Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 29-сентябрындагы № 515
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-октябрындагы № 575 токтому менен бекитилген |
Конфискацияланган, ээси жок жана мурастоо укугу мамлекетке өткөн мүлктү эсепке алуу, баалоо жана сатуу тартиби жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жободо төмөнкү мүлктөрдү эсепке алуу, баалоо жана сатуу тартиби белгиленет:
1) соттордун чечимдеринин негизинде конфискацияланган жана сатуу үчүн салык органдарына өткөрүлүп берилген;
2) белгиленген тартипте ээси жок деп табылган;
3) мурастоо укугу белгиленген тартипте мамлекетке өткөн мүлктү;
4) Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык мамлекеттин кирешесине жүгүртүлгөн же мамлекеттин менчигине өткөн буюмдук далилдерди.
2. Салык органдары конфискацияланган, ээси жок, мурасталган мүлктү эсепке алуу, баалоо жана сатуу боюнча өзүнүн ишинде жарандык, жарандык-процесстик, жазык-процесстик мыйзамдарды, административдик жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарды, мүлктү конфискациялоо, аны ээси жок деп табуу, мурастоо укугун мамлекетке өткөрүп берүү менен байланышкан мамилелерди жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алышат.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык конфискацияланган мүлккө кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, ошондой эле укук бузгандыгы үчүн санкция катарында сот тарабынан кайтарымсыз алып коюлган баалуулуктар жана акча каражаттары кирет.
Конфискациялоо бүтүндөй мүлктү же анын бир бөлүгүн мамлекеттин менчигине мажбурлап алып коюудан турат.
Соттун чечими боюнча конфискацияланууга тийиш болгон мүлктү камоого алуу жана тизимдөө, ошондой эле аны баалоо жана сактоого өткөрүп берүү “Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык соттук аткаруучулар тарабынан жүргүзүлөт.
Ушул Жобонун 1-пунктунда каралган буюмдай далилдер териштирүү жүргүзгөн орган тарабынан мүлктүн сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрүн баяндап жазуу менен өткөрүп алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча салык органдарына өткөрүлүп берилет.
4. Ушул Жободо белгиленген мүлктү эсепке алуу, баалоо жана сатуу тартиби ага карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында эсепке алуунун, баалоонун жана сатуунун атайын тартиби белгиленген, мамлекеттин менчигине түшкөн башка мүлккө жайылтылбайт.
2. Мүлктү өткөрүп берүү жана аны баалоо тартиби
5. Салык органдарына өткөрүлүп берилген конфискацияланган жана мурасталган мүлктү, ошондой эле ээси жок деп табылган мүлктү сактоо жана наркын аныктоо боюнча чараларды көрүү салык органдарына жүктөлөт.
Салык органдары мүлктү сатуу үчүн аларга толук жана өз убагында өткөрүлүп берилүүсүн, ошондой эле бюджетке каражаттардын өз учурунда чегерилүүсүн контролдойт.
6. Мүлктү накталай өткөрүп алуу жана өткөрүп берүү мүлктү тизимдөө жана өткөрүп берүү актысынын нускаларына соттук аткаруучунун жана салык органынын өкүлүнүн кол коюусу менен тастыкталат.
Өткөрүп алуу-өткөрүп берүү актысы соттук аткаруучу тарабынан түзүлөт, анда мүлктү же продукцияны алып коюунун же конфискациялоонун негиздери, аларды бирден кайра саноо менен ар бир өзүнчө предметтин же бирдей баалуу предметтердин тобунун толук жана так аталышы, айырмалоочу белгилеринин сыпаттамасы, тышкы көрүнүшү, комплекстүүлүгү, таңгактын бүтүндүгү жана “Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аныкталуучу мүлктүн наркы көрсөтүлөт.
Мүлктүн тизиминде соттук аткаруучу тарабынан соттун чечиминин негизинде мүлктүн бөлүгү камоого алуудан бошотулгандыгы (мүлктүн тизимден чыгарылгандыгы), эгерде сатуу карызкорго коюлган талаптарды канааттандыруу үчүн жүргүзүлгөн болсо, мүлктүн бөлүгү сатылгандыгы жөнүндө белги, ошондой эле конфискацияланууга тийиш болгон мүлктүн аны салык органынын өкүлүнө өткөрүп берген учурга карата жоголгондугу жана бузулгандыгы тууралуу белги коюлууга тийиш.
Салык органдары, конфискацияланган мүлктү алуудан баш тартуу, аткаруу документин чакыртып алуу жана карызкор менен жарашуу макулдашуусун түзүү укугунан тышкары, өндүрүп алуу укугуна ээ.
Акча каражаттарын, баалуу кагаздарды конфискациялоодо соттук аткаруучу конфискациялоо жөнүндө токтомду банкка, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусуна жана баалуу кагаздарды жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга жиберет. Аталган каражаттар республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш.
Документи жок баалуу кагаздарды конфискациялоодо соттук аткаруучу конфискацияланган баалуу кагаздарды карызкордун эсебинен чыгарып салуу жана аларды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же уюмдун эсебине алардын компетенцияларына ылайык чегерүү тууралуу тапшырма менен конфискациялоо тууралуу токтомду ошол баалуу кагаздарга болгон укуктарды эсепке алуучу адамга жиберет.
7. Мурастоо, керээз менен мурастоо укугу боюнча мүлккө болгон менчик укугу мамлекетке өткөн учурда мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк мамлекеттик нотариус тарабынан салык органдарына берилет.
Эгерде мурас ачылган жер боюнча мамлекеттик нотариус тарабынан мурасталган мүлктү кайтаруу жана мураскорлорду чакыруу тууралуу билдирүүнү жарыялоо боюнча чыгымдар жүргүзүлсө, анда мындай чыгымдар салык органынын өкүлүнө өткөрүп берүүдө мүлктү тизимдөө актысында көрсөтүлүүгө тийиш.
Соттун чечимин алгандан, же болбосо мамлекет тарабынан мурасталуу укугу жөнүндө керээз боюнча мурас ачылгандан кийин салык органынын өкүлү жооптуу сактоочунун жана үй башкармалыгынын же кварталдык комитеттин өкүлүнүн, ал эми айыл жеринде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлүнүн катышуусунда мурасталган мүлк турган жайларда анын бар экендигин текшерет жана аны жооптуу адамдан эсепке алуу менен өткөрүп алат, бул тууралуу нотариалдык органдан алынган мүлктүн тизимине тийиштүү белги коюлат.
8. Эгерде салык органдары конфискацияланган, мурасталган же ээси жок мүлктү кабыл алууда, форс-мажордук кырдаалдардан тышкары, мүлктүн жоголгондугу, кем чыккандыгы же бузулгандыгы аныкталса, салык органдары он күндүк мөөнөттө аны сактоого кабыл алган адамга кем чыккан же бузулган предметтердин наркынын суммасын республикалык бюджетке которуу жөнүндө талап коюшат.
Эгерде аталган мүлк үчүн сумма он күндүк мөөнөттө бюджетке төлөнбөсө, салык органдары мүлктү сактоого кабыл алган адамдан кем чыккан же бузулган предметтердин наркын өндүрүү жөнүндө доо арызын сотко беришет.
Жооптуу сактоодо турган предметтердин уурдалган (аны ээлеп алуу же коротуу жолу менен) же атайылап жок кылынган, бузулган фактылары аныкталган учурда, салык органдары күнөөкөрлөрдү жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө маселени чечүү үчүн тийиштүү материалдарды укук коргоо органдарына жиберишет жана ошол эле учурда күнөөкөрлөрдөн аталган предметтердин наркын өндүрүү тууралуу доо арызын беришет.
9. Соттук аткаруучулар тарабынан баалоо жүргүзүлбөгөн учурда салык органдары көз карандысыз баалоочунун катышуусу менен комиссия түзүшөт. Комиссия конфискацияланган, ээси жок жана мурасталган мүлккө баалоо жүргүзөт.
10. Мүлккө жүргүзүлгөн баалоо тууралуу тизимдөө жана баалоо актысы түзүлөт. Актыга комиссиянын мүчөлөрү, ошондой эле көз карандысыз баалоочу кол коёт.
Мүлктү тизимдөө жана баалоо актысында ар бир өзүнчө предметтин же бир түрдүү, бирдей баалуу предметтердин толук жана так аталышы, ар бир предметтин айырмалоо белгилеринин толук сыпаттамасы (ар бир предмет жасалган материалдын аталышы, предметтин саны, салмагы, узундугу, сапаты, физикалык жактан эскирүү пайызы), ошондой эле эскирүүсүн эске алуу менен сатылуучу баасы көрсөтүлөт.
Конфискацияланган, мурасталган, ээси жок мүлктүн курамындагы баалуулуктарга өзүнчө тизимдөө жана баалоо актысы түзүлөт.
Тизимдөө жана баалоо актысында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) улуттук валютада акча каражаттары – жалпы суммасы;
2) чет өлкө валютасында акча каражаттары – аталган валютаны чыгаруучу мамлекеттин аталышы, акчалай билеттердин жана тыйындардын наркы, чыккан жылы, валютанын номиналы боюнча суммасы;
3) чет өлкө валютасындагы төлөм документтери жана фонддук баалуулуктар, чет өлкө валютасы үчүн алынуучу сом менен банктык төлөм документтери боюнча – документтердин (баалуулуктардын), ошондой эле ошол документтерди берген (чыгарган) мамлекеттин жана банктын аталышы, ар бир документтин номиналдык наркы боюнча өз-өзүнчө суммасы;
4) мамлекеттик зайымдардын облигациялары боюнча – зайымдын аталышы, жазылган наркы, облигациянын номери, ар бир облигациянын сериясы жана разрядынын номери, эркин жүгүртүлүүчү зайымдардын облигациялары боюнча да утуштун өлчөмү көрсөтүлөт;
5) чектер жана аккредитивдер боюнча – ээсинин аты-жөнү, документтин номери жана берилген күнү, документти берген банктын мекемесинин номери, жайгашкан жери жана анын эсебиндеги сумма;
6) акча-буюмдук жана башка лотереялардын билеттери боюнча – лотереянын аталышы, лотереяны өткөргөн юридикалык жактын аталышы, лотереянын чыккан жылы, билеттин номери, ар бир билеттин сериясынын номери жана разрядынын номери, утушту алуунун акыркы мөөнөтү.
Утуштар туш келбеген билеттер боюнча тизимдөө жана баалоо актысында “уткан жок” деген белги коюлат, ал эми утуштар туш келген, бирок утуштарды алуу мөөнөтү ошол билеттер салык органына берилүүчү күнгө карата аяктаган билеттер боюнча тизимдөө жана баалоо актысына “утушту талап кылуу мөөнөтү бүттү” деген белги коюлат.
Тизимде мүлктү жооптуу сактоого өткөрүп алган адамдын аты-жөнү, ал иштеген уюмдун аталышы, ээлеген кызмат орду, документтер боюнча жана иш жүзүндө жашаган жеринин дареги, анын паспорту (күбөлүгү) берилген дата, сериясы, номери, паспортту (күбөлүктү) берген орган, ошондой эле мүлктүн кем чыгуусу же бузулуусу үчүн жоопкерчилик тууралуу тилкат көрсөтүлөт.
3. Мүлктү сатуу жана эсептешүүлөрдүн тартиби
11. Шаарларда жана поселоктордо, ошондой эле айыл жергесинде жайгашкан кыймылсыз мүлк (турак үйлөр, алардын бөлүктөрү, короодогу курулуштар, дачалар, гараждар, батирлер, имараттар жана курулуштар ж.б.) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 408-410-беренелерине ылайык, аны сатуу же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте алар боюнча андан ары чечим кабыл алуу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүлүп берилет.
12. Салык органдары тарабынан төмөнкү мүлктөр ачык тооруктар менен сатылат:
1) транспорт каражаттары, асыл тукум жылкылар, элита тукумдарындагы ири мүйүздүү мал жана жогорку суроо-талаптагы товарлар;
2) табигый, жасалгалоочу таштар жана минералдар, сейрек кездешүүчү жер жана башка металлдар;
3) санитардык-эпидемиологиялык экспертизанын корутундусу бар (шайкештик сертификаты) азык-түлүк, чарбалык, өнөр жайлык жана башка товарлар.
13. Салык органдары тарабынан мамлекеттин кирешесине айлантылган төмөнкү акча каражаттары республикалык бюджетке которулат:
1) конфискацияланган аманаттардын, эсептешүү чектеринин суммалары, облигациялардын, казыналык бонустардын, акциялардын, векселдердин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын банктарынын мекемелеринде сакталып тургандардын наркы (облигациялар жана казыналык бонустар боюнча – аларга туш келген утуштардын суммалары) соттун конфискациялоо тууралуу чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик зайымдарынын облигациялары, банктын мекемелеринде ошол облигацияларды алып коюуну жүргүзгөн сот же тергөө органынын депозитинде сакталып турган казыналык боналар сот же тергөө органдары тарабынан аларды конфискациялоо тууралуу чечимдин көчүрмөсү (же андан көчүрмө бөлүк) менен бирге, зайымдын аталышы, облигациянын номери, сериянын номери, ар бир облигациянын разрядынын номери жана жазылган наркы, облигациянын ээсинин аты-жөнү көрсөтүлгөн тизим боюнча банктын бөлүмүндө өткөрүлүп берилет.
Бул тизимдин көчүрмөсү облигациялар өткөрүлүп берилген банктын мекемеси жайгашкан жер боюнча салык органдарына жиберилет.
Кыргыз Республикасынын облигациялары жана казыналык боналары боюнча утуштардын суммасы банктардын мекемелери тарабынан республикалык бюджеттин кирешесине чегерилет;
3) белгиленген тартипте мурасталган же ээси жок деп табылган аманаттардын, аккредитивдердин жана облигациялардын суммалары;
4) утуштар туш келген, конфискацияланган, мурасталган же ээси жок мүлктүн курамында салык органдарына өткөрүлүп берилген лотереялык билеттер (акча-буюмдук ж.б.) утуштардын акчалай суммаларын жана буюмдук наркын бюджеттин кирешесине чегерүү үчүн уюштуруучуга өткөрүлүп берилет.
Өткөрүп берүү лотереянын аталышы, лотерея чыгарылган жыл, билеттин номери, ар бир билеттин разрядынын сериясы жана номери, утуштун суммасы көрсөтүлгөн тизим боюнча жүргүзүлөт.
5) дары каражаттары, медициналык жабдуу алардын жарактуулугу тууралуу чечимди кабыл алуу, каражаттарды республикалык бюджетке чегерүү менен андан ары сатуу үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин мекемелерине адистештирилгендигине жараша өткөрүлүп берилет. Өткөрүп алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча өткөрүп берүү жүргүзүлөт, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- дары каражаттарын өткөрүп алуу боюнча – дары каражаттарын өткөрүп берүүчү чарбакер субъекттин аталышы, саны (салмагы, даанасы), алардын жарактуулугун аныктоо үчүн юридикалык жактын аталышы же дары каражаттарынын ээсинин аты-жөнү;
- медициналык жабдууну өткөрүп алуу боюнча – өндүрүүчү өлкө, чарбакер субъекттин аталышы, медициналык жабдуунун эмнеге багытталгандыгы ж.б.
14. Салык органдары тарабынан өткөрүп алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча төмөнкү мүлктөр акысыз өткөрүлүп берилет:
1) диний культтун предметтери - диний иштер боюнча ыйгарым укуктуу органга;
2) тарыхый, илимий, көркөм же башка маданий баалуулукка ээ болушу мүмкүн болгон предметтер, атайын комиссия тарабынан экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин - маданият боюнча, архивдик органдын жана музейдин мамлекеттик мекемелерине, ошондой эле тийиштүү илимий мекемелерге;
3) китептер - мамлекеттик китепканаларга;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сатылууга тийиш болбогон дары каражаттары - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин мекемелерине.
15. Ачык тооруктарда сатылбаган товарлар жана предметтер салык органдары тарабынан балдар үйлөрүнө, карылар үйлөрүнө жана калктын социалдык аялуу катмарлары жашаган башка мекемелерге бекер өткөрүлүп берилет.
16. Салык органдары тарабынан эсепке алынган мүлктү кызыкдар субъекттердин же айрым адамдардын убактылуу пайдалануусуна берүүгө тыюу салынат.
17. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине ылайык, конфискацияланган мүлк боюнча соттун чечими карызкор тарабынан талашылган учурда, салык органдары аны сатууну токтотуп турушат.
18. Конфискацияланган, мурасталган жана ээси жок мүлктү сатуудан түшкөн, мөөнөтүндө талап кылынбаган каражаттар республикалык бюджеттин кирешесине чегерилет.
19. Салык органдарынын эсепке алуусуна түшкөн конфискацияланган, ээси жок, мурасталган мүлктү сактоо, оңдоо, жиберүү, ташуу менен байланышкан чыгымдар, ошондой эле чакырылган көз карандысыз баалоочуларга акы төлөө боюнча чыгымдар сатылган мүлктүн суммасынын эсебинен жүргүзүлөт.
Эгерде ал адам соттолгон адамдын үй-бүлө мүчөсү болсо, мүлктү сактоо боюнча чыгымдардын орду толтурулбайт.
20. Салык органдары сот органдарынын чечимдери боюнча мүлктү конфискациялоо жүргүзүлгөнүн, алардын аткарылгандыгын, сатылган мүлк боюнча – сатуудан түшкөн сумманы, бюджетке которулганы боюнча - бекер берилген мүлк боюнча сумманы, мүлк качан жана кимге берилгендигин ырастаган маалыматтарды аларга кабарлашат.
4. Мүлктү кайра кайтаруу
21. Мүлк же анын наркы төмөнкү учурларда кайра кайтарылууга тийиш:
1) мүлктү конфискациялоо же мүлктүн бөлүгүн камоого алуудан бошотуу (тизимден чыгаруу) тууралуу соттун чечими жокко чыгарылганда;
2) мүлктү ээси жок деп табуу тууралуу соттун чечими жокко чыгарылганда;
3) мамлекеттин мураска болгон укугу жөнүндө күбөлүк сот органдары тарабынан жараксыз деп табылганда же мүлктү мурастоо укугун мамлекетке өткөрүп берүү тууралуу соттун чечими жокко чыгарылганда;
4) Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык мамлекеттин кирешесине жүгүртүлгөн же мамлекеттин менчигине өткөн буюмдук далилдер боюнча соттун, прокурордун, тергөөчүнүн чечимдери жокко чыгарылганда.
22. Мүлктү кайра кайтаруу салык органдары тарабынан мүлктү кайра кайтаруу жөнүндө арыз берилген күндөн баштап он күндүк мөөнөттө жүргүзүлөт. Арызга анын негизинде аталган мүлк мамлекеттин менчигине түшкөн чечимдин тийиштүү мамлекеттик орган тарабынан жокко чыгарылгандыгын ырастаган документтин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (же ошол документтен белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмө бөлүк) тиркелет.
Эгерде арыз берилген учурга карата мүлк сатылып кеткен болсо, салык органдары беш күндүк мөөнөттө сумманы кайтаруу боюнча корутундуну мүлктүн наркынын ордун корутундуну алган күндөн тартып он күндүк мөөнөттө толтурууга милдеттүү болгон казыналыктын тийиштүү органына жиберет (бул туурасында арыз ээсине кабарланат).
23. Эгерде мүлк сатыла элек болсо, мүлктү ээсине кайра кайтаруу накталай жүргүзүлөт.
Эгерде мүлк сатылып кеткен болсо, анын ээсине тийиштүү бюджеттин каражаттарынан мүлктүн наркынын суммасы кайра кайтарылат. Мүлктү сактоого, баалоого жана сатууга байланыштуу кеткен чыгымдар Кыргыз Республикасынын жарандык, жарандык-процесстик мыйзамдарында белгиленген тартипте өндүрүлөт.
Акысыз берилген мүлк боюнча ошол мүлктү кайра кайтаруу же наркы боюнча ордун толтуруу тууралуу талап мүлктү алган уюмга кызыкдар жак тарабынан коюлат. Акысыз берилген мүлк боюнча келип чыккан талаш-тартыштар соттор тарабынан белгиленген тартипте чечилет.
24. Конфискацияланган, мурасталган, ээси жок мүлктүн курамында бюджетке түшкөн аманаттардын суммаларын кайра кайтаруу соттун чечими боюнча жүргүзүлөт.
25. Салык органында сакталып турган лотереялык билеттер (акча-буюмдук жана башкалар), эгерде алар боюнча утуштарды төлөө мөөнөттөрү бүтпөсө, ээлерине кайтарылып берилет. Тизимдөө жана баалоо актыларында көрсөтүлгөн акчалай утуштардын суммаларын же буюмдук утуштардын наркынын суммаларын ээлерине кайра кайтаруу тийиштүү салык органдары тарабынан жүргүзүлөт.
26. Чет өлкө валютасындагы каражаттар салык органдарынын корутундусу боюнча, тийиштүү органдар тарабынан берилген документтердин (соттун чечими, нотариалдык конторанын, укук коргоо органдарынын корутундусу жана финансы органдарынын мурда бюджетке чегерилген суммаларды кайра кайтаруу тууралуу төлөм тапшырмасы) негизинде банктардын мекемелери тарабынан жарандарга кайтарылып берилет.
5. Мүлктү материалдык жана акчалай эсепке алууну жүргүзүү
27. Конфискацияланган, мурасталган, ээси жок мүлктүн жана аларды сатуудан түшкөн акчалардын кыймылын эсепке алуу салык органдарына жүктөлөт.
28. Өздүк эсептердеги жазуулар документтердин (баалоо актыларынын, банктык жана башка документтердин) негизинде жүргүзүлөт.
Актылардын бланктарына номер коюлууга, мүлктү тизимдөө жана баалоо актыларын эсепке алуу китебине номер коюлууга, көктөлүүгө жана салык органынын жетекчисинин колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.