Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-ноябры № 678
Суу пайдалануучулар бирикмелери (ассоциациялары) жана суу
пайдалануучулар ассоциацияларынын союздары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кайра кредитке берилген мамлекеттик карыз каражаттарды кайра төлѳѳсүн камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө
Суу пайдалануучулар ассоциациялары жана суу пайдалануучулар ассоциацияларынын союздары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кайра кредитке берилген мамлекеттик карыз каражаттарды кайра төлөөсүн камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-береислерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү долбоорлор боюнча Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги - аткаруучу агенттик, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги - кредитор, суу пайдалануучулар ассоциациялары жана суу пайдалануучулар ассоциацияларынын союздары - карыз алуучулар болуп аныкталышсын:
- "Суу ресурстарын башкарууну жакшыртуу" (Кыргыз Республикасы менен Эл Аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы өнүктүрүү максатына грант (№ Н-212 KG грант) женүндө макулдашуу жана 2006-жылдын 21-июнундагы Долбоорду кошо каржылоого Япония Өкмөтүнүн гранты боюнча макулдашуу жөнүндѳ Кат (№ TF 056324 грант);
- "Экинчи ички чарбалык сугат долбоору" (Кыргыз Республикасы менен Эл Аралык Ѳнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы 2007-жылдын 29-августундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу (№ Н 312-KG грант);
- "Экинчи ички чарбалык сугат долбоору үчүн кошумча каржылоо" (Кыргыз Республикасы менен Эл Аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы 201 1-жылдын 25-июнундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу (Кредит № 4982-KG жана № Н 71 8-KG грант).
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн долбоорлордун алкагында суу пайдалануучулар ассоциациялары жана суу пайдалануучулар ассоциацияларынын союздары менен төмөнкүдөй шарттарда кредиттик келишимдерди түзсүн:
- карыз алуучу кредиторго чарба ичиндеги сугат тутумдарындагы курулуш жумуштарынын акыркы наркынын 25 пайызына барабар карыздын суммасын курулуш бүткөндөн кийин 7 жылдын ичинде, 4 жыл жеңилдетилген мөөнѳт менен күрөѳлүк камсыздоосуз төлөп берет;
- карыз алуучу кредиторго жабдуунун наркынын 100 пайызына барабар карыздын суммасын жабдуу берилген датадан тартып 7 жылдын ичинде, 1 жыл жеңилдетилген мезгил менен төлөп берет;
- карыз алуучу кредиторго жер казуучу техниканын (экскаватор жана (же) жүктөгүч) наркынын 50 пайызына барабар карыздын суммасын техника берилген датадан тартып 7 жылдын ичинде, 1 жыл жеңилдетилген мезгил менен толоп берет;
- күрөөлүк камсыздоо болуп карыздын каражатынын эсебинен сатылып алынган жабдуу, техника аныкталсын;
- кредитти төлөө пайызсыз негизде, квартал сайын бирдей тѳлѳм менен жүзөгө ашырылат;
- каражат өз убагында төлөнбөгөн учурда финансылык айыптар - ар бир кечиккен күн үчүн мөөнөтү кечиктирилген төлөмдүн суммасынын 0,01 пайызынын өлчөмүндө.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги:
- кѳрсөтүлгөн долбоорлордун алкагында бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышын камсыздасын;
- суу пайдалануучулар ассоциациялары жана суу пайдалануучулар ассоциацияларынын союздары менен ишти координацияласын жана аларга долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында зарыл жардамдарды берсин;
- суу пайдалануучулар ассоциациялары жана суу пайдалануучулар ассоциацияларынын союздары менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ортосунда кредиттик келишимдердин жана күрөө жөнүндө келишимдердин өз убагында түзүлүшүн камсыздасын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агрооноржай комплекси жана экология бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |