Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн
2014-жылдын 29-августундагы № 498
токтому менен
жактырылды
Долбоор
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуучу максаттары
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасы тарабынан Бажы союзунун келишимдик-укуктук базасын түзгөн эл аралык келишимдердин, Бажы союзунун органдарынын бажылык жөнгө салуу жана бажы иши жаатында чечимдеринин аткарылышын камсыз кылууга, товарлар менен тышкы соода жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун камсыз кылууга, бажы иши жаатында мамлекеттик башкарууну өркүндөтүүгө, товарларды ташуу менен байланышкан ишти, бажы иши жаатындагы ишти жүзөгө ашырган жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоону камсыз кылууга, тышкы экономикалык ишти жана тышкы соода жүргүзүү ишин, бажы иши жаатындагы инфратүзүмдү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.
2-берене. Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу
1. Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу болуп Кыргыз Республикасындагы бажы иши жаатындагы тартипти жана эрежелерди аныктаган мамилелерди Бажы союзунун бажы аймагында (Кыргыз Республикасынын аймагында) жөнгө салуу саналат.
Бажы иши товарларды жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагына жана/же Кыргыз Республикасынын аймагынан өткөрүүдө тышкы сооданы жана тышкы экономикалык иштин башка түрлөрүн бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын сактоону камсыз кылуу каражаттары менен усулдарынын жыйындысы болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасындагы бажы иши товарларды жана транспорттук каражаттарды өткөрүүнүн, бажы төлөмдөрүн алуунун, бажы жол-жоболорун колдонуунун, бажы контролунун тартибин түзөт.
3-берене. Кыргыз Республикасынын бажы иши тармагындагы мыйзамдары
1. Кыргыз Республикасынын бажы иши тармагындагы мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана төмөнкүлөрдөн турат:
1) ушул Мыйзамдан;
2) ушул Мыйзам менен кабыл алуу каралган ченемдик укуктук актылардан.
Бажы союзунун бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүү менен байланышкан укуктук мамилелер Бажы союзунун бажы мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
Эгерде Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган эл аралык келишимдерде ушул Мыйзамда камтылган эрежелерге караганда башка эрежелер белгиленсе эл аралык келишимдердин эрежелери колдонулат.
2. Товарларды жана транспорттук каражаттарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы жана ушул Мыйзам менен жөнгө салынат.
3. Эгерде Бажы союзунун бажы мыйзамдары менен башкача белгиленбесе, салыкка тийиштүү болгон бажы төлөмдөрүн алуу жана төлөтүү боюнча мамилелерге Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары менен жөнгө салынбаган бөлүгүнө Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдары колдонулат.
4. Бажы союзуна мүчө мамлекеттердин валютасын, Кыргыз Республикасынын валютасын, ички баалуу кагаздарды, валюталык баалуулуктарды жана жол чектерин Кыргыз Республикасына алып кирүү жана Кыргыз Республикасынан алып чыгуу тартиби Бажы союзунун бажы мыйзамдарына, Бажы союзуна мүчө мамлекеттердин эл аралык келишимдерине, Кыргыз Республикасынын валюталык мыйзамдарына жана ушул Мыйзамга ылайык жөнгө салынат.
5. Эгерде Бажы союзунун бажы мыйзамдары менен ушул Мыйзамда каралган эрежелерден башка эрежелер каралса, Бажы союзунун бажы мыйзамдарынын жоболору колдонулат.
6. Эгерде аларды колдонуу үчүн ички мамлекеттик актыларды чыгаруу боюнча талаптар камтылбаса, Бажы союзунун келишимдик-укуктук базасын түзгөн расмий жарыяланган эл аралык келишимдер жана Бажы союзунун органдарынын чечимдери Кыргыз Республикасында түздөн-түз колдонулат, Бажы союзунун бажы мыйзамдары менен каралган учурларда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасында Бажы союзунун бажы мыйзамдарын колдонуу тартибин аныктоого укуктуу.
4-берене. Бажы мыйзамдарын колдонуу мезгили
1. Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарынын актылары алар күчүнө кирген күндөн кийин келип чыккан мамилелерге карата колдонулат жана ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген учурлардан тышкары мөөнөтү өткөндө колдонулбайт.
2. Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарынын жактардын абалын жакшырткан актыларынын жоболору мөөнөтү өткөндөн кийин да колдонулат, эгерде актыда бул жөнүндө түздөн-түз каралса.
3. Эгерде Бажы союзунун бажы мыйзамдары менен башка белгиленбесе Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарынын актылары расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5-берене. Бажы ишине жетекчилик кылуу
1. Бажы ишине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жалпы жетекчилик кылат.
2. Бажы ишине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган түздөн-түз жетекчилик кылат.
3. Бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) өз ыйгарым укуктарын түздөн-түз жана өзүнө баш ийген бажы органдары аркылуу жүзөгө ашырат.
4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уюштуруу-укуктук статусу жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
6-берене. Бажы органдары тарабынан маалыматтарды алуу жана берүү
1. Бажы органдарына ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдар менен жактар беришкен маалымат жалаң бажы максаттарында гана, анын ичинде укук бузууларды токтотуу үчүн пайдаланылат.
2. Бажы органдары жана алардын кызмат адамдары ушул берененин 4-пунктунда каралгандан башка учурларда мамлекеттик сырдан турган маалыматты, ошондой эле коммерциялык, банктык, салык же башка мыйзам менен корголо турган сырларды жана башка жашыруун маалыматтарды ачыкка чыгарууга, жеке максаттарда пайдаланууга, же үчүнчү жактарга, анын ичинде мамлекеттик органдарга берүүгө укуксуз.
3. Коммерциялык сырды түзгөн же жашыруун болуп эсептелген маалыматтарды ачыкка чыгаргандыгы үчүн бажы органы жана анын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
4. Бажы органдары расмий суроо-талаптар боюнча Кыргыз Республикасынын төмөндөгү мамлекеттик органдарына маалымат беришет:
1) укук коргоо органдарына – бажы иши тармагында укук бузган адамдарга карата козголгон жазык иштери боюнча гана;
2) сотторго соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө - алардын талаптары боюнча;
3) банкроттук жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган банкроттук процесс козголгон субъекттер боюнча гана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу максатында банкроттук жөнүндө иштер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, администраторго (убактылуу администраторго, атайын администраторго, консерваторго, тышкы башкаруучуга);
4) салык кызматынын органдарына - ушул Мыйзамда жана (же) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган өз милдеттерин аткаруу максатында;
5) алардын иш-аракеттерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салуу белгиленген учурларда - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына;
6) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген бажы, салык же укук коргоо органдарынын ортосундагы өз ара кызматташуу жөнүндө эл аралык келишимдерге ылайык башка мамлекеттердин бажы, салык же укук коргоо органдарына.
5. Ушул берененин 4-пунктуна ылайык алынган маалыматты ачыкка чыгарууга жана таратууга болбойт.
7-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылган негизги түшүнүктөр
1. Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги терминдер, түшүнүктөр жана аныктамалар пайдаланылат:
1) ички салыктар – Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды жүгүртүүдө алына турган кошумча нарк салыгы жана акциздер;
2) товарды убактылуу (шарттуу) баалоо – товардын декларант көрсөткөн бажылык наркын тактоо мезгилинде бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу катары декларант тарабынан бажы органына төгүлгөн депозиттин өлчөмүн эсептөө үчүн кабыл алынган товардын бажылык наркы;
3) контрафакт товарлар – автордук укуктун жана эриш-аркак укуктун объектилерин, товардык белгилерге, тейлөө белгилерине укуктарды жана товарлардын чыккан жерлеринин аталыштарын камтыган товарлар, эгерде бажы контролунда болгон мындай товарларды даярдоо, аларды бажы чек арасы аркылуу өткөрүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корголгон укук ээсинин укуктарын бузууга алып келсе;
4) жөнгө салуунун тарифтик эмес чаралары – товарлар менен тышкы соода жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын экономикалык таламдарын коргоо боюнча чараларды кошо алганда лицензиялоону, квоталоону, экспорттук контроль чараларынын тутумун, товарлардын коопсуздугу боюнча талаптарга жана стандарттарга ылайык келишин милдеттүү түрдө ырастоону камтыган аларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келүүгө жана андан ташып кетүүгө тыюу салуулар жана чектөөлөр жана башка тыюу салуулар жана чектөөлөр, анын сакталышына контролу бажы чегарасы аркылуу товарларды ташып өтүүдө бажы органдары жүзөгө ашырат;
5) бажы органына товарларды жана транспорттук каражаттарды көрсөтүү орду – ушул Мыйзамда каралган бажы жол-жоболорун жүргүзүүчү жери катары бажы органдары тарабынан аныкталган аймак (аймактын бөлүгү), үстү ачык же жабык жайлар;
6) товарларды жана транспорттук каражаттарды бажы чек арасы аркылуу мыйзамсыз өткөрүү – товарларды жана (же) транспорттук каражаттарды ушул Мыйзамда белгиленген тартипти бузуу менен Бажы союзунун бажы аймагына ташып келүү же ал аймактан ташып кетүү боюнча аракеттерди жасоо;
7) өткөрмө пункттун бажы инфратүзүмүнүн объекттери – контролдоочу органдардын иштөөсү, бажы органдарынын кызмат адамдарын социалдык жактан тейлөө, Бажы союзунун бажы чек арасы аркылуу адамдардын, товарлардын жана транспорттук каражаттардын өтүүсүнө шарттарды түзүп берүү үчүн арналган имараттар, курулмалар, курулуштар, өткөрмө пункттун аймагы;
8) өзгөчө экономикалык зоналар – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнө эркин экономикалык зоналарды, эркин бажы зоналарын камтыган зоналар;
9) ата мекендик жактар – юридикалык жакты түзгөн жана түзбөгөн, Кыргыз Республикасында жайгашкан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн ишканалар, мекемелер, уюмдар, ошондой эле Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында жеке ишкер катары катталган жеке жактар;
10) товарлардын жана (же) транспорт каражаттарынын Бажы союзунун бажы чек арасы аркылуу өтүшү – товарларды жана транспорт каражаттарын кандай ыкма менен болбосун, анын ичинде эл аралык почта жөнөтүүлөрүн жиберүү, өткөргүч түтүк транспортту жана электр берүү линияларын колдонуу менен Бажы союзунун бажы аймагына ташып чыгуу же ал аймактан ташып кетүү боюнча жасалган аракеттер.
Көрсөтүлгөн иш-аракеттерге төмөнкүлөр кирет:
- Бажы союзунун бажы аймагынан товарларды жана (же) транспорттук каражаттарды ташып чыгуу – бажы органдары тарабынан чыгарылганга чейин Бажы союзунун бажы мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда каралган товарлар жана (же) транспорттук каражаттар менен болгон андан кийинки аракеттер жана бажы чек арасынан товарлар жана (же) транспорттук каражаттар менен иш жүзүндөгү өтүүсү;
- товарларды жана (же) транспорттук каражаттарды Бажы союзунун аймагынан ташып кетүү – бажы декларациясын берүү же товарларды жана (же) транспорттук каражаттарды ташып кетүүгө түздөн-түз багытталган башка аракеттер;
11) укук ээси – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык интеллектуалдык менчик объектисине карата укукка ээ болгон жак;
12) интеллектуалдык менчик объектилерин камтыган товарларды чыгарууну токтото туруу – интеллектуалдык менчик объектилерин камтыган товарлардын чыгарылышын же шарттуу чыгарылышын Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан кийинкиге калтыруу;
13) өткөрмө пункту – Бажы союзунун бажы чек арасы аркылуу адамдардын, товарлардын жана транспорттук каражаттардын өтүүсү үчүн арналган темир жол, автомобиль жана аба катнаштарынын чегинде жайгашкан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жана (же) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери менен аныкталган Кыргыз Республикасынын аймагындагы Бажы союзунун бажы чек арасындагы бажы инфратүзүмү бар участок;
14) бажы органынын уруксаты – жеке номерлүү мөөрлөрүн жана штамптарын коюу же жазуу жүзүндөгү белгиленген чечимдерди чыгаруу жолу менен ушул Мыйзамда каралган белгилүү операцияларды жасоого мүмкүндүк берген бажы органдарынын иш-аракеттерин жол-жоболоштуруу;
15) бажылык текшерүү – Бажы союзунун бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүдө жактар тарабынан көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгын бухгалтердик эсептин, финансылык (бухгалтердик) отчёттун документтери жана субъекттин экономикалык ишине (ишкердигине) тийиштүү болгон башка документтер менен салыштырып текшерүү үчүн бажы органдары тарабынан көрүлгөн чаралар;
16) бажы наркы – адвалордук ставкалар боюнча бажы алымдарын, салыктарды жана бажы жыйымдарын эсептөө үчүн Бажы союзунун бажы мыйзамдарына, Бажы союзуна мүчө мамлекеттердин эл аралык келишимдерине жана ушул Мыйзамга ылайык аныкталуучу товарлардын наркы;
17) бажы органдары – ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борбордук аппараты, бажылар жана башка бөлүнүштөр;
18) бажы төлөмдөрү – Бажы союзунун бажы мыйзамдарына, Бажы союзуна мүчө мамлекеттердин эл аралык келишимдерине, ушул Мыйзамга жана салык мыйзамдарына ылайык бажы органдары тарабынан белгиленген тартипте алына турган бажы алымдары, салыктар, бажы жыйымдары;
19) бажы максаттары – Бажы союзунун бажы мыйзамдарына, Бажы союзуна мүчө мамлекеттердин эл аралык келишимдерине жана ушул Мыйзамга ылайык бажы мыйзамдарын сактоону камсыз кылуу;
20) товарлар – бажы чек арасы аркылуу алынып өтүүчү ар кандай кыймылдуу мүлк, анын ичинде валюта, валюталык баалуулуктар, баалуу кагаздар, энергиянын электрдик, жылуулук жана башка түрлөрү, айыл чарба жаныбарлары, ошондой эле, ушул берененин 22-пунктунда көрсөтүлгөн транспорт каражаттарынан башка транспорттук каражаттар;
21) бажы контролунда турган товарлар – эркин жүгүртүү үчүн чыгарылганга, ташып чыгууда же жок кылууда иш жүзүндө бажы чек арасынан өткөнгө чейин Бажы союзунун аймагына алынып келген чет өлкөлүк товарлар, ошондой эле Бажы союзунун аймагынан ташып кетүүдө бажы чек арасынан иш жүзүндө өткөнгө чейинки ата-мекендик товарлар;
22) транспорттук каражаттар – адамдарды акы төлөтүп ташуу же болбосо товарларды акы төлөтүп же акысыз, же өнөр жайлык же коммерциялык ташуу үчүн пайдаланылган кандай транспорттук каражаттар болбосун (анын ичинде чиркегичтер, чакан чиркегичтер жана комбинацияланган транспорт каражаттары), ошондой эле алардын адаттагы запастык бөлүктөрү, шаймандары жана жабдуулары, эгерде алар транспорт каражаттары менен бирге өтүп жатса алардын кадимки бактарындагы күйүүчү-майлоочу материалдар жана отун;
23) шарттуу бошотуу – Бажы союзунун бажы мыйзамдарына, Бажы союзуна мүчө мамлекеттердин эл аралык келишимдерине, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимдерге, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына жана ушул ыйзамга ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөдөн бошотуу;
24) товарлардын жоголушу – бажы операцияларын жүргүзүүдө ушул Мыйзамга ылайык товарлардын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү жактардын иш жүзүндөгү ээлик кылуусунун, анын ичинде үчүнчү жактардын уурдашынын же башка укукка жат аракеттеринин кесепетинен товарлардын жок болушу.
2. Ушул Мыйзамда аныкталбаган бажылык жөнгө салуу тармагындагы терминдер ушул Мыйзамда Бажы союзунун бажы мыйзамдары менен жана Бажы союзунун келишимдик-укуктук базасын түзүүчү эл аралык келишимдер менен аныкталган мааниде пайдаланылат.
3. Бардык башка терминдер ушул Мыйзамда Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында аныкталган мааниде пайдаланылат.
8-берене. Кыргыз Республикасынын Бажы органдарынын тышкы экономикалык иштин катышуучулары жана башка уюмдар менен мамилеси
1. Кыргыз Республикасынын Бажы органдары тышкы экономикалык иштин катышуучулары, жүк ташуучулар жана иш-аракети товарлар менен тышкы соода жүргүзүүгө байланышкан башка уюмдар жана алардын кесиптик бирикмелери (ассоциациялары) менен бажылык тариздөөнүн жана бажы контролун жүргүзүүнүн кыйла натыйжалуу усулдарын киргизүү, ошондой эле тышкы сооданы өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө багытталган башка маселелерди чечүү боюнча кызматташуу жана биргелешип аракеттенүү максатында консультациялык мүнөздөгү расмий мамилелерди колдойт.
2. Бажы операцияларын жүзөгө ашыруунун кыйла натыйжалуу методдорун киргизүү боюнча, ошондой эле тышкы соода жүргүзүүнү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү үчүн багытталган башка маселелерди чечүү боюнча кызматташуу жана өз ара байланышта иштөө төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылат:
1) бажы иши тармагындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын, Бажы союзунун бажы мыйзамдарынын актыларынын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;
2) тышкы экономикалык иштин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагындагы экономиканын айрым тармактарынын өнүгүүсүнүн финансылык, экономикалык, социалдык жана башка көрсөткүчтөрүн талдоодо катышуу;
3) бажылык администрациялоо чараларын колдонуунун натыйжалуулугун баалоого катышуу;
4) бажы ишин өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары үчүн даярдоо.
9-берене. Маалымат тутумдарын, маалымат технологияларын жана аларды камсыздоо каражаттарын колдонуу
1. Ушул Мыйзамда каралган бажы операцияларын жүргүзүү маалымат тутумдарын жана маалымат технологияларын, анын ичинде маалыматтарды берүүнүн электрондук ыкмаларына негизделген, ошондой эле аларды камсыздоо каражаттарын пайдалануу менен ушул бапка ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Бажы ишинде маалымат тутумдарын жана маалымат технологияларын пайдалануу Кыргыз Республикасынын бажы органдары жана тышкы экономикалык иштин катышуучулары үчүн экономикалык жактан пайдалуу жана натыйжалуу болууга тийиш.
3. Эсептөө техникасынын жана байланыштын каражаттарын пайдалануу менен маалымат тутумдарын жана маалымат технологияларын киргизүү тиешелүү эл аралык стандарттарды эске алуу менен жүргүзүлөт.
4. Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан иштелип чыккан жана өндүрүлгөн же алар тарабынан мыйзамдуу негизде сатып алынган маалымат тутумдары, маалымат технологиялары, ошондой эле аларды камсыздоо каражаттары мамлекеттик менчикте болот жана аталган продуктуларга карата өз компетенциясынын чектеринде менчик укугун жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын мүлкүнүн курамына кирет.
5. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын үчүнчү жактардын менчигинде турган маалымат тутумдарын, маалымат технологияларын жана аларды камсыздоо каражаттарын пайдаланууга байланышкан мамилелери келишимдик негизде жүргүзүлөт.
6. Бажы ишинде колдонулуучу үчүнчү жактардын менчигинде турган маалымат тутумдары, маалымат технологиялары жана аларды камсыздоо каражаттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген талаптарга ылайык келүүгө жана бажы операцияларын жүргүзгөн учурда Кыргыз Республикасынын бажы органдары пайдаланган ушундай продуктуларга шайкеш келе тургандай болууга тийиш.
7. Маалымат тутумдарын, маалымат технологияларын, ошондой эле аларды камсыздоо каражаттарын бажы максаттары үчүн пайдалануу мүмкүнчүлүгү, бул продуктуларды колдонуунун тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
10-берене. Маалымат тутумдарын, маалымат технологияларын жана аларды камсыздоо каражаттарын тастыктамалоо
1. Маалымат тутумдары, маалымат технологиялары, ошондой эле аларды камсыздоо каражаттары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларда жана тартипте тастыктамаланууга тийиш.
2. Тастыктамаланбаган маалымат тутумдарын, маалымат технологияларын жана аларды камсыздоо каражаттарын пайдалануу менен, ошондой эле тастыктамаланбаган тутумдан алынган маалыматты пайдалануу менен байланышкан тобокелдик жүктөлгөн жактардын чөйрөсү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
11-берене. Бажы органдарынын маалымат ресурстары
1. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын маалымат ресурстарын бажы операцияларын жүргүзүүдө берилүүчү документтер жана маалыматтар, ошондой эле аларды жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтер түзөт.
Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын маалымат ресурстары деп документтештирилген маалыматтын уюштурулган жыйындысын түшүнүү керек, ал өзүнө бажы органдарынын маалымат тутумдарында түзүлүүчү, иштетилүүчү жана топтолуучу маалымат базасын жана башка маалымат массивдерин камтыйт.
2. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын маалымат ресурстары мамлекеттик менчик болуп саналат, мүлктүн курамына киргизилет жана бажы органдарынын компетенциясына ылайык алардын карамагында болот.
3. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын маалымат ресурстарынын укуктук режими, анын ичинде маалыматты документтештирүү тартиби, аларды түзүү жана пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган учурларда берилиши ушул Мыйзамда же ал аныктаган тартипте каралган документтер, анын ичинде бажы декларациясы маалымат алышуунун электрондук ыкмалары аркылуу аларды документтештирүү жөнүндө талаптарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген башка талаптарды сактоо менен берилиши мүмкүн.
5. Ушул берененин жоболору Кыргыз Республикасынын маалымат, маалыматташтыруу жана маалыматты коргоо жөнүндө ченемдик укуктук актыларында каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн демилгеси боюнча документтештирилген маалыматты милдеттүү түрдө берүүнүн негизинде мамлекеттик маалымат ресурстарын калыптандыруу учурларына жайылтылбайт.
12-берене. Маалымат ресурстарын пайдалануу
1. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын карамагындагы маалымат ресурстары, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык маалыматты алуу чектелүү болгон учурларды кошпогондо, ачык жана жалпыга жеткиликтүү болуп саналат.
2. Маалыматтарга жеткиликтүүлүк чектелбеген учурларда жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аны Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын маалымат ресурстарынан алууга укуктуу жана суралып жаткан маалыматтарды алуунун зарылдыгын аларга негиздөөгө милдеттүү эмес.
3. Жактардын Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын карамагындагы маалымат ресурстарынан маалыматтарды алуу тартиби, аны ала турган орду, убактысы, негиздери жана шарттары ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
4. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын карамагындагы жана коммерциялык, банктык же мыйзам менен корголуучу башка сырды камтыган маалымат базасына жетүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органга берилет.
13-берене. Маалыматты, маалымат процесстерине жана маалыматташтырууга катышкан субъекттердин укуктарын коргоо
1. Маалыматты, маалымат процесстерине жана маалыматташтырууга катышкан субъекттердин укуктарын коргоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Коргоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте тастыктамаланууга тийиш болгон маалымат тутумдарын жана маалымат технологияларын камсыздоо каражаттары менен шайкеш келген маалыматты коргоонун атайын программалык-техникалык каражаттарын киргизүү жана пайдалануу менен камсыздалат.
2. Маалыматты коргоо каражаты менен камсыздалган маалыматты коргоонун деңгээли маалыматтын категориясына шайкеш келүүгө тийиш. Айрым категориядагы маалыматты коргоо деңгээлинин шайкеш келиши карамагында маалымат ресурстары болгон бажы органдары тарабынан камсыздалат.
3. Маалыматты коргоого жана маалыматты коргоо каражаттарын пайдаланууга карата талаптардын сакталышына контроль жүргүзүү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.
14-берене. Эл аралык маалымат алмашууга бажы органдарынын катышуусу
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана башка Кыргыз Республикасынын бажы органдары бажы органдары менен, ошондой эле өз компетенциясынын чегинде чет мамлекеттердин башка органдары жана уюмдары, эл аралык уюмдар менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жана эл аралык келишимдери менен аныкталуучу тартипте жана шарттарда эл аралык маалымат алмашууга катышат.
15-берене. Кабыл алынган чечимдин себептери, жасалган аракеттер же аракетсиздик жөнүндө маалымат алуу
Кыргыз Республикасынын бажы органы же болбосо анын кызмат адамы тарабынан ага карата чечим кабыл алынган же аракет жасалган, ошондой эле чечим кабыл алынбаган же жасалууга тийиш болгон аракет белгиленген мөөнөттө жасалбаган жак чечим кабыл алынган, аракет жасалган же аларды кабыл алуу же жасоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып, эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын бажы органына кабыл алынган чечимдин же жасалган аракеттин же болбосо чечим кабыл албоонун же аракеттерди жасабоонун себептери жана негиздери жөнүндө, эгерде бул ушундай жактын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын түздөн-түз жана жекече козгосо, суроо-талап менен кайрылууга укуктуу.
Суроо-талап Кыргыз Республикасынын бажы органы тарабынан токтоосуз каралууга тийиш. Суроо-талап жазуу жүзүндө берилгенде жооп да жазуу жүзүндө берилүүгө тийиш.
16-берене. Бажы иши чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалымат
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана башка Кыргыз Республикасынын бажы органдары бажы иши чөйрөсүндөгү колдонулуп жаткан ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалыматты бардык таламдаш жактардын тоскоолдуксуз алуу мүмкүнчүлүгүн, анын ичинде маалымат технологияларын пайдаланууну да камсыздайт.
Кыргыз Республикасынын бажы органдары бажы иши тармагындагы укуктук актыларга күчүнө кире элек өзгөртүүлөр жөнүндө маалыматты бардык таламдаш жактардын тоскоолдуксуз алуу мүмкүнчүлүгүн, анын ичинде маалымат технологияларын пайдаланууну камсыздайт, буга ченемдик укуктук актылардагы өзгөртүүлөр тууралуу алдын ала кабарлоого жол берилбеген учурлар кирбейт.
17-берене. Бажы ишинин маселелери жана бажы органдарынын компетенциясына кирген башка маселелер боюнча консультация берүү
1. Кыргыз Республикасынын бажы органдары бажы ишинин маселелери жана бул органдардын компетенциясына кирген башка маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте консультация берет.
Кызыкдар адамдар тарабынан коюлган бажы ишинин маселелери боюнча маалымат мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө берилет.
2. Кыргыз Республикасынын бажы органдары консультацияларды оозеки жана жазуу жүзүндө акысыз берет.
3. Консультация өткөрүүдө кызыкдар адамдарга берилген маалымат товарларга жана транспорттук каражаттарга карата бажылык операциялар жүргүзүлгөндө, Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын чечим кабыл алышына же аракеттерди жасашына негиз болуп саналбайт.
18-берене. Бажы иши чөйрөсүндөгү иштин жалпы жоболору
1. Ата мекендик юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин убактылуу сактоо кампаларынын ээси, бажы кампаларынын ээси, алымсыз соода дүкөнүнүн ээси жана бажы ташуучусу катары иш жүргүзүүсүнө алардын убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин реестрине, бажы кампаларынын ээлеринин реестрине, алымсыз соода дүкөнүнүн ээлеринин реестрине жана бажы ташуучуларынын реестрине киргизилген шартта жол берилет.
Эркин кампанын ээси катары иш жүргүзүүгө кызыкдар болгон юридикалык жактарды эркин кампанын ээлеринин реестрине киргизүүнүн тартиби жана шарттары, эркин кампанын ээсинин мындай реестрден чыгуу үчүн негиз жана мындай реестрден чыгуу тартиби жана эркин кампанын ээси катары ишин токтотуунун тартиби жана аны кайра жандандыруу, эркин кампанын ээлеринин реестрин жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
2. Бажы иши чөйрөсүндөгү иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрлери ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул Мыйзамда аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөргө милдеттүү:
- бажы иши чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрлерин үзгүлтүксүз, үч айда бир жолудан кем эмес расмий басылмаларында жарыялап турууну камсыздоого;
- Бажы союзунун органына бажы иши чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрин берүүгө милдеттүү.
19-берене. Бажы иши чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруучу жактарды реестрге киргизүү жана реестрден чыгаруунун тартиби
1. Бажы иши чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруучу жактарды реестрге киргизүү жак тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Мыйзамдын 20-беренесинде каралган маалыматтарды камтыган жазуу жүзүндөгү арызды берүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
2. Арызга ушул Мыйзамдын 21-беренесинде каралган документтердин түп нускалары же белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү тиркелет. Документтер мамлекеттик же расмий тилде берилет.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үчүнчү жактардан, ошондой эле мамлекеттик органдардан арыз берүүчү тарабынан аталган маалыматтарды ырастаган документтерди сурап алууга укуктуу.
Арыз каралгандан кийин, жактын талабы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз берүүчүгө берилген документтердин түп нускаларын кайтарып берүүгө милдеттүү.
3. Бажы иши чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жазуу жүзүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен таризделет жана мындай реестрге киргизилгендиги жөнүндө акысыз негизде күбөлүк берүү менен ырасталат.
Бажы иши чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жакты реестрге киргизүү жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кабыл алган чечим тиешелүү билдирүүнү берген жакка карата гана колдонулат жана мөөнөтсүз болуп эсептелет.
4. Бажы иши чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестринен чыгаруу тууралуу чечим ыйгарым укуктуу органга түшкөн реестрге киргизүү жөнүндө чечимди чакыртып алуу тууралуу арыздын негизинде же ушул Мыйзамда каралган негиздер боюнча кабыл алынат.
20-берене. Бажы иши чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү үчүн зарыл болгон маалыматтар
1. Бажы иши чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө арызда төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
- арыз берүүчүнүн аталышы, уюштуруу-укуктук формасы, жайгашкан жери, ошондой эле толугу менен түзүлгөн уставдык капиталынын өлчөмү жөнүндө маалыматтар;
- өзүнүн иш аймагын бир (бир нече) Кыргыз Республикасынын бажы органынын (бажы органдарынын) алкагында чектөөсү же болбосо өзүнүн иш аймагынын чектелбегени жөнүндө маалыматтар.
2. Ушул берененин 1-пунктунда аталган жалпы маалыматтардан тышкары, арыз берүүчү төмөнкү кошумча маалыматтарды берет:
1) убактылуу сактоо кампасын же бажы кампасын түзүүдө:
- убактылуу сактоо кампасынын же бажы кампасынын түрү жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле жабык түрдөгү кампа түзүлгөн учурда негиздемени;
- арыз берүүчүнүн ээлигинде турган жана убактылуу сактоо кампасы же бажы кампасы катары пайдаланууга арналган жайлар жана (же) ачык аянтчалар жөнүндө маалыматтарды, алардын жайгашкан жери, түзүлүшү, жабдыктары жөнүндө жана материалдык-техникалык жабдылышы жөнүндө маалыматтарды;
2) алымсыз соода дүкөнүн түзүүдө:
- арыз берилген учурда алымсыз соода дүкөнү катары пайдалануу үчүн жарактуу жайлардын бар экени жөнүндө маалыматтарды;
3) бажы өкүлү катары ишти жүзөгө ашырууда:
- Бажы союзунун тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасына ылайык товарлардын айрым түрлөрүнө карата бажы операцияларын жүргүзүүдөгү өзүнүн иш чөйрөсүн чектөө же болбосо транспорттун айрым түрлөрү менен бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларга карата, ошондой эле бир (бир нече) Кыргыз Республикасынын бажы органынын (бажы органдарынын) ишинин аймагынын алкагында айрым бажы операцияларын же болбосо мындай чектөөлөрсүз өз ишин жүргүзүү ниети жөнүндө маалыматтарды:
4) бажы ташуучусу катары иш жүргүзүүдө:
- жүк ташуу боюнча иш жүргүзүүнүн мөөнөтү жөнүндө маалыматтар;
- бажылык жүк ташуучу катары ишти жүзөгө ашырууда колдонуу болжолдонгон менчик транспорттук каражаттар жөнүндө (жалпы саны, техникалык мүнөздөмөлөр), анын ичинде бажы пломбалары жана мөөрлөрү менен товарларды ташуу үчүн жарактуу транспорт каражаттары жөнүндө маалыматтарды;
5) ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор катары иш жүргүзүүдө:
- ушул берененин 1-бөлүгүндө аталган маалыматтарды.
3. Убактылуу сактоо кампасы, бажы кампасы жана бажы алымысыз соода дүкөнү катары колдонууга арналган аймактык жактан өзгөчөлөнгөн ар бир жайга жана (же) аймактык жактан өзгөчөлөнгөн ар бир ачык аянтчага бажы иши чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө өзүнчө арыз берилет.
21-берене. Бажы иши чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги
1. Бажы иши чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө арызга төмөнкү документтер тиркелет:
- уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү;
- жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- ачылган банктык эсептер жөнүндө документтер;
- ушул Мыйзамдын 22-беренесине ылайык камсыздоо төлөмдөрү төлөнгөнүн ырастаган документтер.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жалпы документтерден тышкары арыз берүүчү төмөнкү кошумча документтерди берет:
1) убактылуу сактоо кампасын же бажы кампасын уюштурууда:
- убактылуу сактоо кампасы же бажы кампасы катары колдонууга арналган жайлардын жана (же) ачык аянттардын пландары жана чиймелери;
- убактылуу сактоо кампасын же бажы кампасын уюштуруу үчүн аймакка (аянтка) жана жайларга ээлик кылуу укугун ырастаган аймакты (аянтты) жана жайды ижарага алуу келишими же башка документтер;
- укуктарды мамлекеттик каттоо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кыймылсыз мүлккө болгон укуктарга чектөөлөр жөнүндө документтер;
- ушул Мыйзамдагы 40-бапка ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөнүн камсыздалганын ырастоочу документ;
2) алымсыз соода дүкөнүн уюштурууда:
- алымсыз соода дүкөнүн уюштуруу үчүн аймакты (аянтты) ижарага алуу келишими же жайларга ээлик кылуу укугун ырастаган башка документтер;
- мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алымсыз соода дүкөнүн ачуу мүмкүнчүлүгүн ырастоосу;
- алымсыз соода дүкөнү катары колдонууга арналган жайлардын пландары жана чиймелери;
- укуктарды мамлекеттик каттоо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кыймылсыз мүлккө болгон укуктарга чектөөлөр жөнүндө документтер;
- ушул Мыйзамдагы 40-бапка ылайык бажы алымдарынын, салыктардын төлөнүшүн камсыз кылууну киргизүүнү ырастаган документ;
3) бажы өкүлү катары иш жүргүзгөн учурда:
- арыз ээсинин кызматкерлери болуп саналган бажылык тариздөө боюнча адистердин квалификациялык күбөлүктөрү;
- бажылык тариздөө боюнча адис катары жумушка кабыл алуу жөнүндө эмгек мамилелерин жөнгө салуучу документ жана (же) жактын бажылык тариздөө боюнча адис катары чыгуу ыйгарым укуктарын ырастаган документ;
- арыз ээси өз ишин жүргүзүүнү болжолдогон ар бир регион боюнча бажылык тариздөө боюнча адистердин бар экендиги жөнүндө документ. Эгер жак ишин региондор боюнча кандайдыр бир чектөөлөрсүз жүргүзүүнү пландаса, мындай учурда арыз берилген күнгө карата арыз ээси бажы өкүлү катары өз ишин алар аркылуу жүргүзүүнү пландаган филиалдар жана алардын жайгашкан жери жөнүндө маалыматтар берилет;
- бажы алымдарын, салыктарды 700000 эсептик көрсөткүчтөн кем эмес суммада төлөнүшүн камсыз кылууну киргизүүнү ырастаган документ;
4) ыйгарым укуктуу экономикалык оператор катары иш жүргүзүүдө:
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзгөн Банктардын жана башка кредиттик уюмдардын реестрине киргизилген банк тарабынан берилген банк кепилдиктери катары бажы алымдарын, салыктардын төлөнүшүн камсыз кылууну ырастаган документ;
- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган күнү карыздын (өнбөгөн калдыктын) жок экендиги жөнүндө документ;
- бажы жол-жоболорун жүргүзүүдө бажы органдары берген маалыматтарды жана чарбалык операцияларды жүргүзүү жөнүндө маалыматтарды салыштырууга мүмкүндүк берген товарларды эсепке алуу тутумунун бар экендиги жөнүндө маалыматтар:
- кампа катары колдонуу үчүн арналган жайлардын жана (же) ачык аянттардын пландары жана чиймелери;
- аймактын (аянттын) жана жайлардын ижара келишими же аймакка (аянтка) жана кампа жайларына ээлик кылуу укугун ырастаган башка документтер;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кыймылсыз мүлккө укуктарын чектөө жана укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө документ.
5) бажы ташуучусу катары иш жүргүзүүдө:
- жүктөрдү ташуу боюнча иш жүргүзүүгө лицензия, эгер иштин мындай түрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензияланса;
- бажы ташуучусу катары иш жүргүзүүдө пайдалануу болжолдонгон транспорт каражаттарына ээлик кылуу укугун ырастаган документтер;
- бажы алымдарын, салыктарды 140000 эсептик көрсөткүчтөн кем эмес суммада төлөнүшүн камсыз кылууну киргизүүнү ырастаган документ.
22-берене. Бажы иши чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүүнүн шарттары
1. Бажы иши чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүүнүн шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) убактылуу сактоо кампасын же бажы кампасын уюштуруу:
- убактылуу сактоо кампасы же бажы кампасы катары пайдаланууга жарактуу жайлардын жана (же) ачык аянттардын болушу (ушул Мыйзамдын 65 жана 96-беренелери);
- убактылуу сактоо кампасын же бажы кампасын уюштуруу үчүн аймакты (аянтты) жана жайларды пайдалануу, ээлик кылуу же тескөө укугу. Мында убактылуу сактоо кампасы же бажы кампасы катары пайдалануу үчүн арналган аймактын (аянттын) жана жайлардын ижара келишиминин колдонуу мөөнөтү арыз берилген учурдан тартып үч жылдан кем эмес жылды түзүүгө тийиш;
- бажы алымдарын, салыктардын төлөнүшүн камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын маалыматтык тутумдарына техникалык жактан шайкеш келген маалыматтык тутумдарды колдонуу;
- арыз берилген күнгө карата бажы төлөмдөрү, туумдар боюнча карыздардын болбошу;
- арыз берилген күнгө карата бажы иши чөйрөсүндө укук бузгандыгы үчүн бир жылдын ичинде административдик жана/же жазык жоопкерчилигине тартуу фактыларынын болбошу;
2.) алымсыз соода дүкөнүн уюштурууда:
- алымсыз соода дүкөнү катары пайдалануу үчүн жарактуу жайлардын болушу (ушул Мыйзамдын 149-беренеси);
- алымсыз соода дүкөнүн уюштуруу үчүн жайларды пайдалануу, ээлик кылуу же тескөө укугу. Мында алымсыз соода дүкөнү катары пайдалануу үчүн арналган аймактын (аянттын) жана жайлардын ижара келишиминин колдонуу мөөнөтү арыз берилген учурдан тартып үч жылдан кем эмес жылды түзүүгө тийиш;
- бажы алымдарынын, салыктардын төлөнүшүн камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын маалыматтык тутумдарына техникалык жактан шайкеш келген, бажы контролунун алдында турган товарларды эсепке алуунун жана контролдоонун маалыматтык тутумдарын колдонуу;
- арыз берилген күнгө карата бажы төлөмдөрү, туумдар боюнча карыздардын жоктугу;
- арыз берилген күнгө карата бажы иши чөйрөсүндө укук бузгандыгы үчүн бир жылдын ичинде административдик жана/же жазык жоопкерчилигине тартуу фактыларынын болбошу;
3) бажы өкүлү катары:
- квалификациялык күбөлүк алган бажылык тариздөө боюнча штатта бирден кем эмес адистин болушу (ушул Мыйзамдын 231, 232-беренелери);
- Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын маалыматтык тутумдарына техникалык жактан шайкеш келген маалыматтык тутумдарды колдонуу;
- бажы алымдарынын, салыктардын төлөнүшүн камсыз кылуу;
- арыз берилген күнү бажы төлөмдөрү, туумдар боюнча карыздардын болбошу;
- арыз берилген күнгө карата бажы иши чөйрөсүндө укук бузгандыгы үчүн бир жылдын ичинде административдик жана/же жазык жоопкерчилигине тартуу фактыларынын жоктугу
4) ыйгарым укуктуу экономикалык оператор катары;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзгөн Банктардын жана башка кредиттик уюмдардын реестрине киргизилген банк тарабынан берилген банк кепилдиктерин камсыз кылуу;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган күндөн тартып кеминде үч жыл тышкы экономикалык ишти жүргүзүү;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган күнгө карата бажы төлөмдөрүн, пайыздарды, туумдарды төлөө боюнча аткарылбаган милдеттенмелердин болбошу;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган күнгө карата Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык карыздардын (өнбөгөн калдыктын) болбошу;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылганга чейин бир жылдын ичинде бажы эрежелерин бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартуу фактыларынын болбошу;
- товарларды эсепке алуу тутумунун болушу;
- декларациялоонун, бажы декларацияларын контролдоонун жана эсепке алуунун, анын ичинде Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан колдонулган программалык продуктулар менен шайкеш келген программалык продуктуну милдеттүү колдонуу менен автоматташтырылган тутумдун болушу;
- документтерди сактоо жана бөтөн адамдардын компьютердик тутумду уруксатсыз пайдалануусунан коргоо максатында коопсуздук боюнча маалыматтык технологиялык чараларды камсыз кылуу;
- кампа катары пайдалануу үчүн жарактуу жайлардын жана (же) ачык аянттардын болушу;
- кампанын аймагын (аянтын) жана жайларын пайдалануу, ээлик кылуу жана тескөө;
- арыз берилген күнгө карата бажы төлөмдөрү, туумдар боюнча карыздардын болбошу;
- арыз берилген күнгө карата бажы иши чөйрөсүндө укук бузгандыгы үчүн бир жылдын ичинде административдик жана/же жазык жоопкерчилигине тартуу фактыларынын болбошу;
5) бажы ташуучусу катары;
- ушул Мыйзамдын 56-беренесинде аныкталган критерийлерге ылайык транспорт каражаттарын жасоого жана жабдууга карата конкреттүү талаптарга жооп берген бажы пломбалары жана мөөрлөрү алдында товарларды ташуу үчүн жарактуу транспорт каражаттарына ээлик кылуу;
- бажы алымдарынын салыктардын төлөнүшүн камсыз кылуу;
- арыз берилген күнгө карата бажы төлөмдөрү, туумдар боюнча карыздардын болбошу;
- арыз берилген күнгө карата бажы иши чөйрөсүндө укук бузгандыгы үчүн бир жылдын ичинде административдик жана/же жазык жоопкерчилигине тартуу фактыларынын болбошу.
2. Убактылуу сактоо кампасынын ээси, бажы кампасынын ээси, алымсыз соода дүкөнүнүн ээси жана бажы өкүлү катары иш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү камсыздандырылууга тийиш.
23-берене. Бажы иши чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү жөнүндө (киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө) чечим
1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы иши чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимди документтерди кароо мөөнөтүн кошкондо, аны кабыл алуу үчүн зарыл болгон бардык документтер катталган күндөн тартып 15 күндөн кечиктирилбестен кабыл алат. Бажы иши чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимден төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн:
1) эгер ушул бапка ылайык талап кылынган бардык документтер жана маалыматтар берилбесе;
2) ушул Мыйзамдын 22-беренесинде каралган шарттардын арыз ээси тарабынан сакталбаса.
Арыз ээси тарабынан ушул бөлүктүн 1 жана 2-пункттарына ылайык баш тартууга негиз болгон кемчиликтер жоюлган учурда арыз жалпы негиздерде каралат.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кабыл алган чечим жөнүндө арыз берүүчүгө чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 күндүн ичинде кабарлоого милдеттүү.
Бажы иши чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүүдөн баш тартуу тууралуу кабарлоо баш тартуунун себебин көрсөтүү менен арыз берүүчүгө же анын өкүлүнө жазуу жүзүндө жиберилет (тапшырылат).
3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бажы иши чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүүдөн баш тартуусу ушул Мыйзамдын XI бөлүмүндө белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
24-берене. Бажы иши чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимдин колдонулуу мөөнөтүн токтотуу жана чакырып алуу
1. Бажы иши чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жак тарабынан көп зыянга учуратпаган бир жолку бузуу, ушул бапта камтылган талаптардын жана шарттардын аткарылбагандыгы үчүн ушул жак кат жүзүндө эскертилүүгө тийиш.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык кат жүзүндө эскертилген жак ушул Мыйзамдын талаптарын аткарбаган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бажы иши чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактын иши 3 айга чейинки мөөнөткө токтотулат.
Бажы иши чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимдин колдонулушу анын колдонулушун токтотуу үчүн негиз болгон себептер четтетилген шарттарда кайра калыбына келтирилет.
Чечимдин колдонулушу токтотулган мезгилде:
- товарларды убактылуу сактоо кампасына, бажы кампасына, алымсыз соода дүкөнүнө жайгаштырууга жол берилбейт;
- Кыргыз Республикасынын бажы органынын уруксаты менен товарлардын сакталышын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон операцияларды кошпогондо, убактылуу сактоо кампасына, бажы кампасына, алымсыз соода дүкөнүнө жайгаштырылган товарлар менен кандайдыр бир операцияларды жүргүзүүгө жол берилбейт;
- бажы кампасындагы жана алымсыз соода дүкөнүндөгү товарларды сатууга тыюу салынат.
3. Бажы иши чөйрөсүндө иштерди жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөнкү учурларда чакырып алынат:
1) убактылуу сактоо кампасын же бажы кампасын уюштурууда:
- кампанын ээси бажы иши чөйрөсүндө эки же андан көп жолу администрациялык укук бузганда;
- соттун чечими боюнча;
- кампанын ээси кудуретсиз (банкрот) деп таанылса же ал өзүн банкрот деп жарыялаганда;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жак кайрадан уюштурулганда;
- кампанын ээсинин бажы иши чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимди чакырып алуу тууралуу арызы боюнча;
2) бажы өкүлү катары иш жүргүзгөндө:
- эгерде мурда ага карата ушул берененин 1 жана 2-пункттарына ылайык чаралар колдонулса, бажы өкүлүнүн милдеттерин аткарбаганда
- эгер мурда ага карата ушул статьянын 1 жана 2-пункттарына ылайык чаралар колдонулса, бажы өкүлү тарабынан бажы жол-жоболору жүргүзгөн товарларды эсепке алуу тартиби бузулганда;
- бажы өкүлү тарабынан бажы иши чөйрөсүндө эки же андан көп администрациялык укук бузуулар жасалганда;
- соттун чечими боюнча;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жак кайрадан уюштурулганда;
- бажы иши чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимди чакырып алуу тууралуу бажы өкүлүнүн арызы боюнча;
- өкүлү болгон жактарга зыян келтирилгенде, анын ичинде коммерциялык сырды түзгөн же купуя маалымат экени мыйзам менен белгиленген тартипте далилденсе, коммерциялык сырды түзгөн же купуя маалымат болуп саналган маалыматтарды мыйзамсыз пайдалануунун натыйжасында зыян келтирилгенде;
- бажы өкүлү кудуретсиз (банкрот) деп таанылса же ал өзүн банкрот деп жарыяласа;
- квалификациялык күбөлүгү жок адистин кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланганда, анын ичинде эгер квалификациялык күбөлүк чакырып алынганда же анын колдонуу мөөнөтү аяктаганына байланыштуу аны колдонуу токтотулганда, соттун актысынын негизинде мындай иш жүргүзүү укугунан ажыраганда;
3) алымсыз соода дүкөнүн уюштурууда:
- алымсыз соода дүкөнүнүн ээси бажы иши чөйрөсүндө эки же андан көп администрациялык укук бузууларды жасаганда;
- соттун чечими боюнча;
- алымсыз соода дүкөнүнүн ээси кудуретсиз (банкрот) деп табылганда же ал өзүн банкрот деп жарыялаганда;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жак кайрадан уюштурулганда;
- алымсыз соода дүкөнүнүн ээсинин бажы иши чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимди чакырып алуу тууралуу арызы боюнча.
4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча чакырып алуу жөнүндө чечимдин кабыл алынышы бажы иши чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестринен жактарды чыгарып салууга алып келет.
Чакырып алуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан чакырып алуу тууралуу чечим кабыл алынган күндөн тартып колдонулат.
Чакырып алуу жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ага карата ушундай чечим кабыл алынган жакка мындай чечимдин жүйөлүү негиздери менен жазуу жүзүндө, ал кабыл алынган күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен жеткирилет. Аталган чечим жактын жетекчисине же башка өкүлүнө тил кат алуу же бул чечимди алган фактыны жана күнүн ырастаган башка ыкма менен тапшырылат. Эгер аталган жактар бул чечимди алуудан баш тартышса, ал почта аркылуу тапшырык кат менен жөнөтүлөт. Жакты чакырып алуу жөнүндө чечим менен кабарлаган күн болуп почта кызматы тапшырык катты тапшыргандыгы жөнүндө кабарлаган күн саналат.
5. Бажы иши чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү тууралуу экинчи ирет берилген арыз чакырып алуу жөнүндө чечим чыгарылган күндөн тартып бир жыл өткөндө аны, чакырып алууга негиз болгон себептер четтетилген шартта каралышы мүмкүн.
6. Ушул берененин колдонулушу ыйгарым укуктуу экономикалык оператор катары иш жүргүзгөн жактарга жайылтылбайт.
25-берене. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор катары ишмердикти жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимдин колдонуу мөөнөтүн токтотуу жана аны кайтарып алуу
1. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор катары ишмердикти жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимдин колдонулушу төмөнкү учурларда токтотулат:
1) ыйгарым укуктуу экономикалык оператор, ыйгарым укуктуу экономикалык оператор катары ишмердикти жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү жөнүндө арыз бергенде;
2) карызды төлөөгө чейинки убакта бажы төлөмдөрү, салыктар жана туумдар боюнча карыздар болгондо;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акыркы чечимди чыгарганга чейин кылмыш иштери козголгон фактылары болсо;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акыркы чечимди чыгарганга чейин бажы эрежелери бузулгандыгы үчүн административдик өндүрүш ишин козгоо фактылары болсо.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 күндүн ичинде ыйгарым укуктуу экономикалык операторду кабыл алынган чечими жөнүндө кат жүзүндө кабарландырууга милдеттүү.
2. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор катары ишмердикти жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечим төмөнкү учурларда кайтарып алынат:
1) ыйгарым укуктуу экономикалык оператор ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестринен аны чыгаруу жөнүндө арыз бергенде;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жак жоюлганда;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жак өзгөртүлүп түзүлгөндө;
4) белгиленген тартипте күчүнө кирген соттун өкүмүнүн негизинде кылмыш жооптуулугу болсо;
5) белгиленген тартипте күчүнө кирген соттун өкүмүнүн негизинде административдик жооптуулугу болсо;
6) юридикалык жак кудуретсиз (банкрот) деп таанылса же өзүнүн банкроттугу жөнүндө жарыяласа.
3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча кайтарып алуу жөнүндөгү чечимди кабыл алуу ыйгарым укуктуу экономикалык оператор катары ишмердикти жүргүзгөн жактардын реестринен бул жактардын алып салынуусуна алып келет.
Кайтарып алуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кайтарып алуу жөнүндөгү чечим чыгарылган күндөн тартып колдонулат.
Кайтарып алуу жөнүндөгү чечим ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мындай чечимдин тиешеси бар жактарга жана Кыргыз Республикасынын бажы органдарына бул чечимдин жүйөлүү негиздемеси менен кат жүзүндө чечим кабыл алынган күндөн кийинки күндөн кечиктирилбестен жеткирилет. Аталган чечим тил кат алуу менен же чечимди алган фактыны жана күндү ырастоочу башка ыкма менен ал жактын жетекчисине же башка өкүлүнө тапшырылат. Эгерде аталган жактар аталган чечимди алуудан баш тартышса, чечим почта аркылуу тапшырык каты менен жөнөтүлөт. Жакты кайтарып алуу чечими жөнүндө кабарлаган күн почта кызматынын тапшырык катын бергендиги жөнүндөгү кабарлоо күнү болуп саналат.
4. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор катары ишмердикти жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү жөнүндө арызды кайталап берүү административдик жана/же кылмыш жоопкерчилигине тартылган жактардан тышкары, кайтарып алууга негиз болуп берген себептерди жоюу шартында гана кайтарып алуу чечими чыккан күндөн бир жыл өткөнгө чейин каралат.
26-берене. Бажы иши чөйрөсүндөгү ишмердикти жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндөгү чечимди кайталап тариздөө
1. Уюштуруучулук-укуктук форманы же анын жайгашкан жайын өзгөртүүгө, же ушул Мыйзамдын 21-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4) пунктунда көрсөтүлгөн документтердеги маалыматтарды өзгөртүүгө алып келбеген жактардын аталышын өзгөрткөн учурда, бажы иши чөйрөсүндөгү ишмердикти жүргүзүүчү жак бажы иши чөйрөсүндөгү ишмердикти жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндөгү чечимди кайра карап чыгуу жөнүндө арызды, аталган маалыматтарды ырастоочу тийиштүү документтерди тиркөө менен берүүгө тийиш.
Чечимди кайталап тариздөө жөнүндөгү арыз, кайра тариздөө үчүн негиз болуп эсептелген жагдайлар пайда болгон учурдан тартып 5 күндүн ичинде арыз ээси тарабынан берилет.
2. Чечимди кайталап тариздөөдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы иши чөйрөсүндөгү ишмердикти жүргүзүүчү жактардын реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизет. Мында мурун берилген чечим жана күбөлүк жокко чыгарылат. Жаңы кабыл алынган күбөлүккө реестрдин жаңы каттоо номери берилет жана берилген күнү көрсөтүлөт.
Күбөлүктү алганга чейин, кайталап тариздөө мезгилинде, бажы иши чөйрөсүндөгү ишмердикти жүргүзүүчү жак мурун кабыл алынган чечимдин жана белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн күбөлүктүн көчүрмөсүнүн негизинде ишин жүргүзөт.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан чечимди кайталап тариздөө бажы иши чөйрөсүндөгү ишмердикти жүргүзүүчү жак тарабынан тийиштүү арызы жана документтери берилген күндөн тартып 15 иш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
3. Бажы иши чөйрөсүндөгү ишмердикти жүргүзүүчү жактан ушул беренеде каралбаган башка негиздер боюнча чечимди кайталап тариздөөнү талап кылууга тыюу салынат.
27-берене. Бажы иши чөйрөсүндөгү ишмердикти жүргүзүүчү жактардын реестри
1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы иши чөйрөсүндөгү ишмердикти жүргүзүүчү жактардын реестрин түзөт жана алып барат.
2. Бажы иши чөйрөсүндөгү ишмердикти жүргүзүүчү жактардын реестринде камтылган маалымат таанышуу үчүн ачык болот жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Интернет-ресурсунда жайгаштырылат. Бажы иши чөйрөсүндөгү ишмердикти жүргүзүүчү жактардын реестринде камтылган маалыматты мезгил-мезгили менен жалпыга маалымат каражаттарында жарыялоого уруксат берилет.
3. Бажы иши чөйрөсүндөгү ишмердикти жүргүзүүчү жактардын реестри төмөнкү маалыматтарды өзүнө камтыйт:
1) бажы иши чөйрөсүндөгү ишмердикти жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндөгү күбөлүктүн номери жана датасы жөнүндө;
2) жокко чыгарылган бажы иши чөйрөсүндөгү ишмердикти жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндөгү күбөлүктөр жөнүндө;
3) мурун берилген бажы иши чөйрөсүндөгү ишмердикти жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндөгү күбөлүктөрдүн иш-аракетинин токтотулушу жөнүндө;
4) бажы иши чөйрөсүндөгү ишмердикти жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизилген жактардын юридикалык дареги жөнүндө;
5) убактылуу сактоочу кампалардын, бажы кампаларынын, алымсыз соода дүкөндөрүнүн жана ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун кампаларынын жайгашкан жайлары жөнүндө;
6) бажы өкүлүнүн өзгөчөлөнгөн түзүмдүк бөлүмдөрүнүн тизмеси жана жайгашкан жерлери жөнүндө;
7) бажы өкүлүнүн штатында болгон бажы тариздөөсү боюнча адистер жөнүндө;
8) ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор үчүн атайы жөнөкөйлөтүүлөрдү берүү жөнүндө;
9) атайы жөнөкөйлөтүүлөрдү колдонуу менен бажы операцияларын жүргүзүүгө болгон Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын аталыштары жөнүндө;
10) бажы алымдарын, салыктарды төлөтүүнү камсыздоонун ыкмалары жөнүндө;
11) бажы алымдарынын, салыктардын төлөнүшүн камсыздоону ырастоочу документтин номери жана күнү жөнүндө;
12) транспорттун түрү жөнүндө;
13) кошумча маалымат.
4. Реестрге өзгөртүүлөрдү киргизүү жол-жобосу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тийиштүү чечимди кабыл алган күндөн тартып 15 иш күндөн ашпоого тийиш.
28-берене. Товарлар чыгарылган өлкө жөнүндө жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасына аймагына киргизүүдө Бажы союзунун мүчөсү болуп эсептелбеген мамлекеттердеги товарлар чыгарылган өлкөнү аныктоо Товарлар чыгарылган өлкөнү аныктоонун бирдиктүү эрежелери жөнүндө макулдашууга жана Бажы союзунун Бажы кодексиндеги 7-бапка ылайык ишке ашырылат.
2. Бажы союзунун мүчө - мамлекеттериндеги товарлар чыгарылган өлкөнү аныктоо зарылдыгында, эгерде Бажы союзунун мүчө - мамлекеттеринин эл аралык келишимдеринде башкача белгиленбесе, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин эркин соода аймагынын алкагында түзүлгөн Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык белгиленген товарлар чыгарылган өлкөнү аныктоо эрежелери колдонулат.
3. Товарлар чыгарылган өлкө декларант тарабынан, ал эми ушул Мыйзам менен белгиленген учурларда Кыргыз Республикасынын бажы органы тарабынан аныкталат. Товарлар чыгарылган өлкө товарларды бажылык декларациялоодо Кыргыз Республикасынын бажы органына декларант болуп билдирилет. Декларант тарабынан билдирилген товарлардын келип чыгышы Бажы союзунун бажы мыйзамдарынын талаптарына ылайык документалдуу бышыкталууга тийиш.
29-берене. Товарлар чыгарылган өлкөнү аныктоонун өзгөчөлүктөрү
1. Эгерде өндүрүштүк же транспорттук шарттар боюнча товарларды бир партия менен жөнөтүү мүмкүн болбосо, ошондой эле жаңылыштыктан улам товарлардын партиясы бир нечеге бөлүнгөн болсо, ажыратылган (кураштырылбаган) түрдө бир нече партиялар менен берилген товарлар декларанттын каалоосу боюнча товардын чыгарылган өлкөсүн аныктоодо бир эле товар катары каралууга тийиш.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн жоболорун колдонуу шарты болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ажыратылган (кураштырылбаган) түрүндө партия менен берилген, мындай берүүнүн себебин көрсөтүү менен жана тышкы экономикалык иштин Товардык номенклатурасы боюнча классификациялык коддордун, наркын жана ар бир партияга кирген товардын чыгарылган өлкөсүн көрсөтүү менен берилген товарлар жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органдары алдын ала кабардар кылынышы же товарды бир нече партияга бөлүүнүн жаңылыштыгы документ менен ырасталышы;
2) товардын бардык партияларын бир өлкөдөн бир жөнөтүүчү тарабынан берилиши;
3) товарлардын бардык партиясын бир Кыргыз Республикасынын бажы органына декларациялоо;
4) товарлардын бардык партиясын Кыргыз Республикасынын бажы органы бажы декларациясын кабыл алган күндөн баштап алты айдан ашпаган мөөнөттө же товарлардын биринчи партиясына карата аны берүүнүн мөөнөтү бүткөндө Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келүү. Декларанттын жүйөлөштүрүлгөн суроо-талабы боюнча көрсөтүлгөн мөөнөт бажы органдары тарабынан ошол товардын калган бардык партияларын ташып келүү үчүн зарыл болгон убакытка узартылат.
3. Товар чыгарылган өлкөнү аныктоодо аларды өндүрүү же иштеп чыгуу/кайра иштетүү үчүн колдонулган кубаттуулуктун, машиналардын, жабдуулардын жана шаймандардын чыккан жери эске алынбайт.
4. Машиналар, жабдуулар, аппараттар же транспорт каражаттарына пайдаланууга арналган шаймандар, белен тетиктер жана аспаптар ошол шаймандар, белен тетиктер жана аспаптар аталган машиналар, жабдуулар, аппараттар же транспорт каражаттары менен бир комплектте жана санда алып келинген жана сатылган шартта ошол машиналар, жабдуулар, аппараттар же транспорт каражаттары чыгарылган өлкөдөн чыгарылды деп эсептелет.
5. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына товар салынып келген таңгак аны товардан өзүнчө декларациялангандан тышкаркы-учурларда, товар чыгарылган өлкөдө чыгарылды деп эсептелет. Мындай учурда таңгак чыгарылган өлкө товар чыгарылган өлкөдөн өзүнчө аныкталат.
Товар чыгарылган өлкөнү аныктоо максаты үчүн, анын ичинде адвалордук үлүш эрежесин колдонууда Кыргыз Республикасынын бажы аймагына товар салып келинген таңгак ошол товар чыгарылган өлкөдө чыгарылды деп эсептелген учурда, адатта чекене соодада сатылган товар салынган таңгак гана эске алынат.
30-берене. Товар чыгарылган өлкөнү тастыктоо
Товардын кайсы бир өлкөдөн чыгарылгандыгын тастыктоочу документ болуп товардын чыгарылган жери жөнүндөгү тастыктама же товардын чыгарылган жери тууралуу декларациялар саналат.
31-берене. Товардын чыгарылганы жөнүндөгү тастыктама
1. Товардын чыгарылганы жөнүндөгү тастыктама – товар чыгарылган өлкөнү түздөн-түз күбөлөндүргөн жана эгерде товар ташылып чыккан өлкөдө тастыктама товар чыгарылган өлкөдөн алынган маалыматтардын негизинде берилсе, ошол өлкөнүн же товар ташылып чыккан өлкөнүн компетенттүү органдары берген документ.
Эгерде товардын чыгарылганы жөнүндөгү тастыктамада товар чыгарган өлкө жөнүндөгү маалыматтар Бажы союзунун бажы мыйзамдарында колдонулгандан башка критерийлерге негизделген болсо, товар чыгарылган өлкө Бажы союзунун бажы мыйзамдарында колдонула турган критерийлерге ылайык аныкталат.
2. Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан товарларды ташып кетүүдө товар чыгарылган жер жөнүндө тастыктама Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ага ыйгарым укук берилген орган же уюм тарабынан берилет, эгерде аталган тастыктама контракттын шарты боюнча, товар ташылып келген өлкөнүн улуттук эрежелери боюнча же аталган тастыктаманын болушу Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралган болсо.
Товардын чыккан жерин тастыктаган документти берген органдар жана уюмдар анын көчүрмөсүн жана башка негизде тастыктаган документтердин товардын чыккан жерин тастыктаган документ берилген күндөн баштап кеминде алты жыл сактоого милдеттүү.
3. Товардын чыккан жери жөнүндөгү тастыктама Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келген товарларды бажы жагынан жол-жобосуна бажы декларациясы жана башка документтер менен бирге берилет. Тастыктама жоголуп кеткен учурда анын расмий түрдө күбөлөндүрүлгөн нускасы кабыл алынат.
4. Товардын чыккан жери жөнүндөгү тастыктама талаптагыдай таризделбегендиги же анык эмес маалыматтардан тургандыгы тууралуу белгилер табылган учурда Кыргыз Республикасынын бажы органы компетенттүү мамлекеттик органдарга же товардын чыккан жери жөнүндө тастыктаманы берген өлкөнүн башка уюмдарына кошумча документтерди же тактоочу маалыматтарды берүү өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу.
Эгерде тастыктаманы көрсөтүү ушул Кодекстин 33-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык милдеттүү болуп саналса, анда товардын чыккан жери жөнүндө тастыктама талаптагыдай таризделип же суралган кошумча документтер болбосо тактоочу маалыматтар берилгенге чейин ошол өлкөдөн келди деп эсептелбейт.
5. Кыргыз Республикасынын бажы органы тандап текшерүү жүргүзүү максатында товардын чыккан жери жөнүндө тастыктама берген өлкөнүн компетенттүү мамлекеттик органдарына же башка уюмдарына кошумча документтерди же тактоочу маалыматтарды берүү өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу. Мындай текшерүүнү жүргүзүү бажы жол-жобосунда билдирилген ошол чыгарылган өлкө жөнүндөгү маалыматтардын негизинде товарды чыгарууга тоскоолдук кылбайт.
32-берене. Товардын чыгарылган жери жөнүндө декларация
1. Товардын чыгарылган жери жөнүндө декларация - товарды даярдоочу, сатуучу же экспорттоочу коммерциялык же товарга тиешеси бар кандайдыр бир башка документ менен байланыштуу жасаган товар чыгарылган өлкө жөнүндөгү кат жүзүндөгү билдирүү.
2. Эгерде товардын чыгарылган жери жөнүндө декларацияда товар чыгарылган өлкө тууралуу маалыматтар колдонулгандан башка критерийлерге негизделген болсо, товар чыгарылган өлкө Бажы союзунун бажы мыйзамдарында колдонулуп жаткан критерийлерге ылайык аныкталат.
33-берене. Товар чыгарылган өлкөнү ырастоочу документтерди берүү
1. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына товарды ташып келүүдө товардын чыккан жери жөнүндөгү тастыктама - эгерде ошол товар чыгарылган өлкөгө Кыргыз Республикасы өзүнүн эл аралык келишимдерине же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тарифтик преференция берсе берилет. Аталган учурларда тарифтик преференция Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде же мыйзамдарында каралган белгилүү бир форма боюнча тастыктама сунуш кылууда берилет;
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн жоболоруна карабастан, товар чыгарылган жер жөнүндөгү тастыктаманы көргөзүү төмөнкү учурларда талап кылынбайт, эгерде:
- Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген товарлар Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык товарларын Кыргыз Республикасына ташып келүүгө тыюу салынган өлкө товар чыгарылган өлкө болуп саналгандыгынын белгиси бажы органдары тарабынан табылгандагыдан башка учурларда транзиттик же убактылуу ташып кетүү бажы режимдерине билдирилет;
- мындай товарлардын чыккан өлкөсү болуп саналбаган - ташып чыгуучу өлкөнүн аймагында мурда эркин жүгүртүүгө чыгарылган Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келүүчү товарлар;
- бир эле учурда бир эле ыкма менен бир эле жөнөтүүчү тарабынан бир кабыл алуучунун дарегине жөнөтүлгөн бажы чек арасы аркылуу өткөн товарлардын жалпы бажы наркы эсептешүү көрсөткүчүнөн 2500 эселөө көрсөткүчүнөн ашпаганда;
- Бажы союзунун бажы мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери менен каралган башка учурларда.
3. Эгерде товардын чыккан жери жөнүндөгү тастыктаманы берүү талап кылынбаса, ал чыгарылган өлкө товардын чыккан жери жөнүндөгү декларация менен тастыкталат (32-берене).
4. Бажы чек арасы аркылуу жеке жактар тарабынан товарды жөнөкөйлөтүлгөн, жеңилдетилген тартипте (34-бап) алып өтүүдө товар чыгарылган өлкөнү ырастоочу документтерди көргөзүү талап кылынбайт.
34-берене. Товар чыгарылган өлкөнү аныктоодо аны чыгаруу шарттары
1. Товар чыгарылган өлкөнү ырастоочу документтер жок болгон учурда же берилген документтер талаптагыдай таризделбегендиги жана (же) анык эмес маалыматтардан тургандыгы аныкталган учурда, Кыргыз Республикасынын бажы органы (47-бап), эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине жана (же) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык товарларын Кыргыз Республикасына аймагына ташып келүүгө тыюу салынган өлкө товар чыгарылган өлкө болуп саналгандыгын көрсөткөн белгилер табылган учурларда товарды өткөрүүдөн баш тартат.
2. Товардын чыгарылган жери так аныкталбаган башка учурларда ушул Кодекстин 30-32-беренелерине ылайык товар кыйла оңтойлуу режим каралбаган соода-саясий мамиледе болбогон өлкөдөн чыгарылган товарларга карата колдонулуучу чендер боюнча бажы алымдарын төлөө менен өткөрүлөт.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн товарларга карата Кыргыз Республикасынын бажы органы тарабынан бажы декларациясы кабыл алынган күндөн баштап бир жыл өткөнгө чейин ушул товар чыгарылган өлкө тастыкталган шартта кыйла ыңгайлуу режим же преференциялык режим колдонулат (калыбына келтирилет). Бул учурда ташып келүү бажы алымдарынын төлөнгөн суммалары Бажы союзунун Бажы кодекстеги 13-бапка ылайык кайтарылууга жатат.
35-берене. Бажы союзунун тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасы
1. Тышкы сооданы жана тышкы экономикалык иштин башка түрлөрүнө бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын колдонуу үчүн, Кыргыз Республикасынын тышкы соодасынын бажы статистикасын жана Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын статистикасын жүргүзүү үчүн Бажы союзунун тышкы экономикалык ишинин Товардык номенклатурасы (мындан ары - тышкы экономикалык иштин Товардык номенклатурасы) колдонулат.
Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы - ал товардык позицияны, субпозицияны жана подсубпозицияны жана аларга тиешеси бар классификациялык (сандык) коддорду камтыган товарлардын классификатору. Тышкы экономикалык иштин Товардык номенклатурасынын ажыралгыс бөлүгү болуп, кандай деңгээлде болбосун классификациянын позицияларына карата эскертүүлөр ошондой эле Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасын интерпретациялоонун Негизги эрежеси саналат.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
1) Кыргыз Республикасын эл аралык уюмдарда Тышкы экономикалык иштин Товардык номенклатурасынын эл аралык негиздерин иштеп чыгуу, өзгөртүү, толуктоо, чечмелөө жана колдонуу бөлүгүндө көрсөтөт;
2) Тышкы экономикалык иштин Товардык номенклатурасынын эл аралык негиздерин өзгөртүүгө жана толуктоого, ошол негизди чечмелөө боюнча эл аралык түшүндүрмөлөргө жана чечимдерге мониторинг жүргүзөт;
3) кызыкдар мамлекеттик органдар менен биргеликте Тышкы экономикалык иштин Товардык номенклатурасын иштеп чыгуу, өзгөртүү жана толуктоо жөнүндө сунуштарды даярдоону камсыз кылат.
36-берене. Товарларды классификациялоо
1. Товарлар Бажы союзунун бажы мыйзамдарына жана ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын бажы органдарына тапшырылган бажы декларациясында жана башка документтерде Тышкы экономикалык иштин Товардык номенклатурасы боюнча товарлардын коддорун көрсөтүү талап кылынган учурда бажыда декларациялоодо классификацияланууга тийиш.
2. Бажы декларациясында Тышкы экономикалык иштин Товардык номенклатурасы боюнча товардын кодун декларант, же декларанттын тапшырмасы боюнча бажы өкүлү көрсөтөт.
3. Тышкы экономикалык иштин Товардык номенклатурасы боюнча товарлардын туура эмес классификациясы айкындалганда, бажы органы товарлардын классификациясын өз алдынча жүргүзөт жана алардын классификациясы боюнча чечимди кабыл алат.
Товардын классификациясы боюнча чечим бажы органынын каты түрүндө же бажылык текшерүү актысы боюнча чечимдин же бажы төлөмдөрүн, пайыздарын, өсүмүн алуу жөнүндө чечимдин курамдык бөлүгү болуп саналат.
Товардын классификациясы боюнча чечим төмөнкүдөй маалыматтарды камтышы керек:
- товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алган Кыргыз Республикасынын бажы органынын аталышы;
- декларанттын аты-жөнү (фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо), жайгашкан жери;
- товарларга декларациянын каттоо номери же жарыяланган бажы жол-жобосуна ылайык товарларды чыгаруунун каттоо номери;
- товарды классификациялоо үчүн керектүү, анын толук аталышы жана товар жөнүндө башка маалыматтар;
- Тышкы экономикалык иштин Товардык номенклатурасын Интерпретациялоонун негизги эрежелерин көрсөтүп, кабыл алынган чечимдин негиздери жана далилдери;
- Тышкы экономикалык иштин Товардык номенклатурасы боюнча товардын он орундуу коду;
- кабыл алынган чечимге даттануу тартиби жөнүндө маалыматтар.
Товарды классификациялоо боюнча чечимге Кыргыз Республикасынын бажы органынын начальниги же анын орун басары кол коёт.
37-берене. Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарлардын классификациясы
1. Кыргыз Республикасына бир алуучунун дарегине бир же бир нече транспорттук каражат менен бир транспорттук (ташуучу) документ же счет-фактура (инвойс, эсеп-проформа) менен алынып келген товар куралбаган жана ажыратылган түрдө, анын ичинде комплектиленбеген же бүтүрүлгөн эмес түрүндө (мындан ары - куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товар) товарларды классификациялоо эрежелерине ылайык даяр товардын коду менен классификацияланат.
2. Ташып келүүдөгү бажылык алымдын атайын же комбинацияланган коюму белгиленгенден башка, Кыргыз Республикасынын аймагына ар кандай товардык партиялар менен он календардык күндөн ашпаган мезгилдин аралыгында алып кирүү каралган, Тышкы экономикалык иштин Товардык номенклатурасынын 84, 85 же 90-топторундагы куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товар (товарлардын комбинациясын кошуп), товарларды классификациялоо эрежелерине ылайык Тышкы экономикалык иштин Товардык номенклатурасы боюнча бирдиктүү код менен төмөнкү шарттар аткарылганда классификацияланышы мүмкүн:
1) чогултулган жана ажыратылган түрдөгү товардын классификациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын бажы органынын чечими болгондо, ушул пункттун экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурду кошпогондо;
2) товарды бажылык декларациялоо бир Кыргыз Республикасынын бажы органына бир декларант тарабынан бир тышкы экономикалык бүтүмдүн алкагында ишке ашырылат.
Эгерде товардын айрым компоненттери Бажы союзунун Кыргыз Республикасындагы бажы аймагына бөлөк-бөлөк партиялар менен алынып келсе, бажы кампасынын бажы жол-жобосуна ылайык убактылуу сактоодо турса, куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу милдеттүү болуп саналбайт. Бул компоненттерге карата товарларга бир декларация берилиши мүмкүн жана алар Кыргыз Республикасынын бажы органына бир убакта берилсе болот.
3. Кыргыз Республикасына аймагына алып киргенде жана Кыргыз Республикасынын аймагынан алып чыкканда товардын компоненттерин ар кандай партиялар менен, ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөн тышкары, белгилүү мезгилдин ичинде жеткирүү каралган куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товар товарларды классификациялоонун эрежелерине ылайык Тышкы экономикалык иштин Товардык номенклатурасы боюнча төмөнкү шарттар аткарылганда бир код менен классификацияланышы мүмкүн:
- товарды бажылык декларациялоо бир Кыргыз Республикасынын бажы органына бир декларант тарабынан бир тышкы экономикалык бүтүмдүн алкагында ишке ашырылат;
- Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы боюнча саны жана коддору көрсөтүлүп, товардын жана анын компоненттеринин сүрөттөмөсү, товар жайгаштырыла турган бажы жол-жобосу, товарды жеткирүү мөөнөттөрү, декларант жөнүндө маалыматты камтыган пландаштырган жеткирүүлөр жөнүндө кат түрүндөгү билдирмени товардын компоненттеринин биринчи партиясына карата бажы декларациясы берилгенге чейин бажы декларациясы Кыргыз Республикасынын бажы органына көрсөтүү.
Компоненттерин ар кайсы товардык партиялар менен белгилүү мезгилдин ичинде жеткирүү каралган куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарга карата Бажы союзунун Бажы кодексинин 53-56-беренелери аныктаган тартипте ошол товарды классификациялоо боюнча алдын ала чечим кабыл алынышы мүмкүн.
4. Кыргыз Республикасынын аймагына ар кандай товардык партиялар менен Тышкы экономикалык иштин Товардык номенклатурасы боюнча бир кодду көрсөтүп алып кирген куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды бажылык декларациялоо ушул Мыйзамдын 227-беренесине ылайык жүргүзүлөт.
5. Эгерде ушул Мыйзамдын 227-беренесинде аныкталган мөөнөттүн ичинде куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товардын бардык компоненттери чыгарылбаса, мындай компоненттер Тышкы экономикалык иштин Товардык номенклатурасына ылайык көрсөтүлгөн компоненттерге колдонулган коддор боюнча товарларды классификациялоо эрежелерине ылайык классификацияланат.
38-берене. Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу жөнүндө арыз
1. Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу үчүн ошол товардын декларанты катарында аракет кылууга укуктуу жак, товарды чыгаруу ишке ашырылуучу Кыргыз Республикасынын бажы органына жазуу түрүндө арыз берет.
Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу жөнүндө арыз ошол товардын кайсы бир партиясы бажы жол-жобосуна киргизе электе берилет, бажы кампасынын бажылык жол-жобосу жана бажылык транзиттин бажы жол-жобосун кошпогондо.
2. Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу жөнүндө арыз төмөнкүлөрдү камтышы керек:
1) ошол товардын декларанты катарында аракет кылууга укуктуу жак жөнүндө маалымат;
2) товар жөнүндө маалымат (аталышы, товардын компоненттеринин тизмеги);
3) товарды жеткирүү мөөнөтү;
4) товар жайгаштырыла турган бажы жол-жобосу жөнүндө маалымат;
5) товарды бажылык декларациялоо ишке ашырылуучу региондогу Кыргыз Республикасынын бажы органынын аталышы.
3. Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу жөнүндө арызга төмөнкү документтер тиркелет:
1) товарга карата тышкы экономикалык бүтүм жасалгандыгын тастыктаган документтер;
2) кагаз жана электрондук түрдө товардын компоненттеринин тизмеги (таблица түрүндө), анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- компоненттердин, анын ичинде товардын айрым компоненттерин түзгөн бөлүктөрүнүн аталышы;
- Тышкы экономикалык иштин Товардык номенклатурасы боюнча товардын компоненттеринин коду;
- компоненттердин, анын ичинде товардын өз алдынча компонентин түзгөн бөлүктөрүнүн Тышкы экономикалык иштин Товардык номенклатурасында колдонулган өлчөм бирдигинде салмагы жана саны;
3) багыты, аткаруучу функциялары, аракеттенүү принциби, жасалган материалы көрсөтүлүп, товардын айрым компоненттеринин сүрөттөмөсү;
4) куроо (монтаждоо) чиймеси (схемасы).
4. Эгерде тапшырылган документтер жана маалыматтар куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу үчүн жетишсиз болсо, Кыргыз Республикасынын бажы органы куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу жөнүндө арыз берилген күндөн тартып он беш календардык күн аралыгында кат түрүндө кошумча маалымат көрсөтүү зарылдыгы жөнүндө жактарга билдирет.
Кошумча маалымат арыз ээсине билдирилген күндөн тартып отуз календардык күн аралыгында берилиши керек.
5. Кыргыз Республикасынын бажы органы куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуудан төмөнкүдөй учурда баш тартат, эгерде:
1) арыз ошол товардын декларанты болууга укугу жок жак тарабынан берилсе;
2) Кыргыз Республикасынын бажы органы сураган кошумча маалымат ушул берененин 4-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттө бербесе, же ошол товардын декларанты болууга укугу бар жак товарды классификациялоо үчүн керектүү документтерди жана маалыматтарды берүүдөн баш тартса;
3) арызда жана ага тиркелген документтерде карама каршы маалымат камтылган;
4) Кыргыз Республикасынын аймагына алып кире турган компоненттер Тышкы экономикалык иштин Товардык номенклатурасы боюнча бирдиктүү код менен классификацияланган товарды түзбөсө;
5) куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товардын өз алдынча компоненттеринин бир бөлүгү бажы жол-жобосуна берилсе, бажы кампасынын бажылык жол-жобосун жана бажылык транзиттин бажы жол-жобосун кошпогондо.
39-берене. Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу мөөнөтү жана андай чечимге карата талаптар
1. Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечим куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу жөнүндө арыз катталган күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде кабыл алынат. Ушул Мыйзамдын 38-беренесине ылайык кошумча маалымат көрсөтүү зарылдыгы болсо, мөөнөтү жактын жазуу түрүндөгү билдирмесин каттаган күндөн тартып токтотулат жана суралган маалыматты камтыган акыркы документти Кыргыз Республикасынын бажы органы алган күнү кайра улантылат.
2. Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечим төмөнкү маалыматтарды камтышы керек:
1) куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алган Кыргыз Республикасынын бажы органынын аталышын;
2) куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимдин каттоо номери жана анын кабыл алынган күнүн;
3) ошол товардын декларанты болууга укуктуу жак жөнүндө маалыматты;
4) товардын толук аталышын;
5) Тышкы экономикалык иштин Товардык номенклатурасын Интерпретациялоонун негизги эрежелерин көрсөтүп, кабыл алынган чечимдин негиздерин жана далилдерин;
6) Тышкы экономикалык иштин Товардык номенклатурасы боюнча товардын он орундуу кодун;
7) товардын компоненттеринин тизмегин, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- компоненттердин, анын ичинде товардын айрым компоненттерин түзгөн бөлүктөрүнүн аталышын;
- Тышкы экономикалык иштин Товардык номенклатурасы боюнча товардын компоненттеринин кодун;
- компоненттердин, анын ичинде товардын өз алдынча компонентин түзгөн бөлүктөрүнүн Тышкы экономикалык иштин Товардык номенклатурасында колдонулган өлчөм бирдигиндеги салмагын жана санын;
- товардык компоненттерди алып кирүү жүргүзүлгөн жана тышкы экономикалык бүтүм жасалгандыгын тастыктаган документтердин, же бажы максаттарына керектүү башка документтердин реквизиттерин;
8) товар бериле турган бажы жол-жобосу жөнүндө маалыматты.
9) кабыл алынган чечимге даттануу тартиби жөнүндө маалыматтарды.
3. Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимге Кыргыз Республикасынын бажы органынын начальниги же анын орун басары кол коёт жана ал кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
40-берене. Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимдин жарактуулугун жокко чыгаруу, өзгөртүү
1. Кыргыз Республикасынын бажы органы куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди жокко чыгаруу же өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди жокко чыгаруу же өзгөртүү жөнүндө чечим ошол товардын декларанты болууга укуктуу жакка товарды классификациялоо боюнча чечимди жокко чыгаруу же өзгөртүү жөнүндө чечимди кабыл алган күндөн кийинки үч иш күндөн кечиктирбей жиберилет.
2. Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди жокко чыгаруу жөнүндө чечим төмөнкү учурларда кабыл алынат, эгерде:
1) Кыргыз Республикасынын бажы органы товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алышы үчүн ошол товардын декларанты болууга укуктуу жак жасалма документтерди көрсөтсө же жалган маалымат берсе;
2) куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товардын айрым компоненттеринин акыркы партиясына бажы декларациясы ушул Мыйзамдын 227-беренесинде каралган мөөнөттө берилбесе;
3) ошол товардын декларанты болууга укуктуу жак товарды жеткирүүдөн кат түрүндө, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагына товардын айрым компоненттерин алып киргенден кийин баш тартса.
3. Эгерде товардын чыгарылган компоненттери товарды классификациялоо эрежелерине ылайык куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимде көрсөтүлгөн бүтүрүлгөн же комплектиленген товардын классификациялык кодуна тиешелүү болсо, куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынбайт.
4. Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди жокко чыгаруу жөнүндө чечим куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечим кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечим төмөнкү учурларда өзгөртүлөт:
1) Тышкы экономикалык иштин Товардык номенклатурасы өзгөрүлгөндө;
2) Евразиялык экономикалык комиссия же ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын бажы органдары аткаруу үчүн милдеттүү чечимди кабыл алганда же товарлардын айрым түрүн классификациялоо боюнча түшүндүрмө берилгенде;
3) арыз ээси документтерди даярдаганда же товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алганда ката кетиргени, туура эмес терилгени аныкталганда;
4) тышкы экономикалык бүтүмдүн шарттары өзгөрүлгөндө, эгерде ошол өзгөрүүлөр товарга же анын айрым компоненттерине тиешелүү болсо.
6. Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди өзгөртүү жөнүндө чечим куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди өзгөртүү жөнүндө чечимде көрсөтүлгөн мөөнөттө күчүнө кирет.
7. Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди жокко чыгарганда жана өзгөрткөндө ушул Мыйзамдын 40-беренесинде көрсөтүлгөн товардын айрым компоненттери товарларды классификациялоо эрежелерине ылайык ошол компоненттерге колдонулган коддор боюнча Тышкы экономикалык иштин Товардык номенклатурасына ылайык классификацияланат.
41-берене. Товарларды классификациялоо боюнча баштапкы чечимдер, түшүндүрмөлөр жана башка чечимдер
1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган Кыргыз Республикасынын бажы органдары кызыкдар жактын суроо-талабы боюнча Тышкы экономикалык иштин Товардык номенклатурасы боюнча товарлардын классификациясына карата баштапкы чечимди Бажы союзунун Бажы кодексинин 53-56-беренелеринде аныкталган тартипте кабыл алат.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган товарлардын айрым түрлөрүн классификациялоо боюнча чечим кабыл алат жана түшүндүрмө берет.
3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган акысыз негизде кызыкдар жактарга ушул беренеге ылайык Кыргыз Республикасынын бажы органдары кабыл алган баштапкы чечимдер жана түшүндүрмөлөр жөнүндө маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат.
42-берене. Тышкы сооданын бажы статистикасы
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин, Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган дагы башка мамлекеттик органдарды Кыргыз Республикасынын тышкы соодасынын абалы жөнүндө маалымат менен камсыз кылуу, мамлекеттик бюджетке бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн контролдоо, валюталык контроль жүргүзүү, Кыргыз Республикасынын тышкы соодасынын абалын, кыймылын жана тенденцияларын, анын соода балансын жана бүткүл экономикасын талдоо максатында бажы органдары бажы чек арасы аркылуу алынып өтүлгөн товарлар тууралу маалыматтарды жыйнашат жана иштеп чыгышат, ошондой эле бажы статистикасынын маалыматтарын берип турушат. Кыргыз Республикасынын бажы органдары бажы статистикасынын маалыматтарын эл аралык уюмдарга Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берет. Ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тышкы сооданын бажы статистикасынын маалыматтарын жарыялап турушат.
2. Кыргыз Республикасынын тышкы соодасынын бажы статистикасы Бажы союзунун бажы мыйзамдарына, ушул Мыйзамга жана жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.
3. Тышкы сооданын бажы статистикасы Кыргыз Республикасынын жана анын тышкы соода өнөктөрүнүн өз ара соодасынын маалыматтарын салыштырууну камсыз кылуучу методологияга ылайык жүргүзүлөт. Импорт жана экспорт боюнча ай сайынкы жана ар жылдык отчеттор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Жогорку Кеңешине берилет жана тийиштүү мезгилден кийинки бир айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен коомчулук үчүн жарыяланууга тийиш. Ушул Мыйзамдын 2-главасына ылайык маалымат технологияларынын колдонулушуна болушунча мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек.
43-берене. Атайын бажы статистикасы
Кыргыз Республикасынын бажы органдарына жүктөлгөн маселелердин чечилишин камсыз кылуу максатында бул органдар тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган тартипте атайын бажы статистикасы жүргүзүлөт.
44-берене. Статистикалык максаттар үчүн пайдаланылуучу документтер жана маалыматтар
Статистикалык максаттар үчүн документтер жана маалыматтар ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык берилет.
45-берене. Бажы союзунун бажы чек арасы аркылуу товарлардын жана транспорт каражаттарынын өтүү тартиби
1. Товарлардын жана транспорт каражаттарынын бажы чек арасы аркылуу өтүүсү Бажы союзунун бажы мыйзамдарына, ушул мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.
2. Товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келүү жана ал аймактан ташып кетүү, товарларды ташып өткөн жактарды ушул Мыйзамда каралган бажы режимдеринин бирөөнө товарларды коюуга жана бул бажы режиминин шартын сактоого милдеттендирет.
3. Бажы союзунун бажы чек арасы аркылуу өтүп жаткан товарлар жана транспорт каражаттары Бажы союзунун бажы мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда каралган тартипте жана шартта бажылык контролдонууга тийиш.
4. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын бажы контролун жүргүзүүдө коюучу талаптары товарларды жана транспорттук каражаттарды Бажы союзунун бажы чек арасы аркылуу алып өтүү жана бажы иши жагында ишти жүргүзүү үчүн Бажы союзунун бажы мыйзамдарын жана ушул Мыйзамдын сакталышын камсыз кылуу үчүн эң аз зарыл болгондон чоң даражада тоскоолдук кылышы мүмкүн эмес.
46-берене. Бажы союзунун бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүчү жерлер
1. Кыргыз Республикасында Бажы союзунун бажы чек арасы аркылуу товарлардын өткөрүүчү жерлер болуп өткөрүү пункттары же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган башка жерлер саналат.
2. Бажы союзунун бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын, жүргүнчүлөрдү өткөрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы бажы инфратүзүмүнүн обьекттерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте башкарууга өткөрүп берүүгө укуктуу.
47-берене. Бажы союзунун бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүдөгү чектөөлөрдү жана тыюуларды аткаруу
1. Эгерде чектөөлөрдү жана тыюуларды аныктаган Бажы союзунун Бажы кодекси, Бажы союзунун бажы мыйзамдары, Бажы союзуна мүчө мамлекеттердин эл аралык келишимдери, Бажы союзунун комиссиясынын чечимдери жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында башкача аныктабаса, Бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүү чектөөлөрдү жана тыюуларды аткаруу менен жүргүзүлөт.
2. Товарларды ташыган жактарда, декларанттарда, жүк ташуучуларда же башка жактарда Кыргыз Республикасынын бажы аймагына товарларды ташып келүүгө же ал аймактан ташып кетүүгө тыюу салууларды жана чектөөлөрдү сактоого байланыштуу келип чыккан чыгымдардын орду Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан толтурулбайт.
3. Товарларды ташып чыгарууну жүк ташуучу жүргүзөт. Товарларды дароо чыгарып кетүүгө мүмкүнчүлүк болбосо же дароо ташып кетүү ишке ашпай турган болсо, товарлар убактылуу сактоо кампаларына же бажы контролунун зонасы болуп саналган башка жерлерге товарларды алып келген жактардын эсебинен коюлат. Мындай товарларды сактоо мөөнөтүнүн эң жогорку чеги, эгерде Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен товарлардын айрым категорияларына карата башка мөөнөт каралбаса, үч сутканы түзөт. Бул мөөнөт аяктагандан кийин аталган товарларды тескөө ушул Кодекске ылайык жүргүзүлөт.
48-берене. Товарларды пайдалануу жана тескөө
1. Эч ким товарларды Бажы союзунун бажы мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда каралган тартипте жана шартта чыгарылганга чейин башкача пайдаланууга жана тескөөгө укуксуз.
2. Товарды бажы орган чыгаргандан кийин пайдалануу жана (же) тескөө жарыяланган бажы жол-жобосунун шарттарына, же Бажы союзунун Бажы кодексине жана ушул Мыйзамга ылайык бажы жол-жобосуна киргизилбеген товарлардын айрым категориялары үчүн аныкталган шарттарга ылайык жүргүзүлөт.
49-берене. Товарлардын жана транспорттук каражаттардын Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келишинин орду жана убактысы
1. Товарлардын жана транспорттук каражаттардын Кыргыз Республикасынын аймагына келишине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган өткөрүү пункттарында жана Кыргыз Республикасынын бажы органдары иштеген убакытта жол берилет. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын иштеши үчүн белгиленген убакыттан тышкары өткөрүү пункттарына товарлардын жана транспорт каражаттарынын келишине ал органдарга алдын ала кабарлоо менен жол берилет.
2. Бажы чек арасынан өтүүдө ташуучу товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүү пунктуна же аны бере турган жерге мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө Кыргыз Республикасынын бажы органына, талап кылынган учурда Кыргыз Республикасынын бажы органдары белгилеген маршруттар аркылуу жеткирүүгө милдеттүү. Товарларды темир жол транспорту аркылуу ташууда маршрут белгиленбейт. Бул учурда товардын абалын өзгөртүүгө же алардын таңгактарын өзгөртүүгө болбойт, ошондой эле коюлган пломбаларын, мөөрлөрүн жана башка идентификациялык каражаттарын өзгөртүүгө, жок кылууга же бузууга болбойт.
Электрдик өткөргүч линиялары жана өткөргүч түтүк транспорту менен ташылуучу товарлар үчүн товарларды жана транспорт каражаттарын көрсөтүү үчүн орун аныктоо талап кылынбайт.
3. Контролдоонун натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында айрым категориядагы товарлардын Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келиши үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү конкреттүү өткөрүү пункттарын аныктап берүүгө укуктуу.
4. Ушул берененин жоболору Кыргыз Республикасынын аймагындагы портто же аэропортто токтобостон Кыргыз Республикасынын бажы аймагы аркылуу аба кемелери менен ташылуучу товарларга тийиштүү эмес.
50-берене. Авария же ал жеткис күч учурунда көрүлүүчү чаралар
1. Эгер товарларды ташуу үзгүлтүккө учураса, ошондой эле эгер аба кемеси конууга мажбур болсо, же авариянын же ал жеткис күчтүн натыйжасында же болбосо товарларды жеткирүүгө же коно турган ордуна конууга тоскоолдук жараткан башка жагдайлардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын аймагына консо, ташуучу товарлардын жана транспорттук каражаттардын сакталышын камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүүгө милдеттүү жана жакынкы Кыргыз Республикасынын бажы органына мындай жагдайлар туурасында жана товарлар жайгаштырылган орду жөнүндө токтоосуз кабарлоого тийиш.
2. Ташуучулардын же башка жактардын ушул беренедеги талаптардын сакталышына байланышкан чыгымдарын Кыргыз Республикасынын бажы органдары төлөп бербейт.
51-берене. Кыргыз Республикасынын аймагына товарлардын жана транспорттук каражаттардын алынып келишин бажы органдарына билдирүү
1. Товар ташыган жак, ошондой эле товарды ташуу боюнча айрым иштерди аткарууга ыйгарым укук берилген жак же ташуучу Кыргыз Республикасынын аймагына товарлардын жана транспорттук каражаттардын алынып келе тургандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органдарына билдирүүгө милдеттүү.
2. Маалыматтар Кыргыз Республикасынын бажы органдарына товарлар жана транспорттук каражаттар Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келгенге чейин же алып келгенде бир учурда берилет.
3. Товарлар жана транспорттук каражаттар Кыргыз Республикасынын аймагына алып келгендиги жөнүндө юридикалык билдирүү кат жүзүндө, электрондук же башка формадагы маалымат Кыргыз Республикасынын бажы органдарына жолдомо түрүндө берилет.
4. Ташуучунун ташылуучу товарларга жана транспорттук каражаттарга тиешеси бар кат жүзүндөгү билдирүүсү транспорттук (ташуучу) документ берилди деп эсептелинет.
5. Темир жол станцияларына товар келгендиги жөнүндө билдирүү, темир жол станцияларына товарлар жана транспорттук каражаттар алынып келгендиги жөнүндө темир жол уюмунун кат түрүндө же электрондук формада Кыргыз Республикасынын бажы органына маалымат берүү жолу менен ишке ашат.
6. Эл аралык туруктуу жана туруктуу эмес темир жол боюнча жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуунун ырааттамасын берүү Кыргыз Республикасынын бажы органына транспорт каражаттарынын келиши жөнүндө маалымат берилди деп эсептелинет.
7. Товарлардын Кыргыз Республикасынын бажы аймагына аба транспорту аркылуу алынып келиши жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органына билдирүү, эл аралык аэропорттун (аэродромдун) администрациясы жарандык авиациянын эл аралык аба линияларындагы учактын учуу ырааттамасын, аба кемесинин экипажы жөнүндө, кийинки аэропортко чейинки жана транзиттик жүргүнчүлөрдүн саны, ошондой эле аба кемесиндеги товарлар жана почта жөнүндө маалыматтарды берүү жолу менен ишке ашат.
8. Расписаниеден сырткары учуп келген аба кемеси келгендиги жөнүндө билдирүү ошондой эле аба кемелеринин бардык рейстик кармалуулары жөнүндө эл аралык аэропорттун (аэродромдун) администрациясы Кыргыз Республикасынын бажы органдарына мындай аба кемелер учуп келерден бир сааттан кем эмес убакыт мурда билдирет.
9. Товарларды өткөргүч түтүк транспорту жана электрдик өткөргүч линиялары аркылуу ташууда товарлар алынып келгендиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органына билдирүү контракттарды, протоколдорду, лицензияларды жана товарды ташууга тиешеси бар башка документтерди берүү жолу менен ишке ашат.
52-берене. Документтерди жана маалыматтарды берүү
1. Кыргыз Республикасынын аймагына товарлар алынып келгендиги жөнүндө билдирүүдө Кыргыз Республикасынын бажы органы талап кылуучу маалыматтар жана документтер, Бажы союзунун Бажы кодексинин 159-беренесинде каралган маалыматтар жана документтердин ичинен бажы максатында товарларды жана транспорттук каражаттарды идентификациялоо үчүн зарыл болгондору менен гана чектелет.
Кыргыз Республикасынын аймагына товарлар алынып келгендиги жөнүндө билдирүүдө, бериле турган маалыматтар жана документтердин тизмесин транспорттун түрүнө жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын аймагына товарлар алынып келгендиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органына билдирүүдө, ташылып келген транспорттун түрүнө карабастан, Бажы союзунун Бажы кодексинин 152-беренесинин 1-пунктуна ылайык тарифтик эмес жөнгө салуучу чаралардан тышкары, тыюу салуулар жана чектөөлөр сакталгандыгын тастыктаган документтер берилет.
53-берене. Товарлар жеткирилген жерде аткарылуучу бажы операциялары
1. Кыргыз Республикасынын аймагына келген товарларды транспорт каражатынан түшүрүү жана кайра жүктөө (которуп жүктөө) төмөнкүдөй шартта ишке ашырылат:
- товарларды жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын бажы органдарына көрсөтүү үчүн ушундай максаттарга атайын арналган жерде;
- алынып келген башка жерде - кызыкдар тараптын өтүнүчү менен Кыргыз Республикасынын бажы органдары уруксат берген жерлерде.
Кыргыз Республикасынын аймагына товарды алып келген транспортту башка транспортко алмаштырууга жол берилет.
2. Товарларды түшүрүү жана кайра жүктөөчү (которуп жүктөө) жайлар бажы контролдук аймак болуп саналат. Аталган жайлар товарларды сактоого ылайыктап жабдылган жана жүк ташуу операцияларына тийиштиги жок бөтөн адамдар кирбей тургандай болушу керек. Кыргыз Республикасынын бажы органы товарлар жүктөө жана кайра жүктөөчү (которуп жүктөө) жайларды ыңгайлаштыруу жана жабдуу боюнча конкреттүү талаптарды белгилейт.
3. Товар алынып келген жерлерде Бажы союзунун Бажы кодексинин 160-беренесинин 3-пунктуна ылайык бажы операцияларын ишке ашырууга уруксат берилет.
4. Товарлар жоголгон же Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын уруксатысыз үчүнчү жактарга берип койгон учурда бажы алымдарын, салыктарды төлөөгө жоопкерчиликти ушул Мыйзамга ылайык, товар ташуу операцияларды аткарган ташуучу тартат.
Ташуу операцияларын аткарган ташуучу, товарлар жок кылынса же болбосо авариянын же ал жеткис күчтүн натыйжасында кайтарылгыс жоголсо же табигый жок кылынып же эскирген болсо ташылып келген бажы төлөмдөрүн төлөбөйт. Ташуучу ошондой эле Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын уруксатысыз жүк түшүрүүдө, кайра жүктөөдө, товардын таңгагы ачылганда же кайра таңгакталганда, идентификациялоочу каражаттары өзгөргөндө, өчүрүлгөндө, жок кылынганда же бузулганда бажы төлөмдөрүн төлөбөйт, эгер мындай операциялар жүк ташуу операциялары аткарылган жерлерде адамдардын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч туудурган жагдайда аткарылгандыгын, товар жана (же) транспорттук каражат жок кылынгандыгын, жоголгонун, кайтарылгыс жоготууга учурагандыгын же бузулгандыгын далилдей алса.
5. Жүктөөчү жана кайра жүктөөчү (кара жөнөтүлүүчү) жайларда жайгашкан товарлар убактылуу сактоодо деген статуска ээ болот. Убактылуу сактоо мөөнөтү чегинен өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын бажы органдары товарларды ушул Мыйзамдын X бөлүгүнө ылайык колдонушат.
54-берене. Товарларды жеткирүүнүн автоматташтырылган контролдоо тутумун колдонуу менен товарларды ташуу
1. Кыргыз Республикасынын жана чектеш мамлекеттер менен кыска убакыттагы транзиттик аймагы боюнча бажы контролунда турган Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын ортосунда ташуу, ошону менен бирге товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келген жерден бажы декларациялоочу жерге чейин, бажы декларациялоочу жерден Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарып кетүүчү жерге чейин, ошондой эле убактылуу сактоо кампаларынын ортосунда, бажы кампаларынын, бош кампалардын эркин бажы аймактарынын, өзгөчө бажы аймактарынын, өзгөчө экономикалык аймактардын ортосунда ташуу товарларды жеткирүүнү автоматташтырылган контролдоо тутумун колдонуу менен ишке ашырылат.
2. Товарларды жеткирүүнү автоматташтырылган контролдоо тутумун колдонуу жоболору электрдик өткөргүч линиялары жана өткөргүч түтүк транспорту менен ташылуучу, ошондой эле аба транспорту аркылуу ташылуучу товарларга карата колдонулбайт, эгер аба кемеси эл аралык рейс аркылуу такай учуп, товар келүүчү жерге ара-чолодо конуп же конууга (техникалык) мажбур болсо жана товардын аз бөлүгүн түшүрсө
3. Товарларды жеткирүүнү автоматташтырылган контролдоо тутуму колдонулуп ташылган товарлар Кыргыз Республикасынын аймагында бажы төлөмдөрүсүз, салыксыз жана ушул беренеде белгиленген шарттарды сактоодо товарларга тарифтик эмес жөнгө салуучу чаралар колдонулбастан ташылат.
4. Товарларды жеткирүүнү автоматташтырылган контролдоо тутумун колдонуу төмөнкүдөй шарттарды сактоонун негизинде ишке ашырылат:
1) товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө жана ушул аймактан ташып чыгарууга тыюу салынбайт;
2) ташылып келе турган товарларга карата чек аралык жана мамлекеттик көзөмөлдөөнүн башка түрлөрү жүргүзүлгөн, эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынып келген товарларга жерде мындай текшерүүлөрдү жүргүзүү керек болсо;
3) товарларга карата уруксаттар жана (же) лицензиялар берилсе, эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бул товарларды Кыргыз Республикасынын аймагында ташуу үчүн аталган уруксаттары же лицензиялары болсо;
4) товарларга карата ушул Мыйзамдын 52-беренесине ылайык документтер жана маалыматтар берилсе;
5) эгер бажы пломбалары жана мөөрлөрү коюлган товарларды ташууда транспорттук каражат тиешелүү тартипте жабдылат (56-берене);
6) товарлардын идентификациясы камсыз кылынган (55-берене).
5. Товарларды жеткирүүнү автоматташтырылган контролдоо тутуму колдонулуп ташылган товарларды кайра жүктөө, түшүрүү, жүктөө жана башка операциялар, авариялардын же ал жеткис күчтөрдүн же болбосо товарды жеткирүүгө тоскоолдук жараткан башка жагдайлардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын бажы органынын уруксаты менен жол берилет. Эгер товарлардын пломбалары жана мөөрлөр бузулбастан бир транспорттук каражаттан экинчи транспорттук каражатка жүктөлө турган болсо, мындай кайра жүктөө Кыргыз Республикасынын бажы органына алдын ала билдирилүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын бажы органы товарларды ташуу операцияларын аткарууга жол бербеши мүмкүн, эгер мындай иш-аракет мындан ары бул товарларды бажы контролдон өткөрүүдө кыйынчылык жарата турган болсо.
6. Товарларды жеткирүү мөөнөтүн товарларды жеткирүүнү автоматташтырылган контролдоо тутумун колдонуп жөнөткөн бажы органы, товарды жеткирүүнүн кадимки убактысына, транспорттун түрүнө жана транспорттун мүмкүнчүлүгүнө, маршрутуна жана башка ташуу шарттарына жараша аныктайт.
7. Ушул берененин 1-пунктуна ылайык товарларды ташууда, бажы ташуучунун жана ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун товар ташыганынан башка, ушул Мыйзамдын 199-беренесине ылайык бажы төлөмдөрүнүн төлөнүшү камсыз кылынат.
Товар ташуучунун, ошону менен бирге экспедитордун (Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык транспорттук экспедиция келишими боюнча иштеген жактын), транспорттук каражатты башкарган жеке жактын кат жүзүндөгү арызы боюнча, ушул берененин 4-бөлүгүндөгү 5) пунктуна ылайык бажы төлөмдөрүн төлөө мүмкүн болбой калган учурда Кыргыз Республикасынын бажы органы жөнөтүүчү бажы органы аныктаган жерге чейин бажы коштоо формасында товарды жеткирип берүү жөнүндө чечим чыгарууга укуктуу.
Аталган учурда, Кыргыз Республикасынын бажы органы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган тартипте бажы коштоо формасында товарды жеткирип берүү жөнүндө чечим чыгарат.
Бажылык коштоо үчүн бажылык жыйымдар алынат (189-берене).
8. Товарларды жеткирүүнү автоматташтырылган контролдоо тутуму колдонулуп товарларды жеткиргенде белгиленген жерге жеткирип берүү болушунча кыска мөөнөттө, транспорттук каражат келип каттоого алынган учурдан 24 сааттан кечиктирилбестен аткарылат, эгер документтерди жана товарлардын идентификациясын текшерүүдө Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдар бузулбаса.
9. Товарларды жеткирүүнү автоматташтырылган контролдоо тутуму колдонулуп ташылган товарларды жеткиргенде ташуучу товарды жеткирип берүүнү контролдоо документин берүүгө тийиш, ошондой эле товар жеткириле турган жерге транспорттук каражат келген учурдан тартып бир сааттын ичинде өзүндөгү товарга тиешелүү документтерди берүүгө тийиш, ал эми Кыргыз Республикасынын бажы органы иш убактысынын белгиленген учурунан башка убакта келсе - ошол Кыргыз Республикасынын бажы органы иштеп баштаган учурдан тартып бир сааттын ичинде берүүгө тийиш.
10. Товарларды жеткирүүнү автоматташтырылган контролдоо тутуму колдонулуп ташылган товарлар жеткирилгенге чейин жеткирип бериле турган жерде транспорттук каражаттар бажы контролдоо аймагында жайгаштырылат. Транспорттук каражаттар бажы контролдоо аймагына күнү-түнү кайсы учуру болбосун жайгаштырыла берет.
11. Кыргыз Республикасынын бажы органы жайгаштырылбаган жерге товарларды ташып жеткирүүдө товарларды жеткирүүнү автоматташтырылган контролдоо тутуму колдонулуп ташылган товарларды жеткирүүдө багытталган бажы органына товарларды көрсөтпөй туруп жеткирүүгө болот.
Аталган учурда бул жактар, Кыргыз Республикасынын бажы органы аларды убактылуу сактоо кампасына, бажы кампасына же товар жеткириле турган жай деп аныкталган жерге жеткирүүнү аныктаганга чейин, товарды кабыл алып сактоого, товардын абалын өзгөртүп жибере турган, таңгактарынын бузулушуна алып келген операциялардын аткарылбашын камсыз кылууга, товарларды пайдаланбоого милдеттүү.
55-берене. Товарларды жана алардын документтерин идентификациялоо
1. Жөнөткөн бажы органдын (товарларды жеткирүүнү автоматташтырылган контролдоо тутуму колдонулуп товарлар жеткирилип берилген орган) товарларды идентификациялоону жана тартып алынган товардын илинчегин табууну, товарлардын транспорттук каражаттарга салынышын же товарлар менен башка операцияларды аткарышын жөнөтүүчү бажы органы камсыз кылат.
2. Эгер транспорттук каражаттын, контейнердин же алынма кузовдун түзүлүшү жана жабдылышы жана товарлардын мүнөздөрү аларга пломба жана мөөрлөрдү коюуга мүмкүн болсо, транспорттук каражатка, контейнерге же алынма кузовго коюлган бажы пломбасы жана мөөрлөрү идентификациялык каражат катары колдонулат.
3. Айрым учурларда товарларды идентификациялоо цифра, тамга же башка жол менен маркировкалоо, идентификациялык белгилерди айрым жүк ташылуучу жерлерге коюу, штамптарды коюу, текшерүүгө үлгүлөрдү алуу, товарларды жана транспорттук каражаттарды баяндап жазуу, анын ичинен Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлери түзгөн чиймелерди, даярдаган масштабдык сүрөттөлүштөрдү, фотосүрөттөрдү, иллюстрацияларды жана товарларды идентификациялооого мүмкүнчүлүк берген башка каражаттарды колдонуу жолу менен ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын бажы органдары чет мамлекеттердин бажы пломбаларын жана идентификациялоочу башка каражаттарын төмөнкүдөй учурлардан башка убактарда колдонушат:
- аларды жиберген бажы органдары жетишсиз же ылайыксыз, ушул Мыйзамдын 56-беренесинде белгиленген талаптарга жооп бербейт деп эсептейт;
- жиберген бажы органдары бажы кароодон өткөрөт.
Эгер Кыргыз Республикасынын бажы органдары чет мамлекеттердин бажы пломбаларын жана идентификациялоочу башка каражаттарын колдонсо, Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын идентификациялоочу каражаттарына карата ушул Мыйзамда каралган бул идентификациялоочу каражаттарды өзгөртүүгө, өчүрүүгө, жок кылууга же бузууга тыюу салынат.
4. Бажы максаттарында Кыргыз Республикасынын бажы органдары идентификациялоочу каражат катары сейф-пакетин колдонот, ал ичиндеги коммерциялык катты же товарга же транспорттук каражатка коштомо катты алып коюуга жана аларды ачылгандыгын жиги билинбегидей кылып алмаштырып коюуга мүмкүн болбой тургандай атайын коргоочу каражат болуп саналат.
56-берене. Бажы пломбалар жана мөөрлөр коюлган товарларды ташууда транспорт каражаттарын, контейнерлерди жана алынма кузовдорду жабдуу
1. Идентификациялоочу каражат катары коюлган бажы пломбалар жана мөөрлөр түздөн-түз транспорттук каражаттарга, контейнерлерге же алынма кузовдорго коюлат, бул үчүн транспорттук каражаттарды, контейнерлерди же алынма кузовдорду төмөнкүдөй түзүлүшкө ээ жана жабдылган болушу шарт:
1) бажы пломбалар жана мөөрлөр жөнөкөй жана ылайыктуу ыкма менен коюлушу,
2) товарлар ачылгандыгын жиги билинбегидей калтырылып же бажы пломбасы бузулган бойдон транспорттук каражаттын пломба коюлган жүк салуучу бөлүгүнөн алынбайт же салынбайт;
3) транспорт каражатында же анын жүк салуучу бөлүгүндө товарларды катып калууга ылайыкталган жашыруун орундар болбойт;
4) товар коюлган бардык жери бажы текшерүүгө ыңгайлуу.
2. Бажы пломбалары жана мөөрлөрү коюлган товарларды ташууга транспорт каражатын, контейнердин же алынма кузовдун жарактуулугу жөнүндө чечимди жөнөткөн бажы органы аныктайт, эгер транспорттук каражатты пломбалар жана мөөрлөр коюлган товарларды ташууга алдын ала уруксат берилбеген болсо.
3. Кыргыз Республикасынын бажы органдары бажы пломбалары жана мөөрлөрү коюлган товарларды ташууга транспорттук каражаттын, контейнердин же алынма кузовго алдын ала уруксат берүүнү талап кылбайт, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде алдын ала уруксат берүү каралгандан сырткары учурларда.
57-берене. Ташуучунун милдеттери
1. Товарларды жеткирүүнү автоматташтырылган контролдоо тутумун колдонууда ташуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Товарларды жана документтерди жөнөткөн бажы органы белгилеген жерге ташуучу документтерде баяндалган жеткирүү пунктун (жөнөткөн бажы органы иш жүргүзгөн аймакта жайгашкан бажы контролдоо аймак) эске алуу менен, айрым маршруттар боюнча эгер алар белгиленген болсо, белгиленген мөөнөттө жеткирүүгө;
2) товарлардын бажы пломбалары жана мөөрлөр коюлган же болбосо башка идентификациялык каражаттарынын сакталышын камсыз кылууга, эгер алар пайдаланылган болсо;
3) товарларды түшүрүүгө жана кошуп жүктүүгө жол бербөөгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бажы органына билдирбей туруп башка операцияларды аткарууга, ушул Мыйзамдын 50-беренесиндеги товарды бир транспорттук каражаттан башка транспорттук каражатка кайра жүктөө каралган учурдан башка.
58-берене. Ташуучунун жана экспедитордун жоопкерчилиги
1. Бажы органы иштеген региондо жайгашкан бажылык контролдоо чөлкөмүнө, багытталган жерине чет элдик товар жеткирбей калган учурда ташуучу (экспедитор), мындай товарларды ички керектөө үчүн чыгарууда төлөнүүгө тийиш болгон бажы алымдарынын, салыктардын суммасына шайкеш өлчөмдө ташып келүүдөгү бажы алымдарын төлөөгө милдеттүү.
Бажы союзунун Бажы кодексинин 186-беренесинин 1-пунктчасында каралган белгилерге ээ болгон декларация берүүчү товарды жеткирбегенде бажылык жыйымдарды, салык төлөө боюнча ташуучу же экспедитор менен бирге жоопкерчиликке тартылат.
2. Ташуучу ушул Мыйзамдын 57-беренесинде каралган милдеттерин аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылбайт, эгер ушул бапта белгиленген шарттар жана талаптар бузулбай туруп, товарлар авариянын же ал жеткис күчтүн натыйжасында жок кылынса же болбосо кайтарылгыс жоголсо же кадимки шартта ташууда (транспорттоодо) табигый түрдө жок кылынып же эскирген болсо. Ташуучу ошондой эле, товарларды түшүрүү, кайра жүктөө, таңгагын ачканда же кайра таңгактаганда, Кыргыз Республикасынын бажы органынын уруксатысыз товарлардын идентификациялык каражаты өзгөртүлгөндө, өчүрүлгөндө, жок кылынганда же бузулганда жоопкерчилик тартпайт, эгер мындай операциялар транспорттогу жүргүнчүлөрдүн жана экипаждын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч туудурса, товарлар жана транспорттук каражат жок кылынганда, жоголгондо, кайтарылгыс жоготууга учураганда же товарлар жана транспорттук каражаттар олуттуу бузулганда.
3. Ташуучу жана экспедитор бажы алымдарын, салыкты төлөөдө товарлар авариянын же ал жеткис күчтүн натыйжасында жок кылынса же болбосо кайтарылгыс жоголсо же кадимки шартта ташууда (транспорттоодо) табигый түрдө жок кылынып же эскирген учурда гана жоопкерчиликке тартылбайт.
Кыргыз Республикасынын бажы органдары ташуучуга жана экспедиторго, ташуу аныкталбаган маршруттар боюнча жүргүзүлгөн же ички транзиттик мөөнөт бузулган же болбосо ушул бапта белгиленген шарттар жана талаптар аткарылбаган деген негиздер менен бажы алымдарын, салыкты төлөө боюнча талап кыла албайт.
4. Ички бажылык транзитте башка транспорттук каражатка Товарлар кайра жүктөлгөн учурда ушул бапта белгиленген талаптарды жана шарттарды сактоо боюнча жоопкерчилик ошол транспорт каражатында жүк ташыган ташуучуга берилет. Бул учурда бажы алымдарын, салыкты төлөө боюнча жоопкерчиликти ички бажылык транзитти аткарган ташуучуга же экспедиторго берилет.
59. Бажылык ташуучу катары иш жүргүзүү
1. Бажы ташуучу катары иш жүргүзгөн жана ушул Мыйзамга ылайык ташуучу катары иш жүргүзгөн бажылык жүк ташуучулардын реестрине кирген ата мекендик юридикалык жак бажы ташуучу боло алат.
2. Бажы ташуучу катары иш жүргүзүү, бажы алымдарын төлөбөстөн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка камсыздоо чараларды колдонбостон бажылык контролдо турган товарларды ташуу болуп саналат.
60-берене. Бажы ташуучунун милдеттери
Бажы ташуучу милдеттүү:
1) ушул Мыйзамда белгиленген шарттарды жана талаптарды сактоого;
2) бажылык контролдо турган товарлардын эсебин алууга жана бажы органдарына мындай товарлардын ташылуусу жөнүндө отчет берип турууга;
3) бажы алымдарын, ушул Мыйзамдын 58-беренесинде каралган учурларда салыктарды төлөөгө.
61-берене. Товарларды жөнөтүүчүлөрдөн жана алуучулардан алган маалыматка карата бажы ташуучунун мамилеси
Товарларды жөнөтүүчүлөрдөн жана алуучулардан алынган коммерциялык, банктык же мыйзамдуу коргоого алына турган башка маалыматтарды, ошондой эле башка купуя маалыматтарды Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралгандан башка учурларда, бажы ташуучу жеке кызыкчылыгы менен ачыкка чыгарууга, колдонууга болбойт.
62-берене. Товарларды убактылуу сактоонун жалпы жоболору
1. Товарларды убактылуу сактоо, убактылуу сактоодогу товарлар менен операцияларды жүргүзүү, товарларды убактылуу сактоо мөөнөттөрү Бажы союзунун Бажы кодексинин 167, 170, 171-беренелери менен белгиленген.
2. Тез бузулуучу товарларды убактылуу сактоонун чектик мөөнөтү 10 күндү түзөт.
3. Бажы иши чөйрөсүндөгү козголгон кылмыш иштери жана административдик укук бузуу жөнүндө иштер боюнча заттык далилдер болуп эсептелген товарларды жана транспорт каражаттарын убактылуу сактоо соттун чечими же ишти токтотуу жөнүндө токтом мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин жүргүзүлөт.
63-берене. Убактылуу сактоо жайлары
1. Убактылуу сактоо жайлары болуп убактылуу сактоо кампалары жана убактылуу сактоонун төмөнкү башка жайлары саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган учурларда товарларды алуучунун кампалары;
2) ушул Мыйзамдын 234-беренесине ылайык ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун имараты, ачык аянты жана башка аймагы;
3) ушул Мыйзамдын 162-беренесине ылайык эл аралык почта алмашуу жерлериндеги айрым жайлар;
4) жүргүнчүлөрдү авиациялык же темир жол аркылуу жеткирүү келишиминин алкагында өткөрүлүүчү алынбай калган же талап кылынбаган жүктү сактоо жайлары;
5) чет өлкөлүк товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү жери жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгаруу жери бир болгон шартында аэропорттун режимдик аймагынын чектеринде мындай товарларды түшүрүүнүн жана жүктөөнүн (которуп жүктөө) атайын жабдылган жери;
6) темир жол станцияларынын чектеринде Кыргыз Республикасынын бажы органдары менен макулдашылган жерлерде жайгашкан темир жолдор менен контейнердик аянттар жана товарларды транспорт каражатынан түшүрбөстөн убактылуу сактоо үчүн арналган жерлер.
2. Товарларды убактылуу сактоо жерлери ушул Мыйзамдын 246-беренесине ылайык түзүлүүчү бажылык контролдоо чөлкөмүнүн туруктуу же убактылуу чөлкөмү болуп эсептелет.
3. Убактылуу сактоо кампаларына каалагандай товарлар жайгаштырылышы мүмкүн. Башка товарларга зыян келтириши ыктымал же сактоонун өзгөчө шарттарын талап кылган товарлар мындай товарларды сактоо үчүн атайын ылайыкташтырылган кампаларда же кампанын убактылуу сактоо жайларында сакталышы керек.
4. Башка жерлерге товарларды убактылуу сактоого уруксат берүүнүн шарттары жана тартиби, анын ичинде бажы алымдарын, салыктарды төлөө камсыздалган талаптар, ошондой эле товарларды убактылуу сактоо кампаларына жана товарларды убактылуу сактоо үчүн башка жерлерге жайгаштырууда Кыргыз Республикасынын бажы органына документтерди жана маалыматтарды тапшыруунун тартиби, товарларды убактылуу сактоо кампаларына жайгаштыруунун (чыгаруунун) тартиби жана товарларды убактылуу сактоонун башка жерлери, анын ичинде транспорттун түрүнө жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
64-берене. Жараксыз абалдагы же бузулган товарлар
Товарларды убактылуу сактоо мезгилинде авариянын же ал жеткис күчтүн таасиринин кесепетинен жараксыз абалга келген же бузулган товарлар ушул Мыйзамга ылайык жо кылуу боюнча бажылык жол-жобо астына жайгаштырылууга тийиш.
65-берене. Убактылуу сактоо кампаларынын типтери
1. Убактылуу сактоо кампалары ачык жана жабык типте болушу мүмкүн.
Каалагандай товарларды сактоо жана бардык жактын пайдалануусу үчүн жетимдүү болгон убактылуу сактоо кампалары ачык типтеги болуп эсептелет.
Айрым товарларды же айрым адамдардын, анын ичинде айландырууга чектелген санда чыгарылган жана/же сактоонун өзгөчө шарттарын талап кылган товарларды сактоо үчүн арналган убактылуу сактоо кампалары жабык типтеги болуп эсептелет.
2. Убактылуу сактоо кампаларынын инфратүзүмүнө, аларды техникалык жактан жабдууга жана иштөө режимине болгон талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
66-берене. Убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин милдеттери
1. Убактылуу сактоо кампаларынын ээлери төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык кампаны жасалгалоого;
2) сактоого коюлган товарларды кампадан бажылык контролдоодон өтпөстөн алып коюу мүмкүнчүлүгүн четтетүүгө;
3) кампага же бажылык контролдоо чөлкөмү болуп эсептелген кампанын жанындагы аймакка Кыргыз Республикасынын бажы органынын иштөө убактысынан тышкары келген товарларды жана транспорт каражаттарын жайгаштырууну камсыздоого;
4) убактылуу сактоо кампаларындагы же бажылык контролдоо чөлкөмү болуп эсептелген кампанын жанындагы аймактагы товарлардын жана транспорт каражаттарынын сактыгын камсыздоого;
5) бажылык контролдоону ишке ашырууга көмөктөшүүгө;
6) сакталуудагы товарлар жөнүндө отчет жүргүзүүгө жана Кыргыз Республикасынын бажы органына отчет берүүгө;
7) Кыргыз Республикасынын бажы органынын уруксаты жок сакталуудагы товарларга жана транспорт каражаттарына үчүнчү жактардын жетүү мүмкүнчүлүгүн болтурбоого;
8) ушул Мыйзамдын 68-беренесине ылайык учурларда бажы алымдарын, салыктарды төлөөгө.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган милдеттер товарларды жана транспорт каражаттарын убактылуу сактоонун башка жерлеринде сактоо учурларына жайылтылат.
67-берене. Убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин убактылуу сактоо кампаларына товарларды жайгаштырган жактар менен өз ара аракеттенүүсү
Убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин товарларды кампаларга жайгаштырган жактар менен өз ара аракеттенүүсү келишимдик негизде түзүлөт.
68-берене. Товарлар убактылуу сакталган учурда ташып келүүдөгү бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдеттердин пайда болуусу жана токтотулуусу, аларды төлөө мөөнөтү
Товарлар убактылуу сакталган учурда ташып келүүдөгү бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдеттер жана аларды төлөө мөөнөтү Бажы союзунун Бажы кодексинин 172-беренесине ылайык пайда болот жана токтотулат.
69-берене. Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан товарларды убактылуу сактоо кампаларына жайгаштыруу
1. Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан товарлар төмөнкү учурларда убактылуу сактоо кампаларына жайгаштырылышы мүмкүн:
1) бажы контролунун алкагында Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз ташылып келинген товарлар, же бажы жол-жоболорун колдонуунун же товарларды пайдаланууга жана (же) башкарууга коюлган чектөөлөрдүн шарттары бузулган товарлар, ташып келүүдөгү бажы алымдарын, салыктарды төлөөгө жеңилдиктер берилген, натыйжада ишкердик ишин жүргүзгөн адамдардын Бажы союзунун бажы аймагынан сатылып алынган товарлар үчүн бажы алымдарын жана салыктарды төлөбөй, же чектөөлөр менен тыюуларды сактабай койгон учурлар табылганда;
2) Бажы союзунун Бажы кодексинин 134-беренесинин 1-пунктунун 11-пунктчасында каралган максаттарда товарларды камоодо жана товарлар алынып коюлганда;
3) Бажы союзунун Бажы кодексинин 145-беренесинин 1-пунктунда каралган негиздер боюнча административдик укук бузуулардын же кылмыштардын предмети болуп эсептелбеген товарлар кармалган учурда.
Көрсөтүлгөн учурларда убактылуу сактоо кампасынын ээсине сактоо үчүн акы төлөө жана чыгымдардын ордун толтуруу административдик же кылмыш жоопкерчилигине тартылган жактардын эсебинен ишке ашырылат.
70-берене. Убактылуу сактоо кампасынын ээси ишмердиктин реестринен убактылуу сактоо кампасынын ээси катарында чыгарылган учурда товарларга карата иш-аракеттер
Убактылуу сактоо кампасынын ээси ишмердиктин реестринен убактылуу сактоо кампасынын ээси катарында чыгарылган учурда кампада сакталып турган товарлар мындай чечим кабыл алынган күндөн кийинки күндөн тартып 30 күндүн ичинде башка убактылуу сактоо кампасына жайгаштырылууга тийиш.
71-берене. Товарлар жана транспорт каражаттары Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарылган жерлеринде жүргүзүлүүчү бажы операциялары
1. Товарлар менен транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарууга Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан Бажы союзунун бажы мыйзамдарына жана ушул Мыйзамга ылайык, чыгарылып жаткан товарларга колдонулган кандайдыр бир бажы жол-жобосу астына жайгаштырууга уруксат берилгенден кийин жол берилет. Көрсөтүлгөн уруксат ушул Мыйзамда товарларды чыгаруу үчүн белгиленген тартипте жана шарттарда берилет (239-берене).
2. Кыргыз Республикасынын аймагынан товарларды өткөргүч түтүк транспорту жана электр өткөрүүчү линиялар аркылуу чыгарууда бажы операцияларын жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү ушул Мыйзам менен белгиленген талаптардын жана чектөөлөрдүн негизинде жана көрсөтүлгөн ыкмалар менен чыгарылган товарлардын өзгөчөлүгүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
72-берене. Документтерди жана маалыматтарды берүү
1. Кыргыз Республикасынын аймагынан товарларды жана транспорт каражаттарын чыгарууга Кыргыз Республикасынын бажы органына уруксат алуу үчүн ташуучу Кыргыз Республикасынын бажы органдарына чыгарылып жаткан товарлар тууралуу маалыматтар, ошондой эле транспорт каражаты тууралуу маалыматтар камтылган бажы декларациясын берүүгө милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын бажы органы тарабынан талап кылынган документтер менен маалыматтар товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык максаттарда идентификациялоо үчүн зарыл болгондор менен чектелет.
2. Товарлар жана транспорт каражаттары Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарылган учурдагы маалыматтар менен документтердин конкреттүү тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан транспорт каражаттарынын түрүнө жараша аныкталат.
3. Ташуучу өзү ташыган бардык товарлар тууралуу маалыматтарды Бажы союзунун мыйзамдарына жана ушул Мыйзамга ылайык белгиленген тартипте бажы декларациясында көрсөтүүнү камсыздоого милдеттүү.
73-берене. Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарылып жаткан учурда товарларга коюлуучу талаптар
Товарлар ташуунун, транспорттоонун жана сактоонун ченемдүү шарттарында табигый эскирүүнүн же азаюунун, же товарлардын табигый касиеттеринин кесепеттеринен саны жана сапаты өзгөргөн учурлардан тышкары, алар кандайдыр бир бажы жол-жобосу астына жайгаштырылган учурдагы санда жана абалда Кыргыз Республикасынын аймагынан иш жүзүндө чыгарылуусу керек.
Эгерде товарлар жоголгон жана абалы өзгөргөн учурларда авариянын же жеңип өтүүгө болбой турган күчтүн кесепетинен болсо, же Кыргыз Республикасында колдонулган ченемдерде жана стандарттарда каралган учурларда – өлчөөнүн кемчиликтеринен улам товарлардын саны өзгөргөн учурда жактар ушул берененин жоболорун сакталбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартышпайт.
74-берене. Бажы жол-жоболорунун түрлөрү
1. Бажылык жөнгө салуу максаттарында товарларга карата бажы жол-жоболорунун төмөнкү түрлөрү белгиленет:
1. ички керектөө үчүн чыгаруу;
2. экспорт;
3. бажы транзити;
4. бажы кампасы;
5. бажы аймагында кайра иштетүү;
6. бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү;
7. ички керектөө үчүн кайра иштетүү;
8. убактылуу ташып кирүү; (уруксат);
9. убактылуу чыгаруу;
10. реимпорт;
11. реэкспорт;
12. алымсыз соода;
13. жок кылуу;
14. мамлекеттин пайдасына баш тартуу;
15. эркин бажы зонасы;
16. эркин кампа;
17. атайын бажы жол-жобосу (бажылык максаттар үчүн Бажы союзунун бажы аймагында же анын чегинен тышкары товарлардын айрым категорияларын колдонуунун жана (же) башкаруунун талаптарын жана шарттарын аныктаган бажы жол-жобосу).
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 15 жана 16-пункттарында көрсөтүлгөн бажы жол-жобосун белгилөө жана колдонуу боюнча укуктук мамилелер, эркин кампаны жана эркин бажы зонасын жасалгалоого, жабдууга жана ишине коюлган талаптар, эркин кампанын ээсинин милдеттери, эркин кампанын ээси катары ишкерликти жүзөгө ашыруунун шарттары, эркин кампанын жана эркин экономикалык зонанын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарлар жана (же) эркин кампада же эркин экономикалык зонада турган товарлар менен операцияларды жүргүзүүнүн айрым маселелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Бажы союзуна мүчө - мамлекеттердин эл аралык келишимдерине ылайык аныкталат.
75-берене. Бажы жол-жобосун тандоо жана өзгөртүү
1. Жак товарлардын мүнөзүнө, санына, чыгарган өлкөгө, жөнөтүлүүсүнө же багытына карабастан, Бажы союзунун бажы мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда каралган тартипте жана шарттарда каалаган убакта жана каалаган бажы жол-жобосун тандай алат.
2. Жак Бажы союзунун бажы мыйзамдарына жана ушул Мыйзамга ылайык тандалган бажы жол-жобосун башкасына алмаштыра алат.
76-берене. Товарларды бажы жол-жобосуна жайгаштыруу
1. Төмөнкү товарлардан тышкары, Кыргыз Республикасынын аймагына киргизилген товарлар Бажы союзунун бажы мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда каралган тартипте жана шарттарда бажы жол-жобосунун бирине жайгаштырылууга тийиш:
1) Бажы союзунун бажы аймагынан (Бажы союзуна мүчө-мамлекеттик аймагында) чыгарылган;
2) Бажы союзунун аймагында чыгарылган товарлардан даярдалган же Бажы союзуна мүчө-мамлекеттердин аймактарында эркин жүгүртүү үчүн чыгарылган болсо.
2. Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарылган товарлар, эгер алар ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жана шарттарда Бажы союзунун бажылык аймагынын чегинен тышкары чыгарууга арналса, бажы жол-жобосунун бирине жайгаштырылуусу керек.
3. Товарлар бажы жол-жобосуна жайгаштырылган күн болуп ушул Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын бажы органы тарабынан товар чыгарылган күн эсептелет.
77-берене. Бажы жол-жобосунун шарттары сакталбагандыгы үчүн жоопкерчилик
1. Бажы жол-жоболорунун шарттарын жана талаптарын сактабагандык үчүн жоопкерчиликти, ошондой эле бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жоопкерчиликти ушул бөлүмдө аныкталган жактар тартат. Жактар бажы жол-жоболорунун шарттары жана талаптары бажы контролу астында турган товарлар ушул Кодексте белгиленген шарттар менен талаптарды бузбастан эркин жүгүртүү үчүн чыгарылганга чейин кыйроонун, болбосо күч жеткис тоскоолдуктун кесепетинен биротоло жоголгондо, бузулганда же жок болгондо, ошондой эле товардын саны же абалы ташуунун, транспортировкалоонун, сактоонун жана пайдалануунун (эксплуатациялоонун) кадимки шартында табигый жол менен эскиргендигинин же азайгандыгынын кесепетинен өзгөргөндө, эгерде мындай операцияларды жасоого белгилүү бажы жол-жоболорун колдонууда ушул бөлүмгө ылайык жол берилген учурларда жоопкерчилик тартышпайт.
Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары чыгарылган товарларга же аларды кайра иштетүү продуктуларына карата жактар эгерде ал товарлар же аларды кайра иштетүү продуктулары кыйроонун же күч жеткис тоскоолдуктардын кесепетинен биротоло жоголгондугунун же жок болгондугунун, табигый жол менен эскиргендигинин же транспортировкалоонун, сактоонун жана пайдалануунун кадимки шартында азайгандыгынын, ошондой эле чет мамлекеттердин органдарынын же кызмат адамдарынын укукка жат аракеттеринин кесепетинен ээлик кылуудан чыгып калышынын себебинен кайтып келбей же кайра иштетилбей калса жоопкерчилик тартпайт.
Табигый жол менен эскирүүнү же азаюуну аныктоо максатында Кыргыз Республикасында колдонулган ченемдер жана стандарттар колдонулат.
Товарлардын биротоло жоголушуна, бузулушуна же жок болушуна, алардын санынын жана (же) абалынын өзгөрүшүнө алып келген жагдайды ырастоо милдети ушул бөлүмдө каралган жактарга жүктөлөт. Чет мамлекеттин аймагында болуп өткөн жагдайлар Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттин аймагындагы аккредитацияланган консулдук мекемелери тарабынан ырасталат.
2. Бажы өкүлү ушул Мыйзамдын 181-беренесине ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөдө бирдей жоопкерчилик тартат.
78-берене. Товарларды бажы жол-жоболоруна киргизүү менен байланышкан бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттердин пайда болушу жана токтотулушу
Товарларды бажы жол-жоболоруна киргизүү жана бажы жол-жоболорунун аракеттеринин аякташы менен байланышкан бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттердин пайда болушу жана токтотулушу Бажы союзунун Бажы кодекси менен аныкталат.
79-берене. Бажы жол-жобосуна киргизилген товарларды алып коюунун (камакка алуунун) кесепеттери
1. Бажы союзуна мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык, Бажы жол-жобосуна киргизилген товарларды алып коюу же мындай товарларды камакка алуу учурунда, бул товарларга карата бажы жол-жобосунун аракети токтотулат.
Эгерде товарларды алып коюудан же аларды камакка алуудан баш тартуу боюнча чечим кабыл алынса, бажы жол-жобосунун аракети кайра улантылат.
Бажы жол-жобосунун аракети кайра улантылган учурда, төлөнүшү жана эсептелиши ушул бөлүккө ылайык аныкталган пайыздар, бажы жол-жобосунун аракети токтотулган мезгили үчүн эсептелбейт жана төлөнбөйт.
2. Бажы жол-жобосуна киргизилген товарларды соттун чечими боюнча конфискациялоодо же мамлекеттин мүлкүнө кайрып алууда, бул товарларга карата бажы жол-жобосунун аракети токтотулат, ал эми конфискацияланган же мамлекеттин мүлкүнө кайрып алынган чет элдик товарлар Бажы союзунун товарларынын статусуна ээ болот.
3. Эгерде жактын административдик же кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылышы, бажы жол-жобосун сактабай койгондугу менен байланышкан болсо жана сактабоого жол берүү бул бажы жол-жобосун мындан ары колдонууга мүмкүнчүлүк бербегенине байланыштуу, бажы жол-жобосунун аракети жакты жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү чечимдин күчүнө кирген күнүнөн кийин 15 (он беш) календардык күндүн ичинде токтотулушу зарыл.
Ушул бөлүктүн биринчи абзацына ылайык, бажы жол-жоболорунун иш-аракети токтотулбаган товарлар Бажы союзунун Бажы кодексинин 21-главасына ылайык Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан кармалып турат.
80-берене. Бажылык жол-жобонун жалпы жоболору
1. Ички керектөө үчүн чыгаруучу бажы жол-жоболорунун мазмуну жана ички керектөө үчүн чыгаруучу бажы жол-жоболоруна киргизүүнүн шарттары Бажы союзунун Бажы кодексинин 209 жана 210-беренелери менен аныкталган.
2. Эгерде товарлар Бажы союзуна мүчө мамлекеттердин бажы органдары менен ички керектөө үчүн чыгаруучу бажы жол-жоболоруна киргизилген болсо, мындай товарлар Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүдө бажы жол-жоболоруна экинчи ирет киргизилбейт.
81-берене. Товарларды шарттуу түрдө чыгарууда ички керектөө үчүн чыгаруучу бажы жол-жобосун колдонуу
1. Бажы союзунун Бажы кодексинин 200-беренесинин 7-пунктуна ылайык, ташып кирүүдөгү бажы алымдарын, салыктарды, колдонуу жана (же) товарларды тескөө боюнча чектөөлөр менен бирдейлешкен жеңилдиктерди берүү менен ички керектөө үчүн чыгаруучу бажы жол-жоболосуна киргизүү учурунда, Бажы союзунун товарлары статусун алуу үчүн товарларды бажы жол-жоболоруна экинчи ирет киргизүү талап кылынбайт.
2. Товарлар Бажы союзунун товарларынын статусун алуу үчүн бажы алымдарын, салыктарын төлөөнүн тартиби бул Мыйзамдын 180-беренеси менен аныкталган.
82-берене. Ички керектөө үчүн чыгаруучу бажы жол-жобосуна киргизилүүчү (киргизилген) товарларга карата ташып кирүүдөгү бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча милдеттенмелердин пайда болушу, токтотулушу жана алардын төлөө мөөнөттөрү.
Ички керектөө үчүн чыгаруучу бажы жол-жобосуна киргизилүүчү (киргизилген) товарларга карата кирүүдөгү бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча милдеттенмелердин пайда болушу, токтотулушу жана алардын төлөө мөөнөттөрү Бажы союзунун Бажы кодексинин 211-беренеси менен аныкталган.
83-берене. Бажы жол-жобосунун мазмуну
Экспорттук бажы жол-жобосунун мазмуну жана экспорттук бажы жол-жобосуна киргизүүнүн шарттары Бажы союзунун Бажы кодексинин 212 жана 213-беренелери менен аныкталган.
84-берене. Ташып чыгаруудагы бажы алымдары алынбаган товарларды экспорттоо
1. Ташып чыгаруудагы бажы алымдары алынбаган товарларды экспорттоодо аларды декларациялоо жеңилдетилген тартипте ишке ашырылат жана көрсөтүлгөн товарларга карата бажы наркы аныкталбайт, билдирилбейт жана ырасталбайт.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн товарларды декларациялоодо Кыргыз Республикасынын бажы органына төмөнкүлөр берилет:коммерциялык документтер;
1) транспорттук (ташуучу) документтер, эгерде алар болсо;
2) уруксаттамалар, лицензиялар, тастыктамалар жана (же) башка белгиленген чектөөлөрдү ырастаган документтер, эгерде алар зарыл болсо;
3) Бажы жыйымдарын төлөөнү ырастаган төлөм документтери.
85-берене. Экспорттун бажы жол-жоболоруна киргизилүүчү (киргизилген) товарларга карата ташып кирүүдөгү бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча милдеттенмелердин пайда болушу, токтотулушу жана алардын төлөө мөөнөттөрү
Экспорттун бажы жол-жоболоруна киргизилүүчү (киргизилген) товарларга карата ташып кирүүдөгү бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча милдеттенмелердин пайда болушу, токтотулушу жана алардын төлөө мөөнөттөрү Бажы союзунун Бажы кодексинин 214-беренеси менен белгиленген.
86-берене. Бажы жол-жобосунун жалпы жоболору
1. Бажы транзитинин бажы жол-жобосунун мазмуну жана бажы транзитинин бажы жол-жобосуна киргизүүнүн шарттары Бажы союзунун Бажы кодексинин 215 жана 216-беренелери менен аныкталган.
2. Бажы транзитин сактоону камсыздоо чаралары Бажы союзунун Бажы кодексинин 217-беренесинин 1-пунктуна ылайык ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын бажы органдары Бажы союзунун Бажы кодексинин 217-беренесинин 2-пункту менен аныкталган учурларда гана бажы транзитинде бажы алымдарын, салыктарын төлөөнү камсыздоону талап кылбайт.
3. Товарларды жеткирүүнүн орду жана мөөнөттөрү Бажы союзунун Бажы кодексинин 219 жана 220-беренелерине ылайык белгиленет.
4. Бажы пломбалары жана мөөрлөрү коюлган товарларды ташуу үчүн эл аралык жүк ташуунун транспорт каражаттары Бажы союзунун Бажы кодексинин 221-беренесинде белгиленген талаптарды сактоо менен конструкцияланышы жана жабдылышы зарыл.
87-берене. Товарлардын транзити жөнүндө кабарлоо
Товарлардын транзитине ушул Мыйзамдын 9-бабына ылайык келген шарттарда Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кабарлоосу менен жол берилет.
88-берене. Жүк түшүрүү, кайра жүктөө (которуп жүктөө) жана товарлар менен болгон башка жүк операциялары, ошондой эле бажы транзити учурунда эл аралык ташуунун транспорт каражаттарын алмаштыруу
Бажы транзитинин бажы жол-жобосуна ылайык ташылган товарлар менен жүк түшүрүү, кайра жүктөө (которуп жүктөө) жана башка жүк операцияларына, ошондой эле мындай товарларды ташуучу, эл аралык ташуунун транспорт каражаттарын алмаштыруу, Бажы союзунун Бажы кодексинин 222-беренеси менен белгиленген учурларда тиешелүү жүк операцияларын жүзөгө ашыруу боюнча иш регионундагы бажы органынын уруксаты менен жол берилет.
89-берене. Бажы транзитинин бажы жол-жобосуна киргизилген товарларды ташууда ташуучунун милдеттери жана жоопкерчилиги
1. Бажы транзитинин бажы жол-жобосуна киргизилген товарларды ташууда ташуучунун милдеттери Бажы союзунун Бажы кодексинин 223-беренесинде белгиленген.
2. Жүк ташуучу товарларды ташууда өз милдеттерин бажы транзитинин бажы жол-жобосуна ылайык аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартылат. Дайындалган бажы органына товарларды жана алардын документтерин жеткирбеген учурда ташуучу Бажы союзунун мүчө мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык, товарлары бажы транзитинин бажы жол-жоболоруна киргизилген бажы органы тарабынан жоопко тартылышы мүмкүн, эгерде бул Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде каралса.
90-берене. Бажы жол-жоболорун аяктоо
Бажы транзитинин бажы жол-жобосун аяктоо Бажы союзунун Бажы кодексинин 225-беренесинде каралган тартипте, ушул берененин жоболорун эске алуу менен ишке ашырылат.
91-берене. Бажы жол-жобосунун жалпы жоболору
Бажы кампасынын бажы жол-жобосунун мазмуну, бажы кампасынын жол-жоболоруна киргизүү шарттары, бажы кампасында товарларды сактоо мөөнөттөрү, ошондой эле башка жоболор Бажы союзунун Бажы кодексинин 229, 230, 234 жана 235-беренелерине ылайык аныкталган.
92-берене. Товарларды бажы кампасына иш жүзүндө койбостон, бажы кампасынын бажы жол-жоболоруна киргизүүнүн шарттары
1. Тыш өлчөмүнүн чоң болгондугуна байланыштуу, бажы кампасына коюуга мүмкүнчүлүгү жок болгон товарларды бажы кампасына иш жүзүндө койбостон, бажы кампасынын бажы жол-жоболоруна киргизүү, бажы органынын кат жүзүндөгү уруксаты болсо жана бажы алымдарынын, салыктарынын төлөнүшү ушул Мыйзамдын 40-главасында белгиленген тартипте камсыздалган учурда уруксат берилет.
2. Уруксат алуу үчүн декларация толтуруучу бажы кампасынын бажы жол-жобосуна киргизүүдөн кийин, бажы декларациясын алганга чейин товарлардын сакталышын ишке ашырууну алдын ала караштырган иш жүргүзүү регионунда Кыргыз Республикасынын бажы органына арыз менен кайрылат. Кайрылууда декларация берүүчү товарлардын аталышын жана алардын мүнөздөмөсүн, бажы кампасына койбостон, бажы кампасынын бажы жол-жоболоруна киргизүүнүн себептерин, товарларды сактоонун такталган ордун, почталык дарегин кошуу менен, ошондой эле товарлардын сактыгы үчүн декларация берүүчү тарабынан көрүлүүчү чараларды көрсөтөт.
3. Кыргыз Республикасынын бажы органы товарларды бажы кампасынын бажы жол-жоболоруна киргизүүгө уруксат берет же декларация берүүчү Кыргыз Республикасынын бажы органына кайрылган күндөн тартып, үч иш күндүн ичинде мындай уруксат берүүдөн баш тартат. Уруксат берүүдө товарларды сактоонун орду, бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыздоонун зарылчылыгы тууралуу маалыматтар көрсөтүлөт.
4. Кыргыз Республикасынын бажы органы төмөнкү учурларда гана уруксат берүүдөн баш тартат:
1) бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча карыздардын болушу;
2) жак Кыргыз Республикасынын бажы органына кайрылган күнгө чейин бир жылдын ичинде эки же андан көп жолу бажы иши чөйрөсүндө административдик укук бузуулар үчүн административдик жоопко тартылган болсо.
5. Товарларды бажы кампасына иш жүзүндө койбостон, бажы кампасынын бажы жол-жоболоруна киргизген жак Кыргыз Республикасынын бажы органдарына бул Мыйзамдын 260-беренесине ылайык товарлар жөнүндө отчёт берүүгө милдеттүү.
93-берене. Бажы союзунун бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга арналган товарларды бажы кампасына киргизүү
1. Бажы кампасынын бажы жол-жоболоруна Бажы союзунун бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга арналган чет элдик товарларды киргизүүгө уруксат берилет.
2. Бул Мыйзамга ылайык бажы алымдарын, салыктарын эсептөө максатында, чет элдик товарларды экспорттук бажы жол-жобосуна киргизүүдө бажы кампасында сактоодон кийин, товарлардын бажы наркы жана (же) алардын накталай түрүндөгү (саны, массасы, көлөмү, же башка мүнөздөмөсү) физикалык мүнөздөмөсү, товарларды экспорттук бажы жол-жобосуна берилген бажы декларациясын бажы органы каттаган күн, ушул күнү Бажы союзунун бажы аймагына ташып киргизилгендей аныкталат.
94-берене. Бажы кампасынын бажы жол-жобосуна киргизилген товарлар менен жүргүзүлүүчү операциялар
1. Бажы кампасынын бажы жол-жоболоруна кирген товарлар менен жүргүзүлүүчү операциялардын тизмеси Бажы союзунун Бажы кодексинин 232-беренеси менен аныкталган.
2. Эгерде, Бажы союзунун Бажы кодексинин 232-беренесинин 2-пунктуна ылайык Бажы кампасынын бажы жол-жоболоруна кирген товарлар менен операцияларды жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын уруксаты талап кылынат, мындай уруксат керектеген жактын жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде, кайрылган күнү берилет. Уруксат Кыргыз Республикасынын бажы органынын ыйгарым укуктуу кызматтык жактардын ылайыкталып жазылган же болбосо жазуу, керектөөчү жактын жазуу түрүндөгү кайрылуусуна берилет. Уруксат берүү эгер товарлар менен жүргүзүлгөн операциялардын жыйынтыгында товарлардын мүнөздөрү өзгөрүп кетсе, Тышкы ишкердиктин товардык номенклатурасы боюнча товарлардын классификациясына берилет.
3. Чет өлкөлүк товарлардын тандап алынган сынамдарына жана үлгүлөрүнө карата товардын үлгүсү бир айдын ичинде бажы кампасына кайтарып берилген учурлардан тышкары, ички керектөө үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосуна ылайык ташып келүүдөгү бажы алымдары, салыктар төлөнүүгө тийиш.
95-берене. Бажы кампаларынын типтери
1. Бажы кампалары ачык жана жабык типте болушу мүмкүн.
Бажы кампалары ачык типтеги кампалар болуп эсептелинет, эгерде товарларга карата ыйгарым укуктарга ээ болгон кандай жактар болбосун, бардык товарларды сактоого жана колдонууга жеткиликтүү болсо.
Бажы кампалары жабык типте, башкача айтканда, кампа ээсинин же андай кампаны уюштурууда ээсин аныктаган айрым жактардын товарларын сактоого арналган типте болушу мүмкүн.
2. Жабык типтеги бажы кампалары жабык типтеги кампаны уюштуруунун максатка ылайыксыздыгын негиздеген арыз ээсинин жүйөлөштүрүлгөн кайрылуусу боюнча уюштурулушу мүмкүн. Жабык типтеги бажы кампасында сакталуучу товарлардын түрлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген нускама менен аныкталат.
3. Ачык жана жабык типтеги бажы кампалары сактоонун өзгөчө шартын талап кылган же башка товарларга зыян келтириши мүмкүн болгон товарлардын айрым категорияларын сактоо (адистештирилген бажы кампалары) үчүн пайдаланылышы мүмкүн.
96-берене. Бажы кампасын жасалгалоо жана жабдуу
Бажы кампасы катары пайдалануу үчүн арналган имарат жайлар жана (же) аянттар товарлардын сакталышы камсыз кылынгандай, аларга башка бирөөлөрдүн келүүсүнө жол берилбегендей (кампа кызматчылары болбогон, товарларга карата ыйгарым укуктарга ээ болбогон же болбосо мындай ыйгарым укуктарга ээ болгон жактардын өкүлдөрү болбогон адамдардын) курулууга жана жабдылууга, ошондой эле бул товарларга карата бажы контролун жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылгыдай болууга тийиш.
Бажы кампаларынын инфратүзүмүнө, техникалык жабдылышына жана иштөө режимине талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
97-берене. Бажы кампасынын ээсинин милдеттери жана жоопкерчилиги
1. Бажы кампасынын ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) кампада турган товарларды бажы контролунан тышкары кампадан алып коюу мүмкүнчүлүгүн болтурбоого;
2) бажы кампаларынын ээлеринин реестрине киргизүү шарттарын сактоого;
3) Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлеринин бажы кампасында сакталып турган товарларга киришин камсыз кылуу жана аталган кызматкерлерге бажы контролун камсыз кылуу максатында бөлмөлөрдү, жабдууларды жана байланыш каражаттарын акысыз берүү боюнча бажы органдарынын талаптарын аткарууга;
4) ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган учурларда бажы алымдарын, салыктарын төлөөгө;
5) кампада сакталган товарлардын эсебин алууга жана ал товарлар жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органдарына отчет берүүгө.
2. Бажы кампасынын ээси төмөндөгүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:
1) товарлар жоголгон же аларды Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын уруксатысыз берген учурларда жана бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн;
2) бажы жол-жобосунун талаптарын аткарбагандыгы жана бажы алымдарын жана салыктарды төлөө үчүн.
98-берене. Бажы кампасынын ээсинин бажы кампасына товарларын койгон жактар менен өз ара мамилеси
Бажы кампасынын ээсинин бажы кампасына товарларын койгон жактар менен өз ара мамилеси келишимдик негизде түзүлөт.
99-берене. Бажы жол-жобосунун аракеттеринин аякташы
1. Бажы кампасынын бажы жол-жобосунун мөөнөтү жана тартиби Бажы союзунун Бажы кодексинин 236- беренеси менен аныкталат.
2. Бажы союзунун Бажы кодексинин 186-беренесине ылайык декларант катары чыга ала турган кандай гана жак болбосун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Бажы союзунун бажы мыйзамдарына ылайык бажы кампасынын бажы жол-жобосунун бүтүрүү (токтотуу) иш-аракеттери үчүн керектүү бажы операцияларын токтотууга укуктуу.
3. Бажы кампасында сакталган товарларга карата жок кылуу бажы жол-жобосу бажы кампасынын ээси (билдире алат) тарабынан билдирилет.
4. Ушул жол-жобого ылайык Кыргыз Республикасынын бажы аймагында андан ары пайдалануу максатында мурда убактылуу ташып келүү бажы жол-жобосуна коюлган товарларды бажы кампасынан чыгарууда убактылуу ташып кирүү мөөнөтүнүн өтүшү кайра жаңыртылат.
5. Бажы кампасында сакталгандан кийин ички керектөөлөр үчүн чыгаруу бажы жол-жобосуна коюлган товарларга карата салыктар жана бажылык алымдарды эсептөө Бажы союзунун Бажы кодексинин 238-беренеси менен аныкталган өзгөчөлүктөрдү эсепке алуу менен жүргүзүлөт.
100-берене. Бажы кампасынын бажы жол-жобосуна коюлган товарларга карата салыктарды, бажылык чыгуу төлөмдөрүн төлөө жана алардын төлөө мөөнөтү боюнча милдеттеринин токтотулушу, пайда болушу
Бажы кампасынын бажы жол-жобосуна коюлган товарларга карата салыктарды, бажылык чыгуу төлөмдөрүн төлөө жана алардын төлөө мөөнөтү боюнча милдеттеринин токтотулушу, пайда болушу Бажы союзунун Бажы кодексинин 237-беренеси менен аныкталган.
101-берене. Бажы жол-жобосунун жалпы жоболору
1. Бажы аймагында кайра иштетүү бажы жол-жобосунун мазмуну, товарлардын бажы жол-жобосуна коюлган талаптары, бажы аймагындагы кайра иштетүүнүн мөөнөтү жана ошондой эле бажы аймагындагы кайра иштетүү боюнча операциялар Бажы союзунун Бажы кодексинин 239, 240, 241, 243-беренелери менен аныкталган.
2. Товарларды бажы аймагында кайра иштетүү бажы жол-жобосуна коюу үчүн, бажы декларациясы товарларды бажы аймагында кайра иштетүүгө уруксат алган же товарларды кайра иштетүү боюнча операцияларды ишке ашыруучу жак тарабынан берилет.
3. Чет өлкөлүк товарларды кайра иштетүү продуктуларында идентификациялоо максатында Бажы союзунун Бажы кодексинин 242-беренесинде көрсөтүлгөн ыкмалар колдонулат.
4. Товарлардын бажы аймагындагы кайра иштетүүсүнүн мөөнөтүн узартуу жана аныктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
102-берене. Товарларды бажы аймагында кайра иштетүүгө уруксат алуу
1. Бажы аймагындагы товарларды кайра иштетүүнүн шарттары жөнүндөгү документ болуп, Бажы союзунун Бажы кодексинин 240, 244- беренелеринде каралган бажы аймагында товарларды кайра иштетүүгө уруксат эсептелет.
2. Эгерде товарлар бажы аймагында кайра иштетүү жол-жобосуна ыйгарым укуктуу экономикалык оператор менен коюлса, бажы аймагында кайра иштетүүнүн шарттары жөнүндөгү документ катары, бул мыйзамдын 234-беренесине ылайык кол коюлган, Кыргыз Республикасынын бажы органдары менен ыйгарым укуктуу экономикалык операторлорунун ортосундагы өз ара макулдашуусу колдонула алат, эгерде көрсөтүлгөн макулдашууда ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалымдар камтылган болсо.
3. Бажы союзунун Бажы кодексинин 244-беренесинде каралган бажы аймагында товарларды кайра иштетүүгө уруксат берүү тартиби , документтерди жана маалымдарды берүү, бажы аймагында товарларды кайра иштетүү уруксатынын пикири жана анын формасы, бажы аймагында товарларды кайра иштетүү уруксатын жокко чыгаруу жана анын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен аныкталат.
103-берене. Бажы аймагында кайра иштетүү продуктуларынын чыгуу ченеми
1. Продуктулардын чыгуу ченеми (белгилүү сандагы чет өлкөлүк товарларды кайра иштетүүнүн натыйжасында түзүлгөн кайра иштетүү продуктуларынын саны же пайыздын катышы) - бажы аймагында товарларды кайра иштетүүгө уруксат алган жак менен аныкталат жана иш жүзүндөгү ишке ашырылып жаткан шарттарын эсепке алуу менен Кыргыз Республикасынын бажы органдары менен макулдашылат.
2. Кайра иштетүү продуктуларынын сыпаттамасы, саны жана сапаты чыгуу ченеми белгиленгенден же макулдашылгандан кийин так аныкталат.
3. Кайра иштетүү боюнча операция иш жүзүндө туруктуу мүнөздөгү товарларга тиешелүү болгон учурларда ал так аныкталган техникалык шарттарга ылайык кадимкидей жүргүзүлөт жана кайра иштетүүдө продуктулардын сапаты өзгөрүлбөсө Кыргыз Республикасынын бажы органдары чыгуунун стандарттык ченемин белгилейт.
4. Чыгуу ченемин белгилөөдө Кыргыз Республикасынын бажы органдары эксперттик уюмдардын кайра иштетүүнүн айкын технологиялык процесстерине негизделген корутундуларын эске алат.
104-берене. Таштандылар жана калдыктар
Кайра иштетүүнүн натыйжасында пайда болгон таштандыларга, ошондой эле бажы аймагында кайра иштетүү бажы жол-жобосуна коюлган товарлардын калдыктарына карата, Бажы союзунун Бажы кодексинин 246,247-беренелеринде каралган эрежелер колдонулат.
105-берене. Эквиваленттүү товарлар менен алмаштыруу
1. Бажы союзунун Бажы кодексинин 248-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын уруксаты менен бажы аймагындагы кайра иштетүү бажы жол-жобосунун алдына коюлган чет өлкөлүк товарларды өзүнө эквиваленттүү товарлар менен алмаштырууга болот эквиваленттүү компенсацияны колдонууга уруксат жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органы бажы аймагына товарларды иштетүүгө берилген уруксатта көрсөтөт.
2. Эгерде чет өлкөлүк товарларды эквиваленттүү товарлар менен алмаштырууга уруксат берилсе, эквиваленттүү товарлардан алынган кайра иштетүү продуктуларын ташып кетүү, бажы аймагында товарларды кайра иштетүүгө берилген уруксатта көрсөтүлгөндөй Бажы союзунун бажы аймагына чет өлкөлүк товарларды ташып келгенге чейин жол берилет. Мында чет өлкөлүк товарларды ташып келүү үчүн мөөнөт Кыргыз Республикасынын бажы органы менен макулдашуу боюнча бажы аймагында товарларды иштетүүгө уруксат алган (алуучу) жак тарабынан аныкталат.
3. Айрым бир товарларга карата эквиваленттик компенсациянын колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
106-берене. Бажы аймагында кайра иштетүү бажы жол-жобосун колдонуудагы товарларды эсепке алуу. Бажы аймагындагы кайра иштетүү бажы жол-жобосун колдонуу боюнча отчеттуулук
1. Бажы аймагында кайра иштетүү бажы жол-жобосунун алдына коюлган товарлардын кайра иштетүүсүн ишке ашырган жактар жана декларант товарларды эсепке алууну жүргүзүүгө милдеттүү.
2. Товарларды эсепке алуу бухгалтердик жана салык эсептерин жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
3. Товарларды кайра иштетүү мөөнөтүнүн ичинде бир эле чет өлкөлүк товарлар нече товардык партия менен ташып келинген учурда, бажы максаттары үчүн мындай товарларды эсепке алуу кыйла эрте мөөнөттө ташып киргизилген товарлар аларды кайра иштетүү үчүн биринчи кезекте колдонулат деген божомолуна карата жүргүзүлөт.
107-берене. Бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажы жол-жоболорунун аракетин токтотуу жана аяктоо
1. Кайра иштетүүнүн бажы жол-жоболорунун аракетинин аяктоосу Бажы союзунун Бажы кодексинин 249-беренесинде белгиленген тартипте ишке ашырылат.
2. Ички керектөө үчүн чыгарылган кайра иштетүү операцияларына тартылбаган чет элдик товарларды жана (же) кайра иштетүү продуктуларын ички керектөө үчүн бажы жол-жобосуна жайгаштырууда бажы алымдары жана салыктар Бажы союзунун Бажы кодексинин 251-беренесинде белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен төлөнөт.
3. Товарларды кайра иштетүү мөөнөтү бүткөнгө чейин бажы аймагында кайра иштетүүнүн (кайра иштетүү мөөнөтү ичинде) бажы жол-жоболорунун аракети токтотулушу мүмкүн.
Бажы аймагында кайра иштетүүнүн (кайра иштетүү мөөнөтү ичинде) бажы жол-жоболорунун аракетин токтотуу жана кайра жаңыртуу Бажы союзунун комиссиясынын чечими менен аныкталат.
4. Эгер кайра иштетүү продуктуларынын санына ылайык келишин текшерүүнүн жыйынтыгында бажы аймагында товарларды кайра иштетүүгө уруксат алган жак бажы алымдарын, салыктарды төлөөгө тийиш болсо, эгерде алар аталган сумманы төлөө зарылчылыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органы чечимди кабыл алган күндөн баштап 10 иш күндөн кечиктирилбестен төлөнсө, бул бажы төлөмдөрүнүн суммасына туумдар кошуп эсептелбейт.
108-берене. Бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажы жол-жоболорунун шарттарын сактабагандык үчүн жоопкерчилик
Бажы жол-жоболорунун шарттарын сактабагандык үчүн, ошондой эле ушул бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жоопкерчиликти Мыйзамдын 77-беренесинде аныкталган жак тартат.
109-берене. Бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажы жол-жоболорунун алдында жайгаштырылган (жайгашкан) товарларга карата ташып келүүнүн бажы алымдарын, салыктарды төлөөнү жана төлөө милдетинин келип чыгышы жана токтотулушу
Бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажы жол-жоболорунун алдында жайгаштырылган (жайгашкан) товарларга карата ташып келүүнүн бажы алымдарын, салыктарды төлөө милдетинин келип чыгышы жана токтотулушу Бажы союзунун Бажы кодексинин 250-беренесинде белгиленген.
110-берене. Бажы жол-жобонун жалпы жоболору
1. Бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүнүн бажы жол-жоболорунун мазмуну, бажы жол-жоболору алдында товарларды жайгаштыруу шарттары, бажы аймагынан тышкары товарларды кайра иштетүү операциялары, ошондой эле бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүнүн мөөнөтү Бажы союзунун Бажы кодексинин 252, 253, 254, 256-беренелерине ылайык аныкталган.
2 .Товарларды бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүнүн бажы жол-жоболорунун алдына жайгаштыруу үчүн бажы декларациясы бажы аймагынан тышкары товарларды кайра иштетүүгө уруксат алган жак берет.
3. Кайра иштетүү продуктуларындагы товарларды идентификациялоо максатында Бажы союзунун Бажы кодексинин 255-беренесинде көрсөтүлгөн ыкмалар колдонулат.
4. Бажы аймагынан тышкары товарларды кайра иштетүү мөөнөтүн белгилөөнүн жана узартуунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
5. Товарларды бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүнүн бажы жол-жоболоруна ылайык товарларды ташып кетүүдө төлөмдөн бошотуу, кайтаруу же ички салыктардын ордун толтуруу жүргүзүлбөйт.
111-берене. Товарларды бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүгө уруксат берүү
1. Бажы союзунун Бажы кодексинин 253 жана 257-беренелеринде каралган бажы аймагынан тышкары товарларды кайра иштетүү шарттары жөнүндө документ болуп, бажы аймагынан тышкары товарларды кайра иштетүүгө берилген уруксат эсептелет. Товарларды бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүгө уруксат берүүдө Бажы союзунун Бажы кодексинин 257-бернесине ылайык белгиленген маалыматтар көрсөтүлөт.
2. Товарларды бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүгө уруксат берүүнүн, Бажы союзунун Бажы кодексинин 257-беренесинде көрсөтүлгөн документтерди жана маалыматтарды берүүнүн, товарларды бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүгө берилген уруксатты кайра алып коюунун тартиби жана анын формасы, бажы аймагынан тышкары товарларды кайра иштетүүгө берилген уруксатты жокко чыгаруунун тартиби жана анын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
112-берене. Бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүдө продуктулардын чыгуу ченемдери
1. Чыгуу ченемдери (белгилүү сандагы товарларды кайра иштетүүнүн жыйынтыгында алынган кайра иштетүү продуктуларынын саны жана пайыздык өлчөмү) бажы аймагынан тышкары товарларды кайра иштетүүгө уруксат алган жак тарабынан белгиленет жана ал ишке ашырылган чыныгы шарттар эске алынып, Кыргыз Республикасынын бажы органдары менен макулдашылат.
2. Кайра иштетүү продуктуларын сүрөттөө, алардын саны жана сапаты чыгуу ченемдери белгиленгенден жана макулдашылгандан кийин аныкталат.
3. Туруктуу мүнөздөмөгө ээ товарларга карата кайра иштетүү боюнча операциялар адатта так аныкталган техникалык шарттарга ылайык ишке ашырылган жана өзгөрүүсүз сапаттагы кайра иштетүү продуктулары чыгарылган учурларда бажы органдары стандарттуу чыгуу ченемдерин белгилешет.
4. Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан чыгуу ченемдерин белгилөөдө эксперттик уюмдардын кайра иштетүүнүн конкреттүү технологиялык жол-жоболоруна негизделген корутундулары эске алынат.
113-берене. Кайра иштетүү продуктуларын чет элдик товарларга алмаштыруу
Бажы союзунун Бажы кодексинин 259-беренесине жана Кыргыз Республикасынын бажы иштери тармагындагы мыйзамдарына ылайык кайра иштетүү продуктуларын чет өлкөлүк товарларга алмаштырууга жол берилет.
114-берене. Бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүнүн бажы жол-жоболорун пайдалануу тууралуу отчет
1. Декларант үч айда бир жолу Кыргыз Республикасынын бажы органдарына ушул Мыйзамдын 260-беренесине ылайык, бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүнүн бажы жол-жоболорун колдонуу шарттарын жана талаптарын аткаруу тууралуу маалыматты камтыган отчетту берүүгө тийиш.
2. Эгерде кайра иштетүү продуктулары Бажы союзунун бажы аймагына бир нече партия менен ташылып келсе, бажы аймагынан тышкары товарларды кайра иштетүүгө уруксат берүүдө көрсөтүлгөн кайра иштетүү продуктуларынын санын биротоло текшерүү бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү мөөнөтү өткөн күндөн тартып 30 күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлөт.
115-берене. Бажы жол-жобосун аяктоо
1. Бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосунун аракети Бажы союзунун Бажы кодексинин 260-беренесине ылайык аяктайт.
2. Бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жоболоруна жайгаштырылган товарларды экспорттун бажы жол-жоболорунун алдына жайгаштыруу Бажы союзунун Бажы кодексинин 263-беренесине ылайык ишке ашырылат.
3. Бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жоболорун башка бажы жол-жоболоруна өзгөртүүгө Кыргыз Республикасынын бажы органдарына товарларды иш жүзүндө көрсөтүүсүз эле жол берилет.
116-берене. Бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүнүн бажы жол-жоболорунун алдында жайгаштырылган (жайгашкан) товарларга карата ташып кетүүнүн бажы алымдарын, салыктарды төлөө милдетинин келип чыгышы жана токтотулушу, аларды төлөө мөөнөтү
Бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүнүн бажы жол-жоболорунун алдында жайгаштырылган (жайгашкан) товарларга карата ташып кетүүнүн бажы алымдарын, салыктарды төлөө милдетинин келип чыгышы жана токтотулушу, аларды төлөө мөөнөтү Бажы союзунун Бажы кодексинин 261-беренесинде белгиленген.
117-берене. Кайра иштетүү продуктуларын ички керектөөгө чыгаруу үчүн бажы жол-жоболорунун алдына жайгаштыруунун өзгөчөлүктөрү
1. Кайра иштетүү продуктуларын ички керектөөгө чыгаруу үчүн бажы жол-жоболорунун алдына жайгаштыруу Бажы союзунун Бажы кодексинин 262-беренесинде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен ишке ашырылат.
2. Эгер кайра иштетүүнүн максаты ташылып чыккан товарларды кепилдик (акысыз) оңдоо болсо, кайра иштетүү продуктулары бажы алымдарын жана салыктарын төлөөдөн толук бошотулат. Эгер эркин керектөөгө чыгарууда оңдоп-түзөөнүн себеби болгон кемчиликтер эске алынса ички керектөө үчүн чыгарылган бажы жол-жоболорунун алдына мурда жайгаштырылган товарлар бажы алымдарын жана салыктарын төлөөдөн толук бошотулбайт.
3. Калган учурларда кайра иштетүү продуктуларына карата ушул беренеге ылайык, акциздерден тышкары, айрым бажы алымдарын жана салыктарын төлөөдөн бошотуу берилет:
- бажы алымдарынын жана салыктарынын комбинацияланган же адвалордук коюмун кабыл алууда бажы алымдарынын жана салыктарынын суммасын чегерүүгө негиз болуп, кайра иштетүүгө ташылып кеткен товарлардын бажылык наркы жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген кайра иштетүү товарларынын бажы наркынын ортосундагы айырма катары аныкталган товарларды кайра иштетүү боюнча операциялардын наркы эсептелет. Бажы алымдарынын жана салыктарынын өзгөчөлүү коюмун кабыл алууда бажы алымдарынын жана салыктарынын суммасын чегерүүгө негиз болуп, кайра иштетүү боюнча операциянын наркына пропорциялуу келген кайра иштетүү продуктуларынын саны эсептелет. Бажы алымдарынын жана салыктардын суммасын эсептөө максатында товарлардын санын аныктоо методикасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү нускама менен аныкталат:
- кайра иштетүү продуктуларына карата акциздер кайра иштетүү операциясы болуп ташылып кеткен товарларды оңдоо болуп саналгандан башка учурларда толук көлөмдө төлөөгө жатат. Көрсөтүлгөн учурда акциздер ушул бөлүктүн экинчи абзацында каралган тартипте эсептелет.
118-берене. Бажы жол-жоболорунун шарттарын сактабагандык үчүн жоопкерчилик
Бажы жол-жоболорунун шарттарын сактабагандык үчүн, ошондой эле ушул бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жоопкерчиликти Мыйзамдын 77-беренесинде аныкталган жак тартат.
119-берене. Бажы жол-жобосунун жалпы жоболору
1. Ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн бажы жол-жоболорунун мазмуну, товарларды бажы жол-жоболоруна жайгаштыруу шарттары, ички керектөө үчүн кайра иштетүү операциялар, ошондой эле ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн мөөнөтү Бажы союзунун Бажы кодексинин 264, 265, 266,268-беренелерине ылайык аныкталган.
2. Товарларды ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн бажы жол-жоболоруна жайгаштыруу үчүн бажы декларациясы товарларды ички керектөөгө кайра иштетүүгө уруксат алган жак тарабынан берилет.
3. Кайра иштетилген продуктулардагы товарларды идентификациялоо максатында Бажы союзунун Бажы кодексинин 267-беренесинде көрсөтүлгөн ыкмалар колдонулат.
4. Ички керектөө үчүн кайра иштетүү мөөнөтүн белгилөө жана узартуу тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
5. Ички керектөө үчүн кайра иштетүүгө жол берилген товарлардын тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
120-берене. Ички керектөө үчүн кайра иштетүүгө уруксат берүү
1. Бажы союзунун Бажы кодексинин 265 жана 269-беренелеринде каралган ички керектөө үчүн товарларды кайра иштетүү шарттары жөнүндө документ болуп ички керектөө үчүн товарларды кайра иштетүүгө уруксат эсептелет. Ички керектөө үчүн товарларды кайра иштетүүгө уруксатта Бажы союзунун Бажы кодексинин 269-беренесинде белгиленген маалыматтар көрсөтүлөт.
2. Эгерде товарларды ыйгарым укуктуу экономикалык оператор ички керектөө үчүн кайра иштетүү жол-жобосунда жайгаштырылган учурда ички керектөө үчүн кайра иштетүү шарттары тууралуу документ катары көрсөтүлгөн макулдашууда ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган маалыматтар камтылган шартта ушул Мыйзамдын 234-беренесине ылайык кол коюлган ыйгарым укуктуу экономикалык оператор жана Кыргыз Республикасынын бажы органы ортосундагы макулдашуу колдонулат.
3. Ички керектөө үчүн товарларды кайра иштетүүгө уруксатты берүү, Бажы союзунун Бажы кодексинин 269-беренесинде каралган маалыматтарды жана документтерди берүү тартиби, ички керектөө үчүн товарларды кайра иштетүүгө уруксатты чакырып алуу жана анын формасы, ички керектөө үчүн товарларды кайра иштетүүгө уруксатты жокко чыгаруу жана анын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
121-берене. Таштандылар жана калдыктар
Кайра иштетүүнүн натыйжасында пайда болгон калдыктарга, ошондой эле ички керектөө үчүн кайра иштетүү бажы жол-жобосунун алдында коюлган товарлардын калдыктарына карата Бажы союзунун Бажы кодексинин 271, 272-беренелеринде каралган эрежелер колдонулат.
122-берене. Ички керектөө үчүн кайра иштетүү продуктуларынын чыгуу ченемдери
1. Чыгуу ченемин (товарлардын белгилүү бир санын кайра иштетүүнүн жыйынтыгында пайда болгон кайра иштетүү продуктуларынын саны же пайыздык камтылышы) ички керектөө үчүн кайра иштетүүгө уруксатты алган адам белгилейт жана бажы органы менен ал жүзөгө ашырылган иш жүзүндөгү шарттарды эске алуу менен макулдашылат.
2. Кайра иштетүү продуктуларын баяндоо, сапаты жана саны чыгуу ченеми белгиленгенден же макулдашылгандан кийин аныкталат.
3. Кайра иштетүү боюнча операция иш жүзүндө туруктуу мүнөздөгү товарларга тиешелүү болгон учурларда ал так аныкталган техникалык шарттарга ылайык кадимкидей жүргүзүлөт жана кайра иштетүү продуктуларынын сапатынын өзгөрүүсүз чыгышына алып келгенде бажы органдары чыгуунун стандарттык ченемин белгилейт.
4. Чыгуу ченемин белгилөөдө бажы органдары эксперттик уюмдардын кайра иштетүүнүн айкын технологиялык процесстерине негизделген корутундуларын эске алат.
123-берене. Ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн бажы жол-жобосун колдонууда товарларды эсепке алуу. Ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн бажы жол-жобосун колдонуу тууралуу отчёттуулук
1. Декларант, ошондой эле ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн бажы жол-жобосунун алдында коюлган товарларды кайра иштетүүнү жүзөгө ашырган адамдар товарлардын эсебин жүргүзүүгө милдеттүү.
2. Товарлардын эсеби бухгалтердик жана салык эсебин жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
3. Эгерде товарларды кайра иштетүү мөөнөтүндө бир эле чет элдик товарлар бир нече товардык партиялар менен киргизиле турган болсо, бажы максаттары үчүн мындай товарларды эсепке алуу мындан эрте мөөнөттө алынып келинген товарлар аларды кайра иштетүү үчүн биринчи колдонулат деген божомолго жараша жүргүзүлөт.
4. Ушул берененин 3- бөлүгүндө каралган эрежелер, эгерде аларды кайра иштетүү продукттарында чет элдик товарларды бирдейлештирүү ыкмасын кайра иштетүүгө уруксат берген конкреттүү чет элдик товардын кайра иштетилген продукттарын даярдоого бул чет элдик товар колдонулган болсо, салыштыруу зарылдыгын божомолдогондо колдонулбайт. Декларант бул эрежени колдонуудагы бухгалтердик эсеп ыкмаларына айкалышпай турган болсо, колдонуудан баш тартууга укуктуу.
5. Товарлардын декларанты үч айда бир жолу бажы органына ушул Мыйзамдын 260-беренесине ылайык ички керектөө үчүн бажы жол-жобосун колдонуу талаптарын жана шарттарын аткаруу тууралуу маалыматты камтыган отчётту берет.
6. Эгерде кайра иштетүү продукттары Бажы союзунун бажы аймагынан тышкары бир нече партия менен чыгарыла турган болсо, бажы аймагында товарларды кайра иштетүүгө уруксат берүүдө көрсөтүлгөн кайра иштетүү продукттарынын санына ылайык акыркы тууралоо кайра иштетүү продукттарын алып чыккандан кийин мезгил-мезгили менен, бирок үч айда бир жолудан кем эмес жана товарлардын акыркы партиясын чыгарган күндөн тартып 30 күндүн ичинде жүргүзүлөт.
124-берене. Ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн бажы жол-жобосун колдонууну аяктоо
Ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн бажы жол-жобосун колдонуу Бажы союзунун Бажы кодексинин 273, 275 жана 276-беренелеринде каралган тартипте ички керектөө үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосунун алдындагы жайда аяктайт.
125-берене. Ташып кирүү бажы алымдарын, салыктарды төлөө жана ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн бажы жол-жобосу алдына жайгаштырылуучу (жайгаштырылган) товарларга карата аларды төлөө мөөнөттөрү боюнча милдеттердин пайда болушу жана токтотулушу
Ташып кирүү бажы алымдарын, салыктарды төлөө жана ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн бажы жол-жобосу алдына жайгаштырылуучу (жайгаштырылган) товарларга карата аларды төлөө мөөнөттөрү боюнча милдеттердин пайда болушу жана токтотулушу Бажы союзунун Бажы кодексинин 274-беренесинде белгиленген.
126-берене. Бажы жол-жобосунун шарттарын сактабагандык үчүн жоопкерчилик
Бажы жол-жобосунун шарттарын сактабагандык, ошондой эле бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жоопкерчиликти ушул Мыйзамдын 77-беренесинде аныкталган адам тартат.
127-берене. Бажы жол-жобосунун жалпы жоболору
Убактылуу ташып кирүү (жол берүү) бажы жол-жобосунун мазмуну, товарларды бажы жол-жобосунун алдында жайгаштыруу шарты, ошондой эле убактылуу ташып келген товарларды колдонуу жана тескөө боюнча чектөөлөр Бажы союзунун Бажы кодексинин 277, 278 жана 279- беренелери менен аныкталган.
128-берене. Убактылуу алынып келинген товарларды пайдалануу жана тескөө
1. Убактылуу ташып кирүүнүн (жол берүүнүн) бажы жол-жобосунун алдында жайгаштырылган товарларды пайдалануу жана тескөө Бажы союзунун Бажы кодексинин 279-беренесинде белгиленген чектөөлөрдү сактоо менен жүзөгө ашырылат.
2. Декларант убактылуу алынып келген товарларды бажы органынын уруксатысыз башка адамга ээлик кылууга жана пайдаланууга берүү учурлары жана шарттары, ошондой эле декларант бажы органынын уруксаты менен башка адамга ээлик кылууга жана пайдаланууга убактылуу алынып келген товарларды берүү учурлары жана шартын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
129-берене. Товарларды убактылуу ташып кирүү мөөнөтү
1. Товарларды убактылуу ташып кирүү (жол берүү) мөөнөтү бажы органы тарабынан Бажы союзунун Бажы кодексинин 280-беренесинде белгиленген мөөнөттүн чегинде мындай ташып кирүү максаттарына жана милдеттерине жараша декларанттын арызынын негизинде белгиленет.
2. Декларанттын жүйөлүү арызы боюнча убактылуу ташып кирүү (жол берүү) мөөнөтү ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттүн чегинде узартылышы мүмкүн.
3. Бажы органы 10 иш күндүн ичинде убактылуу ташып кирүү мөөнөтүн узартуу тууралуу арызды карап чыгат жана декларантка мөөнөтүн узартуу же аны узартуудан баш тартуу тууралуу билдирет. Бажы органы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген убактылуу ташып кирүүнүн бажы жол-жобосун колдонуу талаптарын жана шарттарын декларант бажы иш чөйрөсүндө сактабай турган учурда гана убактылуу ташып кирүү (жол берүү) мөөнөтүн узартуудан баш тартууга укуктуу.
4. Убактылуу ташып кирүү (жол берүү) мөөнөтүн узартуудан бажы органынын баш тартуусу негиздүү жана жүйөлүү болууга тийиш. Бажы органы декларантка жазуу жүзүндө көрсөтүлгөн баш тартуу тууралуу кабарлайт.
130-берене. Убактылуу ташып кирүү (жол берүү) бажы жол-жобосун колдонуунун өзгөчөлүгү
1. Бажы алымдарын, салыктарды төлөөдөн толук жана айрым шарттуу бошотууну колдонуу Бажы союзунун Бажы кодексинин 282-беренесинде белгиленген эрежелер жана шарттар боюнча жүргүзүлөт.
2. Ички керектөө үчүн чыгарылган бажы жол-жобосунун алдындагы убактылуу алынып келген товарлардын жайлары Бажы союзунун Бажы кодексинин 284-беренесинде каралган тартипте жүргүзүлөт.
131-берене. Ташып киргизилген бажы алымдарын, салыктарды төлөө жана убактылуу ташып киргизилген (жол берилген) бажы жол-жобосунун алдында жайгаштырылуучу (жайгаштырылган) товарларга карата аларды төлөө мөөнөтү боюнча милдеттердин пайда болушу жана токтотулушу
Ташып киргизилген бажы алымдарын, салыктарды төлөө жана убактылуу ташып киргизилген (жол берилген) бажы жол-жобосунун алдында жайгаштырылуучу (жайгаштырылган) товарларга карата аларды төлөө мөөнөтү боюнча милдеттердин пайда болушу жана токтотулушу Бажы союзунун Бажы кодексинин 283-беренеси менен аныкталган.
132-берене. Бажы жол-жобосунун иш-аракеттерин аяктоо жана токтото туруу
Убактылуу ташып кирүү (жол берүү) бажы жол-жобосунун иш-аракети Бажы союзунун Бажы кодексинин 281-беренесинде белгиленген тартипте аяктайт жана токтотула турат.
133-берене. Бажы жол-жобосунун шарттарын сактабагандык үчүн жоопкерчилик
Бажы жол-жобосунун шарттарын сактабагандык, ошондой эле бажы алымдарын жана салыктарды төлөө үчүн жоопкерчиликти убактылуу ташып келүүнүн бажы жол-жобосунун алдында товарларды койгон жак тартат. Убактылуу алып келүү бажы жол-жобосунун алдында турган товарларды пайдалануу жана ээлик кылуу укугун башка жакка өткөрүп берген учурда бажы жол-жобосунун шарттарын сактабагандык, ошондой эле бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн ортоктош жоопкерчиликти убактылуу ташып кирүүнүн бажы жол-жобосунун алдындагы товарларды койгон жак жана башка жак тартат.
134- берене. Бажы жол-жобосунун жалпы жоболору
Убактылуу ташып кетүүнүн бажы жол-жоболорунун мазмуну, бажы жол-жобосунун алдында товарларды жайгаштыруу шарты, ошондой эле убактылуу ташып келген товарларды пайдалануу жана тескөө боюнча чектөөлөр Бажы союзунун Бажы кодексинин 285, 286 жана 287-беренелери менен аныкталган.
135- берене. Убактылуу ташып кетүү мөөнөттөрү
1.Товарларды убактылуу ташып кетүү мөөнөттөрү ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган учурлардан тышкары мындай ташып кетүү максаттарына жана шарттарына жараша декларанттын арызынын негизинде бажы органы тарабынан белгиленет. Декларанттын жазуу жүзүндөгү арызы менен товарларды убактылуу ташып кетүү мөөнөтүн ушул берененин 4 жана 5-бөлүгүндөгү жоболорду эске алуу менен бажы органы узартат.
2. Бажы органы 10 иш күндүн ичинде убактылуу ташып кетүү мөөнөтүн узартуу тууралуу арызды карап чыгат жана декларантка аны узартуу мөөнөтүн көбөйтүү же баш тартуу тууралуу билдирет. Бажы органы убактылуу ташып кетүү мөөнөтүн узартуудан Бажы союзунун Бажы кодексиндеги 38-бапка жана бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген убактылуу ташып кетүүнүн бажы жол-жобосун колдонуу талаптарын жана шарттарын декларант сактабаган учурда гана баш тартууга укуктуу.
3. Убактылуу ташып кетүү мөөнөтүн узартуудан бажы органынын баш тартуусу негиздүү жана жүйөлүү болушу керек. Бажы органы көрсөтүлгөн баш тартуу тууралуу жазуу жүзүндө декларантка кабарлайт.
4. Бажы союзунун Бажы кодексинин 288-беренесинин 2-пунктуна ылайык Бажы союзунун бажылык аймагынан тышкары аларды ташып кетүү максаттарына жараша товарлардын айрым категориялары үчүн, ошондой эле убактылуу ташып кетүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кайра ташып келүү милдеттүү болуп эсептелген товарлар үчүн убактылуу ташып келүүнүн чектүү мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
5. Чет элдик жаранга Кыргыз Республикасынын аймагында аларды кайтаруу милдети белгиленбеген болсо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карата убактылуу ташып келинген товарларга менчик укугу берилген учурда бул товарларды убактылуу ташып кетүү мөөнөтү узартылбайт, ал эми товарлар экспорттун бажы жол-жобосунун алдында жайгаштырылууга тийиш.
136-берене. Убактылуу ташып кетүүнүн бажы жол-жобосу алдына жайгаштырылуучу (жайгаштырылган) товарларга карата ташып келген бажы төлөмдөрүн төлөө жана аларды төлөө мөөнөтү боюнча милдеттердин пайда болушу жана токтотулушу
Убактылуу ташып кетүүнүн бажы жол-жобосу алдына жайгаштырылуучу (жайгаштырылган) товарларга карата ташып келген бажы төлөмдөрүн төлөө жана аларды төлөө мөөнөтү боюнча милдеттердин пайда болушу жана токтотулушу Бажы союзунун Бажы кодексинин 290-беренеси менен аныкталган.
137-берене. Бажы жол-жобону аяктоо
Убактылуу ташып кетүүнүн бажы жол-жобосун колдонуу Бажы союзунун Бажы кодексинин 289-беренесинде каралган тартипте аяктайт.
138-берене. Бажы жол-жобосунун шарттарын сактабагандык үчүн жоопкерчилик
Бажы жол-жобосунун шарттарын сактабагандык, ошондой эле бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жоопкерчиликти убактылуу ташып кетүүнүн бажы жол-жобосунун алдында товарларды жайгаштырган жак тартат.
139-берене. Бажы жол-жобосунун жалпы жоболору
Кайра импорттоонун бажы жол-жобосунун мазмуну, товарларды бажы жол-жобосунун алдында жайгаштыруу шарты, кайра импорттоонун бажы жол-жобосу алдына товарларды жайгаштыруу үчүн керек болгон документтер жана маалыматтар Бажы союзунун Бажы кодексинин 292, 293 жана 294-беренелери менен аныкталган.
140-берене. Ташып чыгуунун бажы алымдарынын суммаларын кайтаруу (зачет)
1. Бажы союзунун Бажы кодексинин 293-беренесинин 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн реимпортту бажы жол-жобосу алдына жайгаштырылган товарлар бажылык экспорт жол-жобосу алдына өткөрүлгөн күндүн эртеңки күнүнөн тартып алты айдан кеч эмес өткөрүлсө, көрсөтүлгөн реимпортту бажы жол-жобосу алдына жайгаштырылган товарларга карата ташып чыгуунун бажы алымдарынын суммаларын кайтаруу (зачет) жүргүзүлөт.
2. Ташып чыгуунун бажы алымдарынын суммаларын кайтаруу (зачет) ушул Мыйзамдагы 42-бапта белгилеген тартипте бажы органдары тарабынан жүргүзүлөт.
141-берене. Товарларды реимпорт бажы жол-жобосу алдына жайгаштырууда ташып келүүнүн бажы алымдарын, субсидияларын жана башка суммаларын төлөө
1. Товарлар реимпортту бажы жол-жобосу алдына жайгаштырууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган эсепке, ал эми Бажы союзунун мүчө өлкөлөрүнүн эл аралык келишими белгилеген учурларда, - ушул эл аралык келишим аныктаган эсепке төмөнкүлөр төлөнүүгө тийиш:
1) ташып келүүнүн бажы алымдарынын, салыктарынын жана (же) алардын пайызынын суммалары, эгерде мындай алымдардын, салыктардын жана (же) алардын пайызынын суммалары алынбаса, же товарларды Бажы союзунун бажы аймагынан тышкары ташып кетүүгө байланыштуу кайтарылып берилсе;
2) ички салыктардын, субсидиялардын суммалары жана түз же кыйыр төлөмдөр, жеңилдиктер же товарларды Бажы союзунун бажы аймагынан тышкары ташып кетүүгө байланыштуу ордун толтуруулар катары алынган же төлөнбөгөн башка суммалар.
2. Декларанттын реимпортту бажы жол-жобосу алдына жайгаштырылган товарларына карата ташып келүүнүн бажы алымдарынын, салыктардын, ички салыктардын, субсидиялардын суммаларын жана башка суммаларды төлөө милдети декларанттын бажы декларациясын бажы органы каттаган учурдан тартып келип чыгат.
3. Декларанттын ташып кирүүдөгү бажы алымдарынын, салыктардын, ички салыктардын, субсидиялардын суммаларын жана башка суммаларды төлөө милдети төмөнкү учурларда токтотулат:
1) ушул Мыйзамга ылайык белгиленген суммалардын көлөмүндө ташып кирүүдөгү бажы алымдарынын, салыктардын, ички салыктардын, субсидиялардын суммалары жана башка суммалар төлөнсө;
2) реимпортту бажы жол-жобосу алдына жайгаштырууга ылайык товар чыгаруудан баш тартса.
4. Ташып келүүнүн бажы алымдарынын, салыктардын суммаларын, кайра иштетүүчү азыктарды ички пайдалануу үчүн чыгарууну бажы жол-жобосу алдына жайгаштыруу бажы алымдарынын, салыктарынын төлөнүүчү суммалары Бажы союзунун Бажы кодексинин 251-беренеси белгилеген эрежелери боюнча эсептелет.
5. Ички салыктардын суммалары товарларды Бажы союзунун бажы аймагынан тышкары ташып кетүүдө бажы декларациясын толтурган күнгө карата аракеттеги ставкалардын жана Бажы союзунун бажы аймагынан тышкары ташып чыгууда белгиленген товарлардын бажылык наркынын жана (же) алардын санынын негизинде эсептелет. Эгерде экспортту бажы жол-жобосу алдына жайгаштырылганын көрсөтүүдө ташып чыгууга товарларга карата бажы наркы аныкталбаса жана көрсөтүлбөсө, ички салыктардын суммасын эсептөө максаттары үчүн иш жүзүндө төлөнгөн баасы же төлөнүүгө тийиш болгон товарды ташып чыгуу учурунда сатуу-сатып алуу бүтүмүнө байланыштуу таризделген коммерциялык документте көрсөтүлгөн жана ушул Мыйзам белгилеген тартипте Кыргыз Республикасынын валютасында эсептелген, товарларды Бажы союзунун бажы аймагынан тышкары ташып чыгууда бажы декларациясын толтурган күнгө карата аныкталган баа колдонулат. Башка бүтүмдөргө байланыштуу көрсөтүлгөн товарларга карата экспортту бажы жол-жобосу алдына жайгаштыруу белгиленсе, ушул товарларды ташып чыгууга тиешелүү болгон коммерциялык же башка документтерде келтирилген, ушул Мыйзам белгилеген тартипте Кыргыз Республикасынын валютасында эсептелген, товарларды Бажы союзунун бажы аймагынан тышкары ташып чыгууда бажы декларациясы толтурулган күнгө карата аныкталган ушул товарлардын баасы колдонулат.
6. Субсидиялардын суммаларын жана ушул берененин 4 жана 5-бөлүктөрүндө көрсөтүлбөй калган башка суммаларды эсептөө тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт. Көрсөтүлгөн суммалар менен катар алардын пайызы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ставкалары боюнча алына турган учурларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоого укуктуу.
7. Реимпортту бажы жол-жобосу алдына жайгаштырууга ылайык ташып кирүүдөгү алымдары, салыктар, ички салыктар, субсидиялар жана башка суммалар жана алардын пайыздары товарлар чыгарылганга чейин төлөнүүгө тийиш.
8. Ушул беренеде каралган ташып кирүүдөгү бажы алымдарынын, салыктардын, ички салыктардын, субсидиялардын суммалары жана башка суммалар, ошондой эле алардын пайыздары бажы төлөмдөрүн өндүрүү үчүн Бажы союзунун Бажы кодексинде жана ушул Мыйзамда белгилеген тартипте төлөнөт.
142-берене. Бажы жол-жобосун сактабай койгондугу үчүн жоопкерчилик
Бажы жол-жобосун сактабай койгондугу, ошондой эле бажы төлөмдөрүн төлөө жоопкерчилигин товарларын реимпорт бажы жол-жобосу алдына жайгаштырган декларант тартат.
143-берене. Бажы жол-жобосунун жалпы жоболору
1. Реэкспортту жол-жобосу алдына жайгаштыруу мазмуну, товарларды бажы жол-жобосуна коюу шарттары Бажы союзунун Бажы кодексинин 296 жана 297-беренелери менен аныкталат.
2. Мурда ички пайдаланууга чыгарылган товарларды реэкспорт жол-жобосу алдына жайгаштыруу үчүн декларант бажы органына Бажы союзунун Бажы кодексинин 299-беренесинде каралган документтер менен маалыматтарды сунуштайт.
3. Реэкспортто ташып кирүүдөгү бажы алымдарын, салыктарды төлөөдөн бошотулат же төлөнгөн суммалар кайра кайтарылат, эгерде мындай бошотуу же кайра кайтаруу товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына коюуга негиз болгон белгилүү бажы жол-жобосу шарттарында каралган болсо.
4. Түздөн-түз жана жалаң гана реэкспорт үчүн арналган товар катары билдирилген товарларга карата бажы алымдары жана салыктары төлөнбөйт. Товарларды алты айлык мөөнөт ичинде иш жүзүндө ташып кетүү жүргүзүлбөсө, болбосо товарларды пайдаланууда, анын ичинде киреше алуу максаттарында пайдаланууда, эгерде товарларды ташып кирүүдө ички пайдалануу үчүн чыгарууга арыз берилгенде төлөнө турган бажы алымдарынын, салыктарынын суммасы, ошондой эле, эгерде аталган суммаларга карата товарларды реэкспорттук бажы жол-жобосу алдына жайгаштырууда төлөө мөөнөтү кийинкиге калтырылганда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсепке алуу ченемдери боюнча алардан алынган пайыз төлөнөт.
144-берене. Реэкспорт бажы жол-жобосу алдына жайгаштырылган товарларды ташуу өзгөчөлүктөрү
Реэкспорт бажы жол-жобосу алдына жайгаштырылган товарларды Бажы союзунун бажы аймагынан тышкары ташуу бажы контролунун алдында бажы транзитинин жол-жобосуна ылайык Бажы союзунун Бажы кодексиндеги 32-бапта белгилеген тартипте жана шарттарда жүзөгө ашырылат.
145-берене. Реэкспорт бажы жол-жобосу алдына жайгаштырылуучу (жайгаштырылган) чет өлкөлүк товарларга карата бажы алымдарын, салыктарды төлөө милдетинин пайда болушу жана токтотулушу
Реэкспорт бажы жол-жобосу алдына жайгаштырылуучу (жайгаштырылган) чет өлкөлүк товарларга карата бажы алымдарын, салыктарды төлөө милдетинин пайда болушун жана токтотулушун Бажы союзунун Бажы кодексинин 300-беренеси белгилейт.
146-берене. Ташып келүүнүн бажы алымдарынын суммаларын кайтаруу (зачет)
1. Мурда ички колдонуу үчүн чыгарылган бажылык жол-жобосу астына жайгаштырылган, Бажы союзунун Бажы кодексинин 297-беренесинин 2-пунктчасында белгилеген шарттарда реэкспорт бажы жол-жобосу алдына жайгаштырылган жана иш жүзүндө Бажы союзунун бажы аймагынан тышкары ташылып кеткен товарларга карата ташып чыгуунун бажы алымдарынын, салыктардын суммаларын кайтаруу (зачет) ушул Мыйзамдагы 42-бапта белгилеген тартипте жүргүзүлөт.
147-берене. Бажы жол-жобосун сактабай койгондугу үчүн жоопкерчилик
Бажы жол-жобосун сактабай койгондугу, ошондой эле бажы төлөмдөрүн төлөө жоопкерчилигин товарларын реэкспорт бажы жол-жобосу алдына жайгаштырган декларант тартат.
148-берене. Бажы жол-жобосунун жалпы жоболору
1. Алымсыз соода жүргүзүүнүн бажы жол-жобосу мазмуну, товарларды алымсыз соода жүргүзүү үчүн бажы жол-жобосу алдына жайгаштыруу шарттары Бажы союзунун Бажы кодексинин 302 жана 303-беренелери менен аныкталат.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын чек арасынан өткөрүү пункттарында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган башка жерлердеги бажы контролдугу алдында алымсыз соода жүргүзүү дүкөндөрүндө товарларды сатуу жүргүзүлөт.
3.Товарлар алымсыз соода жүргүзүүнүн бажы жол-жобосу алдына жайгаштырылганда ички салыктардын, ошондой эле ташып келүү бажы алымдарынын, салыктардын мурда төлөнгөн суммалары кайтарылып берилбейт.
149-берене. Алымсыз соода дүкөнүнүн турган ордуна, жасалгалоого жана жабдууга коюлган талаптар
1. Алым төлөөсүз соода дүкөнү соода залдарынан, көмөкчү жайлардан, кампалардан турушу мүмкүн.
Аталган имарат жайлар товарларды сатуу алымсыз соода дүкөнүнүн соода залдарында гана жүргүзүлүшү, ошондой эле товарлардын сакталышы жана аларга карата бажы контролун жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылгандай жабдылууга тийиш.
2. Алымсыз соода дүкөнүнүн соода залдары алымсыз соода дүкөнүндө сатып алган товарларды Кыргыз Республикасынын аймагында калтыруу, анын ичинде аларды ошол аймакта калган жеке жактарга берүү жолу менен калтыруу мүмкүнчүлүгү жок кылынгандай жайгаштырылууга тийиш.
3. Алымсыз соода дүкөнүнүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында жайгашкан орду анын ээси тарабынан Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы карамагында турган мамлекеттик орган менен макулдашылууга тийиш.
4. Алымсыз соода дүкөнүнүн имарат жайы бажы контролу зонасы болуп саналат.
150-берене. Алымсыз соода дүкөнүнүн ээсинин милдеттери жана жоопкерчилиги
1. Алымсыз соода дүкөнүнүн ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) сатуу үчүн алымсыз соода дүкөнүнө келген товарларды бажы контролунан тышкары алып коюу мүмкүнчүлүгүн болтурбоого;
2) келип түшкөн жана сатып өткөрүлгөн товарлардын эсебин жүргүзүүгө;
3) бажы органдарына келип түшкөн жана сатып өткөрүлгөн товарлардын отчетун берүүгө;
4) ушул статьянын 2-пунктунда каралган учурларда бажы алымдарын, салыктарын төлөөгө;
5) Кыргыз Республикасынын соода чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдары менен белгиленген талаптарды сактоого.
2. Алымсыз соода дүкөнүнүн ээси чет өлкөлүк товарлар жоголгон болбосо аларды ушул бапта белгиленген талаптарга жана шарттарга ылайык алымсыз соода дүкөнүндө жеке жактарга чекене сатуудан башка максаттарда пайдаланган учурда бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жоопкерчилик тартат.
151-берене. Алымсыз сооданын бажы жол-жобосун аяктоо
Алымсыз сооданын бажы жол-жобосунун аракети Бажы союзунун Бажы кодексинин 305-беренесинде каралган тартипте аяктайт.
152-берене. Бажы жол-жобосунун шарттарын сактабагандыгы
үчүн жоопкерчилик
Бажы жол-жобосунун шарттарын сактабагандыгы, ошондой эле бажы алымдарынын, салыктардын төлөнүшүнө жоопкерчиликти алымсыз соода дүкөнүнүн ээси тартат.
153-берене. Бажы жол-жобосунун жалпы жоболору
1. Жок кылуунун бажылык жол-жобосу мазмуну, товарларды жок кылуунун жол-жобосунун алдына жайгаштыруу шарттары жана жок кылуунун бажы жол-жобосу колдонуу өзгөчөлүктөрү Бажы союзунун Бажы кодексинин 307, 308, 309-беренелери менен аныкталган.
2. Товарларды жок кылуунун жол-жобосунун алдына жайгаштыруугбажы органынын уруксаты менен жол берилет.
3. Товарларды жок кылуу бажы жол-жобосунун алдына жайгаштырууга бажы органынын уруксат берүү тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
154-берене. Товарларды жок кылуу
1. Товарларды жок кылуу декларанттын арызынын негизинде товардын ушул түрүн жок кылуунун ыкмасына зарыл болгон убакыттан жана товарды өз ордунан жок кылуучу ордуна ташууга зарыл болгон убакыттан келип чыккан бажы органдары аныктаган мөөнөттө жүргүзүлөт.
2. Товарларды жок кылуу орду Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мыйзамдарына ылайык декларант тарабынан аныкталат.
3. Товарлар жок кылынгандан кийин декларант бажы органына ырастаган документтерди (жок кылуу же керектөө жөнүндө актылар же отчеттер, жок кылуу же керектөө учурунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же калыптанган тажрыйбага ылайык түзүлгөн башка документтер) берүүгө милдеттүү.
155-берене. Бажы органдары тарабынан бажы контролун жүргүзүү
1. Бажы органдары Бажы союзунун Бажы кодексинин жана ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык жок кылуу бажы жол-жобосу алдына жайгаштырылган товарларга коркунучтарды башкаруу тутумун колдонуу менен бажы контролун жүргүзөт.
2. Бажы органдарынын кызмат адамдары товарларды жок кылуу (керектөө) процессине визуалдык байкоо жүргүзгөн учурда, товарларды жок кылынганын ырастаган акт Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган форма жана тартипте түзүлөт.
156-берене. Бажы жол-жобосунун шарттарын сактабагандык үчүн жоопкерчилик
Бажы жол-жобосунун шарттарын, Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мыйзамдарын сактабагандыгы үчүн, ошондой эле таштандылар менен калдыктарга карата бажы алымдарын, салыктарды төлөө үчүн жоопкерчиликти жок кылуунун бажы жол-жобосу жөнүндө билдирген декларант тартат.
157-берене. Бажы жол-жобосунун жалпы жоболору
1. Мамлекеттин пайдасына баш тартууну бажы жол-жобосунун мазмуну жана товарларды аталган жол-жобого киргизүү шарттары Бажы союзунун Бажы кодексинин 310 жана 311-беренелеринде аныкталган.
2. Мамлекеттин пайдасына баш тартуу жол-жобосуна товарларды киргизүү бажы органынын уруксаты менен берилет.
3. Мамлекеттин пайдасына баш тартуу жол-жобосуна товарларды киргизүү үчүн бажы органдары тарабынан уруксат берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
158-берене. Мамлекеттин пайдасына баш тартуу жол-жобосуна киргизилген товарларды тескөө
1. Мамлекеттин пайдасына товарлардан баш тартуу товарларды сатуудан түшкөн каражаттардын эсебинен ордун толтурууга мүмкүн болбогон кандайдыр бир чыгымдарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына алып келбеши керек.
2. Мамлекеттин пайдасына баш тартуу боюнча бажы жол-жобосуна киргизилген товарлар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте өткөрүлүп берилет.
159-берене. Мамлекеттин пайдасына баш тартуу боюнча бажы жол-жобосун колдонгондугу үчүн жоопкерчилик
Мамлекеттин пайдасына баш тартуу боюнча бажы жол-жобосунун шарттарын сактабагандыгы үчүн, ошондой эле товарларды мамлекеттин пайдасына баш тартуу боюнча бажы жол-жобосуна киргизүүнүн жолу менен аларды тескөөнүн мыйзамдуулугу үчүн жоопкерчиликти декларант тартат. Бажы органдары мамлекеттин пайдасына декларант баш тарткан товарларга карата ыйгарым укуктарга ээ болгон адамдардын кандайдыр бир мүлктүк дооматтарынын ордун толтурбайт.
160-берене. Атайын бажы жол-жобосунун мазмуну жана товарларды бажы жол-жобосуна киргизүүнүн шарттары
1. Атайын бажы жол-жобосу – тизме боюнча жана Бажы союзунун Комиссиясы тарабынан белгиленген шарттарга ылайык товарлардын айрым категориялары бажы жыйымдарын жана салыктарды төлөбөстөн, товарлардын бул категорияларына карата Бажы союзунун бажы мыйзамдары менен белгиленген учурлардан тышкары тыюу салуулар жана чектөөлөр колдонулбастан, Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү же Кыргыз Республикасынын аймагынан ташылып чыгуучу жол-жобо.
2. Товарлардын атайын бажы жол-жобосунда туруу мөөнөтү, бажы жыйымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдеттердин келип чыгуу жана токтотуу учурлары, ошондой эле атайын бажы жол-жобосун колдонууда аларды төлөөнүн мөөнөтү келген учурлар, атайын бажы жол-жобосунун аракеттерин аяктоо, убактылуу токтотуу жана жандандыруу тартиби, атайын бажы жол-жобосуна киргизилген товарларды пайдалануу жана (же) тескөө боюнча чектөөлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет, эгерде Бажы союзунун бажы мыйзамдары менен башка каралбаса. Товарлардын айрым категорияларына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Бажы союзунун бажы мыйзамдары менен аныкталган учурларда товарларды атайын бажы жол-жобосуна киргизүү шарттарын белгилейт.
3. Бажы алымдарынан, салыктарынан төлөнгөн суммаларын кайтарып берүү, ошондой эле товарларды атайын бажы жол-жобосуна киргизүүдө ички салыктарды төлөөдөн бошотуу, кайтарып берүү же ордун толтуруп берүү жүргүзүлбөйт.
161-берене. Товарларды атайын бажы жол-жобосуна киргизүүдө аларды бажы жактан декларациялоо
Товарларды бажы жактан декларациялоо тартиби, товарларды атайын бажы жол-жобосуна киргизүүдө аларды декларацияда көрсөтүүгө тийиш болгон маалыматтардын тизмеси, ошондой эле декларант тарабынан товарларга болгон декларация менен бир мезгилде көрсөтүлүүчү документтердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
162-берене. Эл аралык почта жиберүүлөрү
1. Товарларды эл аралык почта жиберүүлөрү менен Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу Бажы союзунун Бажы кодексиндеги 44-бапка жана Бажы союзуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Эл аралык почта жиберүүлөрү менен жөнөтүлүүчү товарларга карата бажы операциялары эл аралык почта алышуу жерлеринде же бажы органы тарабынан аныкталган башка жерлерде жүргүзүлөт. Почта байланышынын объекттери болуп саналган эл аралык почта алышуу жерлери почта байланышы жаатындагы ыйгарым укуктуу орган менен чогуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
163-берене. Эл аралык почта жиберүүлөрү менен жөнөтүлүүчү товарларга карата бажы операцияларын жүргүзүү өзгөчөлүктөрү
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же Бажы союзуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө же ал аймактан ташып кетүүгө чек коюлган товарларга карата товар алуучулар же жиберүүчүлөр, болбосо алардын атынан аракеттенген жактар бажы жагынан тариздөөдө зарыл уруксаттарды, лицензияларды, тастыктамаларды көрсөтүүгө милдеттүү.
2. Эл аралык почта жиберүүлөрү менен жөнөтүүгө тыюу салынган жана чек коюлган товарларды алып коюу, ошондой эле аларды тескөө бажы органдары тарабынан ушул Мыйзамга ылайык, ал эми алар менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жүргүзүлөт.
3. Эл аралык почта жиберүүлөрү менен жөнөтүлүүчү товарларды бажы жагынан тариздөө артыкчылыктуу тартипте жана кыска мөөнөттө жүргүзүлөт. Бажы жагынан тариздөөнүн айкын мөөнөттөрү почта байланышы жаатындагы ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
4. Өзүнчө бажы декларациясы бериле турган товарларды бажылык тариздөө почта байланышы жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте товар алуучу же жиберүүчү турган аймактагы бажы органы жүзөгө ашырат.
5. Эл аралык почта жиберүүлөр менен Бажы союзунун бажы аймагынын чегинен тышкары ташылып кетүүчү өзүнчө бажы декларациясы бериле турган товарларды бажы жагынан тариздөө товарларды жиберүү үчүн почта байланышынын уюмдарына аларды бергенге чейин жиберүүчү же алардын атынан аракеттенген жактар тарабынан жүргүзүлөт.
6. Эл аралык жиберүүлөр менен Кыргыз Республикасынын аймагынан ташылып кетүүчү товарларга карата бажы жыйымдарын, салыктарын колдонуу Бажы союзунун Бажы кодексинин 316-беренеси менен аныкталган эрежелер боюнча жүргүзүлөт.
7. Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча транзит менен өткөрүлгөн эл аралык почта жиберүүлөрүнө бажылык декларациялоо жүргүзүлбөйт.
164-берене. Бажы органдарынын жана почта уюмдарынын өз ара аракеттениши
1. Эл аралык почта жиберүүлөрүндө камтылган товарларды бажы жагынан тариздөөнү тездетүү жана бажы контролунун натыйжалуулугунун жогорулатуу максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана почта байланышы жаатындагы ыйгарым укуктуу орган өз ара аракеттенүү жөнүндө тиешелүү макулдашууну түзүшөт.
Аталган макулдашууда мамлекеттик почта байланышынын уюму бажы органдарынын контролунун астында бул органдардын айрым функцияларын аткаруу учурлары каралышы мүмкүн.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Бажы союзунун бажы аймагына товарларды ташып келүү жана аларды бул аймактан ташып чыгуу эрежелери жөнүндө эл аралык почта жиберүүлөрүн өткөрүүгө тийиштүү болгон бөлүгүн почта байланышы жаатындагы ыйгарым укуктуу органга билдирет.
165-берене. Чет өлкөлүк жактардын айрым категорияларынын товарларды алып өтүшү
1. Чет мамлекеттердин дипломатиялык, консулдук жана башка расмий өкүлчүлүктөрү, эл аралык уюмдар, бул өкүлчүлүктөрдүн жана уюмдардын персоналы тарабынан товарларды, ошондой эле артыкчылыкка, өзгөчө укукка жана (же) иммунитетке ээ болгон чет өлкөлүк адамдардын айрым категорияларынын жеке жана үй-бүлөлүк колдонуусу үчүн арналган товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу Бажы союзунун Бажы кодексиндеги 45-бапка ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чет өлкөлүк жактар үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып келүүнүн жеңилдетилген эрежелери Бажы союзунун Бажы кодексиндеги 45-бапка белгиленген эрежелеринен тышкары каралса Кыргыз Республикасынын эл аралык эрежелери колдонулат.
3. Эл аралык, мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык уюмдар, алардын карамагында турган чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрү үчүн, ошондой эле бул уюмдардын жана өкүлчүлүктөрдүн персоналы, алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн бажы жеңилдиктери Кыргыз Республикасынын тийиштүү эл аралык келишимдери менен аныкталат.
4. Дипломатиялык өкүлчүлүктөр, консулдук мекемелер, чет мамлекеттердин башка расмий өкүлчүлүктөрү, эл аралык уюмдар, бул өкүлчүлүктөрдүн, мекемелердин жана уюмдардын персоналы (мындан ары – Өкүлчүлүктөр) расмий пайдалануу үчүн алып өтүшкөн товарларды бажы жагынан декларациялоо эркин формада эки нускада түзүлгөн, Өкүлчүлүктүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн жана Өкүлчүлүктүн башчысы же ал ыйгарым укук берген адам тарабынан кол коюлган, төмөнкү маалыматтарды камтыган жазуу жүзүндөгү арызды (мындан ары - арыз) бажы органына көрсөтүү менен жүргүзүлөт:
1) бажы органынын аталышы;
2) транспорттук документтин номери жана датасы, ага ылайык товар Бажы союзунун бажы чек арасы аркылуу ташылып чыгат;
3) товар жөнүндө кыскача маалымат.
5. Ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн арыз менен чогуу транспорттук (ташылып чыгуучу) документтер берилет.
6. Өкүлчүлүк расмий колдонууга арналган товарларды жиберүүчү (алуучу) жак бажы органына инсандыгын күбөлөндүргөн документти, ошондой эле жактын статусун тастыктаган документти же Өкүлчүлүктүн мөөрүнүн оттиски жана Өкүлчүлүктүн башчысынын колу же аны коюуга ыйгарым укуктуу Өкүлчүлүктүн башка кызмат адамынын колу коюлган ишеним катты (бир жылдык же бир жолу пайдаланууга жарактуу) көрсөтөт.
166-берене. Өз ара бирдей принциптерде берилүүчү бажы жеңилдиктеринин таралышы
Чет мамлекет менен атайын макулдашуунун негизинде ушул Кодекс менен берилүүчү бажы жеңилдиктери ар бир өз алдынча мамлекетке карата өз ара бирдей принципке таянуу менен башка жактарга да таралышы мүмкүн.
167-берене. Бажы органдары тарабынан интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо
Бажы органдары автордук укуктун жана аралаш укуктардын объекттерине, товардык белгилерге, тейлөө белгилерине жана укук ээсинин арызы боюнча интеллектуалдык менчик объекттеринин бажы реестрине киргизилген товардын чыккан жеринин аталышынан пайдалануу укугуна болгон укук ээсинин укуктарын коргоону Бажы союзунун Бажы кодексиндеги 46-бапка, ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жүзөгө ашырышат.
168-берене. Укук ээсинин арызын кароо тартиби
1. Укук ээси же анын таламдарын билдирүүчү жак (мындан ары – арыз ээси) интеллектуалдык менчик жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, анын ою боюнча, контрафакттуу болуп саналган товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүдө же Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып кетүүдө же бажы контролдугу астында турган товарлар менен дагы башка аракеттер жасалганда анын укуктарынын бузулган учурлары болушу мүмкүн же бузулду деп ойлой турган болсо, аталган укуктарын коргоо жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга арыз берүүгө укуктуу.
2. Арызда төмөндөгүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
1) укук ээси тууралуу маалыматтар, эгерде арыз анын өкүлү тарабынан берилсе - өкүлү тууралуу да;
2) бажы реестрине киргизилүүгө тийиш болгон интеллектуалдык менчиктин объектин жана интеллектуалдык менчикти түзгөн товарлардын баяндамасынын көрсөтүү;
3) жогоруда аталган интеллектуалдык менчиктин объектин түзгөн товарды өндүргөн уюм тууралуу маалыматтар жана бул уюмдардын ыйгарым укуктарын тастыктаган документтер;
4) товарлардын өндүрүлгөн жери;
5) интеллектуалдык менчиктин жана укуктун таандуулугунун болушу жөнүндөгү маалыматтар.
Арызга интеллектуалдык менчиктин жана укуктун таандуулугунун болушун тастыктаган документтер (күбөлүк, лицензиялык келишим же интеллектуалдык менчик жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дагы башка документтер), зарылчылык болгон учурда - анын таламдарын билдирүүчү жакка укук ээси тарабынан берилген ишеним кат тиркелет.
Эгерде бир эле интеллектуалдык менчик объектисине болгон укук эки башка укук ээсине тийиштүү болсо, арызга ар бир укук ээсинин ишеним каты же бир эле интеллектуалдык менчик объектисине укуктун жоктугу тууралуу милдеттенме тиркелиши керек.
Арыз бергенде аны менен кошо интеллектуалдык менчиктин объекти жана (же) контрафакттуу товарды түзгөн товардын үлгүсү да берилиши мүмкүн.
Арыз ээси контрафакттуу товарларды, аны менен кошо анын укуктары бузулган болжолдуу күндү аныктоо жагынан бажы органдарына мүмкүндүк берүүчү дагы башка маалыматтарды бере алат.
3. Арыз берүү учурунда арыз ээси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга шектүү деп эсептелген товар контрафакттык эмес экени далилденсе, декларантка товарларды чыгарууну токтото турууга байланыштуу чыгымдардын жана келтирилген зыяндардын ордун толтуруу тууралуу милдеттенме берет. Чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө милдеттенменин формасы жана мазмуну, ошондой эле милдеттенменин аткарылышын камсыз кылуучу өлчөм Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен бекитилген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арызды келген күндөн тартып бир айдан ашпаган мөөнөттө карап чыгат жана интеллектуалдык менчик объектилеринин бажы реестрине арызда көрсөтүлгөн интеллектуалдык менчик объектилерин киргизүү же аларды киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Кабыл алынган чечим тууралуу жазуу жүзүндө арыз берүүчүгө билдирилет.
5. Арыз берүүчүнүн берген маалыматынын тактыгын текшерүү максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үчүнчү жактан, ошондой эле мамлекеттик органдан берилген маалыматты тастыктаган документтерди сураганга укуктуу. Аталган органдар жана үчүнчү жактар суроо-талапты алган күндөн тартып 10 күндүн ичинде сураган документтерди берүүгө милдеттүү.
6. Арызды кароо, арыз берүүчүдөн талап кылынган, бул чечимди кабыл алуу үчүн маанилүү болгон документтер берилбеген учурда токтотулушу мүмкүн. Ушуну менен бирге, арызды кароонун жалпы мөөнөтү үч айдан ашпашы керек. Арыз берүүчүдөн талап кылынган документтер берилбеген учурда арыз кайтарылып алынды болуп эсептелет жана андан ары кароого жатпайт, бул туурасында жазуу же электрондук формада арыз берүүчүгө кабарланат.
7. Чара көрүүдөн баш тартуу чечими, товар чыгарууну токтотуу менен байланышкан жана интеллектуалдык менчик объектисин интеллектуалдык менчик объекттеринин бажы реестрине кошууда берилген документтер интеллектуалдык менчик объект укугуна арыз берүүчүгө таандык экени тастыктабаган учурда же арыз берүүчүнүн маалыматы так эмес болгон учурда кабыл алынат.
8. Арызда же ага тиркелген документтерде көрсөтүлгөн маалымат өзгөргөн учурда, арыз берүүчү булар тууралуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө милдеттүү.
169-берене. Интеллектуалдык менчик объекттеринин бажы реестри
1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жалпы бажы контролу үчүн интеллектуалдык менчик объекттеринин бажы реестрин жүргүзөт (мындан ары - Бажы реестри).
Бажы реестрин киргизүү тартиби жана андагы камтылган маалыматтарды бажы органдарына жана арыз берүүчүлөргө жеткирүү, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
2. Бажы реестрине интеллектуалдык менчик объектини кошуу үчүн укук ээси же анын өкүлү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан өлчөмү аныкталган жыйымды төлөөгө милдеттүү.
3. Бажы реестрине ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ылайыктуу чечим кабыл алынган интеллектуалдык менчик объекттери киргизилет.
4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн расмий басылмасында Бажы реестрине киргизилген интеллектуалдык менчик объекттеринин тизмесин жарыялоону камсыз кылат.
5. Интеллектуалдык менчик объекттери Бажы реестринен төмөнкү учурларда чыгарылат:
- арыз берүүчү кайрылган учурда;
- Бажы реестрине интеллектуалдык менчик объектин киргизүү жана объектти коргоонун мөөнөтүн узартуу үчүн жыйымды төлөбөгөн учурда;
- белгиленген тартипте интеллектуалдык менчик объектин укуктук коргоо токтотулган учурда;
- эгерде укук ээси товар чыгарууну токтотуу мөөнөтүнүн аралыгында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз укугун коргогон органга кайрылбаса же товар чыгарууну токтотуу тууралуу чечимди жокко чыгаруу жөнүндө арызы менен бажы органына кайрылбаса;
- Бажы реестрине интеллектуалдык менчик объектти кошуу жөнүндө арыз бергенде так эмес маалыматтар табылган учурда.
6. Түшкөн маалыматтардын негизинде Бажы реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилет:
1) укук ээсинен (анын өкүлүнөн) Бажы реестрине интеллектуалдык менчик объектти кошуу жөнүндө арызда көрсөтүлгөн же аларга тиркелген документтердеги маалыматты өзгөртүү тууралуу;
2) укук коргоо органдарынан же башка мамлекеттик органдардан, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардан Бажы реестринде көрсөтүлгөн жак укук ээси катары укугунан ажырагандыгы же интеллектуалдык менчик объекттерине укугу чектелгендиги тууралуу.
Бажы реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат.
7. Бажы реестрине өзгөртүү киргизүүдөн мурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин негизинде түшкөн маалыматтарды текшерүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн, бул тууралуу укук ээси жана бажы органы жазуу жүзүндө кабарланат. Текшерүү жүргүзүү мезгилинде, ушундай интеллектуалдык менчик объектини камтыган товарларды чыгарууну токтотуу менен байланышкан чара көрүү бажы органы тарабынан жүргүзүлбөйт.
8. Интеллектуалдык менчик объектиси Бажы реестрине киргизилген мөөнөт ичинде текшерүү үчүн зарыл болгон убакытка токтотулушу мүмкүн, бирок эки айдан ашпаган убакытка.
9. Чыгарууну токтотуу тууралуу чечимди кабыл алуу тартиби, кабыл алынган чечим тууралуу арыз берүүчүгө жана декларация берүүчүгө кабарлоо, чыгарууну токтотуу мөөнөтүн узартуу, декларация берүүчүнүн чыгымдарын жана бажы органынын чыгымдарын өндүрүп берүү, ошондой эле чыгарууну токтотуу жөнүндө чечимди жокко чыгаруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
10. Бажы реестрине кирбеген интеллектуалдык менчик объектини камтыган товарды чыгарууну токтотууга бажы органы укуктуу, мындай товардык белгилер табылган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте бул контрафакттык товарлар болуп эсептелет.
170-берене. Маалымат берүү. Сынам жана үлгү алуу
1. Бажы органы арыз берүүчүгө жана декларация берүүчүгө, чыгарууну токтото туруу тууралуу кабыл алынган товарлар контрафактык же андай эмес товар экенин аныктоо үчүн зарыл болгон маалыматты берет.
2. Арыз берүүчүдөн жана декларация берүүчүдөн алган маалымат ушул беренеге ылайык купуя болот жана алар тарабынан жарыяланбашы, үчүнчү жакка, ошондой эле мамлекеттик органга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо берилбеши керек.
3. Бажы органынын уруксаты менен арыз берүүчү жана декларация берүүчү же алардын өкүлдөрү бажы контролу алдында чыгарууну токтотуу жана буларга изилдөө жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынган товарлардан сынам жана үлгү ала алат.
171-берене. Бажы органдары тарабынан интеллектуалдык менчиктин укугун коргоого тийиштүү кошумча жоболор
1. Бажы органдары тарабынан интеллектуалдык менчик укуктарынын корголушу укук ээсине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн укуктарын коргоонун кандай гана болбосун башка каражаттарына таянууга тоскоол болбойт.
2. Товарларды чыгарууну токтотуп туруу мөөнөтүнүн ичинде декларант укук ээсинин товарларды жок кылууга жазуу жүзүндөгү макулдугу болгондо чыгаруу токтотулуп турган товарларды жок кылуунун бажы жол-жобосун айта алат. Мындай учурда бажы органынын товарларды чыгарууну токтотуп туруу жөнүндө чечими жок кылынууга жатат.
172-берене. Товарларды өткөргүч түтүк транспорту менен алып өтүүдө декларациялоо жана бажы алымдарын жана салыктарды төлөөнүн өзгөчөлүктөрү
1. Өткөргүч түтүк транспорту менен алып өтүлүүчү товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүүдө, ушул беренеде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен ушул Мыйзамдын 225-беренесине ылайык аларды убактылуу мезгилдүү бажылык декларациялоого жол берилет. Убактылуу мезгилдүү декларациялоо убактылуу бажы декларациясын берүү жолу менен жүргүзүлөт.
2. Убактылуу бажы декларациясында тышкы соода келишиминин (контрактынын) колдонуу мөөнөтүнөн ашпаган декларант айткан мезгилдин ичинде, товарлардын болжолдуу санын ташып кирүү ниетине, Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүү пландалган товарлардын санына, алардын керектөө касиеттерине жана (же) тышкы соода келишиминин (контрактынын) шарттары менен каралган, убактылуу бажы декларациясын берүү күнүнө карата аталган товарлардын баасын аныктоо тартибине ылайык аныкталган шарттуу бажы наркына жараша маалыматтарды айтканга жол берилет.
3. Бир нече тышкы соода келишимдери (контракттары) (анын ичинде жеткирип берүүнүн, бааны түзүүнүн жана төлөөнүн ар кандай шарттары) боюнча милдеттерди аткаруунун алкагында бир бажы жол-жобосунун шарттарына ылайык товарларды алып өткөн бир эле адам тарабынан ташып кирилүүчү товарларга бир убактылуу декларацияны берүүгө жол берилет.
4. Убактылуу бажы декларациясы бир кварталдан ашпаган мезгилде, ал эми жаратылыш газына – бир календардык жылдан ашпаган, ушул мезгилдин мурдагы айынын 20сынан кечиктирилбестен декларант тарабынан берилет.
5. Эгерде убактылуу бажы декларациясында көрсөтүлгөн мезгилдин ичинде бажы органы кабыл алган убактылуу бажы декларациясында көрсөтүлгөн товарлардын саны өзгөрсө, кошумча убактылуу бажы декларациясында декларацияланган товарларды алып өтүү башталганга чейин кошумча убактылуу декларация берүүгө жол берилет.
6. Декларант товарларды жеткирүүнүн ар бир календардык айы үчүн ташылып чыккан товарларга тийиштүү түрдө толтурулган бир же бир нече толук бажы декларацияларын берүүгө милдеттүү. Толук бажы декларациясы товарларды жеткирилүүчү календардык айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирилбестен берилиши керек. Декларанттын жүйөлүү кайрылуусу боюнча бажы органы толук бажы декларациясын берүү мөөнөтүн узартат, бирок 90 күндөн көп эмес. Толук бажы декларациясын берүү мөөнөтүн узартуу бажы алымдарын, салыктардын эсептелген суммаларын төлөө мөөнөтүн узартпайт.
7. Эгерде убактылуу бажы декларациясында ташып кирүүгө айтылган календардык айдын ичинде товарлар ташып кирилбесе, декларант бул жөнүндө толук бажы декларациясын берүү мөөнөтү аяктаганга чейин жазуу жүзүндө бажы органына кабарлоого милдеттүү.
8. Өткөргүч түтүк транспорту менен алып өтүлүүчү товарларга карата ташып кирүү бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдет декларантта бажы органы убактылуу бажы декларациясын же толук бажы декларациясын каттаган учурдан тартып пайда болот.
9. Өткөргүч түтүк транспорту менен алып өтүлүүчү товарларга карата ташып кирүү бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча декларанттын милдети Бажы союзунун Бажы кодексинин 80-беренесинин 2-пунктунда белгиленген учурларда токтотулат.
10. Товарларды өткөргүч түтүк транспорту менен ташып кирүүдө ташып кирүү алымдары, салыктары жеткирүүнүн ар бир календардык айынан мурунку айдын 20сынан кечиктирилбестен, убактылуу бажы декларациясында көрсөтүлгөн маалыматтарга жараша төлөнөт. Бажы төлөмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн максаттары үчүн жеткирилүүчү айдан мурунку айдын 15ине карата колдонулган бажы алымдарынын жана салыктардын коюму колдонулат.
11. Жеткирүүнүн ар бир календардык айы үчүн ташылып кирилген товарлар жөнүндө такталган маалыматтар бажы органына жеткирүүнүн ар бир календардык айы үчүн кийинки айдын 20сынан кечиктирилбестен берилет. Эгерде бажы алымдарынын жана салыктардын төлөнүүгө тийиш суммалары маалыматтарды тактоонун жыйынтыгында жогоруласа, суммаларды кошуп төлөө ошол эле убакта такталган маалыматтарды берүү менен жүзөгө ашырылууга тийиш. Аталган учурда туум эсептелбейт.
12. Ашыкча төлөнгөн суммаларды кайтаруу ушул Мыйзамдын 42-бабына ылайык жүзөгө ашырылат.
13. Өткөргүч түтүк транспорту менен товарларды алып өтүүдө убактылуу бажы декларациясын кабыл алган күнгө карата чектөө колдонулат.
14. Өткөргүч түтүк транспорту менен алып өтүлүүчү жаратылыш газын бажылык декларациялоодо анын санын жана сапатын ырастоо үчүн анын негизинде мындай алып өтүү жүзөгө ашырылуучу тышкы соода келишимдеринин (контракттарынын) шарттары менен аныкталган жерлерде жайгашкан эсепке алуу приборлорунун көрсөткүчтөрүнүн негизинде түзүлгөн товарларды иш жүзүндө жеткирүү жөнүндө актылар пайдаланылат.
173-берене. Электр берүү линиялары аркылуу өткөрүлүүчү товарларды ташып кирүүдө жана ташып чыгууда декларациялоонун жана бажы алымдарын, салыктарды төлөөнүн өзгөчөлүктөрү
1. Электр энергиясынын ташылып кирген, ташылып чыккан иш жүзүндөгү саны жана (же) ар бир календардык ай үчүн мамлекеттер аралык электр берүү линиялары боюнча карама-каршы багыттардагы электр энергиясынын агымдарынын алгебралык суммасы катары сальдо-агымы декларацияланууга жатат. Бажы декларациясында (бажы декларацияларында) ташылып кирген жана ташылып чыккан электр энергиясынын саны ар бир календардык ай үчүн электр энергиясынын сальдо-агымы катары (электр тарамдарында электр энергиясынын жиберилүүсүндө болгон жоготуулардын чоңдугуна түзөтүлгөн чыңалуунун бардык класстарынын электр өткөргүчтөрдүн иштеп турган бардык мамлекеттер аралык линиялары боюнча карама-каршы багыттардагы электр энергиясынын агымдарынын алгебралык суммасы) же электр тарамдарындагы жоготууларга электр энергиясын жиберүүдө болгон чоңдукка түзөтүлгөн, өзүнчө иш жүзүндө ташылып кирген жана ташылып чыккан электр энергиясынын саны көрсөтүлөт.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Бажы союзунун Бажы кодексинин 339-беренесинин 2-пунктуна ылайык энергетика тутумдарынын параллель иштөөсүнүн шарттарында, Бажы союзунун бажы аймагы аркылуу электр берүү линиялары боюнча электр энергиясын алып өтүүдө бажы органына берүүгө тийиш болгон маалыматтардын тизмегин белгилейт.
3. Электр берүү линиялары боюнча алып өтүлүүчү Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгарылуучу товарларга карата бажы төлөмдөрүн төлөө ушул Мыйзамдын VI бөлүмү менен белгиленген эрежелер жүргүзүлөт.
174-берене. Эл аралык ташуулардын транспорт каражаттарын, запастык бөлүктөрүн жана жабдууларды, камдыктарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу
1. Эл аралык ташуулардын транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу Бажы союзунун Бажы кодексинин 48-бабына ылайык жүзөгө ашырылат. Аба жана темир жол транспортуна карата бажы операцияларын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына келүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан кетүүчү жерлерде эл аралык ташуунун транспорт каражаттарынын токтоп туруу узактыгы ушул түрдөгү аба кемесин тейлөөнүн технологиялык графигинде же тиешелүү түрдө темир жол станциясынын ишинин технологиялык процессинде белгиленген убакыттан ашпашы керек, эгерде ташуучу тарабынан Бажы союзунун бажы мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген талаптар аткарылса.
2. Эл аралык ташуунун транспорт каражаттарын оңдоо, техникалык тейлөө же пайдалануу үчүн арналган запастык бөлүктөр жана жабдуулар Бажы союзунун Бажы кодексинин 349-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келет жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташылып кетет. Алмаштыруунун натыйжасында эл аралык ташуунун транспорт каражатынан чыгарылган запастык бөлүк жана жабдуу алар чыгарылып алынган эл аралык ташуунун транспорт каражаттары менен бир убакта Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келет жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташылып кетет. Мындай запастык бөлүктөр жана жабдуулар жөнүндө, ошондой эле жүргүзүлгөн оңдоо жөнүндө маалыматтар эл аралык ташуунун транспорт каражатынын бажы декларациясында көрсөтүлөт. Башка учурларда алмаштыруунун натыйжасында аралык ташуунун транспорт каражатынын чыгарып алынган запастык бөлүктөрү жана жабдуулар Кыргыз Республикасынын аймагына Бажы союзунун Бажы кодексинин 349-беренесинин 3-пунктунун экинчи абзацына ылайык ташылып кирет, ал эми Кыргыз Республикасынын аймагынан реэкспорттун бажы жол-жобосуна карата ташып чыгуу бажы алымын төлөбөстөн ташып чыгарылат.
3. Транспорт каражатын оңдоо, техникалык тейлөө жана жабдуу үчүн арналган запастык бөлүктөргө жана жабдууларга карата убактылуу ташып кирүү (киргизүү) жана ташып чыгуу бажы жол-жобосу Кыргыз Республикасынын аймагына жана Кыргыз Республикасынын аймагынан алмаштыруунун жыйынтыгында транспорт каражатынан чыгарылып алынган запастык бөлүктөрдү жана жабдууларды же убактылуу ташып кирүү (киргизүү) жана ташып чыгуу бажы жол-жобосунун астында болгон запастык бөлүктөрдү жана жабдууларды же болбосо аталган товарларды Бажы союзунун бажы аймагынан аларды ташып чыгарууну же Бажы союзунун бажы аймагына ташып кирүүнү карабаган башка бажы жол-жобосунун астына жайгаштыруу менен бүтөт.
4. Транспорт каражаттарынын нормалдуу иштөөсүн жана техникалык тейлөөнү камсыздоо үчүн зарыл болгон камдыктарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу Бажы союзунун Бажы кодексиндеги 50-бапка ылайык жүзөгө ашырылат.
175-берене. Эл аралык ташуунун транспорт каражаттары катары шарттуу чыгарылган транспорт каражаттарын колдонуу
1. Бажы союзунун Бажы кодексинин 279-беренесинин 5-пунктуна 345-беренесинин 4-пунктуна ылайык Бажы союзунун бажы аймагына убактылуу ташып кирүү (киргизүү) бажы жол-жобосуна ылайык ташып киргизилген транспорт каражаттарын, ошондой эле Бажы союзунун Бажы кодексинин 200-беренесинин 1-пунктунун 1-пунктчасына ылайык шарттуу чыгарылган товарлар болуп эсептелген башка транспорт каражаттарын, анын ичинде Бажы союзунун бажы аймагына, эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосуна ылайык эл аралык ташуулардын транспорт каражаттары катары киргизилген транспорт каражаттарын аларды Бажы союзунун Бажы кодексиндеги 48-бапта белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагынан убактылуу ташып чыгаруу жана Кыргыз Республикасынын аймагына кайра ташып киргизүү менен колдонууга жол берилет.
2. Жүктөрдү жүктөө, түшүрүү, тазалоо жана коргоо же жүргүнчүлөрдү жана (же) кол жүктү тейлөө үчүн арналган атайын жабдууларга карата жана ушул берененин 1-бөлүгүндө аталган транспорт каражаттарын оңдоодо, техникалык тейлөөдө жана колдонууда пайдалануу үчүн арналган запастык бөлүктөргө карата, ошондой эле ушул берененин 1-бөлүгүндө аталган транспорт каражаттарынан жүргүзүлгөн оңдоонун алкагында алмаштыруунун натыйжасында чыгарып алынган запастык бөлүктөргө жана жабдууларга карата Бажы союзунун Бажы кодексиндеги 48-бап жана ушул баптын жоболору колдонулат.
176-берене. Жеке жактардын жеке колдонуу үчүн товарларды алып өтүүсү
1. Жеке жактардын жеке колдонуу үчүн товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүүсү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуусу Бажы союзунун Бажы кодексиндеги 49-бапка жана Бажы союзуна мүчө мамлекеттердин Бажы союзунун бажы чек арасы аркылуу жеке жактардын товарларды алып өтүүсү жөнүндө эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул берененин 1-бөлүгүндө аталган эл аралык келишимдерге ылайык жеке жактардын товарларды ташып чыгуусу жана ташып кирүүсү үчүн кошумча чектөөлөрдү белгилөөгө укуктуу.
3. Бажы органдары жеке жактардын товарларды алып өтүү эрежелери жөнүндө, анын ичинде транспорт жана туристтик уюмдарда мамлекеттик, расмий жана чет тилдерде түзүлгөн маалыматтык маалымдамаларды таратуу жолу менен, ошондой эле жеке жактар алып өтүүчү товарларга карата бажы операциялары жүргүзүлүүчү жерлерде маалыматтык стенддерди жабдуу жолу менен маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыздайт.
4. Коштолбогон багажда алынып өтүлүүчү же болбосо ташуучунун, жеткирүүчүнүн жекече пайдаланууну үчүн товарлардын бажы декларациясын берүүсү мындай товарлар турган бажы органына декларанттын тандоосу боюнча жүргүзүлөт же болбосо мындай товарлар кайда жеткирилгендигине карабастан жеке жак дайыма же убактылуу жашаган региондогу бажы декларациясына берилет.
5. Жекече пайдалануу үчүн товарларга карата бажы алымдары, салыктары негизделип төлөнгөн киреше ордеринин бажы бланктары так отчеттуулук бланктары болуп саналат.
177-берене. Бажы төлөмдөрү
1. Бажы төлөмдөрүнө жана салыктарына төмөнкүлөр кирет:
1) ташып кирүүдөгү бажы алымы;
2) ташып чыгуудагы бажы алымы;
3) Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды алып келүүдө алынуучу кошумча нарк салыгы;
4) Бажы союзунун аймагына товарларды алып келүүдө алынуучу (алына турган) акциз (акциздер);
5) бажы жыйымдары (бажылык тариздөө үчүн, бажы коштоосу үчүн бажы жыйымы, алдын ала чечим үчүн акы төлөө).
2. Бажы органдары алуучу атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар Бажы союзуна катышкан мамлекеттердин эл аралык келишимдерине жана эгерде ушул мыйзамда башкача белгиленбесе, ташып келүүдөгү бажы алымдарын алуу үчүн ушул мыйзамда каралган тартипте бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынат.
3. Жекече пайдалануу үчүн жеке жактар алып өтүүчү товарларга карата ушул бөлүм Бажы союзунун Бажы кодексиндеги 49-бапта жана Бажы союзуна катышкан мамлекеттердин эл аралык келишимдеринде белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен колдонулат.
178-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөөчүлөр
Декларант же Бажы союзунун Бажы кодексине, Бажы союзуна катышкан мамлекеттердин эл аралык келишимдерине жана ушул Мыйзамга ылайык бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдет жүктөлгөн башка адамдар бажы төлөмдөрүн төлөөчүлөр болуп саналат.
179-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөттөрү
1. Бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөттөрү Бажы союзунун Бажы кодексиндеги 11-бапка ылайык белгиленет.
2. Бажы декларациясын берүүнүн өзгөчөлүктөрү Бажы союзунун Бажы кодексинин 194-беренесинин 2 жана 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн товарларга карата бажы төлөмдөрүн бажы декларациясын бергенге чейин же бажы декларациясын берүү менен бир эле убакытта төлөнөт.
180-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөө тартиби жана анын формалары
1. Жекече пайдалануу үчүн товарларга карата ташып келүүдөгү бажы алымдарын кошпогондо, ташып келүүдөгү бажы алымдары Бажы союзуна катышкан мамлекеттердин эл аралык келишимдеринде аныкталган эсепке төлөнөт. Ташып келүүдөгү бажы алымдары башка төлөмдөрдү төлөө эсептерине киргизилиши мүмкүн эмес.
2. Төлөөчүнүн каалоосу боюнча ташып келүүдөгү бажы алымдары бажы декларациясын бергенге чейин төлөнүшү мүмкүн. Бажы декларациясын бергенге чейин төлөнгөн ташып келүүдөгү бажы алымдарынын суммаларын тейлөө Бажы союзуна катышкан мамлекеттердин эл аралык келишимдеринин жоболорун эске алуу менен ушул Мыйзамдын 185-беренесинде каралган тартипте ишке ашырылат.
3. Бажы төлөмдөрүн төлөө тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
4. Атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды жана салыктарды төлөө тартибин Кыргыз Республикасынын бажы чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленет.
5. Эгерде Бажы союзуна катышкан мамлекеттердин эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса, бажы төлөмдөрү Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын эсебине төлөнөт. Өзгөчө учурларда бажы төлөмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын бажы органынын кассасына төгүү жолу менен ишке ашырылат.
6. Бажы төлөмдөрүн, аванстык төлөмдөрдү, туумдарды, пайыздарды, жазапулдарды ушул Мыйзамга ылайык накталай акча каражаттарын кабыл алуу (берүү) мүмкүнчүлүгүсүз электрондук төлөм каражаттарын (мындан ары – электрондук терминалдар) пайдалануу менен операцияларды жүргүзүү үчүн арналган түзүлүштөрдү колдонуу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган төлөм терминалдары аркылуу же банкоматтар тартибинде төлөнөт.
181-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттерди аткаруу
1. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча төлөөчүнүн милдети, эгерде ушул беренеде көрсөтүлгөн акчалай каражаттардын өлчөмү бажы төлөмдөрүн төлөө суммадан кем эмес сумманы түзсө, аткарылган деп эсептелет:
1) төлөөчүнүн банктагы эсебинин акчалай каражаттары эсептен чыгарылган учурдан тартып, же болбосо электрондук терминалдар, банкоматтар аркылуу бажы төлөмдөрү төлөнгөндө;
2) бажы органынын кассасына накталай акча каражаттары төгүлгөн учурдан тартып же болбосо терминалдар, банкоматтар аркылуу бажы төлөмдөрү төлөнгөндө;
3) ашыкча төлөнгөн бажы төлөмдөрүн төлөөнүн эсебинен же бажы төлөмдөрү суммасынын ашыкча өндүрүлгөн сумманы эсепке алуу учурунан тартып, ал эми мындай эсепке алуу төлөөчүнүн демилгеси боюнча жүргүзүлгөндө эсепке алуу жөнүндө бажы органынын билдирүүсү алынган учурдан тартып;
4) бажы төлөмдөрүн, аванстык төлөмдөрдү же акчалай күрөөнү төлөөнүн эсебинен эсепке алуу учурунан тартып, ал эми мындай эсепке алуу төлөөчүнүн демилгеси боюнча жүргүзүлгөндө эсепке алуу жөнүндө бажы органынын тескемеси алынган учурдан тартып;
5) банк, башка насыялык уюмдар же болбосо банк кепилдигине ылайык камсыздандыруу уюму, ошондой эле кепилдик келишимине ылайык кепилдөөчү төлөгөн бажы төлөмдөрүн, акчалай каражаттарды, төлөөнүн эсебинен эсепке алуу учурунан тартып;
6) ушул Мыйзамдын 180-беренесинде көрсөтүлгөн эсепке акча каражаттары киргизилген учурдан тартып, бажы төлөмдөрү төмөнкүлөрдүн эсебинен өндүрүлгөн учурда:
а) бажы төлөмдөрү төлөнбөгөн товарларга карата;
б) бажы төлөмдөрүн төлөөчүнүн күрөөдөгү мүлкүнүн эсебинен.
2. Ушул Мыйзамдын 180-беренесинде көрсөтүлгөн эсепке бажы төлөмдөрүнүн суммасынын келип түшүүсү бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча төлөөчүнүн милдеттеринин аткарылышын ырастоо тартибинде накталай эмес тартипте бажы төлөмдөрү төлөнгөн учурда товарларды чыгаруу максатындагы төлөм болуп эсептелет, ал эми ушул Мыйзамдын 180-беренесине ылайык электрондук терминалдарды, төлөм терминалдарын же банкоматтарды пайдалануу менен бажы төлөмдөрү төлөнгөндө электрондук терминалдар, төлөм терминалдары же банкоматтар тарабынан түзүлгөн, анын ичинде ушул Мыйзамын 180-беренесинде көрсөтүлгөн эсепке акчалай каражаттарды которууну ишке ашырууну ырастаган документ болуп саналат. Көрсөтүлгөн документ түзүлгөн учурдан тартып бажы төлөмдөрүн төлөө максатында жүргүзүлгөн акча каражаттарын которуу кайра алынгыс болуп калат.
3. Бажы союзуна катышкан мамлекеттердин эл аралык келишимдеринде белгиленген тартипте жекече пайдалануу үчүн товарларга карата жеке жактар тарабынан бажы төлөмдөрү төлөнгөн деп эсептелет.
4. Бажы төлөмдөрүн төлөөчүнүн, ошондой эле ушул Мыйзамдын 182-беренесинде, 251-беренесинде көрсөтүлгөн адамдардын талабы боюнча бажы органдары бажы төлөмдөрү төлөнгөндүгүнүн ырастоосун кат түрүндө берүүгө милдеттүү, бирок ал мындай талаптан мурдагы үч календардык жылдан ашпайт. Бажы төлөмдөрүнүн төлөнгөндүгүнүн ырастоосунун формасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
182-берене. Ички керектөө үчүн шарттуу түрдө чыгарылган, Кыргыз Республикасында чыгаруунун бажы процедуралары алдында жайгаштырылган товарларга карата бажы төлөмдөрүн төлөө тартиби
1. Ички керектөө үчүн чыгарылган бажы процедурасына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында шарттуу түрдө чыгарылган товарларды сатып алуу үчүн Бажы союзунун товарларынын статусу талап кылынган учурларда бажы төлөмдөрүн төлөө (Бажы союзунун Бажы кодексинин 200-беренесинин 1-пунктунун 1 жана 3-пунктчалары, 5-пункту), мындай төлөө декларант (анын укук мураскери) же мындай товарлар мыйзамдуу ээлигинде турган адам тарабынан төлөнөт.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн бажы төлөмдөрүнүн суммасын төлөө бажы органына берилген адамдардын арыздарынын негизинде товарларды шарттуу чыгарууну жүргүзгөн, ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдардын арызынын негизинде товарларды шарттуу түрдө чыгаруу жүзөгө ашырылган бажы декларациясынын номерин жана бажы төлөмдөрүн төлөө жүргүзүлгөн төлөм документинин реквизиттерин көрсөтүү менен жүргүзүлөт.
3. Бажы союзунун Бажы кодексинин 200-беренесинин 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн товарларга карата бажы төлөмдөрү товарларды шарттуу чыгаруу жүргүзүлгөн бажы декларациясында эсептелген жана бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча жеңилдиктерди берүүгө байланыштуу төлөнгөн сумманын өлчөмүндө төлөнөт.
4. Бажы союзунун Бажы кодексинин 200-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасында көрсөтүлгөн бажы алымдары бирдиктүү бажы тарифинде белгиленген ташып кирүүдөгү бажы алымдарынын баалары боюнча эсептелген ташып кирүүдөгү алымдардын суммасынын айырмасы өлчөмүндө жана товарларды чыгарууда төлөнгөн ташып кирүүдөгү алымдардын суммасында төлөнөт.
5. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн бажы төлөмдөрү ушул Мыйзамдын 180-беренесинде аныкталган эсепке төлөнүүгө тийиш.
6. Ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн суммасынан туумдан чегерилбейт жана төлөнөт.
183-берене. Пайыздарды төлөө
1. Пайыздар төмөнкү учурларда төлөнөт:
1) бажы алымдарын, салыктарын төлөөнүн мөөнөттөрүн узартуу же бөлүп-бөлүп төлөө үчүн;
2) Бажы союзунун Бажы кодексинин 250-беренесинин 5-пунктунда, 251-беренесинин 3-пунктунда, 263-беренесинин 2-пунктунда, 276-беренесинин 2-пунктунда, 284-беренесинин 3-пунктунда жана 291-беренесинин 2-пунктунда каралган учурларда;
3) ушул Мыйзамдын 141-беренесинде каралган учурда.
2. Пайыздар төмөнкү өлчөмдөрдө төлөнөт:
1) бажы алымдарын, салыктарын төлөөнүн мөөнөттөрүн узартуу же бөлүп-бөлүп төлөө үчүн пайыздар бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча милдеттер токтотулган күндөн кийинки товарлар чыгарылган күндөн кийинки мезгилде колдонулган, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсепке алуу ставкасына жараша өзгөртүлгөн төлөө мөөнөтүнүн бажы алымдарынын, салыктарынын суммасына карата пайыздар чегерилет;
2) Бажы союзунун Бажы кодексинин 250-беренесинин 5-пунктунда, 251-беренесинин 3-пунктунда, 263-беренесинин 2-пунктунда, 276-беренесинин 2-пунктунда, 284-беренесинин 3-пунктунда жана 291-беренесинин 2-пунктунда жана ушул Мыйзамдын 141-беренесинде каралган учурларда эгерде ушул бөлүктүн 3-пунктунда башкача каралбаса белгиленген мезгилде колдонулуучу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсепке алуу ставкасына жараша бажы алымдарынан, салыктарынан алынууга тийиш болгон суммага пайыздар чегерилет.
3. Пайыздар бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча милдеттер токтотулган күндөн кийинки күндөн кечиктирилбестен төлөнөт.
4. Пайыздарды төлөө, өндүрүү жана кайтарып берүү Бажы союзунун Бажы кодексинде жана ушул Мыйзамда каралган тартипте тиешелүү бажы алымдарын жана салыктарын төлөөгө, өндүрүүгө жана кайтарып алууга тиешелүү түрдө ишке ашырылат.
184-берене. Товарлардын бажы наркын аныктоо, декларациялоо, контролдоо жана оңдоп түзөтүү
1. Бажы союзунун бажы чек арасы аркылуу ташып кирүүдөгү товарлардын бажы наркын аларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүдө аныктоо Бажы союзунун бажы чек арасы аркылуу алынып өтүлүүчү товарлардын бажы наркын аныктоо маселесин жөнгө салуучу Бажы союзуна катышкан мамлекеттердин эл аралык келишимдерине ылайык, Бажы союзунун Бажы кодексинде белгиленген учурларда аны колдонуунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ишке ашырылат.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарылуучу товарлардын бажы наркын аныктоо тартибин белгилейт.
3. Бажы союзунун бажы чек арасы аркылуу алынып өтүлүүчү товарлардын бажы наркын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүүдө алардын бажы наркын декларациялоо, контролдоо жана оңдоп түзөтүү Бажы союзунун Бажы кодексиндеги 8-бапка ылайык жүргүзүлөт.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү белгилейт:
1) Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгарылуучу товарлардын бажы наркын декларациялоонун тартибин жана формаларын;
2) Бажы союзунун Бажы мыйзамдарында белгиленген учурларда товарлардын бажы наркын аныктоодо Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүүдөгү товарлардын бажы наркын декларациялоонун формаларын жана аны толтуруу эрежелерин;
3) ташылып келинүүчү товарлардын партиясынын жалпы бажылык наркынын чоңдугун, мында товарлардын бажы наркы товарлардын декларациясында бажы наркынын декларациясы толтурулбастан билдирилет;
4) товарларды сатып алуучуга берилүүчү максималдуу арзандатуунун пайызы;
5) товарлардын бажы наркын оңдоп-түзөө жөнүндө бажы органдарынын чечимдерин жокко чыгаруу тартиби.
5. Бажы союзунун Бажы кодексинин 68-беренесине ылайык товарлардын билдирилген бажы наркын оңдоп-түзөтүү жөнүндө чечим, эгерде бажы органы же декларант тарабынан товарлар чыгарылганга чейин жана андан кийин товарлардын бажы наркы жөнүндө анык эмес маалыматтар табылган учурда, анын ичинде товарлардын бажы наркын аныктоонун туура эмес методу тандалса жана (же) товарлардын бажы наркы аныкталса бажы органы тарабынан кабыл алынат. Товарлардын билдирилген бажы наркын оңдоп-түзөтүү жөнүндө чечим бажы органы тарабынан товарлар чыгарылганга чейин бажы наркын контролдоону жүргүзүүдө жана төмөнкү учурларда кошумча текшерүү жүргүзбөстөн кабыл алынат:
1) товарларды декларациялоодо билдирилген товарлардын бажы наркынын чоңдугуна таасир берген маалыматтар (сапаттык жана коммерциялык мүнөздөмөлөр, саны, касиеттери, чыккан жерлери, наркы жана башка маалыматтар) бажы контролунун жүргүзүү процессинде бажы органы белгилеген иш жүзүндөгү маалыматтарга ылайык эместиги табылганда;
2) билдирилген бажы наркынын чоңдугу жана аларды ырастаган документтерге коюлган компоненттердин ылайык эместиги табылганда;
3) бажы наркынын чоңдугуна таасир берген техникалык каталар табылганда (тамга каталар, арифметикалык каталар, туура эмес валюта курсун колдонуу жана башка каталар).
6. Декларант билдирген товардын бажы наркын аныктоонун тууралыгын ырастоочу маалыматтар жок болгондо бажы органы товарды убактылуу (шарттуу) баалоонун негизинде эсептелген, ушул Мыйзамдын 199-беренесине ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыздоо үчүн товарларды чыгарууну жүргүзүүгө укуктуу.
7. Товардын бажы наркын аныктоого карата бажы органынын чечими менен декларант макул болбогон учурда бул чечим ушул Мыйзамда аныкталган тартипте даттанылышы мүмкүн.
185-берене. Аванстык төлөмдөрдү төлөө
1. Алдыдагы ташылып чыгуудагы бажы алымдарын, салыктарын, бажы жыйымдарын төлөөнүн эсебинен төгүлгөн жана төлөөчү алынып чыгуучу бажы алымдары, салыктары, бажы жыйымдарына карата конкреттүү түрлөр жана суммалар боюнча конкреттүү товарларга карата идентификацияланбаган алынып чыгуучу бажы алымдары, салыктары, бажы жыйымдары аванстык төлөмдөр деп таанылат.
2. Аванстык төлөмдөр Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын эсебине төлөнөт.
3. Аванстык төлөмдөр катары төлөнгөн акчалай каражаттар аванстык төлөмдөрдү төккөн адамдын мүлкү болуп эсептелет, көрсөтүлгөн адам ал жөнүндө бажы органына тескеме бербесе же болбосо бажы органынын аванстык төлөмдөрүн өндүрбөсө жана бажы төлөмдөрү же болбосо акчалай күрөө катары каралышы мүмкүн эмес. Аванстык төлөмдөрдү төккөн адамдын же анын атынан бажы декларациясын берген адамдын аванстык төлөмдөрдү кайтаруу арызы же болбосо өзүнүн акча каражаттарын бажы төлөмдөрү катары пайдалануу ниети жөнүндө күбөлөндүргөн башка аракеттерди жасагандыгы же болбосо бажы алымдарын, салыктарын төлөөнү камсыз кылуу тескемеси катары каралат.
4. Аванстык төлөмдөрдү кайра кайтаруу арызын кошпогондо аванстык төлөмдөрдү төккөн адамдын тескемесинин негизинде аларды пайдалануу жөнүндө көрсөтүлгөн акча каражаттарын башкарууну жүзөгө ашырган бажы органы алардын түрлөрү жана суммалары боюнча бажы төлөмдөрүн же акчалай күрөө катары аванстык төлөмдөрдү идентификациялоону жүргүзөт.
5. Авансты төккөн адамдын кат жүзүндөгү арызы боюнча бажы органы мындай арызды алган күндөн тартып 30 күндөн кечиктирбестен аванстык төлөмдөр катары төгүлгөн акчалай каражаттарды чыгымдоо жөнүндө көрсөтүлгөн адамга кат түрүндө маалымат берүүгө милдеттүү, бирок арызда көрсөтүлгөн 3 жылдан ашпайт. Аванстык төлөмдөр катары төгүлгөн акчалай каражатты чыгымдоо жөнүндө формасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган отчет бажы түрлөрү жана башка төлөмдөр боюнча көрсөтүлгөн адамдын арызындагы мезгилдеги маалыматтарды камтууга тийиш:
1) арызда көрсөтүлгөн мезгил ичинде келип түшкөн аванстык төлөмдөрдүн, анын ичинде эгерде төлөөчүнүн статусунун арызы боюнча ал мурда акчалай күрөө катары төккөн же болбосо ашыкча төлөнгөн же өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүнө сатып алынган акча каражаттарынын суммасы жөнүндө;
2) аванстык төлөмдөрдүн чыгымдалбаган калдыгынын эсебинен бажы алымдарын, салыктарын талашсыз өндүрүү ишке ашырылган документтердин реквизиттерин көрсөтүү менен акчалай күрөөнү төгүү, бажы жана башка төлөмдөрдү төлөөгө чыгымдалган аванстык төлөмдөрдүн суммалары жөнүндө;
3) кайтарып берүү жөнүндө арыздардын жана кайтарып берүү жөнүндө чечимдердин реквизиттерин көрсөтүү менен адамга кайтарылып берилген аванстык төлөмдөрдүн суммалары жөнүндө.
6. Аванстык төлөмдөрдү төккөн адам бажы органынын отчетунун натыйжалары менен макул болбогон учурда бул адамдын акчалай каражатын чыгымдоону биргелешип салыштырып көрүү жүргүзүлөт. Мындай салыштырып көрүүнүн натыйжалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган форма боюнча акты менен таризделет. Акты эки нускада түзүлүп, бажы органы жана аванстык төлөмдөрдү төккөн адам тарабынан кол коюлат. Актынын бир нускасы ага кол коюлгандан кийин көрсөтүлгөн адамга тапшырылат.
186-берене. Аванстык төлөмдөрдү кайтарып берүү
Кайтарып берүү (эсептөө) тартиби, аванстык төлөмдөрдү кайтарып берүү жөнүндө арыздын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
187-берене. Бажы жыйымдары
1. Бажы жыйымдары болуп товар чыгарууга, товарларды бажылык коштоого, ошондой эле алдын ала кабыл алынган чечимдерге байланышкан алар жүргүзгөн аракеттерге бажы органдары тарабынан алынуучу төлөмдөр эсептелет.
2. Бажы жыйымдарын төлөө тартиби, формасы жана мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
3. Бажы жыйымдарынын өлчөмү бажы жыйымы аныкталган бажы органдарынын кылган иш-аракетинин болжолдуу чыгымдарынан ашуусу мүмкүн эмес.
4. Бажы жыйымын төлөөчүлөр, бажы жыйымын төлөө мөөнөтү, аларды эсептөө тартиби, төлөө, кайтарып берүү (чегерим) жана өндүрүү, ошондой эле бажы жыйымдары төлөөгө жатпаган учурларда, ушул Мыйзам жана (же) бажы союзуна мүчө өлкөлөрдөн мыйзамдары менен аныкталат.
188-берене. Бажылык тариздөө үчүн жыйымдар
1. Товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык тариздөө үчүн жыйымдар төлөнөт:
а) товарга жана транспорт каражатына тандаган бажы жол-жобосуна ылайык бажылык тариздөө жүргүзүүдө;
б) бажы операцияларын бажы органдарынын иш убагында эмес жана (же) турган жеринде эмес жүргүзүүдө;
в) ушул Мыйзамдын 6-бабына ылайык бажы органдары алдын ала чечим кабыл алууда.
2. Товарларды бажылык тариздөөдөн, товар катары декларацияланган транспорт каражатынан бажы жыйымдары, бажы наркынан 0,15 пайызы өлчөмүндө алынат. Ушул берененин 1-пунктунун б) пунктчасында көрсөтүлгөн иш-аракетти жүргүзүүдө бажы жыйымдары эки эсе өлчөмүндө алынат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бажылык тариздөөдө бажы жыйымдарын максималдуу жана же минималдуу төлөө өлчөмү аныкталышы мүмкүн.
3. Товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык тариздөө үчүн декларация бергенде төмөнкү учурларда жыйымдар төлөнбөйт:
- бекер жардам көрсөтүү (кол кабыш кылуу) максатында бажы чек арасы аркылуу өткөн товарларды бажылык тариздөөдө;
- нумизматикалык максатта колдонгондон башка акциздик маркаларды жана валюталарды, бажылык тариздөөдө;
- мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы жол-жобосун билдиргенде;
- маданий баалуулуктар, мамлекеттик же муниципалдык музей, архив, китепкана, башка мамлекеттик же муниципалдык уюмдар тарабынан экспонаттоо максатындагы маданий баалуулуктар убактылуу ташып кирүү (уруксат) же убактылуу ташып чыгуу бажы жол-жобосу алдына киргизилген, ошондой эле товарларды кайра импорттоо жана кайра экспорттоо жол-жоболору алдына киргизилген көрсөтүлгөн жол-жобонун иш-аракети аяктаган учурда;
- дипломатиялык өкүлчүлүктөр, консулдук мекемелер, башка чет мамлекеттердин расмий өкүлдөрү, эл аралык уюмдар, бул өкүлчүлүктөрдүн персоналдары, мекеме жана уюмдар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташылып чыккан товарлар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимине ылайык артыкчылыктар жана (же) иммунитеттерди колдонгон чет өлкөлүк адамдардын жеке пайдалануу үчүн арналган товарларга карата;
- товарларды ооз эки же конклюденттик формада декларациялаган учурда;
- товарларды декларациялаган учурда аларга бөлөк декларация бербестен;
- ушул өңдүү учурларда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана башка укуктук актылары менен аныкталган башка учурларда.
Алдын ала чечим кабыл алууда жыйымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган өлчөмдө алынат.
189-берене. Бажылык коштоого жыйым
Товарга карата ыйгарым укукка ээ жактын же декларация берүүчүнүн арызы боюнча бажы органы бажылык коштоону, анын ичинде коштоонун электрондук каражатын колдонуу менен бере алат.
Жүк ташыган ар бир транспорт каражатын бажылык коштоодо бажы жыйымы ар бир километр аралык үчүн эсептик көрсөткүчтүн ондон бир өлчөмүндө алынат.
190-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөтүн өзгөртүүнүн жалпы шарттары
1. Бажы төлөмдөрүн төлөөчүнүн билдирмеси боюнча ушул Мыйзамдагы 40-бапта каралган тартипте бажы төлөмүн төлөөнү камсыз кылуу шартында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы төлөмүн төлөө мөөнөтүн өзгөртө алат:
1) 30 күнгө чейин;
2) Ушул Мыйзамдын 191-беренеси менен аныкталган негиз болгон учурда 180 күнгө чейин.
2. Бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөтүнө өзгөртүү киргизүү жана Бажы союзуна мүчө мамлекеттердин эл аралык келишим менен аныкталуучу шарттарда жана тартипте мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же өткөрүп жиберүү формасында жүргүзүлөт.
3. Мөөнөтүн жылдыруу жана өткөрүп жиберүү бажы төлөмдөрүнүн бир же бир канча түрү боюнча, ошондой эле, төлөөгө жаткан бардык суммага же анын бөлүгүнө карата берилиши мүмкүн.
4. Мөөнөтүн жылдыруу жана өткөрүп жиберүү жөнүндө чечим бул тууралу билдирме берген күндөн 15 күндөн ашпаган мөөнөттө кабыл алынат.
191-берене. Мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу жана өткөрүп жибергендиги үчүн негиз
Ушул Мыйзамдын 190-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2) пунктунда каралган бажы төлөмдөрүнүн мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же өткөрүп жиберүү төмөнкү негиздердин бири болгон учурда бажы төлөмүн төлөөчүгө берилет:
1) бул жакка табигый кырсыктардан натыйжасында, технологиялык алааматтан же ушул өңдүү ал жеткис күчтөр зыян келтирилген учурда;
2) бул жак тарабынан аткарылган мамлекеттик тапшырыкка төлөө же мамлекеттик бюджеттен бул жакты каржылоо кечиктирилген учурда;
3) эгерде бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүп жаткан товар эрте бузулуучу болсо;
4) жак тарабынан мамлекеттер аралык келишимдер боюнча жеткирүү жүргүзүлгөн учурда;
5) мамлекеттик-менчик өнөктөштүк жөнүндө долбоорду ишке ашыруу алкагында жеткирүү жүргүзгөн учурда, эгер мындай мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же өткөрүп жиберүү Кыргыз Республикасынын чечиминин негизинде мамлекеттик-менчик өнөктөштүк жөнүндө келишимде каралса.
192-берене. Мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же өткөрүп жиберүүнү болтурбоочу жагдай
1. Эгерде мөөнөтүн кийинкиге жылдырууга же өткөрүп жиберүүгө талапкер болгон жакка карата, бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же өткөрүп жиберүү төмөнкү учурларда берилбейт:
1) Кыргыз Республикасынын салык жана бажы мыйзамдарын бузуу менен байланышкан кылмыш белгилери боюнча административдик же кылмыш иши козголсо;
2) банкроттук жол-жобо козголсо;
2. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жагдай болгон учурда мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же өткөрүп жиберүү тууралуу чечим киргизилбейт, ал эми киргизилген чечим жокко чыгарылууга жатат, бул тууралуу мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же өткөрүп жиберүү тууралуу билдирме берген жак үч жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндө кабарланат.
193-берене. Мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же өткөрүп жибергени үчүн пайыздар
1. Бажы төлөмдөрүн төлөөнүн мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же өткөрүп жибергени үчүн пайыздар ушул Мыйзамдын 123-беренесинде аныкталган тартипте жана өлчөмдө алынат.
194-берене. Мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же өткөрүп жибергени үчүн пайыздарды төлөө мөөнөтү
1. Пайыздар бажы төлөмдөрү боюнча карыздардын суммасын төлөө менен бир убакта же төлөгөнгө чейин төлөнөт, бирок мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же өткөрүп жиберүү мөөнөтү бүткөн күндүн мурунку күнүнөн кечиктирилбестен.
2. Төлөтүү, өндүрүп алуу жана пайызды төлөтүү ушул Мыйзамда каралган бажы төлөмдөрүн төлөтүүгө, өндүрүп алууга жана кайтарып алууга колдонулган тартипте жүргүзүлөт.
195-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуунун жалпы шарттары
1. Бажы алымдарын, салыктарды төлөөнү камсыз кылуунун жалпы шарттары Бажы союзунун Бажы кодексинин 12-бабы менен аныкталат.
2. Бажы төлөмдөрүн, салыктарды төлөө боюнча милдеттүү аткаруу төмөнкү учурларда камсыз кылынат:
1) бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча мөөнөтүн кийинкиге жылдырылганда же өтүп кеткенде;
2) товарлар шарттуу чыгарылганда;
3) чет элдик товарларды ташууда жана (же) сактоодо;
4) бажы иши чөйрөсүндө иш жүргүзгөндө;
5) ушул Мыйзамда каралган башка учурларда;
3. Эгерде бажы төлөмүн төлөөгө жаткан сумма, туум жана пайыз 350дөн аз эсептик көрсөткүчтү түзсө, ошондой эле, бажы органы алар алган бул милдеттер аткарылат дегенге болжолдоого негиз бар деп эсептеген учурда бажы төлөмүн төлөөнү камсыз кылуу берилбейт.
4. Эгерде белгиленген мөөнөттө бир эле адам тарабынан бир канча бажы операциялары жүргүзүлсө, бажы органы бул операцияларды жүргүзүү үчүн (генералдык камсыздоо) бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылууну алууга милдеттүү. Бир катар бажы органдарында бажы жол-жоболорун жүргүзүү үчүн бажы төлөмүн төлөөнү генералдык камсыз кылууну бажы органдары колдонгон учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган шарттарын аныктайт.
Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу аны төлөөгө жооптуу адам же адам тарабынан бажы төлөмдөрүн төлөөгө милдеттүү жооптуу адамдын пайдасына жүргүзүлөт.
196-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу ыкмалары
1. Бажы төлөмдөрүн төлөө төмөнкү ыкмалар менен камсыз болот:
1) товарларды жана башка мүлктү күрөөгө коюу;
2) банктык кепилдиктер;
3) бажы органынын эсебине акча каражатын салуу (депозит);
4) кепилдик берүү менен.
2. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн ар кандай ыкма менен бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылууну бул ыкма бажы органдары үчүн ишеничтүү деп таанылган шартта жүргүзүлөт.
3. Ушул берененин 1-пунктунда каралган ыкмалардан сырткары ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка ыкмалар менен бажы төлөмдөрүн камсыз кылган учурду аныктайт.
4. Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылууну колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
197-берене. Мүлктү күрөөгө коюу
1. Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын күрөө жөнүндө мыйзамдарына ылайык күрөөнүн предмети болуп мүлк эсептелет, буга төмөнкүлөр кирбейт:
1) Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары турган мүлк;
2) үчүнчү жактын пайдасына мурдагы ушундай милдеттемени же башка бир милдеттемени камсыздоо үчүн коюлган мүлк;
3) бат бузулууга жаткан товарлар, мал;
4) энергиянын электр жылуулугу жана башка түрлөрү;
5) ишкана;
6) мүлктүк укук;
7) жүгүртүүдөгү товарларга күрөө;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык буларды эркин сатууга тыюу салынган азыктар жана өндүрүш калдыктары;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттун чечими боюнча өндүрүп алынуучу мүлк.
2. Күрөө бажы органы жана күрөө коюучунун ортосунда келишим менен таризделет. Мүлк коюучу болуп бажы төлөмдөрүн төлөөгө милдеттүү жак же башка каалаган жак боло алат.
3. Бажы органынын алдында күрөө коюу менен камсыздалган милдеттерин аткарбаган учурда, бажы төлөмдөрү боюнча карыз суммасы бажы органы тарабынан коюлган күрөөнүн эсебинен республикалык бюджетке которулат.
4. Күрөөгө коюлган мүлктү өндүрүү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын күрөө жөнүндө мыйзамдарында аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
198-берене. Банк кепилдиги
1. Бажы органдары бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуучу катары ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзгөн банктардын жана башка насыялык уюмдардын реестрине киргизилген банктар, кредиттик уюмдар же камсыздандыруу уюмдары берген банк кепилдиктери алынат.
2. Банктарды, башка насыялык уюмдарды жана камсыздандыруу уюмдарын, Банктардын жана башка насыялык уюмдардын реестрине киргизүү тартиби жана шарттары, ошондой эле аны жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген нускама менен белгиленет.
Берилген кепилдиктердин шарттары сакталбаганда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын салык жана бажы мыйзамдары башкача бузулганда банктар, башка насыялык уюмдар жана камсыздандыруу уюмдары Реестрден чыгарылып салынышы мүмкүн.
3. Банк кепилдиктерин берүү, банк кепилдиги боюнча талаптарды сунуш кылуу, кепилдик милдеттенмелерин аткарышына жана банктык кепилдиктердин токтотулгандыгына байланыштуу укуктук мамилелерге Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын жоболору колдонулат.
199-берене. Бажы органынын эсебине акча каражатын салуу (депозит)
1. Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу катары бажы органынын эсебине же кассасына акча каражаттарын салуу (депозит) Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы менен жүргүзүлөт.
Депозиттин суммасына пайыздар эсептелбейт.
2. Депозит менен камсыз кылынган милдеттенмелер аткарылбаган учурда төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн, туумдун жана пайыздардын суммасы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине депозиттик суммасынан чегерилет.
3. Депозит менен камсыз кылынган милдеттенмелер аткарылганда төлөнгөн акча каражаттары ушул Мыйзамдын 42-бабына ылайык же төлөөчүнүн каалоосу боюнча кайра кайтарылууга, бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн пайдаланылууга, келечектеги бажы төлөмдөрүн төлөөнүн эсебине же бажы органдарынын алдындагы башка милдеттенмелер боюнча бажы төлөмүн камсыз кылууга берилүүгө тийиш.
4. Бажы органынын эсебине же кассасына акча каражаттарын салган жактын депозитине салынгандыгын тастыктап, депозиттик тастыктама берилет, аны пайдалануунун формасы жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
200-берене. Кепилдик
1. Кепилдик бажы органы менен кепилдик берүүчүнүн ортосунда келишим түзүү жолу менен Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык таризделет.
2. Бажы алымдарын, салыктарды төлөөнү камсыз кылуу катары бажы алымдарын, салыктарды төлөөчү кепилдикти тандоодо кепилдик берүүгө даяр жак бажы органына кепилдик келишимин түзүү жөнүндө сунуш жиберет.
3. Бажы органы кепилдик келишимин түзүүгө байланыштуу чыгымдарды өзүнө албайт.
201-берене. Бажы төлөмдөрүн мажбурлап өндүрүп алуунун жалпы эрежелери
1. Бажы төлөмдөрү белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн же толук эмес төлөнгөн учурда бажы органдары ушул бапта аныкталган тартипте бажы төлөмдөрүн мажбурлап өндүрүп алат.
2. Мажбурлап өндүрүп алуу бажы төлөмдөрүн төлөөгө жооптуу жактардан өндүрүлөт жана ушул бапка ылайык жүргүзүлөт.
3. Бажы төлөмдөрүн мажбурлап өндүрүп алуу боюнча чаралар колдонулганга чейин бажы органы аларды төлөө үчүн жооптуу жакка бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талап коёт.
4. Бажы төлөмдөрүн мажбурлап өндүрүп алуу төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлбөйт:
- эгерде бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талап аларды төлөө мөөнөтү аяктаган күндөн тартып же ушул Мыйзамга ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөгө жактын милдеттерин пайда кылган окуя болгон күндөн тартып 6 жылдын ичинде коюлбаса;
- эгерде бир бажы декларациясында көрсөтүлгөн товарлар же бир алуучунун дарегине бир эле убакта бир эле жиберүүчү тарабынан жиберилген товарлар жагынан бажы төлөмдөрүнүн төлөнбөгөн суммаларынын өлчөмү 3500 сомдон аз болсо.
202-берене. Туум
1. Бажы төлөмдөрү белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөндө (убактысы өтүп кеткенде) туум төлөнөт.
Ушул берененин 2-4-пункттарында каралган учурларды кошпогондо, бажы төлөмдөрүн төлөө убактысы өтүп кетишинин ар бир календардык күнү үчүн бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөтү аяктаган күндөн кийинки күндөн тартып бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттер аткарылган күн боюнча же кийинкиге калтырууну же бөлүп-бөлүп төлөөнү берүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндү кошкондо төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүнүн суммасынан 0,09 пайыз туум эсептелет.
2. Кепилдик берүүчүгө же гарантка бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талап коюлганда кепилдик берүү же банк гаранты менен камсыздалган милдеттенмелердин мөөнөтү өткөн күндөн кийинки күндөн баштап туум эсептелет.
3. Бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жооптуу жакка аларды төлөө жөнүндө талап коюлганда туум талап коюлган күндү кошуу менен ошол күндөн тартып эсептелет. Бажы төлөмдөрү талапта көрсөтүлгөн мөөнөттө төлөнбөгөн учурда туум ушул берененин 1-пунктуна ылайык эсептелет.
4. Товарлар убактылуу сактоодо болгон учурда бажы декларациясын берүү мөөнөтү бузулганда убактылуу сактоо мезгили үчүн туум эсептелбейт жана төлөнбөйт.
5. Туум бажы төлөмдөрүн төлөө менен бир убакта же мындай суммалар төлөнгөндөн кийин, бирок бир айдан кечиктирилбестен төлөнөт.
6. Бажы төлөмдөрүн өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн эсептелген туумдун жалпы суммасы бажы төлөмдөрү боюнча негизги карыздын өлчөмүнүн 100 пайызынан ашпашы керек.
7. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча кийинкиге калтыруу же бөлүп-бөлүп төлөп берүү жөнүндө арыз берүү салык калдыгын алуунун суммасына туумду эсептөөнү токтотпойт.
8. Туумду төлөө, өндүрүү жана кайтаруу ушул Мыйзамда каралган, бажы төлөмдөрүн төлөөгө, өндүрүүгө жана кайтарууга колдонулуучу тартипте ишке ашырылат.
203-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талап
1. Бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талап бажы төлөмдөрүнүн белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн суммасы тууралуу, ошондой эле бажы төлөмдөрүнүн төлөнбөгөн же кошумча эсептелинген суммасын, туумду жана (же) пайыздарды бул талапта белгиленген мөөнөттө төлөө милдети жөнүндө төлөөчүгө бажы органы жөнөткөн жазуу жүзүндөгү билдирме.
2. Талапта бажы төлөмдөрүнүн төлөнүүгө тийиш болгон суммасы, талап коюлган учурга карата эсептелген туумдун, өлчөмү, ушул Мыйзамга ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөнүн мөөнөтү талапты аткаруунун мөөнөтү жөнүндө, ошондой эле бажы төлөмдөрүн мажбурлап өндүрүп алуу жана төлөөчү талапты аткарбаганда колдонула турган аларды өндүрүп алууну камсыз кылуу боюнча чаралар тууралуу жана талап коюунун негиздери жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш.
Талаптын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Талап, эгерде ал тийиштүү түрдө таризделген жана ушул берененин 5-пунктунда белгиленген тартипте тапшырылган учурда гана күчүнө кирет.
3. Бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талап бажы төлөмдөрүн төлөбөй коюунун же толук төлөбөй коюунун фактысы табылган күндөн тартып 30 күндөн кечиктирилбестен төлөөчүгө жөнөтүлүүгө тийиш.
4. Бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талапты аткаруу мөөнөтү талап алынган күндөн тартып 30 күндү түзөт.
5. Талап уюмдун жетекчисине же башка ыйгарым укуктуу өкүлүнө же жеке жакка жеке кол койдуруу же талап алынгандыгынын фактысын жана датасын тастыктаган башкача ыкма менен берилүүгө тийиш. Эгерде көрсөтүлгөн адамдар талапты алуудан баш тартса, ал тапшырык кат менен почта аркылуу жөнөтүлөт. Талап тапшырык катты бергендиги жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кабарламасы алынаары менен алынды деп эсептелинет.
6. Ушул берененин 4-пунктунда каралган мөөнөттө бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талап аткарылбаганда бажы органдары ушул бапка ылайык бажы төлөмдөрүн мажбурлап өндүрүп алуу боюнча чараларды көрөт.
7. Бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талап төлөөчүгө ал жазык же администрациялык жоопкерчиликке тартылгандыгына карабастан жөнөтүлөт.
204-берене. Бажы төлөмдөрүн сот аркылуу өндүрүп алуу
1. Белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн бажы алымдары жана салыктары бюджетке карата карыз болуп саналат.
2. Эгерде бажы төлөмдөрүнүн жана салыктарынын төлөнүшүнө жооптуу болгон жак төлөө мөөнөтү келгенде, же даттануу мөөнөтүнүн жүрүшүндө аларды төлөбөсө ушул Мыйзамдын 288-беренесине ылайык бажы органы бажы төлөмдөрү боюнча төлөнүүгө тийиш болгон карыздын суммасын мажбурлап өндүрүп берүү жөнүндөгү ишти же болбосо Кыргыз Республикасынын “Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө” Мыйзамына ылайык жооптуу жакты банкрот деп табуу талабын билдирген арызын сотко берет.
205-берене. Бажы төлөмдөрү төлөнбөгөн товарлардын эсебинен бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу
1. Ушул Мыйзамда каралган учурларда бажы органдары бажы төлөмдөрү төлөнбөгөн товарлардын эсебинен, эгерде бул товарлар ушул Мыйзамда белгиленген тартипке ылайык эркин жүгүртүү үчүн чыгарылбаган болсо, бажы төлөмдөрүн өндүрүп алууга укуктуу.
2. Бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талапты жөнөтпөстөн бажы төлөмдөрү төлөнбөгөн товарларды өндүрүп алууга төмөнкүдөй учурларда гана жол берилет, эгерде бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жооптуу жакты бажы органдары таппаса.
3. Бажы төлөмдөрү төлөнбөгөн товарлардын эсебинен бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу, товарларды алып коюу же дагы башка аракеттер Кыргыз Республикасынын салык жөнүндөгү мыйзамдарында, ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актыларында каралган тартипте жүргүзүлөт.
206-берене. Төлөөчүнүн башка мүлкүнүн эсебинен бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу
1. Бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талап аткарылбаган учурларда бажы органдары төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүн талап кылбаган депозиттин чыгашаланбаган калдыгынын эсебинен же төлөөчүнүн башка мүлкүнүн эсебинен өндүрүп алууга укуктуу.
2. Депозиттин суммасынан өндүрүп алуу бул каражаттар бажы органынын эсебинде сакталган мөөнөттүн ичинде бажы органынын начальнигинин же анын орун басарынын чечими боюнча жүргүзүлөт. Депозиттин эсебинен бажы төлөмдөрүнүн суммаларын өндүрүп алуу жөнүндө бажы органы бул каражаттарды ушул органдын эсебине салган жакка өндүрүп алгандан кийин үч жумуш күнүнүн ичинде жазуу жүзүндө билдирет.
3. Төлөөчүнүн башка мүлкүнүн эсебинен бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
207-берене. Төлөөчүнүн мүлкүн камакка алуу
Төлөөчүнүн мүлкүн камакка алуу соттун чыгарган чечиминин негизинде гана бажы органы тарабынан жүргүзүлөт.
208-берене. Бажы төлөмдөрүн которууга тапшырмаларды аткаруу боюнча банктардын милдеттери
1. Банктар бажы органдарынын эсептерине бажы төлөмдөрүн которууга төлөөчүнүн тапшырмасын, ошондой эле бажы төлөмдөрүн республикалык бюджетке которууга бажы органдарынын тапшырмаларын кыйшаюусуз аткарууга милдеттүү.
2. Төлөөчүнүн эсебинде акча каражаттары бар болгон учурда, банктар бажы төлөмдөрүн которуу тапшырмасын аткарууну создуктурууга укуксуз.
3. Бажы төлөмдөрүн которуу боюнча ушул беренеде каралган милдеттерди аткарбагандыгы же ойдогудай аткарбагандыгы үчүн банктар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
209-берене. Бажы төлөмдөрү боюнча үмүтсүз карыздарды жоюу
Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча карыз, төмөндөгү учурда үмүтсүз карыз болуп таанылат:
- бажы төлөмдөрү, аларды төлөө мөөнөтү бүткөн күндөн же бажы төлөмдөрүн төлөө учуру келгенден тартып алты жыл ичинде төлөнбөсө;
- жеке жактын өлүмүндө, укук улантуучусу же мураскору жок болсо;
- жеке жак дайынсыз жок болду же аракетке жөндөмсүз деп табылса, ошондой эле анын мүлкү жок же жетишсиз болсо;
- төлөөчү кудуретсиз (банкрот) деп табылса;
- өзүнчө мыйзам менен кабыл алынган бажы төлөмү боюнча карызын жоюуда.
Аталган учурларда бажы төлөмдөрү боюнча карыз Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жоюлат.
210-берене. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган төлөмдөрдү кайра кайтаруу
1. Бажы төлөмдөрү катары иш жүзүндө төлөнгөн же өндүрүп алынган, өлчөмү Кыргыз Республикасынын салык жана бажы мыйзамдарына ылайык төлөнүүгө тийиш болгон суммадан ашкан акча каражаттарынын суммасы ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүнүн суммасы болуп саналат.
2. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүнүн суммасын бажы органы төлөөчүнүн арызы боюнча кайра кайтарууга тийиш. Аталган арыз көрсөтүлгөн суммалардын эсебине төлөнгөн бажы органына алар төлөнгөн күндөн тартып үч жылдан кечиктирилбестен берилет.
3. Бажы төлөмдөрүн ашыкча төлөө же ашыкча өндүрүп алуу фактысы билинген учурда, бажы органы ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүнүн суммасы жөнүндө төлөөчүгө ушундай факт билинген күндөн тартып бир айдан кечиктирилбестен билдирүүгө милдеттүү.
4. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүн кайра кайтаруу эсебине бажы төлөмдөрүнүн суммасы келип түшкөн бажы органынын чечими боюнча жүргүзүлөт. Кайра кайтаруу жөнүндө арызды карап чыгуунун, кайра кайтаруу тууралуу чечим кабыл алуунун жана ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүнүн суммаларын кайра кайтаруунун жалпы мөөнөтү кайра кайтаруу жөнүндө арыз берилген жана бардык зарыл документтер берилген күндөн тартып бир айдан ашпайт. Белгиленген мөөнөттө кайтарып берилбеген бажы төлөмдөрүнүн суммасына көрсөтүлгөн мөөнөт бузулган учурда, кайтарып берүү мөөнөтүн бузуунун ар бир күнүнө пайыз эсептелинет. Пайыздык чен кайтарып берүү мөөнөтү бузулган мезгилге колдонулган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсепке алуу ченине барабар болгон деңгээлде кабыл алынат.
5. Кайра кайтаруу бажы органынын эсебине бажы төлөмдөрү келип түшкөн шартта жүргүзүлөт.
6. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүн кайра кайтаруу, төлөөчүнүн төлөө же өндүрүп алуу жүргүзүлгөн эсебинен жүргүзүлөт, эгерде арызда башкача айтылбаса. Эгерде төлөөчүнүн пайдасына бажы төлөмдөрүн башка жак төлөгөн болсо, анда ошол жакка кайра кайтарылат.
7. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүн кайра кайтаруу улуттук валютада жүргүзүлөт.
8. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүн кайра кайтарган учурда кайра кайтарылып жаткан төлөмдөрдүн суммасынан төлөнгөн же өндүрүлгөн туумдун жана пайыздардын суммасы да кайра кайтарылат.
9. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүн кайра кайтаруу төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлбөйт:
- төлөөчүнүн көрсөтүлгөн карыздын өлчөмүндө бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча карызы болгондо;
- белгиленген мөөнөттөр аяктагандан кийин бажы төлөмдөрүнүн суммасын кайра кайтаруу жөнүндө арыз берилгенде.
10. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүн кайра кайтаруу төлөөчүнүн каалоосу боюнча башка бажы төлөмдөрүн, ошондой эле туумду, пайыздарды же айып акыларды төлөө боюнча милдеттерди аткаруу эсебине алуу түрүндө жүргүзүлүшү мүмкүн. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүн эсепке алуунун кайра кайтаруу тартиби ушул беренеге ылайык жүргүзүлөт.
11. Бажы төлөмдөрүн, туумдарды жана пайыздарды төлөө боюнча карыздары болгон учурда бажы органы аны ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрдүн суммасынын эсебинен өз алдынча төлөөгө укуктуу. Бажы органы жүргүзүлгөн эсепке алуу жөнүндө төлөөчүгө ал жүзөгө ашырылган күндөн тартып үч күндүн ичинде маалымдоого милдеттүү.
12. Кайра кайтаруу жүргүзүлгөн бардык учурларда бажы органдары кайра кайтаруу жүргүзүлгөн күндү, себебин жана суммасын ал жүзөгө ашырылган күндөн тартып 10 күндүн ичинде төлөөчү катталган жердеги салык органдарына маалымдайт.
211-берене. Бажы төлөмдөрүн кайра кайтаруунун дагы башка учурлары
1. Бажы алымдарын, салыктарын кайра кайтаруу ошондой эле төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:
1) бажы декларациясы кайра алынганда;
2) бажы алымынын төлөнгөн суммасын кайра кайтаруу түрүндө тарифтик жеңилдиктер берилген учурда;
3) алда канча оңтойлуу шарт же тарифтик преференциялардын режими калыбына келтирилгенде;
4) бажы режимдеринин шарты чет өлкөлүк товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келген учурда же аларды жок кылганда, болбосо мамлекеттин пайдасы үчүн андан баш тартканда, же ата мекендик товарларды, болбосо аларды иштетүүнүн продуктуларын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келген учурда бажы алымдарынын, салыктардын төлөнгөн суммаларын кайра кайтарууну караганда;
5) эгерде Бажы союзунун Бажы кодексинин 282-беренесинин 5 жана 6-пункттарында каралгандан тышкары учурларда товарларды жаңы тандалган бажы режимине койгондо төлөнүүгө тийиш болгон бажы алымдарынын жана салыктарынын суммасы алгачкы бажы режиминин учурунда төлөнгөн бажы алымдарынын жана салыктарынын суммасынан аз болсо, мурда билдирилген бажы режими бажы органынын уруксаты менен өзгөртүлгөндө;
6) эгерде төлөнүүгө тийиш болгон бажы алымдарынын жана салыктарынын суммасы убактылуу (шарттуу) баа коюу учурунда төлөнгөн суммадан аз болсо, бажы наркы товарларды чыгаргандан кийин аныкталганда;
7) товарлардын тышкы соодасын жүзөгө ашырган учурда убактылуу, атайын, антидемпингдик же компенсациялык алымдар жөнүндө Бажы союзунун мүчө-мамлекеттеринин эл аралык келишимдеринде жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда.
212-берене. Депозитти кайра кайтаруу
1. Депозитти кайра кайтаруу депозит менен камсыз кылынган милдеттенме аткарылган шартта гана жүзөгө ашырылат, аны кайра кайтаруу жөнүндө арыз милдеттенмени аткарган күндөн кийинки күндөн тартып үч жылдын ичинде бажы органына берилген болсо. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин депозиттин талап кылынбаган суммалары республикалык бюджетке которулат жана кайра кайтарылбайт.
2. Депозитти эсебине же кассасына депозиттин суммалары төлөнгөн бажы органы же аткаруу боюнча милдеттенмелер депозит менен камсыз кылынган бажы жол-жобосу же бажы режими аяктап жаткан бажы органы кайра кайтарат.
3. Депозит Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы түрүндө депозиттик тастыктама берилген учурда кайра кайтарылат.
4. Эгерде депозиттин суммалары бажы органынын кассасына накталай акча түрүндө салынган болсо, төлөөчүнүн каалоосу боюнча депозитти кайтаруу төлөөчү көрсөткөн эсепке накталай эмес түрдө жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
5. Депозитти кайра кайтаруу төлөөчүдө бажы төлөмдөрүн, туумдарды же пайыздарды төлөө боюнча карызы ушундай карыздын өлчөмүндө болгон учурда жүзөгө ашырылат.
213-берене. Ушул бапты колдонуу чөйрөсү
1. Товарларды бажы жол-жобосуна жайгаштырууга байланышкан бажы операциялары Бажы союзунун Бажы кодексиндеги 26-бапка, ушул Мыйзамда жана буга ылайык кабыл алына турган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте жана шарттарда жүргүзүлөт.
2. Товарларды бажы жол-жобосуна жайгаштырууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзүүнүн тартиби жана технологиясы бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарлардын түрүнө, мындай көчүрүүгө пайдаланылуучу транспорттун түрүнө, ошондой эле товарларды өткөрүүчү жактардын категорияларына жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
3. “Интернет” эл аралык ассоциация тармагын колдонуу менен товарларды электрондук формада декларациялоодо бажы операцияларын жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте белгиленет.
214-берене. Товарларды бажы жол-жобосуна жайгаштыруу менен байланыштуу бажы операциялары жүргүзүлгөн тил
Товарларды бажы жол-жобосуна жайгаштыруу менен байланыштуу бажы операциялары, анын ичинде бажы максаттары үчүн документтерди толтуруу мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүлөт.
215-берене. Товарлар менен жүктөр жагындагы жүктөө жана башка операциялар
Эгерде ушул Мыйзамда башкасы каралбаса, товарлар чыгарылганга чейин товарларды жүктөө, түшүрүү, кайра жүктөө, алардын бузулган таңгагын оңдоо, таңгакты ачуу же кайра таңгактоо, ташуу, ошондой эле товарлар жагындагы дагы башка операциялар бажы органдарынын кабарламасы менен гана жүргүзүлүшү мүмкүн.
216-берене. Бажылык декларацияланууга тийиш болгон товарлар
1. Кыргыз Республикасынын аймагына Бажы союзуна мүчө эмес мамлекеттердин аймагынан ташылып келген, анын ичинде бажы транзитинин бажы жол-жобосуна ылайык Бажы союзуна мүчө мамлекеттердин аймагы аркылуу өткөн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагынан Бажы союзунун бажы аймагынан тышкары ташылып чыккан товарлар Бажы союзунун Бажы кодексиндеги 27-бапка жана ушул баптын жоболоруна ылайык аларды бажы жол-жобосу алдына жайгаштырууда жана бажы жол-жобосу өзгөргөндө бажылык декларацияланат.
2. Товарларга декларация электрондук формада берилет. Товарларды декларациялоо жазуу жүзүндө жүргүзүлгөн товарлардын, бажы жол-жоболордун, окуялардын тизмеси, ошондой эле документтерди, товарларга декларацияларды кабыл алуу тартиби жана жазуу жүзүндө декларациялоодо декларанттын суроо-талабы боюнча бажы органы тарабынан мындай документтерди кабыл алууну ырастоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
3. Товарлардын декларациясында Бажы союзунун Бажы кодексинин 181-беренеси менен белгиленген маалыматтар чагылдырылууга тийиш.
4. Товарларга декларация жазуу жүзүндө берилген учурда, мындай декларация анын электрондук көчүрмөсүн берүү менен коштолууга тийиш. Бажы союзунун комиссиясынын чечими менен каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жазуу жүзүндөгү бажы декларациясын берүү анын электрондук көчүрмөсүн берүү менен коштолбой тургандыгын белгилейт.
5. Товарларга декларация толтуруу тартиби Бажы союзунун комиссиясынын чечими менен белгиленет. Бажы союзунун комиссиясынын чечими менен белгиленген учурларда бажы жол-жобосуна жараша товарлардын декларациясында көрсөтүлүүгө тийиш болгон маалыматтар товарлардын категориялары, аларды ташыган жактар, транспорттун түрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кыскартылышы мүмкүн.
6. Товарларга декларацияны берүү, аны бажы органында каттоо, андагы маалыматтарды өзгөртүү жана товарларга берилген декларацияны чакыртып алуу Бажы союзунун Бажы кодексинин 190-192-беренелери менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Эгерде бажы декларациясын берүү мөөнөтүнүн аякташы бажы органынын жумуш эмес күнүнө туура келсе, бул мөөнөт аяктаган күн болуп бажы органынын жумуш күнүнөн кийинки күн эсептелинет.
217-берене. Товарларды декларациялоочу жер
1.Товарларга бажы декларациясы бажы декларациясын кабыл алууга укуктуу болгон кандай гана болбосун бажы органына берилиши мүмкүн. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы мыйзамдарынын сакталышына контролдун натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн зарыл чара болуп саналган учурларда гана товарлардын айрым категорияларын декларациялоо үчүн айрым бажы органдарын белгилөөгө укуктуу. Мында соода жана транспорт уюмдарынын таламдары эске алынууга тийиш.
2. Товарларга декларация башка бажы органына берилген учурда бажы органы Бажы союзунун Бажы кодексинин 190-беренесинин 4-пунктуна ылайык мындай декларацияны каттоодон баш тартат.
218-берене. Товарларга декларацияны берүүнү жазуу
1. Бажы органы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте товарларга декларацияны берүү күнүн жана убактысын жазууга милдеттүү. Товарларды электрондук түрдө декларациялоодо товарларга декларацияны берүү күнүн жана убактысын жазуу жана декларантка же бажы өкүлүнө көрсөтүлгөн күнү жана убактысы жөнүндө маалыматты камтыган электрондук билдирүү берүү бажы органдарынан электрондук тутумуна мындай декларация түшкөндө автоматтык түрдө жүзөгө ашырылат.
2. Декларанттын же бажы өкүлүнүн талабы боюнча бажы органы көрсөтүлгөн декларацияны берүү күнүн жана убактысын жазууга мүмкүндүк берген жол менен, электрондук түрдө аны берген учурлардан тышкары, товарларга декларацияны берүү күнү жана убактысы жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастоону берүүгө милдеттүү.
219-берене. Товарларга электрондук формада берилген декларацияны күбөлөндүрүү
Бажылык декларациялоодо товарларга электрондук түрдө берилген декларацияга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрондук санариптүү кол коюлат.
220-берене. Товарларды декларациялоочу жактар
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан юридикалык жак, жеке ишкер катары катталган жана Кыргыз Республикасынын аймагында дайыма жашаган жеке адам, ошондой эле Бажы союзунун Бажы кодексинин 186-беренесинин 1-пунктчасы менен каралган белгилерге ээ болгон, Кыргыз Республикасынын аймагында дайыма жашаган жеке адам товарлардын декларанты болушу мүмкүн.
2. Бажы транзитинин бажы жол-жобосунда товарлардын декларанты болуп Бажы союзунун Бажы кодексинин 186-беренесинин 3-пунктчасы менен каралган белгилерге ээ жактар эсептелет.
3. Товарларга декларацияны берүүдө чет элдик адам Бажы союзунун Бажы кодексинин 186-беренесинин 2-пунктчасы менен каралган учурларда гана декларант болууга укуктуу.
4. Бажылык декларациялоодо жана товарларды бажы жол-жобосуна жайгаштыруу үчүн керектүү башка бажы операцияларды жүргүзүүдө декларанттын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги Бажы союзунун Бажы кодексинин 187-189-беренелерине ылайык белгиленген.
5. Товарларды декларациялоодо жана башка бажы операцияларды жүргүзүүдө бажы өкүлү декларант ээ болгон укуктарга ээ.
221-берене. Товарларга декларацияны берүү мөөнөттөрү
1. Товарларга декларацияны берүү мөөнөттөрү Бажы союзунун Бажы кодексинин 185-беренеси менен белгиленген.
2. Ушул Мыйзамдын 224-228-беренелери менен белгиленген учурларда товарларга декларацияны берүүнүн атайын мөөнөттөрү колдонулат.
3. Эгерде бажы декларациясын берүү мөөнөтүнүн аякташы бажы органынын жумуш эмес күнүнө туура келсе, бул мөөнөт аяктаган күн болуп бажы органынын жумуш күнүнөн кийинки күн эсептелинет.
222-берене. Товарларды декларациялоодо документтерди берүү
1. Бажылык декларациялоодо бажы органына товарга декларация менен бир убакта Бажы союзунун Бажы кодексинин 183, 240, 253, 265, 294, 299 жана 308-беренелери менен каралган документтер берилет. Бажы жол-жобосуна, товарлардын категорияларына жана жактарга жараша документтердин тиешелүү кыскартылган тизмеси ушул Мыйзам менен белгиленет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бажылык декларациялоонун түрүнө (жазуу, электрондук), бажы жол-жобосуна, товарлардын категориясына жана жактарга жараша товарларды бажылык декларациялоодо берилүүчү документтердин тизмесин кошумча кыскартууга укуктуу.
3. Декларант бажы органына ушул жактын бажы операцияларын жүргүзүүгө укук жөндөмдүүлүгүн ырастаган документтерди берет. Көрсөтүлгөн документтерге өзгөртүүлөр киргизилгенде аларды берген бажы органына декларант бул тууралуу билдирүүгө милдеттүү.
4. Жактардын бажы операцияларын жүргүзүүгө укук жөндөмдүүлүгүн ырастаган документтерге төмөнкүлөр кирет:
1) ата мекендик юридикалык жактын уюмдаштыруучу документтери;
2) эгер чет элдик жак Бажы союзунун Бажы кодексинин 186-беренесинин 2 жана 3-пунктчаларына ылайык товарлардын декларанты катары чыгууга укуктуу болсо, чет элдик юридикалык жактын филиалын же өкүлчүлүгүн аккредитациялоо жөнүндө күбөлүк;
3) паспорт, эгер декларант катары жеке адам чыкса;
4) юридикалык жактын мамлекеттик каттоосу жөнүндө же жеке ишкер катары жеке адамдын мамлекеттик каттоосу жөнүндө күбөлүгү;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык декларант катары чыккан жакты мамлекеттик органдарда эсепке коюу жөнүндө күбөлөндүргөн документтер.
5. Эгер негизинде товарларга декларация толтурулган айрым документтер товарларга декларация менен бир убакта берилбесе, декларанттын бажы органдарына жазуу жүзүндө жүйө-себептүү кайрылуусу боюнча товарлар чыккандан кийин аларды алуу үчүн керектүү мөөнөттө, бирок товарларга декларация катталган күндөн кийин 45 күндөн кеч эмес мындай документтерди берүүгө уруксат беришет. Декларант документтерди белгиленген мөөнөттө берүү жөнүндө жазуу жүзүндө милдеттенме берет. Белгиленген тыюу салуулардын жана чектөөлөрдүн сакталгандыгын ырастаган жана товарларды чыгаруу үчүн керектүү лицензияларды, тастыктамаларды, уруксаттарды жана (же) башка документтерди берүү ушул Мыйзамдын 239-беренесине ылайык жүргүзүлөт.
223-берене. Алдын ала декларациялоо
1. Эгер декларант ушул Мыйзамдын 222-беренесине ылайык товарларды бажылык декларациялоо үчүн керектүү документтерди берсе, Бажы союзунун Бажы кодексинин 193-беренесинде аныкталган тартипте Кыргыз Республикасынын аймагына чет элдик товарлар келгенге чейин аларга карата алдын ала бажы декларациясы берилет.
2. Эгер бажы максаттары үчүн товарларды коштоочу транспорттук же коммерциялык документтер пайдаланылышы керек болсо, бажы органы товарларды алдын ала декларациялоодо декларант тарабынан ал документтердин же документтердеги маалыматтардын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн алат жана зарыл болгон учурда көрсөтүлгөн маалыматтарды документтердин түп нускаларында камтылган маалыматтар менен салыштырат.
3. Алдын ала бажылык декларациялоодо бажы декларациясында товарлар Кыргыз Республикасынын аймагына келгенге жана (же) аларды бажы органына көрсөткөнгө чейин декларантка өзүнүн мүнөзү боюнча белгисиз болушу мүмкүн болгон маалыматтар жок болушу мүмкүн.
Мындай маалыматтар бажы декларациясына Бажы союзунун комиссиясы тарабынан аныкталган тартипте товарларды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин киргизилиши керек.
4. Транспорттук же коммерциялык документтердин көчүрмөлөрүнүн негизинде мурда билдирилген баалык, сандык же салмактык көрсөткүчтөр өзгөргөн учурда, баасынын, санынын же салмагынын өзгөргөнүн ырастаган документ милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.
5. Эгер товарлар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келингенден кийин декларант тарабынан мурда билдирилген баалык, сандык же салмактык көрсөткүчтөрдүн ортосунда айырмачылыктар табылса, декларант ушул Бажы союзунун Бажы кодексинин 192-беренесинде каралган тартипте бажы декларациясын чакыртып алууга укуктуу.
6. Эгер товарлар бажы декларациясын кабыл алган бажы органына алар кабыл алынган күндөн кийинки күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде көрсөтүлбөсө, алдын ала бажы декларациясы берилбеген деп эсептелинет же бул мөөнөттүн ичинде тыюу салуулар жана чектөөлөр киргизилсе, бажы органы мындай товарларды чыгаруудан баш тартат.
7. Товарлар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келгенге чейин бажы декларациясын берүүдө жана аны текшерүүнү аяктоодо бажы декларациясы товарларга карата ушул Мыйзам менен каралган бажы операцияларын колдонуу үчүн зарыл болгон жалгыз документ катары пайдаланылышы мүмкүн.
8. Бажы алымдарын, салыктарды эсептөө максаттары үчүн бажы алымдарынын, салыктардын ставкалары жана алдын ала бажы декларациясы кабыл алынган күнү иштеген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген валюталар курсу колдонулат.
224-берене. Толук эмес бажы декларациясы
1. Эгерде декларант өзүнө байланыштуу болбогон себептерден улам бажы декларациясын толтуруу үчүн зарыл болгон бүткүл маалыматка ээ болбосо, толук эмес бажы декларациясында товарларды чыгаруу үчүн зарыл болгон маалыматтар билдирилгенде уруксат берилет жана декларант жетишпеген маалыматтарды бажы органы белгилеген мөөнөттө берүү милдетин кабыл алат, ал мөөнөт бажы органы толук эмес бажы декларациясын кабыл алган күндөн тартып 45 күндөн ашпайт.
2. Эгерде бажы органы толук эмес бажы декларациясын кабыл алса, эң башында толук жана тиешелүү түрдө толтурулган бажы декларациясы берилгендей Бажы союзунун бажы мыйзамдарынын жана бажы иши чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары жана шарттары, анын ичинде бажы төлөмдөрүн эсептөө жана төлөө тартиби колдонулат.
225-берене. Мезгилдүү бажылык декларациялоо
1. Бажы союзунун бажы чек арасы аркылуу ошол эле жак, ошол эле товарлар дайыма өткөндө, декларант катары чыгууга жөндөмдүү бардык жактарга ушул берене менен каралган тартипте жана шарттарда Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген (Кыргыз Республикасынын аймагынан ташылып чыккан) бардык товарларга мезгилдүү декларация берүүгө уруксат берилет.
2. Ушул беренени колдонуу максаттары үчүн жеткирүү мезгили болуп декларант тарабынан билдирилген анын ичинде төмөнкүлөр пландалган мезгил эсептелет:
1) Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген товарларды бажы органына көрсөтүү;
2) Кыргыз Республикасынын аймагынан ташылып чыккан товарларды жүктөп жөнөтүү (товарларды эл аралык ташууну жүзөгө ашыруучу ташуучуга же товарларды ташып чыгуу максатында башка транспорт каражатына кайра жүктөө (которуп жүктөө) менен товарларды эл аралык ташууну жүзөгө ашырууда баштапкы ташуучуга товарларды берүү).
3. Эгер товарлар бирдей аталышта же Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы боюнча бирдей классификациялык код болсо, ушул беренени колдонуу максаттары үчүн товарлар бирдей каралат.
4. Товарлар жак тарабынан бажы чек арасы аркылуу дайыма өткөн катары каралат, эгер бул жак ошол эле товарды 30 календардык күндүн ичинде үч же андан көп жеткирсе.
5. Товарларга мезгилдүү декларацияда билдирилген товардын партиясы болуп ушул берененин 3 жана 4-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн шарттарга жооп берген, бир эле бажы органында бажылык декларациялоо жүргүзүлүүчү жана тышкы экономикалык бүтүмдө түзүлгөн бир эле келишим боюнча, же кайра иштетүүчү азыктарды декларациялоодо товарларды кайра иштетүүгө бир уруксат боюнча, же бир тараптуу тышкы экономикалык бүтүм боюнча милдеттерди аткаруунун эсебинде, же 30 күндөн ашпаган жеткирүү мезгилдин ичинде айрым жеткирүүлөрдүн санына карабастан кандайдыр бир бүтүмдөрдү түзүүсүз Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинүүчү же Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып чыгуучу товарлар эсептелет.
6. Ташылып келген товарларга мезгилдүү декларация берүү жолу менен товарларды бажылык декларациялоодо алымдар мындай декларацияны берүү менен бир убакта ал катталган күнү колдонулган ставкаларга ылайык төлөнөт.
7. Товарларга мезгилдүү декларация берүү жолу менен товарларды бажылык декларациялоодо бажы органы тарабынан катталган күнү чет элдик валюталар, чектөөлөр колдонулат.
8. Мезгилдүү бажылык декларациялоо ушул берененин 5-бөлүгүнө ылайык аныкталган товарлардын бир партиясын жеткирүүнүн билдирилген мезгили башталганга чейин 10 күндөн ашпаган мөөнөттө бажы органына мезгилдүү декларация берүү жолу менен жүргүзүлөт.
9. Товарларга карата мезгилдүү декларацияда жеткирүү мезгилинин ичинде ташып кирүүгө же ташып чыгарууга пландаштырылган товарлардын санына жараша маалыматтар берилет. Товарларга карата мезгилдүү декларацияда товарларды чыгаруу, бажы төлөмдөрүн эсептөө жана төлөө үчүн зарыл болгон, Бажы союзунун бажы мыйзамдарына ылайык белгиленген чектөөлөрдүн сакталышын ырастаган, ошондой эле декларациялануучу товарларды алардын сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрүнүн жыйындысы боюнча далдаштырууга мүмкүндүк берүүчү маалыматтар берилиши керек.
10. Декларант Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген форма боюнча товарларга карата мезгилдүү декларацияда белгиленген товарлар жөнүндө такталган маалыматтарды бажы органына билдирүүгө милдеттүү:
1) ташып кирүүчү товарларды декларациялоодо жөнөтүү мезгили аяктагандан кийин 10 иш күндөн кечиктирбестен;
2) ташып чыгаруучу товарларды декларациялоодо товарларга карата мезгилдүү декларацияда билдирилген товарлардын бардык партиясы иш жүзүндө ташып чыгаргандан кийин бир айдан кечиктирбестен.
11. Мезгилдүү декларацияда билдирилген ташып чыгаруучу товарлар жөнөтүү мезгили аяктаган күндөн тартып үч айдын ичинде иш жүзүндө ташылып чыгарылышы керек. Товарларга карата мезгилдүү декларацияда билдирилген сандан ашык товарларды чыгарууга жол берилбейт.
12. Товарларга карата мезгилдүү декларация берилбеген болуп эсептелет, эгерде мындай декларацияда билдирилген товардык партияда камтылган товарлар:
1) иш жүзүндө ушул берененин 8-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттө ташып чыгарылбаган болсо;
2) билдирилген жөнөтүү мезгилинин ичинде товарларга карата мезгилдүү декларацияны кабыл алган бажы органына берилбесе.
13. Мезгилдүү бажы декларациялоосу ташып чыгаруудагы бажы төлөмдөрү салынбаган же аларга карата чектөө коюлган ташып чыгаруучу товарларга карата колдонулбайт.
14. Өндүрүштүк ишти жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу экономикалык оператор ушул берененин жоболоруна ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келгенден кийин чет өлкөлүк товарларды төмөнкү өзгөчөлүктөр менен мезгилдүү бажылык декларациялоону ишке ашырууга укуктуу:
1) товарларга карата мезгилдүү декларацияда ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун дарегине товарларды биринчи жөнөткөн күндөн тартып аларды убактылуу сактоо мөөнөтү аяктаганга чейин келип түшкөн бардык товарлар көрсөтүлүшү мүмкүн, ал эми товарларга декларация бергенге чейин товарлар чыккан болсо – товарларга декларация берүү мөөнөтү аяктаганга чейин;
2) товарларга карата мезгилдүү декларация бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажы жол-жобосуна же ички колдонуу үчүн кайра иштетүүгө коюлган товарларга берилиши мүмкүн.
226-берене. Убактылуу бажы декларациясы
1. Түтүк өткөргүч транспорт же электр берүү линиялары боюнча ташылуучу товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгарган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте убактылуу бажы декларациясын берүү жолу менен товарларды декларациялоого жол берилет. Иш жүзүндө товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгаргандан кийин декларант бажы органы белгилеген мөөнөттө толук жана талаптагыдай толтурулган бажы декларациясын берүүгө милдеттүү.
2. Убактылуу декларацияда белгилүү убакыттын ичинде болжолдуу сандагы товарларды ташып чыгуу ниетинде товарлардын санына ылайык аныкталуучу, бажы чек арасы аркылуу алып өтүүгө пландаштырылган жана (же) тышкы экономикалык бүтүмдүн шарттарында, товардын баасын аныктоо тартибинде, ошондой эле товардын болжолдуу сапатына карата каралган шарттуу бажы наркына (баасына) таянуу менен маалыматтарды билдирүүгө жол берилет.
Убактылуу бажы декларациясын колдонууда экономикалык мүнөздөгү тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары бажы органы бул декларацияны кабыл алган күнгө карата колдонулат.
227-берене. Ажыратылган же куралбаган түрдөгү, анын ичинде комплекттелбеген же толук бүтпөгөн түрдөгү товарларды белгиленген мезгилдин аралыгында бажылык декларациялоонун өзгөчөлүгү
1. Товар ажыратылган же куралбаган, анын ичинде комплекттелбеген же толук бүтпөгөн түрдө болуп, ушул беренеге ылайык белгиленген мезгилдин ичинде аны ташып киргизүү же ташып чыгаруу бир нече партия менен аткаруу болжолдонсо, Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы боюнча бир классификациялык кодду көрсөтүү менен декларацияланышы мүмкүн (анын ичинде ыйгарым укуктуу экономикалык оператор болуп эсептелбеген адам тарабынан).
2. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды декларациялоону колдонуу шарты болуп төмөнкүлөр саналат:
1) товарды же анын курамчаларын декларациялаганга чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген аяктаган же комплекттелген товардын классификациялык коду боюнча товардын ажыратылган же куралбаган, анын ичинде комплекттелбеген же толук бүтпөгөн түрдөгү классификациясын тастыктаган товардын классификациясы жөнүндө чечимдин (мындан ары бул беренеде – классификация жөнүндө чечим) болушу;
2) бир жак менен түзүлгөн тышкы экономикалык бүтүмдүн алкагында бул товарды ташып кирүүдө бир алуучунун дарегине товарлардын курамчаларын жеткирүү, ал эми товарларды ташып чыгарууда - бир жак менен түзүлгөн тышкы экономикалык бүтүмдүн алкагында бир жөнөтүүчү тарабынан товардын компоненттерин жөнөтүү;
3) ички пайдалануу же эркин бажы аймагы үчүн чыгаруунун бажы жол-жоболоруна ылайык бир бажы органына ташып кирүүчү товарларга бажылык декларациялоону жүргүзүү.
3. Ташып кирүү же ташып чыгаруу ажыратылган же куралбаган, анын ичинде комплекттелбеген же толук бүтпөгөн түрдө болгон товарларды декларациялоо башталганга чейин декларант товарларды декларациялоону ишке ашыруучу бажы органына декларант тарабынан күбөлөндүрүлгөн, классификация жөнүндө чечимдин көчүрмөсүн тиркөө менен пландаштырылган алып келүүлөр жөнүндө кабарландыруу жөнөтөт (мындан ары бул беренеде – кабарландыруу). Кабарландырууда төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
1) декларант жөнүндө;
2) классификация жөнүндө чечим тууралуу (номери жана берилген күнү);
3) товарды ташып кирүүнүн жана ташып чыгаруунун пландаштырылган мөөнөттөрү жөнүндө;
4) Кыргыз Республикасынын аймагында товарды сактоо, монтаждоо же кураштыруу ишке ашырылуучу товардын турган орду (ташып кирүүчү товарлар үчүн).
4. Декларант кабарландырууда ташып кирүүчү товарларга карата бажылык контролду жүргүзүү үчүн мааниге ээ болгон башка маалыматтарды көрсөтүүгө укуктуу.
5. Ажыратылган же куралбаган, анын ичинде комплекттелбеген же толук бүтпөгөн түрдө ташып кирүүчү (ташып чыгаруучу) товардын ар бир өзүнчө партиясы бажылык декларациялоо жүзөгө ашырылуучу бажы органына көрсөтүлүшү керек.
6. Ташып чыгаруучу товардын курамчалары ташып чыгаруучу товардын компоненттерин чыгарууга берилген арыздын жана ага тиркелген бажылык декларациялоо үчүн зарыл болгон документтердин: классификациялоо жөнүндө чечимдердин көчүрмөлөрүнүн жана кабарландыруунун негизинде шарттуу чыгарууга жатат.
7. Ташып кирүүчү товардын курамчалары декларант тарабынан берилген арыздын жана ага тиркелген бажылык декларациялоо үчүн зарыл болгон документтердин, ташып чыгаруучу товардын курамчаларын классификациялоо жөнүндө чечимдердин көчүрмөлөрүнүн жана кабарландыруунун негизинде шарттуу чыгарууга жатат. Шарттуу чыгарууга арыз (ташып чыгаруучу товардын курамчаларын чыгарууга берген арыз) форма боюнча жазылат жана товарларды декларациялоо үчүн Бажы союзунун Бажы кодексинин 180-беренесинде белгиленген тартипте толтурулат. Шарттуу чыгарууга жазылган арызда (ташып чыгаруучу товардын курамчаларын чыгарууга берилген арыз) классификациялоо жөнүндө чечимге ылайык Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы боюнча классификациялык код көрсөтүлөт.
8. Товардын бардык курамчалары ташып кирген (ташып чыгарган) күндөн тартып 30 күндөн кечиктирбестен, бажы органына классификациялоо жөнүндө чечимге ылайык Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы боюнча классификациялык код көрсөтүлгөн товарга толук декларация берилиши керек. Товарга толук декларацияны берүү мөөнөтү товардын биринчи партиясын шарттуу чыгарууга арыз (ташып чыгаруучу товардын курамчаларын чыгарууга берген арыз) катталган күндөн тартып бир календардык жылдан ашпоого тийиш. Товарга толук декларацияны берүү мөөнөтү бажы органы тарабынан декларант үчүн зарыл болгон товарга толук декларацияны берүү мөөнөтү көрсөтүлгөн, декларанттын жазуу жүзүндөгү жүйөлүү кайрылуусу боюнча узартылышы мүмкүн. Товарга толук декларация берүүнүн жалпы мөөнөтү бул учурда товардын биринчи партиясын шарттуу чыгарууга арыз (ташып чыгаруучу товардын курамчаларын чыгарууга берген арыз) катталган күндөн тартып үч жылдан ашпашы керек.
9. Шарттуу чыгарууга арыз жазуунун (ташып чыгаруучу товардын курамчаларын чыгарууга берген арыз) жана товарга декларация толтуруунун өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
10. Бажы алымдары, товарларды декларациялоодо салыктар ушул берененин жоболоруна ылайык классификация жөнүндө чечимге жана товарга декларация берилген күнгө карата күчүндө болгон Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы боюнча классификациялык кодго ылайык товарга карата колдонулуучу ставкалар боюнча төлөнөт.
11. Ушул Мыйзамдагы 6-бапка ылайык классификациялоо жөнүндө чечимди өзгөртүү жөнүндө чечим күчүнө киргенден тартып шарттуу чыгарууга арыз (ташып чыгаруучу товардын курамчаларын чыгарууга берген арыз) жана товарга толук декларация классификациялоо жөнүндө чечимди өзгөртүүнү эске алуу менен толтурулат.
12. Классификациялоо жөнүндө чечимдин иш-аракети токтотулганда ушул Мыйзамдагы 6-бапка ылайык товардын ар бир өзүнчө партиясы менен ташып кирген (ташып чыккан) товардын курамчалары белгиленген тартипте товардын курамчаларына өзүнчө декларация берүү менен декларацияланууга тийиш. Ошол эле учурда товардын айрым курамчалары Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы боюнча товарларды классификациялоонун эрежелерине ылайык аталган курамчаларга карата колдонулуучу коддор боюнча классификацияланат. Товардын айрым курамчаларына декларация берүүнүн мөөнөтү кызыкдар болгон жак классификациялоо жөнүндө чечимдин аракетин токтотуу жөнүндө кабарлаган күндөн тартып 30 күндөн ашпоосу тийиш.
13. Ушул берененин 12-бөлүгүндө көрсөтүлгөн бажы алымдарынын, товарлардын айрым курамчаларына карата декларацияда салыктардын суммасын эсептөөдө мындай декларацияны каттоо күнү күчүндө болгон бажы алымдарынын, салыктардын ставкалары, ошондой эле чет өлкөлүк валюталардын курсу колдонулат. Товарлардын айрым курамчаларын декларациялоо боюнча чегерилген бажы алымдарынын суммасын төлөөдө ар бир кечиктирилген күн үчүн шарттуу чыгарууга ар бир арыз (ташып чыгаруучу товардын курамчаларын чыгарууга берилген арыз) берилген күндөн тартып чегерилген сумманы төлөгөн күнгө чейин же аларды талашсыз тартипте өндүрүп алганга чейин туум алынат.
14. Ушул берененин жоболору бардык товарларга жайылтылат, 7308, 7309 00, 8701, 8702, 8704 10, 8705, 8709, 9301 жана 9406 00 (субпозициларындагы мобилдүү үйлөрдөн тышкары 9406 00 110 0) товардык позицияларында жана Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы боюнча 84-86, 88-90-топторунун позицияларында классификацияланат.
228-берене. Бир товардык партияда камтылган ар кандай аталыштагы товарларды бир классификациялык кодду көрсөтүү менен декларациялоонун өзгөчөлүктөрү
1. Декларанттын каалоосу боюнча бир товардык партияда камтылган Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирген же Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгарган товарлар ушул беренеде каралган шарттарды аткарганда, Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы боюнча бир квалификациялык кодду көрсөтүү менен декларацияланышы мүмкүн.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ташып чыгаруучу товарлар Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы боюнча бир квалификациялык кодду көрсөтүү менен декларацияланышы мүмкүн болгон, ошондой эле ташылып келүүчү товарлар Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы боюнча бир квалификациялык кодду көрсөтүү менен декларацияланышы мүмкүн болгон учурларды аныктоого укуктуу.
3. Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүүчү товарлар ошол классификациялык кодго бир кыйла жогорку деңгээлдеги бажы алымынын ставкасы шайкеш келген шартта Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы боюнча бир квалификациялык кодду көрсөтүү менен декларацияланышы мүмкүн. Эгерде бир партиядагы товарларга бажы алымдарынын бирдей ставкалары менен Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы боюнча бир нече квалификациялык код туура келсе, акциздин ставкасынын бир кыйла жогорку деңгээли туура келген, ал эми акциздин ставкалары бирдей болсо – кошумча наркка салыктын бир кыйла жогорку деңгээли туура келген товардын классификациялык коду көрсөтүлөт.
4. Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы боюнча бир квалификациялык кодду көрсөтүү менен декларацияланышы мүмкүн болгон товарлардын партиясында аларга карата бажы алымынын жана акциздин адвалордук гана (анын ичинде нөл эсебинде) же өзгөчө гана (анын ичинде нөл эсебинде) ставкалары белгиленген товарлар болушу керек, ошондой эле бул товарларга товар чыгарылган өлкөгө жараша бирдей өзгөчө жеңилдиктеги режим колдонулушу керек.
5. Эгерде бир партиядагы товарларда камтылган товарларга бажы алымынын жана акциздин өзгөчө ставкалары салынса, бажы алымынын же акциздин белгиленген ставкалары колдонулуучу өлчөө бирдиктери бажы төлөмүнүн ар бир түрү боюнча бирдей болушу керек.
6. Ташып чыгаруу жана ташып кирүү бажы алымдары салынбаган, ошого ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүүчү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгаруучу товарлар товардык партиядагы бир кыйла көп нарктагы товарга туура келген Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы боюнча бир квалификациялык кодду көрсөтүү менен декларацияланат.
7. Бир партиядагы товарларга камтылган бардык товарлардын аталышы жана саны жөнүндө маалыматтар декларант тарабынан товарлардын тизмегин көрсөтүү менен билдирилет. Мындай тизмек катары атайын жүк жөнөтүү, таңгактоо барактары, тизим жана башка ушул сыяктуу документтер колдонулушу мүмкүн. Товарлардын тизмеги бажы максаттары үчүн товарларга болгон бажы декларациясынын ажырагыс бөлүгү катары каралат.
8. Ушул берененин 7-бөлүгүнүн талаптарынын аткарылышын текшерүү максатында бажы органы декларанттан айрым декларациялануучу товарлар жөнүндө такталган маалыматтарды берүүнү талап кылууга укуктуу.
9. Эгерде бир партиядагы товарларды түзгөн айрым товарларга тыюу салуулар жана чектөөлөр колдонулса, аларды декларациялоо Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы боюнча өзүнчө квалификациялык кодду көрсөтүү менен ишке ашырылат жана аталган товарларга ушул берененин 1 ден 7ге чейинки бөлүктөрүнүн жоболору колдонулбайт.
229-берене. Бажы өкүлүнүн иши
1. Бажы өкүлү Бажы союзунун Бажы кодексинин 12-беренесине, ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген жобого ылайык бажы өкүлү катары иш жүргүзгөн ата мекендик юридикалык жак гана бажы өкүлү боло алат.
2. Мамлекеттик мекеме бажы өкүлү боло албайт.
3. Бажы өкүлүнө Бажы союзунун Бажы кодексинин 16,17-беренелерине ылайык милдеттер жана жоопкерчилик жүктөлөт.
4. Бажы өкүлү бажы операцияларын жүргүзүүдө Бажы союзунун Бажы кодексинин 15-беренесинде каралган укуктарга ээ, ошондой эле бажы органдары менен өз ара мамилелерде өзүнүн кызыкчылыктарын көздөөгө ыйгарым укук берген жак ээ болгон укуктарга да ээ.
5. Ушул Мыйзамга ылайык төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн бажы өкүлү декларант менен бирдей эле жоопкерчилик тартат.
6. Бажы өкүлүнүн ыйгарым укук берген адам менен болгон мамилелери Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык келишимдик негизде түзүлөт.
230-берене. Бажы өкүлүнүн өкүл болуучу адамдан алган маалыматтарга карата мамилеси
Өкүл болуучу адамдан алынган коммерциялык, банктык жана башка мыйзам менен корголгон маалыматтар жана башка купуя маалыматтар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо ачыкка чыгарылбашы, бажы өкүлү же анын кызматкерлери тарабынан өздүк максаттар үчүн колдонулбашы керек.
231-берене. Бажы операциялары боюнча адис
Бажы операциялары боюнча адис болуп бажы операциялары боюнча адистин квалификациялык күбөлүгү бар, орто кесиптик же жогорку билими бар Кыргыз Республикасынын аракетке жөндөмдүү жараны болушу мүмкүн.
232-берене. Бажы операциялары боюнча адистин квалификациялык күбөлүгү
1. Бажы операциялары боюнча адистин квалификациялык күбөлүгү анын ээсине бажы операциялары боюнча адис катарында квалификациялык күбөлүктүн иш мөөнөтү аралыгында аракет кылуу укугун күбөлөндүргөн документ болуп саналат.
2. Квалификациялык күбөлүктү берүү тартиби жана бажы операциялары боюнча адиске талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен бажы өкүлү жөнүндө жобо менен аныкталат.
233-берене. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор
Бажы союзунун Бажы кодексинин 38-беренесине ылайык ыйгарым укуктуу экономикалык оператор болуп Кыргыз Республикасынын аймагынан товарды алып чыккан жана өндүрүштүк же башка ишкерлик иште колдонуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды алып кирүүнү жүргүзгөн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган жана ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизилген юридикалык жак болушу мүмкүн.
234-берене. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторго берилген атайын жөнөкөйлөтүүлөр
1. Бажы союзунун Бажы кодексинин 41-беренесинин 1-пунктуна ылайык ыйгарым укуктуу экономикалык операторго төмөнкүдөй атайын жөнөкөйлөтүүлөр берилиши мүмкүн:
1) убактылуу сактоо кампалардын ээлеринин реестрине киргизбей, товарларды бөлмөлөрдө, ачык аянттарда жана ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун башка аймактарында убактылуу сактоо;
2) Бажы союзунун Бажы кодексинин 197-беренесине ылайык бажы декларациясын бергенге чейин товарларды чыгаруу;
3) бөлмөлөрдө, ачык аянттарда жана ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун башка аймактарында жаткан товарларды чыгарууга байланыштуу бажы операцияларын жүргүзүү, анын ичинде ушул Мыйзамдын 235-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүдө ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун дарегине жөнөтүлгөн товарларга карата бажы транзитинин бажы жол-жоболорун бүтүрүү;
4) Бажы союзунун бажы мыйзамдарында каралган башка атайын жөнөкөйлөтүүлөр, товарлардын бажылык алдын ала декларациялоосун кошу менен анын ичинде толук эмес жана (же) мезгилдүү бажылык декларациялоо, Бажы союзунун Бажы кодексинин 193 жана 194-беренелерине жана ушул Мыйзамдын 223-227-беренелерине ылайык толук эмес бажылык декларацияны жана мезгилдүү бажылык декларациялоону берүү.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Бажы союзунун бажы мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу экономикалык операторго берилген атайын жөнөкөйлөтүүлөр колдонулушу мүмкүн товарлардын тизмегин аныктоого укуктуу.
3. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторго берилген атайын жөнөкөйлөтүүлөрдү колдонууда ушул Мыйзамдын 217-беренесине ылайык аныкталган айрым товарларды декларациялоо жерлерин чектөө колдонулбайт.
4. Бажы союзунун Бажы кодексинин 215-беренесинин 3-пунктунун төртүнчү абзацына ылайык бажы органга келген жеринен ички бажы органга чейин чет өлкөлүк товарлардын бажы транзитинин өзгөчөлүгү катарында ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун дарегине жөнөтүлгөн чет өлкөлүк товарларды бажы органы жайгашкан жерине көрсөтүлгөн товарларды жеткирүүсүз, бажы органдын иш регионунда жайгашкан жана бажылык контролдоо зонасынын статусу бар ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун ачык аянттарына жана башка аймактарына жеткирүү мүмкүндүгү саналат. Бажылык контролдоонун көрсөтүлгөн зонасынын чектери ушул берененин 8-бөлүгүндө каралган макулдашууда аныкталат жана атайын белгилери болушу керек. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор бажылык контролдоо зонасына жетүүнүн уруксат берүү тартибин камсыз кылат.
5. Өндүрүштүк ишти жүргүзгөн ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун дарегине жөнөтүлгөн чет өлкөлүк товарларга карата ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган учурларда бажылык транзиттин бажы жол-жоболорун бүтүрүү өзгөчөлүктөрү, бажы декларациясын бергенге чейин, же товарларды бажылык алдын ала декларациялоону колдонуп товарларды чыгаруу ушул Мыйзамдын 235-беренесинде аныкталган.
6. Ушул берененин 4-бөлүгү менен каралган чет өлкөлүк товарларга карата бажылык транзиттин бажы жол-жоболорун бүтүрүү өзгөчөлүктөрү товарларды жеткирүү жери болуп бажы органы саналат деп түздөн-түз аныктаган эл аралык келишимдерге ылайык жүргүзүлгөн чет өлкөлүк товарлардын бажылык транзитинде колдонулбайт.
7. Бажы союзунун Бажы кодексинин 41-беренесинин 2-пунктуна ылайык ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган атайын жөнөкөйлөтүүлөр ыйгарым укуктуу экономикалык оператор ошол атайын жөнөкөйлөтүүлөрдү колдонуу каралып жаткан товарлардын декларанты болууга укуктуу болгон учурларда гана, анын ичинде ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун тапшырмасы менен жана анын атынан аракет кылган бажы өкүлү товарларды бажылык декларациялоону жүргүзгөндө колдонулат.
8. Бажы союзунун Бажы кодексинин 94-беренесинин 4-пунктуна ылайык бажы операцияларын жүргүзгөн бажы органдары ыйгарым укуктуу экономикалык оператор менен атайын жөнөкөйлөтүүнү колдонууда өз ара аракеттенишет. Көрсөтүлгөн өз ара аракеттенүү тартиби, анын ичинде ыйгарым укуктуу экономикалык оператор менен бажы органдарынын ортосундагы маалымат алмашуу регламенти, маалыматтардын курамы жана форматы, ушул Мыйзамдын 235-беренесине ылайык ыйгарым укуктуу экономикалык оператор алып салган бажы пломбаларын өткөрүп берүү тартиби ыйгарым укуктуу экономикалык операторго анын статусун ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алганда ыйгарым укуктуу экономикалык оператор жана тиешелүү бажы органы ортосунда түзүлгөн макулдашууда аныкталат. Көрсөтүлгөн макулдашуунун типтүү формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Бажы союзунун Бажы кодексинин 244-беренесинин 4-пунктуна, 257-беренесинин 4-пунктуна жана 269-беренесинин 4-пунктуна ылайык көрсөтүлгөн макулдашуу ыйгарым укуктуу экономикалык оператор бажы аймагында кайра иштетип чыгуунун бажы жол-жоболорун колдонуу шартын караштырган документ катарында колдонулушу мүмкүн. Кайра иштетип чыгуунун тиешелүү бажы жол-жобосун колдонуунун чектүү мөөнөтү аяктаган учурда бажы органы ыйгарым укуктуу экономикалык оператор менен жаңы макулдашууну түзөт. Көрсөтүлгөн макулдашууну кайра иштетип чыгуунун тиешелүү бажы жол-жобосун колдонуу шартын караштырган документ катары пайдалануу ыйгарым укуктуу экономикалык операторду кайра иштетип чыгуунун тиешелүү бажы жол-жобосун бүтүрүү жана колдонууга байланыштуу башка милдеттерди аткаруудан бошотпойт.
9. Бажы союзунун Бажы кодексинин 6-беренесинин 1-пунктунун 6-пунктчасына, 94-беренесинин 2 жана 1-пунктуна, 128-беренесинин 2-пунктунун 4-пунктчасына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды алып кирүүдө бажы операцияларын жүргүзүүнү тездетүү максатында, ыйгарым укуктуу экономикалык оператор товарларды алдын ала бажылык декларациялоону колдонгон учурда, анын ичинде толук эмес мезгилдүү бажы декларацияны берүү менен, бажы органдары Кыргыз Республикасынын аймагына товарлар келгенге чейин ыйгарым укуктуу экономикалык операторду ошол товарлардын бажылык кароосун жүргүзүү жөнүндө билдириш мүмкүн, ошондой алдын ала билдирүү бажылык контролдоону жүргүзүүгө тоскоолдук кылган же анын натыйжалуулугун төмөндөткөн учурларды кошпогондо. Мындай учурларда бажылык кароону бажы органдары ыйгарым укуктуу экономикалык операторго алдын ала билдирбей жүргүзөт.
Ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун товарлардын текшерүүсүн жүргүзүү жөнүндө алдын ала билдирүү тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
10. Эгерде тобокелдикти башкаруу тутумуна ылайык бажы органы ыйгарым укуктуу экономикалык оператор же анын тапшырмасы боюнча бажы өкүлү берген бажы декларациясында жарыяланган товарларга карата бажылык контролдоону жүргүзүү жөнүндө чечимди кабыл алса, мындай бажылык контролдоо ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун бөлмөлөрүндө, ачык аянттарда жана ошол товарлар жайгашкан башка аймактарда артыкчылыктуу тартипте жүргүзүлөт.
11. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн атайын жөнөкөйлөтүүлөр төмөнкү учурларда берилбейт:
1) эгерде ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды алып кирген жиберүүчүсү же сатуучусу финансылык операцияларды жүргүзүүдө маалымат берүүнү жана анын ачыктыгын караштырбаган жана (же) салык салуунун жеңилдетилген салыктык режимин берген аймактарда жана мамлекеттердин аймактарында (мындан ары – оффшордук зоналар) катталган юридикалык жак болсо;
2) эгерде ыйгарым укуктуу экономикалык оператор Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алып кирген товарларына төлөмдү оффшордук зоналар аркылуу финансылык операцияларды жүргүзгөн учурда.
235-берене. Товарлардын алдын ала декларациялоосун колдонуу менен же бажы декларациясын бергенге чейин товарларды чыгарган, өндүрүштүк ишти жүргүзгөн ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун дарегине жиберилген чет өлкөлүк товарларга карата бажы транзитинин бажы жол-жобосун бүтүрүү өзгөчөлүктөрү
1. Өндүрүштүк ишти жүргүзгөн ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун аймагында бажы транзитинин жол-жоболорун бүтүрүү үчүн, ал ыйгарым укуктуу экономикалык оператор жайгашкан жерге транспорттук каражат келген учурга чейин үч сааттан кем эмес, ал эми товарлар келген учурда – бажы органдын аныкталган иш убактысынан сырткары – ошол бажы органынын иш убактысы бүткөнгө чейин үч сааттан кечикпей бажы органга товарды чыгаруу үчүн керектүү Бажы союзунун Бажы кодексинин 197-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди, бажы декларациясын бергенге чейин, электрондук документ түрүндө же Бажы союзунун Бажы кодексинин 193-беренесине ылайык декларацияга тиркелген документтер жана киргизилген кошумча маалыматтар менен бажы декларациясын жиберет.
2. Эгерде бажы органы менен ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун ортосундагы макулдашууда аныкталган мөөнөттө (ал мөөнөт ыйгарым укуктуу экономикалык оператордон маалымат жана документ алган учурдан беш сааттан ашпоого тийиш), ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык бажы органы товарды текшерүү ниетине байланыштуу идентификация каражаттарын алууга тыюу салуу жөнүндө билдирбесе, транспорттук каражаттын бажы кароосу жана (же) идентификация каражаттарынын сактыгына ынанганда, идентификация каражаттарын алып салууга бажы органдын уруксаты товарлар жеткириле турган жерге келгенден кийин алынган болуп эсептелет. Көрсөтүлгөн учурда ыйгарым укуктуу экономикалык оператор жүк ташуучудан товарды кабыл алат жана идентификациялык каражаттарды алып салууга жана товарларды түшүрүүгө укуктуу. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор жүк ташуучудан товарларды кабыл алганы транспорттук жана (же) товарды коштоочу документтерде тиешелүү белгилерди коюу менен тастыкталат. Аталган белгилерди койгондон кийин ыйгарым укуктуу экономикалык оператор ошол замат бажы органына электрондук-санариптик кол коюлган, жүк ташуучудан товарларды кабыл алган убактысы жана күнү жөнүндө билдирме жиберет. Жүк ташуучунун бажы контролдоосунда турган товарларды ыйгарым укуктуу экономикалык операторго ушул бөлүк менен аныкталган тартипте өткөрүп берүүсү бажы органынын уруксатысыз жүргүзүлөт. Бажы органына жиберилген билдирүүдө көрсөтүлгөн жүк ташуучудан товарларды кабыл алган учурдан тартып товарлар бажы органы тарабынан чыгарылган болуп эсептелет. Ушул учурдан тартып ыйгарым укуктуу экономикалык оператордо Бажы союзунун Бажы кодексинин 197-беренесинин 2-пунктунда каралган бажы алымын, салыктарды төлөө милдети пайда болот. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор декларант болгон товарлардын бажы декларациясын бергенге чейин чыгаруу төлөнө турган бажы алымынын, салыктарынын суммасы ыйгарым укуктуу экономикалык оператору Бажы союзунун Бажы кодексинин 39-беренесине ылайык көрсөткөн бажы алымын, салыктарды төлөгөн суммасынан ашпаган учурда гана уруксат берилет.
3. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор жайгашкан жерге транспорт каражаты келген учурда алдын ала бажылык декларациялоону колдонгондо, бажы декларациясына жетишпеген маалыматтар киргизилбесе жана (же) товарларга бажы алымдары, салыктары төлөнбөсө, же бажы органы ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде ыйгарым укуктуу экономикалык операторго Бажы союзунун Бажы кодексинин 197-беренесинин 1-пунктуна ылайык көрсөтүлгөн документтерде товар чыгаруу үчүн керектүү маалыматтар жок экендиги жөнүндө электрондук билдирме жиберсе, идентификациялоо каражаттары алынгандан кийин жана товарлар түшүрүлгөндө, алар убактылуу сактоодогу товарлар статусуна ээ болушат жана товарларды убактылуу сактоо кампасына же ыйгарым укуктуу экономикалык оператор товарларды чыгаруунун көрсөтүлгөн шарттарын аткарууга чейин бажылык контролдоонун башка зонасына жайгаштырбастан, ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун бөлмөлөрүндө, ачык аянттарында же башка аймактарында түзүлгөн бажылык контролдоо зонасында сакталат.
4. Эгерде ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде бажы органы ыйгарым укуктуу экономикалык операторго товарлардын текшерүүсүн жүргүзүү (анын ичинде бажылык кароону жүргүзүү), транспорттук каражаттын бажылык кароосун жүргүзүп, идентификациялоо каражаттарынын сактыгына ынануу ниети жөнүндө билдирсе, мындай аракеттер бажы органы тарабынан артыкчылыктуу тартипте ошол замат жүргүзүлүшү керек. Бажы органы аталган аракеттерди жүргүзгөнгө чейин идентификациялоо каражаттары алып салынат, товарлар транспорт каражаттарынан бажы органдын уруксаты менен гана түшүрүлөт. Бажылык кароо товарларды жана транспорт каражаттарын убактылуу сактоо кампасына же башка бажылык контролдоо зонасына жайгаштырбай, ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун бөлмөлөрүндө, ачык аянттарында же башка аймактарында түзүлгөн бажылык контролдоо зонасында жүргүзүлүшү мүмкүн.
5. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор транспорттук жана (же) товардык коштоо документтерге тиешелүү белги коюу жолу менен жүк ташуучу товарларды кабыл алуусун тастыктагандан кийин жүк ташуучу ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун белгилери менен аталган документтерди, ошондой эле транзиттик декларацияны жана колундагы документтерин көрсөтүп, бажы транзитинин бажы жол-жоболорун бүтүрүү үчүн ошол замат бажы органына барууга милдеттүү. Бажы транзитинин бажы жол-жобосу Бажы союзунун Бажы кодексинин 225-беренесинин 4 жана 5-пунктуна ылайык бүтүрүлөт.
236-берене. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун бөлмөлөрүн, ачык аянттарын жана башка аймактарын жайгаштыруу жана жабдуу талаптары
1. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор товарларды убактылуу сактоону ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун бөлмөлөрүндө, ачык аянттарында жана башка аймактарында жүргүзүшү мүмкүн.
2. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун бөлмөлөрү, ачык аянттары бажылык контролдоо зонасынын статусуна ээ. Бажылык контролдоонун көрсөтүлгөн зоналарынын чегин бажы органы жана ыйгарым укуктуу экономикалык оператор ушул мыйзамдын 234-беренесинде каралган макулдашууда аныкташат жана анын атайын белгилери болушу керек. Бажылык контролдоо зонасында турган товарларды аталган зонанын сыртына чыгарып кетүү бажы органынын уруксаты менен жүргүзүлөт.
3. Чет өлкөлүк товарларды ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун убактылуу сактоосу үчүн арналган бөлмөлөр, ачык аянттар жана башка аймактар товарлардын сактыгын камсыз кылгыдай болуп жайгаштырылат жана жабдылат, бөтөн (ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун жумушчулары болуп эсептелбеген) адамдардын уруксаты жок кирүүсүнө бөгөт коюп, ошол товарлардын бажылык контролдоосун жүргүзүү мүмкүндүгүн камсыз кылгандай болушу зарыл.
4. Бажылык контролдоодо турган жана сакталып турган башка товарларды бир бөлмөдө, бирок өз алдынча жайгаштырып сактоого уруксат берилет, андай сактоо көз менен көргөндө бажылык контролдоодо турган товарларды башка товарлардан айырмалоого жардам берген, ыйгарым укуктуу экономикалык операторго алгылыктуу ар кандай ыкмалар менен камсыз кылынат (тосуучу тасма, тосмолор, тиешелүү табличкалар жана жазмалар менен белгиленген технологиялык өтмөлөр).
5. Бажы контролундагы чачылуучу, куюлуучу товарларды сактоодоалууда турган ошол эле түрдөгү жана сапаттагы товарлар менен бирдикте сактоого жол берилет.
6. Өндүрү ишин жүргүзгөн ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун имараттарын, ачык аянттарын жана башка аймактарын жасалгалоого жана жабдык менен камсыздоого коюлган талаптар бажы органдары тарабынан белгиленбейт.
237-берене. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор тарабынан эсепке алуу жана отчётторду берүү тутуму
1. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор Кыргыз Республикасынын бухгалтердик жана салык эсебин жүргүзүү боюнча мыйзамдарынын талаптарына ылайык, товарлар жөнүндө толук жана так маалыматты калыптандыруу жана алардын бар экендигин жана кыймылын тиешелүү деңгээлде контролдоо максатында киргизилген жана чыгарылган товарлардын эсебин өз-өзүнчө жүргүзүүгө милдеттүү.
2. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор кварталына бир жолу, отчёттук айдан кийинки айдын онунчу күнүнө чейин бажы союзунун бажы кодексинин 41-беренесинин 1-пунктунда каралган атайын жөнөкөйлөтүүлөрдү колдонуу менен бажы операциялары жүргүзүлгөн товарлар жөнүндө улам өскөн жыйынтыктарынын менен отчётторун бажы органына берүүгө милдеттүү.
3. Ыйгарым укуктуу бажы органы чечим кабыл алынганга чейинки бир жылдын ичинде ыйгарым укуктуу экономикалык органды бажы иши чөйрөсүндөгү укук бузуу үчүн административдик жоопкерчиликке тартуу факты жок болгон шартта, жылына бир жолу, отчёттук мезгилден мурдагы айдын биринчи күнүнө чейин ыйгарым укуктуу экономикалык орган тарабынан отчёттордун берилүүсү жөнүндө чечим кабыл алат.
4. Бажы союзунун бажы кодексинин 41-беренесинин 1-пунктунун 1-пунктчасына ылайык убактылуу сактоого жайгаштырылган товарларды эсепке алуу боюнча бажы органдарына бериле турган отчёттордо товарларды сактоого жайгаштырылган күн жөнүндө, транспорт документинин аталышы жана номери жөнүндө, тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы боюнча кодду көрсөтүү менен товардын аталышы жөнүндө, толук, таза салмагы жөнүндө, товардын ар бир аталышы боюнча фактуралык баасы жөнүндө, товардын фактуралык баасын тастыктаган документтин номер жана датасы жөнүндө, тышкы соода келишиминин номер жөнүндө маалыматтар камтылуусу керек.
5. Бажы союзунун Бажы кодексинин 41-беренесинин 2 жана 3-пункттарына ылайык атайын жеңилдетүү колдонулган товарларды эсепке алуу боюнча отчеттуулук товарларды сактоого жайгаштырылган күн жөнүндө, колдонулган атайын жеңилдиктер жөнүндө, бажы операциялары атынан жүргүзүлгөн жак жөнүндө, бажы декларациясынын номери жөнүндө, коштогон транспорттун документинин номери жөнүндө, Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын коду жөнүндө, толук жана таза салмагы жөнүндө, товарлардын фактуралык баасы жөнүндө, төлөнгөн бажы алымдарынын жана салыктардын суммасы жөнүндө маалыматтар камтылуусу керек.
6. Отчётторду бажы органына электрондук санарип колтамга бар болгон учурда электрондук түрдө же электрондук санарип колтамгасы жок электрондук түрдө, кагаз түрүндө маалыматты милдеттүү түрдө берүү менен берүүгө болот.
7. Отчётторду бажы органына ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, белгиленген мөөнөттө бербегендиги жана (же) өз убагында бербегендиги үчүн аны менен катар так эмес маалыматтар камтылган отчётторду бергендиги үчүн ыйгарым укуктуу экономикалык орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликти көтөрөт.
8. Ушул беренеде белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу экономикалык оператор тарабынан берилген отчёттордун формалары Кыргыз республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
238-берене. Товарларды чыгаруу
1. Товарларды чыгаруу бажы органы тарабынан бажы союзунун Бажы кодексиндеги 28-бапка ылайык ишке ашырылат.
2. Бир товардык партияда бир нече товарлар камтылган учурларда бажы органы чыгаруунун шарттары сакталган товарларды чыгарууну ишке ашырат. Декларант товардык партияда камтылган, калган товарларды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин убактылуу сактоо кампасынан чыгарылган товарларды чыгарууну ишке ашырбай коюуга укуктуу.
239-берене. Товарлар чыгарылгандан кийин документтерди берүү
1. Товарларды чыгарууда бажы органына лицензиялар, тастыктамалар, уруксаттар же чектөөлөрдүн сакталгандыгын ырастаган башка документтер берилбеген учурда декларанттын жазуу түрүндөгү электрондук формадагы жүйөлүү кайрылуусу боюнча мындай документтерди, аларды алуу үчүн зарыл болгон мөөнөттө, же аларды алуу үчүн зарыл болгон башка мөөнөт белгиленбеген болсо товарлар чыгарылгандан кийин 45 күндөн кечиктирбестен берүүгө уруксат берилет. Товарларды чыгаруу декларант тарабынан жазуу же электрондук формада белгиленген мөөнөттө документтерди берүү жөнүндө милдеттенмелер берилген учурда ишке ашырылат.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн товарлар үчүнчү жактарга, анын ичинен аларды сатуу же башка ыкма менен ажыратуу жолу менен өткөрүп берүүгө тыюу салынган, ал эми көрсөтүлгөн товарларды киргизүүгө чектөөлөр бул товарлардын сапатын жана коопсуздугун текшерүүгө байланыштуу белгиленген учурда аларды бардык формада колдонууга (пайдаланууга, керектөөгө) тыюу салынган.
3. Бажы органдары декларанттан ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген чектөөлөрдү сактоо жөнүндө милдеттенмелерди берүүнү талап кылууга, документтер алынганга чейин товарлардын таңгактарын, алар сакталган имаратарга пломбаларды жана мөөрлөрдү басууну ишке ашырууга, ошондой эле көрсөтүлгөн чектөөлөрдү сактоону камсыздаган башка чараларды колдонууга укуктуу.
4. Эгер декларант бажы органдарына кайрылганга чейинки бир жылдын ичинде бажы иши чөйрөсүндөгү укук бузуулар үчүн административдик жоопкерчиликке тартылган болсо, бажы органдары ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган документтерди берүүгө уруксат берүүдөн баш тартат.
5. Бажы органы товарлар чыгарылгандан кийин кайрылуу берилген күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен, баш таруунун себептерин көрсөтүү менен жазуу түрүндө же электрондук формада ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган документтерди берүүгө уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө декларантка маалымат берет.
240-берене. Товарларды чыгаруунун мөөнөттөрү
1. Эгер ушул Мыйзамда башкалар каралбаган болсо, товарларды чыгаруу Бажы союзунун Бажы кодексинин 196-беренесинин 1-пунктунда белгиленген мөөнөттөн кечиктирилбестен, эң кыска мөөнөттө ишке ашырылат. Көрсөтүлгөн мөөнөттө бажы органдары зарыл болгон учурда бажы декларациясын, товарларды жана алардын документтерин текшерүүнү ишке ашырат.
2. Бажы союзунун Бажы кодексинин 196-беренесинин 4-пунктунун негизинде, бажы декларациясы катталган күндөн кийинки күндөн баштап он жумуш күндүн чегинде товарларды чыгаруунун мөөнөтүн узартууга төмөнкү учурларда гана жол берилет:
1) эгер Бажы союзунун Бажы кодексинин жана ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык декларант тарабынан бажы алымдарын, салыктарды төлөөнү камсыздоо – көрсөтүлгөн камсыздоо берилгенге чейин берилген шартта товарларды чыгаруу ишке ашырылуусу мүмкүн;
2) эгер декларант тарабынан лицензиялар, тастыктамалар уруксаттар же чектөөлөрдүн сакталгандыгын ырастаган башка документтер берилбесе – ушул Мыйзамдын 239-беренине ылайык декларант тарабынан көрсөтүлгөн документтер берилгенге чейин же жазуу же электрондук фомада кайрылуу берилгенге чейин;
3) ушул Мыйзамдын 36-беренесине ылайык Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы боюнча товарлардын классификациясын аныктоо максатында кошумча текшерүү жүргүзүлгүн учурда – текшерүү аяктаганга чейин;
4) Бажы союзунун бажы кодексинин 69-беренесине ылайык кошумча текшерүү жүргүзүлгөн учурда – бажы алымдарын, салыктарын төлөөгө тиешелүү камсыздоо берилгенге чейин;
5) Бажы декларациясында маалыматтары берилген товарларга тиешелүү кошумча документтер жана маалыматтар суралган учурда, же бажы декларациясындагы декларацияланган товарлар жөнүндө маалыматтар берилген документтерде жана (же) товарлардын маркаларында же таңгагындагы башка маалыматтарга жана (же) товарлардын тышкы көрүнүшүнө ылайык келбеген учурда товарлар аларды бажылык кароо формасында текшерилген учурда, бажы декларациясы жүргүзүлгөн учурда мүмкүн болгон бузуулар жөнүндө алдын ала маалыматтар бар болгон учурда, ошондой эле ушул Мыйзамдын 245-беренесинде көрсөтүлгөн Бажы союзунун бажы мыйзамдарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарын бузуу менен товарларды Кыргыз Республикасына киргизилген же Кыргыз Республикасынан чыгарылган товарлар катарында идентификацияланган учурларда – суралган кошумча документтер алынганга чейин же товарларды бажылык кароо аяктаганга чейин;
6) бажы органынын чечимине ылайык кошумча эсептелген бажы алымдары менен салыктарды төлөө зарылчылыгына байланыштуу товарды чыгаруунун мөөнөтүн узартуу жөнүндө декларанттын жазуу түрүндөгү кайрылуусу берилген учурда – бажы алымдары, салыктары төлөнгөнгө чейин.
3. Эгер Бажы союзунун Бажы кодексинде кошумча документтер менен маалыматтар текшерилгенге чейин товарларды чыгаруу ишке ашырылбай тургандыгы түз көрсөтүлбөгөн болсо же текшерүү үчүн көрсөтүлгөн товарлар өзүнчө түрлөр боюнча таңгактоочу орундарга бөлүнбөгөн болсо жана (же) товарлардын коммерциялык жана (же) транспорттук документтеринде таңгактары жана маркалары жөнүндө маалыматтар көрсөтүлбөгөн болсо, бажы органы ушул берененин 4 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча товарларды чыгаруунун мөөнөтүн узартууга укуктуу. Көрсөтүлгөн жагдайлар бажы органдарына товарлардын алар тууралуу маалыматтарга ылайык келүүсүн аныктоо үчүн зарыл операцияларды жүргүзүүгө мүмкүндүк бербеген шартта Товарларды текшерүүнүн мөөнөтүн узартуу ишке ашырылат. Товарларды текшерүү мөөнөтү товарларга тиешелүү ыйгарым укуктуу жак үчүн товардык партияны өзүнчө товарларга бөлүү үчүн зарыл болгон убакытка узартылат.
241-берене. Товарларга декларация берилгенге чейин товарларды чыгаруу
Товарларга декларациялар берилгенге чейин товарларды чыгарууну ишке ашыруунун негиздери жана шарттары бажы союзунун Бажы кодексинин 197-беренесинде белгиленген.
242-берене. Шарттуу чыгаруу
1. Бажы союзунун Бажы кодексинин 200-беренинин 1-пунктунда белгиленген учурларда чыгарылган товарлар, ошондой эле төмөнкү товарлар шарттуу чыгарылган товарлар болуп эсептелет:
1) убакыттын белгиленген мезгилинде куралбаган же ажыратылган түрдө, анын ичинен комплект эмес же аяктабаган түрдө өзүнчө товардык партиялар менен киргизилген товардын компоненттери;
2) бажы кампасына бажы жол-жобосу алдына жайгаштырылган (анын ичинен товарларды бажы кампасына иш жүзүндө жайгаштырбастан), алымы жок сооданын, бажынын аймагында кайра иштетилүүчү, ички керектөө үчүн кайра иштетиле турган, убактылуу киргизилген (мүмкүнчек), реэкспорттун, бажылык транзиттин, жоготула турган, кыргыз Республикасынын аймагына киргизилген товарларга колдонула турган атайын бажы жол-жобосу алдына жайгаштырылган товарлар;
3) Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан аныкталган учурларда башка товарлар.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн товардын компоненттери үчүнчү жактарга, анын ичинен аларды сатуу же башка ыкмалар менен ажыратуу жолу менен өткөрүп берүүгө тыюу салынган жана берилген бажы жол-жобосуна ылайык товарды чыгаруу жөнүндө бажы органы тарабынан чечим кабыл алынганга чейин шарттуу чыгарылган болуп эсептелет.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн товарлар алар тарабынан Бажы союзунун товары макамы алынганга чейин, иш жүзүндө жоготулганга чейин же мамлекеттин пайдасына баш тартылганга чейин шарттуу чыгарылган болуп эсептелет.
243-берене. Товарларды чыгаруудан баш тартуу
1. Бажы союзунун бажы кодексинин 201-беренесине ылайык товарларды чыгаруудан баш тартууда бажы органы декларантка анын бажы декларациясынын нускасын кайтарып берет, ошондой эле ушул Мыйзамдагы 42-бапка ылайык бажы алымдарынын төлөнгөн суммасын кайтарып берет (бажы операциялары үчүн төлөнгөн бажы жыйымдарынан тышкары).
2. Товарларды чыгаруудан баш тартууга ушул Мыйзамдын 11-бөлүгүнө ылайык даттанууга болот.
3. Эгер товарларды чыгаруунун шарттары бир товардык партияда камтылган айрым товарларга карата сакталбаса, бажы органы товарлардын калган бөлүгүн чыгарууну ишке ашырат. Көрсөтүлгөн учурда бажы органы чыгаруудан баш тартылган товарларга тиешелүү документтерди гана кайтарып берет. Эгер мындай документтерди бөлүүгө мүмкүн болбосо бажы органы алардын көчүрмөлөрүн даярдайт жана аларды белгиленген тартипте күбөлөндүрөт. Күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрдү декларант чыгаруудан баш тартылган товарларга кайталап бажы декларациясын берүүдө колдоно алат.
4. Товарлардын бир партиясындагы айрым товарларга карата гана товарларды чыгаруу шарттары сакталбаган учурда бажы органы товарлардын калган бөлүгүн чыгарат. Көрсөтүлгөн учурда бажы органы чыгаруудан баш тарылган товарларга таандык болгон документтерди гана кайтарып берет. Эгерде мындай документтерди бөлүп чыгарууга мүмкүн болбосо, бажы органы алардын көчүрмөлөрүн даярдайт жана белгиленген тартипте күбөлөндүрөт. Документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн декларант чыгаруудан баш тартылган товарларды кайталап бажылык декларациялоодо пайдаланууга укуктуу.
244-берене. Бажы контролун жүргүзүү
1. Бажы контролу бажы органдары тарабынан бажы союзунун бажы мыйзамдарына жана кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
2. Бажы контролу бажы союзунун бажы кодексинин 95-беренесинде аныкталган обьекттерге карата жана өткөрүү орундарында жүргүзүлөт.
3. Бажы контролун жүргүзүүдө бажы органдары тандоо принциптеринен колдонот жана Бажы союзунун мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарын сактоону камсыздоо үчүн жетиштүү болгон бажы контролунун формалары менен гана чектелет. Бажы контролун жүргүзүүнү формаларын жана методдорун тандоодо бажы органдары бажы контролунун техникалык каражаттарын, бажы контролун жүргүзүүдө декларанттарга, ташуучуларга жана башка жактарга товарларды сактоо, транспорт каражаттарынын туруп калуусу, товарларды чыгаруунун мөөнөтүн жогорулатуу менен байланыштуу, эгер алар аныкталган бажы иши чөйрөсүндөгү олуттуу бузуулардын белгилерине байланыштуу өзгөчө жагдайларга жана көрсөтүлгөн бузууларды аныктоо жана алдын алуу боюнча акыркы чараларды кабыл алуу зарылчылыгына байланыштуу болбосо, зыян келтирүүгө жол бербөө үчүн маалыматтарды алдын ала талдоону колдонууга милдеттүү.
4. Бажы контролунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында бажы органдары кыргыз республикасынын мыйзамдарына ылайык башка контролдоочу органдар менен, ошондой эле ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактар менен өз ара аракеттенет.
5. Бажы союзунун Бажы кодексине жана ушул Мыйзамга ылайык бажы контролунун айрым формаларын жүргүзүүдө бажы органдары тарабынан түзүлгөн актылардын, токтомдордун жана башка процессуалдык документтердин формалары документтер, Бажы союзунун Бажы кодекси менен көрсөтүлгөн ыйгарым укуктар бажы союзунун Комиссиясына жүктөлгөн учурдан башка учурларда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
245-берене. Тобокелдиктерди башкаруу тутуму
1. Тобокелдиктерди башкаруу тутумун колдонуунун стратегиясы жана тактикасы, маалыматтарды топтоонун иштеп чыгуунун, тобокелдиктерди талдоонун жана баалоонун, тобокелдиктерди башкаруу боюнча чараларды иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун тартибин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт.
2. Тобокелдиктин белгиленген профилдеринде камтылган маалыматтарды бажы органдары тарабынан колдонуунун тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан регламенттелет.
3. Тобокелдиктин белгиленген профилдеринде камтылган жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматтар ачыктоого (жайылтууга) же үчүнчү жактарга, анын ичинен ушул Мыйзамдын 6-беренесинде белгиленген учурлардан тышкары мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилбейт. Мындай маалыматты өткөрүп берүү тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
246-берене. Бажы контролунун аймактары
1. Бажы союзунун Бажы кодексине жана ушул Мыйзамга ылайык бажы операцияларын жана бажы контролун жүргүзүүгө байланышкан чараларды ишке ашыруу максатында туруктуу же убактылуу болушу мүмкүн болгон бажы көзөмөлүнүн аймактары түзүлөт.
2. Бажы контролунун туруктуу аймактары Кыргыз Республикасынын чек арасын бойлото, Кыргыз Республикасынын чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында, бажы органдарына тиешелүү жайларда жана аймактарда, убактылуу сактоочу кампалардын, бажы кампаларынын, алымсыз соода дүкөндөрүнүн аймактарында түзүлөт.
Бажы контролу аймактарын түзүүнүн жана белгилөөнүн тартиби, ошондой эле бажы контролу аймагынын укуктук режими Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
3. Өндүрүштүк жана башка коммерциялык ишмердикти жүргүзүү, товарларды, транспорттук каражаттарды, жактарды, анын ичинен башка мамлекеттик органдардын кызматтык жактарын бажы контролу аймактарындагы чек арадан жана алардын чегинде алып өтүүгө бажы органдарынын уруксаты жана алардын көзөмөлүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жол берилет.
4. Бул берененин жоболору ушул Мыйзамдын 234-беренесине ылайык ыйгарым укуктуу оператордун товарларды имараттарда, ачык аянттарда жана башка аймактарда убактылуу сактоосуна колдонулбайт.
247-берене. Бажы контролун ишке ашыруу мөөнөттөрү
1. Бажы союзунун бажы мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын жоболорунун сакталышын текшерүүгө - товарлардын бажы контролунда турган убакыттын ичинде же бажыдан тышкары аймакта убактылуу чыгаруу же кайра иштетүү бажы жол-жоболорунун иш-аракети токтогонго чейин жол берилет.
2. Бажы органдары товарларды чыгаргандан кийин товарлардын бажы контролунда турган мөөнөтү аяктаган учурдан тартып үч жылдын ичинде бажы контролун жүргүзүшөт.
248-берене. Бажы контролун жүргүзүүдө көмөк көрсөтүү үчүн башка мамлекеттик органдардын адистерин ишке тартуу
1. Бажы органдары бажы контролун жүргүзүүдө көмөк көрсөтүү үчүн башка укук коргоо же контролдоочу органдардан адистерди ишке тартууга укуктуу.
Бажы органдары бажы контролун жүргүзүүдө көмөк көрсөтүү үчүн башка укук коргоо же контролдоочу органдардан адистерди ишке тартуу Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларында ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана тийиштүү укук коргоо жана контролдоочу органдардын биргелешкен актыларында аныкталган тартипте ишке ашырылат.
2. Башка мамлекеттик органдардын адистерин ишке тартууга байланышкан сарптоолор, эгер бул иш алардын кызматтык милдеттерине кирбесе, бажы органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте төлөнөт.
249-берене. Бажы контролу үчүн зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды берүү
1. Декларант, бажы иши чөйрөсүндөгү ишти жүргүзүүчү жактар жана башка кызыкдар жактар Бажы союзунун Бажы кодексинин 98-беренесине ылайык бажы органдарына бажы контролу үчүн зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
2. Бажы органдары юридикалык жактарды мамлекеттик каттоону жүргүзгөн органдардан жана башка органдардан бажы контролун жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды алууга укуктуу. Маалымат алмашуу тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аталган маалыматтар карамагында болгон мамлекеттик орган менен биргеликте аныкталат.
3. Бажы органы бажы контролу үчүн зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды жазуу жүзүндө жана (же) электрондук таризде суратат.
Документтерди жана маалыматтарды берүү талабы жөнөтүлгөн жак аларды бажы органына токтоосуз, ал эми аларды даярдоо же башка жактардан алуу зарылчылыгы болгон учурда - беш күндөн кечиктириестен жөнөтүүгө же берүүгө милдеттүү. Жактын жүйөлөштүрүлгөн кайрылуусу боюнча көрсөтүлгөн мөөнөт бажы органы тарабынан документтерди жана маалыматтарды берүү үчүн зарыл болгон убакытка узартылат.
4. Бажы контролу үчүн зарыл болгон документтерди декларант жана башка кызыкдар жактар, ошондой эле бажы органдары товарлар бажы контролунда турган статусун жоготкон жылдан кийин кеминде үч календардык жыл бою сактоого тийиш. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор, бажы өкүлдөрү, убактылуу сактоочу кампалардын ээлери, алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлери, бажы кампаларынын ээлери жана бажы ташуучулары аталган документтерди бажы жол-жобосу жүргүзүлгөн жылдан кийин беш календардык жыл бою сактоого тийиш.
250-берене. Банктар тарабынан бажы текшерүүсүн жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды берүүсү
1. Бажы текшерүүсүн жүргүзүүчү бажы органы текшерилүүчү юридикалык жана жеке жактардын ишине тийиштүү документтери жана маалыматтары бар банктардан Кыргыз Республикасынын банктар жана банк ишмердиги жөнүндө мыйзамдарына ылайык маалымат суроого укуктуу. Документтерди жана маалыматтарды берүү жөнүндө жүйөлүү сурамды алган банк аны алган күндөн тартып он күндүн ичинде аткарууга тийиш же ошол эле замат суралган документтер жана маалыматтар жок экенин билдирет.
2. Банктар тарабынан бажы органдарына берилүүчү документтердин көчүрмөлөрүн нотариалдык ырастоону талап кылууга жол берилбейт, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралган болбосо.
3. Бажы органы тарабынан банкка жөнөтүлгөн сурамдын формасы жана тартиби, ошондой эле банктар тарабынан бажы органдарынын сурамы боюнча берилген документтерди жана маалыматтарды берүүнүн формасы жана тартиби Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
251-берене. Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз киргизилген товарларды, же бажы жол-жоболорун колдонуу шарттары, товарларды пайдалануу жана/же тескөө боюнча чектөөлөр бузулган товарларды тапкан бажы органдарынын кошумча укуктары
1. Бажы контролунун алкагында бажы органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз киргизилген товарларды, же бажы жол-жоболорун колдонуу шарттары, товарларды пайдалануу жана/же тескөө боюнча чектөөлөр бузулган товарларды, аларга карата кирүүчү бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча жеңилдиктер берилген, мунун натыйжасында бажы алымдары жана салыктар төлөнбөгөн товарлар, же ишкерликти жүргүзүүгө байланыштуу Бажы союзунун бажы аймагында товар алган жактар тарабынан тыюулар жана чектөөлөр сакталбаган болсо, эгерде алар алынып коюлбаса жана аларга Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жана кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык камоо коюлбаса мындай товарлар бажы органдары тарабынан алып коюуга жатат.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык товарларды алып коюу бажы органынын административдик укук бузуу жөнүндө иши же козголгон кылмыш иши боюнча мындай товар табылган жактын, же анын өкүлүнүн катышуусу менен түзүлгөн токтомдун негизинде жүргүзүлөт.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык алып коюлган товарлар ушул Мыйзамдын 69-беренесине ылайык убактылуу сактоочу кампаларга же Бажы союзунун Бажы кодексиндеги 21-бапка белгиленген эрежелер боюнча башка жайларга жайгаштырылат.
4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө аталган жактар Бажы союзунун Бажы кодексинин 81-беренесине ылайык бажы алымдарын, салыктарын төлөөгө, чектөөлөрдүн сакталышы ырасталган документтерди берүүгө жана товарларды декларациялоону жүргүзүүгө укуктуу. Аталган бажы төлөмдөрүнүн суммаларына туумдар чегерилбейт. Эгерде мындай жактар бажы төлөмдөрүн алардан ушул берененин 1-бөлүгүндө аталган товар табылган күндөн тартып беш күндөн кечиктирбей төлөсө, мындай товарларга карата чектөөлөрдү сактоо боюнча талаптар аткарылган шартта мындай товарлар алып коюлбайт.
5. Ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык алып коюлган товарлар ушул берененин 4-бөлүгүндө белгиленген талаптарды аткарган жакка ушул берененин 3-бөлүгүндө белгиленген алып коюлган товарларды сактоо мөөнөтү аяктаганча кайтарылып берилет, эгерде Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндөгү мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары учурларда. Мында үч нускада акт түзүлөт, товарды алып коюуну жүргүзгөн бажы органынын кызматтык жактары, тарабынан кол коюлат. Аталган актынын экинчи нускасы алып коюлган товар кайтарылган жакка, же анын өкүлүнө, үчүнчү нускасы алып коюлган товарды сактоочу жакка, же анын өкүлүнө берилет.
6. Ушул берененин 4-бөлүгүндө белгиленген талаптар ушул берененин 1-бөлүгүндө аталган жактар тарабынан аткарылууда товарлар бажы максаттарына бажы контролунда турган статусун жоготкон товарлар катары каралат, бул бажы же башка мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз товар алып кирүүгө катышкан жактарды табуу боюнча зарыл иш-аракеттерди көрүүгө тоскоолдук кылбайт.
7. Ушул берененин 1-бөлүгүндө аталган товарларды алган жактар ушул берененин 4-бөлүгүндө белгиленген талаптарды аткаруудан баш тартышса, сактоо мөөнөтү бүткөнчө мындай товарларды тескөө ушул мыйзамдын 283-беренесине ылайык жүргүзүлөт.
8. Ушул берененин 4 жана 5-бөлүктөрүндө белгиленген жоболор Кыргыз Республикасынын аймагына киргизүүгө тыюу салынган товарларга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүгүртүүгө тыюу салынган товарларга, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тизмеси бекитиле турган товарларга, ошондой эле Бажы союзунун мүчө-мамлекеттеринин эл аралык келишимдерине же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алып кирүүдө сандык чектөөлөр коюлган товарларга жайылтылбайт. Аталган товарлар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган учурда жана тартипте Кыргыз Республикасынын аймагына мындай товарларды мыйзамсыз (такталган болсо) ташып келген жактардын жана мындай товарлар алып коюлган жактардын эсебинен, эгерде аталган жактар Кыргыз Республикасынын аймагына мындай товарларды ташып келүү мыйзамсыз экени жөнүндө билген же билүүгө тийиш болгон болсо, же башка учурларда мамлекеттик бюджеттин эсебинен жок кылынат.
252-берене. Бажы контролун жүзөгө ашырууда техникалык каражаттарды пайдалануу
Бажы контролун жүргүзүү убактысын кыскартуу жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында бажы органдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тизмеси жана колдонуу тартиби аныкталган бажы контролунун техникалык каражаттарын пайдаланышы мүмкүн.
253-берене. Товарларды жана транспорттук каражаттарды, жайларды жана башка жерлерди идентификациялоо
Бажы контролу астындагы товарларды, транспорт каражаттарын, жайларды, идиштерди жана бажы контролуна таандык товарлар турган же болушу мүмкүн башка жерлерди идентификациялоо каражаттарын колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
254-берене. Административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүш жүргүзүүдө, жарандык жана жазык иштеринин кароодо бажы контролунун натыйжаларын пайдалануу
Ушул бөлүмдүн жоболоруна ылайык таризделген бажы контролун жүргүзүүнүн натыйжалары жазык жана жарандык иштер боюнча жана административдик жоопкерчилик жөнүндө иштер боюнча далилдер катары берилет жана Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын жарандык процесстик мыйзамдар же Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарына ылайык башка далилдер менен катар көрсөтүлгөн иштерди, чечимди даттанууларды, бажы органдардын жана алардын кызматкерлеринин аракеттерин (аракетсиздигин) же экономикалык талаштар боюнча иштерди кароодо сот же кызматкер тарабынан баа берилүүгө жатат.
255-берене. Бажы контролун жүргүзүүдө бажылык экспертизалоо. Бажы контролун жүргүзүүдө адистердин жана эксперттердин катышуусу
1. Бажы контролун өткөрүүгө адистерди жана эксперттерди тартуу Бажы союзунун Бажы кодексиндеги 101, 102-беренелеринде жана 20-бапта аныкталган учурларда жана тартипте жүзөгө ашырылат.
2. Бажы контролун өткөрүүдө бажылык экспертиза ушул берененин жоболорун эске алуу менен Бажы союзунун Бажы кодексиндеги 20-бапка ылайык жүргүзүлөт.
3. Бажы союзунун Бажы кодексинин 139-беренесинин 2-пунктунда каралган бажы экспертизасын өткөрүү мөөнөтү экспертизаны өткөрүү үчүн керек болгон мөөнөткө мындай узартуу себебин көрсөтүү менен бажы экспертизасын өткөргөн бажы органынын начальнигинин (начальниктин орун басарынын) жазуу жүзүндөгү уруксаты менен узартылат, ага ушул Мыйзамга ылайык товарларды чыгаруу экспертизанын жыйынтыктарын алганга чейин жүзөгө ашпай турган учур кирбейт. Мындай учурда экспертиза Бажы союзунун Бажы кодексинин 196-беренесинин 4-пунктуна ылайык көрсөтүлгөн мөөнөткө узартууну эске алуу менен товарды чыгаруу мөөнөтүнөн ашпаган мөөнөткө узартылат.
4. Бажы экспертизасы башка уюмда өткөрүлгөн учурда бажы экспертизасын дайындаган бажы органынын жазуу жүзүндөгү уруксаты боюнча бажы экспертизасын өткөрүү мөөнөтү узартылышы мүмкүн, мында экспертизанын жыйынтыктары алынганга чейин товарлар чыгарылбаган учурлардан сырткары экспертиза жүргүзүү үчүн зарыл болгон мөөнөткө узартуунун себеби көрсөтүлүшү керек. Мындай учурда экспертиза Бажы союзунун Бажы кодексинин 196-беренесинин 4-пунктуна ылайык көрсөтүлгөн мөөнөткө узартууну эске алуу менен товарларды чыгаруу мөөнөтүнөн ашпаган мөөнөттө өткөрүлүүгө тийиш.
5. Бажы экспертизасын жүргүзүү мөөнөтү Бажы союзунун Бажы кодексинин 139-беренесинде аныкталган учурларда, ошондой эле берилген объекттер бажы экспертизасын дайындоо тууралуу чечимде көрсөтүлгөн тизмесине ылайыксыз болгон учурда 10 иш күндөн ашпаган мөөнөткө токтотулат. Бажы экспертизасын өткөрүү мөөнөттөрүн токтото туруу тартибин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт.
6. Бажы экспертизасын өткөрүүдөн Бажы союзунун Бажы кодексинин 138-беренесинин 5-пунктунда каралган учурларда, ошондой эле башка уюмда талап кылынган квалификациядагы эксперт жок болгон учурда баш тартылат.
7. Бажы экспертизасын өткөрүү үчүн товарлардын сынамын жана үлгүлөрүн тандоо тартибин Бажы союзунун Бажы кодексинин 144-беренесинде каралган жоболордун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
8. Бажы экспертизасын дайындоо тууралуу чечимдин, бажы экспертизасын өткөрүүдө эксперттин корутундусунун формасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
9. Бажы контролунун жыйынтыгы менен жактар жаза же административдик жоопкерчиликке тартылганда экспертиза жасагандан башка учурларда экспертизаны өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды экспертизаны өткөрүү учурунан тышкары ушул беренеде көрсөтүлгөн жактар төлөшөт.
10. Бажы экспертизасын өткөрүүгө башка уюмдун экспертин (адисин) тартуу тууралуу чечимди кабыл алуу тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
256-берене. Бажы контролун жүргүзүү формасы жана тартиби
Бажы контролун ушул Мыйзамда белгиленген жоболорду эске алуу менен Бажы союзунун Бажы кодексиндеги 16 жана 19-баптарында белгиленген формаларда жана тартиптерде бажы органы жүзөгө ашырат.
257-берене. Товарларды, транспорт каражаттарын кароо
1. Бажы органынын кызмат адамы тарабынан товарлардын жана транспорттук каражаттардын, анын ичинде эл аралык почта жиберүүлөрүн, жеке жактардын жүгүнүн каралышы бажы контролдугу астындагы товарлардын мүнөзү, тек-жайы, абалы, саны жөнүндө, товарларда, транспорттук каражаттарда жана алардын жүк салынуучу жайларында бажы пломбаларынын, мөөрлөрүнүн жана башкалар басылган идентификациялоо каражаттарынын бар экендиги жөнүндөгү маалыматтардын тастыктоосун алуу максатында жүргүзүлөт.
2. Товарларды жана транспорттук каражаттарды кароо - эгерде мындай кароо транспорттук каражаттардын же анын жүк салынуучу жайларынын ачылганына жана товарлардын таңгагынын бузулганына бажы контролунун максаттары үчүн товарлар, жеке жактардын жүгү, транспорттук каражаттар, жүк салынуучу сыйымдуулуктар, бажы пломбаларынын, мөөрлөрүнүн жана товарларды идентификациялоонун башка каражаттарынын бар же жоктугу сырттан көз жүгүртүп каралат.
3. Бажы контролунун зонасында товарларды жана транспорттук каражаттарды кароо декларант, товарлар жана транспорттук каражаттар жагынан ыйгарым укуктарга ээ болгон жактар жана алардын өкүлдөрү жок учурда жүргүзүлүшү мүмкүн, буга аталган адамдар кароого катышуу ниетин билдирген учурлар кирбейт.
4. Товарларды жана транспорттук каражаттарды кароонун жыйынтыгында товарлар жана транспорттук каражаттар жөнүндө маалыматтар билдирилген маалымдарга жана көрсөтүлгөн документтерге туура келбегендиги, товарлардын жана транспорт каражаттарынын бүтүндүгүнүн же товарлардын бузулгандыгын көрсөтүүчү сырткы белгилер аныкталганда, кароону жүргүзгөн бажы органынын кызмат адамы тарабынан Бажы союзунун Комиссиясы бекитүүчү формада акт түзүлөт. Актынын экинчи нускасы, кароонун жыйынтыгында товарларга жана (же) транспорттук каражаттарга карата ыйгарым укуктарга ээ болгон жакка тапшырылат.
5. Жайларды жана аймактарды бажылык кароо бажы органынын жайларды жана аймактарды бажылык кароо жөнүндө чечиминин негизинде жүргүзүлөт. Көчмө бажы текшерүүсүн өткөрүүдө жайларды жана аймактарды бажылык кароо көчмө бажы текшерүүсүн өткөрүү тууралуу чечимдин негизинде жүргүзүлөт.
6. Жайларды жана аймактарды бажылык кароо аны өткөрүү үчүн керек болгон минималдуу мөөнөттө өткөрүлөт.
258-берене. Товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык текшерип кароо
1. Бажылык текшерип кароо бажы органы тарабынан ушул Мыйзамда белгиленген талаптарды жактардын аткарганын текшерүү максатында жүргүзүлөт.
2. Бажылык текшерип кароо төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) товарларды жана транспорт каражаттарын жайгаштырган жак Кыргыз Республикасынын аймагына тыюу салуулар жана чектөөлөр менен коштолгон товарларды ташып кирип же Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгарып жатат же ушул Мыйзамда белгиленген тартипти бузуу менен товарларды жана транспорт каражаттарын жайгаштырып жатат деп күмөн саноого негиз бар болсо;
2) товарларга карата ыйгарым укукка ээ декларанттын же башка жактын арызынын негизинде;
3) бажы декларациясында жана товарларды бажылык декларациялоодо берилген башка документтерде товарларды чыгаруу тууралуу чечимди кабыл алууга таасир эткен анык эмес маалыматтар болсо;
4) шарттуу чыгарылган товарларды пайдалануу жана тескөө боюнча чектөөлөрдү сактоо максатында;
5) тобокелдикти башкаруу тутумунун профилинин жыйынтыктары боюнча;
6) бажы контролунун техникалык каражаттарын колдонуу менен бажылык контролдоонун жыйынтыгы боюнча;
7) ушул Мыйзамдын 234-беренесинин 9-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча.
3. Бажылык текшерип кароо болуп бажы органдарынын кызмат адамдарынын төмөнкүлөр менен байланышкан иш-аракеттери эсептелет:
1) товарлардын таңгагын же транспорт каражатынын жүк коюучу жерин же болбосо товарларга коюлган идентификациялоо каражаттарын бузуу менен товарлар жайгашышы мүмкүн болгон идиштерди, контейнерлерди жана башка жерлерди ачуу, текшерилүүчү объекттерди жана алардын бөлүктөрүн башка ыкмалар менен ажыратуу, демонтаждоо же бүтүндүгүн бузуу менен;
2) товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүүдө жана товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык тариздөөдө берилген документтерде камтылган маалыматтарды салыштыруу менен;
3) товарлар тууралуу иш жүзүндөгү маалыматтардын билдирилген маалыматтарга же берилген документтерге шайкештигин салыштыруу менен.
4. Бажылык текшерип кароону өткөрүүгө ыйгарым укуктуу бажы органынын кызмат адамы декларантка же товарларга карата ыйгарым укукка ээ болгон башка жактарга, эгерде бул жактар белгилүү болсо, бажылык текшерип кароону өткөрүү орду жана убактысы тууралуу кабарлайт.
Декларант, товарларга карата ыйгарым укуктарга ээ болгон башка жактар жана алардын өкүлдөрү өз демилгеси менен ушул берененин 6-пунктунда белгиленгенден башка учурларда бажылык текшерип кароого катышууга укуктуу.
Бажылык текшерип кароону өткөрүү убактысынын башталышы мындай жактардын келүүсүнүн ылайыктуу мөөнөтүн эске алууга тийиш.
5. Жайларда жана (же) аймактарда жүзөгө ашырылган бажы жагынан жеткире кароо бажы контролу зонасын түзүүсүз жүргүзүлөт.
6. Бажы органынын кызмат адамынын талабы менен декларант же товарларга карата ыйгарым укуктарга ээ болгон башка жактар жана алардын өкүлдөрү бажылык текшерип кароого катышууга жана бажы органынын кызмат адамына керектүү көмөктү көрсөтүүгө милдеттүү. Жүк ташуучу тарабынан атайын ыйгарым укук берилген өкүл жок болгондо транспорттук каражатты башкарган жеке жак ушундай өкүл болуп саналат.
7. Бажы органы декларант, товарлар жана (же) транспорттук каражаттар жагынан ыйгарым укукка ээ болгон дагы башка жактар же алардын өкүлдөрү жок учурда товарларды жана транспорттук каражаттарды бажылык текшерип кароону жүргүзүүгө төмөнкүдөй учурларда укуктуу:
1) көрсөтүлгөн жактар келбегенде же мындай жактар белгисиз болгондо;
2) улуттук коопсуздукка, адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна, жаныбарларга, айлана-чөйрөгө коркунуч болсо, эпизоотиялык кырдаал пайда болгондо, Кыргыз Республикасынын улуттук маданий баалуулуктар объекттерин сактоого коркунуч болгондо жана кечиктирүүгө болбой турган башка кырдаалдарда, анын ичинде эгерде товарлар тез күйүүчү заттардан, жарылуу коркунучу бар предметтер, жарылуучу, ууландыруучу, опурталдуу химиялык жана биологиялык заттар, баңги каражаттар, психотроптук, күчтүү таасирлүү, уулуу, токсиндүү, радиоактивдүү заттар, ядролук материалдар жана башка ушул сыяктуу товарлар экенин көрсөткөн белгилер бар болсо, ошондой эле товардан жагымсыз жыт чыкса;
3) товарларды эл аралык почта жиберүүлөрү менен жөнөткөндө;
4) товарларды жана транспорттук каражаттарды чыгаруу каралган бажы режиминин шарттарын бузуу менен Кыргыз Республикасынын аймагына калтырганда.
Аталган учурларда бажылык текшерип кароо эки күбөнүн катышуусу менен жүргүзүлөт.
8. Бажылык текшерип кароонун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген форма боюнча эки нускада бажылык текшерип кароо актысы түзүлөт.
Актынын экинчи нускасы товарларга карата ыйгарым укукка ээ болгон жакка же дайындалган өкүлүнө тапшырылат (жиберилет).
259-берене. Бажы органынын бажылык контролдо турган товарларды эсепке алуусу
Бажы органы тарабынан бажылык контролдо турган товарларды эсепке алуу тартибин жана формасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
260-берене. Товарларды эсепке алуу жана отчёт тутумун текшерүү
1. Бажы союзунун Бажы кодексинин 121-беренесинин 3-пунктуна ылайык бажы контролунун формасы катары товарларды эсепке алуу жана отчёт тутумун текшерүү бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактарга карата, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлорго, ошондой эле бажы аймагында кайра иштетүү, бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү, ички керектөө үчүн кайра иштетүү, убактылуу ташып кирүү (жол берүү), эркин бажы зонасы, бош кампа жана бул товарларды пайдалануу жана (же) тескөө боюнча чектөөлөр менен коштолгон бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча жеңилдиктерди берүү менен ички керектөө үчүн чыгаруу бажы жол-жобосунун алдында жайгаштырылган товарларга карата жүргүзүлөт.
2. Эсепке алуу жана отчёт тутумун текшерүүнү уюштуруу, өткөрүү жана жыйынтыгын тариздөө тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
3. Атайын жөнөкөйлөштүрүүнү колдонгон, ошондой эле бажы кампасынын, алымсыз соода дүкөнүнүн, бажы аймагында кайра иштетүү, бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү, ички керектөө үчүн кайра иштетүү же бул товарларды пайдалануу жана (же) тескөө боюнча чектөөлөргө пайдаланышкан бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча жеңилдиктерди берүү менен Бажы союзунун Бажы кодексинин 195-беренесинин 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн документтерди берүүгө байланышкан ички керектөө үчүн убактылуу ташып кирүү (жол берүү), эркин бажы чөлкөмү, эркин кампадан чыккан, бажы жол-жобосу алдына жайгаштырылган чет элдик товарларды пайдаланган жана (же) ээ болгон бажы иши чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактар товарлар же сакталып турган чет элдик товарлар чыккандан кийин сакталып турган, ташылган, сатылган, кайра иштетилген жана (же) колдонулган товарлар жана аткарылган бажы операциялары тууралуу отчетту берүүгө милдеттүү.
4. Ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн отчеттуулук бажы органына электрондук санариптик колу болгон учурда электрондук түрдө же маалыматты электрондук санариптик колу жок, бирок милдеттүү түрдө уюмдун жетекчисинин, башкы бухгалтеринин жана алар ыйгарым укук берген жактын колу коюлуп жана мөөр басылып, кагаз жүзүндө берилиши мүмкүн. Ушул берене менен каралган отчеттуулуктун формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
5. Бажы өкүлү квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейин бажы операциясы жүргүзүлгөн товарлар тууралуу өсүүчү жыйынтыктын отчетун бериши керек. Бул отчетто ар бир операцияга карата төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
1) бажы операциясын жүргүзгөн бажы органынын аталышы;
2) бажы декларациясынын номери;
3) көрсөтүлгөн бажы жол-жобосу;
4) жиберүүчүнүн (алуучунун) аталышы, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери;
5) бажы өкүлчүлүгүнө көрсөтүлгөн жактын келишиминин номери жана датасы;
6) бажы төлөмдөрүн жана салыктарын төлөгөн жак;
7) бажы төлөмдөрү жана салыктары төлөнгөн сумма;
8) тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы боюнча кодду көрсөтүү менен товардын аталышы;
9) товардын бажы наркы;
10) товардын таза салмагы;
11) аткарылган иш жана көрсөтүлгөн кызмат тууралуу актынын датасы жана номери;
12) бажы декларациясын толтурган жактын аты-жөнү, анын инсандыгын күбөлөндүргөн документтин (паспорттун) сериясы жана номери.
6. Декларант, бажы аймагында кайра иштеп чыгууну жүргүзгөн жак ар бир квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын онуна чейин даярдалган кайра иштетүү азыктарынын, таштандылардын жана калдыктардын санын салыштырып текшерүү максатында бажы аймагында кайра иштеп чыгуу бажы жол-жобосунун колдонуу талаптарынын жана шарттарынын аткарылышы тууралуу отчеттуулукту бажы органына берет. Бул отчетто аны бажы органына берген күнү төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
1) бажы аймагында кайра иштетүү бажы жол-жобосуна киргизилген жана өндүрүш процессинде колдонулган товарлардын аталышы жана саны, тийиштүү бажы декларациясынын номери менен;
2) Бажы союзунун бажы аймагынан же ички пайдалануу үчүн чыгаруу бажы жол-жобосуна ылайык чыгарылган же Бажы союзунун Бажы кодексине ылайык башка бажы жол-жобосуна киргизилген кайра иштетүү азыктарынын аталышы жана саны, тийиштүү бажы декларациясынын номери менен;
3) бажы жол-жобосуна киргизилбеген кайра иштетүү азыктарынын аталышы жана саны;
4) товарларды кайра иштетүүдөн пайда болгон таштандылардын аталышы жана саны.
7. Бажы аймагында товарларды кайра иштетүү уруксатында көрсөтүлгөн кайра иштетүү азыктарынын, таштандыларынын жана калдыктардын санын акыркы салыштырып текшерүү тууралуу отчет Бажы союзунун Бажы кодексинин 249-беренесинин 1-пунктуна ылайык бажы аймагында кайра иштетүү жол-жобосу аяктагандан кийин, бирок кайра иштетүү азыктарынын акыркы партиясы чыгарылган күндөн тартып 30 күндөн кечиктирилбестен бажы органына берилет.
8. Декларант, бажы аймагынан тышкары кайра иштеп чыгууну жүргүзгөн жак ар бир квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын онуна чейин даярдалган кайра иштетүү азыктарынын, таштандылардын жана калдыктардын санын салыштырып текшерүү максатында бажы аймагынан тышкары кайра иштеп чыгуу бажы жол-жобосунун колдонуу талаптарынын жана шарттарынын аткарылышы тууралуу отчетту бажы органына берет. Бул отчетто аны бажы органына берген күнү төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
1) берилген кайра иштетүү уруксатына ылайык бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосуна киргизилген жана өндүрүш процессинде колдонулган товарлардын аталышы жана саны, тийиштүү бажы декларациясынын номери менен;
2) Бажы союзунун бажы аймагына киргизилген жана тийиштүү бажы декларациясынын номери менен тиешелүү бажы жол-жобосуна жайгаштырылган кайра иштетүү азыктарынын аталышы жана саны;
3) Бажы союзунун бажы аймагына киргизилген, бажы жол-жобосуна жайгаштырылбаган кайра иштетүү азыктарынын аталышы жана саны;
4) Бажы союзунун бажы аймагына алып келинбеген кайра иштетүү азыктары, бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосуна жайгаштырылган Бажы союзунун бажы аймагына киргизилбеген товарлардын аталышы жана саны.
9. Бажы аймагынан тышкары товарларды кайра иштетүү уруксатында көрсөтүлгөн кайра иштетүү азыктарынын санын акыркы салыштырып текшерүү тууралуу отчет Бажы союзунун Бажы кодексинин 260-беренесине ылайык бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү жол-жобосу аяктаганга чейин, бирок форма боюнча кайра иштетүү азыктарынын акыркы партиясы чыгарылган күндөн тартып, 30 күндөн кечиктирилбестен бажы органына берилет.
10. Декларант, ички пайдалануу үчүн кайра иштеп чыгууну жүргүзгөн жак ар бир квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын онунчу числосуна чейин даярдалган кайра иштетүү азыктарынын, таштандылардын жана калдыктардын санын салыштырып текшерүү максатында ички пайдалануу үчүн кайра иштеп чыгуу бажы жол-жобосунун колдонуу талаптарынын жана шарттарынын аткарылышы тууралуу отчетту бажы органына берет. Бул отчетто аны бажы органына берген күнү төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
1) ички пайдалануу үчүн товарларды кайра иштетүүгө берилген уруксатка ылайык ички пайдалануу үчүн бажы жол-жобосуна жайгаштырылган жана өндүрүш процессинде колдонулган товарлардын аталышы жана саны, тийиштүү бажы декларациясынын номери менен;
2) эркин жүгүртүү үчүн чыгарылган же Бажы союзунун Бажы кодексине ылайык башка бажы жол-жобосуна жайгаштырылган кайра иштетүү азыктарынын аталышы жана саны, тийиштүү бажы декларациясынын номери менен;
3) бажы жол-жобосуна жайгаштырылбаган кайра иштетүү азыктарынын аталышы жана саны;
4) таштандыларды кайра иштетүүдөн алынгандардын аталышы жана саны.
11. Ички пайдалануу үчүн товарларды кайра иштетүү уруксатында көрсөтүлгөн кайра иштетүү азыктарынын, таштандылардын жана калдыктардын санын акыркы салыштырып текшерүү тууралуу отчет Бажы союзунун Бажы кодексинин 273-беренесинин 1-пунктуна ылайык ички пайдалануу үчүн товарларды кайра иштетүү жол-жобосу аяктаганга чейин, бирок кайра иштетүү азыктарынын акыркы партиясы чыгарылган күндөн тартып 30 күндөн кечиктирилбестен бажы органына берилет.
12. Убактылуу ташып келүү (киргизүү), эркин экономикалык чөлкөм, эркин кампа же бул товарларды пайдалануу жана (же) тескөө боюнча чектөөлөр менен, же Бажы союзунун Бажы кодексинин 195-беренесинин 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн документтерди берүү менен байланышкан пайдалануу жана (же) тескөө боюнча чектөөлөр менен коштолгон бажы жыйымдарын, салыктарын төлөө боюнча жеңилдиктерди берүү менен ички пайдалануу үчүн чыгаруу бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларды пайдаланган жана (же) ээ болгон жактар товар чыгарылгандан кийин алты айда бир жолудан кем эмес же бажы органынын талабы боюнча аталган бажы жол-жоболорун колдонуу талаптарын жана шарттарын аткаруу тууралуу, ошондой эле товарларды пайдалануу жана (же) тескөө боюнча чектөөлөрдү колдонуу тууралуу отчет берүүгө милдеттүү. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлорду кошпогондо, чет өлкөлүк товарларды сактаган жактар сакталып жаткан товарлар тууралуу отчетту Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген мөөнөттө берүүгө милдеттүү.
Бажы органдары тарабынан ушул бөлүктө көрсөтүлгөн отчетту берүү тартиби, ошондой эле бажы органдарына убактылуу сактоо кампаларынын ээлери, бажы кампаларынын ээлери, алымсыз соода кылуу дүкөндөрүнүн ээлери, бажы ташуучулары тарабынан отчетту берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
13. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор тарабынан эсепке алууну жүргүзүү жана отчетту бажы органдарына берүү тартиби ушул Мыйзамдын 237-беренеси менен аныкталат.
14. Бажы органдарына ушул беренеде каралган отчетту белгиленген мөөнөттө бербегендиги (же) өз убагында бербегендиги үчүн, ошондой эле так эмес маалыматтарды камтыган отчетту бергендиги үчүн ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
261-берене. Бажылык текшерүү
1. Бажы союзунун бажы мыйзамдары жана ушул Мыйзам менен белгиленген талаптардын жактар тарабынан сакталышын текшерүү максатында бажы органдары тарабынан Бажы союзунун Бажы кодексиндеги 122-берене жана 19-бап менен аныкталган тартипте бажылык текшерүү жүргүзүлөт.
2. Бажылык текшерүүлөрдү уюштуруу, жүргүзүү жана тариздөө тартиби, бажылык текшерүүлөрдү өткөрүүгө байланышкан документтердин формалары жана алардын даярдоо боюнча талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
3. Бажы органдары тарабынан Бажы союзунун Бажы кодексиндеги 19-бап менен аныкталган тартипте жана шарттарда жерине барып бажылык текшерүүлөр жана камералык текшерүүлөр жүзөгө ашырылат.
Жерине барып бажылык текшерүү жана кошумча жерине барып текшерүү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси же анын орун басары тарабынан кол коюлган жеринен барып текшерүү бажылык текшерүүнү өткөрүү тууралуу чечимдин негизинде жүргүзүлөт.
4. Жеринен барып бажылык текшерүүнү убактылуу токтотуу Бажы союзунун Бажы кодексинин 132-беренесинин 12-пунктунда каралган учурларда жүзөгө ашырылат.
5. Жеринен барып бажылык текшерүүнү убактылуу токтотуу жана кайта баштоо ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин же анын орун басарынын чечими менен таризделет.
6. Жеринен барып бажылык текшерүүнү убактылуу токтотуу алты айдан ашпоого тийиш. Эгерде, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык Бажы союзуна мүчө мамлекеттердин же чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына суроо-талапты жиберүү зарылчылыгына байланыштуу убактылуу токтотулган болсо жана алты айдын ичинде текшерүүнүн жыйынтыктары үчүн олуттуу мааниге ээ суралган маалымат алынбаса, аталган текшерүүнүн убактылуу токтотулган мөөнөтү үч айга жылдырылышы мүмкүн.
262-берене. Көчмө бажы текшерүүсүн өткөрүү үчүн текшерилүүчү жактын объектисине бажы органынын кызмат адамдарынын кирүү мүмкүнчүлүгү
1. Текшерилүүчү адам Бажы союзунун Бажы кодексинин 133-беренесинин 3-пунктунда белгиленген учурларда бажы органдарынын кызмат адамдарына анын объектисине кирүүсүнөн баш тартышы мүмкүн. Текшерилүүчү жак бажы органынын көчмө бажы текшерүүсүн жүргүзгөн кызмат адамдарынын текшерүүчү жактын объектисине кирүүсүнөн негизсиз баш тартканда эки калыс-күбөнүн катышуусунда акт түзүлөт.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн актыга көчмө бажы текшерүүсүн өткөргөндөр, текшерилүүчү жак же анын өкүлү, ошондой эле калыс-күбөлөр кол коёт. Бул актынын көчүрмөсү текшерилүүчү адамга же анын өкүлүнө тапшырылат
3. Текшерилүүчү жак же анын өкүлү ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн актыга кол коюудан баш тарткан учурда көчмө текшерүүнү өткөргөн жак аталган актыга бул жөнүндө тийиштүү жазууларды жазат. Текшерилүүчү жак актыга кол коюудан баш тартуу себебин жазуу түрүндө түшүндүрүүгө укуктуу.
263-берене. Көчмө бажы текшерүүсүн өткөрүүдө товарларды камоого алуу, товарларды жана документтерди алып коюу тартиби
1. Товарларды камоого алуу жана товарларды алып коюу Бажы союзунун Бажы кодексинин 134-беренесинин 1-пунктунун 11-пунктунда каралган максаттарда жүргүзүлөт.
2. Товарларды камакка алуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) атайын маркалары, идентификациялык белгилери же товарларды башка ыкмалар менен белгилөөлөр жок болгон товарлар табылганда, эгерде мындай маркалар, идентификациялык белгилер, товарларды белгилөөлөр Бажы союзунун бажы мыйзамдарына же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилүүчү товарларга же жасалма белгилери бар маркалар же идентификациялык каражаттар менен товарларга жазылышы керек болсо;
2) текшерилүүчү адамдын коммерциялык документтеринде бажы декларациялоо жана (же) товарларды чыгаруу фактыларын тастыктаган маалыматтар жок болгондо, эгерде Бажы союзунун бажы мыйзамдарына же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мындай маалыматтарды коммерциялык документтерде көрсөтүү Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды айлантууда милдеттүү болсо, ошондой эле мындай маалыматтардын ишенимдүү эместиги же мындай маалыматтар көрсөтүлүшү керек болгон коммерциялык документтердин жок экендиги табылганда, эгерде мындай маалыматтардын бар болуусу Бажы союзунун бажы мыйзамдарына же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү болсо.
3) текшерилүүчү товарлар шарттуу чыгарылган болуп эсептелгендиги жана ушул товарларды колдонуу жана (же) ээлик кылуу боюнча чектөөлөрдү бузуу менен, ташып кирүү бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча жеңилдиктерди берүү шарттарына ылайык келген максаттарды бузуу менен колдонулуп жаткандыгын тастыктаган белгилер табылганда;
4) текшерилүүчү товарларга карата бажы алымдарын жана салыктарын төлөө боюнча жеңилдиктерди берүү шарты жана (же) тартиби сакталбагандыгы жөнүндө тастыктаган белгилер табылганда;
5) текшерилүүчү товарлар бажы жол-жобосунун шарттарын жана талаптарын бузуу менен колдонулуп жаткандыгы жөнүндө тастыктаган белгилер табылганда.
3. Товарларды камакка алуу товарларга ээлик кылууга жана колдонууга тыюу салуу дегенди түшүндүрөт. Камакка алынган товарлар алардын ээсине же мындай товарларга карата ыйгарым укуктарга ээ болгон башка адамга сактоого берилет. Камакка алынган мындай товарларды колдонууга, товарларды камакка алуу жөнүндө чечим кабыл алган кызмат адамдары же сот органдары тарабынан уруксат берилиши мүмкүн. Камакка алынган товарларды башка адамдарга берүүгө, аларды ээликтен ажыратууга же башка ыкмалар менен аларга ээлик кылууга жол берилбейт.
4. Текшерилүүчү товарлар Бажы союзунун бажы аймагына ташып кирүүгө же Кыргыз Республикасынын аймагында айлантууга тыюу салынган белгилер табылганда, ошондой эле товарларды камакка алуу алардын сактыгын камсыздоо үчүн жетиштүү чара болбойт деп эсептөөгө жетиштүү негиздер болгондо товарлар алынып коюлат. Алынып коюлган товарлар ушул Мыйзамдын 69-беренесине ылайык убактылуу сактоого кампаларга же Бажы союзунун Бажы кодексиндеги 21-бапта белгиленген эрежелер боюнча башка жерлерге жайгаштырылат.
5. Эгерде бажы текшерүүсүн өткөрүү үчүн текшерилүүчү адамдын документтеринин көчүрмөлөрү жетишсиз жана көчмө бажы текшерүүнү өткөрүүчү кызмат адамдарында документтердин түп нускалары жок кылынган, кыскартылган, оңдолгон же алмаштырылган деп эсептөөгө жетиштүү негиздер болгон учурларда текшерүүнү жүргүзүүчү кызмат адамы документтердин түп нускасын алып коюуга укуктуу. Документтердин түп нускасын алып коюуда документтердин түп нускасын алып коюу жөнүндө эки нускада акты түзүлөт. Бул актынын экинчи нускасы алып коюлган документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен алар алынган адамга тапшырылат. Документтин көчүрмөсүндө документтин түп нускасын алуу жөнүндө актынын номери жана датасы көрсөтүлөт жана аны алып койгон кызмат адамынын колу коюлат.
6. Товарларды, документтерди алып коюу жана товарларды камакка алуу Кыргыз Республикасынын администрациялык жана жазык жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
7. Көчмө бажы текшерүүсү бүткөндөн кийин эки ай аралыгында талап кылынбаган алынып коюлган товарлар соттун чечиминин негизинде мамлекеттин менчигине алынат.
264-берене. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын статусу
Кыргыз Республикасынын бажы органдары укук коргоо органдарынын статусуна ээ болот.
Кыргыз Республикасынын жогорку мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин органдарынан тышкары, эч кандай мамлекеттик органдардын бажы органдарынын компетенциясына тийишкен чечимдерди кабыл алууга, тийиштүү уруксаты жок алардын функцияларын аткарууга же өзгөртүүгө, аларга кошумча тапшырмаларды жүктөөгө же башка түр менен ушул органдардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келген ишине кийлигишүүгө укугу жок.
265-берене. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын желеги жана эн белгиси
Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын желеги жана эн белгиси бар. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын автотранспорт каражаттарына эн белгилерди жайгаштырууга уруксат берилет. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын желегинин жана эн тамгасынын сыпаттамасын жана сүрөтүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
266-берене. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын жайгашкан жери
Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын жайгашкан жерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жүргүнчү жана товар агымдарынын көлөмүнөн, өзүнчө региондордун тышкы экономикалык байланыштарын интенсивдүү өнүктүрүүдөн, транспорт уюмдарынын, экспорттоочулардын, импорттоочулардын, тышкы экономикалык иштин башка катышуучуларынын керектөөлөрүнөн жана башка факторлордон чыгып аныктайт.
Кыргыз Республикасынын бажы органдары Кыргыз Республикасынын бажы органдарына түздөн-түз таандык жайларда жайгашат. Бажы посттору жана бажылардын түзүмдүк бөлүкчөлөрү убактылуу сактоо кампаларынын, бажы кампаларынын, алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлерине таандык жайларда жайгашышы мүмкүн. Бажы посттору жана бажылардын түзүмдүк бөлүкчөлөрү жана бажы посттору үзгүлтүксүз экспорттук-импорттук операцияларды жүзөгө ашыруучу тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын жайларында жайгашышы мүмкүн.
267-берене. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын иш убактысы
1. Жайгашкан жери боюнча чектеш мамлекеттердин өткөрүү пункттары менен айкалышкан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек аралары аркылуу өткөрүү пункттарындагы Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын иш убактысы мүмкүнчүлүк боюнча ушул чектеш мамлекеттердин бажы органдарынын иш убактысына туура келиши керек.
2. Кызыктар адамдын жүйөөлүү суроо-талабы боюнча жана тийиштүү шарттар болгондо өзүнчө бажы операциялары бажы органынын иш убактысынан тышкары аткарылышы мүмкүн.
268-берене. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын жана алардын кызматкерлеринин мыйзамдардын талаптарын сактоосу
1. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын жана алардын кызматкерлеринин чечимдерди кабыл алуусу, алардын жасаган аракеттерин алардын компетенцияларынын чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Кыргыз Республикасынын бажы органдары жана алардын кызматкерлери чечимдерди кабыл алууда, аракеттерди (аракетсиздиктерди) жүзөгө ашырууда мыйзамдардын талаптарынын сакталышы даттануу укугу, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомствого караштуу бөлүкчөлөрдүн ишин контролдоо менен камсыздалат.
269-берене. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын мамлекеттик органдар, уюмдар менен өз ара аракеттенүүсү жана кызматташуусу
1. Кыргыз Республикасынын бажы органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка мамлекеттик органдардын компетенциясына киргизилген укук бузуулардын белгилери табылганда бажы органдары бул жөнүндө маалыматты тийиштүү мамлекеттик органдарга тезинен берүүгө милдеттүү.
2. Кыргыз Республикасынын бажы органдары Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин, ошондой эле чет мамлекеттердин бажы органдары менен макулдашуулардын негизинде чет мамлекеттердин бажы органдары менен өз ара аракеттенет.
51-бап
Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматчыларынын кара күчтү, атайын каражаттарды жана куралды колдонуусу
270-берене. Бажы органдарынын кызмат адамдарынын кара күчтү, атайын каражаттарды жана куралды колдонуусунун шарты
Ушул Мыйзам менен каралган учурларда жана тартипте Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдары кара күчтү, атайын каражаттарды жана куралды колдонууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдары атайын даярдоодон, ошондой эле кара күч, атайын каражаттарды жана куралды колдонуу менен байланышкан шарттардагы аракеттерге жарактуулугун мезгилдүү текшерүүдөн өтүшү керек.
Кара күч, атайын каражаттарды жана куралды колдонууда Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамы төмөнкүлөргө милдеттүү:
өзүнүн талаптарын аткаруу үчүн жетиштүү убакыт берүү менен аларды колдонуу ниети жөнүндө эскертүүгө, кара күч, атайын каражаттарды жана куралды колдонууну кечиктирүү анын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч түзгөн, башка оор кесепеттерге алып келген учурлардан, кокустан же куралдуу кол салууда, күжүрмөн жана транспорт каражаттарын колдонуу менен кол салууда же качан мындай эскертүү түзүлгөн кырдаалда орунсуз же мүмкүн эмес болгон учурлардан тышкары;
денесинен жарат алган адамдарга дарыгерге чейинки жардам берүүнү камсыздоого жана болгон окуя жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органынын башчысына же аны алмаштырган адамга кабарлоого;
укук бузуунун жана аны кылган адамдын мүнөзүнө жана коркунуч даражасына, ошондой эле көрсөтүлгөн каршылыктын күчүнө жараша коркунучту жок кылууда келтирилген кандай гана болсун зыяндын минималдуулугуна умтулууга.
Кыргыз Республикасынын бажы органынын начальниги же аны алмаштыруучу адам бардык өлүм учурлары же денеге оор зыян келтирүүлөр жөнүндө прокурорго тезинен кабарлоого милдеттүү.
Ыйгарым укуктарынан ашкере пайдаланып күч, атайын каражаттарды жана ок атуучу куралды колдонуу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
271-берене. Күч колдонуу
Укук бузууларга жол бербөө, аларды жасаган адамдарды кармоо, каршылык көрсөтүүнү басуу, мыйзамдуу буйруктарга жана талаптарга баш ийбөөгө бөгөт коюу, бажы контролуна таандык жайларга, аймакка, товарларга жана транспорт каражаттарына мыйзамдуу жетүүгө тоскоолдук кылууну жаратпоо, Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдарына жүктөлгөн милдеттеринин аткарылышына тоскоолдук кылган башка иш-аракеттерди четтетүү үчүн, эгерде күч колдонбогон ыкмалар бул милдеттердин аткарылышын камсыздай албаса, анда Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдары күч колдонууга укуктуу.
272-берене. Атайын каражаттарды колдонуу
Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдары кол кишендерин, резина таяктарын, жаш агызуучу заттарды, имарат-жайды ачуучу шаймандарды, транспортту мажбурлап токтотуучу каражаттарды, башка атайын каражаттарды төмөнкүдөй учурларда колдонууга укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлерине же башка адамдарга кол салууга каршы аракет көрүү үчүн;
2) Кыргыз Республикасынын бажы органдарына тиешелүү болгон же алар пайдаланган имараттарга, жайларга, курулмаларга жана транспорттук каражаттарга, бажы контролдугу астында товарларга жана транспорттук каражаттарга кол салууга каршы аракет көрүү үчүн, ошондой эле аталган объекттерди ээлеп алганда аларды бошотууга барабар болгон учурда;
3) эгерде бул адамдар баш ийбесе, каршылык көрсөтсө, башкача каршылык көрсөтсө же айланасындагыларга же өзүнө залал келтириши мүмкүн болсо, укук бузуучуларды кармоо, аларды Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызматтык жайына жеткирүү үчүн;
4) Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамына күч менен каршылык көрсөтүүнү четтетүү үчүн;
5) транспорттук каражаттын айдоочусу Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамынын токтотуу жөнүндөгү талабын аткарбаганда токтотуу үчүн;
6) Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамына жүктөлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруусуна атайылап тоскоолдук кылган башка учурларда.
Куралдуу каршылык көрсөтүүдөн, адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, бажы контролдугу астындагы товарларга жана транспорттук каражаттарга коркунуч келтирүү менен топтошуп же башка түрдө кол салуудан башка учурларда, кош бойлуу экендиги көрүнүп турган аялдарга, майып экендиги билинип турган адамдарга жана жаш балдарга карата атайын каражаттарды колдонууга тыюу салынат.
Кыргыз Республикасынын бажы органдарында пайдаланылуучу атайын каражаттардын толук тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
273-берене. Ок атуучу куралды алып жүрүү, сактоо жана аны пайдалануу
Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдарынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан аныкталган айрым категорияларына кызматтык милдеттерин аткарууда ок атуучу курал алып жүрүү, сактоо жана аны пайдалануу укугу берилет.
Кыргыз Республикасынын бажы органдарында пайдаланылуучу ок атуучу куралдардын жана ок дарылардын түрлөрүнүн тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
274-берене. Ок атуучу куралды колдонуу жана пайдалануу
Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдары акыркы чара катары ок атуучу куралды төмөнкү учурларда колдонууга укуктары бар:
1) Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлеринин өмүрү жана ден соолугу коркунучка дуушар болгондо аларга кол салууга каршы аракет көрүү үчүн;
2) Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдарынын ок атуучу куралын тартып алуу аракетинде каршылык көрсөтүү үчүн. Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамы кармалган адамдын ушул кызмат адамы көрсөткөн аралыкты кыскартуу аркылуу ок атуучу куралга жакындоого же мындай аракети ушул куралды тартып алуу аракети катары каралат;
3) Кыргыз Республикасынын бажы органдарына тиешелүү болгон же алар пайдаланган имараттарга, жайларга, курулмаларга жана транспорттук каражаттарга, бажы контролдугу астындагы товарларга жана транспорттук каражаттарга топтошуп алып же куралдуу кол салууга каршы аракет көрүү үчүн;
4) куралдуу каршылык көрсөткөн адамды, ошондой эле куралды тапшыруу жөнүндө мыйзамдуу талапты аткаруудан баш тарткан куралдуу адамды кармоо үчүн.
Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдары мындан тышкары ок атуучу куралдарды төмөнкүдөй учурларда колдонууга укугу бар:
1) эгерде транспорттук каражаттардын айдоочусу Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлеринин өмүрүнө жана ден соолугуна ачык коркунуч келтирсе жана алардын токтотуу жөнүндө бир нече жолку талабына баш ийбесе, зыян келтирүү аркылуу аларды токтотуу үчүн;
2) Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдарынын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген жаныбарларды зыянсыздандыруу үчүн;
3) ок атуучу куралды колдонуу ниети жөнүндө эскертүү, атайылап белги берүү же жардамга чакыруу үчүн.
Куралдуу каршылык көрсөтүү Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдарынын өмүрүнө жана ден соолугуна, коркунуч келтирген куралдуу, топтошуп алып же башкача кол салуудан тышкаркы учурларда аялдарга, майып экени көрүнүп турган адамдарга жана жаш балдарга карата, ошондой эле адамдар көп топтошкон, башка адамдарга зыян келиши мүмкүн болгон жерде ок атуучу куралды колдонууга тыюу салынат.
Ок атуучу куралды колдонуунун ар бир учуру жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамы Кыргыз Республикасынын бажы органынын начальнигине же анын ордун баскан адамга жазуу жүзүндө токтоосуз билдирет, алар курал колдонулган убакыттан тартып 24 сааттан кечиктирбестен прокурорго билдирет.
275-берене. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын ишин каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын курамына кирген Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын ишин каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу мамлекеттик бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка булактардын, ошондой эле чет мамлекеттердин жана эларалык уюмдардын техникалык жардамы түрүндөгү гранттардын (акысыз жардамдын) эсебинен жүргүзүлөт.
276-берене. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын иши жөнүндөгү маалыматтарды коргоо
1. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кадрдык курамы жөнүндө, изин суутпай издөө ишин уюштуруу тактикасы, усулдары жана жүзөгө ашыруу каражаттары жөнүндөгү маалыматтарды камтыган документтер жана материалдар Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын архивинде сакталууга тийиш.
2. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын материалдары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын борбордук мамлекеттик архивинин архивдерине сактоого берилет.
3. Кыргыз Республикасынын бажы органдарындагы мамлекеттик сырды жана купуя маалыматты коргоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык камсыз кылынат.
277-берене. Бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорттук каражаттарды алып өткөндө контролдоп жөнөтүүнүн өзгөчөлүктөрү
1. Эркин сатууга тыюу салынган же жүгүртүүсү чектелген товарларды мыйзамсыз жүгүртүү менен байланышкан кылмыштарды алдын алуу, аларды табуу, четтетүү жана бетин ачуу максатында “Изин суутпай издөө иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык изин суутпай издөө ишин жүргүзгөн органдар контролдоп жөнөтүүнү - изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүүгө укуктуу, мында изин суутпай издөө ишин жүргүзгөн органдардын уруксаты менен жана анын контролдугу астында эркин сатууга тыюу салынган же жүгүртүүсү чектелген, болбосо кылмыш жасоо куралы же каражаты болуп саналган, же бажы чек арасы аркылуу алып өтүү контрабанда болуп саналган товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө, Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга же ташылып келинген товарларды бул аймактан орун которууга жол берет.
2. Бажы чек арасы аркылуу алынып өтүүчү товарларды контролдоп жөнөтүүнү товарлардын, баңги заттардын же психотроптук каражаттардын эл аралык мыйзамсыз жүгүртүүсүн четтетүү, ошондой эле мындай жүгүртүүгө катышкан жактарды табуу максатында Кыргыз Республикасынын бажы органдары Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин негизинде же чет мамлекеттердин бажы же башка органдары менен болгон келишимдер боюнча жүзөгө ашырат. Изин суутпай издөө ишин жүргүзгөн башка органдар контролдоп жөнөтүүнү Кыргыз Республикасынын бажы органдары менен макулдашуу боюнча жүргүзөт, ал ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана изин суутпай издөө ишин жүргүзгөн башка мамлекеттик органдын ортосундагы макулдашууга ылайык жүргүзүлөт.
3. Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары жакка ташылып чыгуучу товарларды контролдоп жөнөтүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин негизинде же чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен макулдашуу боюнча кабыл алынган учурда Кыргыз Республикасында жазык иши козголбойт, ал эми кабыл алынган чечим жөнүндө контролдоп жөнөтүүнү жүзөгө ашырган органдын жетекчиси белгиленген тартипте токтоосуз прокурорго кабарлайт.
4. Кыргыз Республикасынын бажы органдары “Изин суутпай издөө иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык изин суутпай издөө иштерин жүргүзүүгө укуктуу.
278-берене. Контролдоп жөнөтүүнү жүзөгө ашырганда бажы чек арасы аркылуу алынып өтүүчү товарларды алып коюу же алмаштыруу
Эркин сатууга тыюу салынган же жүгүртүүсү чектелген, бажы чек арасы аркылуу алынып өтүүчү товарларды контролдоп жөнөтүүнү жүзөгө ашырганда, бул товарлар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте толугу менен же жарым-жартылай алып коюлушу же алмаштырылышы мүмкүн. Адамдардын ден соолугуна, жаратылыш айлана-чөйрөсүнө зор коркунуч келтирген же массалык кыргын салуучу куралды жасоо үчүн негиз болуучу товарлар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте алмаштырылууга тийиш.
279-берене. Товарларды мамлекеттик менчикке айландыруу
Товарлар төмөнкүдөй учурларда мамлекеттик менчикке айландырылат:
1) кылмыш иши боюнча же ошол соттун чечими күчүнө кирген күндөн тартып мүлктү конфискациялоо колдонулганда администрациялык жоопкерчилик жөнүндө иш боюнча соттун чечиминин негизинде;
2) Кыргыз Республикасынын бажы органынын же башка ыйгарым укуктуу органдын мүлктүн ээси жок деп таануу же ушул Мыйзамда каралган учурларда сот актысынын күчүнө кирген күндөн тартып алынган товарларды мамлекеттик менчикке айландыруу жөнүндө арызы боюнча сот актысынын негизинде;
3) бажы жол-жобосу алдына товарларды жайгаштыруунун негизинде, кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча товарларды Кыргыз Республикасынын бажы органдарына өткөрүп берген күндөн тартып мамлекеттин пайдасына баш тартканда.
280-берене. Мамлекеттин менчигине айландырылган товарларды тескөө
1. Сот актысынын негизинде мамлекеттик менчикке айландырылган товарларды тескөө аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдары аныктаган тартипте сатуу, жок кылуу же утилдештирүү жолу менен жүргүзүлөт.
2. Мамлекеттин пайдасына баш тартып, бажы жол-жобосу алдына товарларды жайгаштыруунун негизинде мамлекеттик менчикке айландырылган товарлар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте өткөрүп берилүүгө тийиш.
281-берене. Кыргыз Республикасынын бажы органынын мамлекеттик менчикке айландырылган товарларды акысыз өткөрүп берүүгө укугу
1. Кыргыз Республикасынын бажы органы мамлекеттик менчикке айландырылган дары-дармек препараттарын, санитария, гигиена предметтерин, таңуучу каражаттарды, медициналык багыттагы буюмдарды, тез бузулган азык-түлүк продуктуларын, балдардын азыгын жана дарылоо азыгын, ошондой эле кийимдерди, бут кийимдерди жана башка зарыл буюмдарды социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, билим берүү уюмдарына, балдар мекемелерине, социалдык коргоо органдарына акысыз өткөрүп берүүгө укуктуу; ошондой эле маданий баалуулугу жок тарых буюмдарын, илим обьекттерин жана искусство чыгармаларын – музейлерге; флора жана фауна предметтерин – зоологиялык парктарга, музейлерге, коруктарга; дин буюмдарын – диний уюмдарга.
2. Коммерциялык ишти жүргүзүү үчүн мамлекеттик менчикке айландырган товарларды акысыз өткөрүп берүүгө жол берилбейт.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдын, мекеменин, уюмдун, аларга ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн товарларды акысыз берүү жөнүндө, ошол товарларды коммерциялык ишке колдонбоо милдеттенмеси менен кат аркылуу кайрылуусу болгон учурда, бажы органы аталган товарларды мамлекеттик менчикке айландыруу жөнүндө документ түшкөндөн кийин аларды акысыз өткөрүп берүү мүмкүндүгүн караштырат.
4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн товарларды акысыз берүү жөнүндө чечимди кабыл алуу максатында бажы органы мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Кыргыз Республикасынын бажы органы күбөлөндүргөн төмөнкүлөрдүн көчүрмөлөрүн жиберет:
1) мамлекеттик менчикке товарларды айландыруу жөнүндө документтердин;
2) ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдын, мекеменин, уюмдун товарларды акысыз берүү жөнүндө кайрылууларынын;
3) товардын наркы жөнүндө маалыматты камтыган документтердин;
4) акысыз берилген товарлардын сапатын жана коопсуздугун тастыктаган документтердин;
5) акысыз бериле турган товарлар маданий баалуулук болуп эсептелбейт деген корутундулардын (маданий баалуулуктун белгилери бар товарларга карата);
6) бажы органында товарларга тиешелүү башка документтердин.
5. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга документтерди жиберүү жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга дагы көрсөтүлөт.
6. Кыргыз Республикасынын бажы органы көрсөтүлгөн документтердин негизинде, аларды алгандан 30 күндөн кечиктирбей, мамлекеттик менчикке айландырган товарларды акысыз өткөрүп берүү жөнүндө буйрукту чыгаруу тууралуу чечимди, же аны жүргүзүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алат.
7. Кыргыз Республикасынын бажы органы буйруктун негизинде, мүлктү кабыл алуу боюнча аракет кылууга ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таризделген тиешелүү документ жана ишеним кат менен тастыкталган, ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдын, мекеменин, уюмдун өкүлүнө товарларды өткөрүп берүүнү уюштурат.
282-берене. Административдик укук бузуу же кылмыштардын предмети болуп эсептелбеген товарларды жана ошол товарларга документтерди кармап калуу
1. Кыргыз Республикасынын бажы органдары, административдик укук бузуулар жана кылмыштын предмети болбогон товарларды жана алардын документтерин Бажы союзунун Бажы кодексинин 145-беренесинин 1-пунктунда каралган негиздерге ылайык кармайт.
2. Административдик укук бузуулар жана кылмыштын предмети болбогон товарларды жана алардын документтерин кармоодо Бажы Комиссиясы тарабынан аныкталган формадагы протокол түзүлүп, көчүрмөлөрү ташуучуга, убактылуу сактоо кампасынын ээсине же кармалган товарлар сактоодо турган жайдын ээсине, ошондой эле эгер Кыргыз Республикасынын бажы органдары буларды белгилеген болсо товарларды алуучуга же товар жөнөтүүчүгө берилет.
3. Ушул берененин 1-пунктунда белгиленгендей, кармалган товарлар жана документтерди убактылуу сактоо мөөнөтү аяктаганда же Бажы союзунун Бажы кодекси белгилеген башка мөөнөт аяктагандан кийинки күндөн кечиктирбестен Бажы союузунун бажы аймагынан сырткары ташып чыгуу үчүн, аларды декларациялоо же ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган кармоо протоколунун негизинде Бажы союзунун Бажы кодексинин 152, 170, 185, 192, 208, 231, 234, 305 жана 354-беренелеринде каралган башка аракеттерди аткаруу аракетинде Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан алынып салынат.
4. Кармалган товарлар ушул Мыйзамдын 69-беренесине ылайык убактылуу сактоо кампасына жайгаштырылат же Кыргыз Республикасынын бажы органдары иш жүргүзгөн региондо кампаларда сактоо кызматын көрсөткөн уюмдарга сактоого берилет. Өзгөчө сактоочу шарттарды талап кылган товарлар тиешелүү адистештирилген уюмдарга (ишканаларга) сактоого берилет. Аталган товарларды сактоого берүүдө өткөрүп берүү-өткөрүп алуу актысы түзүлүп, бир нускасы Кыргыз Республикасынын бажы органында калат, экинчи нускасы сактоого алган уюмга (ишканага) берилет. Мындай актынын көчүрмөсү, Кыргыз Республикасынын бажы органы белгилеген болсо товардын мыйзамдуу ээсине берилет.
5. Кармалган товарлар жана бул товарлардын документтери Бажы союзунун Бажы Кодексинин 147-беренесинде каралган учурларда кайтарылып берүүгө тийиш. Аталган товарларды кайтарып берип жаткан жакка же анын өкүлүнө, ошондой эле аларды сактоого алган жакка же анын өкүлүнө кайтарып берүүдө үч нускадан турган акт түзүлүп, Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамдарынын колу коюлат. Аталган актынын биринчи нускасы Кыргыз Республикасынын бажы органында калтырылат, экинчи нускасы кармалган товарлар кайтарылып берилип жаткан жакка же анын өкүлүнө, үчүнчү нускасы кармалган товарларды сактоого алган жакка же анын өкүлүнө берилет.
6. Кармалган документтер кармалган товарлар кайтарылып берилип жаткан жакка же анын өкүлүнө кайтарылып берилет. Кармалган документтерди кайтарылып берилип жаткан жакка же анын өкүлүнө кайтарып берүүдө, эки нускадан турган акт түзүлүп, Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамдарынын колу коюлат. Экинчи нускасы кармалган документтер кайтарылып берилип жаткан жакка же анын өкүлүнө берилет.
7. Бажы союзунун Бажы кодексинин 146-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын бажы органы товар кармалган күндөн тартып бир айдын ичинде кармалган товарларды сактоого алат, жарактуулук мөөнөтү кармалган учурдан тартып 24 саат болгон тез бузулуучу товарлар жана Бажы союзунун бажы аймагына ташып келүүгө тыюу салынган же ушул аймактан ташып чыгууга тыюу салынган, жарактуулук мөөнөтү кармалган учурдан тартып үч суткалык товарлар сактоого алынбайт.
8. Ушул берененин 7-бөлүгүндө белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин кармалган товарлар суралып алынбагандан кийин, ушул Мыйзамдын 283-беренесине ылайык сатууга, жок кылууга же утилдештирүүго жиберилет.
283-берене. Мамлекеттик менчикке өткөрүлбөгөн товарларды пайдалануу
1. Кармалган товарларды, ушул Мыйзамдын 251-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын бажы органы тарабынан тартып алынган товарларды пайдалануу, сатуу, жок кылуу же кайра иштетүү (утилдештирүү) боюнча ыйгарым укуктар берилген уюмдар, ишканалар, мекемелер (мындан ары – ыйгарым укуктуу уюм) тарабынан сатууга, жок кылууга же утилдештирүүго берүү жолу менен ишке ашырылат.
2. Товарларды кармоо же тартып алуу иштерди аткарган Кыргыз Республикасынын бажы органы Бажы союзунун Бажы кодексиндеги 21-бапта белгиленген кармалган товарларды сактоо мөөнөтү аяктаганга чейин же ушул Мыйзамдын 251-беренесинде белгиленген тартып алган товарларды сактоо мөөнөтү аяктаганга чейин алдын ала, бирок 15 күндөн аз эмес убакытта декларантка кат жүзүндө билдирет, эгер товардын ээси декларациялоо жүргүзбөгөн болсо, товардын ээси чет элдик жак болсо же болбосо Кыргыз Республикасынын бажы органында товардын ээси жөнүндө маалымат жок болсо, товар кармалган учурда аталган товарларга ээлик кылган жак, же товар тартып алынган жакка, ушул бапка ылайык кармалган товарларды же тартып алынган товарларды пайдаланууга мүмкүнчүлүк бериле турган күн башталганга чейин жана аларды өткөрүп бергенге чейин, мындай кат жүзүндөгү билдирүү тил каттын негизинде же алгандыгын жана алган күнүн ырастаган башка ыкмалардын жардамы менен ушул бөлүктө аталган жактарга тапшырылууга тийиш. Тез бузулуучу товарлар кармалган учурда мүмкүн болгон оперативдүү байланыш каражаттары, ошону менен бирге электрондук маалымат жиберүү байланыш каражаттарынын жардамы менен мындай товар кармалган күнү билдирилүүгө тийиш.
3. Товарларды кармоо же тартып алуу иштерин аткарган Кыргыз Республикасынын бажы органы Бажы союзунун Бажы Кодексиндеги 21-бапта белгиленгендей кармалган товарларды сактоо мөөнөтү аяктаган күндөн же ушул Мыйзамдын 251-беренесинде белгиленгенден тартып алган товарларды сактоо мөөнөтү аяктагандан кийинки күндөн кечиктирбестен сактоо мөөнөтү аяктагандыгы тууралуу эки нускада акт түзөт.
4. Кыргыз Республикасынын бажы органындагы актынын нускасы, ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык акт түзүлгөндөн кийин үч иш күндөн кечиктирилбестен алгандыгын күбөлөндүрүүчү тапшыруу кат аркылуу ушул берененин 2-бөлүгүндө аталган жактарга жиберилет. Актынын экинчи нускасы Кыргыз Республикасынын бажы органында калат. Кыргыз Республикасынын бажы органы күбөлөндүргөн актынын көчүрмөсү убактылуу сактоочу кампанын ээсине же бажы кампасынын ээсине, же болбосо кармалган же тартып алынган товарлар сактоодо турган жакка берилет.
5. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган Кыргыз Республикасынын бажы органынын актысы, кармалган же тартып алынган товарларды ушул беренеге ылайык пайдаланууга негиз боло алат.
6. Товарларды кармоо же тартып алуу иштерин аткарган Кыргыз Республикасынын бажы органы бажы алымдарынын, салыктардын суммасынын эсебин алат:
1) кармалган товарларга карата, мындай товарларды ички керектөө үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосунда жайгаштырууда төлөнүүгө тийиш болгон алар кармалган күнү эсептелген бажы алымдарынын, салыктардын суммаларына жараша;
2) Бажы союзунун Бажы кодексинин 81-беренесине ылайык алып коюлган товарларга карата.
7. Товарларды кармоону же алып коюуну жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын бажы органы кармалган же алынып койгон товарларды сактоо мөөнөтү бүткөн күндөн тартып үч жумушчу күндөн кеч эмес аларды сактоо мөөнөтүнүн аякташы, товарлардын турган орду, алардын саны жана товарларды кабыл алуу жана ташып чыгуу үчүн ыйгарым укуктуу уюмга керектүү башка мүнөздөмөлөрү жөнүндө кармоонун протоколунун көчүрмөсүн, ошондой эле ушул берененин 6-бөлүгүнө ылайык жүргүзүлгөн бажы алымдардын, салыктардын суммасын төлөөгө тийиш болгон эсепти тиркөө менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирет. Эгер кармалган же алып коюлган товарлар тез бузулуучу болсо, товарлар кармалган же алынган күнү, маалыматты электрондук түрдө берүүнү кошуп, мүмкүн болгон ыкчам байланыш каражаттары менен бул товарлар тез бузулуучу экендигин көрсөтүү менен билдирүү берилет. Кармалган же алып коюлган товарларды сактоо мөөнөтү бүткөндүгү жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органы товардын декларантына, же алардын менчик ээсине, же башка мыйзамдуу ээсине, эгер ушул жактар аныкталса, же товары алынган жакка кабарлайт.
8. Товарларды кармоону же алып коюуну жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын бажы органы мындай товарларды кабыл алуу - өткөрүү акты боюнча ыйгарым укуктуу уюмга берет.
9. Ыйгарым укуктуу уюм же анын өкүлү ушул берененин 7-бөлүгү менен каралган бажы органынан билдирүүнү алган күндөн кийин 10 жумушчу күндөн кеч эмес кармалган же алып коюлган товарларды бажы органынан кабыл алат жана эсепке алуу, баалоо жана тескөө үчүн ташып чыгат. Товарларды кармоону же алып коюуну жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын бажы органы ыйгарым укуктуу уюмдун жүйөлөштүрүлгөн кайрылуусу боюнча товарларды кабыл алуу жана ташып чыгуу мөөнөтүн бир айдан көп эмес узартууга укуктуу. Тез бузулуучу товарлар ушул берененин 7-бөлүгү менен каралган Кыргыз Республикасынын бажы органынан билдирүүнү алган күндөн кийин үч жумушчу күндөн кеч эмес мөөнөттө тескөө үчүн ыйгарым укуктуу уюм тарабынан кабыл алынууга тийиш.
10. Кармалган же алып коюлган товарларды сатуу ыйгарым укуктуу уюм тарабынан базар баалары боюнча жүзөгө ашырылат.
11. Ушул берененин 6-бөлүгүнө ылайык төлөнүүгө тийиш жана Кыргыз Республикасынын бажы органы тарабынан эсептелген бажы алымдарынын, салыктардын толук суммасын мамлекеттик бюджетке которууну камсыз кылуу максатында мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө, бирок кабыл алуу - өткөрүү актынын күнүнөн үч айдан кеч эмес ыйгарым укуктуу уюм тарабынан мындай товарларды тескөө жүргүзүлөт.
12. Эгер ушул берененин 11-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде кармалган же алып коюлган товарлар сатылбаса, ыйгарым укуктуу уюм Кыргыз Республикасынын бажы органы менен сатуу мөөнөтүн дагы эки айдан узак эмес узартууну макулдашат.
13. Эгер кармалган же алып коюлган товарларды сактоого чыгымдар алардын наркынан ашса, мындай товарлар жок кылынат же ыйгарым укуктуу уюм тарабынан кайра иштетилет (утилдештирилет).
14. Кармалган же алып коюлган товарларды жок кылуу же кайра иштетүү (утилдештирүү), ошондой эле мындай товарларды сактоо жана ташуу менен байланыштуу чыгымдарды төлөө - ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактардын эсебинен, ал эми мындай жактар болбогондо, эгер товарлардын айрым категорияларына карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен башкасы каралбаса, мамлекеттик бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
15. Кармалган же алып коюлган товарларды кабыл алуу - өткөрүү акты боюнча кабыл алынган учурдан тартып аларды сатуу, жок кылуу же кайра иштетүү (утилдештирүү) учуруна чейин ыйгарым укуктуу уюм алардын сакталышын камсыз кылат жана алар жоголгон учурда жоопкерчилик тартат:
1) жоголгон товарларга бажы алымдарынын, салыктардын суммасын төлөөгө тийиш өлчөмдө акча каражаттарын мамлекеттик бюджетке төлөө боюнча Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын алдында;
2) Бажы союзунун Бажы кодексинин 149-беренесине ылайык кармалуучу сумманы эсептен чыгаруу менен жоголгон товарлардын наркын ушул жактар тарабынан төлөнүшү боюнча товарларды тескөө үчүн берилген ээлери алдында.
16. Эгер ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактар товарларды ыйгарым укуктуу уюмга берүүгө чейин Бажы союзунун бажы мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен каралган Бажы союзунун бажы аймагынын сыртына товарларды ташып чыгуу, аларды бажылык декларациялоо же Бажы союзунун Бажы кодексинин 152, 170, 185, 192, 208, 231, 234, 305 жана 354-беренелери менен каралган башка аракеттерди жүргүзүү боюнча милдеттерди аткарса, Кыргыз Республикасынын бажы органы мындай жактарга кармалган же алып коюлган товарларды берүүдө тоскоолдук кылууга укугу жок.
284-берене. Товарларды сатуудан түшкөн акча каражаттарын тескөө
1. Мамлекеттик менчикке айландырылган товарларды сатуудан түшкөн акча каражаттары мамлекеттик бюджетке которулат.
2. Кармалган же алып коюлган товарларды сатуудан түшкөн акча каражаттарды ыйгарым укуктуу уюм алган күндөн тартып үч күндөн кеч эмес Бажы союзунун Бажы кодексинин 149-беренесине ылайык ал тарабынан мындай акча каражаттарды тескөө үчүн Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын эсебине товарларды кармоону же алып коюуну жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын бажы органына мындай товарларды сатуу менен байланыштуу чыгымдар жөнүндө маалыматты бир убакта берүү менен которулат.
3. Товарларды кармоону же алып коюуну жүзөгө ашырган бажы органы ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн акча каражаттары Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын эсебине түшкөн күндөн кийинки беш жумушчу күндөн кеч эмес ушул Мыйзамдын 283-беренесине ылайык эсептелген бажы алымдарынын, салыктардын, ошондой эле товарларды ташуу, сактоо чыгымдарынын жана аларды сатуу менен байланыштуу чыгымдардын суммасын кармайт.
4. Бажы союзунун Бажы кодексинин 149-беренеси менен каралган кармап калууларды эсепке алуу менен эсептелген кармалган товарларды сатуудан түшкөн акча каражаттардын калдыктары Кыргыз Республикасынын бажы органы тарабынан декларантка, эгер товарларга декларациялоо жүргүзүлбөсө, товарлардын менчик ээсине же башка мыйзамдуу ээсине Кыргыз Республикасынын бажы органында алар жөнүндө маалымат болгондо кайтарылат. Алып коюлган товарларды сатуудан түшкөн акча каражаттарынын калдыктары мындай товарлар алып коюлган жактарга кайтарылат.
5. Товарларды кармоону же алып коюуну жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын бажы органы ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кармоолорду жүзөгө ашырган күндөн кийин беш жумушчу күндөн кеч эмес тапшыруу жөнүндө кабарлоо бар тапшырык почта жөнөтүүсү менен ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактарга кармалган же алып коюлган товарларды сатуудан түшкөн акча каражаттарынын калдыктарын алуу мүмкүндүгү жөнүндө кабарлайт. Эгер Кыргыз Республикасынын бажы органы ушул жактарга маалыматты электрондук түрдө берүүнү кошуп, бир топ ыкчам байланыш каражаттары менен кабарлоо мүмкүндүгү болсо, ал мындай жол менен тапшырык катты жөнөтүү менен бир убакта аларга кабарлайт.
6. Кармалган же алып коюлган товарларды сатуудан түшкөн акча каражаттардын кайтарылууга тийиш калдыктарынын болушу жөнүндө кабарлоонун түрү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
7. Кармалган же алып коюлган товарларды сатуудан түшкөн акча каражаттарынын калдыктарын кайтаруу Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын эсебине кармалган же алып коюлган товарларды сатуудан түшкөн акча каражаттар түшкөн күндөн кийинки күндөн тартып үч айдан кечиктирилбейт декларанттын же ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактардын товарларды кармаган же алып койгон Кыргыз Республикасынын бажы органына берген арызы боюнча ишке ашырылат.
8. Кармалган же алып коюлган товарларды сатуудан түшкөн акча каражаттарынын калдыктарын кайтаруу жөнүндө арыздын Кыргыз Республикасынын бажы органы тарабынан кароосунун жалпы мөөнөтү Кыргыз Республикасынын бажы органы кайтаруу жөнүндө арызды каттаган күндөн тартып он жумушчу күндөн ашпайт.
9. Кармалган же алып коюлган товарларды сатуудан түшкөн акча каражаттарынын калдыктарын кайтаруу акча каражаттардын калдыктарын кайтаруу жөнүндө арызда көрсөтүлгөн эсепке улуттук валютада жүргүзүлөт.
10. Товарларды кармоону же алып коюуну жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын бажы органына ушул берененин 7-бөлүгү менен каралган мөөнөттө кармалган же алып коюлган товарларды сатуудан түшкөн акча каражаттардын калдыктарын кайтаруу арыз келбегенде көрсөтүлгөн акча каражаттарынын талап кылынбаган суммасы мамлекеттик бюджеттин башка салыктык эмес алымдардын курамында эсепке алынат жана кайтарылбайт.
285-берене. Товарлардын айрым түрлөрүн тескөөнүн өзгөчөлүктөрү
Баалуу металлдарды, баалуу таштарды жана алардан жасалган буюмдарды, маданий баалуулуктары, маркалоого тийиш товарларды, баалуу кагаздарды, валюталык баалуулуктарды, жүгүртүүдөн алынган же Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүү чектелген башка товарларды тескөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
286-берене. Даттанууга карата укук
1. Кыргыз Республикасынын бажы органынын чечимине, аракетине (аракетсиздигине), эгер ушундай чечим, аракет (аракетсиздик) ушул адамдын пикири боюнча, анын укуктары жана эркиндиктери бузулган болсо, аларды ишке ашырууга тоскоолдуктар түзүлсө же кандайдыр бир милдет мыйзамсыз түрдө жүктөлсө жана эгерде мындай чечим, аракет (аракетсиздик) ушул жактын таламдарын түздөн-түз козгосо, кандай жак болбосун мындай чечимге, аракетке (аракетсиздикке) даттанууга укуктуу.
2. Жактардын даттануу укугу ушул бапта белгиленген ишке ашырылышы мүмкүн.
3. Сотторго жөнөтүлүүчү даттанууларды берүү, карап чыгуу жана чечүү тартиби Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары менен аныкталат.
287-берене. Даттануу берүү тартиби
1. Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамынын чечимине, аракетине (аракетсиздигине) карата даттануу мындай чечимди кабыл алган же аракет (аракетсиздик) жасаган кызмат адамы кызмат өтөп жаткан бажы органына же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет. Кыргыз Республикасынын бажы органынын чечимине, аракетине (аракетсиздигине) карата даттануу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
2. Даттануу түздөн-түз жогору турган органга берилгенде бул орган чечими, аракети (аракетсиздиги) даттанылып жаткан бажы органынан же даттануу берилген кызмат адамынан даттануу боюнча тастыктоочу материалдарды жана корутундуну суратат.
288-берене. Даттануу берүү мөөнөтү
Кыргыз Республикасынын бажы органынын же анын кызматкеринин чечимине, аракетине (аракетсиздигине) даттануу үч айдын ичинде:
- жакка анын укуктары менен эркиндиктеринин бузулгандыгы, аларды ишке ашырууга тоскоолдуктар түзүлгөндүгү же кандайдыр бир милдет мыйзамсыз түрдө жүктөлгөндүгү белгилүү болгон же белгилүү болууга тийиш болгон күндөн тартып;
- Кыргыз Республикасынын бажы органы же анын кызматкери мыйзамдарда каралган чечимди кабыл алуу же мыйзамдарда каралган аракеттерди жасоо үчүн белгиленген мөөнөт аяктаган күндөн тартып берилиши мүмкүн.
Бажы органынын бажы төлөмдөрүн жана туумдарды төлөө жөнүндө талабына карата даттануу он күнгө чейинки мөөнөттө берилиши керек.
289-берене. Даттануу берүү үчүн мөөнөттү калыбына келтирүү
1. Даттануу үчүн мөөнөт жүйөлүү себептерден улам өтүп кеткен учурда бул мөөнөт даттануу менен кайрылган жактын арызы боюнча даттанууну карап чыгууга укуктуу орган тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн.
2. Өтүп кеткен мөөнөт даттанууну иш жүзүндө карап чыгууга кабыл алуу аркылуу калыбына келтирилет. Өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө чечим жазуу жүзүндө таризделет, арыз ээсине ал кабыл алынган күндөн тартып үч күндүн ичинде жөнөтүлөт.
290-берене. Даттануунун формасы жана мазмуну
1. Даттануу жазуу жүзүндө берилет.
2. Даттанууда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
- чечими, аракети (аракетсиздиги) даттанылып жаткан Кыргыз Республикасынын бажы органынын аталышы же Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамынын кызмат орду, аты-жөнү (эгерде алар белгилүү болсо);
- даттанууну берген жактын аты-жөнү же аталышы, ал жашаган жер же турган орду;
- даттанылып жаткан чечимдин, аракеттин же аракетсиздиктин маани-маңызы;
- жак Кыргыз Республикасынын бажы органынын же анын кызмат адамынын чечиминен, аракетинен (аракетсиздигинен) улам өзүнүн укуктары менен эркиндиктери бузулду, аларды ишке ашырууга тоскоолдуктар түзүлдү же кандайдыр бир милдет мыйзамсыз түрдө жүктөлдү деп эсептешине негиз болгон жагдайлар.
3. Арыз ээси даттанууда көрсөтүлгөн жагдайларды ырастаган далилдерди бербей коё алат. Эгерде мындай далилдерди берүү даттанууну карап чыгуу үчүн олуттуу мааниге ээ болсо, даттанууну карап жаткан орган аны берүүнү арыз ээсинен талап кылууга жана берүү үчүн жетиштүү болгон мөөнөттү белгилөөгө укуктуу. Аталган учурда арыз ээси орган белгилеген мөөнөттө далилдерди берүүгө тийиш. Көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде далилдер берилбеген учурда, эгерде мындай далилдерди арыз ээси тарабынан бербей коюшу даттанууну маани-маңызы боюнча карап чыгууга мүмкүндүк бербесе, даттануу каралбастан арыз ээсине кайра кайтарылат. Арыз ээсинин жүйөлөштүрүлгөн суроо-талабы боюнча далилдерди берүү мөөнөтү даттанууну карап жаткан орган тарабынан узартылат.
Арыз ээси Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын даттанылып жаткан чечимдеринин, аракеттеринин (аракетсиздигинин) мыйзамсыздыгын далилдөөгө милдеттүү эмес.
291-берене. Даттануунун натыйжасы
Даттануу берүү даттанууну караган орган даттанылган чечим же аракет Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык келбейт деп эсептөөгө толук негиз болгондон тышкаркы учурларда даттанылган чечимди же аракетти аткарууну токтото турбайт. Аталган учурда даттанылган чечимди же аракетти аткаруу толугу менен же жарым-жартылай токтотула турушу мүмкүн.
292-берене. Даттанууну карап чыгууга кабыл алуудан баш тартуу үчүн негиздер
1. Даттануу төмөнкүдөй учурларда карап чыгууга кабыл алынбайт, эгерде:
1) даттануунун белгиленген мөөнөттөрү сакталбаса жана жак өтүп кеткен мөөнөттү кайрадан калыбына келтирүү жөнүндө арыз менен кайрылбаса же өтүп кеткен мөөнөттү кайрадан калыбына келтирүү тууралу арыз четке кагылган болсо;
2) даттанууга кол коюлбаса же өзүнүн ыйгарым укуктарын тиешелүү түрдө ырастабаган адам тарабынан кол коюлса;
3) даттануунун формасы жөнүндө же мазмуну тууралуу талаптар сакталбаса;
4) жак ушундай мазмундагы даттануу менен буга чейин сотко кайрылган болсо жана мындай даттануу сот тарабынан карап чыгууга кабыл алынса же ал боюнча чечим чыгарылган болсо;
5) даттануунун жүйөсү бажы органына же анын кызматкерине тиешеси болгон чечим, аракет (аракетсиздик) болуп саналса.
2. Даттанууну карап чыгууга кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө жакка бул тууралуу чечим кабыл алынган күндөн тартып үч күндүн ичинде жазуу жүзүндө баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен кабарланат.
3. Даттанууну карап чыгууга кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сотко даттанылышы мүмкүн.
293-берене. Даттанууну кайра алуу
1. Даттануу менен кайрылган жак даттануу боюнча чечим кабыл алынганга чейин кандай убакта болбосун аны кайра ала алат.
2. Ошол эле себеп боюнча даттанууну кайталап берүү ушул бап менен белгиленген мөөнөттөрдүн чектеринде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
56-бап
Даттанууну кароо жана ал боюнча чечим кабыл алуу
294-берене. Даттанууну кароочу орган
1. Кыргыз Республикасынын бажы органынын чечимине, аракетине (аракетсиздигине) карата даттануу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан каралат.
Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамынын чечимине, аракетине (аракетсиздигине) карата берилген даттануу ал кызмат адамы кызмат өтөп жаткан Кыргыз Республикасынын бажы органы тарабынан каралат, ал эми Кыргыз Республикасынын бажы органынын жетекчисинин чечимине, аракетине (аракетсиздигине) карата берилген даттануу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан каралат.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине, аракетине (аракетсиздигине) карата берилген даттануу жогору турган мамлекеттик орган тарабынан каралат.
2. Даттануу боюнча чечимди жогору турган органдын атынан бул органдын жетекчиси же ал ыйгарым укук берген адам кабыл алат. Мында даттанууну карап чыгуу чечимди кабыл алган, аракет (аракетсиздик) кылган кызматкер же өзүнө карата төмөн турган кызматкер тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн эмес.
295-берене. Даттанууну кароонун мөөнөттөрү
Даттануу түшкөн күндөн тартып 14 күндүн ичинде, ал эми ушул Мыйзамдын 290-беренесинин 3-бөлүгү менен каралган учурда - даттанууда баяндалган жагдайларды ырастаган далилдер берилген күндөн тартып каралууга тийиш.
296-берене. Даттануу боюнча чечим
1. Даттанууну кароонун натыйжалары боюнча аны караган орган:
1) Кыргыз Республикасынын бажы органынын же анын кызматкеринин чечимин, аракетин (аракетсиздигин) мыйзамдуу деп табат;
2) Кыргыз Республикасынын бажы органынын же анын кызмат адамынын чечимин, аракетин (аракетсиздигин) толугу менен же жарым-жартылай мыйзамсыз деп табат.
2. Даттанылып жаткан чечим, аракет (аракетсиздик) мыйзамсыз деп табылган учурда аны карап жаткан орган:
- Кыргыз Республикасынын бажы органы же анын кызматкери кабыл алган чечимди толугу менен же жарым-жартылай жокко чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын бажы органы же анын кызматкери кабыл алган чечимди жокко чыгарат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аны жаңы чечим кабыл алууга милдеттендирет же эгерде аны кабыл алуу өзүнүн компетенциясына кирсе, мындай чечимди өз алдынча кабыл алат;
- Кыргыз Республикасынын бажы органынын же анын кызматкеринин аракетин (аракетсиздигин) укукка жат деп табат жана жол берилген эреже бузууларды жоюу максатында жасалууга тийиш болгон иш-аракеттердин чөйрөсүн аныктайт же эгерде аларды жасоо өзүнүн компетенциясында болсо, мындай аракеттерди өз алдынча жасайт.
3. Даттанууну карап жаткан жак Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызматкери өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарбагандыгынын же тиешелүү түрдө аткарбагандыгынын белгилерин тапканда бул кызматкерди мыйзам менен белгиленген тартипте тартиптик жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды көрөт.
4. Ушул Мыйзамдын 290-беренесинде белгиленген мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасынын бажы органынын же анын кызматкеринин чечимине, аракетине (аракетсиздигине) даттануу менен кайрылган жакка даттанууну кароонун натыйжалары боюнча кабыл алынган чечимдин көчүрмөсү жөнөтүлөт, ошондой эле ага даттануу тартиби түшүндүрүлөт.
5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ушул беренеге ылайык кабыл алынган даттанууну карап чыгуусунун жыйынтыгы менен макул болбогон жак кабыл алынган чечимдин көчүрмөсүн алган күндөн тартып, 30 күндүн ичинде тиешелүү сот органына даттанууга укуктуу.
297-берене. Бажы иши чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактарга жана башка жактарга тиешелүү бөлүгүндөгү өтмө жоболор
Бажы союзунун Бажы кодекси жөнүндө келишимге (мындан ары - Келишим) Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу Кыргыз Республикасынын эл аралык келишими күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасында түзүлгөн, убактылуу сактоо кампаларынын, бажы кампаларынын, алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлери катары ишин жүзөгө ашырган бажы брокерлери, юридикалык жактар жана жеке ишкерлер, Келишим күчүнө кирген күндөн баштап, бажы өкүлдөрү катары таанылат, убактылуу сактоо кампаларынын, бажы кампаларынын, алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлери Келишим күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган шарттарда бажы иши чөйрөсүндөгү ишти аткарууга укуктуу:
убактылуу сактоо кампаларынын, бажы кампаларынын, алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлери катары ишмердүүлүгүн ишке ашырган бажы брокерлери, юридикалык жактар - Келишимде белгиленген мөөнөттө;
убактылуу сактоо кампаларынын, бажы кампаларынын, алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлери катары ишин жүзөгө ашырган жеке ишкерлер - Келишимде белгиленген мөөнөттө;
бажы өкүлдөрү, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор Кыргыз Республикасында Келишим күчүнө кирген күндөн тартып 2009-жылдын 27-ноябрындагы Бажы союзунун Бажы кодекси жөнүндө келишимдин (мындан ары – Бажы союзунун Бажы кодекси) ажырагыс бөлүгү болуп саналуучу Бажы союзунун Бажы кодексине, бажылык укук мамилелерин жөнгө салган башка эл аралык келишимдерге жана Евразия экономикалык союзунун укугун түзгөн башка актыларга ылайык Келишимде белгиленген мөөнөттөрдүн ичинде Бажы союзунун Бажы кодексинде каралган бажы алымдарын, салыктарын төлөөнү камсыздоону бербестен түзүлөт.
298-берене. Бажы операцияларын аткаруу өзгөчөлүктөрүнө тиешелүү бөлүгүндөгү өтмө жоболор
1. Убактылуу сактоонун бажы жол-жобосуна Келишим күчүнө киргенге чейин жайгаштырылган, Кыргыз Республикасында бажы контролдоосунда турган товарларга карата Келишим күчүнө кирген күндөн тартып Бажы союзунун Бажы кодексиндеги 25-баптын жоболору, бажынын укуктук мамилелерин жөнгө салган башка эл аралык келишимдердин жана Евразиялык экономикалык союздун укугун түзгөн башка актылардын жоболору, ушул берененин 2-пунктун эске алып, колдонулат.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн товарларды убактылуу сактоо мөөнөтү ошол товарларды убактылуу сактоого жайгаштыруу күнүнөн тартып саналат.
3. Келишим күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын бажы органы бажы декларациясын кабыл алган товарлар ошол бажы декларациясын Кыргыз Республикасынын бажы органы кабыл алган күнгө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган тартипте жана шартта арыз берилген бажы режимине жайгаштырылууга тийиш.
299-берене. Товарлардын жана бажы жол-жобосунун статусуна тиешелүү өтмө жоболор
1. Кыргыз Республикасынын аймагындагы жана Кыргыз Республикасында эркин жүгүртүү, реимпорт, мамлекеттин пайдасына баш тартуу үчүн товарларды чыгаруунун бажы режимине Келишим күчүнө киргенге чейин жайгаштырылган товарлар, Келишим күчүнө кирген күндөн тартып мамлекеттин пайдасына баш тартуу, реимпорт, ички керектөө үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосу алдына жайгаштырылган болуп эсептелет жана Бажы союзунун товарлары катарында саналат. Ошол товарларга карата Бажы союзунун Бажы кодексинин жоболору, бажынын укуктук мамилелерин жөнгө салган башка эл аралык келишимдердин жана Евразиялык экономикалык союздун укугун түзгөн башка актылардын жоболору колдонулат.
2. Кыргыз Республикасынын аймагындагы экспортко бажы жол-жобосунун бажы режимине Келишим күчүнө киргенге чейин жайгаштырылган товарлар, Келишим күчүнө кирген күндөн тартып экспортко бажы жол-жобосунун бажы режимине жайгаштырылган болуп эсептелет жана аларга карата Бажы союзунун Бажы кодексинин жоболору, бажынын укуктук мамилелерин жөнгө салган башка эл аралык келишимдердин жана Евразиялык экономикалык союздун укугун түзгөн башка актылардын жоболору колдонулат.
3. Кыргыз Республикасынын аймагындагы бажылык аймакта кайра иштетүүнүн бажы режимине Келишим күчүнө киргенге чейин жайгаштырылган товарлар, Келишим күчүнө кирген күндөн тартып бажылык аймакта кайра иштетүүгө бажы жол-жобосу алдына жайгаштырылган болуп эсептелет. Бул товарларга карата жана ошол товарларды кайра иштетүү боюнча операцияларды жасоонун жыйынтыгында Келишим күчүнө киргенге чейин алынган товарларга карата Бажы союзунун Бажы кодексинин жоболору, бажынын укуктук мамилелерин жөнгө салган башка эл аралык келишимдердин жана Евразиялык экономикалык союздун укугун түзгөн башка актылардын жоболору колдонулат.
Бажы союзунун мүчө мамлекеттердин биринин аймагынан ташып кирген товарларга келишим күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасында колдонулган бажы аймагындагы кайра иштетүү бажы режими Келишим күчүнө кирген күндөн тартып өз күчүн жоготот.
Ушул бажы режимине жайгаштырылган товарлар жана ошол товарларды кайра иштетүү боюнча операциялардын натыйжасында алынган товарлар Келишим күчүнө кирген күндөн тартып Бажы союзунун товарлары болуп таанылат.
Бажы союзунун мүчө мамлекетинин аймагына кийин кайра иштетип чыгууга продуктуларды ташып чыгаруу үчүн үчүнчү өлкөлөрдүн аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирген товарларга Келишим күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасында колдонулган бажы аймагындагы кайра иштетүүнүн бажы режими ошол товарларды жана товарларды кайра иштетип чыгуу боюнча операциялардын жыйынтыгында алынган товарларды Бажы союзунун Бажы кодекси аныктаган бажы жол-жобосу алдына жайгаштыруусуз өз күчүн токтотот, мында ошол продуктуларды товарларды кайра иштетип чыгуу мөөнөтү бүткөнчө, бирок Келишимде аныкталган мөөнөттөн кеч эмес бажы аймагында кайра иштетүү бажы режимине жайгаштырылган товарларды кайра иштетүүчү продуктулар катарында 2009-жылдын 20-ноябрындагы Көз карандысыз мамлекеттер Шериктештигинде аныкталган товарларды чыгарган өлкөнү аныктоо эрежелери жөнүндө Макулдашуу менен белгиленген кайра иштетип чыгуунун жетиштүү критерийлерине ылайык Кыргыз Республикасынан чыккан товарлар деп таануу шарты коюлат. Мында бажы аймагында кайра иштетип чыгуунун бажы режимине жайгаштырылган товарлар жана ошол товарларды кайра иштетип чыгуу операцияларынын натыйжасында алынган товарлар Бажы союзунун товарлары болуп таанылат.
Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып кирген товарларга Келишим күчүнө киргенге чейин Бажы союзуна мүчө мамлекеттерде колдонулган бажы аймагындагы кайра иштетип чыгуунун бажы жол-жобосу өз күчүн Келишим күчүнө кирген күндөн тартып жоготот. Ошол бажы жол-жобосу алдына жайгаштырылган товарлар жана ошол товарларды кайра иштетүүчү операциялардын натыйжасында алынган товарлар Келишим күчүнө кирген күндөн тартып Бажы союзунун товарлары болуп таанылат.
4. Кыргыз Республикасынын аймагындагы бажы аймагынан тышкары кайра иштетип чыгуунун бажы режимине Келишим күчүнө киргенге чейин жайгаштырылган товарлар, Келишим күчүнө кирген күндөн тартып бажылык аймактан тышкары кайра иштетүүнүн бажы жол-жобосу алдына жайгаштырылган болуп эсептелет. Бул товарларга карата Бажы союзунун Бажы кодексинин жоболору, бажынын укуктук мамилелерин жөнгө салган башка эл аралык келишимдердин жана Евразиялык экономикалык союздун укугун түзгөн башка актылардын жоболору колдонулат.
Кыргыз Республикасынын аймагынан Бажы союзуна мүчө мамлекеттердин аймагына ташып кирген товарларга Келишим күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасында колдонулган бажы аймагынан тышкары кайра иштетип чыгуунун бажылык режими Келишим күчүнө кирген күндөн тартып өз күчүн жоготот. Ушул бажы режимине жайгаштырылган товарлар жана ошол товарларды кайра иштетип чыгуу боюнча операциялардын натыйжасында алынган товарлар Келишим күчүнө кирген күндөн тартып Бажы союзунун товарлары болуп таанылат.
Бажы союзуна мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирген товарларга Келишим күчүнө киргенге чейин Бажы союзунун мүчө мамлекеттеринде колдонулган бажы аймагынан тышкары кайра иштетип чыгуунун бажы жол-жобосу өз күчүн Келишим күчүнө кирген күндөн тартып жоготот. Ошол бажы жол-жобосу алдына жайгаштырылган товарлар жана ошол товарларды кайра иштетүүчү операциялардын натыйжасында алынган товарлар Келишим күчүнө кирген күндөн тартып Бажы союзунун товарлары болуп таанылат.
5. Кыргыз Республикасынын аймагындагы бажылык контролдо кайра иштетүүчү бажы режимине Келишим күчүнө киргенге чейин жайгаштырылган товарлар, Келишим күчүнө кирген күндөн тартып ички керектөө үчүн кайра иштетип чыгуунун бажы жол-жобосу алдына жайгаштырылган болуп эсептелет. Бул товарларга карата жана ошол товарларды кайра иштетип чыгуу боюнча операцияларды жасоонун жыйынтыгында Келишим күчүнө киргенге чейин алынган товарларга карата Бажы союзунун Бажы кодексинин жоболору, бажынын укуктук мамилелерин жөнгө салган башка эл аралык келишимдердин жана Евразиялык экономикалык союздун укугун түзгөн башка актылардын жоболору колдонулат.
Бажы союзуна мүчө мамлекеттердин аймагынан ташып кирген товарларга Келишим күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасында колдонулган бажы контролунда кайра иштетүүнүн бажы режими Келишим күчүнө кирген күндөн тартып өз күчүн жоготот.
Ушул бажы режимине жайгаштырылган товарлар жана ошол товарларды кайра иштетүү боюнча операциялардын натыйжасында алынган товарлар Келишим күчүнө кирген күндөн тартып Бажы союзунун товарлары болуп таанылат.
Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирген товарларга Келишим күчүнө киргенге чейин Бажы союзунун мүчө мамлекеттеринде колдонулган ички керектөө үчүн кайра иштетип чыгуунун бажы жол-жобосу өз күчүн Келишим күчүнө кирген күндөн тартып жоготот. Ошол бажы жол-жобосу алдына жайгаштырылган товарлар жана ошол товарларды кайра иштетүүчү операциялардын натыйжасында алынган товарлар Келишим күчүнө кирген күндөн тартып Бажы союзунун товарлары болуп таанылат.
6. Ушул берененин 3, 4 жана 5-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн бажы жол-жобосу Бажы союзунун Бажы кодексинин 243 жана 256-беренелеринде каралган мөөнөттөрдүн чегинде товарларды кайра иштетүү мөөнөтүн узартуу мүмкүндүгү менен, тиешелүү бажы режимдерине товарларды жайгаштырууга аныкталган мөөнөттүн ичинде иштейт.
7. Кыргыз Республикасынын аймагындагы алымсыз соода дүкөнү бажылык режимине Келишим күчүнө киргенге чейин жайгаштырылган товарлар, Келишим күчүнө кирген күндөн тартып алымсыз соода дүкөнү бажы жол-жобосу алдына жайгаштырылган болуп эсептелет. Бул товарларга карата Бажы союзунун Бажы кодексинин жоболору, бажынын укуктук мамилелерин жөнгө салган башка эл аралык келишимдердин жана Евразиялык экономикалык союздун укугун түзгөн башка актылардын жоболору колдонулат.
Келишим күчүнө кирген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын аймагында уюштурулган алымсыз соода дүкөндөрүнүн иштешине кыргыз-казак чек арасында бажы контролу алып салынгандан кийин уруксат берилет.
8. Кыргыз Республикасынын аймагындагы бажы кампасынын бажы режимине Келишим күчүнө киргенге чейин жайгаштырылган товарлар, Келишим күчүнө кирген күндөн тартып бажы кампасынын бажы жол-жобосу алдына жайгаштырылган болуп эсептелет жана бул товарларга карата Бажы союзунун Бажы кодексинин жоболору, бажынын укуктук мамилелерин жөнгө салган башка эл аралык келишимдердин жана Евразиялык экономикалык союздун укугун түзгөн башка актылардын жоболору колдонулат.
Бажы кампасынын бажы жол-жобосу бажы кампасынын режимине товарларды жайгаштырууда аныкталган сактоо мөөнөтү бүткөнгө чейин, Бажы союзунун Бажы кодексинин 231-беренесинде аныкталган мөөнөттүн чегинде аларды узартуу мүмкүндүгүн эске алып иштейт.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн бажы кампасында товарларды сактоо мөөнөтү Бажы кампасынын бажы режимине ошол товарларды жайгаштырган күндөн тартып саналат.
Бажы кампасынын бажы режимине Келишим күчүнө киргенге чейин жайгаштырылган жана Бажы союзунун мүчө мамлекеттердин аймагынан ташып кирген товарлар ташып чыгарылууга тийиш, ал эми товарларды ички керектөө үчүн чыгарганда – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салыктар төлөнөт.
9. Кыргыз Республикасынын аймагындагы жок кылуу жана транзит бажы режимине Келишим күчүнө киргенге чейин жайгаштырылган товарлар, Келишим күчүнө кирген күндөн тартып жок кылуу жана транзит бажы жол-жобосу алдына жайгаштырылган болуп эсептелет. Бул товарларга карата Бажы союзунун Бажы кодексинин жоболору, бажынын укуктук мамилелерин жөнгө салган башка эл аралык келишимдердин жана Евразиялык экономикалык союздун укугун түзгөн башка актылардын жоболору колдонулат.
10. Келишим күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасында убактылуу ташып чыгаруу бажы режимине жайгаштырылган товарлар Келишим күчүнө кирген күндөн баштап тиешелүү түрдө убактылуу ташып чыгаруу бажы жол-жоболорунда жайгаштырылган болуп таанылат. Бул товарларга Бажы союзунун Бажы кодексинин, бажылык укук мамилелерин жөнгө салган башка эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык союзунун укугун түзгөн башка актылардын жоболору колдонулат.
Убактылуу ташып чыгаруунун мөөнөттөрү бул товарлар убактылуу ташып чыгаруу бажы режимине жайгаштырылган күндөн баштап эсептелет.
Келишим күчүнө киргенден кийин Кыргыз Республикасындагы жана Келишим күчүнө киргенге чейин Бажы союзуна мүчө-мамлекеттерге ташылып чыгарылган ата мекендик макамы бар товарларга карата убактылуу ташып чыгаруу бажы-жол-жоболорунун аракети токтотулат, жана мындай товарлар Бажы союзунун товарлары макамын алышат.
11. Келишим күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасында убактылуу ташып кирүү бажы режимине жайгаштырылган товарлар Келишим күчүнө кирген күндөн баштап тиешелүү түрдө убактылуу ташып кирүү (мүмкүнчек) бажы жол-жоболорунда жайгаштырылган катары таанылат. Бул товарларга Бажы союзунун Бажы кодексинин, бажылык укук мамилелерин жөнгө салган башка эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык союзунун укугун түзгөн башка актылардын жоболору колдонулат.
Убактылуу ташып кирүү (мүмкүнчек) бажы жол-жобосу товарларды убактылуу ташып кирүү бажы режимине жайгаштырууга белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин, ал мөөнөттү Бажы союзунун Бажы кодексинин 280-беренесинде каралган мөөнөттүн чегинде узартуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен аракеттенет.
Ушул бөлүктүн экинчи абзацында көрсөтүлгөн мөөнөттөр бул товарлар убактылуу ташып кирүү бажы режимине жайгаштырылган күндөн баштап эсептелет.
Келишим күчүнө киргенден кийин Кыргыз Республикасынын аймагына Бажы союзуна мүчө-мамлекеттерден Келишим күчүнө киргенге чейин ташылып келген товарларга убактылуу ташып кирүү бажы жол-жоболорунун аракети токтотулат жана мындай товарлар Бажы союзунун товарлары макамын алышат, бул учурда ташып кирүүдөгү бажы алымдарын, салыктарды төлөөдөн шарттуу түрдө жарым-жартылай бошотулган учурда төлөнгөн ташып кирүүдөгү бажы алымдарынын, салыктардын суммасы кайтарып берүүгө (эсептешүүгө) жатпайт.
300-берене. Товарларды эл аралык ташыган транспорт каражаттары бөлүгүндөгү өтмө жоболор
1. Келишим күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген транспорт каражаттары жүргүнчүлөр менен товарларды эл аралык ташууну ишке ашырууда жана Евразия экономикалык союзунун башка мүчө-мамлекетинде же Евразия экономикалык союзуна мүчө эмес мамлекетте катталган транспорт каражаттары Келишим күчүнө кирген күндөн баштап эл аралык ташуулардын транспорт каражаттары катары таанылат. Бул транспорт каражаттарына Бажы союзунун Бажы кодексиндеги 48-бабынын, Евразия экономикалык союзунун укугун түзгөн, бажылык укук мамилелерин жөнгө салган башка эл аралык келишимдердин жана актылардын жоболору колдонулат.
2. Келишим күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташылып чыгарылган транспорт каражаттары, мындай транспорт каражаттары менен жүргүнчүлөрдү жана товарларды эл аралык ташуулар ишке ашырылган учурда, Келишим күчүнө кирген күндөн баштап эл аралык ташуучу транспорт каражаттары катары таанылат. Бул транспорт каражаттарына Бажы союзунун Бажы кодексинин 48-бабынын, Евразия экономикалык союзунун укугун түзгөн, бажылык укук мамилелерин жөнгө салган башка эл аралык келишимдердин жана актылардын жоболору колдонулат.
301-берене. Автотранспорт каражаттары бөлүгүндөгү өтмө жоболор
1. Кыргыз Республикасынын аймагына үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып киргизилген жана Келишимге кол коюлгандан кийин ички керектөө үчүн чыгаруу бажы жол-жобосуна жайгаштырылган, бажы алымдары Евразия экономикалык союзунун Бирдиктүү бажы тарифинде (мындан ары – ЕАЭС ББТ) белгиленгенден айырмалуу коюмдар боюнча төлөнгөн Евразия экономикалык союзунун Тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасынын (мындан ары – ЕАЭС ТЭИ ТН) 8702, 8703 жана 8704 товардык позицияларында классификацияланган жеңил автомобилдер жана башка моторлуу транспорт каражаттары, ЕАЭС ТЭИ ТНдин 8702, 8703 жана 8704 товардык позицияларында классификацияланган жеңил автомобилдер жана башка моторлуу транспорт каражаттары Бажы союзунда чет өлкөлөрдүн товарлары катары таанылат:
Бажы алымдарынын төлөнгөн суммаларынын жана ЕАЭС ТЭИ ТН 8702, 8703 жана 8704 товардык позицияларында классификацияланган жеңил автомобилдерге жана башка моторлуу транспорт каражаттарына ЕАЭС ББТда белгиленген коюмдар боюнча төлөнүүгө тийиш болгон бажы алымдарынын суммасынын ортосундагы айырманын өлчөмүндөгү бажы алымдары төлөнгөнгө чейин;
ЕАЭС ТЭИ ТН 8702, 8703, 8704 21 жана 8704 31 товардык позицияларында классификацияланган жеңил автомобилдерге жана башка моторлуу транспорт каражаттарына ЕАЭС ББТ белгилеген коюмдар Кыргыз Республикасы тарабынан колдонула баштагандан кийин Келишимде белгиленген мөөнөттөр аяктаганга чейин.
302-берене. Жеке колдонуу үчүн автомобилдердин макамына тиешелүү бөлүгүндөгү өтмө жоболор
1. Кыргыз Республикасында ЕАЭС ТЭИ ТН 8702, 8703, 8704 товардык позицияларында классификацияланган жеңил автомобилдерге (мындан ары - автомобилдер) жана башка моторлуу транспорт каражаттарына 2010-жылдын 18-июнундагы Жеке жактар тарабынан өздүк колдонуу үчүн товарларды Бажы союзунун бажы чек арасы аркылуу өткөрүүнүн жана аларды чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө макулдашуунун (мындан ары – Макулдашуу) 5-тиркемесинде белгиленген бажы алымдарынын, салыктардын коюмдары Кыргыз Республикасында мындай коюмдар колдонула баштаганга чейин колдонулбайт.
2. Келишимге кол коюлгандан кийин Кыргыз Республикасынын аймагына үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келген бажы алымдары жана салыктар Макулдашуунун 5-тиркемесинде белгиленгенден айырмалуу коюмдар боюнча төлөнгөн автомобилдер, ошондой эле ушул берененин 6-бөлүгүндө көрсөтүлгөн автомобилдер Бажы союзунун башка мүчө-мамлекеттеринде чет өлкөлүк автомобилдер катары таанылат:
бажы алымдарынын, салыктардын төлөнгөн суммаларынын жана макулдашуунун 5-тиркемесинде белгиленген коюмдар боюнча төлөнүүгө тийиш болгон бажы алымдарынын суммасынын айырмасынын өлчөмүндөгү бажы алымдары төлөнгөнгө чейин;
ЕАЭС ТЭИ ТН 8702, 8703, 8704 товардык позицияларында классификацияланган жеңил автомобилдерге жана башка моторлуу транспорт каражаттарына ЕАЭС ББТ белгиленген коюмдар Кыргыз Республикасы тарабынан колдонула баштагандан кийин Келишимде белгиленген мөөнөттөр аяктаганга чейин.
3. Келишимге кол коюлгандан кийин Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген автомобилдер Бажы союзунун башка мүчө-мамлекеттерине ташылып киргизилген учурда бажы алымдарынын, салыктардын төлөнгөн суммалары менен Макулдашуунун 5-тиркемесинде белгиленген коюмдар боюнча төлөнүүгө тийиш болгон бажы алымдарынын суммасынын ортосундагы айырма мындай автомобилдер Бажы союзунун башка мүчө-мамлекеттеринин аймактарына ташылып киргизилгенге чейин Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөнүүсү мүмкүн.
4. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн автомобилдерге бажы алымдары, салыктар, Бажы союзунун башка мүчө-мамлекеттеринин аймактарына ташылып киргизилгенге чейин ушул берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында көрсөтүлгөн өлчөмдө Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөнбөгөн учурда мындай бажы алымдары, салыктар мындай автомобилдер келип түшкөн Бажы союзунун бажы чек арасы аркылуу товарлар өткөрүлгөн орун жайгашкан бажы органы иштеген региондогу Бажы союзуна мүчө-мамлекеттин бюджетине төлөнөт.
5. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн, Кыргыз Республикасынын аймагында катталган автомобилдер Кыргыз Республикасында жашаган жактар тарабынан гана бажы алымдарын, салыктарды төлөбөстөн, бажы алымдарын, салыктарды төлөөнү камсыздоону киргизбестен, башка Бажы союзуна мүчө-мамлекеттин аймагына убактылуу ташылып киргизилүүсү мүмкүн. Бажы союзунун башка мүчө-мамлекеттеринин аймагына мындай автомобилдерди башка жактар тарабынан ташып кирүүгө жана колдонууга, ошондой эле бул Бажы союзуна мүчө-мамлекеттердин аймактарында ажыратууга, колдонууга берүүгө, башкарууга алар ушул башка мамлекеттердин бажы органдарында декларацияланган жана ушул берененин 2-бөлүгүн эске алуу менен бажы алымдары, салыктар төлөнгөн шартта гана жол берилет.
6. Кыргыз Республикасынын бажы органдары Бажы союзуна мүчө-мамлекеттин бажы органдарына Келишимге кол коюлгандан кийин Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып киргизилген жана эркин жүгүртүүгө чыгарылган автомобилдер жөнүндө жана мындай автомобилдерге төлөнгөн бажы алымдарынын, салыктардын суммаларынын өлчөмдөрү жөнүндө кабарлайт.
7. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүнө көрсөтүлгөндөрдү кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагына Келишимге кол коюлгандан кийин ташылып келген автомобилдер Келишим күчүнө кирген күндөн баштап Бажы союзунун товарлары катары эсептелет.
8. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн автомобилдер, ЕАЭС ТЭИ ТН 8702, 8703, 8704 товардык позицияларында классификацияланган жеңил автомобилдерге жана башка моторлуу транспорт каражаттарына ЕАЭС ББТ белгиленген коюмдар Кыргыз Республикасында колдонула баштагандан кийин Келишимде белгиленген мөөнөттөр аяктаганда бажы алымдарынын, салыктардын төлөнгөн суммалары менен Макулдашуунун 5-тиркемесинде белгиленген коюмдар боюнча төлөнүүгө тийиш болгон бажы алымдарынын, салыктардын суммасынын ортосундагы айырма Бажы союзуна мүчө-мамлекеттин бюджетине төлөнгөндүгүнө карабастан Бажы союзунун товарлары катарында таанылат.
303-берене. Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу
1. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1. Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси (Эркин Тоо гезити, 2004-жылдын 23-июлу, № 56-59);
2. “Кыргыз Республикасынын Бажы кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 12-июлундагы № 88 Мыйзамы (“Эркин Тоо” гезити, 2004-жылдын 16-июлу, № 54, “Эркин Тоо” гезити, 2004-жылдын 23-июлу, № 56-59);
3. “Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 19-июлундагы № 121 Мыйзамы (“Эркин Тоо” гезити, 2006-жылдын 28-июлу, № 55);
4. “Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 26-мартындагы № 39 Мыйзамы (“Эркин Тоо” гезити, 2007-жылдын 3-апрели, № 24);
5. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 16-майындагы № 87 Мыйзамынын 1-беренеси (“Эркин Тоо” гезити, 2008-жылдын 23-майы, № 36);
6. “Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамы (“Эркин Тоо” гезити, 2008-жылдын 12-августу, № 59-60);
7. “Кыргыз Республикасынын Бажы кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамынын 9-беренесинин 25-пункту (“Кыргыз Республикасынын ченемдик актылары”, 2008-жылдын 31-октябры, № 44);
8. “Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-мартындагы № 86 Мыйзамы (“Эркин Тоо” гезити, 2009-жылдын 3-апрели, № 22);
9. “Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 28-мартындагы № 90 Мыйзамы (“Эркин Тоо” гезити, 2009-жылдын 3-апрели, № 22);
10. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 25-февралындагы № 35 Мыйзамынын 2-беренеси (“Эркин Тоо” гезити, 2010-жылдын 12-марты, № 17-18);
11. “Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 22-июлундагы № 124 Мыйзамы (“Эркин Тоо” гезити, 2011-жылдын 29-июлу, № 61);
12. “Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамы (“Эркин Тоо” гезити, 2012-жылдын 10-январы, № 1);
13. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 10-январындагы № 1 Мыйзамынын 2-беренеси (“Эркин Тоо” гезити, 2013-жылдын 18-январы, № 3);
14. “Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 4-июлундагы № 112 Мыйзамы (“Эркин Тоо” гезити, 2013-жылдын 9-июлу, № 57);
15. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-ноябрындагы № 201 Мыйзамы (“Эркин Тоо” гезити, 2013-жылдын 22-ноябры, № 93).
304-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби
Ушул Мыйзам 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти