Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-декабры № 711
"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын Техникалык багыттагы борбору" мамлекеттик ишканасы жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 112, 2017-жылдын 9-ноябрындагы № 734, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 800, 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 550 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын Техникалык багыттагы борбору" мамлекеттик ишканасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматынын техникалык багыттагы борбору" мамлекеттик ишканасы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык багыттагы борбору" мамлекеттик ишканасына кайра аталсын
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 112, 2017-жылдын 9-ноябрындагы № 734 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык багыттагы борбору" мамлекеттик ишканасынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 112, 2017-жылдын 9-ноябрындагы № 734 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 112 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык багыттагы борбору" мамлекеттик ишканасын юстиция органдарында белгиленген тартипте кайра каттоону жүргүзсүн;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 112, 2017-жылдын 9-ноябрындагы № 734 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
|
| Тиркеме |
"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык багыттагы борбору" мамлекеттик ишканасынын уставы
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 17-мартындагы № 99, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 800, 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 550 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык багыттагы борбору" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) чарба жүргүзүү укугунда негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат, анын мүлкү мамлекеттин менчигинде турат.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тармактык мамлекеттик органынын актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруучу документи болуп Устав эсептелет. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 800 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги (мындан ары - мамлекеттик башкаруу органы) саналат.
5. Ишкананын өзүнүн фирмалык аталышы бар:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык багыттагы борбору" мамлекеттик ишканасы";
- расмий тилде: "Государственное предприятие "Центр технического назначения Главного управления по обеспечению безопасности дорожного движения Министерства внутренних дел Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "КР ИИМ ЖКККББ ТББ" МИ;
- расмий тилде: ГП "ЦТН ГУОБДД МВД КР".
6. Ишкананын мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары бар.
7. Мамлекеттин милдеттенмелери боюнча өзүнө кепилчилик (кепилдик) алган учурлардан тышкары ишкана Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Ишкананын кирешесинин бир бөлүгүн алууга укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 800 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
9. Ишкананын өкүлчүлүгү жана филиалы ал бекиткен жоболордун негизинде иштейт.
Ишкана өзүнүн филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн иши үчүн толук жоопкерчилик тартат.
10. Ишкананын кызматкерлеринин өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын кесиптик бирликтер жөнүндө мыйзамдарына ылайык иштеген кесиптик бирликтер тарабынан жүзөгө ашырылат.
11. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чокон Валиханов атындагы көч., 1а/1.
12. Ишкана юридикалык жактын укуктарын мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып алат.
13. Ишкана мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган ишкердиктин бардык түрлөрүн жүзөгө ашырат.
2. Ишкананын максаты, милдеттери жана функциялары
14. Ишкананын ишинин негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) укуктук тартипти коргоону камсыз кылуу менен байланышкан стратегиялык маанидеги товарларды жана жумуштарды өндүрүүдө же кызматтарды көрсөтүүдө мамлекеттин, юридикалык жана жеке жактардын муктаждыктарын канааттандыруу;
2) Ишкана тарабынан мамлекеттик башкаруу органынын муктаждыктары үчүн товарларды жана жумуштарды өндүрүүдө же кызматтарды көрсөтүүдө түздөн-түз мамлекеттик тапшырыктарды аткаруу;
3) жалпы республикалык маанидеги мамлекеттик программаларды жана социалдык багыттагы долбоорлорду ишке ашыруу;
4) бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы финансы каражаттарын тартуу жана сарамжалдуу пайдалануу, материалдык жана техникалык базаны өнүктүрүү, ошондой эле Ишкананын кызматкерлерине жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (мындан ары - ЖКККББ) кызматкерлерине колдоо көрсөтүү жана социалдык жактан коргоо.
15. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөндөгүлөр саналат:
1) мамлекеттик кайтарууга алынган объектилерди жана расмий делегацияларды коштоого тартылган ЖКККББнын кайгуул автомашиналарын күнү-түнү техникалык жактан колдоо менен камсыз кылуу;
2) мамлекет башчыларынын жана расмий делегациялардын кортеждерине катышкан, Кыргыз Республикасынын атайын жана ыкчам кызматтарынын автомототранспорт каражаттарын кароодон бирден өткөрүү;
3) көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган иш-чараларды, ошондой эле ЖКККББна бекитип берилген жер участокторун сарамжалдуу пайдалануу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу;
4) Ишкананын чарбалык карамагына өткөрүп берилген Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын негизги фонддорун, жүгүртүү каражаттарын жана материалдык-техникалык ресурстарын натыйжалуу пайдалануу;
5) ЖКККББнын, юридикалык жана жеке жактардын муктаждыктары үчүн кызматтарды көрсөтүү;
6) инфратүзүмдү өнүктүрүү, чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуу;
7) жол кыймылын уюштуруунун техникалык каражаттарын (светофор объекттерин, жол белгилерин) орнотуу, техникалык тейлөө жана күтүү аркылуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу;
8) белгиленген эрежелерге жана стандарттарга ылайык көчөлөрдүн өтүүчү бөлүгүнө горизонталдуу жана вертикалдуу жол чиймелерин түшүрүү, калыбына келтирүү жана өчүрүү боюнча иштерди аткаруу;
9) Жол кыймылынын эрежелерин бузууларды фото жана кино тартуу, видео фиксациялоо функциялары бар аппараттык-программалык комплекстерди орнотуу, монтаждоо, жөндөө, оңдоо, эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө, ошондой эле инфраструктуралык объекттерди куруу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 800, 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 550 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
16. Ишкананын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү боюнча акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле маалыматтык кызматтарды көрсөтүү;
2) эксплуатациялоодо турган транспорт каражатынын конструкциясына өзгөртүү киргизилген учурда Бажы бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештиги боюнча техникалык кароодон өткөрүүдө акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү;
3) транспорт каражаттарын кароодо жана автомототранспорт каражаттарынын техникалык абалын бирден кароодон өткөрүү актыларын, автомототранспорт каражаттарынын техникалык регламенттердин талаптарына техникалык жактан шайкештиги боюнча актыларды берүүдө акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү;
4) автотранспорт уурдоого каршы каражаттарды, алгачкы медициналык жардам көрсөтүү көмөкчү каражаттарды жана автомобилдик аптечка орнотуу боюнча кызматтарды көрсөтүү;
5) айып салынган транспорт каражаттарын токтотуучу адистештирилген кайтарылуучу жайларда акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү;
6) менчик ээсинин макулдугу менен автотранспорт каражаттарын, башка техникалык жабдууларды ижаралоо жана кирелөө;
7) автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын окутуу;
8) менчик ээсинин макулдугу менен мүлктү (имараттарды, курулмаларды, техниканы жана жабдууларды) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ижарага берүү;
9) жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү эрежелерин контролдоо органдарынын персоналын окутуу;
10) автомототранспорт каражаттарын эвакуациялоо боюнча кызмат көрсөтүү;
11) тигүү устаканаларын уюштуруу;
12) тамак-аш, нан азыктарын, кондитердик жана ун азыктарын өндүрүү жана сатуу;
13) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык күйүүчү-майлоочу материалдарды, ар түрдүү көмүрсуу тек бирикмелерин сатып алуу жана сатуу, ар түрдүү типтеги май куюучу жайлардын ишин уюштуруу;
14) светофор объекттерин, жол кыймылын жөнгө салуу аппаратураларын, жол кыймылын жөнгө салуунун автоматташтырылган башкаруу системаларын, жол кыймылын уюштурууда колдонулуучу байланыш линияларын жана башка техникалык каражаттарды жана жабдууларды орнотуу, реконструкциялоо, монтаждоо, жөндөө, оңдоо;
15) бардык модификациялардагы жол белгилерин орнотуу, алмаштыруу жана калыбына келтирүү;
16) жөө жүрүүчүлөр үчүн тосмолорду орнотуу;
17) жол чиймелерин түшүрүү;
18) жол кыймылын жөнгө салуунун техникалык каражаттарын эксплуатациялоо;
19) жол белгилерин, тирөөчтөрдү, кронштейндерди жана башка даярдоолорду, түйүндөрдү, ошондой эле жол кыймылын уюштуруунун техникалык каражаттарын бекитүү үчүн тетиктерди жана жол кыймылын уюштурууда колдонулуучу башка техникалык буюмдарды жасоо;
20) светофор объекттерин башкаруу аппаратураларынын заманбап системасын киргизүү жана аларды жөнгө салуу;
21) жол кыймылын жөнгө салуунун техникалык каражаттарын киргизүүнүн жылдык жана келечектүү пландарын иштеп чыгууга катышуу, керектүү материалдарга жана жабдууларга муктаждыкты аныктоо;
22) жөнгө салуунун техникалык каражаттарын эксплуатациялоо боюнча аткарылган жумуштардын мезгилдүүлүгүн (тизмегин) жыл сайын аныктоо;
23) жол кыймылын жөнгө салуунун эксплуатациялоодо турган техникалык каражаттарына техникалык документтерди жүргүзүү жана аларды эсепке алуу;
24) жеткирүүчүлөрдөн материалдарды жана жөнгө салуунун техникалык каражаттарын алуу, аларды эсепке алуу жана сактоо, алардын багыты боюнча гана пайдаланылышын контролдоо;
25) жөнгө салуу каражаттарын долбоорлоого тапшырмаларды даярдоо, долбоорлорду макулдашуу жапа долбоордук документтерди кабыл алуу;
26) жөнгө салуунун техникалык каражаттарынын курулушу жана оңдоо иштери аяктаган объекттерин заказчыга көрсөтүү;
27) бухгалтердик, ыкчам жана статистикалык эсепке алууну уюштуруу жана жүргүзүү, кассалык операцияларды жүргүзүү, эмгек акыны белгиленген тартипте эсептөө жана төлөө;
28) жол кыймылынын коопсуздугу, автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын куруу, реконструкциялоо, куруу технологиясы жаатында илимий-изилдөө, тажрыйбалык-конструктордук жана башка иштерди жүргүзүү;
29) Жол кыймылынын эрежелерин бузууларды фото жана кино тартуу, видео фиксациялоо функциялары бар аппараттык-программалык комплекстерди орнотуу, монтаждоо, жөндөө, оңдоо, эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө, ошондой эле инфраструктуралык объекттерди куруу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 800, 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 550 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Ишкананын укуктары жана милдеттери
17. Ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн Ишкана төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык керектүү товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;
2) рыноктун конъюнктурасына жараша коммерциялык уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын өз алдынча аныктоого;
3) кеңешүүчү, жумушчу, аналитикалык жана изилдөө топторун түзүүгө;
4) өз функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн эл аралык финансы жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын тартууга;
5) обочолонгон мүлккө ээ болууга, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктар, материалдык жана материалдык эмес активдерди өз атынан алууга жана милдеттенмелерди аткарууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;
6) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык уюштуруу-укуктук формасына карабастан юридикалык жактар, ошондой эле жарандар менен өз алдынча келишимдерди жана бүтүмдөрдү түзүүгө;
7) эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин жана башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Ишканада жумуштарды аткарууга жеке жактарды белгиленген тартипте тартууга;
8) Ишкананын кызматкерлерин иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн белгиленген тартипте жиберүүгө;
9) эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүгө, кызматташууга;
10) Ишкананын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген тартипте түзүүгө;
11) менчик ээсинин макулдугу менен мамлекеттик мүлктү ижарага берүү тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чарбалык колдонуу укугу боюнча Ишканага таандык жабдууларды, транспорт каражаттарын, шаймандарды жана башка материалдык баалуулуктарды келишимдик негизде юридикалык жана жеке жактарга ижарага өткөрүп берүүгө;
12) белгиленген максаттарга жана милдеттерге ылайык Ишкананын ишин камсыз кылуу боюнча башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
18. Ишкана ушул Устав менен аныкталган өзүнүн максаттарын, милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкана жумуштарды аткарган жана кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдер боюнча келишимдик милдеттенмелерди так аткарууга;
2) Ишкананын өздүк каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлери аткаруучу жумуштарды каржылоону камсыз кылууга;
3) Ишкананын кызматкерлери үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга, алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
4) Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана башка милдеттүү камсыздандыруунун түрлөрү менен камсыз кылууга;
5) ыйгарым укуктуу органдарга Ишкананын зарыл отчетторун өз убагында берүүгө, салыктарды жана бардык милдеттүү төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана салыктык мыйзамдарында, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте жана өлчөмдө төлөөгө;
6) чарба жүргүзүү укугунда Ишканага өткөрүп берилген мамлекеттик мүлктүн сактыгын камсыз кылууга.
19. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзамдар менен корголуучу сырларды, анын ичинде Ишканада иштебей калгандан кийин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырлар жана жекече мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө сактоого, кызматтык милдеттерин аткарууда жарандардын жеке турмушуна, ар-намысына жана кадыр-баркына таасир тийгизген маалыматты жашыруун сактоого милдеттүү.
4. Ишкананын мүлкү жана финансы каражаттары
20. Ишкананын мүлкү жана кирешеси мамлекеттик менчик болуп саналат.
21. Ишкана чарба жүргүзүү укугунда мүлккө ээ болот. Мамлекеттик мүлк болуп саналган жана Ишкананын балансына өткөрүлүп берилген кыймылсыз мүлк объектилерин, негизги каражаттарды жана башка мүлктү чарба жүргүзүү укугу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен мүлктү пайдалануунун негизи болуп саналат.
22. Ишкананын мүлкү негизги фонддордон жана жүгүртүү каражаттарынан, ошондой эле Ишкананын өз алдынча балансында наркы чагылдырылган башка материалдык баалуулуктардан турат.
23. Ишкананын мүлкүн түзүүчү булактар төмөнкүлөр болуп саналат:
1) чарба жүргүзүү укугунда Ишканага бекитип берилген мүлк;
2) өзүнө бекитип берилген мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган же ээ болгон мүлк, анын ичинде кирешелер, түшүм, продукция;
3) чарба жүргүзүүнүн натыйжасында алынган киреше;
4) гранттар, банктардан жана башка кредит берүүчүлөрдөн алынган кредиттер;
5) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
6) мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каалагандай булактар.
24. Ишкана тарабынан жеке финансы-чарбалык ишинен алынган кирешелердин же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жаңы түзүлгөн, алынган же ээ болгон мүлк мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте уставдык максаттарга жана иш предметине ылайык мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө (ижарага берүү) укуктарын жүзөгө ашырат.
25. Ишкананын мүлкүн ээликтен ажыратуу, ошондой эле аны чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталына салым катары киргизүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
26. Ишкана өзүнүн мүлкүн инвентаризациялоого жана инвентаризациялоонун жыйынтыктарын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген мөөнөттө жана тартипте берүүгө милдеттүү.
5. Ишкананын финансы-чарбалык иши
27. Ишкана толук чарбалык эсеп жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт.
28. Ишканага Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча республикалык бюджеттен максаттуу бюджеттик ассигнованиелер жана субсидиялар берилиши мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 800 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
29. Мамлекеттик зайымдык каражаттар Ишканага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бөлүнгөн кредит түрүндө берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 800 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
30. Ишкана финансы-чарбалык ишин стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык жүргүзөт.
Стратегиялык өнүктүрүү планы Ишкана тарабынан үч жылдык мөөнөткө иштелип чыгат жана мамлекеттик башкаруу органы тарабынан бекитилет.
31. Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планында төмөнкүлөр камтылышы керек:
1) иштин максаттары жана негизги багыттары;
2) тармактын жана рыноктун баяндалышы, ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөлөрү;
3) ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунда мамлекеттин болушунун зарылдыгын негиздөө;
4) финансылык жана мүлктүк абалды баалоо;
5) товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планы;
6) уюштуруу планы;
7) финансылык план;
8) тобокелдиктерди талдоо.
32. Жыл сайын 1-мартка чейинки мөөнөттө Ишкананын директору мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кароосуна мамлекеттик ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө, анын ичинде мамлекеттик ишкананын өткөн жылдагы бюджетинин аткарылышы тууралуу отчетту киргизет.
33. Ишкана финансылык-чарбалык ишинин жылдык жыйынтыгы боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан таза пайданын бекитилген өлчөмүн, бирок 50 пайыздан кем эмес бөлүгүн анын алыш-бериш эсебине которот жана отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке жиберет.
34. Ишкана компетенттүү мамлекеттик органдарга салык салуу жана экономикалык маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу боюнча жалпы мамлекеттик системаны уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды берет.
35. Ишкананын ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан өздөрүнүн компетенциясынын чегинде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
6. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясы
36. Мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Уставга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү же Уставды жаңы редакцияда бекитүү жөнүндө сунуштарды даярдоо;
2) Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу боюнча уюштуруучуга сунуштарды киргизүү;
3) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын бекитүү;
4) Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун бекитүү;
5) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
6) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын талдоо жана аткарылышына мониторинг жүргүзүү;
7) Ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна талапкерлиги коюлган адамдар үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;
8) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна талапкерлерди андан ары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуштоо үчүн берүү;
9) фонддордун, коммерциялык эмес уюмдардын ассоциацияларынын (бирликтеринин) жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын ишине Ишкананын катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
10) мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 800 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
37. Мамлекеттик башкаруу органы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) тейлөөгө алынган иш чөйрөлөрүндөгү тармактык саясат маселелери боюнча Ишканага көрсөтмөлөрдү берүүгө;
2) Ишканадан финансы-чарбалык иши, финансылык (бухгалтердик) отчеттору жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишине жана стратегиялык өнүктүрүү планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү сурап алууга;
3) өзүнүн компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн Ишкананын аймагына барууга;
4) аткаруу органынын отчетторун угууга;
5) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын жетекчисин кызматтан бошотуу, ага карата тартиптик жаза жана сыйлоо чараларын көрүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө.
Мамлекеттик башкаруу органы мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарга ээ.
38. Мамлекеттик башкаруу органы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкананын башкаруу органдарынын өз убагында түзүлүшүн камсыз кылууга;
2) Ишкананын иши менен байланышкан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыз кылууга;
3) Ишкананын жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча ага белгилүү болгон маалыматтарды укук коргоо органдарына билдирүүгө;
4) Ишкананын иши жөнүндө коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сырды камтыган маалыматты үчүнчү жактарга бербөөгө;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Мамлекеттик башкаруучу орган, ошондой эле мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттенмелерди алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 800 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы
39. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананы кайра уюштуруу же жоюу боюнча сунуштарды уюштуруучуга киргизүү;
2) Ишкананын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын макулдашуу;
3) Ишкананын жылдык бюджетин, финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетту, республикалык бюджетке которулууга тийиш таза пайданын өлчөмүн бекитүү;
4) Ишкананын финансы-чарбалык ишине талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
5) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
6) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарынын ишине баа берүү;
7) Ишкананын жетекчисине жана анын орун басарына сый акы төлөө тартибин бекитүү;
8) Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча Ишкананын жетекчисин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына киргизүү;
9) Ишкананын жетекчисинин сунушу боюнча Ишкананын жетекчисинин орун басарын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу;
10) Ишкананын жетекчисине жана анын орун басарына карата жумуш берүүчүнүн укуктарын жана милдеттерин аткаруу;
11) Ишкананын жетекчиси менен эмгек келишиминин типтүү формасын бекитүү;
12) Ишкананын жетекчиси жана анын орун басары менен эмгек келишимин түзүү;
13) Ишканага таандык мүлктүн багыты боюнча пайдаланылышын жана сакталышын контролдоо;
14) ушул Устав менен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 800 токтомунун редакциясына ылайык)
40. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Ишканадан анын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктарын талаптагыдай аткаруу үчүн зарыл болгон башка материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
2) Ишкананын жетекчисинин ишине баа берүүнүн жана Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча Ишкананын жетекчисин ээлеген кызмат ордунан бошотуу, ага карата сыйлоо же тартиптик жаза чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына киргизүүгө;
3) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде Ишкананын жетекчисинин орун басарын ээлеген кызмат ордунан бошотууга, ага карата сыйлоо же тартиптик жаза чараларын колдонууга;
4) Ишкананын тышкы аудитин жүргүзүүнү демилгелөөгө;
5) Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечимди кабыл алууга;
6) Ишканага таандык мүлктүн багыты боюнча пайдаланылышынын натыйжалуулугун жана сакталышын контролдоо максатында жооптуу кызматкерлерге текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жана Ишкананын аймагына барууга ыйгарым укук берүүгө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 800 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Ишкананы башкаруу
41. Ишкананын учурдагы ишин Ишкананын директору башкарат.
42. Ишкананын директору мамлекеттик башкаруу органынын жетекчисинин сунушунун негизинде мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат.
Ишкананын директору мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордунан бошотулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 800 токтомунун редакциясына ылайык)
43. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Ишкананын директору кызмат ордуна дайындалган директор мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
Ишкананын директору эмгек келишими түзүлгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 800 токтомунун редакциясына ылайык)
44. Ишкананын директору төмөнкү учурда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) иши канааттандырарлык эмес баа алган жана Ишкананын жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетту кароонун натыйжасы боюнча;
2) ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаганда;
3) эмгек келишими боюнча милдеттенмелерди аткарбаганда же талаптагыдай эмес аткарганда;
4) Ишкананын финансы-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн начарлашына алып келген квалификацияланбаган иш-аракеттери үчүн;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
45. Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын учурдагы финансы-чарбалык ишин башкаруу;
2) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планын) ишке ашыруу;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын бекитүүсүнө Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана өткөн жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту киргизүү;
4) Ишкананын финансы-чарбалык иши жана стратегиялык өнүктүрүү планынын аткарылышы жөнүндө ар кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоо жана берүү;
5) тармактык саясат маселелери боюнча Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын чечимдеринин аткарылышын уюштуруу;
6) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын уюштуруу түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитүү;
7) эмгек акы төлөө фондун кошкондо, кызматкерлерди жалдоо жана бошотуу шарттарын бекитүү;
8) кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
9) Ишкананын уюштуруу-тескөө документтерин кабыл алуу;
10) бухгалтердик жана статистикалык эсепти жүргүзүүнү уюштуруу;
11) ушул Уставга ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
46. Ишкананын директору төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Ишкананын мамлекеттик башкаруу органына жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылууга;
2) Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, Ишкананын Уставына жана стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
3) мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган тартипте Ишкананын мүлкүн тескөөгө;
4) Ишкананын алдында турган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл болгон маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
5) мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарга ээ болууга.
47. Ишкананын директору төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча Ишкананын финансы-чарбалык иши жөнүндө отчетторду, маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчеттук документтерди, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишин жана стратегиялык өнүктүрүү планын талдоо үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштарды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
2) чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын кароосуна киргизүүгө, ошондой эле аны Ишкананын ишинин бардык чөйрөсүнө байланышкан бардык зарыл болгон маалыматтар жана документтер менен камсыздоого;
3) Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыздоого;
4) Ишкананын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;
5) Ишкананын иши жөнүндө коммерциялык же башка мыйзам менен корголуучу сыр болгон маалыматты үчүнчү жактарга бербөөгө;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Ишкананын директору мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди да аткарат.
48. Ишкананын директорунун чечимдери буйрук түрүндө кабыл алынат.
49. Ишкананын директору:
1) Ишкананын атынан ишеним катсыз иш алып барат;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларында жана мекемелеринде Ишкананын кызыкчылыгын коргойт;
3) Ишкананын кызматкерлерин жумушка кабыл алат жана бошотот;
4) Ишкананын кызматкерлерине тартиптик жаза чараларын жана сыйлоо чараларын көрөт;
5) компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана алардын аткарылышын контролдойт;
6) Ишкананын кызматкерлерине ишеним каттарды берет;
7) мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктардын чегинде Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
8) финансылык (бухгалтердик) отчеттуулуктун абалы, Ишкананын финансылык каражаттарынын, мүлкүнүн жана башка активдеринин максаттуу пайдаланылышы, өндүрүштө коопсуздук техникасынын сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
9) мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
50. Ишкананын директору жүктөлгөн функциялык милдеттердин талаптагыдай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
51. Ишканада директордун эки орун басарынын кызмат орундары каралган. Ишкананын директорунун орун басарлары Ишкананын директорунун сунуштамасы боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 800 токтомунун редакциясына ылайык)
52. Ишкананын директорунун орун басары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен эмгек келишимин түзөт.
53. Ишкананын директору ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бош кызмат ордуна башка бирөө дайындалганга чейин анын милдеттерин аткаруу Ишкананын директорунун орун басарына жүктөлөт
54. Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, түздөн-түз директорго баш иет, жоопкерчилик тартат жана ишканалардын (уюмдардын) башкы бухгалтерлери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарды пайдаланат.
55. Ишкананын түзүмү жана штаттык ырааттамасы мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын директору тарабынан бекитилет. Ишкананын кызматкерлерине сый акы берүү тартибин Ишкананын директору аныктайт.
56. Ишкананын башка уюмдар, жалданма кызматкерлер, жарандар менен чарбалык иштин бардык чөйрөлөрүндө мамилелери келишимдердин негизинде түзүлөт.
9. Ишкананын жетекчилик курамы
57. Ишкананын жетекчилик курамына төмөнкү адамдар кирет:
1) директор;
2) директордун орун басары;
3) башкы бухгалтер.
58. Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар өз укуктарын жүзөгө ашырууда жана милдеттерин аткарууда Ишкананын уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мамлекеттин кызыкчылыгында иштөөгө тийиш.
Жетекчилик курамга кирген адамдар Ишкананын иши жөнүндө мамлекеттик, коммерциялык же башка мыйзам менен корголуучу сыр болгон маалыматтардын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
59. Ишкананын жетекчилик курамына төмөнкү адамдар кире алышпайт:
1) чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандыгы бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
2) менчикке жана экономикалык иш жүргүзүүнүн тартибине каршы жасаган кылмыштары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар үчүн соттуулугу бар адамдар, анын ичинде соттуулугу жоюлган;
3) канааттандырарлык эмес иши үчүн уюмдун жетекчиси ээлеген кызмат ордунан мурда бошотулган адамдар;
4) менчигинин түрүнө карабастан, анын банкрот болушуна алып келген чарбалык субъектте жетекчи кызматтарды ээлеген адамдар;
5) мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызматтарды, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар.
Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар кызмат ордунда турган мезгилде бир эле учурда жеке же ишенимдүү адамдар аркылуу ишкердик иш менен алектенүүгө, алардын уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышууга укуксуз.
10. Ишканадагы эсепке алуу жана отчеттуулук
60. Ишкана бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык финансылык отчеттуулукту түзөт. Ишкананын финансылык отчету кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүшү керек.
61. Ишкананын директору квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө төмөнкүлөргө отчетторду берет:
1) ички аудиторго (эгер болсо, ички аудит кызматына);
2) Ишкананын мамлекеттик башкаруу органына;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга.
11. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
62. Ишкананы кайра уюштуруу бириктирүү, кошуу, бөлүү, ажыратуу же кайра түзүү түрүндө жүзөгө ашырылат.
Ишкананы бириктирүү, кошуу, бөлүү, ажыратуу же кайра түзүү түрүндө кайра уюштуруу жөнүндө чечим мамлекеттик башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
Кыргыз Республикасынын атаандаштык жөнүндө мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте Ишкананы кайра уюштуруу жөнүндө чечим монополияга каршы орган менен алдын ала макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 800 токтомунун редакциясына ылайык)
63. Ишкана мамлекеттик мекеме же чарбалык коом болуп кайра уюштурулушу мүмкүн.
64. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте акцияларынын (үлүштөрүнүн) жүз пайызы мамлекеттик менчикте турган (акционерлештирилген) ачык акционердик коом же жоопкерчилиги чектелген коом болуп кайра уюштурулат.
Ишкананы кайра уюштуруунун натыйжасында түзүлгөн чарбалык коом бардык укуктар жана милдеттер боюнча, анын ичинде эмгектик мамилелер боюнча анын укук мураскери болуп саналат.
65. Ишкана төмөнкү учурларда жоюлат:
1) мамлекеттик башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча;
2) соттун чечиминин негизинде.
66. Ишкананы жоюу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен жоюлуучу Ишкананын, Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын. мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарылчылыгына жараша башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жоюу комиссиясы түзүлөт. Жоюу комиссиясынын башчысы Ишкананын директору болот.
Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып Ишкананын иштерин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ болот.
Эгерде Ишкананын ыкчам башкаруу укугуна негизделген мүлкүнүн наркы кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, ал Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн.
67. Ишкананын иш процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.