Тараптардын келбей калышы, ишти карап чыгууга тоскоолдук кылбайт» деген укуктук жобосун судьялар жетекчиликке алып, тараптардын бирѳѳсүн соттук процесске катыштырбаганы сот адилеттигин ишке ашырууда адамдын жана жарандын сырттан жүргүзүлгѳн эмес, ачык соттук териштирүүгѳ, соттук процесске катышууга жана сот ѳндүрүшүндѳ атаандаштык жана тең укуктук шарттарына ээ деген Кыргыз Республикасынын Конституциясында кѳрсѳтүлгѳн укуктардын бузулушуна алып келет жана бул укуктардын бузулушунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 1-бѳлүгүндѳ каралган ар бирѳѳнүн пайдубалдык укугу катары бекитилген соттук коргонуу укугу чектелет деп белгилейт. Ушул себептен, Ж. Оморов ѳзүнүн ѳтүнүчүндѳ Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген адамдын жана жарандын кайсыл укуктары жана эркиндиктери кантип бузулуп жатканы конкреттүү түрдѳ кѳрсѳтүлгѳн деп, жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясы ѳтүнүчтү ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартууда анын маани-маңызына терең баа бербей чыгарган тыянагы негизсиз деп эсептейт.
Мындан тышкары, Ж.Оморов судьялар коллегиясынын анын ѳтүнүчүндѳ талаш болуп жаткан укуктук ченемдин Конституцияга ылайык келүүсү жѳнүндѳгү маселеде күмѳндүүлүктүн жоктугу тууралуу тыянагы менен макул болбой, анын ѳтүнүчүндѳ кѳрсѳтүлүп жазылгандарга караганда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары ишти кароодо аны жана анын адвокатын катыштырбай, алардын конституциялык укугун бузуп ишти караганы, сот акыйкаттыгынын принциптерин, адамдын жана жарандын укуктарын сактабастан, сот адилеттигин ишке ашырууга жол берген Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 378-беренесинин 2-бѳлүгүнүн жоболорунда күмѳндүүлүктүн бар экендигин белгилейт.
Баяндалгандын негизинде, Ж.Оморов Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 10-январындагы № 01 аныктамасын жокко чыгарууну жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 378-беренесинин 2-бѳлүгүнүн «Тараптардын келбей калышы ишти карап чыгууга тоскоолдук кылбайт» деген ченемдик жобону Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 1-бөлүгүнө, 99-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө, 101-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таап берүүнү өтүнѳт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы арыздануучунун жүйѳѳлѳрүн жана судьялар коллегиясынын ѳтүнүчтү ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуунун негиздерин талкуулап, тѳмѳнкүдөй тыянакка келди.
Сот өндүрүшүнүн тараптардын атаандаштыгынын жана тең укуктуулугунун негизинде жүзөгө ашырылышын кепилдеген конституциялык принциптерди жана иштин жагдайын ар тараптан, толук жана объективдүү изилдөө тууралуу жазык процессинин принциптерин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик мыйзамы соттук териштирүүдѳ тараптардын катышуу тартибин бекиткен.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин талаптарына ылайык сотто ишти териштирүү тараптардын катышуусу менен жүргүзүлөт. Ошол эле учурда аталган мыйзамдын талашылып жаткан ченемдик жобосу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна ишти тараптардын катышуусуз кароого мүмкүндүк берет. Ушул себептен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылуучу Ж.Оморов коюп жаткан маселеде ченемдик жобонун Конституцияга ылайык келеринде күмөн бар экендигин белгилейт.
Кайрылуучу Ж.Оморовдун өтүнүчү “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 24, 25, 28- беренелеринин талаптарына жооп бергенине байланыштуу, Ж.Оморовдун өтүнүчү конституциялык сот өндүрүшүнө кабыл алынууга жатат.
Жогоруда кѳрсѳтүлгѳндѳрдүн негизинде, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» конституциялык Мыйзамдын 24, 28-беренесинин 5-бѳлүгүн, 51-беренесинин 1-бѳлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Жаран Жамалдин Оморовдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын «Жаран Жамалдин Оморовдун кайрылуусун өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө» 2017-жылдын 10-январындагы №01 аныктамасына келтирилген даттануусу канаттандырылсын, анын өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын токтому акыркы, даттанууга жатпайт жана кол коюлгандан тартып күчүнө кирет.