Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ТОКТОМУ
2018-жылдын 29-январы
Дуйшонали Мамасалиевдин кызыкчылыгындагы Вилен Рафаильевич Федоровдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 15-декабрындагы № 68 аныктамасына даттануусун канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: төрагалык кылуучу - судья Э.Т. Мамыров, судьялар К. Абдиев, Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, М.Ш. Касымалиев, К.М. Киргизбаев, А.О. Нарынбекова, Э.Ж. Осконбаев, Ч.О. Осмонова, Ж.И. Саалаевдин курамында, сот отурумунун катчысы К.А. Аблакимовдун катышуусунда «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 5-бөлүгүн жетекчиликке алып, Д. Мамасалиевдин кызыкчылыгындагы В.Р. Федоровдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 15-декабрындагы № 68 аныктамасын жокко чыгаруу жѳнүндѳ даттануусун соттук отурумда карап чыкты.
Даттанууда баяндалган жүйөлөрдү жана Д. Мамасалиевдин кызыкчылыгындагы В.Р. Федоровдун өтүнүчү боюнча материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т А П Т Ы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2017-жылдын 8-ноябрында Д. Мамасалиевдин кызыкчылыгындагы В.Р. Федоровдун Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 1-бөлүгүнө, 20-беренесинин 4-бөлүгүнүн 5-пунктуна, 28-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таануу жѳнүндѳ өтүнүчү келип түшкөн.
Келтирилген материалдардан келип чыккандай, Д. Мамасалиев 2011-жылдын 27-январынан тартып 2012-жылдын май айына чейин «Кыргыз Агроазык-түлүк корпорациясы» ААКтын башкы директорунун кызмат ордун ээлеп келген. 2013-жылдын 14-октябрында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын тергөө тобунун жетекчиси М. Асаналиевдин Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмышты (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) жасады деп Д. Мамасалиевди айыпкер катары тартуу жөнүндө токтому чыккан.
Арыздануучу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде «коммерциялык же башка уюмдардын кызматчысы» жана «оор кесепеттер» деген түшүнүктөрдүн аныктамаларынын жоктугу талашылып жаткан ченемди түшүндүрүүдө күмөндүүлүктү туудурат деп эсептейт.
Кайрылуунун субъекти кылмыштын кесепетинин оордугунун даражасы тергөөчүнүн субъективдүү пикири боюнча эмес, жазык мыйзамдарынын позициясынан бааланышы керек деп көрсөтүүдө. Ошентип, арыздануучунун пикири боюнча, тергөөчү Д. Мамасалиевди айыпкер катары тартуу жөнүндө токтомдо «Кыргыз Агроазык-түлүк корпорациясы» ААК үчүн олуттуу зыян деп эмнени түшүнѳѳрүн аныктай алган жок. «Оор кесепеттер» деген түшүнүк баалоо категориясы болуп саналат жана аны колдонууда талашылып жаткан ченемди түшүндүрүүдө күмөндүүлүк пайда болууда, ал Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан таанылган адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин бузулуусуна алып келүүдө.
Кыргыз Республикасында Конституциянын 20-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбашы керек, ал эми ушул эле берененин 4-бөлүгүнүн 5-пунктунда келишимдик милдеттенмелерин аткарууга мүмкүнчүлүгү жок деген негизде эле адамды эркиндигинен ажыратууга тыюу салат.
Арыздануучу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 28-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жоопкерчиликти белгилөөчү жазык мыйзамы окшоштук боюнча колдонулбайт деп белгилейт.
Баяндалганды эске алуу менен, арыздануучу талашылып жаткан ченемди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 1-бөлүгүнө, 20-беренесинин 4-бөлүгүнүн 5-пунктуна, 28-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таанууну суранган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясы Д. Мамасалиевдин кызыкчылыгындагы В.Р. Федоровдун өтүнүчүн карап чыгып, кайрылуу мазмуну боюнча «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык келбейт деген тыянакка келген.
Судьялар коллегиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 4-мартындагы чечиминде баяндалган анын укуктук көз карашында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 26-беренесинде бекитилген күнөөсүздүк презумпциясынын принциби сот адилеттигинин негизги принциптеринин бири болуп эсептелери аныкталган. Анын укуктук маңызы мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү менен гана күнөөлүү экени далилденген айыпкер күнөөлүү болуп таанылышы мүмкүн деп туюндурулат.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинде каралган кылмыш уюмдардын, жарандардын, коомдун же мамлекеттин мыйзамдуу кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтирүү менен чагылдырылат. Зыян, адам башкаруучулук ыйгарым укуктарын аткарган уюмдун кызыкчылыктарына каршы мүлктүк зыян келтирүү жолу менен чагылдырылышы мүмкүн.
Судьялар коллегиясы арыздануучунун Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси «коммерциялык же башка уюмдун кызматчысы» деген түшүнүккө аныктама бербейт деген сөзүнө белгиленген Кодекстин 221-беренесине карата 1-эскертүүдө көрсөтүлгөн уюмдарда башкаруучулук ыйгарым укуктарын аткарган кызматчы түшүнүгүнө кеңири аныктама берилүүдө деп белгилеген. Келтирилген зыянды баалоо, ошондой эле анын чоңдугунун даражасы ар бир учурда конкреттүү иштин жагдайларын эсепке алуу менен жалпы юридсикциядагы соттор тарабынан жүргүзүлөт.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдары менен иш боюнча өндүрүш мезгилинде кылмыш аркылуу келтирилген зыяндуу кесепеттер жана материалдык зыяндын көлөмү да далилденүүгө тийиш деп белгиленген. Андан тышкары, айыптоочу өкүм чыккан учурда, анын баяндоочу-жүйөлөштүрүүчү бөлүгү, башкасынан тышкары, сот тарабынан дадилденген деп эсептелген жосундун сыпаттоосун, жерин, убактысын, жасоо ыкмасын, күнөөнүн формасын, себептерин, максаттарын жана кылмыштан кесепеттерин кѳрсѳтүү менен камтышы керек.
Судьялар коллегиясынын пикири боюнча талашылып жаткан ченемди туура эмес колдонуу жана түшүндүрүү жѳнүндѳ жүйөлөрүнѳ негизделген арыздануучунун анын конституциялуу эместиги тууралуу далилдери талашылып жаткан ченемдин Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн болушун күбөлөндүргөн укуктук аргумент болуп эсептелиши мүмкүн эмес, демек анын мүмкүндүк критерийлерине жооп бербеген кайрылуусу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын кароосуна кабыл алынышы мүмкүн эмес.
Судьялар коллегиясы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгү, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4-беренесинин 1-бөлүгү, 18-беренеси менен белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына караштуу маселелердин толук тизмесин атап чыгып, укуктук ченемдердин укуктук колдонулушунун жана түшүндүрүлүшүнүн конституциялуулугуна баа берүү анын компетенциясына кирбейт деп белгилеген.
Жогоруда баяндалганга негизденип, судьялар коллегиясы кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктама кабыл алган.
Судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 15-декабрындагы № 68 аныктамасы менен макул болбостон В.Р. Федоров Д. Мамасалиевдин кызыкчылыгында 2017-жылдын 20-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына даттануу менен кайрылган.
Арыздануучу Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык анын соттук коргонууга болгон конституциялык укугу эч кандай чектөөгө тийиш эмес, ал эми судьялар коллегиясы талашылып жаткан ченемдин конституциялуулугу жөнүндө маселени изилдебестен, 2017-жылдын 15-декабрындагы өзүнүн аныктамасы менен арыздануучунун соттук коргонууга болгон укугун чектеди деп эсептейт.
В.Р. Федоров судьялар коллегиясы өзүнүн аныктамасында Д. Мамасалиевдин ѳтүнүчүндѳ талашып жаткан ченемдин конституциялуулугу маселесинде «оор кесепеттер» деген түшүнүккө басым жасалганына карабастан, «олуттуу зыян» жана «коммерциялык же башка уюмдун кызматчысы» деген түшүнүктөргө негизги басымды жасалган деп белгилейт. Анын пикири боюнча, аныктамада «оор кесепеттер» деген терминдин конституциялуулугу талашылып жаткан ченем менен байланышта каралган эмес дейт.
Андан ары кайрылуунун субъекти Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси «оор кесепеттер» түшүнүгүнө аныктама бербейт деп кайталап көрсөтүүдө. Кылмыштын кесепеттеринин оордугунун даражасы тергѳѳчү, прокурор жана сот тарабынан алардын субъективдүү пикири боюнча бааланат. Арыздануучу оор кесепеттер баалоо категориясы болуп саналат жана талашылып жаткан ченемди түшүндүрүүдө күмөндүүлүктү жаратат, натыйжада Кыргыз Республикасынын Конституциясы тааныган адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери бузулууда деп болжойт.
Ушуга байланыштуу, В.Р. Федоров Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 15-декабрындагы № 68 аныктамасын жокко чыгарууну жана кайрылууну конституциялык сот өндүрүшүнө кабыл алууну суранууда.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы арыздануучунун жүйөлөрүн жана судьялар коллегиясынын кайрылууну кабыл алуудан баш тартуунун негиздерин талкуулап, кийинки тыянактарга келди.
Белгилей кетүү керек, эгер талашылып жаткан ченемдин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболоруна ылайык келүү маселесинде укуктук күмөндүүлүктү аныктоого мүмкүндүк берген жагдайлар болсо, конституциялык сот өндүрүшү алкагында соттук коргонууга болгон укуктун укуктук маңызы адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо болуп саналат.
Өз кезегинде, көрсөтүлгөн укукту ишке ашыруунун процесстик тартиби «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамда регламенттелген (20, 24, 25 жана 28-беренелер), дал ошонун алкагында арыздануучунун кайрылуусу каралган жана судьялар коллегиясынын даттанылып жаткан аныктамасы кабыл алынган.
Кайрылуунун субъекти судьялар коллегиясынын көрсөтүлгөн аныктамасында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде «оор кесепеттер» түшүнүгүнүн жоктугу туурасында пикир чагылдырылган эмес, бул укук коргоо органдарына жасалган кылмыштарды баалоодо бул түшүнүктү өздөрү билгендей пайдаланууга жол берүүдө деп белгилейт.
Бирок зыян келтирүүнү баалоо, ошондой эле анын чоңдугунун даражасын баалоо ар бир учурда жалпы юрисдикциядагы соттор тарабынан конкреттүү иштин жагдайларын эсепке алуу менен жүргүзүлөт, дал ушул жагдай судьялар коллегиясынын аныктамасында көрсөтүлгөн. «Оор кесепеттер» деген термин баалоо түшүнүктөрдүн категориясына таандык жана ар бир конкреттүү учурда белгиленүүгө тийиш.
Демек, арыздануучунун «оор кесепеттер» түшүнүгүнүн кеңири аныктамасы жок деген пикиринин негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинин конституциялуулугу жѳнүндѳ маселени коюу, бул маселени колдонуудагы укуктук жөнгө салууда анын күмөндүүлүгүндө шек туудурбайт.
Иштин нагыз жагдайларын белгилөө жана изилдөө менен байланышкан соттук чечимдердин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн, кадыресе, арыздануучунун конкреттүү ишинде колдонула турган ченемдердин туура тандалышын текшерүү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ыйгарым укуктарына кирбейт («Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4, 18-беренелери).
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы арыздануучунун даттануусун канааттандыруу үчүн негиздерди тапкан жок.
Жогоруда баяндалгандын гезинде, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Коснтитуциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 5-бөлүгүн, 46, 47, 48-беренелерин, 51-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Дуйшонали Мамасалиевдин кызыкчылыгындагы Вилен Рафаильевич Федоровдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын «Жаран Дуйшонали Мамасалиевдин Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө кайрылуусун өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө» 2017-жылдын 15-декабрындагы № 68 аныктамасына даттануусун канааттандыруусуз калтырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ушул токтому акыркы, даттанууга жатпайт жана кол коюлгандан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы