Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 2-октябры № 567-25/10
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2002-жылдын 4-сентябрындагы № 605 "Айыл чарба багытындагы жер участкаларын ипотекалык кредиттөө боюнча убактылуу талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп табуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын системага салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2002-жылдын 4-сентябрындагы № 605 "Айыл чарба багытындагы жер участкаларын ипотекалык кредиттөө боюнча убактылуу талаптарды бекитүү женүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күнден тартып күчүнө кирет
Премьер-министри
| Дж.К. Оторбаев |
Төрага | Т.С. Абдыгулов |