Редакцияот 13.10.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 13-октябры № 596

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын

1-июлундагы № 107 «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сот экспертизалар борборун материалдык-техникалык камсыздоонун маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Мамлекеттик менчиктеги объекттерди сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17 - беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы № 107 «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сот экспертизалар борборун материалдык-техникалык камсыздоонун маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

2-пунктунда:

- «0,17» цифралары «0,3» цифралары менен алмаштырылсын;

- «объектти» деген сөз «объекттерди» деген сөз менен алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев