Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-октябрындагы № 589 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-сентябры № 551
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Туратали базары" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Туратали базары" Мамлекеттик ишканасынын тиркелген уставы бекитилсин.
2. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |