Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-декабры № 723
Топтолмо пенсиялык фонддордун уставдык капиталынын минималдык өлчөмү жөнүндө
Топтолмо пенсиялык фонддордун финансылык туруктуулугун, коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн бекемдөө жана аларга карата коомдун ишенимин жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр үчүн уставдык капиталдын минималдык өлчөмү белгиленсин:
- мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоо боюнча ишти жүзөгө ашыруучу топтолмо пенсиялык фонд:
2014-жылдын 20-июнунан тартып - 5000000 (беш миллион) сомдон кем эмес;
2016-жылдын 1-январынан тартып - 10000000 (он миллион) сомдон кем эмес;
2017-жылдын 1-январынан тартып - 20000000 (жыйырма миллион) сомдон кем эмес;
- милдеттүү топтолмо пенсиялык камсыздандыруу тутумунун катышуучусу катары ишти жүзөгө ашыруучу топтолмо пенсиялык фонд:
2014-жылдын 20-июнунан тартып - 5000000 (беш миллион) сомдон кем эмес;
2016-жылдын 1-январынан тартып - 20000000 (жыйырма миллион) сомдон кем эмес;
2017-жылдын 1-январынан тартып - 40000000 (кырк миллион) сомдон кем эмес.
2. Ушул токтом 2014-жылдын 20-июнунан тартып күчүнө кирет.
3. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |