Загрузка документа…
| КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-ноябрындагы № 643 токтому менен бекитилди |
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтү,
- Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын элдеринин ортосундагы тең укуктуулукка жана өз ара пайдалуу кызматташтыкка негизделген байланыштарды андан ары өнүктүрүүгө умтулууну жетекчиликке алуу менен,
- электрдик байланыш, маалыматтык технологиялар жана почталык байланыш тармагындагы эки тараптуу мамилелер Дүйнөлүк почта союзунун актыларына, Эл аралык электр байланыш союзунун рекомендацияларына ылайык, ошондой эле Тараптар катышуучу болгон башка эл аралык келишимдерге так ылайык ишке ашырылууга тийиштигин көңүлгө алышып,
- электрдик байланыш, маалыматтык технологиялар жана почталык байланыш тармагындагы өз ара иштешүү жана кызматташуу өз ара жардамдын негизинде өнүгүүгө тийиш деп эсептешип,
- Тараптардын мамлекеттеринин ортосундагы байланыш тармактарынын үзгүлтүксүз иштеши үчүн тыгыз укуктук, экономикалык, технологиялык мамилелерди бекемдөөнү каалашып,
- электрдик байланыш, маалыматтык технологиялар жана почталык байланыш тармагындагы биргелешкен программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу, технологияларды жана кызмат көрсөтүү рыногун өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатка ылайыктуу экендигине байланыштуу төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашуу түзүштү:
1-берене.
Тараптар эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган нормаларына, принциптерине, Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына, Дүйнөлүк почта союзунун актыларына, Эл аралык электр байланыш союзунун рекомендацияларына ылайык электрдик байланыш, маалыматтык технологиялар жана почталык байланыш тармагында кызматташууну кеңейтишет жана өз компетенцияларынын чектеринде аракеттенишет.
2-берене.
Тараптар маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө кызматташууну төмөнкү багыттарда жүргүзүшөт:
- маалыматтык технологияларды мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштеринин уюштурулушун өркүндөтүүдө пайдалануу;
- саламаттык сактоодо маалыматтык технологияларды пайдалануу;
- билим берүү уюмдарын компьютерлештирүү жана дистанциялык окутуу;
- электрондук сооданы өнүктүрүү;
- электрондук-цифралык колтамганы колдонуу.
Көрсөтүлгөн багыттар муну менен чектелбейт жана Тараптар кызматташтыкты бул Келишимдин жоболоруна каршы келбеген жана макулдашылган башка да багыттарда ишке ашырышса болот.
3-берене.
Тараптар бардык маалыматтык технологияларды, электрдик байланышты жана почта байланышын уюштуруудагы болгон баардык өзгөрүүлөр, ошондой эле байланыш кызматы үчүн өз ара эсептешүүнүн тартиби жөнүндө бири-бирине алдын-ала кабар берип турушат.
4-берене.
Тараптар улуттук кызыкчылыктарга, Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына жана биргелешкен келишимдерге, же кылмыштарды токтотууга жолтоо болууга каршы болгондон же кылмыштарды токтотууга тоскоол болбогондон башка учурларда почталык жөнөтүүлөрдүн бардык түрлөрүн, атайын байланыштын жөнөтүүлөрүн, электрдик байланыш тармагы боюнча билдирүүлөрдүн өз мамлекеттеринин аймагы аркылуу транзитин камсыздоого кепилдик беришет. Тармактарды туташтыруу жана транзит алдын ала макулдашуу боюнча жана Тараптардын мамлекеттеринин тийиштүү органдары бекиткен схема жана маршрут, ырааттама жана тарифтер боюнча ишке ашырылат.
5-берене.
Тараптар жазуу жүзүндөгү корреспонденциянын, посылкалардын, эл аралык тездетилген почтанын жөнөтүүлөрүнүн өз ара ишке ашырылышына жана өнүгүүсүнө, акча каражаттарды почталык которууларды кеңейтүүгө көмөк көрсөтүшөт, ошондой эле почталык жөнөтүүлөрдүн, почта аркылуу которулган акча каражаттардын сакталышын камсыздоо менен жөнөтүүлөрдүн ташылышын, жеткирилишин тездетүү үчүн почталык алмашуунун формаларын жана методдорун өркүндөтүү боюнча чараларды көрүшөт.
6-берене.
Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда акча каражаттарды почталык которууларды алмашуунун тартиби, байланыш кызматын көрсөткөндүк үчүн төлөмдөр боюнча өз ара эсептешүү Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык жана өзүнчө макулдашуулар менен аныкталат.
7-берене.
Тараптар бири бирине, үчүнчү мамлекеттерде жана эл аралык уюмдарда Тараптардын ишине жолтоо болуучу же кыйынчылык келтирүүчү басмырлоочу чараларды колдонушпайт.
Тараптар эл аралык байланыш уюмдарындагы өз иш-аракеттерин мүмкүн болушунча координациялашат.
8-берене.
Тараптар экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында бир Тараптын мамлекетинин мезгилдүү басылмаларын Тараптардын же алардын тиешелүү ведомстволорунун ортосундагы макулдашууларда белгиленген көлөмдө жазылуу жана чекене соода боюнча таратууну уюштурууда бири бирине көмөк көрсөтүшөт.
9-берене.
Тараптар зарыл болгон учурда өз компетенциясынын чегинде, радиожыштыкты пайдалануу маселелери боюнча өз мамлекетинин мыйзамдарына, эл аралык келишимдерге, Эл аралык электр байланыш бирлигинин сунуштарына ылайык кеңешишет. Мындай координациялоо почталык кат-кабарларды алмашуу же өзүнчө макулдашууларга кол коюу жолдору менен ишке ашырылат.
10-берене.
Тараптар кызматтык маалыматтарды алмашууда, ошондой эле кызматтык иш кагаздарын алмашууда орус тилин пайдаланышат.
Тараптардын мамлекеттеринин ортосунда жиберилген почталык жөнөтүүлөрдүн жана телеграммалардын даректери орус алфавитинин тамгалары менен же латын алфавитинин тамгалары жана араб санариптери менен жазылат.
11-берене.
Тараптар мамлекет аралык маалыматтарды берүүнүн технологиялык процесстеринде бирдиктүү эсептик москва убакытты колдонушат.
12-берене.
Тараптар байланыш кызматын көрсөтүүдө колдонулган технологиялык процесстерге ылайык байланыш тармактарын ыкчам техникалык башкаруунун өз системаларынын өз ара аракеттенүүсүнө көмөк беришет.
Жаратылыштык жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарда Тараптар байланыш кызматын артыкчылыктуу тартипте камсыздашат.
13-берене.
Тараптар биргелешкен мекемелерди түзүүдө жана биргелешкен долбоорлорду аткарууда бири бирине көмөктөшөт.
14-берене.
Тараптардын мамлекеттери катышуучусу болгон башка эл аралык келишимдерден келип чыккан Тараптардын укуктарына жана милдеттерине бул Макулдашуунун тиешеси жок.
15-берене.
Бул Макулдашууну чечмелөө жана колдонуу маселелери боюнча пайда болгон талаштар, Тараптар ортосунда сүйлөшүүлөр жана кеңешүүлөр жолу менен чечилет.
16-берене.
Бул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу менен өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар анын ажырагыс бөлүгү болгон өзүнчө протоколдор менен таризделет жана алар бул Макулдашуунун 17-беренесинде көрсөтүлгөн тартипте күчүнө кирет.
17-берене.
Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана анын күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттер ичиндеги жолжоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүнү дипломаттык каналдар аркылуу алган күндөн баштап күчүнө кирет.
Бул Макулдашуунун колдонулушу бир Тарап экинчи Тараптан анын колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө кат жүзүндөгү маалымдоону алган датадан баштап алты ай өткөндөн кийин токтойт, эгер көрсөтүлгөн мөөнөт өткөнгө чейин мындай маалымдоо жиберген Тарап аны кайра кайтарып албаса.
Бул Макулдашууну колдонуу токтотулганда, бул Макулдашуу колдонулган мезгилде башталган жана аны колдонууну токтотуу датасына карай аягына чыга элек биргелешкен программаларды жана долбоорлорду аткарууга тиешеси болбойт, эгер Тараптар бул жөнүндө макулдашпаса.
2013-жылдын 27-майында Бишкек шаарында аткарылды. Ар бири кыргыз, тажик жана орус тилдеринде эки нускада, бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Макулдашуунун шарттарын чечмелөөдөгү пикир келишпестиктерде артыкчылык орус тилиндеги текстке берилет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Тажикстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |