Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ТОКТОМУ
2018-жылдын 27-февралы
Алтынбек Шайлобекович Сулуевдин кызыкчылыгындагы Медербек Абдыраевич Абдыраевдин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 18-декабрындагы № 67 аныктамасына даттануусун кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: төрагалык кылуучу - судья Э.Т. Мамыров, судьялар К. Абдиев, Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, К.М. Киргизбаев, А.О. Нарынбекова, Э.Ж. Осконбаев, Ч.О. Осмонова, Ж.И. Саалаевдин курамында, сот отурумунун катчысы Н.А. Кененсариеванын катышуусунда «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 5-бөлүгүн жетекчиликке алып, А.Ш. Сулуевдин кызыкчылыгындагы М.А. Абдыраевдин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 18-декабрындагы № 67 аныктамасына даттануусун соттук отурумда карап чыкты.
Даттанууда баяндалган жүйөлөрдү жана А.Ш. Сулевдин кызыкчылыгындагы М.А. Абдыраевдин өтүнүчү боюнча материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т А П Т Ы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2017-жылдын 9-ноябрында А.Ш. Сулуевдин кызыкчылыгындагы М.А. Абдыраевдин Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин соттордун өкүмдөрүн, аныктамаларын, токтомдорун кайра кароо маселелерин, көзөмөл даттанууларды жана сунуштамаларды киргизүү тартибин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жазык иштер жана административдик укук бузуулар жѳнүндѳ иштер боюнча соттук коллегия тарабынан жаңы чечимди кабыл алуу тартибин регламенттеген 376-статьясын, 377-статьясынын 1-бөлүгүн, 383-1-статьясынын 1-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 27-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.
Келтирилген материалдардан келип чыккандай, Ош шаардык сотунун 2017-жылдын 30-январындагы өкүмү менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 304, 315, 171-статьяларында каралган кылмышты жасоодо айыпталуучу А.Ш. Сулуев акталган.
Ош областтык сотунун 2017-жылдын 13-июнундагы аныктамасы менен Ош шаардык сотунун өкүмү күчүндө, ал эми прокурордун кассациялык сунуштамасы канааттандыруусуз калтырылган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2017-жылдын 2-октябрындагы аныктамасы менен жергиликтүү соттордун соттук актылары жокко чыгарылган, ал эми иш биринчи инстанциядагы сотко жаңы кароого өткөрүлгөн.
Арыздануучу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жогоруда көрсөтүлгөн аныктамасы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 27-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келет деп белгилейт, ага ылайык бир эле укук бузгандык үчүн эч ким кайра юридикалык жоопкерчилик тартпоого тийиш. Арыздануучунун пикири боюнча, бул ченемдик жобо Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын 14-беренесинин 7-бөлүгү менен өз ара байланышта, анда ар бир өлкөнүн мыйзамына жана жазык-процесстик укугуна ылайык ар ким бир эле укук бузгандык үчүн акыры соттолгон же акталган болсо, ал үчүн ал кайра соттолбойт же жазаланбайт деп белгиленген.
М.А. Абдыраев өзүнүн кайрылуусунда Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 376-статьясынын талашылып жаткан ченемдик жобосу мыйзамдуу күчүнө кирген соттук чечимдерди кайра кароо үчүн негиздерди камтыйт, алар Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда көзөмөл өндүрүшүн баштоо үчүн себеп болот. Көрсөтүлгөн Кодекстин 377-статьясында соттун кароосуна көзөмөл тартибинде даттанууларды жана сунуштамаларды киргизүүнүн тартиби бекитилген, анда соттун көзөмөл тартибинде кароосуна процесстин катышуучусунун даттануусу, прокурордун сунуштамасы Жазык-процесстик кодекстин 340-статьясынын талаптарын сактоо менен өкүмдү, токтомду, аныктаманы чыгарган биринчи инстанциясындагы сот аркылуу берилет деп кѳрсѳтүлгѳн.
Бирок, арыздануучунун пикири боюнча жогоруда көрсөтүлгөн Кодекстин 377-статьясындагы 340-статьяга болгон шилтеме туура эмес болуп эсептелет, анткени көзөмөл инстанция катары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна киргизилүүчү даттануулар менен сунуштамаларга болгон талаптар аппеляциялык даттануулар менен сунуштамаларга болгон талаптардан айырмаланып турушу керек. М.А. Абдыраевдин пикири боюнча көзөмөл даттануу же сунуштама жазык же жазык-процесстик мыйзамдардын мерчемдүү бузулушун көрсөткөн жана иштин жыйынтыгына таасир эте алган далилдерди камтышы керек. Мында далилдерди туура эмес баалоонун же иштин жыйынтыгына таасирин тийгизбеген укуктун ченемдеринин арзыбай турган көлөмдө бузулуусунун негиздери боюнча көзөмөл тартип боюнча соттук актыларды жокко чыгаруу кайрадан юридикалык жоопкерчиликке тартуунун мүмкүн эместиги жөнүндө конституциялык ченемди бузуу болуп саналат.
Жазык-процесстик кодекстин 383-1-статьясы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жазык иштер жана административдик укук бузуулар жѳнүндѳ иштер боюнча соттук коллегиясы, эгерде жергиликтүү сот тарабынан өкүм чыгарылып, бирок укук ченемин колдонууда жана далилдерге баа берүүдө каталар кетирилсе жазык иши боюнча жаңы чечим кабыл алат деп карайт.
М.А. Абдыраев соттук чечимдерди аппеляциялык кайра кароо үчүн негиздерден айрмаланып, көзөмөл тартибинде мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдерди кайра кароо үчүн негиздер болуп, иштин жыйынтыгына таасир эткен жазык же жазык-процесстик мыйзамдын мерчемдүү укук бузуулары болушу керек деп эсептейт. Андан тышкары, арыздануучу өзүнүн жүйөлөрүн ырастоо катары, прокурор мурунку соттук актыларды жокко чыгаруу тууралуу көзөмөл сунуштамасын мыйзамдарда белгиленген далилдерди аныктоосуз келтирген, ал эми Кыргыз Республикасынын Жогорку соту аны канааттандырган, бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 27-беренесинин 3-бөлүгүнө тикелей карама-каршы келет деп көрсөтүүдө.
Баяндалганды эске алуу менен, арыздануучу талашылып жаткан ченемдерди Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясы А.Ш. Сулуевдин кызыкчылыгындагы М.А. Абдыраевдин өтүнүчүн карап чыгып, кайрылуу мазмуну боюнча «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын талаптарына туура келбейт деген тыянакка келди.
Судьялар коллегиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 7-майындагы чечиминде баяндалган анын укуктук кѳз карашында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 27-беренесинин 3-бөлүгүндө бекитилген «бир эле укук бузгандык үчүн эч ким кайра юридикалык жоопкерчиликке тартылбоого тийиш» деген принцип, адам юридикалык жоопкерчиликке тартылып жана соттун же башка ыйгарым укуктуу органдын укуктук акты акыркы мүнөзгө ээ болгон учурда гана колдонулары аныкталган деп белгилейт. Бул тыянак ар бир өлкөнүн кылмыш-процессуалдык укугуна жана мыйзамына ылайык толугу менен соттолгон же акталган адам ал кылмыш үчүн кайрадан соттолбойт же жазаланбайт деп белгилеген Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын ченемдерине шайкеш келет (14-беренесинин 7-бөлүгү). Пактынын көрсөтүлгөн жобосу ошол эле иш боюнча жазык процедурасын кайталоого формалдуу тыюу салуу катары гана эмес, соттолгондун эң маанилүү укугу катары да каралат. Бул принцип соттолуучуга карата соттук актыны кайра кароонун мүмкүн эместигин камсыз кылат, бир эле жосун үчүн жаңы жазык куугунтугунан, күнөөлүү жана соттолгон деп таануудан корголушун кепилдейт.
Судьялар коллегиясынын пикири боюнча, мыйзам чыгаруучу Жазык-процесстик кодексте мүмкүн болуучу соттук катаны оңдоонун кошумча ыкмасы катары жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу үчүн мыйзамдуу күчүнө кирген соттук чечимдерди кайра кароо мүмкүндүгүн караштырган (374-383-1-статьялары). Арыздануучу тарабынан талашылып жаткан ченемдер соттордун чечимдерин кайра кароого негиздерди, соттун кѳзѳмѳл тартибиндеги кароосуна даттанууларды жана сунуштамаларды киргизүүнүн тартибин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча сот коллегиясы тарабынан жаңы чечимди кабыл алуунун негиздерин жана тартибин бекитүү менен ѳзүнѳн ѳзү эле сот тарабынан даттануу предметин баалоо процессин регламенттебейт, ошондон улам арыздануучу көрсөткөн аспектте анын конституциялык укуктарын бузуучу катары бааланышы мүмкүн эмес.
Андан тышкары, судьялар коллегиясы Конституциялык палатанын 2014-жылдын 31-январындагы Чечиминде баяндалган кѳз карашына ылайык ар кимдин жогору турган сот тарабынан ишти кайра каратуу укугун караган конституциялык жобону жүзөгө ашыруу максатында (Конституциянын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3-пункту), мыйзам чыгаруучу мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актыларды кассациялык тартипте, көзөмөл тартибинде жана жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра каратуу мүмкүндүгүн мыйзамда караган. Көрсөтүлгөн процесстик институттардын максаты болуп соттор тарабынан чыгарылып жаткан чечимдердин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү саналат, аны менен жарандардын укуктары менен эркиндиктерин натыйжалуу коргоо камсыздалат.
Судьялар коллегиясы, арыздануучунун Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 42-главасында ишти көзөмөл тартибинде кайра кароо үчүн иштин жыйынтыгына таасир эткен жазык жана жазык-процесстик мыйзамдардын мерчемдүү бузулушунун болуусу жөнүндө талаптар жок деп айтуусу боюнча, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 96-беренесинин 1-бөлүгүндө Жогорку сот жарандык, жазык, экономикалык, административдик жана башка иштер боюнча жогорку сот органы болуп саналат жана мыйзамда белгиленген тартипте сот процессине катышуучулардын кайрылуулары боюнча соттордун соттук актыларын кайра кароону жүзөгө ашырылары каралган деп белгилейт.
Мыйзам чыгаруучу ага берилген дискрециялардын алкагында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде жазык ишин көзөмөлгө алуу тартибинде карап чыгууда сот көзөмөлдүк даттануулардын жана сунуштун жүйөө далилдерине кайрылбайт жана жазык иши боюнча өндүрүштү толук көлөмдө текшерүүгө укуктуу деп караган (374-статья). Мында аталган Кодекстин көрсөтүлгөн беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык көзөмөлгө алуу инстанциясынын соту прокурордун сунушу же жабырлануучунун даттануусу келип түшпөгөн соң айыпкердин, соттолгондун, акталгандын абалын оорлото албайт.
Судьялар коллегиясынын пикири боюнча арыздануучу тарабынан талашылып жаткан ченемдер жарандардын процесстик укуктарын камсыздоого багытталган жана бир эле укук бузгандык үчүн эч кимди кайра жоопкерчиликке тартууну карабайт. Анын талашылып жаткан ченемдердин конституциялуу эместиги тууралуу келтирип жаткан жүйөлөрү, арыздануучу тарабынан аларды туура эмес түшүнүүнүн натыйжасынан келип чыгууда.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, судьялар коллегиясы кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктама кабыл алган.
Судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 18-декабрындагы № 67 аныктамасы менен макул болбостон, А.Ш. Сулуевдин кызыкчылыгындагы М.А. Абдыраев 2018-жылдын 21-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына даттануу менен кайрылган.
Арыздануучу Конституциялык палатанын 2014-жылдын 7-майындагы чечиминде берилген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 27-беренесинин 3-бөлүгүнүн түшүндүрмөсү акталган адамга карата эмес, соттолгонго карата гана колдонула турган деп эсептейт.
М.А. Абдыраев акталган адамга мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актылардын укуктук аныктыгы кепилдениши керек деп белгилейт. Демек, эч ким бир эле мамлекеттин юрисдикциясынын чегинде ушул эле мамлекеттин мыйзамына жана жазык-процесстик ченемдерине ылайык кылмыш үчүн акталган соң кайрадан соттолбош керек же жазык тартипте жазаланбаш керек. Бул, мамлекеттин мыйзамына жана жазык-процесстик ченемдерине ылайык, эгер жаңы же жаңыдан ачылган жагдайлар тууралуу маалымат болсо, же мурунку териштирүүнүн жүрүшүндө иштин жыйынтыгына таасирин тийгизген мерчемдүү бузууларга жол берилген болсо, ишти кайра кароо үчүн тоскоолдук кылбайт.
Андан ары арыздануучу Адам укуктары боюнча Европа сотунун укук колдлонуучулук тажрыйбасына кайталап көңүл бурат, ал эми анын мааниси, бир да тарап ишти кайра каратуу жана ал боюнча жаңы чечим чыгаруу максатында гана мыйзамдуу күчүнө кирген жана токтоосуз аткарылууга тийиштүү соттук чечимди кайра каратуу укугу жок дегенди туюндурат. Соттук чечимдерди кайра кароо боюнча жогору турган соттордун ыйгарым укуктары ишти кайра каратуу үчүн эмес, сот адилеттигин жүзөгө ашырууда орой соттук каталарды жана адилетсиздикти оңдоо максатында ишке ашырылышы керек. Ишти жогору турган инстнациялар тарабынан кайра кароо «кѳмүскѳдѳгү даттануу» катары каралбашы керек, жана маселе боюнча эки көз караштын болуу мүмкүндүгүнүн өзү гана кайра кароо үчүн негиз катары кызмат кыла албайт. Мерчемдүү жана талашсыз жагдайлардын болуусу гана бул принциптен четтөөнү актайт. Ушуга байланыштуу, арыздануучу соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып акыркы болуп саналат деп болжойт.
Арыздануучу соттун укуктук акты бардык соттук инстанцияларды өткөндөн кийин гана акыркы мүнөзгө ээ болушу менен макул эместигин билдирет. Соттун укуктук актысынын акыркы экендигин ушинтип түшүндүрүүдө анын узак мөөнөттүү анык эместиги тууралуу маселе козголууда.
Арыздануучу Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин талашылып жаткан 376-статьясы мыйзамдуу күчүнө кирген соттук чечимдерди кайра кароо үчүн негиздерди камтыбастан, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда көзөмөл өндүрүшүн баштоо үчүн себеп гана болуп саналат деп эсептейт. Ошондой эле, арыздануучу Конституциялык палатанын 2014-жылдын 31-январындагы чечимине шилтеме жасаган Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын көз карашы менен макул эмес экендигин билдирүүдө, көзөмөл тартибинде күчүндөгү актыларды кайра кароо мүмкүндүгү жарандардын укуктары менен эркиндиктерин натыйжалуу корголушун камсыздоо максатында сот тарабынан чыгарылып жаткан чечимдердин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүүсүнүн процесстик каражаты болуп саналат деп көрсөтүүдө. Кайрылуунун субъекти бул жүйөлөр акталганга карата эмес, соттолгонго карата колдонулушу туура деп болжойт. Ушуга байланыштуу материалдык же процесстик мыйзамдын мерчемдүү бузууларын көрсөткөн жана иштин жыйынтыгына таасирин тийгизген негиздер болгондо гана ишти көзөмөл тартибинде кайра кароо жүргүзүлүшү керек, башкасы жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин бузат деп эсептейт.
Ушуга байланыштуу, М.А. Абдыраев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 8-декабрындагы № 67 аныктамасын жокко чыгарууну жана кайрылууну конституциялык сот өндүрүшүнө кабыл алууну суранууда.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы арыздануучунун жүйөлөрүн жана судьялар коллегиясынын кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуунун негиздерин талкуулап, кийинкидей тыянактарга келди.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы судьялар коллегиясы кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуу же андан баш тартуу жөнүндө маселени чечүүдө кайрылуу «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын талаптарына туура келүү маселесинен келип чыгат деп белгилейт (20, 24, 25 жана 28-беренелери).
Жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык Мыйзамдын 25-беренесинин 3-бөлүгүнүн 9-пунктуна ылайык арыздануучу ѳз кайрылуусунда коюлган маселе боюнча көз карашын жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын тиешелүү ченемдерине шилтеме келтирүү менен укуктук негиздемесин келтирүүгѳ милдеттүү. Бул талап арыздануучу тарабынан талашылып жаткан укуктук жөнгө салуу ыкмасынын конституциялуу эместиги туурасындагы жүйөлөрү конкреттүү конституциялык орнотмо менен тутумдаш байланышта болуп, анын конституциялуулугунда күмөндүүлүктү даана көрсөтүүсү керек дегенди билдирет.
Кайрылуунун жана судьялар коллегиясынын аныктамасына даттануунун мазмунунан келип чыкканда, арыздануучу ал тарабынан талашылып жаткан ченемдердин бир эле укук бузгандык үчүн эч ким юридикалык жоопкерчиликке кайра тартылбоого тийиш деген конституциялык тыюу салууга карама-каршы келүүсүн баса белгилейт.
Бирок Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин соттордун өкүмдөрүн, аныктамаларын, токтомдорун кайра кароо, көзөмөл даттанууларды жана сунуштамаларды киргизүү тартибин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан жаңы чечимди кабыл алуу тартибин караган 376-статьясы, 377-статьясынын 1-бөлүгү, 383-1-статьясынын 1-бөлүгү бир эле укук бузгандык үчүн ар кимди жазык жоопкерчилигине кайра тартуу мүмкүндүгүнө жол берүүчү укуктук жоболорду камтыбайт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы арыздануучунун жүйөлөрүнөн талашылып жаткан ченемдер менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 27-беренесинин 3-бөлүгүнүн ортосундагы тутумдаш байланышты жана корсөтүлгөн ченемдердин конституциялуулугунда күмөндүүлүктү тапкан жок.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы судьялар коллегиясынын аныктамасын жокко чыгарууга жана арыздануучунун даттануусун канааттандырууга негиздерди тапкан жок.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Коснтитуциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 5-бөлүгүн, 46, 47, 48-беренелерин, 51-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алтынбек Шайлобекович Сулуевдин кызыкчылыгындагы Медербек Абдыраевич Абдыраевдин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 18-декабрындагы № 67 «Алтынбек Шайлобекович Сулуевдин кызыкчылыгындагы Медербек Абдыраевич Абдыраевдин Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 377-статьясынын 1-бөлүгүнүн, 383-1-статьясынын 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө кайрылуусун өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө» аныктамасына даттануусу канааттандыруусуз калтырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ушул токтому акыркы, даттанууга жатпайт жана кол коюлгандан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы