Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ТОКТОМУ
2017-жылдын 30-июну
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын «Омурбек Джумадылович Калчакеевдин кызыкчылыгындагы Турсун Капарович Ирысбековдун кайрылуусун өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө» 2017-жылдын 14-апрелиндеги № 17 аныктамасына Турсун Капарович Ирысбековдун даттануусун канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: төрагалык кылуучу - судья Э.Т. Мамыров, судьялар К. Абдиев, Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, М.Ш. Касымалиев, К.М. Киргизбаев, А.О. Нарынбекова, Э.Ж. Осконбаев, Ч.О. Осмонова, Ж.И. Саалаевдин курамында, соттук отурумдун катчысы Н.А. Кененсариеванын катышуусунда «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 5-бөлүгүн жетекчиликке алып, Турсун Капарович Ирысбековдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 14-апрелиндеги № 17 аныктамасына болгон даттануусун соттук отурумда карап чыкты.
О. Д. Калчакеевдин кызыкчылыгындагы Т. К. Ирысбековдун даттануусунда баяндалган жүйөлөрүн изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т А П Т Ы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2017-жылдын 9-мартында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 10-августундагы Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 27-беренесинин 2-бөлүгүнө жана 28-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө О.Д. Калчакеевдин кызыкчылыгындагы Т.К. Ирысбековдун өтүнүчү келип түшкөн.
Өтүнүчтөн келип чыккандай, О.Д. Калчакеев жазык жоопкерчилигинен качуу жана укукка каршы жосунун жашыруу максатында кызмат адамына пара берүүгө аракет кылган, ошол аракеттери үстүнөн Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун жазык тергөө кызматкерлери тарабынан кармалган. Жазык ишти сот карап чыгуунун натыйжасында жаран О. Д. Калчакеевди Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 314-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмышты жасоодо күнөөлүү деп тапкан дагы, 500 000 сом өлчөмүндө айып салуу менен жазалаган.
Арыздануучунун пикири боюнча, О.Д. Калчакеев жазык жоопкерчилигин кызмат адамы катары эмес жалпы негиздерде тартышы керек болуучу, жана талашылып жаткан ченем кызмат адамдарына карата колдонулушу керек деп эсептейт. Мында Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин көрсөтүлгөн ченемдерин башка жарандарга карата колдонулушу мыйзамды окшоштук боюнча колдонуу болуп саналат.
Жазык мыйзамын окшоштук боюнча колдонуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 28-беренесинин 2-бөлүгүндө тыюу салынган. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде кызмат адамы болбогон адам тарабынан кызмат адамына пара бергени үчүн жоопкерчиликти күчөтүү жагында берене болгондо, андан О.Д. Калчакеевдин жасаган жосуну кызмат адамы болбогон адам тарабынан кызматтык кылмыш жасоо аракети деп мыйзамдуу негизде таанылмак болуучу.
Т.К. Ирысбековдун пикири боюнча, коррупциялык аракеттер кызмат адамы болгон субъектилерге гана таандык. Мында талашылып жаткан ченемдин колдонулуусу көрсөтүлгөн категориядагы адамдарга тиешеси жок жарандардын укуктарын бузууда. Ошентип, тактап алганда, аларга Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 27-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган мунапыс берүүнү, ырайым кылууну жана жазасын азайтууну колдонууга болбойт.
Кызматтык кылмыштардын өзгөчөлүгү болуп объект болгон коомдук мамиле гана эмес, кызмат адамы болгон атайын субъект дагы саналат. Башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 303-316-беренелеринде кылмыш субъекти болуп кызамт адамы гана болушу мүмкүн, ошон үчүн мыйзам чыгаруучу көрсөтүлгөн Кодекстин 303-315-беренелерин жазасы жеңилдетүүгө жатпаган кызматтык өзгөчө оор кылмыштарга киргизген.
Талашылып жаткан Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө байланышуу, О.Д. Калчакеевге карата Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 44-беренесинин 8-пунктунун жоболорун колдонууга болбойт, башкача айтканда, ал айыпты төлөй албаса, андай жаза түзөтүү иштерине, эркиндикти чектөө же 6 айдан бир жылга чейинки мөөнөткө чейин эркиндигинен ажыратууга өзгөртүлүшү мүмкүн, ошондой эле, тактап алганда, мыйзамда каралгандан кыйла жеңил жаза берүү жана шарттуу соттоо аталган Кодекстин 56 жана 63-беренелеринин ченемдери колдонулушу мүмкүн эмес.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, арыздануучу талашылып жаткан ченемдик укуктук актыны Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 27-беренесинин 2-бөлүгүнө жана 28-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таанууну суранган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 24-беренесинин экинчи абзацын, 25-беренесинин 3-бөлүгүнүн 9-пунктун, 28-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктун жетекчиликке алып, 2017-жылдын 14-апрелиндеги № 17 аныктамасы менен төмөнкүдөй негиздер боюнча өтүнүчтү өндүрүшкө кабыл алуудан баш тарткан.
Талашылып жаткан ченемдик укуктук акты жана арыздануучу көрсөткөн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдери ортосундагы карама-каршылык эмнеде экени өтүнүчтүн өзүнөн аныктоо мүмкүн эмес.
Корсөтүлгөн ченемдик укуктук актынын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 27-беренесинин 2-бөлүгүнө жана 28-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келүүсү жөнүндө айтып, арыздануучу «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 25-беренесинин 3-бөлүгүнүн 9-пунктунун талаптарын бузуп, талашылып жаткан ченемдик укуктук акты Конституцияга ылайык келүүсү маселеде күмөндүүлүктүн болуусу жөнүндө укуктук мүнөздөгү өзүнүн көз карашын ырастаган кандайдыр бир негиздеме келтирген эмес, ал эми бул жагдай көрсөтүлгөн конституциялык Мыйзамдын 24-беренесине ылайык конституциялык сот өндүрүшү алкагында ишти кароо үчүн негизги шарт болуп саналат.
Арыздануучу талашылып жаткан Мыйзамдын укук колдонуучулук тажрыйбасына басым кылат, анын жоболору окшоштук боюнча колдонулду деп көрсөтүлүүдө. Бирок, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамга ылайык укук колдонуучулук тажрыйбага байланыштуу маселелерди кароо Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ыйгарым укуктарына кирбейт. Көрсөтүлгөн Мыйзамдын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тек гана укук маселесин чечет.
Баяндалганга байланыштуу, судьялар коллегиясы бул кайрылууну кабыл алуудан баш тартуу тууралуу аныктама кабыл алышкан.
Судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 14-апрелиндеги № 17 аныктамасы менен макул болбой, Т.К. Ирысбеков Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2017-жылы 23-майда даттануу менен кайрылган.
Анын пикири боюнча, Кырыгз Республикасынын Жазык кодексинин 314-беренесинде О.Д. Калчакеевдин аракеттерине карата кызматтык кылмыштын субъектин жана курамын аныктоо бөлүгүндө күмөндүүлүк аныкталууда.
Бул маселе чечүүчү мааниге ээ, пара алуучу (пара берүүчүнүн пайдасына кызматтык кылмышты жасай турган кызмат адамы) кылмыштуу аракеттерден баш тартып, бул тууралуу укук коргоо органдарына билдирип, пара берүүчү кармалат. Бул учурда, арыздануучу кызматттык кылмышты жасай турган адам (аткаруучу) болбогондон кийин, демек терс кесепеттер дагы жок деп эсептейт. Ушуга байланыштуу, Т.К. Ирысбеков болжогондой, кызматтык кылмыштын субъекти атайын субъект катары кызмат адамы гана болушу мүмкүн.
Кызматтык кылмыштын субъекти болуп, эгер кызматтык кылмышты жасоодо кошо катышкан адам болгон болсо, кызмат адамы эмес дагы болушу мүмкүн (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 30-беренесинде аткаруучу – шыкакчы же көмөкчү ).
Аскердик кылмыштардын субъекти Куралдуу күчтөрдө жана Кыргыз Республикасынын аскердик түзүмдөрүндө аскердик кызмат өтөгөн аскер кызматчылары гана болушу мүмкүн, башкача айтканда кызмат адамы сыяктуу эле атайын субъект (аталган Кодекстин 30-главасы).
Баяндалганга байланыштуу арыздануучу кызматтык кылмыштын субъекти болуп кызмат адамы гана болушу мүмкүн, айткандай эле бул эреже Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 30-главасынын беренелеринин бардыгында иштейт (303-316-беренелер).
Ошону менен бирге, көрсөтүлгөн Кодекстин 314-беренесинде кызмат адамына пара берүү деген аныктаманын түшүндүрмөсүндө күмөндүүлүк бар. Кызматтык кылмыштын субъектин аныктоодо күмөндүүлүк жатат, анткени кызмат адамы болбогон адам кызматтык кылмышты жасай алышы мүмкүн эмес. Кызмат адамы болбогон адамдын кызматтык кылмыш жасоонун бардык аракеттери кызматтык кылмыш катары квалификацияланбашы керек.
Демек, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 314-беренеси окшошту боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 28-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарын бузуу менен колдонулууда, ага ылайык жоопкерчиликти орноткон жазык мыйзамы окшоштук боюнча колдонулбайт.
Арыздануучу эсептегендей, кызматы адамы болобу же болбойбу, ар кандай адамдын пара берүү аракети кылмыш болуп саналат. Ошентип, бир учурдан тышкары гана, бардык учурда кызматтык кылмыштын курамын түзөт. Пара алуучу пара алуудан – кызматтык кылмышты жасоодон баш тарткан учурда гана жана кызматтык кылмышты кошо жасашууда катышуу болбогон учурда (кызматтык кылмыштын аткаруучусу жок) кызматтык кылмыштын курамы түзүлбөйт.
Ушуга байланыштуу, Т.К. Ирысбеков тергөө менен сот О.Д.Калчакеевге карата кылмыш курамын аныктоодо Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 314-беренесин жетекчиликке алышкан жана колдонууга мүмкүн болбогон мыйзамды колдонушкан.
Анын пикири боюнча, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине түзөтүүлөрдү киргизүү жана көрсөтүлгөн кылмыштын курамын аталган Кодекстин 314-беренелеринде каралган санкцияларды сактоо менен кызматтык кылмыштан сырткары чыгаруу зарыл, ал эми мындай кылмыштарды жасаган адамдарды жалпы негиздерде күнөөлүү болушун таануу зарыл деп эсептейт.
Жогоруда баяндалганга байланыштуу, арыздануучу, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 32-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-абзацын жетекчиликке алып, өзүнүн талаптарынын көлөмүн азайтууда жана Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 314-беренесин кызматтык кылмыштын субъекти болбогон адамдарга карата анын жоболорун колдонуу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 28-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таанууну суранат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы арыздануучунун жүйөлөрүн жана судьялар коллегиясынын кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуусун талкуулап, төмөнкүдөй тыянактарга келүүдө.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык Конституция тарабынан таанылган укуктар жана эркиндиктер алар тарабынан бузулуп жатат деп эсептелсе ар бир адам мыйзамдын же башка ченемдик укуктук актыларынын конституциялуулугун талашууга укуктуу. Демек, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын экинчи бөлүмүндөгү бекитилген жарандардын укуктары менен эркиндиктери талашылып жаткан ченчемдик укуктук акты менен козголгон учурда гана жарандардын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына кайрылуу укугу пайда болот. Арыздануучу келтирген жүйөлөрдүн ичинен талашылып жаткан ченем жарандардын кайсы конституциялык укуктары жана эркиндиктери маселесинде күмөндүүлүктүн болуусу байкалган жери жок.
Арыздануучунун укуктук аргументтери ар кандай субъектилер тарабынан жасалуучу кылмыштар үчүн жазык жоопкерчилигин орнотуу жаатында укук колдонуу жана мыйзам чыгаруу ишмерлигинин маселелерине барып такалууда. Был сыяктуу маселелерди чечүү мыйзам чыгаруучунун компетенциясына кирет жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ыйгарым укуктарында камтылган эмес.
Демек, арыздануучунун кайрылуусунда «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесине ылайык ишти конституциялык сот өндүрүшү алкагында кароого негиз болгон укуктук күмөндүүлүк жок.
Ошентип, судьялар коллегиясынын тыянактары негиздүү болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 14-апрелиндеги аныктамасын жокко чыгарууга негиздерди тапкан жок.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» 28-беренесинин 5-бөлүгүн, 46, 47, 48-беренелерин, 51-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын «Омурбека Джумадылович Калчакеевдин кызыкчылыгындагы Турсун Капарович Ирысбековдун кайрылуусун өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө» 2017-жылдын 14-апрелиндеги № 17 аныктамасына Турсун Капарович Ирысбековдун даттануусу канааттандыруусуз калтырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ушул токтому акыркы, жаттанууга жатпайт жана кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы