Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ТОКТОМУ
2017-жылдын 19-сентябры
Бакыт Раманкулович Жалгашевдин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 22-июнундагы № 34 аныктамасына даттануусун канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: төрагалык кылуучу - судья Э.Т. Мамыров, судьялар К. Абдиев, Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, М.Ш. Касымалиев, К.М. Киргизбаев, А.О. Нарынбекова, Э.Ж. Осконбаев, Ч.О. Осмонова, Ж.И. Саалаевдин курамында, соттук отурумдун катчысы С.А. Джолгокпаеванын катышуусунда «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 5-бөлүгүн жетекчиликке алып, Б.Р. Жалгашевдин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 22-июнундагы № 34 аныктамасын жокко чыгаруу тууралуу даттануусун соттук отурумда карап чыкты.
Жаран Б.Р. Жалгашевдин даттануусунун жүйөлөрүн жана өтүнүч боюнча материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т А П Т Ы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2017-жылдын 15-майында Б.Р. Жалгашевдин «Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 23-мартындагы № 71 Жарлыгы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө, 4-бөлүгүнүн 7-пунктуна, 5-бөлүгүнүн 5-пунктуна карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.
Арыздануучу, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө» 2012-жылдын 23-мартындагы № 71 Жарлыгы менен анын Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктары чегинен ашырылган, анткени Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына айрым мамлекеттик органдарды өткөрүп берүү маселелери тууралуу» 2011-жылдын 21-январындагы № 15 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына өткөрүлгөн болуучу деп эсептейт.
Б.Р. Жалгашев Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Жобосун жана түзүмүн бекиткен жана учурда талашылып жаткан Жарлык бул органдын кызмакерлерине теологиялык жана диний экспертиза жүргүзүү жана тергөө органдары менен сотторго эксперттик корутундуларды берүү ыйгарым укуктарын мыйзамсыз берүүдө, бул арыздануучунун конституциялык укуктарын бузууда деп эсептейт.
Андан тышкары, арыздануучу жогоруда көрсөтүлгөн органдын кызматкерлери өзүнүн эмгек ишмерлигин мыйзамсыз, «Соттук-эксперттик ишмерлик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14, 15, 16-беренелеринин талаптарын бузуу менен жүзөгө ашырууда деп белгилѳѳдѳ, ага ылайык соттук эксперт мамлекеттик кызматчы болуп саналбайт деп бекитилген, ошол эле кезекте Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө Жобонун 10-пунктунда Мамлекеттик комиссиянын кызматкерлери мамлекеттик кызматчылар болуп саналат деп көрсөтүлүүдө.
Баяндалгандын негизинде, арыздануучу Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө» 2012-жылдын 23-мартындагы № 71 Жарлыгы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө, 4-бөлүгүнүн 7-пунктуна, 5-бөлүгүнүн 5-пунктуна карама-каршы келет деп таанууну суранууда.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясы «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 24-беренесинин экинчи абзацын, 25-беренесинин 3-бөлүгүнүн 9-пунктун, 28-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүн, 3-бөлүгүнүн 1-пунктун, 5-бөлүгүн жетекчиликке алып, 2017-жылдын 22-июнундагы № 34 аныктамасы менен төмөнкү негиздер боюнча өтүнүчтү өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартты.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына кайрылууну киргизүү конституциялык сот өндүрүшүнүн стадияларынын бири болуп саналат, мында «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык судьялар коллегиясы менен келип түшкөн кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуу же андан баш тартуу жөнүндө маселе, биринчи кезекте, кайрылууда коюлган маселелердин конституциялык сот өндүрүшүндө кароо мүмкүндүгүн эске алуу менен чечилет.
Бирок арыздануучу, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 25-беренесинин 3-бөлүгүнүн 9-пунктун бузуу менен өз кѳз карашын негиздѳѳ катары талашылып жаткан ченемдердин Конституцияга ылайык келүүсү жѳнүндѳгү маселеде күмөндүүлүктүн болуусун күбѳлѳндүрүүчү кандайдыр бир укуктук мүнөздөгү аргументтерди келтирген жок, ал эми бул жагдай көрсөтүлгөн конституциялык Мыйзамдын 24-беренесинин экинчи абзацына ылайык ишти конституциялык сот өндүрүшүнүн алкагында кароонун зарыл шарты болуп саналат.
Келтирген кайрылууда арыздануучу өз кѳз карашын негиздѳѳ катары келтирген жүйөлөрү мыйзамдардын талаптарынын бузулуусу, ченемдик укуктук актылардын жоболорунун туура эмес колдонуу, ошондой эле алардын ортосундагы кагылышууларды четтетүү зарылдыгы жөнүндө ырасташат.
Мында судьялар коллегиясы, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүндө жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4-беренесинде Конституциялык палатанын ыйгарым укуктарынын толук тизмеси аныкталганын, анын катарына укук колдонуу тажрыйбасына жана укуктагы кагылышууларды четтетүүгө байланыштуу маселелерди кароо кирбей тургандыгын белгилеген.
Жогоруда баяндалганга байланыштуу, судьялар коллегиясы кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктаманы кабыл алган.
Б.Р. Жалгашев судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 22-июнундагы аныктамасы менен макул болбой, 2017-жылдын 14-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына даттануу менен кайрылган.
Б.Р. Жалгашев өзүнүн даттануусунда өз кѳз карашын негиздѳѳ катары буга чейинки өтүнүчтө көрсөтүлгөн жүйөлөр сымал жүйөлөрдү кайра келтирүүдө. Арыздануучу судьялар коллегиясынын талашылып жаткан ченемдердин Конституцияга ылайык келүүсү жѳнүндѳгү маселеде күмөндүүлүктүн болуусун күбѳлѳндүрүүчү укуктук мүнөздөгү аргументтердин жоктугу тууралуу тыянактары менен макул болбой, даттануусунда судьялар коллегиясы өтүнүчтү формалдуу түрдө карап чыккан жана маселенин маңызын түшүнгөн жок деп белгилейт. Ушуга байланыштуу, Б.Р. Жалгашев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 22-июнундагы № 34 аныктамасын жокко чыгарууну жана өтүнүчтү маңызы боюнча кароону суранууда.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы арыздануучунун жүйөлөрүн жана судьялар коллегиясынын кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуунун негиздерин талкуулап, кийинкидей тыянактарга келди.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык, Конституция тарабынан таанылган укуктар жана эркиндиктер алар тарабынан бузулуп жатат деп эсептелсе ар бир адам мыйзамдын жана башка ченемдик укук актыларынын конституциялуулугун талашууга укуктуу.
Бирок, Б.Р. Жалгашев өзүнүн кайрылуусунда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүндө, 4-бөлүгүнүн 7-пунктунда, 5-бөлүгүнүн 5-пунктунда бекитилген ченемдердин бузулушун көрсөтүп, талашылып жаткан ченемдик укуктук акт анын конституциялык укуктарын кантип бузуп жаткандыгын ачып берген жок, өтүнүчтө көрсөтүлгөн конституциялык ченемдер менен талашылып жаткан Жарлык менен регламенттелген маселелер ортосундагы өз ара байланыштын болуусун ырастоочу укуктук мүнөздөгү жүйөлөрдү келтирген жок, бул жагдай талашылып жаткан ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу жѳнүндѳ маселеде күмөндүүлүктү аныктоого мүмкүндүк бербейт.
Баяндалганды эске алуу менен, судьялар коллегиясынын талашылып жаткан ченемдерде күмөндүүлүктүн болуусун ырастоочу укуктук мүнөздөгү аргументтердин жоктугу туурасында тыянактары негиздүү болуп саналат.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 22-июнундагы № 34 аныктамасын жокко чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы негиздерди тапкан жок.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 5-бөлүгүн, 46, 47, 48-беренелерин, 51-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакыт Раманкулович Жалгашевдин «Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө» 2012-жылдын 23-мартындагы № 71 Жарлыгынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө жаран Бакыт Раманкулович Жалгашевдин кайрылуусун өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 22-июнундагы № 34 аныктамасына даттануусу канааттандыруусуз калтырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ушул токтому акыркы, даттанылууга жатпайт жана кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.