Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 19-декабры № 714
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районундагы
Алля Анаров айыл аймагында жайгашкан жерлерди
которуу жөнүндө
Цемент заводун куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 27-главасынын 233-6 жана 384-статьяларына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4, 5 жана 20-статьяларына, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 12-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2014-жылдын 4-декабрындагы № 721-б Ош облусунун Араван райондук мамлекеттик администрациясынын 2014-жылдын 17-октябрындагы № 81 токтомун бекитүү жөнүндөгү буйругун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районундагы Алля Анаров айыл аймагында жайгашкан Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринен 5,8 га кайрак айдоо жери “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которулсун.
2. Цемент заводун куруу үчүн 49 жылга ижара келишиминин шарттарында убактылуу колдонуу үчүн “Араван цемент заводу” жоопкерчилиги чектелген коомуна төмөндөгүлөр берилсин:
- Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районундагы Алля Анаров айыл аймагында жайгашкан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына таандык 33,99 гектар аянттагы жер участогу;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогу.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү төмөндөгүлөрдү камсыздасын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- “Араван цемент заводу” жоопкерчилиги чектелген коому менен Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районундагы Алля Анаров айыл өкмөтүнүн ортосунда ушул токтомдун 2-пунктунда аталган жер участокторуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ижара келишимдерин түзүүнү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген ченемдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркынын суммаларын “Араван цемент заводу” жоопкерчилиги чектелген коомунун төлөп беришин.
4. “Араван цемент заводу” жоопкерчилиги чектелген коому Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөндөгүлөрдү камсыздасын:
- берилген жер участокторунда экологиялык жана техникалык коопсуздук, жер казынасын коргоо жана пайдалануу жаатында эксперттик корутундулар менен тиешелүү долбоордук документтерди иштеп чыгууну;
- иш жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарынын ченемдерин жана талаптарын сактоону;
- электр өткөргүчтөрдүн жогорку вольттуу чубалгыларын чыгаруу же куруу зарыл болгон учурда жумуштарды каржылоону;
- ушул токтомдун 2-пунктунда аталган жерлердин максаттуу багыттар боюнча пайдаланылышын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |