Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-октябры № 616
Кыргыз Республикасынын билим берγγ кызматкерлеринин кγнγн белгилѳѳ жѳнγндѳ
Ѳсγп келе жаткан муунду окутууда жана тарбиялоодо билим берγγ кызматкерлеринин маанилγγ ролун таанып, салттын уланмалуулугун камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн чечимдерин эл аралык укуктук ченемдерге ылайык келтирγγ максатында, «Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 5-октябрь Кыргыз Республикасынын Билим берγγ кызматкерлеринин жыл сайын белгиленγγчγ кγнγ деп белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2008-жылдын 5-февралындагы № 36 «Кыргыз Республикасынын билим берγγ кызматкеринин кγнγ кесептик майрамын белгилѳѳ жѳнγндѳ» токтому кγчγн жоготтγ деп табылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган кγндѳн тартып кγчγнѳ кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Аппаратынын билим берγγ, маданият жана спорт бѳлγмγнѳ жγктѳлсγн.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |