Редакцияот 23.10.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2014-жылдын 23-октябры № 613

Ак илбирстин күнүн белгилөө жөнүндө

Бишкек шаарында 2013-жылдын 23-октябрында ѳткѳрүлгөн Ак илбирсти сактоо боюнча дүйнѳлүк форумда кабыл алынган Ак илбирсти сактоо боюнча Бишкек декларациясын көңүлгө алуу менен, биологиялык түрлөрдү сактоо жана ак илбирстин популяциясын  калыбына келтирүү, алардын экотутумун сактоо боюнча иштерди күчөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмѳтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмѳтү токтом кылат:

1. 23-октябрь жыл сайын белгиленүүчү ак илбирстин күнү деп аныкталсын.  

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев