Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-сентябры № 555
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик контролдоо системасын өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 543 токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:
- токтом төмөнкү мазмундагы 21 пункт менен толукталсын:
«21. Евразиялык экономикалык шериктештиктин алкагында үчүнчү өлкөлөр менен соодада Бажы союзуна катышкан мамлекеттердин алып келисүүнө же чыгуусуна тыюу салуу же чектөө колдонулган товарлардын Бирдиктүү тизмесинин 2.12. бөлүмүнө киргизилген баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду Кыргыз Республикасынын аймагына Бажы союзуна кирбеген өлкөлөрдөн алып келүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан бул өлкөлөргө алып чыгуу 2009-жылдын 9-июнундагы товарлар менен тышкы соода кылуу чөйрөсүндөгү лицензиялоо эрежелери жөнүндө макулдашуу менен жөнгө салынат.».
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 22-июнундагы № 466 «Кыргыз Республикасында баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды, прекурсорлорду жүгүртүүгө мамлекеттик контролду ишке ашыруунун эрежесин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды, прекурсорлорду жүгүртүүгө мамлекеттик контролду ишке ашыруунун эрежесинде:
24 пунктта:
«ишкердик субъекттери» деген сөздөн кийин «- юридикалык жактар» деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Жеке жактар баңги кылуучу каражаттардын, акыл-эске таасир берүүүчү заттардын жана алардын прекурсорлорунун чектелген санын мындай каражаттардын жана заттардын аталышы жана саны көрсөтүлүүгө тийиш болгон тастыктоочу медициналык документтери болгон учурда медициналык көрсөтмөсү боюнча дары-дармек түрүндө жеке пайдалануу, ошондой эле прекурсорлорду жеке пайдалануу үчүн (коммерциялык максатта эмес) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде аныкталган көлөмдө Бажы союзунун аймагы боюнча ташууну жүзөгө ашырат.».
28-пункттагы «же болбосо башка ишкер субъектиге» деген сөздөр алып салынсын;
37-пункттун экинчи абзацындагы «, ишкерлик субъектисинин» деген сөздөр алып салынсын.
3. Кыргыз Рсепубликасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды котролдоо боюнча мамлекеттик кызматы өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бул токтом 2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык союз жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө келишими күчүнө кирген учурдан тартып жарыяланууга тийиш.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-мартындагы № 152 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ