Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 11-декабры № 700
«Ден соолугунун мγмкγнчγлγгγ чектелген балдар γчγн Yй-бγлѳ тибиндеги балдар γйγ» мамлекеттик мекемесин тγзγγ жѳнγндѳ
(Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 1-апрели № 177, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 184 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Социалдык тейлѳѳнγн стационардык мекемелери кѳрсѳткѳн альтернативдγγ социалдык кызматтарды ѳнγктγрγγ максатында, «Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Ден соолугунун мγмкγнчγлγгγ чектелген балдар γчγн Yй-бγлѳ тибиндеги балдар γйγ» мамлекеттик мекемеси (мындан ары – Yй-бγлѳ тибиндеги балдар γйγ) тγзγлсγн.
2. Чγй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаарынын мэриясына Шопоков шаары, Шопоков кѳчѳсγ, 9 дарегинде жайгашкан имаратты Кыргыз Республикасынын Социалдык ѳнγгγγ министрлигине Yй-бγлѳ тибиндеги балдар γйγн жайгаштыруу γчγн белгиленген тартипте берγγ сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык ѳнγгγγ министрлиги:
- Yй-бγлѳ тибиндеги балдар γйγнγн уставын жана штаттык ырааттамасын иштеп чыксын жана бекитсин;
- Yй-бγлѳ тибиндеги балдар γйγн белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон ѳткѳрсγн;
- Yй-бγлѳ тибиндеги балдар γйγн каржылоону Кыргыз Республикасынын Социалдык ѳнγгγγ министрлигинин бюджетинде тиешелγγ жылга каралган каражаттардын чегинде жγзѳгѳ ашырсын;
- ѳз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыккан башка чараларды кѳрсγн.
4. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 184 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Ушул токтом расмий жарыяланган кγндѳн тартып кγчγнѳ кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Аппаратынын социалдык ѳнγктγрγγ бѳлγмγнѳ жγктѳлсγн.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |