Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ТОКТОМУ
Мухтар Абдуллаевич Шариповдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2018-жылдын 19-январындагы № 2 аныктамасына, Мелис уулу Дастандын кызыкчылыгын көздөгөн Мелес Токтаалиевич Иманкуловдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2018-жылдын 22-январындагы № 3 аныктамасына даттанууларын кароо жөнүндө
2018-жылдын 23-апрели | Бишкек шаары |
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: төрагалык кылуучу - судья Э.Т. Мамыров, судьялар К. Абдиев, Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, М.Ш. Касымалиев, К.М. Киргизбаев, А.О. Нарынбекова, Э.Ж. Осконбаев, Ч.О. Осмонова, Ж.И. Саалаевдин курамында, сот отурумунун катчысы Н.А. Кененсариеванын катышуусунда «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 5-бөлүгүн жетекчиликке алып, Мухтар Абдуллаевич Шариповдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2018-жылдын 19-январындагы № 2 аныктамасына, Мелис уулу Дастандын кызыкчылыгын көздөгөн Мелес Токтаалиевич Иманкуловдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2018-жылдын 22-январындагы № 3 аныктамасына даттанууларын соттук отурумда карап чыкты.
Даттанууларда баяндалган жүйөлөрдү жана М.А. Шариповдун жана М.Т. Иманкуловдун өтүнүчтөрү боюнча материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т А П Т Ы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2017-жылдын 14-декабрында М.А. Шариповдун Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 2-статьясынын 2-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүн, 45-статьясынын 3-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 24-беренесинин 5-бөлүгүнө, 40-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн. Ошол эле күнү Мелис уулу Д. кызыкчылыгын көздөгөн М.Т. Иманкуловдун өңчөй өтүнүчү келип түшкөн.
Келтирилген материалдардан келип чыккандай, арыздануучулар талашылып жаткан укуктук ченемдерде ар кимдин Конституция тарабынан таанылган квалификациялуу юридикалык жардам алуу укугу деталдуу жөнгө салынган эмес, ошондой эле мындай укукту конкреттүү түрдө ким токтоосуз камсыздоого милдеттүү экени аныкталган эмес деп эсептешүүдө. Арыздануучулардын пикири боюнча, натыйжада квалификациялуу юридикалык жардам алуу конституциялык укукту жүзөгө ашыруу мүмкүн болбой калган, бул жагдай негизсиз жазаланууга алып келген.
Арыздануучулар ошондой эле Конституция жана Жазык-процесстик кодекс тарабынан берилүүчү укуктун маңызынын карама-каршылыгына да көрсөтүшүүдө. Эгер Кыргыз Республикасынын Конституциясында адвокаттын квалификациялуу юридикалык жардамын алууга кепилденген укук тууралуу кеп болсо, алар тарабынан талашылып жаткан жогоруда көрсөтүлгөн Кодекстин 45-статьясынын 3-бөлүгүндө мамлекеттин эсебинен юридикалык жардам алуу укугу гана караштырылууда. Арыздануучулардын пикири боюнча ушул себептен «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган мамлекет тарабынан кепилденген квалификациялуу юридикалык жардамды камсыздоо жана берүүнүн эрежелери жана ченемдери колдонулбайт, анткени алар тарабынан талашылып жаткан жогоруда көрсөтүлгөн Кодекстин 45-статьясынын 3-бөлүгүндө мамлекеттин эсебинен юридикалык жардам алуу гана каралган.
Баяндалганды эске алуу менен, арыздануучулар талашылып жаткан ченемдерди Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранышкан.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегияларынын 2018-жылдын 19-январындагы № 2 жана 2018-жылдын 22-январындагы № 3 аныктамалары менен «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде өтүнүчтѳрү өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартылган.
Судьялар коллегияларынын аныктамаларында көрсөтүлгөн конституциялык Мыйзамдын 25-беренесинин 3-бөлүгүнүн 9-пунктуна ылайык кайрылууда кайрылуучунун коюлган маселе боюнча көз карашы жана аны Конституциянын ченемдерине шилтеме менен укуктук негиздемеси көрсөтүлүүгө тийиш деп белгиленген. Бул орнотмонун маңызы арыздануучунун жүйөлөрү укуктук мааниде ынанымдуу болуусу жана алар тарабынан талашылып жаткан укуктук ченемдердин конституциялуулугу туурасында күмѳн саноого мерчемдүү себептерди камтуусу керек деп туюндурулат.
Жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзам мамлекет тарабынан жаранга жарандык, административдик жана жазыктык сот өндүрүшүнүн бардык стадияларында квалификациялуу юридикалык жардамды берүүнү карайт, ал эми кылмыш жасады деген шектенүүлөр боюнча кармалган адам жазыктык куугунтуктоо органы тарабынан ал иш жүзүндө кармалган учурдан тартып адвокат менен камсыз кылынат (6, 22-беренелер).
Баяндалганды эске алуу менен, арыздануучулар тарабынан талашылып жаткан ченемдер Кыргыз Республикасынын Конституциясында таанылган адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин бузуучу катары бааланышы мүмкүн эмес, жана конституциялык сот өндүрүш алкагында ишти кароо үчүн сөзсүз түрдөгү шарт болуп саналган күмөндүүлүктү туудурбайт. Ушуга байланыштуу, судьялар коллегиялары кайрылууларды өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартышкан.
М.А. Шарипов жана Мелис уулу Д. кызыкчылыгын көздөгөн М.Т. Иманкулов судьялар коллегияларынын 2018-жылдын 19-январындагы № 2 жана 2018-жылдын 22-январындагы № 3 аныктамалары менен макул болбостон Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2018-жылдын 16-мартында даттануулар менен кайрылышкан. Даттанууларда жогоруда көрсөтүлгөн аныктамалардын негизсиздиги туурасында өңчөй жүйөлөр жана аргументтер келтирилүүдө.
Ошентип, арыздануучулар Кыргыз Республикасынын Жазщык-процесстик кодексинин 46-статьясынын 2-бөлүгүнө ылайык шектүүнүн узакка созулган катуу оорудан улам өзүнүн актоо укугун өз алдынча ишке ашыруу оор болгон учурда жактоочунун жазык иш боюнча өндүрүштө катышуусу милдеттүү экендигин белгилешүүдө.
Мында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 24-беренесинин 5-бөлүгүндө кармалган ар бир адамга, токтоосуз түрдө, кармоонун жүйөлөрү менен анын укуктары түшүндүрүлүп, медициналык жактан кароо жана врачтын жардамынан пайдалануу укугу менен кошо, анын укугу камсыз кылынышы керек деп белгиленген. Эркиндигинен ажыратылган учурдан тартып адамдын коопсуздугу камсыз кылынып, ага өзүн-өзү коргоого жана адвокаттын квалификациялуу юридикалык жардамынан пайдаланууга, ошондой эле коргоочу күтүүгө мүмкүндүк берилет.
Арыздануучулар Кыргыз Республикасынын Конституциясы кармалган адамды адвокаттын да, жактоочунун да квалификациялуу юридикалык жардамы менен камсыздоого милдеттендирет деп болжошууда.
Кайрылуунун субъектилери Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 45-статьясынын 3-бөлүгүндө адвокаттын квалификациялуу юридикалык жардамын берүүнү регламенттеген жоболор жок деп көрсөтүшүүдө.
Аны менен бирге арыздануучулар «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинде жарандык, административдик жана жазыктык сот өндүрүштѳрүнүн чөйрөсүндө квалификациялуу юридикалык жардамдын укуктук маалымат, укуктук маселелер боюнча консультацияларды жана түшүндүрмөлөрдү берүү, арыздарды, даттанууларды, процесстик жана укуктук мүнөздөгү документтерди башка документтерди түзүү, сот өндүрүшүнүн бардык стадияларында жарандык, административдик жана жазыктык иштер боюнча өкүлчүлүк кылуу жана/же коргоо түрүндө көрсөтүлүүсү караштырылган.
Арыздануучулар квалификациялуу юридикалык жардам адвокат жана жактоочу болуп эки субъект тарабынан көрсөтүлүүсү керек деп эсептешүүдө.
М.А. Шарипов жана М.Т. Иманкулов эсептешкендей, кармалган адамды жактоочу менен да, адвокат менен камсыз кылуу талабы Конституциянын талаптарынан келип чыгууда жана сот тарабынан адилеттүү жана объективдүү чечимдин чыгарылышын, ошондой эле мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардамды толук кандуу камсыз кылуу максатында процесстин өзүнчө катышуучусу катары жактоочунун катышуусуна байланыштуу адвокаттын жүктөмүнүн көлөмүн азайтууну болжойт.
Арыздануучулардын пикири боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык ар ким квалификациялуу юридикалык жардам алууга укуктуу. Мыйзамда каралган учурларда юридикалык жардам мамлекеттин эсебинен көрсөтүлөт. Көрсөтүлгөн ченем тутумдаш байланышта турган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 103-беренеси мыйзамда каралган учурларда сот адилеттиги акысыз жүзөгө ашырылат деп карайт. Ошентип, арыздануучулардын пикири боюнча көрсөтүлгөн конституциялык ченемдер мамлекетти кармалган адам үчүн шарттар менен кепилдиктерди түзүүгө, анын ичинде адвокаттын да, жактоочунун да кызматын акысыз камсыз кылууга милдеттендирет.
Кайрылуунун субъектилери укук колдонуучулук тажрыйбада «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдери колдонулбайт, анткени Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 2-статьясынын 2-бөлүгүнүн экинчи абзацынын жобосуна ылайык, аталган Кодекстин ченемдери менен башка мыйзамдардын ортосунда карама-каршылык келип чыккан учурда, аталган Кодекстин ченемдери колдонулат. Өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 45-статьясынын 3-бөлүгү кармалган адамдын жактоочу менен гана камсыз кылынуусун карайт.
Ушуга байланыштуу, кайрылуучу тараптар тергөөчүлөр жана судьялар шектүү кармалган учурларда Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин ченемдерин гана жетекчиликке алат деп эсептешүүдө.
Арыздануучулар Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 45-статьясынын 3-бөлүгү кармалган адамды жактоочу менен гана камсыз кылуу жөнүндө көрсөтүп, кармалган адамга адвокаттын гана эмес, жактоочунун да квалификациялуу юридикалык жардамын алуу укугун кепилдеген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине карама-каршы келет деп белгилешүүдө.
Баяндалганды эске алуу менен, М. А. Шарипов жана М.Т. Иманкулов Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегияларынын 2018-жылдын 19-январындагы № 2 жана 2018-жылдын 22-январындагы № 3 аныктамаларын жокко чыгарууну жана кайрылууларды конституциялык сот өндүрүшүнѳ кабыл алууну суранышууда.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы арыздануучулардын жүйөлөрүн жана судьялар коллегияларынын кайрылууларды өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуунун негиздерин талкуулап, кийинкидей тыянактарга келүүдө.
Белгилеп кетүү керек, ченем контролу алкагында конституциялык сот өндүрүшүнүн укуктук маңызы талашылып жаткан ченемдердин конституциялуулугунда күмѳндүүлүктү туудурган жетиштүү жүйөлөр болгондо гана ченемдик укуктук актылардын Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсүн текшерүү болуп саналат.
Ушуга байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзам конституциялуулугу талашылып жаткан ченемдик жоболор боюнча өзүнүн көз караштарын тариздөөгө жана негиздеп берүүгө бир катар талаптарды караштырган (20, 24, 25 жана 28-беренелери).
Бирок арыздануучулардын келтиришкен кайрылууларында талашылып жаткан ченемдердин конституциялуу эместиги жөнүндө маселенин коюлушу Конституциянын ченемдерин да, өздөрү көрсөткөн мыйзамдардын жоболорун да туура эмес түшүнүүнүн кесепети болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар кимге квалификациялуу юридикалык жардам алуу укугун кепилдейт. Мыйзамда каралган учурларда андай жардам мамлекеттин эсебинен көрсөтүлөт (40-берененин 3-бөлүгү).
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 44-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жактоочу - жазык иши боюнча шектүүнүн, айыпкердин, соттолуучунун, күбөнүн укуктарын жана таламдарын коргоочу жана аларга юридикалык жардам көрсөтүүчү адам. Аны менен бирге белгиленген Кодекстин көрсөтүлгөн беренесинин 2-бөлүгүндө Адвокаттар тергөөгө жактоочу катары катышат деп орнотулган. Соттолуучунун жакын туугандарына, мыйзамдуу өкүлдөрүнө жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерине да сотто жактоочу катары катышууга жол берилиши мүмкүн.
Белгиленген Кодекстин 48-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык адвокат сот ишинин жүрүшүнө тараптардын далил тартыштык жана тең укуктуулук башталыштарынын негизинде жактоочу же башка өкүл катары катышат.
Жазык-процесстик кодексинин 45-статьясынын 3-бөлүгү мамлекеттин эсебинен юридикалык жардам алууга укугу бар адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жактоочу тарабынан камсыз кылынат. Бул ченем «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам алкагында адамдарга адвокат тарабынан консультациялык-укуктук жана квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү тартиби каралып деталдуу регламенттелген (6, 22-беренелер). Аны менен мыйзам чыгаруучу мамлекеттин эсебинен юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө конституциялык жобону жүзөгө ашырууда андай жардамды көрсөтүүнү адвокатка жүктөгөн.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен мамлекеттин эсебинен квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө конституциялык кепилдиктер жүзөгө ашырылган. Демек, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы судьялар коллегияларынын аныктамаларын жокко чыгаруу жана арыздануучулардын даттанууларын канааттандыруу үчүн негиздерди тапкан жок.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 5-бөлүгүн, 46, 47, 48-беренелерин, 51-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мухтар Абдуллаевич Шариповдун жана Мелис уулу Дастандын кызыкчылыгын көздөгөн Мелес Токтаалиевич Иманкуловдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегияларынын «Жаран М.А. Шариповдун Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 2-статьясынын 2-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүнүн, 45-статьясынын 3-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө кайрылуусун өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө» 2018-жылдын 19-январындагы № 2 жана «Мелис уулу Дастандын кызыкчылыктарын көздөгөн жаран Мелес Токтаалиевич Иманкуловдун Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 2-статьясынын 2-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүнүн, 45-статьясынын 3-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө кайрылуусун өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө» 2018-жылдын 22-январындагы № 3 аныктамаларына даттануулары канааттандыруусуз калтырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ушул токтому акыркы, даттанууга жатпайт жана кол коюлгандан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы