Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ТОКТОМУ
2015-жылдын 23-июну
Жаран Аскар кызы Жанаранын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 19-о «Жаран Аскар кызы Жанаранын кайрылуусун ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуу жѳнүндѳ» аныктамасына даттануусун канааттандыруусуз калтыруу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: тѳрагалык кылуучу - судья М. Ш. Касымалиев, судьялар К. Абдиев, Ч. А. Айдарбекова, М. Р. Бобукеева, Э. Т. Мамыров, А. О. Нарынбекова, Э. Ж. Осконбаев, Ч. О. Осмонова, Ж. И. Саалаевдын курамында, соттук отурумдун катчысы Н. А. Илиязованын катышуусунда, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесенин 5-бѳлүгүн жетекчиликке алып, соттук отурумда жаран Аскар кызы Жанаранын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 19-о «Жаран Аскар кызы Жанаранын кайрылуусун ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуу жѳнүндѳ» аныктамасына даттануусун карап чыкты.
Даттануу боюнча соттук отурумду даярдоону жүргүзгөн судья А. О. Нарынбекованын маалыматын угуп, көрсөтүлгөн материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т А П Т Ы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2015-жылдын 19-майында жаран Аскар кызы Жанаранын «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 3- бөлүгүн конституциялуу эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 32-беренесинин 2, 3-бѳлүктѳрүнѳ, 35-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ карама-каршы келет деп таануу жѳнүндѳ ѳтүнүчү келип түшкѳн.
Ѳтүнүчтѳн келип чыккандай, арыздануучу жана башка анын диндештери ар ким биригүү эркиндигине укуктуу деп бекитилген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 35-беренесине ылайык диний таламдарынын бирдейлигине байланыштуу диний уюмга биригишкиси келишет.
Бирок, кайрылуу субъектисинин ырастоосуна караганда «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талашылып жаткан ченеми диний уюмдун уюштуруучуларынын санына болгон жогорулатылган талаптарды камтуу менен анын укуктарын чектейт жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 32-беренесинин 2, 3-бѳлүктѳрүнѳ, 35-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ карама-каршы келет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясы А. О. Нарынбекова, Э. Ж. Осконбаев, М. Р. Бобукееванын курамында жаран Аскар кызы Жанаранын кайрылуусун карап чыгып, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесенин 2-бѳлүгүн, 3-бѳлүгүнүн 5-пунктун, 5-бѳлүгүн жетекчиликке алып, 2015-жылдын 16-апрелинде тѳмѳнкүлѳрдүн негизинде аны ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуу жѳнүндѳ аныктама кабыл алган.
«Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесенин 3-бѳлүгүнүн 5-пунктуна ылайык, эгерде кайрылууда көрсөтүлгөн маселенин конституциялуугу Конституциялык палата тарабынан текшерилсе жана анын өз күчүн сактаган актысы бар болсо Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясы кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартат.
Ошентип, 2014-жылдын 4-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тарабынан Кыргыз Республикасындагы Иегова күбөлөрүнүн диний борборунун кайрылуусу боюнча «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнүн конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ иш каралган жана мыйзамдын жогоруда аталган ченемдери, анын ичинде уюштуруучулардын санына тийиштүү болгон бѳлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп таануу жѳнүндѳ чечим кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 19-о
аныктамасы макул болбостон жаран Аскар кызы Жанара 2015-жылдын 19-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына даттануу менен кайрылган.
Ѳзүнүн даттануусунда жаран Аскар кызы Жанара Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын жогоруда аталган ѳтүнүчтү ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуу жѳнүндѳ аныктамасы менен анын Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен каралган соттук коргонуу укугу жана Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык пакттын 18-беренеси менен каралган дин тутуу эркиндиги бузулган деп белгилейт.
Арыздануучу аталган Пакттын 18-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 32-беренесине таянып, абийир, дин тутуу, жана диний кѳз караш эркиндиктери ар кимдин жеке эркиндиги деп эсептейт.
Ушунун негизинде жаран Аскар кызы Жанара Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 19-о аныктамасын жокко чыгарып жана кайрылууну ѳндүрүшкѳ кабыл алууну суранат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жаран Аскар кызы Жанаранын даттануусун жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын ушул кайрылууну ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуу жѳнүндѳ аныктамасында келтирилген негиздерди изилдеп чыгып, тѳмѳнкү жыйынтыктарга келет.
«Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 2, 3-бөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын текшерүү предметтери болгон жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 4-сентябрындагы № 45-Р чечими менен аталган ченемдер Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп таанылган жана жаңы кароонун предмети боло албайт.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 19-о «Жаран Аскар кызы Жанаранын кайрылуусун ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуу жѳнүндѳ» аныктамасын жокко чыгаруу үчүн негиз тапкан жок.
Жогорулардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 28-беренесинин 5-бѳлүгүн, 51-беренесинин 1-бѳлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Жаран Аскар кызы Жанаранын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 19-о «Жаран Аскар кызы Жанаранын кайрылуусун ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуу жѳнүндѳ» аныктамасын жокко чыгаруу жѳнүндѳ даттануусу канаттандыруусуз калтырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын токтому акыркы, даттанууга жатпайт жана кол коюлган учурдан тартып күчүнѳ кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы