Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-ноябры № 640
Мамлекеттин менчигине айландырылган товарларды максаттуу
пайдалануу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17 - беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен Германия эл аралык кызматташтык боюнча коомунун (GIZ) ортосундагы макулдашуунун негизинде 2011-жылы чыгарылган кыймылдаткычынын № WLAT 1289532, кузовунун № MNCLSFE40BW950991, ак түстөгү “Форд Рейнджер” маркасындагы автомашинаны “мамлекеттин пайдасына баш тартуу” бажы режиминде тариздесин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомашинаны мамлекеттин менчигине кабыл алсын жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин оперативдик башкаруусуна өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомашинаны белгиленген тартипте оперативдик башкаруусуна кабыл алсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |