Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-ноябры № 642
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-январындагы № 21 “2014-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө”
токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Ченем чыгаруу ишин өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-январындагы № 21 “2014-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2014-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планында:
- 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын;
- 27-пунктундагы “II” жана “III” цифралары тиешелүү түрдө “III” жана “IV” цифралары менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |