Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-ноябры № 668
“Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
1-берене
“Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., №10, 375-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Преамбуланын экинчи абзацындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү тизмеге ылайык” деген сөздөр алып салынсын.
2. Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги бүткүл тексти боюнча:
- “бирден-бир” деген сөздөр “өзгөчө” деген сөз менен алмаштырылсын;
- “бирден-бир эмес” деген сөздөр “өзгөчөлүксүз” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Мамлекеттик тилдеги тексттин 1-статьясынын бешинчи абзацындагы “зиготтору” деген сөз “зиготалары” деген сөз менен алмаштырылсын.
4. 3-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“3-статья. Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу
Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ишке ашырылат.
Селекциялык жетишкендиктердин коргоо жөндөмдүүлүгү маселелери боюнча талаш-тартыштарды биринчи ирет кароо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте Апелляциялык кеңеш тарабынан каралат.
Селекциялык жетишкендиктердин айырмалуулукка, бир түрдүүлүккө жана туруктуулукка карата жүргүзүлгөн сыноосунун негизинде алардын коргоо жөндөмдүүлүгү жөнүндө корутунду чыгарылат.
Жаныбарлардын зоологиялык урууларынын жана түрлөрүнүн тизмеси, сортторунун үрөндөрүн ишкананын аймагына жеке пайдалануу үчүн эки жыл өстүрүүгө уруксат берилген Өсүмдүктөрдүн ботаникалык урууларынын жана түрлөрүнүн тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.”.
5. Мамлекеттик тилдеги тексттин II бөлүмүнүн аталышындагы “процедурасы” деген сөз “жол-жобосу” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 5-статьяда:
- 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жерлери же турган жери жок башка мамлекеттердин жеке же юридикалык жактары патент алуу жана аны күчүндө кармоо боюнча иштерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу белгиленген тартипте катталган Кыргыз Республикасынын патенттик ишенимдүү адамдары аркылуу жүргүзүшөт.”;
-5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“Интеллектуалдык менчик жаатындагы жана айыл чарба, мелиорация чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын кызматкерлери мекемеде иштеген бүткүл мезгилинин ичинде селекциялык жетишкендикке патент алууга өтүнмө берүүгө укуксуз болушат.”.
7. 6-статьянын 3-бөлүгүндөгү “интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга” деген сөздөр алып салынсын.
8. 7-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“7-статья. Патент алууга өтүнмө берүү
Патент алууга өтүнмөнүн документтери мамлекеттик же расмий тилде берилет. Эгер документтер башка тилде берилсе, өтүнмөгө алардын мамлекеттик же расмий тилге котормосу тиркелет.
Өтүнмө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) арызды;
2) сорттун, тукумдун сыпаттамасын:
өсүмдүктөрдүн сорттору үчүн - сорттун анкетасын;
жаныбарлардын тукумдары үчүн - айыл чарба жаныбарларын апробациялоо боюнча алардын колдонулуудагы методикага ылайык сыпаттамасын;
3) өтүнмө берүү үчүн тиешелүү алымдын төлөгөндүгүн ырастоочу же өтүнмө берүү үчүн алымды төлөөдөн бошотуучу же анын өлчөмүн азайтуу үчүн негиз берүүчү документти.
Өтүнмөгө жана ага тиркелген документтерге карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Селекциялык жетишкендикке өтүнмөнү түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежелери (мындан ары - Эрежелер) менен белгиленет.
Өтүнмө бир селекциялык жетишкендикке таандык болууга тийиш.
Өтүнмө берүүчү өтүнмөнүн материалдарында көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
Өтүнмө берүүчү патент берүү жөнүндө чечимди алган датага чейин кайсы убакытта болбосун өтүнмөнү кайра сурап алууга укуктуу.”.
9. 8-статьяда:
- 7-бөлүгүндөгү “селекциячы Кыргызпатенттин талабы боюнча” деген сөздөр “өтүнмө берүүчү” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
10. 9-статьяда:
- бүткүл текст боюнча “интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга” деген сөздөр алып салынсын;
- 2-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндөгү “интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда” деген сөздөр алып салынсын;
- 5-бөлүгүндөгү “Селекциячыга” деген сөз “Өтүнмө берүүчүгө” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
11. 11-статьяда:
- 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“Селекциялык жетишкендикке өтүнмөнүн алдын ала экспертизасы ал берилгенден кийин, эки айлык мөөнөттө жүргүзүлөт. Алдын ала экспертизанын жүрүшүндө ушул Мыйзамдын 7-статьясында каралган документтердин бар экендиги, селекциялык жетишкендиктин аталышынын ушул Мыйзамдын 8-статьясынын талаптарына ылайык келиши текшерилет, селекциялык жетишкендиктин приоритети белгиленет.”;
- 3-бөлүгүндөгү “интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган” деген сөздөр алып салынсын;
- 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“Өтүнмө берүүчүнүн өтүнүчү боюнча, жүйөлүү себептер болсо жана тиешелүү алым төлөнгөн шартта ушул статьянын төртүнчү жана бешинчи бөлүктөрүндө каралган суроо-талапка же кабарламага жооп берүү мөөнөтү алты айга чейин узартылат.”.
12. 12-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“12-статья. Селекциялык жетишкендикке өтүнмөнү жарыялоо
Өтүнмө жөнүндө маалыматтар селекциялык жетишкендикке өтүнмөнүн алдын ала экспертизасы аяктаган датадан тартып төрт айдан кечиктирбестен расмий бюллетенде жарыяланат. Жарыялануучу маалыматтардын көлөмү жана мазмуну Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Өтүнмө жөнүндө маалыматтар жарыялангандан кийин кандай адам болсун анын материалдары менен таанышууга укуктуу. Материалдар менен таанышуу үчүн тийиштүү алым төлөнөт.
Эгерде жарыяланган датага чейин патент берүү жөнүндө чечим кабыл алынса же ал кайра суралып алынса же болбосо ал боюнча патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынып, аны даттануу мүмкүнчүлүгү бүтсө, өтүнмө жөнүндө маалыматтар жарыяланбайт.
Селекциялык жетишкендиктин автору эгерде ал патент ээси болбосо, өтүнмө жөнүндө жарыяланган маалыматтарда автор катары аталуудан баш тарта алат.
Өтүнмө жарыяланган датадан тартып алты айдын ичинде анын жаңылыктуулугуна карата кандай болбосун таламдаш адамдын дооматы эске алынат.
Доомат таламдаш адам тарабынан каршы пикир түрүндө Апелляциялык кеңешке берилет. Каршы пикирди берүү жана кароо үчүн алым төлөнөт.
Каршы пикир боюнча Апелляциялык кеңештин чечимине макул болбогон учурда, ар бир тарап чечим кабыл алынган учурдан тартып алты айлык мөөнөттө сотко доо арызын бере алат.”.
13. 14-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“14-статья. Селекциялык жетишкендиктин айырмалуулукка, бир түрдүүлүккө жана туруктуулукка карата сыноолору
Селекциялык жетишкендиктин айырмалуулукка, бир түрдүүлүккө жана туруктуулукка карата сыноосу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Сортко сыноолорду жүргүзүү үчүн алым төлөнөт.
Өтүнмө берүүчү экспертиза жүргүзүүдө пайдаланылган материалдар менен тааныша жана сыноолордун жүрүшүнө байкоо жүргүзө алат.
Өтүнмө берүүчү патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди алган датадан тартып эки айлык мөөнөттө өтүнмөгө каршы коюлган материалдардын көчүрмөсүн, ошондой эле жүргүзүлгөн сыноолордун жыйынтыктары жөнүндө толук маалыматты берүүнү талап кыла алат.”.
14. 15-статьяда:
- 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
- 5-бөлүгүндөгү “интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан” деген сөздөр алып салынсын.
15. 16-статьяда:
- 1-бөлүгүндөгү “интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан” деген сөздөр алып салынсын;
- 7-бөлүгүндөгү “Кыргызпатент тарабынан” деген сөздөр алып салынсын;
- 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“Корголуучу селекциялык жетишкендиктердин мамлекеттик реестрине киргизилүүчү маалыматтарды киргизүү тартиби жана алардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.”;
- 5, 6-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын.
16. 17-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“17-статья. Патенттин колдонулуу мөөнөтү
Селекциялык жетишкендикке патенттин колдонулуу мөөнөтү өтүнмө берилген селекциялык жетишкендик Корголуучу селекциялык жетишкендиктердин мамлекеттик реестринде катталган датадан тартып 25 жылды түзөт.”.
17. 19-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“19-статья. Патент жөнүндө маалыматтарды жарыялоо
Патент берүү жөнүндө маалыматтар Корголуучу селекциялык жетишкендиктердин мамлекеттик реестринде катталган датадан тартып эки айдын ичинде расмий бюллетенде жарыяланат.”.
18. 20-статьяда:
- 3-бөлүгүндөгү “интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга” деген сөздөр алып салынсын;
- 4-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын.
19. 21-статьяда:
6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“Автор патент ээсинен селекциялык жетишкендикти пайдалангандыгы үчүн сыйакы алууга укуктуу.”;
- 8-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
20. Мамлекеттик тилдеги тексттин 22-статьясында:
- статьянын аталышы “авторуна” деген сөздөн кийин “сый” деген сөз менен толукталсын;
- 1-бөлүгү “мөөнөт ичинде” деген сөздөрдөн кийин “сый” деген сөз менен толукталсын.
21. 25-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“Ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн бешинчи абзацында көрсөтүлгөн артыкчылыктар ушул Мыйзамдын 3-статьясынын төртүнчү бөлүгүндө каралган Өсүмдүктөрдүн ботаникалык урууларынын жана түрлөрүнүн тизмесине ылайык колдонулат.”.
22. 26-статьянын 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
23. 29-статьяда:

“Патент жөнүндө маалыматтар жарыяланган датадан тартып кандай болсун адам патентти жараксыз деп табуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн каршы пикири менен кайрыла алат. Патентти жараксыз деп табуу жөнүндө каршы пикирди берүү жана аны кароо үчүн алым төлөнөт.”;
- 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
24. 30-статьяда:
1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацындагы “Мамкомиссиянын, Мамастукуминспекциясынын” деген сөздөр алып салынсын;
-2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“Патенттин колдонулушун мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маалыматтар расмий бюллетенде жарыяланат.”.
25. 30-1-статьяда:
- 1-бөлүгүндөгү “интеллектуалдык менчик боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга” деген сөздөр алып салынсын;
- 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“Патенттин колдонулушун калыбына келтирүү жөнүндө маалыматтар расмий бюллетенде жарыяланат.”;
- 3-бөлүгүндөгү “интеллектуалдык менчик боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын” деген сөздөр алып салынсын.
26. 31-статьянын аталышындагы “интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын” деген сөздөр алып салынсын.
27. 33-статьяда:
- 1-бөлүгүндөгү “интеллектуалдык менчик боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын” деген сөздөр алып салынсын;

Төлөмдөрдүн өлчөмүн көрсөтүү менен ачык лицензия берүү жөнүндө маалыматтар жана ачык лицензиянын колдонулушун токтотуу жөнүндө жазуу Корголуучу селекциялык жетишкендиктердин мамлекеттик реестрине киргизилет.”;
- 4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
28. Мамлекеттик тилдеги тексттин 34-статьясынын 6-бөлүгү “шарттар болгондо” деген сөздөрдөн кийин “берилет” деген сөз менен толукталсын.
29. 35-статьянын 1-бөлүгүндөгү “интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган органга” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
30. 36-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“36-статья. Чет өлкөлүк жарандардын жана юридикалык жактардын укуктары
Чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык же өз ара иштешүү принцибинин негизинде ушул Мыйзамда каралган укуктарды Кыргыз Республикасынын жарандары жана юридикалык жактары менен бирдей пайдаланышат.”.
31. 38-статьядагы “бажы органдары”, “бажы” деген сөздөр алып салынсын.
32. 39-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене
1. Ушул Мыйзам расмий булакка жарыяланууга тийиш.
2. Ушул Мыйзам 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу эл аралык келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ