Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2014-жылдын 23-декабры № 724

Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын сакталышын мамлекеттик контролдоону ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын сакталышын мамлекеттик контролдоону ишке ашыруунун жол-жоболорун тартипке келтирүү максатында, “Транспорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, “Автомобиль транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 13 жана 46-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын сакталышын мамлекеттик контролдоону ишке ашыруу боюнча нускама тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 28-сентябрындагы № 402 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 1-сентябрындагы № 655 “Кыргыз Республикасынын Транспорт министрлигинин Кыргыз транспорт инспекциясынын маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев