Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ТОКТОМУ
2017-жылдын 26-сентябры
Арсен Медербекович Байзаковдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 29-июнундагы № 38 аныктамасына даттануусун канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: төрагалык кылуучу - судья Э.Т. Мамыров, судьялар К. Абдиев, Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, М.Ш. Касымалиев, К.М. Киргизбаев, А.О. Нарынбекова, Э.Ж. Осконбаев, Ч.О. Осмонова, Ж.И. Саалаевдин курамында, соттук отурумдун катчысы Н.А. Кененсариеванын катышуусунда «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 5-бөлүгүн жетекчиликке алып, А.М. Байзаковдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 29-июнундагы № 38 аныктамасын жокко чыгаруу жѳнүндѳ даттануусун соттук отурумда карап чыкты.
Жаран А.М. Байзаковдун даттануусунда баяндалган жүйөлөрдү жана өтүнүч боюнча материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т А П Т Ы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2017-жылдын 24-майында жаран А.М. Байзаковдун «экстремисттик материалдарды сактоо» деген сөздөр менен баяндалган Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 299-2-беренесинин 1-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 31-беренесинин 3-бөлүгүнө, 33-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.
А.М. Байзаков өзүнүн кайрылуусунда жарандар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 299-2-беренесинин 1-бөлүгүнүн ченемдик жоболорунун негизинде жазык куугунтугуна туш болууда, ага ылайык экстремисттик материалдарды сактоо үчүн жазык жоопкерчилиги каралган деп көрсөткөн. Укук коргоо жана сот органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин талашылып жаткан 299-2-беренесинин 1-бөлүгүнүн ченемдик жоболорун колдонуунун натыйжасында жарандар өзүнүн диний ынанымдарынан баш тартууга мажбур болууда, бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 32-беренесинин 3, 4-бөлүктѳрүнө, 33-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет.
Арыздануучу укук коргоо органдары ушул жагдайдын аркасы менен өзүнүн ишмерлигинин отчеттуулугунда экстремизмге каршы күрөшүү боюнча оң динамиканы чагылдырышууда деп белгилейт.
Бирок, тинтүүнүн натыйжасында табылган жана алынган адабияттын ичинде баяндалган идеялар менен аны сактаган жаран макул эмес жана аны сактоо автордун ынанымдары менен макул болуу дегенди билдирбейт. Мында, өзүнүн ишмерлигин мыйзамсыз жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын корутундусунун негизинде жарандар жазык жоопкерчилигине тартылууда деп кайрылуунун субъекти көрсөтүүдө.
Жогоруда баяндалган позицияларды эске алуу менен, арыздануучу талашылып жаткан ченемдерди Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясы «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 24-беренесинин экинчи абзацын, 25-беренесинин 3-бөлүгүнүн 9-пунктун, 28-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүн, 3-бөлүгүнүн 1-пунктун, 5-бөлүгүн жетекчиликке алып, 2017-жылдын 29-июнундагы № 38 аныктамасы менен өтүнүчтү өндүрүшкө кабыл алуудан кийинки негиздер боюнча баш тарткан.
Келип түшкөн кайрылуу боюнча «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык, судьялар коллегиясы тарабынан биринчи кезекте кайрылууда коюлган маселелерди конституциялык сот өндүрүштө кароо мүмкүндүгүнөн жана кайрылуунун жогоруда аталган конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык келүүсүнөн келип чыгып, аны өндүрүшкө кабыл алуу же кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө маселени чечет.
Арыздануучунун келтирген жүйөлөрү талашылып жаткан ченемдин Конституция ылайык келүү маселесинде күмөндүүлүктүн болуусун ырастаган укуктук аргумент катары каралышы мүмкүн эмес, анткени алар аны менен талашылып жаткан ченемдин туура эмес колдонулушу тууралуу маселе коюлуп жатканын күбѳлѳндүрѳт. Бирок мындай маселени чечүү иштин нагыз жагдайларынын изилденишин талап кылат.
Ошону менен бирге, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамга ылайык талашылып жаткан ченемдик укуктук актынын укук колдонуулусуна байланыштуу маселелерди кароо Конституциялык палатанын ыйгарым укуктарынын алкагына кирбейт. Көрсөтүлгөн конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы укук маселелерди гана белгилейт жана чечет. Демек, кайрылууда жүйө катары келтирилген кызмат адамдардын аракеттери талашылып жаткан ченемдин конституциялуулугундагы күмөндүүлүктү туудурган жагдай катары бааланышы мүмкүн эмес.
Ага ылайык, арыздануучунун кайрылуусунда «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 24-беренесине ылайык ишти кароо үчүн негиз болуп саналган укуктук күмөндүүлүк жок.
«Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1, 4-пункттарына ылайык, эгерде кайрылуу таризи жана мазмуну боюнча жогоруда кѳрсѳтүлгѳн конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык келбесе, ошондой эле кайрылууда билдирилген талап Конституциялык палатага караштуу болбосо, судьялар коллегиясы кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартат.
Жогоруда баяндалганга байланыштуу, судьялар коллегиясы кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктама кабыл алган.
А.М. Байзаков, судьялар коллегиясынын жогоруда көрсөтүлгөн аныктамасы менен макул болбой, 2017-жылдын 18-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына даттануу менен кайрылган. Өзүнүн даттануусунда ал кайрадан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 299-2-беренесинин 1-бөлүгүнүн ченемдик жоболорунун негизинде жарандар жазык куугунтугуна туш болууда, ага ылайык экстремисттик материалдарды сактоо үчүн жазык жоопкерчилиги каралган деп белгилөөдө. Укук коргоо жана сот органдары тарабынан талашылып жаткан ченемдик жобону колдонуунун натыйжасында таркатуу максатын көздөбөгөн айрым жарандар маалыматтык материалды сактоо үчүн куугунтукка алынууда, бул жарандарды өзүнүн диний ынанымдарынан баш тартууга мажбур кылууда.
Андан ары, арыздануучу өзүнүн даттануусунда ѳз кѳз карашын негиздѳѳ катары кайрылууда белгиленген жүйѳлѳр сымал, талашылып жаткан ченемдин соттук жана укук коргоо органдары тарабынан колдонуу тажрыйбасын кѳрсѳтүүчү жүйѳлѳрдү келтирүүдѳ.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын тыянактары туурасында арыздануучу алар өтүнүчтү формалдуу түрдө, маселенин маңызын түшүнбѳстѳн карап чыккан деп белгилөөдө.
Ушуга байланыштуу А.М. Байзаков Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 29-июнундагы № 38 аныктамасын жокко чыгарууну жана анын Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 299-2-беренесинин 1-бөлүгүнүн ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө өтүнүчүн маңызы боюнча карап чыгууну суранууда.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы арыздануучунун жүйөлөрүн жана судьялар коллегиясынын кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуунун негиздерин талкуулап, кийинкидей тыянактарга келүүдө.
Укуктук аныктык принцибине ылайык формалдуу аныктык, тактык, ачыктык, укуктук ченемдердин кош маанилүү эместик жана алардын колдонуудагы укуктук жөнгө салуудагы макулдаштык зарылдыгы шартталат. Ага ылайык, көрсөтүлгөн критерийлерге жооп бербеген ченемдик укуктук актылар адамдын, жарандын конституциялык укуктарынын жана эркиндиктеринин бузулушуна алып келиши мүмкүн.
Мында ченемдик укуктук актылардын конституциялуулук презумпциясынын күчүнө карай ченемдик укуктук актылардын конституциялуу эместиги тууралуу маселени коюу алардын конституциялуулугунда күмөндүүлүктү туудурган ынанымдуу жүйөлөр болгондо гана мүмкүн.
«Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 25-беренеси өзүндө кайрылууга карата жалпы талаптарды, анын ичинде кайрылууну кароо үчүн конкреттүү негиздерди камтыйт. Көрсөтүлгөн конституциялык Мыйзамдын 24-беренесинде мыйзамдын, башка ченемдик укуктук актынын Конституцияга ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу - ишти кароого негиз болуп эсептелет деп белгиленген. Ошону менен бирге, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 3-бөлүгү менен, эгерде кайрылуу таризи жана мазмуну боюнча аталган конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык келбесе, судьялар коллегиясы кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартат деп белгиленген. «Мазмун» деген түшүнүккө конституциялык Мыйзамда ишти кароо үчүн көрсөтүлгөн конкреттүү негиздер, анын ичинде талашылып жаткан ченемдердин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ылайыктуулугу маселесинде күмөндүүлүктүн болуусу да кошулат (конституциялык Мыйзамдын 24-беренеси, 25-беренесинин 3-бөлүгүнүн 8-пункту).
Арыздануучунун өтүнүчүндө талашылып жаткан ченем жана кайрылууда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдери ортосунда карама-каршылыктын болуусунда күмөндүүлүктү туудурган жүйөлөр жок. Ушуга байланыштуу, талашылып жаткан ченемдик жободо укуктук күмөндүүлүктүн жоктугу туурасындагы судьялар коллегиясынын тыянактары негиздүү болуп саналат.
Жазык жоопкерчилигин белгилөө, анын ичинде экстремисттик материалдарды сактоо үчүн дагы бул мыйзам чыгаруучунун «Кыргыз Республикасында дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 8-бөлүгүнүн жана «Экстремисттик ишмерликке каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдик көрсөтмөлөрүнүн жүзөгө ашырылуусуна багытталган ченем жаратуучу ишмерлигинин логикалык уландысы болуп саналат.
Арыздануучу «экстремисттик материалдарды сактоо» деген сөздөр менен баяндалган Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 299-2-беренесинин 1-бөлүгүнүн жоболорунун конституциялуулугун талашып жатып, бул ченемди тергөө жана соттук органдар тарабынан колдонуу тажрыйбасына шилтеме жасап, өзүнүн кѳз карашын негиздеп берүүдө. Ошону менен бирге, талашылып жаткан ченемдин укук колдонуу тажрыйбасына байланыштуу маселелерди чечүү «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ыйгарым укуктарына кирбейт.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 5-бөлүгүн, 46, 47, 48-беренелерин, 51-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Асрен Медербекович Байзаковдун «Жаран Арсен Медербекович Байзаковдун Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 299-2-беренесинин 1-бөлүгүнүн ченемдик жоболорунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө кайрылуусун өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 29-июнундагы № 38 аныктамасын жокко чыгаруу жөнүндө даттануусу канааттандыруусуз калтырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ушул токтому акыркы, даттанылууга жатпайт жана кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы