Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 1-октябры № 563
Курман айт күнү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 4-октябры Кыргыз Республикасынын аймагында Курман айтты майрамдоо күнү деп жарыялансын.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык эки дем алыш күнү бар беш күндүк иш жумасы графиги боюнча иштеген уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2014-жылдын 6-октябры дем алыш күн болуп эсептелсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |