Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-январындагы № 5 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 660 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы «Транском» мамлекеттик мекемеси (мындан ары – Мекеме) уюштуруучулук укуктук формада түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат.
2. Мекеменин уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү болуп саналат.
3. Мекеме өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Мекеме юридикалык жак болуп саналып, ага бекитилип берилген мамлекеттик мүлктү күндөлүк башкарууну жүзөгө ашырат, Кыргыз Республикасынын банктарында эсептешүү, валюталык жана башка эсептерди белгиленген тартипте ачуу укугуна ээ болот.
5. Мекеме толук чарбалык эсеп принциптеринде иштеп, өз алдынча баланска ээ болуп, келишимдерди түзүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык башка бүтүмдөрдү жасоого укуктуу.
6. Мекеме Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдердеги өзүнүн аталышы жазылган штамптарга, бланктарга жана башка атрибутка ээ.
7. Мекеменин толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде:
"Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Транском" мамлекеттик мекемеси;
- расмий тилде:
"Государственное учреждение "Транском" при Министерстве транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики".
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 660 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Мекеменин юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Абдымомунов көчөсү, 205.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 660 токтомунун редакциясына ылайык)
.
9. Мекеменин милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ведомстволор аралык маалыматтык-коммуникациялык кызматтарды көрсөтүү;
- мамлекеттик маалыматтык системаларды, ресурстарды, маалымат базаларын жана банктарын куруу, түзүү, интеграциялоо жана өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу;
- жол чарбасы, байланыш жана транспорт тармактарынын ишканаларынын өндүрүштүк-чарбалык иш процессинде автоматташтырылган маалыматтык системаны жана байланыштын технологиялык каражаттарын уюштуруу жана киргизүү, ошондой эле аларды андан ары эксплуатациялоо;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык коммуникациялык инфратүзүмүн өнүктүрүү жана тейлөө;
- Кыргыз Республикасынын маалыматтык коммуникациялык инфратүзүмүн өнүктүрүүгө жана модернизациялоого катышуу;
- тийиштүү маалыматты мамлекеттер аралык жана ведомстволор аралык алмашуу, анын ичинен Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигинде катышуусуна байланышкан маалыматтарды алмашуу максатында эл аралык, улуттук жана эки тараптуу долбоорлорду даярдоонун жана ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасы тарабынан пайдаланылган жабдууларды коштоо жана техникалык тейлөө боюнча маалыматтык-коммуникациялык кызматтарды көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка милдеттерди ишке ашыруу.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 660 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Мекеменин функциялары төмөнкүлөр болуп саналат:
- маалыматтык-коммуникациялык системалардын ишенимдүү иштөөсүн камсыздоо боюнча жумуштарды аткаруу, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын программалык-аппараттык каражаттарын жана телекоммуникациялык жабдууларын колдоо жана коштоо;
- коммуникациялык инфратүзүмдү, телекоммуникациялык тармактарды жана системаларды долбоорлоо, иштеп чыгуу, монтаждоо, коштоо, эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө боюнча ишти жүзөгө ашыруу, ошондой эле мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү үчүн локалдуу жана глобалдуу маалымат сактагычтарын түзүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык долбоорлонуучу, иштелип чыгуучу, киргизилүүчү техникалык каражаттардын жана маалыматташтыруу системаларынын маалыматтык коопсуздугун камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүү;
- мамлекеттик маалыматтык системалардын өнүгүүсүнө жана модернизацияланышына багытталган программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана техникалык жактан колдоо;
- мамлекеттик маалыматтык системалардын жана ресурстардын абалынын мониторинги;
- маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана маалыматташтыруу тармагындагы долбоордук документтердин экспертизасын жүргүзүү;
- мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына маалыматтык-коммуникациялык технологиялар тармагында маркетингдик изилдөөлөрдү жүргүзүү жана консультациялык кызматтарды көрсөтүү;
- Мекеменин компетенциясына кирген маселелер боюнча конференцияларды, семинарларды, көргөзмөлөрдү жана башка иш-чараларды уюштуруу жана жүргүзүү;
- маалыматтык ресурстар жана технологиялар тармагындагы илимий-изилдөө жана инновациялык ишти жүргүзүү;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык системаларын байланыш каналдары менен камсыздоо.
11. Мекеме Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Мекеменин максаттарына жана милдеттерине каршы келбеген башка иштерди жүзөгө ашырууга укуктуу.
12. Мекеме ушул Жободо аныкталган милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жана жеке жактардан материалдык ресурстарды, мүлктөрдү сатып алууга;
- мамлекеттик маалыматтык системалардын жана ресурстардын коопсуздугун, алардын бүтүндүгүн, жеткиликтүүлүгүнүн жана купуялуулугунун мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы маалыматтык коммуникациялык технологияларды пайдалануунун коопсуздугун камсыздоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын компетенттүү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүгө;
- жумушчу жана башка топторду жана комиссияларды түзүүгө;
- өз милдеттерин ишке ашыруу үчүн эл аралык финансылык жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын белгиленген тартипте тартууга;
- өзүнчө мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана жекече мүлктүк укуктарга ээ болууга жана милдеттерин аткаруу, соттордо доогер жана жоопкер катары чыгууга;
- Мекеменин кызматкерлерине консультация берүү, окутуу жана башка максаттар үчүн адистерди келишимдик негизде тартууга;
- эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн Мекеменин кызматкерлерин командировкага жиберүүгө;
- өзүнүн милдеттерин ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгек макулдашууларын, мөөнөттүү эмгек келишимдерин жана башка жарандык-укуктук келишимдерди түзүүгө;
- маалыматтык-коммуникациялык технологиялар тармагында мамлекеттик долбоорлорду жана техникалык стандарттарды иштеп чыгууга катышууга;
- мамлекеттик маалыматтык системаларды жана ресурстарды түзүү жана пайдалануу боюнча ченемдик укуктук актыларынын жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгууга катышууга;
- мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл маалыматты белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүүнү, кызматташууну ишке ашырууга.
13. Мекеме төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык өз милдеттерин аткарууга;
- Мекеменин отчётторун салык органдарына өз убагында берүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды төлөөгө;
- тикелей башкарууга берилген мамлекеттик мүлктүн сактыгын камсыз кылууга.
14. Мекеме ушул Жободо каралбаган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка милдеттерди аткара алат.
15. Мекеменин ишин жалпы координациялоону Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ишке ашырат.
16. Мекеменин ишине жалпы жетекчиликти Мекеменин директору ишке ашырат.
17. Директор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
18. Мекеменин директору Мекеменин атынан иш жүргүзүп, ишеним катсыз келишимдерди түзөт, анын ичинде эмгек келишимдерин түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда эсептешүү жана башка эсептерди ачат, ушул Жободо белгиленген чектерде каражаттарды башкаруу укугунан пайдаланат, белгиленген тартипте Мекеменин бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды, тескемелерди чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 660 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Кызматкерлердин иш жана эс алуу режими, аларды социалдык камсыздоо жана камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдери менен жөнгө салынат.
20. Мекеменин түзүмү, штаттык ырааттамасы директордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети тарабынан бекитилет. Мекеменин кирешелеринин жана чыгашаларынын сметалары Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен макулдашылат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 660 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Директор соттордо Мекеменин кызыкчылыктарын көздөө укугуна, юридикалык жана жеке жактар менен мамилелерде алардын атынан чыгуу укугуна ээ.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 660 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Директор Мекемеге жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жекече жоопкерчиликтүү болот.
23. Мекемеде директордун орун басарынын кызматы каралган, ал директордун белгиленген тартиптеги сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
24. Мекеме Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бухгалтердик эсепти жүргүзөт.
25. Мекеме өз ишин иштелип чыккан иш пландарынын негизинде жүргүзөт. Мекеменин келечектүү иш пландары Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети тарабынан бекитилет. Мекеменин жылдык жана күндөлүк иш пландарын Мекеменин жамааттык келишиминин жоболорун эске алуу менен директор бекитет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 660 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Мекеме белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине финансы-чарбалык иштин жыйынтыгы жөнүндө отчет берет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 660токтомунун редакциясына ылайык)
27. Мекеменин мүлкү мамлекеттин менчиги болуп саналат.
28. Мекеменин мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүү каражаттары, ошондой эле наркы мекеменин өзүнчө балансында чагылдырган башка материалдык байлыктар түзөт.
29. Мекеменин мүлкүн түзүү булактары төмөнкүлөр болуп саналат:
- тикелей башкаруудагы мүлк;
- гранттар, банктардын жана башка насыя берүүчүлөрдүн насыялары;
- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка кирешелер.
30. Мекеме Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектерде ага бекитилип берилген мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана башкаруу укугун жүзөгө ашырат.
31. Мекеме ага бекитилип берилген мүлктү жана ага смета боюнча бөлүнгөн каражаттардын эсебинен сатып алынган мүлктү бул мүлктүн менчик ээсинин макулдугу менен ээликтен ажыратууга же башка ыкма менен башкарууга укуктуу.
32. Тикелей башкаруу укугунда мекемеге бекитилип берилген мүлктүн менчик ээси ашыкча же арналышы боюнча пайдаланылбаган мүлктү алып коюуга жана аларды өзүнүн кароосу боюнча башкарууга укуктуу.
33. Мекеме алган кирешелер, ошондой эле ал кирешелердин эсебинен сатылып алынган мүлк Мекеменин өз алдынча башкаруусуна келип түшөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланылат.
34. Мекеменин кирешелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бөлүштүрүлөт.
35. Мекемени жоюу жана өзгөртүп уюштуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен ишке ашырылат.
36. Мекемени жоюудагы насыя берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандыргандан кийинки калган мүлкү Уюштуруучуга өткөрүлүп берилет.
37. Мекеменин иши токтотулганда анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.