Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 14-октябры № 599
Автотранспорт каражатын мамлекеттин
менчигине алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 174 жана 175-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) арызынын негизинде 2011-жылы чыгарылган, «Volkswagen Tiguan» маркасындагы, кыймылдаткычынын № CAW130211, кузовунун № WVGZZZ5NZCW538177 ак түстөгү автотранспорт каражатын бажы режиминде мамлекеттин пайдасына баш тартууну тариздөөнү жүргүзсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд автотранспорт каражатын мамлекеттин менчигине белгиленген тартипте кабыл алып, анын наркын бааласын жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тикелей башкаруусуна өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автотранспорт каражатын белгиленген тартипте тикелей башкарууга кабыл алсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |