Сравнение редакций…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 токтомунун 3-тиркемеси |
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-мартындагы № 135 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Баалуу металлдарды жана асыл таштар менен болгон операцияларды жүргүзгөн сатып алуу пункттары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ыйгарым укуктуу органында белгиленген тартипте катталат.
Сатып алуу пункттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык текшерүү жүргүзүүгө керектүү болгон маалыматтарды, кабарларды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментине (мындан ары - Департамент) тапшырышат.
2. Баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдарды жана алардан сыныктарды сатып алуу баасы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында келишимдик негизде белгиленет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-мартындагы № 135 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Сатып алуу пунктунун көрүнүктүү жеринде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ыйгарым укуктуу органында баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды ишке ашыруучу юридикалык же жеке жактардын белгиленген тартипте каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлөндүрүүчү документ илинүүгө тийиш.
4. Сатып алуу пункттарынын кызматкерлери өзүнүн ишинде "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Салык кодексин, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын жана ушул Эрежелерди жетекчиликке алышат.
2. Калктан сатып алынуучу баалуулуктар жана алардын салмагын таразалоонун тартиби
5. Сатып алуу пункттары калктан төмөнкүлөрдү сатып алат:
асыл таштарды (алмаздар, изумруддар, сапфирлер, рубиндер);
жартылай жана жылмаланган кооз таштар (аметисттер, топаздар, хризопраздар, аквамариндер, агаттар, сердолик, малазит, нефрит) жана алардан жасалган буюмдар;
синтетикалык таштар жана алардан жасалган буюмдар;
кымбат баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган зергердик (тиричилик) буюмдар, зергердик (тиричилик) буюмдарынын сыныктары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сынам эн белгисинин изине ээ болгон баалуу металлдардан жасалган сааттын корпустары;
курамында баалуу металлдар бар монеталар;
баалуу металлдардан жасалган тиш протездер, мурда колдонулган, тазаланган түрүндө.
6. Сатып алуу пунктунда салмак өлчөөчү приборлорду жумушчу орунда баалуулуктарды сатуучуга баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдарды өткөрүүдө таразанын тууралыгына ишенүү мүмкүнчүлүгүнө ээ боло тургандай кылып орнотуулары зарыл.
7. Баалуу буюмдарды таразага тартуу төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
- алтын, платина, палладий жана алардан жасалган буюмдар - 0,01 г чейин;
- күмүш жана күмүштөн жасалган буюмдар - 0,1 г чейин;
- алкагы жок баалуу таштар - 0,01 каратка чейин;
- жартылай баалуу жана синтетикалык таштар - 0,01 г чейин;
- жылмаланган таштар - 0,01 г чейин.
8. Сатып алуу учурунда буюмдан чыгарууга мүмкүн болбогон же буюмдан чыгаруу максатка ылайыктуу эмес асыл таштар карат ченегич аркылуу так 0,1 г каратка чейин аныкталат.
3. Баалуулуктарды сатып алуу тартиби
9. Баалуулуктарды сатуу учурунда жарандар сатуу пунктуна паспортун же аны алмаштыруучу документин көрсөтүүгө милдеттүү.
10. Баалуулуктарды сатып алууга байланыштуу бардык операциялар баалуулуктарды сатуучунун катышуусунда жүргүзүлөт (сынамын аныктоо, тартуу, шрифттерди алуу).
Товаровед-сатып алуучу калктан сатылып алынуучу баалуулуктарды баалоону баалуу металл буюмдарды жана алардын сыныктарын, баалуу жана жарым-жартылай баалуу таштарды келишим баанын негизинде жүргүзөт.
11. Товаровед-сатып алуучу сатып алуучунун макулдугу менен баалуулуктарды баалоону белгиленген үлгүдө 2 нускада (1-форма) квитанцияны жазып берет, ага товаровед-сатып алуучу жана баалуулуктарды сатуучу тарабынан кол коюлат.
12. Эн белгиси бар сатылып алынган баалуулуктардын квитанциясында төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:
буюмдун аталышы, эн белгинин мазмуну;
асыл таштардын аталышы, саны. салмагы, караттын сатып алуу баасы, сумма;
баалуу металлдарга арзандатуу өлчөмүн көрсөтүү менен буюмдун жалпы салмагы, баалуулуктарды сатуучуга тийиштүү төлөө суммасы.
Татаал реставрациядагы алтын, платина жана күмүш буюмдар жана сынык буюмдун аталышы же алардын санын көрсөтүү менен буюмду бөлүк боюнча, металл түрү жана анын сынамы. граммы үчүн сатылып алынуучу баасы жана суммасы жазылат.
Күмүштөн жасалган буюмдар, анын ичинде бычактар, айрылар ж.б. күмүш саптуулардын сынамы, саны, бир даанасы үчүн сатып алуу баасы аталышы боюнча жазылат.
Көлөмү чоң бриллианттар (1 карат жана андан чоңдор), орточолору (0,50 тартып 0,99 каратка чейин) ар бир таш боюнча анын аталышы, сатып алуу баасы, салмагы өзүнчө жазылат.
Роза түрүндөгү алкактуу алмаздар, 0,49 каратка чейинки майда бриллианттар жана жөнөкөй алкактуу бриллианттар алардын санын, салмагын, карат үчүн сатып алуу баасын жана наркынын жалпы суммасын көрсөтүү менен сатып алуу баасынын аталышы боюнча жазылат.
Изумруддар, сапфирлер жана рубиндер:
- 1 каратка чейинки салмактагылар сатып алуу баасын, санын, салмагын, карат үчүн сатып алуу баасын жана суммасын көрсөтүү менен аталыштары боюнча жазылат;
- салмагы 1 каратка чейинкилер жана андан жогоркулар аталышы, салмагы, карат үчүн сатып алуу баасын жана суммасын көрсөтүү менен ар бир таш боюнча жазылат.
Бермет:
- ориенталь жана дарыя бермети - көрүнүшү, бүрдүк сандары, салмагы боюнча карат үчүн сатып алуу баасын жана суммасын көрсөтүү менен жазылат;
- табигый кафим жана жасалма берметтин сырткы түрүнүн көрүнүшү, салмагы, грамм үчүн сатып алуу баасын жана суммасы боюнча жазылат.
Жартылай баалуу жана жылмаланган таштар салмагын, грамм үчүн сатып алуу баасын жана суммасын көрсөтүү менен аталыштары боюнча жазылат.
Раковинадан колго жасалган таштар, баалуу металлдардан жасалган алкактуу жартылай баалуу жана жылмаланган таштар баалуу металлдардын граммы үчүн салмагын көрсөтүү менен аталыштары боюнча жазылат.
Раковинадан колго жасалган таштар, баалуу металлдардан жасалган алкаксыз жартылай баалуу жана жылмаланган таштар баалуу металлдардын граммы үчүн салмагын көрсөтүү менен аталыштары боюнча жазылат.
13. Товаровед-сатып алуучу тапшырылган баалуулуктар үчүн тийиштүү сумманы төлөгөндөн кийин квитанциянын экинчи нускасын төлөндү деген штампы менен сатуучуга берет.
Сатылып алынган баалуулуктар сатып алуу пункту алардын баасын төлөгөндөн кийин сатып алуучу тарабынан кайра кайтарылбайт.
Товаровед-сатып алуучу квитанцияга ылайык (1-форма) сатылып алынган баалуулуктарды журналга (2-форма) жазат.
14. Сатылып алынган баалуулуктарды сейфтен тышкары же квитанцияны тариздебестен сактоого тыюу салынат.
15. Сатып алуу пунктунун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул Эрежелерди бузгандык үчүн жоопкерчилик тартышат.
16. Сатып алуу пункттарынын ишии контролдоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан компетенциянын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
1-форма
Сатып алуу пункту _____________
Дареги _______________________
Сатылып алынган баалуулуктун КВИТАНЦИЯСЫ
20__ж. "__" ______________
Жарандан сатылып алынды _______________________________________
(аты-жөнү)
Дареги __________ Паспорттун сериясы _____________ № _____________
берилген ________________________________________________ 20___-ж.
Баалуу буюмдун аталышы жана сүрөттөлүшү | Сынамы | Саны (даана) | Жалпы салмагы (грамм) | Граммдагы же караттагы салмагы | Келишим баасы | Төлөнүп берилген сумма |
|
|
|
|
|
|
|
Сатып алуу наркы ________________________________________________
Баалоону жүргүздү _______________________________________________
Квитанцияда көрсөтүлгөн баалуу буюмду кабыл алды _________________
Баалоо менен макулмун ___________ жана __________ суммадагы акчаны
________________________________________________________________
(жазуу түрүндө)
Алдым __________________________________________________________
(колу)
Акчасы төлөндү __________________________________________________
(колу)
2-форма
Баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган баалуулуктарды жана алардын сыныктарын сатып алууну эсепке алуу ЖУРНАЛЫ
№ | Кабыл алуу датасы | Өткөрүүчүнүн аты-жөнү | Паспорттук маалымат | Буюмдун аталышы | Салмагы гр | Сынамы | Сумма | Кабыл алуудагы колу | |
Буюм | Сынык | ||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
Сатылган күнү | Кимге берилген (аты-жөнү) цехке же сатып өткөрүүгө | Саны (даана) | Сынамы | Грамм үчүн баасы | Суммасы | Кабыл алуудагы колу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Калдыгы ______________________________________
Түшүү ________________________________________
Чыгым ________________________________________
Калдыгы ______________________________________
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 токтомунун 3-тиркемеси |
"Баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды калктан сатып алуу пункттарынын ишинин ЭРЕЖЕЛЕРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 58 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзгөн сатып алуу пункту белгиленген тартипте баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды өндүрүү, пайдалануу, жүгүртүү, эсепке алуу жана сактоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүлгөн баалуулуктар менен операцияларды аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодон өтөт.
2. Баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдарды жана алардан сыныктарды сатып алуу баалары Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында келишимдик негизде белгиленет.
3. Сатып алуу пункттарынын кызматкерлери өз ишинде "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Салык кодексин, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын жана ушул Баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды калктан сатып алуу пункттарынын ишинин эрежелерин (мындан ары - Эрежелер) жетекчиликке алат.
2-глава. Калктан сатып алынуучу баалуулуктар жана аларды таразага тартуу тартиби
4. Сатып алуу пункттары калктан төмөнкүлөрдү сатып алат:
1) асыл таштарды (алмаздар, изумруддар, рубиндер, сапфирлер);
2) жарым-жартылай асыл жана кырдалган жасалга таштары (аметисттер, топаздар, хризопраздар, аквамариндер, агаттар, сердолик, малазит, нефрит) жана алардан жасалган буюмдар;
3) синтетикалык таштар жана алардан жасалган буюмдар;
4) баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган зер (тиричилик) буюмдар, зер (тиричилик) буюмдардын сыныктары, баалуу металлдардан жасалган сааттардын корпустары;
5) баалуу металлдар камтылган монеталар;
6) баалуу металлдардан жасалган тиш протездери, мурда колдонулган, тазаланган түрдө.
5. Сатып алуу пунктунда салмак өлчөөчү приборлор жумуш ордунда баалуулуктарды сатуучу берип жаткан баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдардын салмагынын тууралыгына ишенүү мүмкүнчүлүгүнө ээ боло тургандай кылып орнотулат.
6. Баалуулуктарды таразага тартуу төмөнкүдөй тактыкта жүргүзүлөт:
1) алтын, платина, палладий жана алардан жасалган буюмдар - 0,01 г чейин;
2) күмүш жана күмүштөн жасалган буюмдар - 0,1 г чейин;
3) алкагы жок асыл таштар - 0,01 каратка чейин;
4) жарым-жартылай асыл жана синтетикалык таштар - 0,01 г чейин;
5) жасалга таштары - 0,01 г чейин.
3-глава. Баалуулуктарды сатып алуу тартиби
7. Баалуулуктарды сатууда жарандар сатып алуу пунктуна паспортун же аны алмаштыруучу документин көрсөтүүгө милдеттүү.
8. Баалуулуктарды сатып алуу менен байланышкан бардык операциялар (пробасын аныктоо, таразага тартуу) баалуулуктарды сатуучунун катышуусунда жүргүзүлөт.
Сатып алуучу калктан сатылып алынуучу баалуулуктарды баалоону баалуу металл буюмдарына жана сыныктарына, асыл жана жарым-жартылай асыл таштарга келишимдик баалардын негизинде жүргүзөт.
9. Баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган баалуулуктарды сатып алууну эсепке алуу журналында (ушул Эрежелердин тиркемеси) төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- аталышы (сөйкө, шакек, топтом, чынжыр жана башкалар же алардын сыныктары), салмагы, пробасы, суммасы;
- асыл таштардын аталышы, саны, салмагы, бир карат үчүн сатып алуу баасы, суммасы.
Татаал реставрациядагы жана сыныктардагы алтын, платина жана күмүш буюмдар алардын санын, металлдын түрүн жана анын пробасын, бир граммы үчүн сатып алуу баасын жана суммасын көрсөтүү менен буюмдун аталышы боюнча же буюмдун бөлүктөрү боюнча жазылат.
Күмүштөн жасалган буюмдар, анын ичинде күмүш сабы бар бычактар, вилкалар жана башкалар пробасын, санын, бир даанасы үчүн сатып алуу баасын жана суммасын көрсөтүү менен аталышы боюнча жазылат.
Ири (1 карат жана андан жогору), орточо (0,50 тартып 0,99 каратка чейин) бриллианттар анын аталышын, сатып алуу баасын, салмагын көрсөтүү менен ар бир таш боюнча өзүнчө жазылат.
Роза түрүндөгү алкактуу алмаздар, 0,49 каратка чейинки майда бриллианттар жана жөнөкөй алкактуу бриллианттар алардын санын, салмагын, бир карат үчүн сатып алуу баасын жана суммасын көрсөтүү менен сатып алуу баасынын аталышы боюнча жазылат.
Изумруддар, сапфирлер жана рубиндер:
- салмагы 1 каратка чейинкилер сатып алуу баасын, санын, салмагын, бир карат үчүн сатып алуу баасын жана суммасын көрсөтүү менен аталышы боюнча жазылат;
- салмагы 1 каратка чейинки жана андан жогорулар аталышын, салмагын, бир карат үчүн сатып алуу баасын жана суммасын көрсөтүү менен ар бир таш боюнча жазылат.
Бермет:
- ориенталь жана дарыя бермети - сыпатталышы, берметтердин саны, салмагы, бир карат үчүн сатып алуу баасы жана суммасы боюнча жазылат;
- табигый кафим жана өстүрүлгөн берметтин тышкы көрүнүшүнүн сыпатталышы, салмагы, бир граммы үчүн сатып алуу баасы жана суммасы боюнча жазылат.
Жарым-жартылай асыл жана жасалга таштары салмагын, бир граммы үчүн сатып алуу баасын жана суммасын көрсөтүү менен аталышы боюнча жазылат.
Баалуу металлдардан жасалган алкагы бар раковиналардан, жарым-жартылай асыл жана жасалга таштарынан колго жасалган таштар баалуу металлдардын бир граммы үчүн салмагын көрсөтүү менен аталышы боюнча жазылат.
Алкагы жок раковиналардан, жарым-жартылай асыл жана жасалга таштарынан колго жасалган таштар аталышы, саны, бир даанасы үчүн сатып алуу баасы боюнча жазылат.
10. Сатылып алынган баалуулуктар сатып алуу пункту алардын баасын төлөгөндөн кийин баалуулуктарды сатуучуларга кайра кайтарылып берилбейт.
11. Сатып алуу пункттарынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык ушул Эрежелерди бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
12. Сатып алуу пункттарынын ишин контролдоо баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды өндүрүү, пайдалануу, жүгүртүү, эсепке алуу жана сактоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүлгөн баалуулуктар менен операцияларды аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан компетенциясынын чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
|
| Баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды калктан сатып алуу пункттарынын ишинин эрежелерине тиркеме |
| ||
Баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган баалуулуктарды жана алардын сыныктарын сатып алууну эсепке алуу ЖУРНАЛЫ
№ | Кабыл алуу датасы | Өткөрүүчүнүн аты-жөнү | Паспорттук маалыматтары | Буюмдун аталышы | Салмагы грамм менен | Пробасы | Суммасы | Кабыл алууда колу | |
Буюм | Сыныгы | ||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Чыгаруу датасы | Кимге чыгарылган (аты-жөнү) цехке же сатууга | Саны (даана) | Пробасы | Грамм үчүн баасы | Суммасы | Кабыл алууда колу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Калдыгы ________________________________________________________________
Киреше ________________________________________________________________
Чыгым ________________________________________________________________
Калдыгы ________________________________________________________________".