Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ТОКТОМУ
2015-жылдын 26-январы
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы курамында: төрагалык кылуучу – судья М. Ш. Касымалиев, судьялар – Ч. А. Айдарбекова, М. Р. Бобукеева, Э. Т. Мамыров, А. О. Нарынбекова, Э. Ж. Осконбаев, Ч. О. Осмонова, К. С. Сооронкулова, соттук отурумдун катчысы Н. А. Илиязованын катышуусунда, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесенин 5-бѳлүгүн жетекчиликке алып, соттук отурумда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2014-жылдын 11 – декабрындагы № 71-о «Т. Дж. Саатовдун кайрылуусун ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуу жѳнүндѳ» аныктамасына жаран Т. Дж. Саатовдун даттануусун карап чыкты.
Даттануу боюнча соттук отурумду даярдоону жүргүзгѳн судья Э. Т. Мамыровдун маалыматын угуп, кѳрсѳтүлгѳн материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2014-жылдын 31-октябрында «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 6-бѳлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ карама-каршы келет жана конституциялуу эмес деп таануу жѳнүндѳ жаран Т. Дж. Саатовдун ѳтүнүчү келип түшкѳн.
Арыздануучу, Башкы прокурордун буйругу менен судьяга карата жазык ишин козгоо боюнча ыйгарым укуктарды өз орун басарларына берип коюуну конституциялуу эмес деп эсептейт, анткени Башкы прокурордун өзгөчө ыйгарымдары буйрук катары локалдуу ченемдик укуктук акты менен башка адамга ѳткѳрүүгѳ болбойт. Арыз берүүчү милдеттенмелерди жүктөө институтун судьяларга карата жазык ишин козгоо укугу берилген адамдардын чөйрөсүн кеңейтүү катары карайт, анын пикири боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесинин 1-бөлүгүндө бекитилген судьялардын көз карандысыздыгы принцибин бузат.
Ошондой эле арыздануучу, Конституциялык палатанын 2013-жылдын 26-декабрындагы Чечими менен судьяларга карата жазык ишин козгоо боюнча ыйгарымдарды, областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлоруна берүү бѳлүгүндѳ «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин 1-бѳлүгү конституциялуу эмес деп таанылганын кѳрсѳттү. Ушуга байланыштуу, судьяларга карата жазык ишин козгоо өзгөчө укугу Башкы прокурорго гана берилет.
Жаран Т. Дж. Саатов, Конституция жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары менен судьяга карата жазык ишин козгоо боюнча Башкы прокурордун ыйгарым укуктарын ѳткѳрүү тартиби жана негиздемеси каралган эмес деп эсептейт жана ушуга окшогон маселелер, анын пикири боюнча, кызыктар болгон тараптар, мыйзам чыгаруу демилгесине укуктуу органдарга кайрылуу жолу менен чечилиши керек деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясы, Э. Т. Мамыров, А. О. Нарынбекова, Ч. А. Айдарбекованын курамында жаран Т. Дж. Саатовдун кайрылуусун карап чыгып, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 24-беренесин, 28-беренесинин 2-бѳлүгүнүн, 3-бѳлүгүнүн 1-пунктунун талаптарын жетекчиликке алып, 2014-жылдын 11-декабрында аны төмөнкүдөй негиздер боюнча ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуу жѳнүндѳ аныктаманы кабыл алган.
Арыздануучунун ою боюнча конституциялуугу талашылып жаткан «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 6-бөлүгү Кыргыз Республикасынын прокуратурасына ушул Мыйзам менен жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн Башкы прокурордун жоопкерчилигин карайт жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесинин 1-бөлүгүндө бекитилген судьялардын көз карандысыздыгы принциби менен кандайдыр бир байланышта эмес. Талашка түшкөн ченемде, Башкы прокурордун өзгөчө ыйгарым укуктарын башка адамга ѳткѳрүүгѳ жол берген кандайдыр бир жоболор жок. Ушуга байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жѳнүндѳ» Мыйзамдын 12-беренесинин 6-бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келүү жѳнүндѳ маселени коюу туура эмес.
Арыздануучу шилтеме кылган Конституциялык палатанын 2013-жылдын 27-декабрындагы Чечими менен, судьяларга карата жазык ишин козгоо боюнча ыйгарым укуктарды областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлоруна берүү бөлүгүндө «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуу эместиги жѳнүндѳ маселе чечилген. Бул учурда, аталган чечимде жетекчинин милдеттерин убактылуу аткаруудагы институттун конституциялуугу жѳнүндѳ маселе кароонун предмети болгон эмес.
Ошондой эле судьялардын коллегиясы, биринчи жетекчинин милдеттерин убактылуу аткаруу институту, жетектөөчү кызматта турган адам кандайдыр бир себептер менен жок болуп калганда (оору, эмгек өргүүсү, иш сапарлар ж.б.) жана ага ылайык өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу мүмкүндүгү жок болуп калган учурларда мамлекеттик органдын нормалдуу иш алып барышы үчүн зарыл экендигин белгиледи. Бул учурда Башкы прокурордун милдеттерин аткарууну орун басарына жүктөөнү Бакшы прокурордун өзгөчө укуктарына ээ болгон субъекттердин чөйрөсүн кеңейтүү катары каралбашы керек, анткени анын милдеттерин аткаруучу биринчи жетекчинин берген ыйгарым укуктарын ал жок кезинде гана аткарат.
Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2014-жылдын 11-декабрындагы № 71-о аныктамасы менен макул болбогондугун билдирип, жаран Т. Дж. Саатов 2014-жылдын 17-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына даттануу менен кайрылды.
Өзүнүн арызында, жаран Т. Дж. Саатов, Башкы прокурор менен судьяга карата жазык ишин козгоо өзгөчө ыйгарым укугун башка адамга берүүсү локалдуу ченемдик укуктук акты менен эмес, мыйзам менен чечилиши керек деп эсептейт, анткени бул укук Башкы прокурорго анын ээлеп турган кызматынын күчүнө жараша берилген жана Конституция менен кепилденген судьялардын көз карандысыздыгы принцибин камсыз кылуу максатын көздөгөн. Арыздануучу, Башкы прокурордун өзгөчө ыйгарым укуктарын кандай гана жол менен болбосун башка адамга берүүсү, ыйгарым укуктарды ѳткѳрүп берүү болот деп эсептейт.
Ошондой эле арыз берүүчү арызында кетирген техникалык ката жѳнүндѳ белгилейт, талаптарын өзгөртөт жана Башкы прокурордун буйругу менен судьяга карата жазык ишин козгоо боюнча ыйгарым укукту өз орун басарларына ѳткѳрүп берүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жѳнүндѳ» Мыйзамынын 12-беренесинин 6-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таанууну суранат.
Конституциялык палата арыздануучунун жүйөлөрүн талкуулап жана судьялар коллегиясынын Т. Дж. Саатовдун кайрылуусун ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуу жѳнүндѳ негиздемелерди карап чыгып, төмөнкү тыянактарга келди.
«Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, Конституциялык палатага келип түшкѳн кайрылууларды ѳндүрүшкѳ кабыл алуу маселесин чечүү үчүн судьялар коллегиясы тарабынан кѳрсѳтүлгѳн Мыйзамдын 24, 25, 26-беренелеринде камтылган талаптарга ылайык текшерилүүгѳ тийиш. Ошентип, кайрылуунун жарактуулугу анын кайрылуунун формасына, мазмунуна, субъектисине жана предмети боюнча конституциялык Мыйзам менен ага берилген талаптарга жооп бериши менен аныкталат, аларды сактоо кайрылууну кароого кабыл алууга мүмкүндүк берет жана милдеттендирет. Кайрылуунун жарактуулугунун критерийлеринин бири болуп, талашылып жаткан мыйзамдын Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жѳнүндѳ маселеде күмѳндүүлүктүн пайда болушу саналат.
Бирок, арыздануучу менен конституциялуугу талашылып жаткан «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 6-бөлүгү кандайдыр бир түрдө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесинин 1-бөлүгүндө бекитилген судьялардын көз карандысыздыгы принцибине тийишпейт, бул дагы судьялар коллегиясынын аныктамасында белгиленген. Ушуга байланыштуу, судьялар коллегиясы жогоруда аталган Мыйзамдын талашылып жаткан ченеминин Конституцияга ылайык келүү маселесинде күмѳндүүлүктүн жоктугунан улам, кайрылууну ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан негиздүү баш тартты. Андан тышкары арыздануучу өз арызында ал тарабынан кетирген техникалык катага шилтеме кылуу менен талап кылуу предметин өзгөрттү, ал эми кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жѳнүндѳ аныктамага даттануу учурунда мындайга жол берилбейт.
Арыздануучу өз даттануусунда да, өтүнүчүндөгүдөй эле Башкы прокурор менен судьяга карата жазык ишин козгоо өзгөчө укугун башка адамга ѳткѳрүп берүүсү Башкы прокуратуранын локалдуу ченемдик укуктук акты менен эмес, мыйзам менен чечилиши керек деп эсептейт.
Башкы прокурордун өзгөчө ыйгарым укуктарын ѳткѳрүп берүү мүмкүн эмес, анткени ѳткѳрүп берүү жетекчи менен ага жүктөлгөн ыйгарымдардын бир бөлүгүн өз кол алдындагыларга берүү процессин түшүндүрөт. Жетекчинин милдеттерин аткаруу ал жок болгон кезде гана (эмгек өргүүсү, иш сапар, оору) мамлекеттик органдын үзгүлтүксүз, натыйжалуу иш алып баруусун камсыз кылуу максатында жана ага жүктөлгөн милдеттерди камсыз кылуу максатында анын орун басарына жүктөлөт.
Ошентип, «өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды» түшүнүгү жана «жетекчинин милдеттерин аткаруу» түшүнүгү олуттуу айырмачылыктарга ээ жана арыз ээсинин, жетекчинин орун басарына ыйгарымдарды жүктөө учурунда Башкы прокурордун өзгөчө ыйгарымдарын берген субъектилердин чөйрөсү кеңейет деген ырастамасы жаңылыш болуп эсептелет.
«Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 6-пунктуна ылайык Башкы прокурор Кыргыз Республикасынын прокуратура системасынын уюштуруу жана ишинин маселелерин жана прокуратура органдарынын камсыз кылуу чараларын ишке ашыруу тартибин жөнгө салуучу, көрсөтүлгөн кызматкерлер милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон буйруктарды, көрсөтмөлөрдү, тескемелерди жана нускамаларды чыгарат. Мына ушул ченем Башкы прокурорго Башкы прокурордун милдеттерин өзү жок кезде орун басарына жүктөөгө укук берет. Бул учурда жетекчинин милдеттерин аткарган адам анын ыйгарым укуктарын кандайдыр бир алып коюусуз ишке ашырат, эгер башкасы милдеттерин аткарууну жүктөө жѳнүндѳ актыда бекитилбесе.
Ошентип, орун басары менен жетекчинин жок кезинде милдеттерин аткаруу Башкы прокурордун өзгөчө ыйгарым укуктары берилген адамдардын чөйрөсүнүн кеңейишин түшүндүрбөйт жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесинин 1-бөлүгүндө бекитилген судьялардын көз карандысыздыгы принциби менен өз ара тутумдуу байланышта болбойт. Ушуга байланыштуу, Конституциялык палата судьялар коллегиясынын 2014-жылдын 11-декабрындагы № 71-о «Т. Дж. Саатовдун кайрылуусун ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуу жѳнүндѳ» аныктамасын жокко чыгаруу үчүн негиз тапкан жок.
Жогорулардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесин, 28-беренесинин 5-бѳлүгүн, 47-беренесин, 51-беренесинин 1-бѳлүгүн жетекчиликке алып, Конституциялык палата
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
Жаран Таалайбек Джапарович Саатовдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2014-жылдын 11-декабрындагы № 71-о «Т. Дж. Саатовдун кайрылуусун ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуу жѳнүндѳ» аныктамасына даттануусу канаттандыруусуз калтырылсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын токтому акыркы, даттанууга жатпайт жана кол коюлган учурдан тартып күчүнѳ кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы