Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-ноябры № 641
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 182 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаарлардын мэрияларынын коомдук кабылдамалары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- жарандарды видео-конференц-байланыш жолу менен онлайн режимде кабыл алуунун уюштурулушун камсыздашсын;";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Коомдук кабылдамалар жөнүндө жободо:
2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жарандарды видео-конференц-байланыш жолу менен онлайн режимде кабыл алса болот.";
7-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү пункт менен толукталсын:
"- реалдуу режимде видео-конференц-байланышка чыгуу менен;",
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |