Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-сентябры № 553
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 360 "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын Уставын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 360 "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын Уставынын 14-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"14. Ишкананы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун (мындан ары - Фонд) сунушу боюнча Министрлик сунуштаган адамдардын ичинен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу башкы директор жетектейт.
Башкы директор кызматка эки жылдык мөөнөткө дайындалат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган тартипте укуктарга жана милдеттерге ээ жана жоопкерчилик тартат, ушул Уставдын жана Министрлик менен түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде иштейт.
Башкы директордун орун басары Министрликтин сунушу боюнча Фонд тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |