КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 7-октябры № 578
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо тармагында Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин кызматташуусунун негизги багыттары жөнүндө 2000-жылдын 25-январындагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Минск шаарында 2011-жылдын 19-майында кол коюлган протоколду бекитүү жөнүндө
Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо тармагында Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин кызматташуусунун негизги багыттары жөнүндө 2000-жылдын 25-январындагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Минск шаарында 2011-жылдын 19-майында кол коюлган протокол бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасы аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболордун аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетинин дарегине билдирүү жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 15-ноябрындагы № 671 "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо тармагында Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин кызматташуусунун негизги багыттары жөнүндө Макулдашууну бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"3. Бул Макулдашуудан келип чыгуучу милдеттерди аткаруу жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.";
- 4-пункт күчүн жоготту деп табылсын:
- 6-пункттагы "Премьер-министр" деген сөздөр "Өкмөтүнүн" деген сөзгө алмаштырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| Дж.Оторбаев |