Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-октябрындагы № 623 токтому менен бекитилген |
1. Ушул Оор жана өзгөчө оор кылмыштар жөнүндө маалыматтарды бергендиги үчүн жарандарды өбөлгөлөө механизми жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары тергөөчү оор жана өзгөчө оор кылмыштар даярдалып жатканы же жасалганы жөнүндө, ошондой эле ушундай категориядагы кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн адамдар тууралуу берилген маалымат үчүн акчалай сыйакы төлөп берүүнүн тартибин аныктайт жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин базасында 2015-жылдын 1-январынан тартып 2017-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде ишке ашырылуучу сынамык долбоор болуп саналат.
2. Ушул Жободо каралган оор жана өзгөчө кылмыштар жөнүндө маалыматтарды бергендиги үчүн сыйакы төлөө конкреттүү оор жана өзгөчө оор кылмыштар жөнүндө берилген маалымат үчүн акчалай сыйакы төлөөгө даярдыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ыйгарым укуктуу бөлүмү алдын ала кулактандыруу берген учурда гана ишке ашырылат.
3. Ушул Жобонун 2-пункту даярдалып жаткан оор жана өзгөчө оор кылмыштар тууралуу маалымат берилген учурга карата колдонулбайт, алар боюнча акы төлөө жөнүндө чечимди Комиссия ушул Жободо аныкталган тартипте кабыл алат.
4. Сыйакыны төлөп берүү республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен ишке ашырылат.
5. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында тергелүүчү, даярдалып жаткан же жасалган оор жана өзгөчө оор кылмыштарды ачууга мүмкүндүк берүүчү баалуу жана туура маалыматты (кылмыш жасаган адамдын турган жери, буюм-зат далилдер турган жер жана (же) кылмыштын издери тууралуу маалыматтарды), же ушундай категориядагы кылмыштарды жасап, издөөдө жүргөн адамдарды кармоого шарт түзгөн маалыматты (көрсөтүлгөн категориядагы кылмышты жасаган адамдын турган жери тууралуу маалымат) билген Кыргыз Республикасынын жарандары, чет элдик жарандар же жарандыгы жок адамдар (мындан ары -жарандар) Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына кайрылган жана алардан алынган маалымат ушул Жободо белгиленген тартипте каралган учурда акчалай сыйакыны белгиленген тартипте алууга укуктуу.
6. Ушул жобонун күчү Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын расмий конфиденттери болуп саналган жарандарга колдонулбайт.
7. Жарандар Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында тергелүүчү, даярдалып жаткан же жасалган оор жана өзгөчө оор кылмыштар тууралуу маалыматты берүү үчүн өзү каалаган аймактык ички иштер органына кайрылууга укуктуу.
8. Жарандардын ички иштер органдарына кайрылуусу (арызы) жазуу же оозеки түрүндө болушу мүмкүн. Жазуу түрүндөгү кайрылууга (арызга) аны берген адамдын колу коюлушу керек.
9. Оозеки кайрылуу (арыз) протоколго киргизилет, ага арыз ээси жана арызды алган кызмат адамы кол коюшат. Протоколдо арыздануучу, анын жашаган жана иштеген жери тууралуу маалыматтар болууга тийиш.
10. Жарандар тарабынан берилген маалымат (арыз) ички иштер органдарына арыздарды, билдирүүлөрдү, кылмыштар жана окуялар тууралуу башка маалыматтарды кабыл алуунун, каттоонун, эсепке алуунун жана чечүүнүн тартиби тууралуу ведомстволук актыга ылайык катталат, мында жаранга жалган билдирүү бергендиги үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылаары Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык эскертилет, ал жөнүндө арызга же протоколго белги коюлуп жана жарандын колу менен күбөлөндүрүлөт.
11. Жаран билдирген маалымат боюнча ички иштер органдары кабыл алынган чечим тууралуу билдирүүнү жаранга текшерүүнү ишке ашырган ички иштер органынын тийиштүү бөлүмүнүн жетекчиси кабарлайт, мында бул билдирүү акчалай сыйакы төлөп берүү үчүн негиз болуп эсептелбейт.
12. Сыйакы төлөө үчүн комиссиянын чечими негиз болот.
13. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин деңгээлиндеги комиссия Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин буйругу менен түзүлүп, курамына Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин оперативдик, тергөө жана финансы бөлүктөрүнүн жетекчилери кирет.
14. Региондук деңгээлдеги комиссия тийиштүү жетекчинин буйругу менен түзүлүп, курамына Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыктарынын, Бишкек шаардык жана Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыктарынын, Ош облусунан башка облустук ички иштер башкармалыктарынын начальниктери, тиешелүү аймактык тергөө жана финансы бөлүктөрүнүн жетекчилери кирет.
15. Комиссиянын курамына анын жетекчисинин чечими менен дайындалуучу комиссиянын катчысы киргизилет, ал комиссиянын протоколун жазат жана добуш берүүгө укугу жок болот.
16. Комиссиянын чогулушу зарылдыгына жараша, бирок өтүп жаткан жылдын ар бир чейрегинде бирден кем эмес өткөрүлүп турат.
17. Комиссия чечим кабыл алууда төмөндөгү материалдарды жетекчиликке алат:
- жаран берген маалыматка тиешелүү соттолгонго (соттолгондорго) карата соттун күчүнө кирген айыптоо өкүмүнүн жаран билдирген маалыматка тиешелүү бөлүгүнүн көчүрмөсүн, же соттун, прокурордун же тергөөчүнүн кылмыштын курамы же окуясы жоктугуна байланышы жок негиздер боюнча кыскартуу тууралуу кылмыш иши токтотулганы жөнүндө токтомунун көчүрмөсүн;
- соттолгон (соттолуп же айыпталып жаткан) адам жөнүндө жеке маалыматтарды;
- ички иштер органдарынын маалымат базасындагы соттолгон (соттолуп же айыпталып жаткан) адамдын ким экендигин мүнөздөгөн маалыматтар көрсөтүлгөн көчүрмөсүн.
18. Комиссия чогулуштун жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөрдү аныктайт:
- берилген маалыматтын маанилүүлүгүн;
- Сыйакы берүүнүн максатка ылайыктуулугун;
- акынын өлчөмүн.
19. Алынган маалыматтын маанилүүлүгү, сыйакынын өлчөмү жана берүүнүн максатка ылайыктуулугу төмөнкү критерийлерге жараша аныкталат:
- маалыматтын өз убагында, толук берилгендиги, даярдалып жаткан же жасалган оор же өтө оор кылмышка тиешелүүлүгү;
- оор же өзгөчө оор кылмыштын коомго коркунучтуулугунун даражасы;
- көрсөтүлгөн категориядагы кылмышты (кылмыштарды) жасаган адамдын (адамдардын) ким экендиги;
- жасалган кылмыштын (кылмыштардын) кесепетинен болгон зыяндын өлчөмү.
20. Чечим комиссиянын мүчөлөрүнүн пикирлерин эске алуу менен комиссиянын төрагасы тарабынан кабыл алынып жана протокол аркылуу таризделет.
21. Комиссиянын мүчөлөрүнө комиссиянын чогулушунда каралган же комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга байланыштуу белгилүү болгон маалыматтарды ачыкка чыгарууга тыюу салынат.
22. Комиссиянын кабыл алган чечими тууралуу жаранга бир аптанын ичинде почта аркылуу заказдык билдирүү жиберүү жолу менен жазуу жүзүндө билдирилет.
23. Комиссиянын төрагасы кол коюп жана тийиштүү ички иштер органынын мөөрү басылуучу жазуу жүзүндөгү билдирүүдө төмөнкүдөй маалыматтар болот:
- комиссиянын чечими;
- төлөөдөн баш тартылган учурда кабыл алынган чечимдин негизи (соттун актоо жөнүндө күчүнө кирген өкүмү, берилген маалыматтын далилденбегени);
- төлөп берүү жөнүндө оң чечим кабыл алынган учурда сыйакынын суммасы;
- төлөп берүүнүн мөөнөтү.
24. Жазуу жүзүндөгү билдирүү акчалай сыйакы төлөөгө негиз болот жана аймактык ички иштер органынын кассасынан накталай акча түрүндө төлөнөт.
25. Сыйакы иш-аракетке жөндөмдүү, жаш курагы жетилген, маалымат берген жаранга бардык аймактык ички иштер органдары тарабынан төлөнөт.
26. Маалымат жашы жете элек бала тарабынан берилген учурда, сыйакы ата-энесине же камкорчуга, ал эми алар да жок болсо жакын туугандарына (ата-энеси бир жана ата-энеси ар бөлөк агаларына жана эжелерине, чоң-ата, чоң-эне, таята, таенелерине) берилет.
27. Сыйакы жаранга накталай түрүндө аймактык ички иштер органынын кассасынан паспортун же ким экендигин тастыктоочу башка документин көрсөткөндөн кийин берилет.
28. Бир жолку төлөөнүн өлчөмү:
- оор кылмыш жөнүндө берилген маалымат үчүн 3000ден 5000 сомго чейин;
- өтө оор кылмыш жөнүндө берилген маалымат үчүн 5000ден 15000 сомго чейин.
29. Сыйакы чечим кабыл алынгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүү берилгенден бир жыл өткөндөн кийин төлөнбөйт.
30. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги акча каражаттарынын түшкөндүгүн жана пайдаланылгандыгын эсепке алат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга отчет берет.
31. Эгер маалыматты билген адам коргоого муктаж болсо, ички иштер органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында күбөлөрдүн, жабыр тарткандардын жана соттук өндүрүштүн башка катышуучуларынын укуктарын коргоо боюнча каралган чараларды көрүшөт.