Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-октябры № 586
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, Кыргыз Республикасынын мыйзам менен аскердик кызмат каралган башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мамлекеттик органдарында аскер кызматчыларын медициналык күбөлөндүрүү маселелерин тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 771 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынчтык жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө (тынчтык жана согуш убагында) жободо:
- бүткүл тексти боюнча:
түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Аскердик-дарыгердик комиссиясы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Аскердик-дарыгердик комиссиясы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"Коргоо министрлигинин АДК" деген сөздөр жана аббревиатура "КР КК ГШ АДК" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
түрдүү жөндөмөдөгү "чакыруу участогуна каттоодо", "каттоодо" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "алгачкы аскердик каттоого коюуда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пункттун расмий тилдеги текстиндеги "(далее - Министерство обороны)" деген сөздөр алып салынсын;
- 7-пункттун расмий тилдеги текстиндеги "(приложение № 1)" деген сөздөр алып салынсын;
- 9-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"9. Медициналык күбөлөндүрүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
№ | Медициналык күбөлөндүрүүгө тийиш адамдар | Медициналык күбөлөндүрүүнү өткөрүүчү аскердик-дарыгердик (дарыгердик) комиссиялар | Медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүлүүчү оорулардын ырааттамасынын жана дене түзүлүшүнүн кемчиликтеринин графасы |
1 | Жарандар: |
|
|
| а) аскердик каттоого алгачкы коюуда | Аскер комиссариаттарына караштуу дарыгердик комиссиялар; | I |
| б) аскердик жана альтернативдик кызматка чакырууда | аскер комиссариаттарына караштуу дарыгердик комиссиялар | I |
2 | Контракт боюнча аскердик кызматка өтүп жаткан жарандар | Алдын ала медициналык күбөлөндүрүү - аскер комиссариаттарына караштуу дарыгердик комиссиялар. Биротоло медициналык күбөлөндүрүү - гарнизондук, госпиталдык АДКлар | I, офицерлер - III |
3 | Чакыруу боюнча аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчылары | Гарнизондук, госпиталдык АДКлар | I, офицерлер - III |
4 | Контракт боюнча аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчылары | Гарнизондук, госпиталдык АДКлар | III, V же VI |
5 | Офицердик курамдагы адамдар, запастагы прапорщиктер | Гарнизондук, госпиталдык АДКлар | III |
6 | Запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдоого тартылуучу жарандык жогорку жана орто атайын окуу жайларынын студенттери (курсанттар, угуучулар) | Гарнизондук, госпиталдык АДКлар | I |
7 | Аба кыймылын уюштуруу борборлорунун нөөмөт сменаларынын офицерлери | Дарыгердик-учкучтук комиссиялар, алар жок болсо гарнизондук же госпиталдык АДКлар | VI |
8 | Альтернативдик кызматтын кызматчылары | Гарнизондук, госпиталдык АДКлар | I |
9 | Альтернативдик кызматты өтөгөн запастагы аскерге милдеттүүлөр | Гарнизондук, госпиталдык АДКлар, аскер комиссариаттарына караштуу дарыгердик комиссиялар | I |
10 | Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн аскер кызматчыларынын жана кызматчылардын ичинен дарыгер-физиологдор, куткаруучу отряддардын медициналык топторунун дарыгерлери | Гарнизондук, госпиталдык АДКлар | IV |
11 | Аскердик окуу жайларга тапшырып жаткан жарандык жаштардын ичиндеги адамдар | Алгачкы медициналык күбөлөндүрүү - аскер комиссариаттарына караштуу дарыгердик комиссиялар. Биротоло медициналык күбөлөндүрүү - аскердик окуу жайлардагы АДКлар | II |
12 | Аскердик окуу жайларга тапшырып жаткан аскер кызматчылары | Алгачкы медициналык күбөлөндүрүү - госпиталдык, гарнизондук АДКлар. Биротоло медициналык күбөлөндүрүү - аскердик окуу жайлардагы АДКлар | II |
13 | Аскердик академияларга тапшырып жаткан офицердик курамдагы адамдар | Госпиталдык, гарнизондук АДКлар | III, V же VI |
14 | Билимин өркүндөтүүчү сырттан окуу факультеттерине, ординатурага, адъюнктурага тапшырып жаткан офицердик курамдагы адамдар | Гарнизондук, госпиталдык АДКлар | III, V же VI |
15 | 6 айдан жогору окутуу узактыгы менен билимин өркүндөтүү курстарына, анын ичинде офицерлерди даярдоо жана кайра даярдоо боюнча курстарга жиберилүүчү аскер кызматчылары | Гарнизондук, госпиталдык АДКлар | I, III, IV, V же VI, аскердик наамына жана курстардын багытына жараша |
16 | Аскердик окуу жайлардын угуучулары (офицерлери) | Гарнизондук, госпиталдык АДКлар | III, IV, V же VI, аскердик окуу жайдын багытына жана факультетине жараша |
17 | Жогорку жана орто аскердик окуу жайлардын курсанттары: |
|
|
| а) биринчи курстагы окууда | Гарнизондук, госпиталдык АДКлар | II, I |
| б) экинчи курстан баштап | Гарнизондук, госпиталдык АДКлар | I, IV, V же VI, аскердик окуу жайдын багытына жана факультетине жараша |
| в) акыркы (бүтүрүүчү) курста, ошондой эле беш жылдык окуу мөөнөтүндөгү төртүнчү курста | Гарнизондук, госпиталдык АДКлар | III, IV, V же VI, аскердик окуу жайдын багытына жана факультетине жараша |
18 | Аскердик окуу жайга экзаменди экстерн аркылуу берүүчү аскер кызматчылары | Гарнизондук, госпиталдык АДКлар | III, IV же VI, аскердик окуу жайдын багытына жана факультетине жараша |
19 | ЭМТ булактары, КРТ, иондошкон нурлануу булактары менен иштөөгө дайындалган (кабыл алынган) Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчылары, жумушчулары жана кызматчылары | Гарнизондук, госпиталдык АДКлар | V |
20 | ЭМТ булактары, КРТ, иондошкон нурлануу булактары менен иштөөчү Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчылары, жумушчулары жана кызматчылары | Гарнизондук, госпиталдык АДКлар | VI |
Оорулардын тизмесинин II графасы боюнча андан ары окууга жараксыз деп табылган аскердик окуу жайлардын курсанттарына (офицердик наамы жок - угуучуларга) карата, АДК ошол эле убакта алардын аскердик кызматка жарактуулугу жөнүндө маселени чечет жана тийиштүү токтом кабыл алат.
Курсанттардын (офицердик наамы жок - угуучулар) ден соолугундагы убактылуу мүнөздөгү өзгөрүүлөрдө АДК кызматтык милдеттерди аткаруудан, сабактардан бошотуу (мындан ары - бошотуу) же оорусу боюнча өргүүгө муктаждыгы жөнүндө гана токтом кабыл алат. Мындан аркы окууга алардын жарактуулугу жөнүндө токтом Оорулардын тизмесинин II графасы боюнча жана аскердик кызматка жарактуулугу жөнүндө маселени биротоло чечүү Оорулардын тизмесинин I, III графасы боюнча бошотуунун, оорусу боюнча өргүүнүн мөөнөтү аяктагандан кийин негиздер болгондо гана кабыл алынат.
ЭМП булактары, КРТ, иондошкон нурлануу булактары менен иштөө үчүн кадрларды даярдаган аскердик окуу жайларга (факультеттерге, курстарга) тапшырып жаткан аскер кызматчылары Оорулардын тизмесинин V графасы боюнча күбөлөндүрүлөт.
Аскердик окуу жайларда окуп жаткан чет мамлекеттердин аскер кызматчылары, ошондой эле консультация берүүгө келишкендер Оорулардын тизмесинин III, IV, VI графалары боюнча (ЖОЖдун багытына жараша) күбөлөндүрүлөт. АДКнын токтому аскер кызматчысынын аскердик окуу жайда окууга жарактуулугу же жараксыздыгы жөнүндө гана кабыл алынат, аскердик дарыгердик (дарыгердик) комиссиянын жыйындарынын протоколдор китебинде, Оорулардын тизмесинин жана дене түзүлүшүнүн кемчиликтерине (№ 2 тиркеме) шилтеме жасалбастан маалымкат (№ 9 тиркеме) менен таризделет жана штаттык АДК менен бекитүүгө жатпайт.
Куралдуу Күчтөрдүн авиациясынын учуучу курамын даярдоо боюнча аскердик окуу жайларынын курсанттары, учуучу курамы жана ушул аскердик окуу жайларга тапшырып жаткан талапкерлер Куралдуу Күчтөрдүн жана Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн авиациясынын учуучу курамын медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобого ылайык күбөлөндүрүлөт.
Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор Д.А.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейине тапшырып жаткан талапкерлер, ошондой эле анын тарбиялануучулары Лицейге тапшыруучуларды жана лицейдин тарбиялануучуларын медициналык күбөлөндүрүү боюнча нускамага ылайык күбөлөндүрөт.
Медициналык күбөлөндүрүү:
- аба кыймылын башкаруу (мындан ары - АКБ) операторлорунун аба кемелерин башкарууга жарактуулугун аныктоо үчүн жыл сайын өткөрүлөт. Кезексиз медициналык күбөлөндүрүү АКБ операторунун ден соолугунун абалы өзгөргөн учурда же аба кемелерин башкарууда каталары болгондо аскер бөлүгүнүн командиринин чечими боюнча өткөрүлүшү мүмкүн;
- запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдыкка тартылган жогорку жана орто атайын окуу жайлардын студенттерин (курсанттарын жана угуучуларын) медициналык күбөлөндүрүү аскердик даярдоо курсунун башталышы алдында, ал эми ден соолугунун абалына даттануулары болгондо - окуу процессинде деле өткөрүлөт.".
Расмий тилдеги текст төмөнкү мазмундагы 10, 11-пункттар менен толукталсын:
"10. В отношении военнослужащих, признанных негодными к работе с источниками ионизирующих излучений, КРТ, источниками электромагнитного поля (далее - ЭМП), а также к службе по другим военным специальностям, ВВК одновременно решает вопрос о годности к военной службе в Вооруженных Силах по графам I, III или IV Расписания болезней, в зависимости от их воинского звания.
11. Военнослужащие, направляемые на курсы усовершенствования продолжительностью обучения менее 6 месяцев, в том числе на курсы по подготовке и переподготовке офицеров, медицинскому освидетельствованию ВВК не подлежат, кроме военнослужащих, направляемых в иностранные государства.";
- 15-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине" деген сөздөр алып салынсын;
- 19-пункттун "в" пунктчасындагы "майып деп таанылган адамда" деген сөздөр "ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 23-пунктта:
биринчи абзацы "кол коет" деген сөздөрдөн кийин ", врачтын өздүк мөөрү менен күбөлөндүрүлөт" деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи абзацында:
биринчи сүйлөмдөгү "анкетасы" деген сөз "баракчасы" деген сөз менен, "26" деген цифралар "27" деген цифралар менен алмаштырылсын;
экинчи сүйлөмдөгү "барагы" деген сөз "анкетасы" деген сөз менен, "27" деген цифралар "26" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 28-пункттун экинчи абзацындагы "27 жашка" деген цифралар жана сөз "25 жашка" деген цифралар жана сөз менен алмаштырылсын;
- 36-пункттагы "административдик изилдөө" жана 58-пункттагы "административдик тергөө" деген сөздөр "кызматтык териштирүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 36-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кызматтык териштирүүнүн материалдары жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюуда, аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырууда медициналык күбөлөндүрүүнү контролдоо жүктөлгөн аскер комиссарлары тарабынан КР КК ГШ АДКга берилет.";
- 49-пункттун экинчи абзацындагы "11 "б" жана 23 "б" деген цифралар жана тамгалар алып салынсын;
- 50-пунктта:
ар кандай жөндөмөдөгү "отставкадагы, запастагы генерал, адмирал, офицер" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "запаска же отставкага бошотулган аскер кызматкери" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
биринчи абзацындагы "азыркы мезгилде" деген сөздөр алып салынсын;
- 57-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Толук медициналык күбөлөндүрүү башталаардын алдында ЖОЖдорго тапшырып жаткан бардык талапкерлерге кандын жана зааранын жалпы анализин изилдөө жүргүзүлөт.";
- 111-пунктта:
кырк экинчи абзацтагы "башка аскер бөлүктөрүнө" деген сөздөр "камсыздоонун башка бөлүнүштөрүнө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"б" пунктчасынын бешинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы "з" пунктчасы менен толукталсын:
"з) альтернативдик кызматтын кызматчыларына карата:
- "Альтернативдик кызматка жарактуу";
- "Альтернативдик кызматка жараксыз, тынчтык убакта аскердик кызматка жараксыз, согуш убагында аскердик кызматка жарактуулугу чектелүү";
- "Альтернативдик кызматка жараксыз, аскердик кызматка аскердик каттоодон чыгаруу менен жараксыз";
- "Аскердик кызматка жарактуу".
Мында ооруларынын (контузия, жаракат, майыптык) себептик байланышы көрсөтүлбөйт";
- 118-пункттун экинчи абзацындагы "12" деген цифра "9" деген цифрага алмаштырылсын;
- 130-пунктта:
"б" пунктчасынын биринчи абзацы "оору" деген сөздөн кийин "Ооба" деген сөз менен толукталсын;
"б" пунктчасынын алтынчы жана жетинчи абзацтары күчүн жоготту деп табылсын;
"в" пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
"в) "Оору, жок, аскердик кызмат менен байланышкан эмес":
- эгерде ал күбөлөндүрүлүүчүдө аскердик кызматка чакырууга чейин пайда болсо жана аскердик кызмат оорусуна жана аскердик кызматка жарактуулугуна таасир этпесе;
- эгерде күбөлөндүрүлүүчү жаракатты (контузия, майыптык, жаракат) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте коомдук коркунучтуу же алкоголдук, баңги же уу жыттап мас болуу менен түздөн-түз байланышта деп таанылган жорукту жасоонун натыйжасында алса;
- эгерде аскер кызматчысы кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы же укук коргоо органдары тарабынан аныкталган кандайдыр бир залалды өзүнө атайын же этиятсыздыктан келтирсе.";
- 151-пункттун "в" пунктчасындагы "ошондой эле аскердик кызмат (аскердик жыйындарды) өтөө мезгилинде алган жаракаттын (контузия, жаракат, майыптык), оорунун кесепеттери бар болсо же аскердик кызматтан (аскердик жыйындын бүтүшү) бошотулгандан кийин бир жыл өтө электе жаранга майыптык белгиленсе же каза болсо" деген сөздөр "ошондой эле аскердик кызматты (аскердик жыйындарды) өтөө мезгилинде алган жаракаттын (контузия, жаракат, майыптык), оорунун кесепеттеринен аскердик кызматтан (аскердик жыйындын бүтүшү) бошотулгандан кийин бир жылга чейин майыптык белгиленсе же каза болсо" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Оорулардын жана дене түзүлүшүнүн кемчиликтеринин расписаниеси" деген 2-тиркемеде:
Таблицанын 3-мамычасында 22-пункттун "в" пунктчасындагы, 23-пункттун "в" пунктчасындагы, 26-пункттун "в" пунктчасындагы, 61-пункттун "в" пунктчасындагы, 64-пункттун "б" пунктчасындагы "Альтернативдик кызматка жарактуулар, согуш убакта аскердик кызматка чектүү жарактуулар" деген сөздөр "Чакырылуучулар - альтернативдик кызматка жарактуу, согуш убагында аскердик кызматка чектүү жарактуу. Чакыруу боюнча аскер кызматчылары - аскердик кызматка жарактуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
31-пункт "Афакия" деген сөздөн кийин "жана артифакия" деген сөздөр менен толукталсын;
46-пунктта:
"а" пунктчасындагы "III стадиясы" деген цифра жана сөз "Оор даражадагы жүрөк жетишсиздиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"б" пунктчасындагы "II стадиясы" деген цифра жана сөз "Орточо даражадагы жүрөк жетишсиздиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"в" пунктчасындагы "I стадиясы" деген цифра жана сөз "Жеңил даражадагы жүрөк жетишсиздиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"г" пунктчасындагы "жалпы же коронардык кан айлануунун бузулуусу жок" деген сөздөр "сол карынчанын симптомусуз дисфункциясы менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
таблицасынын 47-пунктунун "а", "б", "в" пунктчаларындагы "даражасы" деген сөздөр "стадиясы" деген сөз менен алмаштырылсын;
48-пунктта:
"а" пунктчасындагы "III даражасы" деген цифра жана сөз "функциялардын маанилүү бузулуусу менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"б" пунктчасындагы "II даражасы" деген цифра жана сөз "функциялардын орточо бузулуусу менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"в" пунктчасындагы "I даражасы" деген цифра жана сөз "функциялардын бир аз бузулуусу менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
63-пункттун "б" пунктчасы "бузулушу" деген сөздөн кийин "жана тез-тез күчөшү" деген сөздөр менен толукталсын;
- "Оорулардын жана дене түзүлүшүнүн кемчиликтерине расписаниесинин бөлүмдөрүн колдонууга түшүндүрмө" деген 3-тиркеме:
аталышы "Оорулардын жана дене бой кемчиликтеринин тизмесинин айрым пункттарын пайдаланууга түшүндүрмө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
9-пункттун алтынчы абзацы "Кабыл алынат." деген сөздөрдөн кийин "Геморрагиалдык васкулиттин жөнөкөй формалары менен күбөлөндүрүүчүлөр дарыланууга жатат. Өнөкөт учурда тийиштүү пунктчалар боюнча күбөлөндүрүлөт" деген сөздөр менен толукталсын;
12-пункттун алтынчы абзацындагы "Чакырылуучулар өз каалоосу менен мобилизациялык резервге кызмат кылышы мүмкүн" деген сөздөр алып салынсын;
20-пункттун биринчи абзацындагы "Инсандын чоң же кичине талмалар, психикалык эквиваленттери менен же өзгөчөлүктөрүнүн өзгөрүүлөрү менен генуиндик эпилепсияны алдын ала карайт" деген сөздөр "Эпилепсиянын криптогендик жана идиопатикалык формаларын алдын ала карайт. Психикалык бузулуулары менен коштолуучу эпилепсия тийиштүү пункттар боюнча каралат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
23-пунктта:
биринчи абзацындагы "баш жана жүлүн мээнин" деген сөздөр "мээнин жана жүлүндүн медициналык документтер менен ырасталган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төртүнчү абзацы "гипертензиондук синдромдун болушу" деген сөздөрдөн мурда "гидроцефалия менен айкалышкан" деген сөздөр менен толукталсын;
24-пункттун онунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- эстутумдун өтө тез начарлашы, анын ичинде кесиптик да, иш жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөөсү, эмоционалдуу-эрк сферасынын бузулушу, так органикалык симптомдор (вестибулярдык, пирамидалуу, псевдобульбардык ж.б.) менен жана көздүн түбүнүн өзгөрүүлөрү менен коштолуучу II стадиядагы дисциркуляцияланган энцефалопатия,";
26-пунктта:
биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"26. Оорулардын тизмесинин 26-пункту краниалдык жана далы нервдеринин, дүмүрчөктөрдүн ооруларын жана бузулууларын (биринчи жана экинчи) жана сезгенүү, интоксикациялык жана вертеброгендик генездеги ганглийди карайт.";
үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Оорулардын тизмесинин 26-пунктунун "б" пунктчасына перифериялык нервдердин жана тарамдардын дарттары, мезгил-мезгили менен дарыланууну талап кылуучу кабылдоо мезгилинде рефлектордук миотоникалык реакциялар менен, начарлаган дүмүрчөктөрдүн түшүү жана дүүлүктүрүү синдромдору менен коштолуучу негизги функция акырындык менен бүлүнүүчү омуртканын остеохондрозунун неврологиялык синдрому кирет.";
27-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Оорулардын тизмесинин 27-пунктунун "б" пунктчасына булчуң тобунун же өзүнчө булчуңдардын парездеринен буттардын (булчуңдардын гипотониясы, булчуң алсыздыгы, арефлексия, түшүү же дүүлүктүрүү тиби боюнча сезгичтигинин бузулушу, трофикалык бузулуулар) негизги функциясынын орточо бузулушунда перифериялык нервдердин жана тарамдардын жабыркашынын кесепеттери кирет.";
46-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"46. Оорулардын тизмесинин 46-пунктунун "а" пунктчасына IV ФК оорчулук даражадагы жүрөк жетишсиздиги бар жүрөк-кан тамыр ооруларынан башкалар кирет:
- жүрөк жетишсиздиги болгондо же болбогондо аралашкан жана (же) айкалышкан кийин пайда болгон жүрөк кемтиги;
- бөлүнгөн аорталык жүрөк кемтиктери;
- перикарданын кеңири облитерациясы;
- сол атриовентрикулярдык тешиктин бөлүнгөн стенозу;
- дилатациондук жана рестриктивдүү кардиомиопатия, сол карынчанын алып чыгуучу трактысынын гипертрофикалык кардиомиопатиясы;
- жүрөктүн клапандык аппаратында оперативдик кийлигишүүнүн кесепеттери, жүрөктүн I-IV ФК жетишпестиги болгондо ритмди жасалма башкаруусун алмаштыруу;
- туруктуу дарыланууга болбогон жүрөк ритминин жана өткөрүүнүн (толук AV-тосуу, II даражадагы AV-тосуу, политоптук ашказан экстрасистолиясы, пароксизмалдуу тахиаритмия, синус түйүнүнүн алсыз синдрому).
Айрым учурларда аскердик кызматта иштөөнүн чектүү жашына жете элек офицердик курамдын адамдары ритмди жасалма башкаруусун алмаштыргандан кийин, аортокоронардык шунттоо болгондо, ошондой эле миокарддын чектүү инфарктынан кийин, жүрөк ритминин жана өткөрүүнүн өтмө бузулуусу болгондо да иштөө жөндөмү сакталса Оорулардын тизмесинин 46-пунктунун "б" пунктчасы боюнча жеке баалоо тартибинде катардан сырткары кызматка жарактуу деп табылышы мүмкүн.
Оорулардын тизмесинин 46-пунктунун "б" пунктчасына III ФК оорчулук даражадагы жүрөк жетишсиздиги бар жүрөк жана кан-тамыр оорулары кирет.
Жүрөк ритминин жана пароксизмалдык тахиаритмиялар менен өткөрүүнүн туруктуу бузулушу, ошондой эле WPW синдрому синус түйүнүнүн алсыздыгы бар адамдар "а", "б" же "в" пункту боюнча жүрөк жетишсиздигинин даражасына жана коронардык кан айлануунун бузулушуна жараша күбөлөндүрүлөт:
- жүрөктүн же аортанын аневризми;
- өзүнчө туруктуу (узактыгы 7 суткадан ашык), дарыланууга болбогон жүрөк ритминин бузулушу (аритмикага каршы терапияны талап кылуучу пароксизмалдуу тахикардия, политоптук ашказан экстрасистолиясы), дарылоо токтотулгандан кийин кайра кайталануучу, өткөрүүнүн бузулушу (толук атриовентрикулярдык тосуу, I-II даражадагы туруктуу AV-тосуу, ашказан ичиндеги толук тосуулар, синус түйүнүнүн алсыз синдрому.
I даражадагы функционалдык (вагустук) AV-тосуусу (AV-өткөрүүсүнүн нормалдашуусу физикалык жүктөм болгондо же 0,5 - 1 мг атропин-сульфатты венага саюудан кийин пайда болот), Гис пучканын оң бутунун толук эмес тосулуусу, CLC синдрому ушул пунктту колдонуу үчүн негиз болуп эсептелбейт, аскердик кызматты өтөөгө, аскердик-окуу жайларына же аскердик лицейлерге тапшырууга тоскоолдук кылбайт.
Оорулардын тизмесинин I, II графалар боюнча бөлүнүп пайда болгон жүрөк кемтиги менен күбөлөндүрүүчүлөргө ("а" пунктунда көрсөтүлгөндөн тышкары) корутунду "б" же "в" пункту боюнча жүрөк жетишсиздигинин болушуна жараша чыгарылат.
Оорулардын тизмесинин III графасы боюнча бөлүнүп пайда болгон аорталык жүрөк кемтиги менен күбөлөндүрүүчүлөргө ("а" пунктунда көрсөтүлгөндөрдөн тышкары) корутунду "в" пункту боюнча чыгарылат,
Оорулардын тизмесинин 46-пунктунун "в" пунктчасына митралдык жана жүрөктүн башка клапандарынын биринчи пролапсы, жүрөк ритминин жана өткөрүүнүн бузулушуна өтүп кетүү жана жеңил даражадагы II ФК жүрөк жетишсиздиги менен коштолуучу миокардитикалык кардиосклероз кирет:
- ревматизмдин кайталануучу оорулары;
- I ФК жүрөк жетишсиздигинде же жүрөк жетишсиздигинин белгилери байкалбаган гипертрофикалык кардиомиопатия;
- тубаса же кийин пайда болгон жүрөк кемтиктерине байланыштуу хирургиялык дарылануудан кийин, жүрөк жетишсиздигинин белгилери жок болгондо ритмди жасалма башкаруусун алмаштыргандан кийинки абал.
Аскердик кызматта иштөөгө чектүү жашка жете элек офицерлер тубаса же кийин пайда болгон жүрөк кемтиктерине байланыштуу хирургиялык дарылануудан кийин аскердик кызматка жарактуулук категориясын аныктоо үчүн күбөлөндүрүүгө операциядан кийин 4 айдан кийин барса болот.
Жүрөк жетишсиздиги I-II ФК эхокардиографияда (согуу жаатынын төмөндөшү, сол карынчасынын жана жүрөк алдынын систологиялык жана диастологиялык өлчөмүнүн чоңоюшу, митралдык жана аорталык клапандарынын астында регургитация агымынын пайда болушу, миокарддын волокондорунун циркулярдык кыскаруу ылдамдыгынын төмөндөшү) аныкталган кардиогемодинамикалык көрсөткүчтөрү, ошондой эле оорунун клиникалык пайда болуу анализи менен айкалышкан физикалык жүктү жеке көтөрүүсүн баалоо үчүн велоэргометриянын жыйынтыктары менен тастыкталышы керек.
Оорулардын тизмесинин I графасы боюнча биринчи активдүү ревматизм менен ооруган күбөлөндүрүүчүлөргө Оорулардын тизмесинин 52-пункту боюнча аскер кызматына чакыруудан 6 айга мөөнөтү узартылат.
Оорулардын тизмесинин 46-пунктунун "г" пунктчасына жүрөк булчуңунун оорусунун туруктуу ордуна келүү натыйжалары, жүрөк ритминин, өткөрүүнүн бузулуусу жок жана I ФК менен коштолуучу жүрөктүн митралдык жана башка клапандарынын биринчи пролапсы кирет.
Миокардиосклерозго өтүп кетпөөчү ревматикалык эмес миокардит болгондор жана жүрөк ритминин жана өткөрүүнүн жоктугу, ушул пунктту колдонуу үчүн негиз болуп эсептелбейт, аскердик-окуу жайларга өтүүгө тоскоол болуп саналбайт.
I стадиядагы жүрөк жетишсиздиги акыркы жылдын ичинде жүрөктүн жана кан-тамырлардын кандайдыр-бир оорулары менен ооруган чакыруучуларда, аскер кызматчыларында дозаланган кара жумушта аныкталуучу гемодинамикалык көрсөткүчтөрдүн жанында объективдештирилиши керек. Мында дени сак адамдарда да жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары менен оорубаган, ал эми физикалык жактан жетишсиз машыккандыгы менен шартталган, ушуга байланыштуу күч келтирүүлөргө төмөнкү чыдамдуулугу менен жалпы кан айлануунун билинбеген жетишсиздиги чыгышы мүмкүн.
Миокардиосклерозго өтпөгөн ар кандай этиологиядагы миокардит менен ооругандар, жүрөк жетишсиздиги жана жүрөк ритминин бузулушу аскер кызматын өтөөгө жана ЖОЖдорго тапшырууга тоскоолдук болуп эсептелбейт.";
47-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"47. Аскердик-врачтык экспертизалоо максатында артериялык гипертензиянын даражаларынын классификациясы (ВНОК, 2010) жана үч стадиялуу гипертониялык оорулардын классификациясы (ВОЗ, 1996, ВНОК, 2010) "мээлөө-органдарынын" функциясынын бузулуу даражасына жараша колдонулат.
47-пункттун "а" пунктчасына III стадиядагы гипертониялык оору кирет, ал артериялык басымдын бийик көрсөткүчтөрү менен мүнөздөлөт (тынч турганда - систологиялык басым 180 сым.мам.мм жана андан жогору, диасталогиялык - 110 сым.мам.мм жана андан жогору), анын ичинде артериялык басымды суткалык мониторингдөөнүн натыйжасы менен ырасталган. Артериялык басымдын көрсөткүчтөрү миокарддын инфаркты жана инсульт болгон адамдарда төмөн болушу мүмкүн. Клиникалык көрүнүштө кан-тамырлардын бузулуусу басымдуулук кылат, алар артериялык гипертензиянын синдрому менен тыгыз жана түздөн-туз байланышта (аортанын аневризмин катмарлоочу ири очоктуу миокард инфаркты, геморрагиалдык, ишемиялык инсульттар, кан куюлуулар жана экссудаттар жана көрүү нервинин үрпүнүн шишип кетүүсү менен, сывороткалык креатининдин 133 мкмоль/л жогору жана (же) креатинин клиренси менен 60 мл/мин. төмөн (Кокрофт-Гаулттун формуласы), протеинурия менен 300 мг/сут. жогору деңгээли менен бөйрөктүн иштешинин бузулуусу менен торчонун артериясынын генерализделген ичкерүүсү.
Эгерде гипертониялык оорунун III стадиясынын диагнозу кичине инстульт жана (же) кичине очоктуу миокарддын инфаркты болгонуна гана байланыштуу белгиленсе контракт боюнча аскер кызматын өтөгөн аскер кызматчылары "в" пунктчасы боюнча күбөлөндүрүлөт.
47-пункттун "б" пунктчасына туруктуу медикаментоздук терапия жүргүзбөстөн оптималдуу көрсөткүчтөргө жетпеген, анын ичинде артериялык басымга кайталап суткалык мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы жана "мээлөө-органдарынын" функциясынын орточо бузулуусу менен ырасталган II даражадагы (тынч турганда - систологиялык басым 160 сым.мам.мм жана андан жогору, диастологиялык - 100 сым.мам.мм жана андан жогору) артериялык гипертензиясы бар II стадиядагы гипертониялык оору кирет.
"Мээлөө-органдарынын" функциясынын орточо бузулуусу менен II стадиядагы гипертониялык оорунун клиникалык көрүнүшүндө кан-тамыр бузулуулары басымдуулук кылат, алар дайыма эле гипертензивдүү синдром менен тыгыз жана түздөн-түз байланышта болбойт (миокарддын инфаркты, жүрөктүн ритминин жана (же) өткөрүүнүн туруктуу бузулуулары, функциясынын жай бузулуулары менен магистралдык артериялардагы атеросклероздук өзгөрүүлөрдүн болушу ж.б.). Мындан тышкары церебралдык бузулуулар - гипертониялык церебралдык криздер, транзитордук ишемиялык атакалар, же кыймыл, сезим, сөз, мозжечковдуу, вестибулярдык жана башка бузулуулар менен II стадиядагы дисциркулятордук энцефалопатия, ошондой эле II ФК чыңалуудагы стенокардия жана (же) II ФК өнөкөт жүрөк жетишсиздиги.
47-пункттун "в" пунктчасына "мээлөө-органдарынын" функциясынын анча-мынча бузулуусу менен II стадиядагы (жүрөк ритминин жана (же) өтүүнүн бузулуусуна, I стадиядагы дисциркулятордук энцефалопатияга өтүүчү I ФК өнөкөт жүрөк жетишсиздиги) же "мээлөө -органдарынын" функциясынын бузулуусуз I-II даражадагы артериялык гипертензиясы бар II даражадагы (тынч турганда - систологиялык басым 140дан 179га чейинки сым.мам.мм, диастологиялык - 90дон 109га чейин сым.мам.мм), ошондой эле артериялык басымдын жогору көрсөткүчтөрү менен I стадиядагы (тынч турганда - систологиялык басым 140дан 159га чейинки сым.мам.мм, диастологиялык - 90дон 99га чейинки сым.мам.мм) гипертониялык оору кирет. Гипертониялык оорунун I стадиясында артериялык басым өтө бийик цифраларга чейин кыска мөөнөттүү жогорулоосу мүмкүн. "Мээлөө-органдарынын" бузулуу белгилери жок.
Гипертониялык оорунун II стадиясы үчүн ошондой эле сол карынчанын гипертрофиясы (рентгенологиялык жол менен изилдөөдө аныкталуучу (кардиоторакалдык индекс > 50 пайыз), электрокардиографияныкы (Соколов-Лайондун белгиси > 38 мм, Корнелдик көбөйтүндү > 2440 мм х мс), эхокардиографиянын (сол карынчанын миокардынын массасынын индекси > 125 г/м2 эркектер үчүн жана > 110 г/м2 аялдар үчүн) жана башка "мээлөө-органдарындагы" - көздүн түбүндөгү кан-тамырлардагы (торчонун кан-тамырларынын кеңири тараган жана локалдык ичкерүүсү) 1-2 кошумча өзгөрүү, бөйрөктөрдөгү (микроальбуминурия 30-300 мг/сут., протеинурия жана (же) креатининдин деңгээли эркектер үчүн 115-133 мкмоль/л жана аялдар үчүн 107-124 мкмоль/л; креатининдин клиренси 60-89 мл/мин (Кокрофт-Гаулттун формуласы) жана магистралдык артерияларда (артериянын капталдарынын калыңдап кетишинин белгилери, ("медиа-интим" комплексинин калыңдыгы) ультра үн менен изилдөөдө 0,9 мм жогору болгондо) жана (же) алардагы атеросклероздук майлар).
Вегетативдүү (колдун манжаларынын гипергидрозу, "кызыл" туруктуу дермографизм, дененин абалын алмаштырганда пульстун жана артериялык басымдын өзгөргүчтүгү ж.б.) бузулуулардын болушу менен тыгыз байланышкан бийик артериялык басымдын синдрому болгондо күбөлөндүрүү Оорулардын тизмесинин 51-пунктунун негизинде жүргүзүлөт.
Оорулардын тизмесинин I, II графалары боюнча күбөлөндүрүлгөн адамдардагы гипертониялык оорулардын болушу стационардык шарттардагы изилдөө жана 12 айдан кем эмес мезгилдин ичинде артериялык басымды сөзсүз түрдөгү бир нече жолу суткалык мониторлоону аткаруу менен мурунку диспансердик байкоонун документтүү ырасталган жыйынтыктары менен тастыкталышы керек.
Гипертониялык оорунун ар бир учурунда симптоматикалык гипертензиялар менен дифференциалдык диагностика өткөрүлөт. Адамдарды симптоматикалык артериялык гипертензиялар менен күбөлөндүрүү негизги оорусу боюнча жүргүзүлөт.
Гипертониялык оорулар менен ооругандар аныкталганда медициналык күбөлөндүрүү ошондой эле Оорулардын тизмесинин тийиштүү пункттарынын негизинде жүргүзүлөт.";
48-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"48. Жүрөктүн ишемиялык оорусунун болуусу изилдөөнүн (сөзсүз түрдө - ЭКГ тынч турганда жана жүк келтирүүчү сыноолор, эхокардиография, суткалык ЭКГ-мониторлоо; кошумчалары: стресс - эхокардиография, коронарография ж.б.) аспаптык ыкмалар менен ырасталышы керек.
Оорулардын тизмесинин 48-пунктунун "а" пунктчасына төмөнкүлөр кирет:
- IV жана III ФК стабилдүү стенокардия;
- Ill-II Б стадиядагы жүрөк жетишсиздиги, IV ФК жана III ФК.
Ушул эле пунктка (көрүнүп турган стенокардиянын жана жүрөк жетишсиздигине карабастан) төмөнкүлөр кирет:
- кеңири трансмуралдык же кайталанма миокард инфарктынын жыйынтыгынын натыйжасында өрчүүчү жүрөк аневризми же ири очоктуу кардиосклероз;
- жүрөктүн ишемиялык оорусунун натыйжасындагы туруктуу, дарыланууга берилбеген жүрөктүн ритминин жана өткөрүүсүнүн бузулушу (толук AV-тосуу, II даражадагы AV-тосуу, пароксизмалдык тахиритмиялар, политоптук ашказандык экстрасистолия, синус түйүнүнүн алсыз синдрому);
- таралган стеноздолуучу процесс (эки же андан ашык коронардык артерияларда 75%дан жогору); алдыңкы карынча ортосундагы сол коронардык артериянын бутактарынын стенозу (сол коронардык артериянын сөңгөктөрүндө 50%дан ашык) жана (же) жогорку бөлүнгөн стеноз (50%дан ашык); миокардды кан менен камсыз кылуунун оң тибинде оң коронардык стеноз (75%дан ашык).
Буга коронардык шунтирлөөдөн, ритмди жасалма башкаруусун алмаштыруудан, коронардык ангиопластикадан өткөн адамдар да кирет. Аскердик кызматтын милдеттерин аткарууга жөндөмдүүлүгү сакталган, аскердик кызматта иштөөгө чектүү жашка жете элек офицерлер операциядан 6 айдан кийин "б" пункту боюнча күбөлөндүрүлүшү мүмкүн.
Оорулардын тизмесинин 48-пунктунун "б" пунктчасына төмөнкүлөр кирет:
- II ФК стабилдүү стенокардия;
- ФК II жүрөк жетишсиздиги;
- бир ири коронардык артериянын ("а" пунктунда көрсөтүлгөндөн башка) (75%дан жогору) окклюзиясы же стенозу.
Миокарддын инфаркты болгон ("а" пунктунда көрсөтүлгөндөрдөн башка), ошондой эле жүрөктүн ритминин жана өткөрүүнүн туруктуу бузулушу менен, пароксизмалдуу тахикардия, синус түйүнүнүн алсыз синдрому менен жабыркаган адамдарды күбөлөндүрүү жүрөк жетишсиздигинин жана (же) стенокардиянын көрүнүп турган даражасынан жараша "а" же "б" пункту боюнча жүргүзүлөт.
Оорулардын тизмесинин 48-пунктунун "в" пунктчасына төмөнкүлөр кирет:
- I ФК стабилдүү стенокардия;
- ФК I жүрөк жетишсиздиги.
Коронардык жетишсиздиктин даражасы төмөнкүлөр менен объективдештирилиши керек:
- II даражадагы коронардык жетишпестикте - анамнез (стенокардия талмаларынын тез-тез болушу, мунун фонунда миокарддын өзгөрүү ордуна өтүшү же миокарддын инфаркты пайда болгон), текшерүү маалыматтары (жүрөк ритминин жана өткөрүүнүн бузулуусунда пайда болгон физикалык жүккө чыдамдуулугунун төмөндөшү жана туруктуу же өтүүчү өзгөрүүлөр ЭКГда - ишемиялык тип боюнча ST сегментинин ордуна түшүрүү, Т тишчесинин төмөндөшү же инверсиясы). Коронарографиялоодо окклюзия же бир ири коронардык артериянын көрүнгөн стенозу (75%дан ашык) аныкталат;
- III даражадагы коронардык жетишпестигинде - тынч турганда, түндө уктап жатканда, кээде жүрөк астмасынын коштоосунда билинбеген күчөшү менен стенокардиянын талмалары көп болуп, суткасына 10-15 жолу кайталанышы; ЭКГда - ритмдин жана өткөрүүнүн бузулушу менен миокарддын көрүнгөн өзгөрүүсү, ST сегментинин астына 2 мм ордуна түшүрүү жана ашык же ST жогорулоосу, Т инверсиясы, ордуна келүү мезгили 10 мүнөт. Коронарографиялоодо - таралган стеноздолгон процесс.";
53-пункттун үчүнчү абзацындагы "ошондой эле функционалдык пайда болуу фонундагы туруктуу, узак системалык дарыланууга берилбеген жана функциянын туруктуу бузулушу менен өнөкөттүү гипертрофиялык ларингиттер кирет" деген сөздөр "функционалдык мүнөздөгү туруктуу афониясы менен, 3 жана андан ашык айларда узак, системалык дарыланууга берилбеген аскер кызматчылары - аскер кызматына жараксыз" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
61-пунктта:
тогузунчу абзацтагы "язванын тез (жылына 2 же андан көп жолу) кайталоосу менен язва оорусу" деген сөздөр "жаранын тез (жылына 2 же андан көп жолу) кайталоосу менен жара оорусу жана көпкө чейин тырык болуп бүтпөөчү жаралар менен (ашказанда - 3 ай жана андан жогору чектөө менен, он эки эли ичегиде - 2 ай жана андан жогору чектөө менен)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
он төртүнчү абзацтагы "узак тырык болбогон язва (ашказанда - 3 ай жана андан артык чектөөсү менен, он эки эли ичегиде 2 ай жана андан артык чектөөсү менен) язвалык оору" деген сөздөр алып салынсын;
62-пунктта:
биринчи абзацтагы "активдүү" деген сөз алып салынсын;
экинчи абзацтагы:
"лобулярдык жана персистиралдык" деген сөздөр алып салынсын;
"өт өткөөлдөрүнүн" деген сөздөрдөн кийин ", боордун," деген сөз менен толукталсын;
73-пунктта:
сегизинчи абзацтагы "Оорулардын расписаниясынын II графасы боюнча күбөлөндүрүүчүлөрдүн бутунун бармагы жогунда жараксыз болушат" деген сөздөр алып салынсын;
тогузунчу абзацы төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "II стадиядагы тараннолад өңдүү муунда артроздун пайда болушу менен II даражадагы жалпак тамандуулук менен чакыруу боюнча аскер кызматчылары - аскер кызматына жарактуу";
83-пунктта:
төртүнчү абзацтагы "толкун сымал бузулуу жана тышкы дем алуунун функцияларынын бузулуусу жок кирип турган көкүрөк;" деген сөздөр алып салынсын;
бешинчи абзацы "кирет:" деген сөздөрдөн кийин "толкун сымал деформация жана тышкы дем алуунун функцияларынын бузулуусу жок кирип турган көкүрөк;" деген сөздөр менен толукталсын;
- жетинчи жана сегизинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"нерв системасынын тубаса жетишсиздиги бар адамдар Оорулардын тизмесинин 25-пункту боюнча, ал эми психикалык бузулуулары бар адамдар - Оорулардын тизмесинин тийиштүү пункттары боюнча кемтиктин мүнөзүнө жараша күбөлөндүрүлөт.
Колдун манжаларынын жана тамандын тубаса жетишсиздиги бар адамдар Оорулардын тизмесинин 72 же 73-пункттарына ылайык күбөлөндүрүлөт.";
- № 4 тиркемедеги Аскердик кызматка чакырылуучу адамдардын, аскер кызматчылардын жана аскердик-окуу жайларга тапшыруучу талапкерлердин дене түзүлүшүнүн өсүшү жана ден соолугунун абалы боюнча чектөө даражасынын таблицасында:
3-мамычадагы 2-пункт ";3" цифрасы менен толукталсын;
3-мамычадагы 3-пунктта "2" цифрасы "1; 3" цифралары менен алмаштырылсын;
4-пункт алып салынсын.
Эскертүүлөр төмөнкүдөй мазмундагы 6 жана 7-пункттар менен толукталсын:
"6. Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвардиясынын ардак кароолу жана атайын багыттагы бөлүкчөлөрү үчүн 2-чектөө даражасы жана бою 175 см кем эмес деп белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвардиясынын издөө-чалгындоо бөлүнүштөрүнө жана камсыздоо бөлүнүштөрүнө 3-чектөө даражасы жана бою 165 см кем эмес деп белгиленсин.
7. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын саптык бөлүктөрүнө 1-чектөө даражасы белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын камсыздоо бөлүктөрүнө 3-чектөө даражасы белгиленсин.";
- № 24 тиркемедеги "Коргоо министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июлундагы № 508 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынч жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында аскердик-дарыгердик (дарыгердик-учкучтук) экспертизанын органдары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынч жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында аскердик-дарыгердик (дарыгердик-учкучтук) экспертизанын органдары жөнүндө жободо:
- бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Аскердик-дарыгердик комиссиясы" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Аскердик-дарыгердик комиссиясы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- бүткүл тексти боюнча "КМ АДК" деген аббревиатура "КК ГШ АДК'' деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
- 9-пунктунун 7-пунктчасындагы "административдик тергөөнүн, алгачкы текшерүүнүн" деген сөздөр "кызматтык териштирүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 13-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"13. КР КК ГШ АДК Куралдуу Күчтөрдө аскердик-дарыгердик экспертизаны башкаруунун жетектөөчү органы болуп саналат.";
- 14-пункттун биринчи абзацындагы "Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы - коргоо министринин биринчи орун басарына" деген сөздөр "ар тараптуу камсыздоо маселелери боюнча ККнын Генералдык штабынын начальнигинин орун басарына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 15-пункттун 1-пунктчасындагы "коргоо органынын" деген сөздөр "ККнын" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
15-пункттун 6-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"6) ККнын Генералдык штабынын начальнигине ведомстволук документтерге толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу жана берүү";
15 пункттун 7-пунктчасындагы "КК Башкы штабынын башчысына - коргоо министринин биринчи орун басарына" деген сөздөр "КК Генералдык штабына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 16-пункттун онунчу абзацындагы "коргоо органынын" деген сөздөр "КК Генералдык штабынын аскердик-дарылоо мекемелеринин" деген аббревиатура жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "коргоо органдары", "коргоо" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "КК Генералдык штабы" деген аббревиатура жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 18-пункттун экинчи абзацындагы "коргоо министри тарабынан" деген сөздөр "КК Генералдык штабынын начальниги тарабынан" деген аббревиатура жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 49-пункттагы "мамлекеттик администрациянын башчысы - облустун губернатору тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (тийиштүү облустагы) ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 50-пункттун 7-пунктчасындагы "коргоо министрине" деген сөздөр "КК Генералдык штабынын начальнигине" деген аббревиатура жана сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 680 "Мурдагы аскер кызматчылардын ооруларынын, жарадар болууларынын, контузияларынын, мертинүүлөрүнүн жана майыптыктарынын себептик байланышын аныктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мурдагы аскер кызматчылардын ооруларынын, жарадар болууларынын, контузияларынын, мертинүүлөрүнүн жана майыптыктарынын себептик байланышын аныктоо тартиби жөнүндө жободо:
- 3-пункттагы "Коргоо министрлигинин" деген сөздөр "Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-тиркеменин 2-үлгүсүнүн расмий тилдеги текстинде "ВВК МО" деген аббревиатура "штатной ВВК" деген сөздөр жана аббревиатура менен алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| Дж.К. Оторбаев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-октябры № 586
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 787 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, Кыргыз Республикасынын мыйзам менен аскердик кызмат каралган башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мамлекеттик органдарында аскер кызматчыларын медициналык күбөлөндүрүү маселелерин тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 787 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июлундагы № 508 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынч жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында аскердик-дарыгердик (дарыгердик-учкучтук) экспертизанын органдары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынч жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында аскердик-дарыгердик (дарыгердик-учкучтук) экспертизанын органдары жөнүндө жободо:
- бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Аскердик-дарыгердик комиссиясы" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Аскердик-дарыгердик комиссиясы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- бүткүл тексти боюнча "КМ АДК" деген аббревиатура "КК ГШ АДК'' деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
- 9-пунктунун 7-пунктчасындагы "административдик тергөөнүн, алгачкы текшерүүнүн" деген сөздөр "кызматтык териштирүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 13-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"13. КР КК ГШ АДК Куралдуу Күчтөрдө аскердик-дарыгердик экспертизаны башкаруунун жетектөөчү органы болуп саналат.";
- 14-пункттун биринчи абзацындагы "Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы - коргоо министринин биринчи орун басарына" деген сөздөр "ар тараптуу камсыздоо маселелери боюнча ККнын Генералдык штабынын начальнигинин орун басарына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 15-пункттун 1-пунктчасындагы "коргоо органынын" деген сөздөр "ККнын" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
15-пункттун 6-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"6) ККнын Генералдык штабынын начальнигине ведомстволук документтерге толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу жана берүү";
15 пункттун 7-пунктчасындагы "КК Башкы штабынын башчысына - коргоо министринин биринчи орун басарына" деген сөздөр "КК Генералдык штабына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 16-пункттун онунчу абзацындагы "коргоо органынын" деген сөздөр "КК Генералдык штабынын аскердик-дарылоо мекемелеринин" деген аббревиатура жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "коргоо органдары", "коргоо" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "КК Генералдык штабы" деген аббревиатура жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 18-пункттун экинчи абзацындагы "коргоо министри тарабынан" деген сөздөр "КК Генералдык штабынын начальниги тарабынан" деген аббревиатура жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 49-пункттагы "мамлекеттик администрациянын башчысы - облустун губернатору тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (тийиштүү облустагы) ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 50-пункттун 7-пунктчасындагы "коргоо министрине" деген сөздөр "КК Генералдык штабынын начальнигине" деген аббревиатура жана сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 680 "Мурдагы аскер кызматчылардын ооруларынын, жарадар болууларынын, контузияларынын, мертинүүлөрүнүн жана майыптыктарынын себептик байланышын аныктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мурдагы аскер кызматчылардын ооруларынын, жарадар болууларынын, контузияларынын, мертинүүлөрүнүн жана майыптыктарынын себептик байланышын аныктоо тартиби жөнүндө жободо:
- 3-пункттагы "Коргоо министрлигинин" деген сөздөр "Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-тиркеменин 2-үлгүсүнүн расмий тилдеги текстинде "ВВК МО" деген аббревиатура "штатной ВВК" деген сөздөр жана аббревиатура менен алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| Дж.К. Оторбаев |