Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 2-октябры № 571
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын
30-сентябрындагы № 531 “Мамлекеттик сырларды сактоо маселелери боюнча координациялык кеңешти түзүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик сырларды сактоо маселелери боюнча координациялык кеңештин ишин оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-сентябрындагы № 531 “Мамлекеттик сырларды сактоо маселелери боюнча координациялык кеңешти түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен түзүлгөн Мамлекеттик сырларды сактоо маселелери боюнча координациялык кеңештин курамы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик сырларды сактоо маселелери боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жободо:
16-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“16. Координациялык кеңештин төрагасы жок болгон учурда анын милдетин Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары аткарат.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-октябрындагы № 571 токтомуна тиркеме |
Улуттук коопсуздук, коргоо жана укуктук тартип маселелерин тейлөөчү Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Координациялык кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери, Координациялык кеңештин жооптуу катчысы.
Координациялык кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын Коргоо министри;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчылыгынын коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдарды координациялоо боюнча секторунун инспектору (макулдашуу боюнча).