Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ЧЕЧИМИ
2018-жылдын 4-апрелиндеги
Жаран Евгений Владимирович Осинцевдин кызыкчылыгындагы Анастасия Павловна Волосатованын кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 206-беренесинин 2-бөлүгүнүн «сот өзүнүн демилгеси боюнча же ишке катышуучу жактардын арызы боюнча, чечимде кетирилген туура эмес жазууларды жана арифметикалык айкын каталарды оңдой алат» деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: төрагалык кылуучу - судья Э.Т. Мамыров, судьялар К. Абдиев, Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, М.Ш. Касымалиев, К.М. Киргизбаев, А.О. Нарынбекова, Э.Ж. Осконбаев, Ч.О. Осмонова, Ж.И. Саалаевдин курамында, сот отурумунун катчысы Н.А. Кененсариеванын,
кайрылуучу тарап - жаран Евгений Владимирович Осинцевдин кызыкчылыгын ишеним кат боюнча көздөгөн Анастасия Павловна Волосатованын;
жоопкер тарап - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним кат боюнча өкүлдөрү Алмазбек Тавалдыевич Молдобаевдин, Чынгызбек Муртазакулович Бердимуратовдун;
башка жактар - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишеним кат боюнча өкүлү Манас Болотович Сарымсаковдун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишеним кат боюнча өкүлү Сатарбек уулу Мирбектин, Кыргыз Республикасынын Президентинин ишеним кат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү Нурбек Айтыевич Касымбековдун катышуусунда,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1 жана 6-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4, 18, 19, 37 жана 42-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 206-беренесинин 2-бөлүгүнүн «сот өзүнүн демилгеси боюнча же ишке катышуучу жактардын арызы боюнча, чечимде кетирилген туура эмес жазууларды жана арифметикалык айкын каталарды оңдой алат» деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.
Евгений Владимирович Осинцевдин кызыкчылыгындагы Анастасия Павловна Волосатованын өтүнүчү бул ишти кароого себеп болду.
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 206-беренесинин 2-бөлүгүнүн «сот өзүнүн демилгеси боюнча же ишке катышуучу жактардын арызы боюнча, чечимде кетирилген туура эмес жазууларды жана арифметикалык айкын каталарды оңдой алат» деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жобосунун Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жѳнүндѳгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу бул ишти кароого негиз болду.
Ишти соттук отурумга даярдаган судья-баяндамачы Ч.О. Осмонованын маалыматын угуп жана келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2017-жылдын 2-ноябрында жаран Е.В. Осинцевдин кызыкчылыгын көздөгөн А.П. Волосатованын Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 206-беренесинин 2-бөлүгүнүн «сот өзүнүн демилгеси боюнча же ишке катышуучу жактардын арызы боюнча, чечимде кетирилген туура эмес жазууларды жана арифметикалык айкын каталарды оңдой алат» деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жобосун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 96-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.
Келтирилген материалдардан келип чыккандай, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына өтүнүч менен кайрылууга Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2012-жылдын 17-февралындагы, резолютивдик бөлүгүндө жоопкер Егений Осинцевдин атасынын аты «Владимировичтин» ордуна «Викторович» болуп туура эмес көрсөтүлгөн чечими негиз болгон.
А.П. Волосатова, бул иш апелляциялык жана көзөмөл тартиптеринде каралган, кароонун жыйынтыктары боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими күчүндө калтырылган деп көрсөтүүдө.
Күчүнө кирген чечим боюнча аткаруу баракчасы берилген, бирок аны аткаруу мүмкүн болбой калган, анткени чечимде Е.В. Осинцевдин иши боюнча жоопкердин атасынын аты башкача көрсөтүлүп калган, ал эми Октябрь райондук соту чечим кабыл алынгандан бери беш жыл өткөндөн кийин өзүнүн аныктамасы менен жоопкердин атасынын атына өзгөртүү киргизген.
А.П. Волосатованын пикири боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун чечими акыркы, даттанууга жатпайт. Жогорку сот ишти кароодо иштин бардык материалдарына баа бериш керек жана ар кандай так эместиктер же каталар табылган болсо, алар оңдолушу керек. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук актыларды күчүндө калтыруу жөнүндө токтомду кабыл алуусу, аларда мыйзамга болгон карама-каршылыктар же башка дал келбестиктер, анын ичинде каталар да жок дегенди билдирет, ал эми каталарды Кыргыз Республикасынын Жогорку соту ишти карагандан кийин оңдоо соттук актынын акыркы экендигин күмөн кылууда. Дал ушуга байланыштуу доогер Т.В. Баженованын бул жарандык иш боюнча мамлекеттик алымдын өлчөмүн эсептөөдө кетирилген каталарды оңдоо жѳнүндѳ арызын канааттандыруудан баш тартылган.
Биринчи инстанциянын соту тарабынан кетирилген туура эмес жазууларды жана арифметикалык каталарды оңдоо тартиби сот чечимдерин аткарууда кесепеттерди четтетүү үчүн зарыл. Ошону менен бирге, жогору турган инстанциялардын чечимдериндеги арифметикалык каталарды жана туура эмес жазууларды жоюу зарылдыгы сот чечимдеринин акыркы жана катасыз экендигинде күмөндүүлүктү жаратууда, анткени чечим апелляциялык инстанциядан кийин күчүнө кирет, ал эми көзөмөл инстанциясынан кийин акыркы болуп саналат.
Андан тышкары, А.П. Волосатова кайрылууда соттук коргонууга болгон конституциялык укук жарандын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын соттун чечиминде кетирилген каталардан коргоону болжойт деп көрсөтүүдө.
Жогоруда баяндалганга негизденип, кайрылуучу тарап Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин талашылып жаткан ченемдик жобосун Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранууда.
Судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 14-декабрындагы аныктамасы менен жаран Е.В. Осинцевдин кызыкчылыгындагы А.П. Волосатованын кайрылуусу өндүрүшкө кабыл алынган.
Кайрылуунун субъекти «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 32-беренесинин 4-бөлүгүнүн талаптарына ылайык 2017-жылдын 6-февралында мурда берилген өтүнүчүнө өзүнүн талаптарынын көлөмүн көбөйтүү жөнүндө толуктоо киргизген.
Өтүнүчкө карата толуктоодон келип чыккандай, талашылып жаткан ченем, ошондой эле Конституция менен кепилденген мыйзам жана сот алдында бардыгынын бирдейлигинин негизиндеги соттук коргонуу укугуна карама-каршы келет. Кайрылуунун субъекти Конституцияда бекитилген «соттук коргоо» (20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пункту, 40-беренесинин 1-бөлүгү) принциби сот актыларынын анык жана белгилүү болуусун болжойт деп белгилейт. Демек, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун сот актысы акыркы болуп, белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин да анын катасыз экендиги туурасында күмөндүүлүктү туудурбаш керек. Кайрылуунун субъекти акыркы деген статуска ээ болгон көзөмөл органынын актысына түзөтүүлөрдү киргизүү, мындай түзѳтүүлѳр маңызы же мааниси боюнча болгонуна карабастан, ошондой эле ар кимге анын укуктары менен эркиндиктерин соттук коргоо кепилдиги конституциялык принцибин бузат деп көрсөтүүдө. Мында, Е.В. Осинцев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун актыларына оңдоолорду киргизүүгө чектерди же тыюуларды салууну белгилеген так ченемдин жоктугу Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп белгилейт жана ушуга байланыштуу аны менен талашылып жаткан ченемдик жобону конституциялуу эмес деп таанууну суранууда.
Кайрылуучу тарап соттук отурумда өзүнүн талаптарын колдоду жана аларды канааттандырууну суранды.
Жоопкер тараптын өкүлү А.Т. Молдобаев кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен макул болгон жок жана мыйзам чыгаруучу мыйзамдарда сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун тартибин аныктоодо мыйзамдуу, негиздүү жана адилеттүү чечимдердин чыгарылышын кепилдеген механизмдерди белгилеген, анын ичинде чечимдерде кетирилген туура эмес жазууларды жана арифметикалык айкын каталарды оңдоо укугун камсыздоочу процедураны да караган. Көрсөтүлгөн процедура - бул мыйзамдарда каралган сот чечиминде кетирилген туура эмес жазууларды жана так эместиктерди оңдоо ыкмаларынын бири, аны чечимдин мазмунун, сот, далилдерди изилдөөнүн, жагдайларды аныктоонун жана мыйзам ченемдерин колдонуунун негизинде келген тыянактарды өзгөртпөстөн жүргүзүүгө жол берилет. Иш боюнча чечим кабыл алган сот, чечимди кулактандыргандан кийин аны жокко чыгарууга же өзгөртүүгө укуктуу эмес. Сот өзүнүн демилгеси боюнча же ишке катышуучу жактардын арызы боюнча, чечимде кетирилген туура эмес жазууларды же арифметикалык айкын каталарды оңдой алат. Туура эмес жазууларды, арифметикалык каталарды жоюуда сот чечиминин мазмунун өзгөртүүгө жол берилбейт.
Ушул учурда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту өзүнүн аныктамасы менен жоопкердин атасынын атын оңдогон, ушуга байланыштуу сот актынын маңызы жана мазмуну өзгөргөн жок. Тажрыйбада каталардын жана туура эмес жазуулардын себеби болгон өбөлгөлөрдү доогерлер доо арыздарында жана башка документтеринде туура эмес маалыматты көрсөтүп, өздөрү жаратышат. Талашылып жаткан ченем адамдын укуктары менен эркиндиктерин натыйжалуу соттук коргоонун, ошондой эле сот адилеттиги жана сот актыларынын мыйзамдуулугу сыяктуу баалуулуктарды сактоонун зарыл шарты болуп саналат.
Баяндалганга негизденип, А.Т. Молдобаев талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептейт жана өтүнүчтү канааттандыруусуз калтырууну суранууда.
Жоопкер тараптын экинчи өкүлү А.Т. Молдобаевдин жүйөлөрүн колдоду.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү Н.А. Касымбеков талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептейт.
Сот актыларындагы туура эмес жазуулар жана арифметикалык каталар сот чечиминин туура жүзөгө ашырылышына тоскоолдук келтире алат. Мындай оңдоолор кабыл алынган сот актынын маңызынын өзгөрүүсүнө алып келбейт. Талашылып жаткан жобо менен өңчөй ченемдер «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 50-беренесинде каралган, ага ылайык Конституциялык палата актыны жарыялагандан кийин, андагы аталыштардагы, белгилемелердеги так эместиктерди, каталарды жана айкын редакциялык жана техникалык кемчиликтерди оңдошу мүмкүн, ал жѳнүндѳ аныктама чыгарат. Туура эмес жазууларды жана арифметикалык каталарды оңдоонун ушул сыяктуу механизмдери Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинде, «Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө», «Сот аткаруучулардын статусу жѳнүндѳ жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган. Туура эмес жазууларды жана арифметикалык каталарды соттор тарабынан өз алдынча оңдоо маселелерин чечүүнүн өңчөй тажрыйбасы башка чет өлкөлѳрдѳ да бекитилген.
Н.А. Касымбеков Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 96-беренесинин 3-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун актыларынын акыркы жана даттанууга жатпай турганын гана көрсөтүүдө жана сот чечиминде кетирилген туура эмес жазууларды жана арифметикалык каталарды оңдоого тиешеси жок деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү Сатарбек уулу М. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 206-беренесинин талаптарына ылайык чечимдин текстинде кетирилген туура эмес жазууларды жана арифметикалык айкын каталарды оңдоо - бул сот чечиминин маңызын жана мазмунун ѳзгѳртпѳстѳн, анда кетирилген так эместиктерди оңдоонун мыйзамда каралган ыкмаларынын бири болуп саналат. Туура эмес жазуулар конкреттүү иш боюнча сот курамынын жана иште катышкан адамдардын, ошондой эле процесстин башка катышуучуларынын айрым сөздөрүн жана айткандарын же алардын фамилияларын, аттарын жазууда кетирилген катачылыктар менен байланыштуу болот. Мындай оңдоолор сот чечиминин мазмунун өзгөртпөшү керек. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары чыккан чечимди оңдоо боюнча аракеттерди жасоо үчүн мөөнөттөргө кандайдыр бир чек коюуну камтыбайт. Бирок оңдоолор Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 408-беренесинде каралган чечимди аткарууга көрсөтүү үчүн чектерде жүзөгө ашырылышы мүмкүн экендигинен келип чыгуу керек. Мажбурлоо тартибинде аткарылууга тийиш болгон чечимдерге өзгөртүүлөрдү киргизүү кандайдыр бир мөөнөт менен чектелбейт. Эгер чечимди мажбурлоо менен аткаруу үчүн мөөнөт калыбына келтирилсе, анда ага ылайык бул чечимге оңдоолорду киргизүү үчүн да мөөнөт узартылат. Кыргыз Республикасынын жарандык процесстик кодексинин 206-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык оңдоолорду киргизүү маселеси боюнча соттун аныктамасы даттанылышы мүмкүн. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү чечимде кетирилген туура эмес жазуулардын жана арифметикалык айкын каталардын оңдолушу жарандардын укуктары менен эркиндиктерин эч кандай бузган жери жок жана ошону менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 96-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келиши мүмкүн эмес деп пикирин билдирди.
Баяндалганды эске алуу менен, Сатарбек уулу М. - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү Е.В. Осинцевдин кызыкчылыгындагы А.П. Волосатованын өтүнүчүн негизсиз жана канааттандыруусуз калтырылууга тийиш деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү М.Б. Сарымсаков талашылып жаткан ченемдин конституциялуулугу тууралуу пикирин билдирди.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 100-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген актылары бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар, коомдук бирикмелер, кызмат адамдары жана жеке адамдар үчүн милдеттүү болот жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
Мыйзамдуу күчүнө кирген чечим соттун өзү үчүн да милдеттүү болот, ал аны жокко чыгарууга же өзгөртүүгө укуктуу эмес. Бирок, сот чечимди даярдоо мезгилинде чечимдин текстинде техникалык мүнөздөгү каталар (туура эмес жазуулар, арифметикалык каталар) кетирилиши мүмкүн экендигин эске алып, мыйзам чыгаруучу чечимдин мындай кемчиликтерин сот өзү тарабынан жоюу ыкмасын караган.
М.Б. Сарымсаковдун пикири боюнча кеңири мааниде туура эмес жазуу деп ишке катышкан адамдар же чечимди аткаруучу органдар үчүн кандайдыр бир мааниси бар сөздөрдүн, цифралардын туура эмес жазылышы түшүнүлөт.
Ушуга байланыштуу, чечим чыгарган сот техникалык каталарды (туура эмес жазууларды жана арифметикалык каталарды) оңдомуш болуп башка мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизе албайт, асыресе, иш боюнча баштапкы тыянакты өзгөртө албайт.
М.Б. Сарымсаков өзүнүн жүйөлөрүн жыйынтыктап, ушул механизмдин колдонулушу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун актылары кайра каралалышы мүмкүн дегенди билдирбейт жана билдириши мүмкүн эмес деп белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын түшүндүрмөлөрүн угуп жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, төмөнкүдөй тыянактарга келди:
1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда ченемдик-укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бѳлүгүнѳ гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын бул иш боюнча кароо предмети болуп төмөнкүдөй мазмундагы Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 206-беренесинин 2-бөлүгүнүн ченемдик жобосу саналат:
«206-берене. Чечимдеги туура эмес жазууларды жана арифметикалык айкын каталарды оңдоо
2. Сот өзүнүн демилгеси боюнча же ишке катышуучу жактардын арызы боюнча, чечимде кетирилген туура эмес жазууларды жана арифметикалык айкын каталарды оңдой алат.».
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси 2017-жылдын 25-январында мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык кабыл алынган, «Эркин Тоо» гезитинде 2014-жылдын 22-июлунда № 12-13 (2737-2738) сандарда жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы акт болуп саналат.
2. Конституциянын 40-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык ар кимге анын укуктары менен эркиндиктерин соттук коргоого кепилдиктер берилет. Бул укук адам укуктарынын негизги жана ажырагыс укуктарынын бири болуп саналат, ал Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык эч чектелүүгѳ тийиш эмес, адамдын жана жарандын бардык калган укуктары менен эркиндиктеринин кепилдиги болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган соттук коргонууга болгон укук Кыргыз Республикасынын сотторуна кайрылуу аркылуу жүзөгө ашырылат, ал эми биринчи инстанциянын чечими менен макул болбогон учурда ишти кайра каратуу укугу жогору турган сотко кайрылуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
Сот чечимдерине даттануу укугу сот өндүрүшү жаатында инсандын укуктарынын кепилдиктерин бекиткен эл аралык-укуктук актылардын жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ар кимге жогору турган сот тарабынан ишти кайра каратуу укугун берген 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3-пунктунун маңызынан келип чыгат. Бул укук соттук коргонууга болгон укуктун курамаларынын бири болуп саналат жана абсолюттук мүнөзгө ээ болот, кандайдыр бир чөйрөдө же болбосо башка жагдайлар боюнча чектелиши мүмкүн эмес, анткени мыйзамсыз, негизсиз же адилетсиз сот актысы соттук коргоо каражаты болуп кызмат кыла албайт.
Ишти жогору турган сот тарабынан кайра каратуу укугу жөнүндө конституциялык ченемди өнүктүрүү үчүн мыйзам чыгаруучу жарандык иштер боюнча сот өндүрүшүнүн тартибин регламенттеген Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде аппеляция жана кассация тартибинде актыларды кайра карап чыгуу боюнча өндүрүштү караштырган. Көрсөтүлгөн кодекс аппеляциялык инстанциянын соту катары областтык соттун жарандык иштер же экономикалык иштер боюнча коллегиясын караган, ал биринчи инстанция сотунун мыйзамдуу күчүнө кире элек актысына апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) карайт. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту биринчи, апелляциялык инстанциянын мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысына кассациялык даттанууну (сунуштаманы) карай турган кассациялык инстанция катары чыгат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 96-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жарандык, жазык, экономикалык, административдик жана башка иштер боюнча жогорку сот органы болуп саналат жана мыйзамда белгиленген тартипте сот процессине катышуучулардын кайрылуулары боюнча соттордун соттук актыларын кайра кароону жүзөгө ашырат. Ушуга байланыштуу мыйзам чыгаруучу Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотун кассациялык инстанциядагы сот катары ушул Кодексте белгиленген негизде жана тартипте укук ченемдерин колдонуунун тууралыгы маселеси боюнча сот актыларын кайра кароосун аныктаган (350-берене).
Кассациялык инстанция сотундагы өндүрүш иштин буга чейинки териштирүүсүнүн жүрүшүндө соттор тарабынан кетирилген жана иштин жыйынтыгына таасирин тийгизген, жана аларды жойбостон бузулган укуктарды, эркиндиктерди жана мыйзамдуу кызыкчылыктарды, ошондой эле мыйзам тарабынан корголуучу коомдук кызыкчылыктарды калыбына келтирүүгө же коргоого мүмкүн болбогон материалдык укуктун же процесстик укуктун ченемдерин мерчемдүү бузууларын оңдоо үчүн арналган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун актылары акыркы болуп эсептелет жана даттанууга жатпайт, анткени бул сот органы процесстин катышуучуларынын даттануулары боюнча жергиликтүү соттордун актыларын кайра кароону жүзөгө ашырган акыркы соттук инстанция болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жогорку сот органы катары сот каталарынын оңдолушун камсыздоого милдеттүү, каталар табылган учурда төмөн турган соттордун даттанылып жаткан актысын жокко чыгарат же маңызын өзгөртөт. Сот катасынын табиятын жана мазмунун эске алганда сот өндүрүшүнүн процессинде кетирилген туура эмес жазуулар жана арифметикалык айкын каталар сот каталарына кирбейт, себеби чечимдин маңызын (мазмунун) өзгөртүлүүсүнө алып келбейт.
Ишти туура эмес кароо жана чечүү мыйзамда сот өндүрүшүнө жүктөлгөн жарандардын жана юридикалык жактардын бузулган же талашылып жаткан укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо сыяктуу жалпы милдеттердин биринин аткарылбай калышын гана билдирбестен, анын түпкү максатына жетүүгө тоскоолдук кылып, аң-сезимде сот катасы деп чагылдырылат. Соттук ката кѳбүнесе соттун иш жыйынтыгынын процесстик укуктун ченемдеринде бекитилген сот ѳндүрүшүнүн максаттуу орнотмолору менен дал келишпестигине алып келет.
Соттор тарабынан кетирилген туура эмес жазуулар жана арифметикалык айкын каталар түрүндөгү техникалык мүнөздөгү каталарды классификациялап жана укуктун ченемдерин туура эмес колдонуу менен бир катар коюу болбойт. Процесстик мыйзамдар сот актыларындагы туура эмес жазуулар жана арифметикалык каталарга аныктама бербейт. Бирок туура эмес жазуулар сөздѳрдүн, кээ бир учурларда чечимдин айрым бөлүктөрүнүн маанисинин да бурмаланышына алып келет, ишке катышуучу адамдардын укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашырууну татаалдаштырат. Арифметикалык айкын каталар туура эмес арифметикалык аракеттердин натыйжасы болуп саналат жана алынууга тийиш болгон сумманы аныктоодо катачылыктарга алып келет. Эгер туура эмес жазуулар жана арифметикалык айкын каталар даана көрүнүп турган болсо жана алардын оңдолушу шек туудурбаса, алар чечимди кабыл алган сот тарабынан оңдолушу мүмкүн.
Туура эмес жазууларды жана арифметикалык айкын каталарды оңдоо кандайдыр бир мөөнөт менен чектелген эмес, өзүнчө сот актысы - соттун аныктамасын чыгаруу менен жол берилет. Оңдоолор чечим мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин жана тийиштүү кемчиликтер жогору турган инстанция тарабынан жоюлбаса күчүнө киргенден кийин да, киргизилиши мүмкүн.
Бирдиктүү сот тажрыйбасын камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун «Соттук чечим жөнүндө» 2008-жылдын 12-июнундагы № 16 токтому менен түшүндүрмөлөр берилген, аларга ылайык чечимдин аткарылышына карабастан оңдоолорду киргизүүгѳ соттук отурумда уруксат берилет, бирок мыйзам менен көрсөтүлгөн чечим аткарылууга бериле турган мөөнөттүн чегинде чечилиши мүмкүн.
Көрсөтүлгөн маселени ушинтип чечүү сот актысынын кыйшаюусуз аткарылышын болжогон милдеттүүлүк касиетине толугу менен таандык.
Туура эмес жазууларды, басмадан кеткен каталарды же арифметикалык каталарды оңдоо соттордун өзүн-ѳзү контролдоо ыйгарым укуктарына кирет. Адам факторун четке кагуу мүмкүн болбогондуктан техникалык мүнөздөгү каталардын болушу мүмкүн экендигин эске алып, көрсөтүлгөн каталарды жоюунун жана сот адилеттигинин сапатын жакшыртуунун натыйжалуу механизмдеринин бири болуп соттук өзүн-ѳзү контролдоо институту саналат. Соттун ѳзүн-ѳзү контролдоосу деп мыйзамда каралган учурларда соттордун жеке демилгеси, ишке катышкан адамдардын же соттун чечимин аткарган башка органдардын, уюмдардын демилгеси боюнча соттук териштирүү башталганга чейин, анын жүрүшүндө же маңызы боюнча иш чечилгенден кийин соттордун өз аракеттерин контролдоо жөндөмү түшүнүлүүгө тийиш.
Талашылып жаткан ченем сот актысында кетирилген туура эмес жазууларды жана арифметикалык айкын каталарды сот актысынын мазмуну өзгөртүлбөй калат деген шартта оңдоо мүмкүндүгүн караштырат.
Ошентип, соттун чечимине, ал жарыялангандан кийин өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тыюу салууну тикелей орнотуучу Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 206-беренеси сот чечиминин өзгөртүлбөстүгүн камсыздоого багытталган, соттор тарабынан анын негизсиз колдонулушун болжобойт жана арыздануучунун өтүнүчтө кѳрсѳтүлгѳн конституциялык укуктарын бузуучу катары бааланышы мүмкүн эмес. Бул учурда ишке катышкан адамдардын процесстик укуктарынын кепилдиги болуп, аталган берененин 3-бөлүгү менен каралган чечимге оңдоолорду киргизүү жөнүндө маселе боюнча соттун аныктамасына жекече даттануу берүү мүмкүндүгү эсептелет. Сот чечимдин маңызын өзгөртпөстөн аныктама чыгаруу жолу менен чечимде кетирилген туура эмес жазууларды жана арифметикалык айкын каталарды оңдоо жөнүндө маселени кароого укуктуу. Соттук катаны туура эмес жазуу жана арифметикалык айкын ката деп аныкталуучу техникалык мүнөздөгү катадан айырмалоодо дал ушул шарт өзөктүү болуп саналат.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 46, 47, 48, 51 жана 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ЧЕЧТИ
1. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 206-беренесинин 2-бөлүгүнүн «сот өзүнүн демилгеси боюнча же ишке катышуучу жактардын арызы боюнча, чечимде кетирилген туура эмес жазууларды жана арифметикалык айкын каталарды оңдой алат» деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жобосу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 40-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ жана 96-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.
2. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
4. Ушул чечим мамлекеттик бийликтин расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын расмий сайтында жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында» жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы