КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-сентябры № 557
Менчиктештирилүүчү турак жайдын наркын аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 61-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Менчиктештирилүүчү турак жайдын наркын аныктоо тартиби бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |