Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 11-ноябры № 637
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн
жоготту деп табуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргызстан Республикасынын министрлер комитетинин 1991-жылдын 28-августундагы № 419 “Кыргызстан Республикасынын Украина ССРде Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк маселелери” токтому;
- Кыргызстан Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 12-майындагы № 216 “Кыргызстан Республикасынын Москва шаарында Соода-экономикалык өкүлчүлүгү жөнүндө” токтомун;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 13-майындагы № 217 “Өзбек Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Полномочиелүү өкүлчүлүгү жөнүндө” токтому;
- Кыргызстан Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 8-февралындагы № 63 “Кыргызстан Республикасынын Туркменстанда Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 1-июлундагы № 300 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы жөнүндө” токтомунун 1-пунктун үчүнчү абзацы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “1996-жылдын 12-сентябрындагы № 4 “Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Советинин чечиминин аткаруу боюнча тапшырмасы жөнүндө” 1996-жылдын 19-декабрындагы № 606 “Кыргыз Республикасынын көмүскө экономика менен күрөшүүнү чыңдоо боюнча алдынкы чаралар жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 20-декабрындагы № 610 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы
административдик реформа боюнча Комиссия жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 25-июлундагы № 501 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Контролдук-текшерүү башкармалыгынын материалдык жактан сыйлоо жана социалдык өнүктүрүүфондусун түзүүжана пайдалануу тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 29-февралындагы №110 “Чакан жана орто бизнестин субъектилеринин сот органдарына арыз беришинде мамлекеттик пошлина төлөөшүнүн мөөнөтүн узартуу тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” токтому.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |