Редакцияот 23.12.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2014-жылдын 23-декабры № 722

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын

14-мартындагы № 134 “Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында 2010-жылдын 6-7-апрелинде, ошондой эле Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 13-14-майында болгон окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык жактан колдоо үчүн атайын эсептин каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында 2010-жылдын 6-7-апрелинде, ошондой эле Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 13-14-майында болгон окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык жактан колдоону координациялоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-мартындагы № 134 “Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында 2010-жылдын 6-7-апрелинде, ошондой эле Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 13-14-майында болгон окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык жактан колдоо үчүн атайын эсептин каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында 2010-жылдын 6-7-апрелинде, ошондой эле Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 13-14-майында болгон окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык жактан колдоо үчүн атайын эсептин каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө жободо:

- 4-пунктунун 3-пунктчасындагы “турак үй сатып алуу же куруу” деген сөздөр “турак үй курууну кошо каржылоо (пайдубалын, дубалын, чатырын көтөрүү)” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын:

“5) Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында 2010-жылдын 6-7-апрелинде, ошондой эле Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 13-14-майында болгон окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга материалдык жардам көрсөтүүгө.”;

- 8-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы” деген сөздөр алып салынсын;

- 4-баптын аталышындагы “сатып алууда же курууда” деген сөздөр “курууну кошо каржылоодо” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 13-пунктундагы “сатып алуу же куруу” деген сөздөр “курууну кошо каржылоо” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 14 жана 16-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;

- 15-пунктундагы “сатып алууга же курууга” деген сөздөр “курууну кошо каржылоого” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 17 жана 18-пункттары төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:

“17. Департамент Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында 2010-жылдын 6-7-апрелинде, ошондой эле Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 13-14-майында болгон окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга турак жай курууга кошо каржылоону төмөнкү тартипте аткарылган иштердин актыларына ылайык курулуш-монтаждоо иштеринин аткарылышына жараша эки этаптагы транш менен атайын эсептен каражаттарды которот:

биринчи транш - пайдубалды түптөөгө;

экинчи транш - дубалын көтөрүүгө жана чатырын чыгарууга.

18. Турак жай курууну кошо каржылоого транштарды төлөө суммасы жана мезгилдүүлүгү Мамкомиссия тарабынан аныкталат. Мында биринчи транш боюнча которулган каражаттар максатсыз пайдаланылган учурда, экинчи транш боюнча сумма которулбайт.”.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев