Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2014-жылдын 30-сентябры № 560
Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июнундагы № 303 токтомунун редакциясына ылайык)
Соода ишин өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасында ички соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын айрым түрлөрүнө соода жүргүзүүнүн эрежелери 1-тиркемеге ылайык;
- (Абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июнундагы № 303 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды калктан сатып алуу пункттарынын ишинин эрежелери 3-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишиндеги атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү жөнүндө жобо 4-тиркемеге ылайык.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июнундагы № 303 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартындагы № 118 "Кыргыз Республикасынын аймагында соода жүргүзүү эрежелеринин жыйнагын бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-июндагы № 312 "Жеке жана юридикалык жактар соода аянттарын пайдалангандыгы үчүн базар администрациясынын акы төлөнүүчү кызматтарды (жумуштарды) көрсөтүүсүнүн тарифтерин түзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июлундагы № 392 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартындагы № 118 "Кыргыз Республикасынын аймагында соода жүргүзүү эрежелеринин жыйнагын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-августундагы № 439 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы 769 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июлундагы № 510 "Базарларда ишкердик иш жүргүзгөн жарандардан камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартындагы № 118 "Кыргыз Республикасынын аймагында соода жүргүзүү эрежелеринин жыйнагын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 633 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-январындагы № 50 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий газетасынын 2014-жылдын 14-октябрында № 79 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| Дж.Оторбаев |