Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-декабры № 710
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында электрондук визаны андан ары ишке киргизүү жана берүү максатында, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 13-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы № 156 "Кыргыз Республикасынын визасын тариздөө жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын визасын тариздөө жана берүү тартибинде:
- Тартиптин бүткүл тексти боюнча "МУКК" аббревиатурасы "МУКК" аббревиатурасына алмаштырылсын;
- 23-пункттун тогузунчу абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы (мындан ары - МУКК)" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети (мындан ары - МУКК)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 50-53-пункттар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"50. Чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү, чыгуу жана ал аркылуу транзиттик өтүү үчүн электрондук визаны (мындан ары - Е-виза) алгачкы тариздөө жана берүү Интернет электрондук тарамы аркылуу ТИМдин консулдук кызматы тарабынан борборлоштурулуп жүргүзүлөт.
51. Кыргыз Республикасына келүү (транзит аркылуу өтүү) ниети бар чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам, же болбосо Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жактын атынан аларды чакырган тарап Интернет электрондук тарамы аркылуу ТИМдин расмий сайтынын (www.mfa.gov.kg) "Электрондук виза" бөлүмүнө кайрылышат, анда виза анкетасын толтурушат жана Е-визасын алуу үчүн өтүнмөнү сүрөтү жана анкеталык маалыматтары менен анык документинин сканерден өткөрүлгөн беттерин тиркөө менен жиберет, ал эми чакырган тарап юридикалык жак болсо, анкетага расмий чакыруунун көчүрмөсү да тиркелет.
Е-визасын алууга өтүнмө Кыргыз Республикасындагы тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутумунда (мындан ары - ТМЭБТ) чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын арыздарын кабыл алуу жана иштеп чыгуу боюнча иш жүзүндөгү жыйымдардын наркы төлөнгөндөн кийин ТИМдин консулдук кызматы тарабынан катталды жана кароого кабыл алынды деп эсептелет.
Е-визасын алууга расмий катталган өтүнмөнү кароо мөөнөтү үч жумуш күндү түзөт.
52. ТМЭБТ жыйымын төлөө ТИМдин расмий сайтынын "Электрондук виза" бөлүмүндө көрсөтүлгөн эсепке электрондук банктык төлөм тутумдары же болбосо акча каражаттарын которуу аркылуу жүргүзүлөт.
Е-визасын берүүдөн баш тартылган учурда, ТМЭБТ жыйымын төлөө үчүн төлөнгөн акча каражаттары арыз ээсине кайтарылбайт.
53. ТИМдин консулдук кызматы тарабынан кароого кабыл алынган Е-визасын алуу үчүн өтүнмө үч сааттын ичинде чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам жөнүндө маалыматтарды текшерүү үчүн байланыштын өзүнчө жабык каналы аркылуу МУККтун атайын IР дарегине жиберилет.
МУКК текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча ТИМдин консулдук кызматына арыз ээсинин Е-визасын алуу үчүн тоскоолдук кылуучу негиздердин жоктугу же Е-визасын берүүдөн баш тартуу тууралуу электрондук кабарламаны жиберет.
Е-визасын алуу үчүн арыздын МУККда макулдашуу мөөнөтү ал МУККнын IР дарегине келип түшкөндөн кийин эки жумуш күндү түзөт.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 531, 532, 533 жана 534-пункттар менен толукталсын:
"531. МУККдан электрондук билдирүү алгандан кийин ТИМдин консулдук кызматы бир жумуш күндүн ичинде арыз ээсинин виза анкетасында көрсөтүлгөн электрондук дарегине Е-визасын алууга өтүнмөнүн оң чечилгендиги жана консулдук жыйымдарды төлөөнүн зарылдыгы же болбосо Е-визаны берүүдөн баш тартуу жөнүндө электрондук билдирүү жиберет.
Арыз ээси тарабынан консулдук жыйымдарды төлөө электрондук банктык төлөм тутумдары аркылуу же болбосо ТИМдин расмий сайтында көрсөтүлгөн ТИМдин атайын эсебине акча каражаттарын которуу аркылуу жүргүзүлөт.
532. ТИМдин консулдук кызматы арыз ээси тарабынан консулдук жыйымдар төлөгөндүгү тууралуу ырастоону алгандан кийин бир жумуш күндүн ичинде арыз ээсинин виза анкетасында көрсөтүлгөн электрондук дарегине атайын эсептелүүчү код менен Е-визасын жиберет.
Е-визанын экинчи нускасы арыз ээсин мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү жол-жоболорун андан ары ишке ашыруу үчүн Чек ара кызматынын атайын IР дарегине дароо жиберилет.
533. Чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам - Е-визанын ээси Кыргыз Республикасынын өткөрүү пунктуна келип, чек ара контролунан өткөн учурда анык документин жана ошол жабдуу үчүн багытталган атайын кодду эсептөөгө мүмкүндүк берген А-4 форматындагы ак калың кагазга басып чыгарылган Е-визаны көрсөтөт.
Чек ара кызматынын кызматкери тарабынан Е-визанын тууралыгы текшерилгенден кийин, чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын анык документине Е-визанын колдонуу мөөнөтүн көрсөтүү менен атайын штамп коюлат.
534. Алгачкы Е-виза инвестициялык ("INV"), ишкердик ("В1" жана "В2" типтери), окуу ("S"), жеке ("Р1" жана "Р2" типтери) максаттары, туризм ("ТS") жана транзиттик өтүү ("ТR") максаты боюнча келгендер үчүн категорияларды узартуу жана өзгөртүү мүмкүнчүлүгү менен 60 суткага чейинки мөөнөткө берилет.
Е-визасы категориясына жараша ушул Тартипте каралган тартипте да мөөнөттөргө узартылат.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2032-жылдын 18-декабрындагы № 839 "Консулдук жыйымдар жана иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Консулдук жыйымдар жака иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдар жөнүндө жободо:
- 9-пункттун экинчи абзацы "кеңселик" деген сөздөн кийин ", электрондук, маалыматтык-техникалык" деген сөздөр менен толукталсын;
- 15-пункт "башка документ берилет" деген сөздөрдөн кийин ", буга электрондук төлөм тутуму аркылуу төлөө кирбейт" деген сөздөр менен толукталсын;
- 21-пункттун 2-пунктчасы "аткарылган учурда" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле электрондук визаны тариздөө жана берүү үчүн" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 26-пункт менен толукталсын:
"26. Электрондук визага иш жүзүндө кеткен чыгымдар үчүн жыйымдар Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутумун күтүү менен байланышкан электрондук жана маалыматтык-техникалык чыгымдар боюнча материалдык коромжулардын ордун толтуруу үчүн жумшалат.".
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрүшсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-декабры № 710
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасында электрондук визаны андан ары ишке киргизүү жана берүү максатында, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 13-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 токтомуна ылайык күчүн жоготту)