Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ТОКТОМУ
2015-жылдын 28-сентябры
Жаран Эсенжан Алимжанович Абылкасымовдун жаран Муратбек Садирдинович Кусматовдун кызыкчылыгындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 27-мартындагы № 14-о аныктамасына даттануусун канааттандыруусуз калтыруу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: тѳрагалык кылуучу - судья М. Ш. Касымалиев, судьялар К. Абдиев, Ч. А. Айдарбекова, М. Р. Бобукеева, К. М. Киргизбаев, Э. Т. Мамыров, А. О. Нарынбекова, Э. Ж. Осконбаев, Ч. О. Осмонова, Ж. И. Саалаевдын курамында, соттук отурумдун катчысы М. Э. Толобалдиевдин катышуусунда, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесенин 5-бѳлүгүн жетекчиликке алып, соттук отурумда жаран Э. А. Абылкасымовдун жаран М. С. Кусматовдун кызыкчылыгындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 27-мартындагы № 14-о «Жаран Эсенжан Алимжанович Абылкасымовдун жаран Муратбек Садирдинович Кусматовдун кызыкчылыгындагы кайрылуусун ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуу жѳнүндѳ» аныктамасына даттануусун карап чыкты.
Даттанууда келтирилген жүйѳлѳрдү жана жаран Э. А. Абылкасымовдун жаран М. С. Кусматовдун кызыкчылыгындагы ѳтүнүчү боюнча иштин материалдарын изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2015-жылдын 27-февралында жаран Э. А. Абылкасымов жаран М. С. Кусматовдун кызыкчылыгында «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинин 2-бөлүгүн конституциялуу эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 93-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ, 99-беренесинин 3, 4, 5-бѳлүктѳрүнѳ жана 104-беренесинин 4-пунктуна карама-каршы келет деп таануу жѳнүндѳ ѳтүнүч менен кайрылган.
Келтирилген материалдардан келип чыккандай, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2014-жылдын 31-январындагы ѳкүмү менен М. С. Кусматов Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин 4-бѳлүгү боюнча мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы дайындалып айыпталган.
Бул ѳкүм тараптар менен апелляциялык тартипте даттанылган эмес.
Бишкек шаарынын Ленин райондук прокурору менен жогоруда аталган Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун ѳкүмү негизсиз деп эсептелинип, аны ѳзгѳртүү жана М. С. Кусматовдун аракеттеринин квалификациясын ѳзгѳртүү менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 4-пункту менен каралган жазаны дайындоо суранычы менен кассация тартибинде сунуштама келтирилген.
Бишкек шаардык сотунун судьялар коллегиясынын 2014-жылдын 10-ноябрындагы аныктамасы менен Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2014-жылдын 31-январындагы ѳкүмү жокко чыгарылган жана кылмыш иши ошол эле сотко башка курамда каралууга кайтарылган. Бишкек шаарынын Ленин райондук прокурорунун кассация тартибиндеги сунуштамасы жарым жартылай канааттандырылган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялар коллегиясынын 2014-жылдын 22-декабрындагы токтому менен жогоруда аталган Бишкек шаардык сотунун аныктамасы күчүндѳ, ал эми Э. А. Абылкасымовдун кѳзѳмѳл тартибиндеги даттануусу канааттандыруусуз калтырылган.
Арыздануучунун ою боюнча, соттун чечими, өкүмү, аныктамасы же токтому мыйзамсыз же негизсиз деп эсептеген прокурорго кассация же көзөмөл иретинде жогорку турган сотко сунуш берүү укугун берген «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинин 2-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 93-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ, 99-беренесинин 3, 4, 5-бѳлүктѳрүнѳ жана 104-беренесинин 4-пунктуна карама-каршы келет.
Ѳзүнүн жүйѳлѳрүнѳ негиз катары арыздануучу сот адилеттүүлүгүнүн формаларын, тараптардын атаандаштыгы жана тең укуктуулугу принциптерин бекиткен, ошондой эле соттук процесстин катышуучуларынын процессуалдык укуктарын тартипке салуучу жана прокуратура органдарынын ыйгарым укуктарын аныктоочу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерин келтирет.
Ушуга байланыштуу арыздануучу мыйзамдын талашылып жаткан ченемин конституциялуу эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жогоруда аталган ченемдерине карама-каршы келет деп таанууну суранат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясы жаран Э. А. Абылкасымовдун жаран М. С. Кусматовдун кызыкчылыгындагы кайрылуусу боюнча иштин материалдарын изилдеп чыгып, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесенин 2-бѳлүгүн, 3-бѳлүгүнүн 2-пунктун, 5-бѳлүгүн жетекчиликке алып, 2015-жылдын 27-мартындагы аныктамасы менен тѳмѳнкү негиздер боюнча кайрылууну ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тарткан.
Конституциялык соттук ченем кѳзѳмѳлүнүн ѳзгѳчѳлүгү Конституциялык палатага кайрылууга укуктуу субъекттердин тизмесинин так аныкталгандыгында камтылган, алардын толук тизмеги «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесенин 1-бѳлүгүндѳ бекитилген. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына кайрылууга укуктуу коомдук-укуктук субъекттер кандайдыр бир жеке кызыкчылыктарды кѳздѳбѳйт, алар сунуштама менен Конституциялык палатага кайрылуу менен коомдук-укуктук тартипти коргошот, жалпысынан мамлекеттин же кандайдыр бир топ адамдардын кызыкчылыктарын жакташат. Ошол эле учурда жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 7-бѳлүгүнѳ ылайык Конституция тарабынан таанылган укуктар жана эркиндиктер алар тарабынан бузулуп жатат деп эсептелсе мыйзамдын жана башка ченемдик укук актыларынын конституциялуулугун талашууга укуктуу, башкача айтканда аталган субъекттер үчүн ченем кѳзѳмѳл процедурасын демилгелѳѳнүн негизги критерии болуп субъективдүү укуктарга кол салуу же боло турган кол салуу коркунучу эсептелинет.
Бул жеке жана юридикалык жактар конституциялык сот ѳндүрүшүн козгоо маселесин алар менен талашылып жаткан ченемдер Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерине тийиштүү же тийиштүү боло турган учурда гана коюуга укуктуулугун билдирет.
Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» конституциялык мыйзамдын талаптарына ылайык, кайрылуу субъекти анын ою боюнча талашылып жаткан акт менен Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен таанылган адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктеринин кайсынысы бузулгандыгын ѳтүнүчтѳ кѳрсѳтүүгѳ, кѳз карашын негиздѳѳгѳ, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын тийиштүү ченемдерине шилтеме келтирүү менен укуктардын бузулгандыгын же бузула тургандыгын күбѳлѳндүрүүчү жүйѳлѳрдү жана далилдерди келтирүүгѳ милдеттүү. Жогоруда аталган конституциялык мыйзамдын мындай талаптарын аткарбоо ѳтүнүчтү ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартууга негиз болуп эсептелинет.
Келтирилгендерди эске алуу менен судьялар коллегиясы «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, эгерде кайрылуу тиешелүү эмес органдан же жактан (субъекттен) келип түшсө коллегия кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартат деп белгиледи.
Жаран Э. А. Абылкасымов судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 27-мартындагы № 14-о аныктамасы менен макул болбостон, 2015-жылдын 12-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына даттануу менен кайрылган.
Жаран Э. А. Абылкасымов ѳзүнүн даттануусунда судьялар коллегиясынын жыйынтыктары жаңылыш деп белгилейт, анткени, ал адвокат катары М. С. Кусматовдун кызыкчылыктарын кѳздѳѳ менен тиешелүү жак болуп эсептелинет жана ыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына кайрылуу укугуна ээ. Андан тышкары, ал «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 9-пунктунун талаптары аткарылган жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын тийиштүү ченемдерине шилтеме келтирүү менен укуктук негиздеме келтирилген деп эсептейт.
Ушулардын негизинде Э. А. Абылкасымов судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 27-мартындагы № 14-о аныктамасын жокко чыгарууну жана анын ѳтүнүчүн ѳндүрүшкѳ кабыл алууну суранат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы арыздануучунун жүйѳлѳрүн жана судьялар коллегиясынын кайрылууну ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуусунун негиздерин талкуулап, тѳмѳнкү жыйынтыктарга келди.
Конституциялуугу талашылып жаткан «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жѳнүндѳ» мыйзамдын ченеми адамдын жана жарандын конституциялык укуктары жана эркиндиктерин жѳнгѳ салуу чѳйрѳсүнѳ таандык эмес жана укук чектѳѳчү мүнѳздѳгү жоболорду камтыбайт. Арыздануучу ѳзүнүн даттануусунда талашылып жаткан ченем менен Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктеринин кандай жол менен бузгандыгы тууралуу жүйѳлѳрдү келтирбейт, бул ѳз кезегинде жарандарда жана юридикалык жактарда конституциялык кѳзѳмѳл органына кайрылуу укугунун пайда болуусунун милдеттүү шарты болуп эсептелинет.
Ушуга байланыштуу судьялар коллегиясынын кайрылууну конституциялык сот ѳндүрүшүнѳ кабыл алуу үчүн негиздердин жоктугу тууралуу жыйынтыктары негиздүү болуп эсептелинет.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 27-мартындагы № 14-о «Жаран Эсенжан Алимжанович Абылкасымовдун жаран Муратбек Садирдинович Кусматовдун кызыкчылыгындагы кайрылуусун ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуу жѳнүндѳ» аныктамасын жокко чыгарууга негиз тапкан жок.
Жогорулардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 28-беренесинин 5-бѳлүгүн, 46, 47, 48-беренелерин, 51-беренесинин 1-бѳлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Жаран Эсенжан Алимжанович Абылкасымовдун жаран Муратбек Садирдинович Кусматовдун кызыкчылыгындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 27-мартындагы № 14-о «Жаран Эсенжан Алимжанович Абылкасымовдун жаран Муратбек Садирдинович Кусматовдун кызыкчылыгындагы кайрылуусун ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуу жѳнүндѳ» аныктамасын жокко чыгаруу жѳнүндѳ даттануусу канаттандыруусуз калтырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын токтому акыркы, даттанууга жатпайт жана кол коюлган учурдан тартып күчүнѳ кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы