Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ТОКТОМУ
2014-жылдын 18-декабры
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2014-жылдын 3-октябрындагы № 54-о аныктамасын жокко чыгаруу жөнүндө жаран Джумабек Кадыралиевич Кадыралиевдин даттануусун канагаттандыруудан баш тартуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төмөнкү курамы: төрагалык кылуучу - судья М.Ш. Касымалиев, судьялар Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, Э.Т. Мамыров, А.О.Нарынбекова, Э.Ж. Осконбаев, Ч.О. Осмонова, К.С. Сооронкулова, соттук отурумдун катчысы М.Э. Төлөбалдиевдин катышуусунда «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 28-беренесинин 5-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын «Жаран Джумабек Кадыралиевич Кадыралиевдин кайрылуусун өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө» 2014-жылдын 3-октябрындагы № 54 аныктамасын жокко чыгаруу жөнүндө Джумабек Кадыралиевич Кадыралиевдин даттануусун соттук отурумда карап чыкты.
Даттануу боюнча соттук отурумду даярдаган судья А.О. Нарынбекованын билдириүүсүн угуп, тапшырылган материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2014-жылдын 8-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 359-беренесинин 1-бөлүгү конституциялуу эмес деп таануу жөнүндө жаран Дж.К. Кадыралиевдин өтүнүчү келип түшкөн.
Келтирилген материалдардан келип чыккандай, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук коллегиясынын 2009-жылдын 22-декабрындагы токтому менен Кемин кардарлар коомунун 10 кишиден турган пайщиктердин тобунун көзөмөл даттануусу канаттандыруусуз калтырылган жана Чүй областык сотунун соттук коллегиясынын 2009-жылдын 10-мартындагы аныктамасы күчүндө калтырылган.
Дж.К. Кадыралиев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун көрсөтүлгөн токтому мыйзамсыз жана аталган токтомдун жүйөлөштүрүүчү бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык токтом кабыл алынган учурдан тарта токтоосуз күчүнө кирет, акыркы жана даттанууга жатпайт дегенине байланыштуу аны негизсиз деп эсептейт.
Арыздануучунун пикири боюнча, аталган токтомду кабыл алууга негиз болгон Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 359-беренесинин 1-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна карама-каршы келет, ага ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленгендей соттук коргонуу укугу эч кандай чектелүүгө тийиш эмес. Коргонуучу «соттук коргоо» дегенди соттук укуктук мамилелердин ар бир субъектисине милдеттүү түрдө пайда гана алып келүүчү жагдай катары түшүнөт жана талашылган ченемде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган соттук коргонууга анын укугу бузулган деп көрсөтөт.
Ошентип, Дж.К. Кадыралиев өзүнүн өтүнүчүндө Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 359-беренесинин 1-бөлүгү конституциялуу эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна карама-каршы экендигин таанууну суранат.
Конституциялык палатанын А.О. Нарынбекованын, Ч.А. Айдарбекованын, Ч.О. Осмонованын курамындагы судьялар коллегиясы жаран Дж.К. Кадыралиевдин өтүнүчү боюнча материалды изилдеп чыгып, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде өтүнүчтү текшерүүнү жүргүзүп жаткан судья А.О. Нарынбекованын маалыматын угуп, 2014-жылдын 3-октябрында өтүнүчтү кабыл алуудан баш тартуунун кийинкидей негиздери боюнча кабыл алган.
«Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде судьялар коллегиясы ишти өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө маселени карап жатып, кайрылууну конституциялык сот өндүрүшүнө киргизүү мүмкүндүгү маселесин чечет.
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 359-беренесинин 1-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялар коллегиясынын токтому кабыл алынган учурдан тарта күчүнө кирет, акыркы жана даттанууга жатпайт деп карайт. Көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин ченеми Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине карама-каршы келбестен, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 96-беренесинин 3-бөлүгүн жүзөгө ашыруу жагында кабыл алынган, ага ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун актылары акыркы жана даттанууга жатпайт.
Арыздануучу өзүнүн жүйөлөрүнүн негиздемесинде келтирген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ар кимге соттук коргонууга укугун кепилдеген ченемдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аппеляциялык, кассациялык жана көзөмөл тартибинде соттун чечимдерин кайра кароо институтунун болуусу менен жүзөгө ашырылган.
Арыздануучунун Кыргыз Республикасынын Конституциясы 2010-жылдын 27-июнунда кабыл алынганга чейин Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, анын ичинде 359-беренеси кабыл алынгандыгы жүйөсү туурасында Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 23-октябрындагы Мыйзамынын редакциясындагы 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 86-беренесинин 3-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун актыларын акыркы жана даттанууга жатпайт деген ченемдерин караган болуучу.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Конституциялык палатанын судьялар коллегиясы «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 2-бөлүгүн, 3-бөлүгүнүн 4-пунктун жана 5-бөлүгүн жетекчиликке алып, жаран Дж.К. Кадыралиевдин өтүнүчүн өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктамасын кабыл алган.
Судьялар коллегиясынын 2014-жылдын 3-октябрындагы № 54 аныктамасы менен макул болбой, жаран Дж.К. Кадыралиев 2014-жылдын 25-ноябрында Конституциялык палатага даттануу менен кайрылган.
Дж.К. Кадыралиев өзүнүн даттануусунда судьялар коллегиясынын жогоруда көрсөтүлгөн аныктамасы шашылыш, негизсиз жана жокко чыгарылууга тийиш, анткени арыздануучунун пикири боюнча, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан таанылган укуктар жана эркиндиктер алар тарабынан бузулуп жатат деп эсептелсе ар бир адам мыйзамдын жана башка ченемдик укук актыларынын конституциялуулугун талашууга укуктуу, жана өтүнүчтү өндүрүшкө кабыл алууну суранат.
Дж.К. Кадыралиев соттук коргоо деп соттук органдардын адам жана жаран үчүн аярлоочу, сактоочу, ага пайда менен жакшылык алып келүүчү функцияларды аткаруу милдеттенмесин түшүнүү керек.
Конституциялык палата арыздануучунун даттануусун жана Конституциялык палатанын судьялар коллегиясы кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуунун негиздерин изилдеп чыгып, кийинкидей тыянактарга келди.
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык соттук коргоого укук адамдын негизги ажыратылгыс укуктары менен эркиндиктерине кирет да, ошол эле убакта башка укуктар менен эркиндиктердин кепилдиги болуп саналат (20-берененин 5-бөлүгүнүн 8-пункту, 40-берененин 1-бөлүгү).
Соттук коргоо деген укуктун конституциялык мазмунун чечмелөөдө Конституциялык палата бир катар чечимдеринде кийинкидей укуктук көз караштарын баяндап берген: соттук коргоо адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоонун мамлекеттик коргоо каражаты болуп саналат, ал бардык башка конституциялык укуктар менен эркиндиктерге карата камсыздоо-калыбына келтирүү функциясын аткарат; соттук коргоо мыйзамдарда бекитилген уюштуруу-укуктук жана процесстик формалар аркылуу укуктарды натыйжалуу калыбына келтирүү кепилдиктерин болжойт (Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 22-ноябрындагы, 2013-жылдын 27-декабрындагы жана 2014-жылдын 12-февралындагы чечимдери).
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдеринин (1, 16, 20, 40-беренелеринин) мааниси боюнча укуктук тутум Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүгү принциби укуктук мамлекеттин ажыратылгыс элементи катары негизделген, ар кимдин соттук коргоого болгон укугу бардык укук субъектилерине тараптардын атаандаштыгы жана тең укуктуулугу негизинде көз карандысыз жана калыс сот тарабынан жүзөгө ашырылуучу адилет сотко эркин жана тең жетишүүсүн камсыздоону болжойт (Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 3-декабрындагы чечими).
Иштин материалдарынан келип чыккандай, Дж.К. Кадыралиев соттук коргоого болгон Кыргыз Республикасынын Конституциясы берген укуктан пайдаланган, демек, анын доо талаптарын соттун канаттандыруудан баш тартуусу соттук коргоонун кепилдиктерин бузуу катары каралышы мүмкүн эмес.
Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун актыларынын акыркы болуусу жана ага даттануунун мүмкүн эместиги Кыргыз Республикасынын Конституциясынын өзүндө (96-беренесинин 3-бөлүгүндө) каралган, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жогорку соттук органдын ролунда айтылган жана сотук актыларда белгиленген укуктук айкындыкты жана укуктук мамилелердин стабилдүүлүгүн камсыздоого багытталган.
Ошентип, Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын «Жаран Джумабек Кадыралиевич Кадыралиевдин кайрылуусун өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө» 2014-жылдын 3-октябрындагы аныктамасын жокко чыгаруу үчүн Конституциялык палата негиздерди тапкан жок.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесин, 28-беренесинин 5-бөлүгүн, 47-беренесин, 51-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, Конституциялык палата токтом кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаран Джумабек Кадыралиевич Кадыралиевдин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын «Жаран Джумабек Кадыралиевич Кадыралиевдин даттануусун канаттандыруудан баш тартуу жөнүндө» 2014-жылдын 3-октябрындагы № 54-о аныктамасын жокко чыгаруу жөнүндө даттануусу канаттандыруусуз калтырылсын.
2. Конституциялык палатанын ушул токтому акыркы, даттанууга жатпайт жана жарыяланган учурдан тарта күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы