Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ТОКТОМУ
2015-жылдын 16-ноябры
Жогорку Кенештин ѳкүлү М. И. Арзиевдин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 29-майындагы № 06-пп аныктамасына даттануусун канааттандыруусуз калтыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: тѳрагалык кылуучу - судья М. Ш. Касымалиев, судьялар К. Абдиев, Ч. А. Айдарбекова, М. Р. Бобукеева, К. М. Киргизбаев, Э. Т. Мамыров, А. О. Нарынбекова, Ч. О. Осмонова, Ж. И. Саалаевдын курамында, соттук отурумдун катчысы С. А. Джолгокпаеванын катышуусунда, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесенин 5-бѳлүгүн жетекчиликке алып, соттук отурумда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ѳкүлү М. И. Арзиевдин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 16-майындагы № 06-пп «Жарандар А. М. Осмоналиева, Б. К. Осмонбаев, Г. А. Суталинованын кайрылуусун өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө» аныктамасына даттануусун карап чыкты.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ѳкүлү М. И. Арзиевдин даттануусунда келтирилген жүйѳлѳрдү жана жарандар А. М. Осмоналиева, Б. К. Осмонбаев, Г. А. Суталинованын ѳтүнүчү боюнча иштин материалдарын изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2015-жылдын 17-апрелинде жарандар А. М. Осмоналиева, Б. К. Осмонбаев, Г. А. Суталинованын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 11-бѳлүгүн жеке акча каражаттарынын эсебинен жарандар менен бардык талапкерлерге каршы багытталган шайлоо алдында үгүт жүргүзүүгѳ тыюуну божомолдогон бѳлүгүндѳ конституциялуу эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 31-беренесинин 1, 2, 3-бѳлүктѳрүнѳ, 33-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ карама каршы келет деп таануу жѳнүндѳ ѳтүнүчү келип түшкѳн.
Талашылып жаткан ченем шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде Кыргыз Республикасынын жарандары, саясий партиялар каржылоону талап кылган шайлоо алдындагы үгүт иштерин талапкерлер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар менен макулдашуу боюнча гана жана алардын шайлоо фонддору аркылуу жүргүзүүгө укуктуу деп бекитет.
Арыздануучулар ѳзүлѳрүнүн жүйѳлѳрүнѳ негиз катары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 31-беренесинин 1, 2, 3-бѳлүктѳрүнѳ, 33-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ шилтеме кылышат, аларга ылайык ар ким эркин ой жүгүртүүгө жана өзүнчө пикирге ээ болууга, өз пикирин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине укуктуу, эч ким өз пикирин билдирүүгө же андан баш тартууга мажбурланууга тийиш эмес жана ар ким маалыматты эркин издөө, алуу, сактоо, пайдалануу жана аны оозеки, жазуу жүзүндө же башка ыкма менен жайылтуу укугуна ээ.
Арыздануучулардын ою боюнча талашылып жаткан ченем жеке акча каражаттарынын эсебинен жарандар менен шайлоо бюлленине киргизилген бардык талапкерлерге каршы багытталган шайлоо алдында үгүт жүргүзүүгѳ тыюуну божомолдойт жана ошону менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жогоруда аталган ченемдерине карама-каршы келет.
Андан тышкары Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жѳнүндѳ кодексинин (мындан ары – АЖЖК) 52-беренесине ылайык Шайлоочу, байкоочу, талапкер жана анын өкүлдөрү тарабынан шайлоо жөнүндө мыйзамдарда каралган шайлоо алдында үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу - эсептешүү көрсөткүчүнүн он бештен жыйырмага чейин администрациялык айып салууга алып келет. Аталган берененин маңызынан эгер Кыргыз Республикасынын жараны жеке акча каражаттарына чыгарылган «бардыгына каршы» шайлоого чакырыктарын камтыган үгүттѳѳчү материалдарды таратса, анда ал АЖЖКнын аталган ченемине ылайык административдик жоопкерчиликке тартылышы керек деп келип чыгат. Ѳзүнүн саясий кѳз карашын ачык кѳрсѳтүүгѳ тыюу салуу жана ал үчүн административдик жоопкерчиликке тартууга жол берилбейт жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына гана эмес, жалпы таанылган эл аралык ченемдерге да карама-каршы келет.
Арыздануучулардын ою боюнча ченемдик жѳнгѳ салуу бир жагынан эркин шайлоо укугу менен экинчи жагынан өз пикирин билдирүүгө, сөз эркиндигинин ортосунда мүмкүн боло турган коллизияларды чечүүгѳ багытталган, мыйзам чыгаруучу жарандардын шайлоочу катары конституциялык укуктарын камсыз кылуу зарылчылыгы менен байланган. Кыргыз Республикасынын жарандары активдүү шайлоо укугунун алып жүрүүчүлѳрү болуп туруп жана ошол эле убакытта маалыматты эркин издөө, алуу, берүү, ѳндүрүү жана аны мыйзамдуу ыкмалар менен жайылтуу укугунун субъекти катары чыгуу менен шайлоону маалыматтык камсыздоо объекти катары гана каралышы мүмкүн эмес. Шайлоо процессинде алар ѳзүнүн шайлоо алдындагы позицияларын активдүү жактоого багытталган иш-аракеттерди жүргүзүүгѳ жана ага жараша башка шайлоочуларды конкреттүү талапкерлерге макул же каршы деп добуш берүүгѳ же болбосо шайлоого катышып жаткан бардык талапкерлерге терс мамилесин билдирүүгѳ үндѳѳгѳ укуктуу. Жарандардан шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн алып салуу же аны ишке ашыруунун мыйзамдык кепилдеринин жоктугу шайлоо процессинин жүрүшүнѳ иш жүзүндѳ таасир этүү укугунан баш тартууну билдирмек, ал эми шайлоо процессинин ѳзү добуш берүү факты менен гана бүтмѳк.
Ошондой эле, арыздануучулар шайлоочулардын коомдук бийликтин шайлануучу органынын жеке курамын түзүүгѳ багытталган кызыкчылыктарын ишке ашыра турган шайлоо алдындагы үгүт укугунун ченемдик мазмуну шайлоо процессинин катышуучуларынын, анын ичинде шайлоочулардын шайлоодо белгилүү бирѳѳгѳ добуш берүүгѳ түрткү берүү максатын камтыган үгүт иштерин ишке ашыруу укугун камтыйт. Ошондуктан, эгер мыйзам чыгаруучу ѳзүнүн дискрециялык ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартибинде шайлоодо шайлоо бюллетенинин «бардыгына каршы» деген графасын толтуруу аркылуу добуш берүү мүмкүнчүлүгүн тааныса, ал ошого ылайык шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнү мыйзам менен жѳнгѳ салууга милдеттүү.
Эгер шайлоо бюллетенинде «бардыгына каршы» деген графа бар болсо, мыйзам чыгаруучунун Кыргыз Республикасынын жарандарынын бардык талапкерлерге каршы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү укугун жокко чыгаруучу ченемдик актыларды кабыл алууга укугу жок. Аны менен киргизилип жаткан бул укукту ишке ашыруунун тартиби формалдуу аныктыктын талаптарына жооп бериши керек жана жаранга аны менен ѳзүнүн жүрүм турумун катышытыруу, анын тигил же бул иш аракети алып келе турган натыйжаны белгилүү даражада алдын ала кѳрүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылышы керек. Мыйзам чыгаруучу жарандардын шайлоо алдындагы бардык талапкерлерге каршы үгүттү өткөрүү укугун таануу менен биринчиден каржылоо үчүн шайлоо фондунун каражаттарынан башка каражаттарды колдонуу мүмкүнчүлүгүнө тиешелүү болгон бул укуктун атайын ченемдик камсыз кылуусун караштырган эмес, мунун жыйынтыгында шайлоо процессинде мыйзамдуу катышуу тартибине караштуу жарандарды жол берилбөөчү белгисиздик абалына койду.
Ушуларга байланыштуу арыздануучулар «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 11-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 31-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрү, 33-беренесинин 1-бөлүгү менен карама-каршылыкта деп эсептешет жана аны конституциялуу эмес деп таанууну суранышат.
Судьялар коллегиясы, жарандар А. М. Осмоналиева, Б. К. Осмонбаев, Г. А. Суталинованын кайрылуусу боюнча иштин материалдарын изилдеп чыгып, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесенин 2-бѳлүгүнүн негизинде өтүнүчүтүн текшерүүсүн жүргүзгөн судья А. О. Нарынбекованын маалыматын угуп, тѳмѳнкү жыйынтыктарга келди.
Арыздануучулар менен келтирилген өтүнүч таризи жана мазмуну боюнча «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24, 25-беренелеринин талаптарына жооп берет. Келтирилген материалдардан жана өтүнүчтөн «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 11-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүү маселесинде күмөндүүлүк байкалууда, бул ишти Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында конституциялык сот өндүрүш алкагында кароого негиз болуп эсептелет.
Ушуга байланыштуу, судьялар коллегиясы бул кайрылууну конституциялык өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө аныктама кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 29-майындагы № 06-пп аныктамасы менен макул болбостон Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин өкүлү М. И. Арзиев «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына даттануу менен кайрылган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин өкүлү өзүнүн даттануусунда талашылып жаткан ченем саясий партиялардын шайлоо фонддору аркылуу шайлоонун алдындагы үгүттү каржылоо маселелерин жөнгө салат деп көрсөтөт. Бул ченем эгер үгүттүн мындай формасы саясий партиянын шайлоо фондунун акча каражаттарынын эсебинен каржылоону талап кылса, талапкерлердин, талапкерлердин тизмесин сунуштаган саясий партиялардын макулдугу менен жарандарга шайлоо алдындагы үгүт процессине кошулуу мүмкүнчүлүгүн берет. Жарандар менен өзүнүн жеке акча каражаттарынын эсебинен баардыгына каршы үгүт жүргүзүүсү шайлоо процессине кийлигишүү деп саналат жана бузууга же токтотууга, шайлоо мөөнөтүн жылдырууга, ар кандай терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Кыргыз Республикасынын жарандарына, талапкерлерге, саясий партияларга белгиленген конституциялык Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шайлоодо үгүттү эркин өткөрүү мамлекет менен камсыз кылынат.
Талашылып жаткан ченем жарандар менен жеке өзүнүн каражаттарына шайлоо бюллетенине киргизилген бардык талапкерлерге каршы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү маселесин жөнгө салбайт, ошону менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 31, 33-беренелерине таптакыр карама-каршы келиши мүмкүн эмес жана жарандардын укугун чектебейт.
Ушулардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин өкүлү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 29-майындагы № 06-пп аныктамасын жокко чыгарууну жана ишти маӊызы боюнча кароодон баш тартууну суранат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин өкүлүнүн жүйѳлѳрүн жана судьялар коллегиясынын кайрылууну ѳндүрүшкѳ кабыл алуунун негиздерин талкуулап, тѳмѳнкү жыйынтыктарга келди.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин өкүлүнүн даттанууда келтирилген жүйөлөрү негизсиз жана канааттандырууга жатпайт деп эсептейт.
Жогорулардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 28-беренесинин 5-бѳлүгүн, 47, 48-беренелерин, 51-беренесинин 1-бѳлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин өкүлү М. И. Арзиевдин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 29-майындагы № 06-пп аныктамасын жокко чыгаруу жѳнүндѳ даттануусу канаттандыруусуз калтырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын токтому акыркы, даттанууга жатпайт жана кол коюлган учурдан тартып күчүнѳ кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы